Шириндин дилгирлигине абдан суктанат. Берген тапшырманы да так аткарууга тырышат. Коздору кулундогон, суйкумдуу кыз. Адеми аны жакшы коруп калды.
-Ширин,бугунку сабак бутту,сени ким алып кетет?
-Апам алып кетет.
-Мейли анда апан келгиче,ушул музыканы дагы бир кайталап туралы ,каршы эмессинби?
-Ооба,ооба,макул.
Ширин суйунуп кетти.
Ал музыканы да кайталашты. Башка темаларда суйлошушту. Кун кечтеп баратты.Эмнегедир апасы кечикти.
Адеми кыжалат боло баштады:
-Ширин,сенин апан бул маалда келип калчу беле? Бир сааттан кийин,мен да уйдо болуп калышым керек.
Ширин да коздорун алайтып,туруп берди.
Телефонуна чалуу келип,караса Назар экен;
-Ооув Назар?
-Эмне болдун жаным,жумушун буттубу?
-Жоок,ооба, ии азыр?
Назар кулду;
-Сага эмне болду шириним?
-Бир окуучумун ата-энеси келбей жатат да,ошону таштап кете албай жатам.
-Аа десе,мен да барайын десем,он беш муноттон кийин операциям бар да жаным?
-Мейли эч нерсе эмес Назар,азыр келип калаар? Келе калса эле,уйго жонойм!
-Макул жаным,уйго бараарын менен чалып кой э,мен кыжалат болом,билесин го?
-Ага,коп ойлонбой операцияна кире бер,мен барып калам!
-Давай жаным!
Толкунбек ойлуу айдап баратып,алдынан капыстан чыга калган жарыктан,шашып калды. Кантип жол жээгине сурулуп,чыгып калганын байкабай калды. Машинанын катуу сигналынан эсине келди. Аз эле калыптыр. Дароо жол жээгине бура калууга жетишпесе ,ким билет эле эмне болоорун?
Бат эле адамдар чогула калды.
-Байке ,баары жайындабы?
-Ооба рахмат жакшы!
Унаасынан чыкса,озуно каршы келген унаа, жол четиндеги даракты сузуптур. Онор эмес эле жаракат албагандай.
Тез жардам машинасы келип,дароо алып кетишти.
Тообо,эмне мынча шашышат экен бул адамдар! Же жол эрежесин билишпейт. Же айдоочулук куболукту татыктуу окуп алышпайт,акчага сатып ала коюшуп эле,унаа алып,дардандап айдоочу болуп чыга келишет.
Толкунбек озунун аман калганына эмес,тиги жабырланган адамга ичтен кейиди. Жол кайгуул кызматкерлери да жете келип,бир топ суроолорду берип,аларга жооп бергенче, бир топ убакыт отуп кетти. Канчалык шашса да ,тартип буза албай туруп калды.
Алардан узаары менен ,дароо ылдамдыкты ашырды. Мектептин алдына келип токтоп,жугуро ичкери кирди. Кундо алып кеткен жеринде кызы жок экен. Кайра артына чыкты.
Караса Ширин менен бир кыз жетелешип,мектептин багында,жай басып журушуптур. Конулдору ачык,бирдемелерди суйлошуп кулуп жатышат. Журогу ордуна келе тушту. Байкаса,озунун кызынан башка окуучулар калбагандай.
Шашып, артыларынан жете барды;
-Ширииин?
Кызы артына карап,атасын карай жугурду. Атасынын моюнунан кучактап,эмнеге кеч калдын дегенсип бултундады. ;
-Кечирип койчу кызым,ушундай болуп калды .
Артынан Адеми акырын басып келди;
Ойдо боло берген Толкунбектин оозунан келмеси тушту.
Мына! Так озу! Канча убакыттан бери озуно тынчтык бербей,жанын кыйнаган коздор!!
Мына ошол озу да тушунбогон, санаа баскан оору!
Коргон коздоруно ишене албай,журогу туйлап кетти;
-Сиз?
Адеми да Толкунбекке карап,коздорун бат-бат ирмеди;
-Ой байке,сиз белениз ,кандайсыз?
-Жакшы карындашым! Озунуз жакшы журосузбу? Бул жерде эмне журосуз адашып?
-Мен бул жерде иштейм!
-Тангалычтуу! Эмнеге сизди кутулбогон жерден жолуктура берем ,кызык!
-Билбесем! Демек,Шириндин атасысыз?
-Аа ооба бул менин эрке кызым!
-Кызыныз абдан таланттуу! Эмнегедир жакшы кором кызынызды .
-Ушундайбы,сиз мугалими экенсиз да?
-Ооба,бугун Ширинди таштай албай,сизди кутуп отурган элек. Ширин апам келет деген болчу.
-Апасы бошобой калды. Каап сизди да убара кылган окшойбуз,кечириниз карындашым!
-Болуп турат жашоодо! Макул мен эми барайын,кеч болуп кетти.?
-Токтонуз, ушунча биз учун кетпей турсаныз,мен озум эле сизди таштап коеюн,каерде жашайсыз?
-Жоок,тимеле коюнуз,мен озум эле кете берем.
-Ошол кантип болсун,жок дебенизчи?
-Чындап эле,озум эле кетем байке?
-Адеми суранам!
Атасы менен мугалиминин эмне тууралуу суйлошконуно конул деле бурбастан,Ширин оз алдынча ойноп келе жатты. Артта отурган Адемини улам козунун кыры менен карап ,Толкунбек келе жатты. Ичинде бир сезим нары бери урунуп ,чуркап журду. Ишене албайт. Азыр Адеми жанында отуруп баратканына. Же кубанаарын же капа болоорун биле албайт.;
-Кайгынызга ортоктошмун Адеми,апаныздын арты кайырлуу болсун!
Адеми чоочугандай, Толкунбекти бир карап алып,анан кайра тушунгонсуп, коздорунон жаштар молт дей тушту. Толкунбек шашып калды;
-Кечирип коюнчу мени,мен билбей эле,уксаныз, созду эмнеден баштаарымды билбей,айтор, карындашым! ?
-Эч нерсе эмес байке,баары жайында! Рахмат!
Келин терезеге унулду. Коптон бери ыйлай электигине байланыштуу, апасын эстегенде эрксизден агып кеткен жаштарына,ичинен уялып турду Адеми.
Толкунбек болсо аялуу боюмун бироо жулуп кеткендей,созду улай албай томсорду. Кандан бери топтогон создору,айта турган тилектери тил учунда турса да, сыртка чыгара албай буйдала берди. Азыр айтса, кокус кагуу жеп калсачы? Анда эми таптым дегенде кайра жоготуп алат го? Болгондо да биротоло жоготуп алуу коркунучу бар.
Демек,азырынча кереги жок. Апасынын кайгысынан арыла элек байкуштун жараатын, ансайын тырмагысы келбеди.
Уйуно жеткенде,жагымдуу коштошуп,ашыкча соз айтпай,кирип кетти келин. Бирок бул жолугушуу башкача таасир калтырды. Анткени менен бул тууралуу ойлонгусу келбеди. Ойлонууга да болбойт эле.
Унчукпай,кунумдук тирилигине киришти.
Толкунбек да чайналып,артты коздой тартты. Жанындагы эрке кызынын создору менен алаксып отуруп,уйго бат эле жетип келишти.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 03 Январь 2018 - 23:00