3-июнда Улуттук оорукананын урология борборунун врачтары Бактыгүл деген кызды Бактыбекке айлантып, жынысты алмаштыруу боюнча операция жасашты. Бала «гермафродитизм» деген диагноз менен туулган, жыныс мүчөсү жок болуп, аялдык жыныс системасы да начар өрчүгөн. Төрөт үйүндөгүлөр анын жынысын аныктай албай, метрикасына «кыз» деп жазышып, ата-энеси ага Бактыгүл деген ат койгон. Экинчи операция 6 айдан кийин жүргүзүлүп,
Бактыбек эми толугу менен эркек болду. Дагы бир мисал келтире кетсек, 20 жаштагы Валерий Величко колу кесилген бойдон Улуттук госпиталга караштуу Иса Ахунбаев клиникасынын пластикалык реконструктивдик микрохирургия жана кол, манжа хирургиясы бөлүмүнө келип түшкөн. Операция 7 саатка созулуп, операция ийгиликтүү аяктап,Валерийдин колуна жан киргизилген.
Ал эми Чүй облусунун Кемин районундагы хирург Алымкул Рахманов 4 жаштагы Нурсултан Садыковду 7-августта сүнөткө отургузуу маалында жыныс мүчөсүн кесип алган. Аталган хирург баланы жабаркаткандыгы үчүн кызматынан четтетилген.
Ал эми Нурсултанга буга чейин 4 жолу операция жасалып, Москва шаарынан да операция жасалууга тийиш.
Медицинадагы таң каларлык операциялар
#2 02 Январь 2011 - 09:13
Биздин болнитцаларда да ушундай операцияларды кылып калышты беле. Иши кылып кандай операция болсо да ийгиликтуу болсо эле болду.
#4 23 Июль 2015 - 00:44
1шаардык клиникалык ооруканада,
2014 жылы, эхинококкоз менен 1994-жылы туулган Манас уулуна операция жасалган. Боорунан 11 литр эхинокок суусу алынган. Мен курировать эткен элем , ординатор болуп жургон учурда.
#5 23 Июль 2015 - 11:08
#6 01 Август 2015 - 14:15
Дагы бир тан каларлык операция мен жасагам .
Жасап жаткан учурда аябай сурдоп
, колдорум титиреп , чыкбаган денемен тер чыгып
. Озум жасап алып озум тан калгам . Мен да жасай алат турбаймынбы деп. Корсо аппендэктомия жасаган экем
.
Жасап жаткан учурда аябай сурдоп
#7 14 Август 2015 - 17:15
Мындай оперецияларды жасагандардын тел номерин купуяма ыргытып койгулачы Ош об. Бойунча. Же форумга кирген врачтар барбы?
#8 18 Август 2015 - 21:01
#11 02 Ноябрь 2017 - 11:23
Пластикалык операция жасоочу врачтар Ошто барбы? Бетке тагыраак айтканда козго, кашка операция жасатуу керек болуп жатат таежеме. Авариядан улам ушундай абалга туш болуп отурат. Билгендер болсо адрес же телефон номерин жазып коесуздарбы
#12 02 Ноябрь 2017 - 11:39
Пластикалык операция жасоочу врачтар Ошто барбы? Бетке тагыраак айтканда коз айланага
Коздун айланасы болгондо кандай мисалы тарттырыш керекпи косметический операция эмеспи? Бизде бироо Бишкектен жасатты козунун асты ылдыйга болуп калган эле тарттырып, беттеги чункурларын толтуртуп келди озгоруп жаш корунуп калды бирок кымбат экен.
#13 02 Ноябрь 2017 - 11:41
Кашы кыйшайып анан тартышып, козу да тартышып калган. Ошону ондотпосом болбойт экен, деп жатат эле. Бишкекте болсо деле боло берет. Результаты жакшы болсо
#14 02 Ноябрь 2017 - 12:06

Супер-Инфо
super.kg
видео

















Мобилдүү версия