Суперстан: Bitcoin жөнүндө эмне билесиз? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Бизнес
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Bitcoin жөнүндө эмне билесиз? Түшүнө бербедим анча эле

#1 Пользователь офлайн   Shorobashat   10 Декабрь 2017 - 16:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Кандайсыңар? Биткоин жөнүндө жалпак тилде маалымат бөлүшкүлөчү? Рахмат! Эскертүү интернеттен орусча маалыматтарды көчүрүп алып келбегиле! ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Stark.T   11 Декабрь 2017 - 09:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 19 Авг 2020 22:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракол

Бул криптовалюта(электронная). Валюта будущего. Бир биткоин 11000$ приблизительно турат. Коп олколор криптовалютаны иштете башташты, А Венесуэла уже полный криптовалютага откон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Stark.T   11 Декабрь 2017 - 09:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 19 Авг 2020 22:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракол

Биткоинди арзан кезинде сатып алып, кымбаттаган кезде сатып ийсе болот. Аларды майнерлер дейт. Бир биткоин сомго айлантканда 800мин сом.

Билдирүүнү түзөткөн: Stark.T: 11 Декабрь 2017 - 09:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   izdeim.seni   11 Декабрь 2017 - 09:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 07 Янв 2018 14:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Тынч токой

Аны каерден кантип сатып алышат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   biznes   13 Декабрь 2017 - 00:04

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 10:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек






Технологиянын өнүгүшү адамзаттын жашоосуна бир кыйла өзгөрүүлөрдү алып келип жатат. Жаңы инновациялардан улам учурда көпчүлүк нерсе компьютердин жардамы менен ишке ашып калды. Эмки кезек акчага жетти. Алардын ордун эми криптовалюта – электрондук каражаттар ээлеп баштады.

ЖАРАЛЫШЫ
Криптовалютанын жаралышы 2008-жылы дүйнөлүк финансы каатчылыгынан башталган. 2009-жылдын 9-январында биринчи криптовалюта биткоин жана анын электрондук капчыгы интернет тармагына чыккан. Анын ойлоп табуучусу Сатоши Накомото деген бир эле адам же ушундай ник менен бир канча адамдардан турган топ айтылат.

КРИПТОВАЛЮТА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Криптовалюта – бул санариптик валюта. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул компьютердеги электрондук акча. Анын бирдиги – "коин".
Криптовалютанын өзү татаал коддордон турган санариптик маалыматтар. Аны интернет тармагынан табуу үчүн атайын алгоритмдерди эсептеп чыгып, тыйынды табууга болот. Тыйын табылып сизге таандык болгон учурда ал блокчейнге криптовалюта сакталуучу жеке капчыкка түшөт. Муну менен атайын программа менен жабдылган жана кубаттуу компьютери бар ар бир каалоочу колдонуп, криптовалютаны издей алат. Криптовалюта боюнча иш алып барган компаниялар аларды интернет тармагына коё берип турат.

БААСЫ КАНЧА?
Биткоинден башка лайткоин, нубитс, нэймкойн, пиркоин, рипл жана башка криптовалюталар бар. 2010-жылы биткоинди биржалык фонддордун бири кадимки акчага которуп, трейдерлердин кызыгуусун жараткан. Ошондон бери биткоиндин баасы көтөрүлүп отуруп, учурда бир биткоин тыйындын баасы 7-декабрга карата 11 850 долларды түзсө, эң арзан криптовалюта 1 долларга жетпеген баада.

НЕГИЗГИ КАДАМ
Электрондук акчанын реалдуу товар менен алмашуусу 2010-жылы май айында катталган. Америкалык Ласло Хенч тамаша иретинде 2 пицца үчүн 10 миң биткоин берип, төлөөнү ишке ашырган. Бул сыртынан жөнөкөй төлөм катары көрүнгөнү менен, криптовалютанын реалдуулукка карай таштаган негизги кадамы. Ушундан тарта криптовалюта менен төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүн экендиги анык болуп, электрондук акчанын өнүгүүсүнө жол ачкан.

КАНТИП АКЧАГА АЛМАШТЫРАТ?
Бүгүнкү күндө кээ бир өлкөлөрдө криптовалюталарды банкоматтарда кадимки акчага алмаштырууга мүмкүн. Ошондой эле интернет-дүкөндөр, кызмат төлөмдөрдү биткоин аркылуу төлөп, ишке ашырыла баштады.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
Ачыктык. Криптовалютанын капчыктары кандай гана төлөмдөр же операциялар болбосун алардын тарыхынын баарын сактайт.
Коопсуздук. Криптовалютанын жасалмасын жасоо мүмкүн эмес.
Көз карандысыздык. Банктар жана салык кызматкерлери криптовалютанын кыймылын көзөмөлдөшпөйт. Криптовалютанын жүгүртүлүшү мамлекеттин карамагында эмес.

КЕМЧИЛИКТЕРИ:
Укуктук статусу белгисиз. Кээ бир өлкөлөрдө криптовалютага толугу менен тыюу салынса, кээ биринде колдонууга сунушталбайт.
Көмүскө экономикада колдонуу. Кылмышкерлер криптовалютаны өз ара алыш-бериши үчүн колдонушу мүмкүн.
Анын реалдуу баасы жок. Криптовалюталардын баасы бир дагы валюта же башка актив менен байланган эмес.

БИТКОИН ТУУРАЛУУ
Учурда криптовалюталардын эң баалуусу – бул биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта «Bitcoin Foundation» америкалык компаниясы жүргүзүп келет. Компаниянын негизги куратору Гэвин Андерсендин айтымында, биткоиндин башкы максаты – интернет тармагында коопсуз, туруктуу каражатты түзүү. Аталган компаниянын айтымында, 2031-жылга чейин 21 миллион биткоинге жеткенде аны чыгаруу токтотулат. Учурда 15 миллионго жакын биткоин интернет тармагына коё берилген жана алардын ээлери бар.

ЭЛЕКТРОНДУК АКЧАДАН АЙЫРМАСЫ КАНДАЙ?
Азыркы электрондук акча (электрондук капчыктагы каражат) менен криптовалютанын айырмасы чоң. Электрондук акчага банк же терминалдан кадимки акчаны төлөө менен гана ээ боло алабыз, ал эми криптовалюта бир гана интернет тармагында. Ал бир дагы кадимки акча менен, бир дагы мамлекеттик валюталык систем менен байланышы жок. Криптовалюта көзгө көрүнбөйт дагы, колго кармалбайт дагы, бул түз маанисинде эле электрондук каражат.

КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?
Криптовалютанын келечеги жок деген пикирди көптөгөн адистер айтышканы менен, ал күндөн күнгө ордун бекемдеп баратат. Бул нерсени 1990-жылдардагы интернет жаңы өнүгүп келе жатканы менен салыштырышууда. Анда да көпчүлүк интернет технологиянын заманы келет дегенге ишенишкен эмес. Биткоин учурда дал ушундай мезгил сыноосунан өтүп жаткан убагы. Алгач кичинекей жана анча кирешелүү эмес компаниялар криптовалюта менен иштеп келген болсо, учурда дөө-шаа компаниялар криптовалюта менен иштегенге киришишти. «Азыркы убакытта адамзат биткоинге даяр эмес, бирок келечекте кадимки акчалардын ордун криптовалюталар алмаштыра турган мезгил келе жатканын танууга болбойт»,- деп белгилешет адистер.

ДҮЙНӨДӨ
Учурда дүйнө жүзү криптовалюта менен "ооруп" жаткан кези. АКШ биткоинди толугу менен тааныган өлкөлөрдүн сап башында турат. Евробиримдикте криптовалюталар интернет аркылуу төлөө системи катары бааланса, Японияда 2016-жылдан тарта мыйзамдуу түрдө төлөө каражаты. Ошондой эле Дания, Түштүк Корея, Канада, Улуу Британия биткоинди мыйзамдуу түрдө тааныган.
Ал эми Кытай, Бангладеш, Боливия, Эквадор, Исландия, Индия, Орусия, Таиланд сыяктуу өлкөлөрдө криптовалютаны пайдаланууга тыюу салынган.

КЫРГЫЗСТАНДА
Өлкөбүздө криптовалюта мыйзамдуу түрдө төлөө системи катары таанылбайт. Ушул жылы жайында интернет айдыңында Кыргыз өлкөсү криптовалюта чыгарат деген маалымат тараган, бирок бул маалымат өкмөт тарабынан жокко чыгарылган. Бирок Бишкекте биткоин-банкоматтарды кездештирүүгө болот. Алсак, шаардын ресторандарынын биринде биткоин менен төлөсө болот. Мындан тышкары интернет-дүкөндөр да биткоин менен төлөм кабыл алып баштаган.

УЛУТТУК БАНК ЖООП БЕРЕТ:
– Биткоин интернетте текшерүүсүз жүргөндүктөн эч бир мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлгө алынбайт. Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча өлкөдө төлөмдөрдү ишке ашыруучу жалгыз расмий бирдик – бул сом болуп эсептелинет. Улуттук банкта азыркы учурда жарандар арасындагы жүгүртүлүшүндө канча биткоин бар экендиги тууралуу маалымат жок. Криптовалюта виртуалдык жүгүртүлүүдө болгондуктан, демек, ал глобалдык деңгээлде. Муну менен катар Улуттук банк эл аралык тенденцияда болуп жаткан криптовалютаны байкап, бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүүдө.


Каржы боюнча серепчи жана блокчейн адиси Назик Чоноева өлкөбүзгө алгачкы биткоиноматты алып келип, криптовалютаны жайылткандардын бири.
– 2014-жылы жолдошум Эмануэле Коста экөөбүз Бишкекке биткоиномат алып келип, шаар тургундарына тааныштырып, ошондон тарта өлкөдө биткоинге болгон кызыгуу башталган. Криптовалюта актив катары таанылып, анын келечеги кең болуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде каралуусу керек деп ойлойм. Криптовалюта колдоого алынса көптөгөн инвестицияларды тартууга, жаңы компаниялардын ачылышы менен экономикага оң таасирин бере алат. Муну менен инновациялык борборго айлануусу толук мүмкүн.



Биз социалдык тармактарда:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Almasbekovna   20 Январь 2018 - 12:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 475
  • Катталган: 16 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2019 04:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекенден алыста

2-3 кун башта радиодон угуп калдым эле,биткоиндин баасы тушуптур деп ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Piligrim   10 Февраль 2018 - 12:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

https: //qoinpro.com/...f7c9a9fbe7a8fd7
Бекер биткоин табыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aksakal   10 Февраль 2018 - 14:40

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 21 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Piligrim (10 Февраль 2018 - 12:14) жазган:

https://qoinpro.com/ ...f7c9a9fbe7a8fd7
Бекер биткоин табыныз.


Ал жакта азыраак табасыз, бул жака кирин
https://getcryptotab. com/12728
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aksakal   10 Февраль 2018 - 18:48

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 21 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Aksakal (10 Февраль 2018 - 14:40) жазган:

Ал жакта азыраак табасыз, бул жака кирин
https://getcryptotab. com/12728


Гуугл Хромунуз болсо жогорку ссылка менен кирип CryptoTab кошуп коюнуз. Болду, акча таба бериниз. Гууглду очурбонуз, гуугл иштеп турса акча табасыз, иштебесе жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   mentol   10 Февраль 2018 - 19:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 523
  • Катталган: 19 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Янв 2024 22:00
  • Жынысы:Белгисиз

Эка биткоин сатам деп журлдлего
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Shanson   06 Март 2018 - 23:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Shorobashat (10 Декабрь 2017 - 16:54) жазган:

Кандайсыңар? Биткоин жөнүндө жалпак тилде маалымат бөлүшкүлөчү? Рахмат! Эскертүү интернеттен орусча маалыматтарды көчүрүп алып келбегиле! ?



Шүгүрчүлүк!

1) жалпак тил менен айтканда, бул келечектин акчасы.
2) биткоин тууралуу маалыматты кенен-кесири кыргыз тилинде ала албайсың. өтө аз. болгон күндө да горе-переводчиктер которгон материалдын ашмалтайы чыгат. Такшыто, тоюс, ошондуктан, жакшысы орусча же англисче изденгениң оң. йутуп каналында азыр бул темада узун-сабак өткөн мыкчыгерлер мый-мый. Баарын катары менен уга берсең дагы болбойт, көп маалыматты сорттой билүү да азыр ЧОҢ талант. Жок, орусча маалымат албайм, "кыргыз деп келгем дүйнөгө кыргыз деп өтөм дүйнөдөн" деп ак калпакты баса кийип, жармадан уурттап отурган болсоң, анда фейисбуктан Juman Kenesh (бул сайыттын алкагында илгери jumanji деген ат менен катталган) байкенин баракчасынан карап көр. Анын ошол эле [moderated]да бирин-экин кыргызча маалыматы бар, башка маалыматтарга салыштырмалуу "үйрөнчүккө боло берет" деңгээлинде. Бирок, ошондон баштасаң болот, мүмкүн. Анан аркысын Пушкин акенин тилинде ала бересиң да.

Ийгилик, кыскасы. Бул - келечектин акчасы.
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Shanson   06 Март 2018 - 23:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Aksakal (10 Февраль 2018 - 18:48) жазган:

Гуугл Хромунуз болсо жогорку ссылка менен кирип CryptoTab кошуп коюнуз. Болду, акча таба бериниз. Гууглду очурбонуз, гуугл иштеп турса акча табасыз, иштебесе жок.


Бул нерсе капкан болушу дагы мүмкүн. Эгер бул жактан азыноолак биткоин чогултам деген болсоң, анда гугл-хромдо башка нерселерди (жеке маалымат, онлайн акча төлөмдөрүн) кылбоо керек. Андай максатта башка браузерди (мисалга, TOR) колдонуу дурус. "Жадность фраера погубит" деп коёт. Биртике тыйын алам деп, негизги капчыктагы каражаттан айрылып калуу акылдуулукка жатпайт... Кеңеш катары. (эгер бул темага кызыккандар болсо)
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Shanson   06 Март 2018 - 23:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Stark.T (11 Декабрь 2017 - 09:17) жазган:

Бул криптовалюта(электронная). Валюта будущего. Бир биткоин 11000$ приблизительно турат. Коп олколор криптовалютаны иштете башташты, А Венесуэла уже полный криптовалютага откон.

Венесуэла жакында эле ошондой атайы улуттук криптовалюта чыгарышты. Аны чыгарганга орустардын программисттери жана Абрамовичтин айланасындагы үлкөн бизнесмендердин инвест-фонддору жардам бериптир имиш. Эми, жакында Венесуэланын саясий аренадагы душманы АКШ бул тармакта айлангандардын баарынын бизнесин кыкынтат го :)

Дагы айта турган нерсе, азыркы экон.гигант АКШнын санкцияларына каршы турушкан бир канча диктатордук режимдер өздөрунүн криптовалютасын чыгарууга кызыкдар. Бирок, экономисттер, алардын көрөр күнү чектелүү дешет. Бир өндүрүмгө (товар) кызыгуу болбосо "анын баасы беш тыйын"

Просмотр сообщенияStark.T (11 Декабрь 2017 - 09:42) жазган:

Биткоинди арзан кезинде сатып алып, кымбаттаган кезде сатып ийсе болот. Аларды майнерлер дейт. Бир биткоин сомго айлантканда 800мин сом.

Же кымбаттаганда алып арзандаганда сатып кейип да калышың толук мүмкүн.
Майнер деген сатып алган адам эмес. Mine - казуу, демек, майнер, казуучу. Мааниси, биткоин деген нерсе атайы татаал математикалык эсептөөлөрдүн аркасында, атайы ошол максатта чыгарылган компьютерлер аркылуу "казылып алынат". Ошондуктан, процессти майнинг, ал эми ошол нерсени казып алып аткан адамды майнер дейт. Ал эми биткоинди алып сатып аткан адамды бул тармактагы слэнгде "трейдер" дейт. Же "спекулянт" . Бизде спекулянт деген негедир (мүмкүн сссрдин таасири менендир) жакшы эмес маанини берет көбүн эсе. Бирок, түпкүлүгүндө, спекулянт деген сөз латын тилинен келген дешет билгендер. Мааниси - байкоочу экен. Демек, трейдер кырдаалды байкап, ошого жараша анализ жүргүзүп анан өзунүн ишин (соодасын) кыла берет. Утулат, утат дегендей, ал эми анын жөндөмүнө, эмоциясына, капиталына жараша.

Просмотр сообщенияizdeim.seni (11 Декабрь 2017 - 09:58) жазган:

Аны каерден кантип сатып алышат?

Майнерден же спекулянттан сатып аласын да. Бирок, эске тутуу керек, шыто, "государство буга төлөп бербейт". Пулду өз чөнтөгүңдөн чыгарасын. Атайы сайттар бар, банкындан акча которосун, сатып аткан адам менен же сайт/сервис менен байланышасың, кадимки эле интернеттен көйнөк сатып алгандай эле кеп. Болгону, бир аз кымбат :)

Просмотр сообщенияAlmasbekovna (20 Январь 2018 - 12:21) жазган:

2-3 кун башта радиодон угуп калдым эле,биткоиндин баасы тушуптур деп ..


Түшөт, кайра көтөрүлөт, кайра түшөт. Ошонусу менен кызык да. Бул түшүп кайра көтөрулүү процессин волатильность дейт. Канчалык бул нерсе көбүрөөк болсо, демек бул нерсеге кызыгуу бар. Андыктан, бул нерсе эртең жок болуп кетүүдөн алыс. Кыскасы, көтөрүлүп, тушүп турсун, бир калыпта турбасын. Трейдингде ошол нерсе менен жан багышат трейдерлер.

Ошоо, өзүм билгенден азыноолак болсо да түшүндүрмө берип кеттим. Түшүндүрө албай калсам үзүр. Азыр интернет деген итбекер. Толтура сайттар, маалыматтар бар. Убакытты болбогон нерсеге жумшабай тренд болуп жаткан нерсени, технологияны, бизнести өздөштүрүү керек. "Биз өнүкпөйбүз" деген наалыма кепти таштап.
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Shanson   17 Март 2018 - 21:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул темага / ушул нерсеге кызыккандар жокко эсе окшойт.

1-2 жылда төмөндөгү сүрөттөгүдөй болуп жүрбөгүлө анан ))

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: btc.jpg

> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Shanson   29 Июнь 2018 - 12:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен билдирүүлөрүн үзбөй окуган Межгаластический Дирижабль деген бир турист-блогер бар эле. Азыр деле бар. Тирик. Шону 3-4 жылдан бери окубай калгам. Кечээ жакында кайра таап алып бир аз окудум. Телеграмга канал ачкан экен. Бизнес да баштаган окшойт. Бу жетим да биткоинге кызыгып инвестиция кылган окшойт же трейдинг. Ошол телеграм-каналына минтип жазган экен:

Сегодняшнаяя медитация:

«- Биток 6000
- Все непостоянно в колесе сансары.
- Твои сбережения упали на 50%.
- Это лишь рябь на поверхности океана сознания.
- Ты уверен, что завтра сможешь наскрести денег на плошку дала с двумя чапати?
- Великие йогины не предают значения числу чапати в своей тарелке.
- А билетам в Индию йогины придают значение?
- Омммммм».

Окуп алып ыкшып күлдүм. Бирок, жогорудагы типа-диалогду түшүнбөгөндөр ыкшып күлгөндөрдү "бир аз жылып кеткендер" деп ойлоосу турган кеп. Түшүндүрмө жазсам деле болчудай, бирок, узун кеп болуп кетет. Ошондуктан түшүнгөндөр же кийин түшүнгөндөр окуп жылмайышаттыр.

Дегеним, азыр биткоиндин баасы 6000 ден да төмөн түшүп кетти. Бүгүнкү баасы 5880 usd. Май айында 9700, марттын башында 11000 доллар болучу. Баанын мындай кескин түшүп кетишинин же түшүрүлүп жатышынын да себептери бар. Финансы жаатында кызыгуусу жана түшүнүгү бар адам кайра битоктун түшүшүнөн пайда да көрө алат.

Сабыры күчтүүлөр HODL IT деп коюп отурат.

Билдирүүнү түзөткөн: Shanson: 29 Июнь 2018 - 12:57

> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Shorobashat   11 Май 2019 - 20:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Просмотр сообщения Aksakal (10 Февраль 2018 - 14:40) жазган:

Ал жакта азыраак табасыз, бул жака кирин
https://getcryptotab. com/12728

Олдунор го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Shanson   14 Март 2021 - 03:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Shanson (17 Март 2018 - 21:06) жазган:

Бул темага / ушул нерсеге кызыккандар жокко эсе окшойт.

1-2 жылда төмөндөгү сүрөттөгүдөй болуп жүрбөгүлө анан ))





Деткалар, ошентип, бүгүн 14-март-2021 битоктун баасы 61 900 доллар болду.
Бул кетиште жай айларына 100 миң ди тээп калат го.

HODL!
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Geroina   14 Март 2021 - 22:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 07 Февраль 21
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 17:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бир биткоин болсо деле алып койсо....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Shanson   24 Декабрь 2021 - 20:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Деткалар, криптовалюта, трейдинг, биткоин-шиткоин тууралуу суроолор болсо уялбастан жаза бергиле. Чайнап берейин :)
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Chagylgan7   24 Декабрь 2021 - 20:09

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 23 Август 21
  • Соңку аракети: 23 Янв 2025 02:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:insta:nazik_cb

Просмотр сообщения Shanson (24 Декабрь 2021 - 20:02) жазган:

Деткалар, криптовалюта, трейдинг, биткоин-шиткоин тууралуу суроолор болсо уялбастан жаза бергиле. Чайнап берейин :)

Негизи жашоодо эч нерседен коркпош кк ,бирок дагы эле биткоин сатып алгандан коркуп журом :D…Менин байкем да убагында криптовалютага акча салып , «иштеп» жургон .Бирок ушул эле жылы жарым млндон ашык акчага банкрот болду .Монеталардын ценасы резко тушуп кеткенине байланыштуу.


Бирок ушул биткоинди да бир коруш кк болуп жатат ))
Chagylgan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Бизнес
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 14:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: