Суперстан: Толкундар шыбырайт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.

#381 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Январь 2018 - 21:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения asi.gulum (23 Январь 2018 - 20:21) жазган:

Данек эже,азаматсыз. .! Сөз байлыгыңызга, сабырыңызга тан бердим. Дагы да калемиңиз курчуй берсин..
Адеминин бактылуу болгону кубандырды. Бул бактысы эч бөксөрбөсүн.

Түшүнбөгөн жерим Толкунбек менен Адеми бири-бирине сиз деп кайрылганы болду. Эми алар деле бир үй-бүлөө да. Анан Ширин тууралуу бир аз кыстарып кетсеңиз болмок деп ойлоп койдум. Адемини кандай кабыл алганы тууралуу сезимдери баарыбызга эле кызык болсо керек.


Рахмат алтыным!
Ооба,ал жонундо оюмда бар болчу,бирок негизги максатыман алыстап кетпейин дедим.
Ширин , Адемини эжекеси катары сонун кабыл алды,"бир аз чонойсо анан тушундуроорбуз" деп ойлошот каармандар!
Толкунбек Адемиден жашы улуу болгону учун сиз деп кайрылды Адеми!
Толкунбек биринчи таанышканда эле сиз деп кайрылбады беле,ошол бойдон эле калды,албетте бир уйбуло, бул жон эле сый мамиле го деп ойлоп койдум!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 23 Январь 2018 - 21:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#382 Пользователь офлайн   asi.gulum   23 Январь 2018 - 22:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Рахмааат эже сөзүмдү четке какпаганыңызга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#383 Пользователь офлайн   zzari-83   24 Январь 2018 - 00:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 036
  • Катталган: 25 Январь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2020 19:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ардактуу айылым

Баары өз оюн айтышыптыр, мен да айтып өтсөм)Теманын аты эң сонун тандалган,толкундар мн Адеминин ички сезимдерин аябай таасирдүү кп чагылдырып бере алгансыз.Кокустан китеп бп басылып чыкса өзгөртүүсүз эле калса деген оюм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#384 Пользователь офлайн   Janum84   24 Январь 2018 - 23:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 525
  • Катталган: 18 Апрель 17
  • Соңку аракети: 17 Окт 2019 22:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Нарын+Чуй

Просмотр сообщения Sushi_wok (21 Январь 2018 - 12:41) жазган:

Коп отпой Назик Адеми жашаган уйго келип калды. Озу жалгыз эле,Бакыт бешикте болчу.
Гулдорго суу коюп,короодо жургон. Назикти коро сала, сууну бекитти да бери коздой басты:
-Назик эже? Келиниз?
Назик унчукпай кирип келди:
-Келдим кандайсын?
-Жаман эмес эже, журунуз ичкери кириниз!
-Жок мен ушул эле жерден кетем!
Адеми Назиктин коздоруно карады. Эч кандай жамандыгы жок,эрке ,жароокер коздор!:
-Эже анда суу жээктеп,суйлошуп келелиби,эгер киргиниз келбесе?
-Мейли жур!
Бакытты бешиктен чечип, кийиндирип алып, коляскага салып, судуроп алды.
Назик Адеминин колундагы суйкумдуу баланы коруп,аргасыз колуна алгысы келип кетти. Толкунбекке куюп койгондой окшош,бирок коздору апасыныкы:
-Берчи мага!
Адеми унчукпай кармата берди:
-Канча болуп калдынар?
-Сегиз айдан отуп калдык!
-Коз тийбесин,чоноюп калыпсынар!
-Айтканыныз келсин эже!
Экоо суу бойлоп басып отурушту. Созду Назик баштады:
-Айтчы бактылуусунбу?
Адеми терен ушкурду:
-Эже бакыт деген эмне, озунуз айтынызчы?
-Билбейм, мен учун бакыт,тогун- чачын жашоо,балдарым, жакшы турмушум болсо,ошол бакыт дечумун! Корсо андан да маанилуурок нерселер бар экен жашоодо!
-Эже бакыты бутун,телегейи тегиз адам болбойт окшойт жашоодо! Мисалга озубузду алалы,албарстыдай болуп,экообуз тен бир эркекти жакшы коргонубуз. !
Менде баары тегиз десем, сиздин бактыныз жарым,сизде бутун болсо, Толкунбектин бактысы жарым, аны толтуруу учун ,дагы башканын ортодо бактысы сынык! Негизи айта берсек соз коп экен. Андан коро ушул насип кылган нерселерди гана жашап, барына шугур кылып,каниет кылып, бул кыры коп, кубанычынан да кайгысы кобуроок, тапкандан да жоготуу кобуроок жашоонун манызын издебей эле,жашаш керек турбайбы деп ойлоп калдым!
-Айткандарын туура,бирок мен мындай создорго ото эле тушуно бербейм!
-Билем эже,ошондуктан да тушунушум керек деп озунузду озунуз зордогонунуз деле туура эмес!
Назик Адемиге тигиле карады;
-Адеми?
-Эже?
Эки аял кучакташып турушту. Коздорундо кубанычтын, кайгынын, жашоонун жаштары сарыгып агып жатты! Эми алар бирин бири тушунот, эми капа эмес биринен бири.! Кечиришти алар!
Жанында коляскада отурган кичинекей Бакыт гана, бул нерселерди тушунбой,экоону карап,колдорун сербендетип, кулуп жатат!
Балким ал да, булардын кубанычына ортоктош болуп, кубанып жаткандыр!




Бул жашоонун сыноолору ушунусу менен эле бутпойт тура.! Бакыт тогуз айга караганда,Адеминин боюна бутуп калды. Врачтар ото кооптуу, торогону болбойт дешти. Бирок Адеми когоруп туруп алды,торойм деп. Толкунбек болсо чебеленет:
-Тикенек,сиз озунузду ойлон,балабыз жок эмес бар го?
-Ооба билем, бирок бул да жараткандын белеги, ким билет,мумкун баары жакшы болоор, Бакытка шерик болот,жалгыздын куну курусун, мен билем жалгыздык эмне экенин!
-Адеми тушунсонуз, эгер кокус,бир нерсе болуп кетсе, мен , Бакыт эмне болот, ошону ойлондунузбу?
Адеми моюн толгоп туруп алды:
-Бар тобокел Толкун, кудайым озу жардам берет, мен баланы алдырбаймын!
Толкунбектин айласы кетти. Бирок колунан эч нерсе келбеди.
Ай кунуно жеткен Адемини ооруканага алып келди. Он-алеттен кеткен Адемини коруп, баары коркуп турушту. Дамира баш болгон, Байжигит, Мадиналар да ушул жерде.
Байжигит бир ордунда тура албай,нары -бери басат. Кучун кимден чыгараарын билбей кыжынат.Бул жолу Назик да келди:
-Адеми,озунду бош карма,коркпо!
-Эже,эгер мага бирдеме болсо Бакыт озунузго аманат, сизге ишенем эже!
-Ишен! Бирок коркпо,баары жакшы болот!
Оор операция жолу менен торотуп алышты. Кыз! Жок кыздар ,эгиз кыздар!
Бир нары барып, бери келген Адеми, убакыттын отушу менен,арандан озуно келе баштады.
Оозуна сала берген экен,кудайым озу жар ,озу жардамчы, ниетине жараша болду!
Толкунбек биринчи кирди:
-Тикенек! Айтканды укпайсыз,эми мындай кылсаныз,сизди кечирбеймин! Канчалык коркконумду билесизби?
Адеми алсыз жылмайды;
-Наристелерим кандай?
-Баары жакшы,алардан кыжалат болбонуз!
-Толкун мен эгиз болушун,биринчи кундон тарта сурангамын, кудайым тилектерими кабыл кылды!
-Ооба, менда сиздин аман калышынызды ушунчалык сурангамын, кудайга шугур,кайра кордум сизди!
-Баарынарга рахмат! Мени бактылуу кылганынар учун баарынарга ыраазымын! Кыздарыма озум ысым койсом болобу Толкун?
Колдорун бекем кармап турган Толкунбек башын ийкеди:
-Макул,буларды сиз сурап алдыныз,озунуз коюнуз!
-Наристе! Периште!болсунчу!
Толкунбек козунон аккан жашьы,билдирбей аарчыды:
-Макул ошондой болсун!
Аман эсен коз жарып, озунун аман калганын уккан сырттагылар, баары шуу ушкурушту.
Байжигит сыртка чыгып кетти, болбосо кубанычтан ыйлап жибермек! Назик жылмайды:
-Эми Бакытты озун чонойтосун!
Баарынан да Дамира аябай суйунду. Жан дуйного кулак салып, журогун тыншап жашоону уйроткон,азыркы жашоосуна озу жетелеп келген бул инсанды, азыр жоготсо, озуно кыйын болмок!

Айыгып,чурполорун бооруна баскан Адеми, бугун Толкунбек менен дениз жээгинде!
Бакыт болсо кумдарга чыбык менен сурот тартып ойноп,эч нерседен кабары жок, чуркап журот. Толкунбек анын артынан жай басып келе жатат.
Аппак жузун шамалга тоскон Адеми, жыланайлак, денизден келген абадан куманлануу менен дем алып, алыстарга коз учун жиберет!
"Мына менин бакытыма да, кайгыма да, негизи бутун жашоому башынан бери коруп келе жаткан толкундар!
Ушул мезгилге чейин канча жолу адашсам да, мудурулуп жыгылсам да, кайра туруп, баарына сабыр кылсам да, бир гана силер кубосунор буга ТОЛКУНДАР!
Ошондуктан, ар дайым менин жашоомдо "шыбырай берчгилечи мен суйгон толкундар! " "!!




КОРУТУНДУ!


Мына окурман, мен бул окуяны жыйвнтыктайт экенмин,ушул жерде мени кубаттап,дем берип,акырына чейин кызыгып окуган,ар бир окуган форумчуларга оз ыраазычылыгымды билдирип кетемин!
Суроолор боюнча, эгер мен бул нерсенин баарын оюмдан чыгарып жазып салсам,анда укмуш болуп кетпейминби?
Кино да турмуштан алынат,чыгарма да турмуштан алынып жазылат,ырлар да ушул эле турмуштан куралат.!
Айтайын дегеним чыгармадагы ар бир каарман учурда арабызда жашап жаткан,кадимки форумчуларыбыз! Албетте, Назардан башкасы арабызда бар. Эгер мунун баарын эле озум каалагандай кылып жазып салсам, анда баарын бактылуу кылып койбойт белем, Назарды сактап калбайт белем,аны да сактай албасам,ортодон эле бироону чыгара салып, Адемини ошол менен баш коштуруп салбайт белем?
Бирок бул тагдырлар! Бул турмуш!
Мен болгону артыкча суроолордон качып, баарын бириктирип, чыгарма катары ,коркомдоп,сиздерге сундум! Аттары озгортулуп берилди!
Толкунбек байке, эгер окуп жаткан болсонуз, эгер мен,сиздин жан дуйнонузго ото эле кирип барып,баарын ачып салсам,эгер адашкан болсом,же кандайдыр бир жерден туура эмес кадам таштап койгон болсом,муну менен сиздин жашоонузга кедергимди тийгизип койгон болсом,айтаарым, суранам мени кечириниз!
Албетте,окуп, созсуз пикиринизди калтырасыз деп умут кылам!
Дамира эже, эгер сиз издеген суроолорго, сизден оозунуп мен жооп берип койгон болсом,сиз да кечирин! Ал эми Адеми созсуз мени тушунооруно ,кечирээрине мен ишенем! Байжигитке да айтаарым ушул! Мен колумдан келишинче аракет кылдым,кескенин кесип,кошумчасын кошуп,алымчасын алдым,бирок тупку маанисине тийишкеним жок!
Жашоо -адамга бир эле жолу берилет,жана аябай кыска! Келгиле ушул кыска омурдо,бирбирибизге жаман айтпай, конулубузду которуп,бирбирибизди колдоп,кубаттап жашайлы! Керек болсо мактап, жакшы адам экенибизди бирбирибизге айталы,жаман жагыбызды чукуп сындагандын ордуна!
Жашоону ар бир адам озу кооздойт,анткени бул ар кимдин озунун гана жашоосу! Мен бул жерде эркектерди экинчи аял алууга угуттогон да жерим жок, анткени ар бир эле эркек Толкунбек эмес,ар бир эле аял Назик менен Адеми эмес,боло да албайт!
Гонорары миллиондорду чапчыган,дуйнолук актёрлорго кызыкпа,же болбосо жылдыз болуп жанып,баарынын конул борборунда болгондорго кызыкпа,тим кой ,андай жашоо ошолордуку, а сенин жашоон башка! Сен озун каалаган,жандуйнон эс ала турган жашоону жаша!
Бул жерде баары Назикке боору ооруйт,бул турган кеп,бирок тагдырдын огой баласындай болуп,жалгыз калган Адемини , куноологонго эч кимдин акысы жок,бул да болсо,ага берилген жашоо мыйзамы!
Эгер ошондой болсо,эмнеге Толкунбек кетээрде," кетпечи"деп жалынбады. Ал биротоло кеткен жок,ортодо жашаса да эмнеге озгоруп кеткен жок,тамактын турун жасап,кеч болсо да озуно каратууга аракет кылган жок? Муну эми озу чечет!
Дуйно кен, бирок аны ар ким озунун карышы менен олчойт,ошондуктан баарыныздарга айтаарым, чыныгы журок ,жан дуйно тандаган жашоону,татыктуу жашап отунуздор!
Суйуу -бар! Суйуу бар учун,эне перзентин суйот,суйуу бар учун,эр-азаматтар мекенин суйуп,аны коргойт,суйуу бар учун адамдар бирибири суйуп, суйуу бар учун жашоо уланат!
Суйуу бар учун Жараткандын мээрими чексиз,анткени ал оз пенделерин суйот, ошондуктан кенен жер бетин, бейпил жашоону бизге,суйуп берген,биз пенделер ошол суйуунун кадырына жетели!
Ушул созумо кошулгандар да , кошулбай ичинен "хм, каяктагы суйуу?"дегендердин ичинде да ,созсуз бир адамга суйуу сезими бар, мен буга ишенем!
Анткени суйуу- бул жашоо!
Арасында орусча жазгандарым бар, оз тилибизде жазбаптыр дегендер бар экен,
-Эмне орусчаны тушунбойсуздорбу?
Эгер аны бурмаласам, маанисин жоготобу деп корктум,эгер колумдан келип,сиздер да тушунгонунуздордо ,япончо жерин япончо,англисче жерин англисче кылып жазмакмын! Бул эми китеп эмес, ошондуктан, грамматикалык жактан,башка жактан ката кетирсем,жалпыныздардан кечирим сурайм!

Баса белгилей кетуучу нерсе,RINATIK94 деген никтеги форумчуга, мен озгочо ыраазычылыгымды билдирип кетким келет!
Жазат десе эле баштап алган экенмин,аябай кыйналдым,техникалык катачылыктар болду,ошонун баарына акыр-аягына чейин комок-корсотуп, жазуу жолдорун уйротуп, мотивация берип, колдоп ,чыгарманы буткончо,жардамын берди!
Окуп жаткан болсон,чон рахмат сага!

Мен озубуздон улуу муундагы ага-эжелерибиздин да пикирин уккум келет,эгер окуп калсаныздар, ой-толгоолорунуздарды жазып отунуздор.! Балким арабыздан,ушул чыгарма ушул жерде чан басып,эскирип калбай,китеп болсун,жарыкка чыксын деген жарандарыбыз чыгып калаар!
Терен урматым менен,
ДАНЕК ТЕНИРБЕРДИЕВА!


Аягы!

Эгерде адам суйсо анын кемчиликтерине карабай суйот дейтко.Андыктан Толкун байке Назикти суйгон эмесда болбосо,эгер чын суйсо тамак жайсай ала жасай албайбы кызыкпайт эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#385 Пользователь офлайн   Gulaiym.976   25 Январь 2018 - 12:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 24 Январь 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2018 00:57

Просмотр сообщения uikuchu (10 Январь 2018 - 14:38) жазган:

Тиякта Арсен менен Ахмед олуп бул жакта Назар,ежекоуу олтурбончу ептеп алып калынчы суранаааам.

Ушул чынарманын атын айтып койоспу сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#386 Пользователь офлайн   Ardagymsyn   25 Январь 2018 - 13:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 26 Май 17
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 00:53

Назардын олуму мага аябай каттуу тийди , хотя акырында бактылуу болгон болсо дагы баары бир Назар олбош керек болчу мен экоонун бактылуу болушун аябай каалаган элем . Бир кем дуйно.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#387 Пользователь офлайн   Sen_keremet_jansyn   25 Январь 2018 - 18:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 10 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2018 15:41
  • Жынысы:Белгисиз

Менин оюмча, автордун берейин деген оюн,жарымынан кобу тушунбоптур бул жерде. Албетте баары эмес! Ар ким озунун денгээлинде тушунду деп ойлойм.
Темасын озгортуунун кереги жок, чыгарма оз атына жооп берет.
Кемчиликтери жок эмес,эгер китеп болуп чыга турган болсо, автор ал каталарын ондойт деп ишенемин!
Бул оомалуу-токмолуу жашоодо, мындай тагдырлар толтура,бул бир узуму гана.
Окуган адам эс алат кадимкидей.
Кошумчалай кетуучу нерсе:
Эгер бакыт сага келелек болсо, - анда майда кадамдар менен ал жолдо,анан да аябай коп болуп келет!

Билдирүүнү түзөткөн: Sen_keremet_jansyn: 25 Январь 2018 - 18:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#388 Пользователь офлайн   Mimiii   25 Январь 2018 - 18:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 13 Июль 16
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2020 17:38
  • Жынысы:Белгисиз

Достор,билбей жатам кайда жазышты... Бир окуя бар эле башкы каарманы "Шона" Таап берип койгулачыы, суранаммм.. Рахмат,анан кечирим сурайм туура эмес жакка жазганым учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#389 Пользователь офлайн   asi.gulum   25 Январь 2018 - 21:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Просмотр сообщения Mimiii (25 Январь 2018 - 21:59) жазган:

Достор,билбей жатам кайда жазышты... Бир окуя бар эле башкы каарманы "Шона" Таап берип койгулачыы, суранаммм.. Рахмат,анан кечирим сурайм туура эмес жакка жазганым учун...

Жыргалым деген тема арткы беттерди карап көрүң.

Билдирүүнү түзөткөн: asi.gulum: 25 Январь 2018 - 21:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#390 Пользователь офлайн   aizira   26 Январь 2018 - 23:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 10 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 17:03

Эээх кандай гана сонун жазылган. рахмат сизге. мен бул баяндан адеми аркылуу куйоого кандай мамиле кылуу керектигин уйрондум. тарбиялык мааниси да абдан чон экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#391 Пользователь офлайн   Emu-Janyl   27 Январь 2018 - 13:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 497
  • Катталган: 18 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 21:53
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Ardagymsyn (25 Январь 2018 - 13:30) жазган:

Назардын олуму мага аябай каттуу тийди , хотя акырында бактылуу болгон болсо дагы баары бир Назар олбош керек болчу мен экоонун бактылуу болушун аябай каалаган элем . Бир кем дуйно.

+++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#392 Пользователь офлайн   Neringa   28 Январь 2018 - 00:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 14 Январь 18
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 15:57

Жакшы жазылган,окуган адам каармандар менен кошо жургондой болот. Толкунбектин образын жеткиликтуу эле берген автор. Адеми жана Толкунбектин ички дуйносу бутундой аалам болгон инсандар. Ар ким оз даражасына жараша тушунду... Назар олбош керек эле,Толкунбек жакпады дегендер болушту. "Толкундар шыбырайт" Индия киносу эмес да,турмуштан алынган корком чыгарма. Азаматсын,Данек мындан ары дагы улкон чыгармаларды жаратышына тилектешмин. Адеминин образы сенин жан дуйнону чагылдыргандай туюлду мага....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#393 Пользователь офлайн   uikuchu   31 Январь 2018 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Просмотр сообщения Gulaiym.976 (25 Январь 2018 - 12:41) жазган:

Ушул чынарманын атын айтып койоспу сураныч

супер инфонун "жан дуйно "болумундогу сериялдар.
Арсен "коктейлде" .
Ахмед"менин кыялым"
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#394 Пользователь офлайн   rahat7979   31 Январь 2018 - 18:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 20 Апрель 11
  • Соңку аракети: 18 Фев 2022 10:17
  • Жынысы:Аялзаты

Назикке аябай жаным ачыды. Бироо бактыллуу болуш учун экинчи адам бактысын болушту эмес берди. Арбир уй булонун озуно гана тиешелуу суйуусу болуш керек.Бул жол экинчисин алуу биринчи аял учун ото оор . Жана бул чыккынчылык деп эсептейт элем.эн бактылуу аял кунуго куйоосу жанында жаткан аял деп бир жерден окудум эле.Чындыгында балдарын остуруп ар бирин озунун уясына кондуруп неберелерди коруп аларды биргеликте жетелеп бирге карыган бактылуу карылык ар бирибизге насип кылсын.бул чыгарма же турмуштан алынган чындык.мындай окуялар коп бирок коп жыл жашап бала чакалуу болгон биринчи аялдын да бактылуу болууга акысы бар.жыл откондон кийин башка бироодон суйуу издебей бир жерден онуп осуп бактылуу болуп бактылуу карылык откозгонго не жетсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#395 Пользователь офлайн   Tiguuchu   01 Февраль 2018 - 10:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Эн сонун жазылыптыр, бирок кобунчо кайгылуу.(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#396 Пользователь офлайн   love8994   02 Февраль 2018 - 02:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 30 Июн 2020 22:06
  • Жынысы:Эркек

Жакшы оз ойундагыдай жеткире баяндап жазыптыр эн соонун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#397 Пользователь офлайн   HanTegin   07 Февраль 2018 - 20:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Просмотр сообщения Sushi_wok (23 Январь 2018 - 17:03) жазган:

Туштук диалектисине салып койгон окшобоймбу!
Буйруса китеп болуп чыгып калса,бул каталарымды ондоого аракет кылам!

Ошондо пианинону да тууралап кой ээ. Пионино эмес пианино. Капа болбостурсун. Ката корсом тилим кычышып кетет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#398 Пользователь офлайн   Sushi_wok   07 Февраль 2018 - 20:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения HanTegin (07 Февраль 2018 - 20:29) жазган:

Ошондо пианинону да тууралап кой ээ. Пионино эмес пианино. Капа болбостурсун. Ката корсом тилим кычышып кетет

Аа ошондой беле, созсуз тууралайм эжекеси. Сиздей акылдуу эжелериме капа болсом, айып болоор?
Ушунча жетишип калыпсыз айтканы, болбосо ушундай боюнча басмага кетип калмак экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#399 Пользователь офлайн   Bazana   12 Февраль 2018 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Орусча тушунобуз, ошол тушунгонубуздо болуп атпайбы маселе , орусчадан аксайт экенсиз кыйналбай эле кыргызча жаза бербейсизби деген эле пикир болчуда.:))
Катуу тийсе кечирим сурап кетейин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#400 Пользователь офлайн   Sushi_wok   12 Февраль 2018 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения Bazana (12 Февраль 2018 - 01:00) жазган:

Орусча тушунобуз, ошол тушунгонубуздо болуп атпайбы маселе , орусчадан аксайт экенсиз кыйналбай эле кыргызча жаза бербейсизби деген эле пикир болчуда.:))
Катуу тийсе кечирим сурап кетейин.

Тушунгонунуздон сиздин!:)
Бар болунуз жарыгым!

Аксак да бир кун тузолоор? Бучур байлаган дарак да, бир кун келип, кучак жеткис дарак болуп жетилээр?
"Коч да бара-бара туздолоор?"

Кыйналганымды коруп, ушунча убактынызды аябай, пикиринизди калтырып, "катуу тийип" кеткендиги учун, кичи пейилиниз менен "кечирим" сурап турсаныз, мен кечирбей кайда барайын?
Кечирдим!

Негизи колундан келишинче, озунду "жакшы" кылып корсотууго аракет кылганынды, бир ооз "кечирим" менен жууп кетишсе, мындан откон "жагымдуу" нерсе жок тура?
"Баарына жагам десен, бирине да жакпайсын" деген созго, дагы бир ирээт ынанып олтурам!

Адам баласы кызык элебиз да.
Канча аракет кылганыбыз менен, баарыбир озубуздун денгээлибизди, бир соз менен эле билдирип коебуз!
Ошончолук тушунуп, "каталарга" козубуз жетип, бирок эн жонокой нерселерге козубуз жетпей убарабыз!
Оюбузда, "кыйраттым" деп ойлойбуз го, а бирок .......

Мен айткым келген нерсени айттым!
Аттин!
Бирок эч кимге жеткире албаптырмын!
Бул менин катам!
Бул учун мен да,баарыныздардан "кечирим сурай кетейин"!
Эми мындан ары "аксабай" чуркап журууго, мумкун болушунча бар кучумду жумшайын! :)!
Бирок канчалык чымырканбайын, мындай шартта "аксабай" кое албайт экенмин!
"Жалгыздын иши жалгыз" экен, бирок мен ар дайым аракет кыла берем.

....

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 12 Февраль 2018 - 16:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 13:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: