Суперстан: Беш жыл күткөн жолугушуу он мүнөткө созулду - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Беш жыл күткөн жолугушуу он мүнөткө созулду

#1 Пользователь офлайн   begym   05 Ноябрь 2016 - 02:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Июль 14
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 15:54

Беш жыл мурда бир адамды жоготуп алгам. Мен аны кандай экенин, кимдигин сүрөттөп бере албайм. Ал өтө өзгөчө болчу. Жүз эркектин катарында турса да жаркырап дароо көзгө көрүнө турган касиети бар эле. Орусча харизматичный деп коет го. Өзүнө өтө ишенимдүү, теше тиктеген өткүр көздүү, анан да себинген атырынын жыты өзгөчө укмуш болчу. Андай жыттагы атыр бар экенин ошол кишиден билдим. Беш жыл мурунку ал күн эмне болгонун ушул убакка чейин билбейм. Мен ага, ал мага өтө ынак болчубуз. Мен анын жанында таянар тоосу бар, төрт тарабынан корголгон адамдай коопсуз да, бейпил да элем. Ал мага эң эле мээримдүү мамиле жасачу. Башкадан балким шек санар белем, а ал кишиден качандыр бир мени ыйлатып кетет деген ой үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Өмүр бою так ушинтип ал мага таяныч болуп, мен ага жөлөк болуп жашай берчүдөй сезилиптир. Чынын айтсам, ал күндү эстегим келбейт. Капысынан эле бир күндүн ичинде мамилеси муздап, буркан-шаркан түшүп, бурулду да басып кетти. Түшүндүрбөдү эмне болгонун. "Сизге эмне болду?" - деген менин суроом жоопсуз калды. Ишенбедим, кайрылбай кеткенине. Бир ай күттүм, эки ай күттүм, үч ай күттүм... Кайрылбады. Дайынсыз кетти. Телефон номерин өзгөртүп салды. Ортодогу тааныштардан жалдырап сурадым телефон номерин. Беришпеди. "Тигини менен жүрүп атат, буга үйлөнгөнү атат" - деген сөздөрдү айтышты. Сыртымдан ишенгендей түр көрсөткөнүм менен ичимден бир секунд да ишенген жокмун. Күтүүнү, издөөнү уланта бердим. Жумушуна издеп барсам (ал кожоюн болгондуктан, жумушуна анда-санда гана келчү) ал жерде иштегендер мени ага жолоткулары келбегендей, тоскоолдук жаратышкандай сезилди. Балким, шектүү шексинет болуп, аалам караңгы тартып турганга элдин баарынан шек санап туруп алдымбы, билбейм. Анан бир күнү айтышты: "Сени келсе босогодон бери киргизбегиле деп шеф бизге катуу буйрук берди, сенин көңүлүңө карап киргизип койсок, аны билесиң, биздин терибизди тескери сыйрыйт", - деп. Ошондон кийин жумушу тарапка басып барганым жок. Алгачкы бир жылда мен жашаган жокмун. Сөлөкөтүм бар, денем тирүү, жүрөгүм согуп атат - бирок ичимде жан жок. Жеген тамактын даамын билбей, ачык асманды карап бирок андан сулуулукту көрбөгөн акыбалды элестетип кое бергиле. Анан барып аздан унутулду. Жандүйнөнүн оорусу, ыза, таарыныч түп ордунан жок болуп кетпесе да, баягыдай эртели-кечи зырылдап, жүрөгүмдү зыркыратканын токтотту. А бирок анын элеси көз алдымдан кеткен жок. "Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге?" - деп күн сайын уктаар алдында аны эстеп кайталап алуу адатка айланды. Эмне себептен бир заматта мен анын душманына айланып калганымды билгим келчү. Ушул күн сайын жаздыкка башым тийгенде үч жолу кайталанчу бир суроо көкүрөгүмдө беш жыл кадалып келди. Убакыт дарылайт деген чын экен, мурда аны өксүк, күйүт менен эстесем, кийинчерээк жөн салды көнүмүш адат менен гана эске түшүрө турган болдум. Сүйүүбү, же башкача атала турган сезимби, аны да билбейм - бирок башка адамга көңүл отумду кое албадым. Балким, бул менин чоң катачылыгым болгондур. Аны да айта албайм. Анан эле капысынан жолугушуп калдым. Күн суукта базардан шашылып чыгып келатсам, бир карылуу кол колумдан бек кармап токтотуп калды. Чочуп кетип карасам... менин арманым, күйүтүм, өксүгүмө айланган ошол адам! Кызыгы, мен өзүмдү абдан токтоо кармадым. Кубанып, толкундануу болгон жок. Күн сайын көрүп жүргөн адамымды жолдон жолуктуруп калгандай эле болдум. Же сезим жылдарга сиңип кеткениби?
Он мүнөттөй сүйлөшүп турдук. Мен анын жүзүнөн кандайдыр бир чарчоону көрдүм. Мурдагыдай эмес. Көзү мурдагыдай өткүр эмес - басмырт, боюу мурдагыдай шыңга эмес - жапыз, чачы өскөн, жүзү да күңүрт тарткансып. .. Же башта алоолонгон сүйүү толгон көздөр менен карап жүргөндүктөн ал мага элден башка көрүнчү беле? Бирок, атыр да себинбептир. А атыр себинбөө ага жат болчу. Беш жыл мурунку мени душманындай көргөн мамилеси жоголуптур. Каргашалуу күнгө чейинки жылуу мамилебиз кайра келгендей тамашалашып, күлүп-жайнап сүйлөп атты. "Андан бери көп жыл өттү го эми айта бериңизчи, ошол күнү эмне болду эле? Эмнеге капысынан эле мамилеңиз өзгөрдү?" - деген беш жыл бою жүрөгүмдө кайнаган суроону бердим. "Аны жолугуп сүйлөшүш керек да... Кой, сен үшүп кеттиң, мурдуң кызарып кетти", - дей салып, коштошууга шашылды. Айла жок, этегинен кармап жооп бер деп чыр салмак белем, мен да коштоштум.
Мен ага бүт дитимди, жүрөгүмдү, жашоомду, ал турмак өмүрүмдү арнадым эле! Мен ага кайтарымына эч нерсе сурабай, акактай таза сүйүү сундум эле! Мен аны жан бүткөндөн өзгөчө жакшы көрүп, жаман сөз, жаман көздөн кооруп, кабагы бүркөлсө кан-жаным чыркырап аядым эле! Ал мага бир да жолу катуу айтпаган! Ал мени кичинекей кыздай көрүп, мээрим толгон көздөрү менен элжиреп тиктечү! Ал жанымда жүргөндө мага башка адамдын суук сөзү эмес, акырая караган көзү да тийе алчу эмес! Ал мени калкалап коргоп турчу! Таарынчактыгымды да, эркелегимди да көтөрчү! Анан эмне болду?! Бир күндө аны башка бирөөгө алмаштырып салгандай, бир заматта катаалданып калды?! Ушул суроо, табышмакка айланып тынчымды алып келатат.
Ошол эле күнү кечинде телефон чалды. Аркы-беркини айтышып, өткөндү эстешип атканбыз, анан эле дагы баягы суроону бере койсом, "унутуп койдум", -деди да, мени сүйлөтө койбой "Макул э, дагы сүйлөшөбүз да, бул жакка адамдар келип калды",-деп телефонду өчүрүп койду. Анчалык жооптон качкыдай бир күндө эмне болуп кетиши мүмкүн? Жообу ал үчүн өтө оор болуп атабы, же жооп берүүгө арзыбай турган сурообу? Ошол бойдон андан бери бир айга жакын убакыт өттү, чалбады. Андан озунуп чалууга менин да эрким жетпеди...
Дагы деле үйлөнө элек экен. Эмнедендир аябай чарчагандай кебетеси бар. Же ооруп жүрөбү?... Ар кандай ойлор келет, бир айга жакын убакыттан бери чалбаганы - сенин мага керегиң деле жок деген белгисиби? А мен аны дагы деле жакшы көрөм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Tansuluu09   05 Ноябрь 2016 - 02:32

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Ал баланын уй убулосунда кандайдыр проблема чыккандыр? Ким билет балким башка себептер?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Siren.ms   05 Ноябрь 2016 - 03:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 124
  • Катталган: 06 Май 14
  • Соңку аракети: 10 Фев 2022 04:01
  • Жынысы:Белгисиз

давай жооп бер блин менин журогумду сыкпай дебейсинби ат тептиби тооп тептиби оозуна чымчык жайлап салдыбы жооп бер деп айт.эгер жакшы коруп кутсон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Kurdashym_kalem   05 Ноябрь 2016 - 03:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 28 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Дек 2016 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош облусу

Сүрөт Башкысы Сабр! Балким, кандайдыр бир окуя болгон, же автор айтмакчы оорууп аткандыр. Сүйсөңүз убакытты текке кетирбей айтып калууңуз зарыл. Убакыт өтө тар.
АКЧА убактылуу, СООП иш - түбөлүктүү. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kansulu   05 Ноябрь 2016 - 04:04

  • Карапайым
  • Тайпасы: Түйүлдүк
  • Билдирүүсү: 226
  • Катталган: 22 Март 14
  • Соңку аракети: 06 Май 2023 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Чыдап жургон сенда чыдамдуу экенсин.мен болгондо туруп алмакмын айт деп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Aikoo2014   05 Ноябрь 2016 - 11:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Эгер кайрадан телефон чалып калса сураныз, дагы деле айтпаса менин тынчымды албачы ээ-деп коштошуп койбойсузбу. Ооба, журогун менен суйгон адамдын конулун деле ооруткун келбейт. Бирок ит каппай ат теппей эле себепсиз эле тескери бурулуп кете беруу бул эмне дегендик. Айтсында наары жарылбаган жарадай журо бербей!
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Nurzada_0111   05 Ноябрь 2016 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 521
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2023 01:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эми дагы чалып калса учурашкандан кийин эле сурагыла.
Жашоо бир келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Seryi-Kardinal   05 Ноябрь 2016 - 11:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 14 Август 16
  • Соңку аракети: 22 Июл 2017 12:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Bishkek

oidon 4ygarylgan fantazia go,kantip ele uwundai bolsun e
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   asefsa   05 Ноябрь 2016 - 12:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Мумкун бироолордун жалган созуно ишенген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   elya95   05 Ноябрь 2016 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 905
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2021 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызыстан, Ош

Эмне себеп болду экен э?
Л
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Talantbek1994   05 Ноябрь 2016 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 227
  • Катталган: 07 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 12:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Таңдын атканын Азан менен билдирген жер

Кызык экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   -Sumitra-   05 Ноябрь 2016 - 15:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 757
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 15:52

Мен да дал сиздей болгом бир убактарда.Бирок ал жоголуп кеткен эч жерде жок.Даже апама да айта албайм себебин кайда кеткенимди эч ким билбейт деп коштошуп кеткен болчу.Бир айдан кийин келген жудоп,чачы осуп,арыктап .Ошондо эмне болгонун кийин да айтпай койгон.Ал да чакан ишкананын шефи болчу.Азыр ойлойм да ошондо жоголуп кеткени жанагындай хизбуттарга кошулуп алган окшойт деп.Беш убак намаз окуп таза журчу озу.Анан машинасын эле алмаштыра берчу.Дагыле тушунбойм.Эстегенде жылмайып коем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   alisherchik   05 Ноябрь 2016 - 16:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 885
  • Катталган: 25 Октябрь 11
  • Соңку аракети: Бүгүн, 16:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

mmmmmmmmmmm
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   nargis   05 Ноябрь 2016 - 17:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жумушуна байланыштуу маселе болсо керек ,сага зыяны тийбесин деген ойдо болгондур балким,бирок эркектердин кобу эле суйлошуп жургондо эмес уйлонгон жубайына деле кээ бир маселени айтпайт ,аял кишиге тийиштуу эмес деген принсиб менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   begym   05 Ноябрь 2016 - 17:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Июль 14
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 15:54

Просмотр сообщения -Sumitra- (05 Ноябрь 2016 - 15:32) жазган:

Мен да дал сиздей болгом бир убактарда.Бирок ал жоголуп кеткен эч жерде жок.Даже апама да айта албайм себебин кайда кеткенимди эч ким билбейт деп коштошуп кеткен болчу.Бир айдан кийин келген жудоп,чачы осуп,арыктап .Ошондо эмне болгонун кийин да айтпай койгон.Ал да чакан ишкананын шефи болчу.Азыр ойлойм да ошондо жоголуп кеткени жанагындай хизбуттарга кошулуп алган окшойт деп.Беш убак намаз окуп таза журчу озу.Анан машинасын эле алмаштыра берчу.Дагыле тушунбойм.Эстегенде жылмайып коем.


А бул киши болсо телефон номерин эле алмаштыра берет. Эртең менен бир номер, түштө бирөө, кечинде бирөөнү көтөрчү. Бул эми беш жыл мурунку нерсе. Азыр да номерин тез тез алмаштырабы билбейм, берген номерине алигиче чалып көрө элекмин. Менимче, ал номер да алда качан эле мусорго кеткен болушу керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   VIK   05 Ноябрь 2016 - 18:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 30 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Янв 2022 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Торт тоонун ортосу...:-)

Ушундай да болот экен да. Кызык...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   toma4ko   05 Ноябрь 2016 - 20:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 03:20

Номерин тез алмаштырганга караганда криминал окшойт го.Балким ооруйттур,сизди кыйнабайын мени жек коруп унутаттыр дегендир,,ким билет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   aijan   05 Ноябрь 2016 - 20:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Эгерде беш жылдан бери башка мамиледе болбой, турмушка чыкпай журсонуз, мындай алып караганда ото март адам экенсиз. Беш жыл! Беш жыл!!! Айтууга оной, тартуулоо кыйын.

Сиз суйгон адам, сиз озунуз озгоргонунуз айтпаса да белгилуу. Балким илгерки мамилелерге болгон ностальгия сизди кайрадан жетелеп жаткандыр, бирок суйууну ушунчалык багып, кастарлап, сактаган менен, ал мамилелер артта калды. Эми ошол адамды суйсонуз кайрадан, жаныдан баштоо керек болот, бирок ошо сизге керекпи? Азыр эле себеби сизде болбосо, чалып "журу" десе учуп жетчудойсуз, бирок ошол сизге керекпи? Тугойлор уч ай болок жашаса кайрадан конушуп, жыты синишип кеткенче убакыт керектелет экен, а беш жыл билимсиз откон жок, алардын издери сизди ирээнжитпейби? Кайрадан сиз менен эсептешпей "зуу" койсочу? Балким уйбулосу бар болуп журбосун? Айтор, суроолор коп, бирок аларга баш оорутуу сизге керекпи?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Emu-Janyl   05 Ноябрь 2016 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 497
  • Катталган: 18 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 21:53
  • Жынысы:Аялзаты

Магада ушул ой келди,балким ооруйттур...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Emu-Janyl   05 Ноябрь 2016 - 20:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 497
  • Катталган: 18 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 21:53
  • Жынысы:Аялзаты

...дагы бир варианты уй булоосу бардыр...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: