Суперстан: Толкундар шыбырайт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.

#81 Пользователь офлайн   Sushi_wok   27 Декабрь 2017 - 18:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Ошентип Адеминин,турмуш аттуу кемеде,ары баш аламан,ары таттуу,ары табышмактуу жашоосу башталды .
Ишенгени бар гана Назар.
Эртен менен эрте туруп,баарына тамак даярдап,столду жасайт.
Келин киргизгенден бери Майрам озгоргон. Ар бир кадамын карап,жасаган жумуштарын тескеп турат. Уй кызматчысын да кетирип жиберди.
Тойдон кийин бал айын откоруп келууну пландаштырып журду Назар. Бирок жумушунан бошой албай,убактылуу артка жылдырды.
Майрамга кудай берди . Адемини келин катары эмес эле,кунумдук эрмек табылгандай, текебер мамиле жасап журду. Бирок келини сыр бербеди. Колуна тийген жумушту майын чыгара жасайт. Каяша суйломок тургай,бетине тике карабады.
Жумушка барбай эле коеюн деп ойлоду. Бирок апасы капа болот. Ушинтип,ара жолдо таштап койсун деп окутуптурбу? Бир жагынан Назар да каршы болду. Баардык жагынан жардам берип,чогуу барып келип журушту. Жумушта да баарынын коздору ушуларда. Кадам сайын,ар турдуу караштардын ээси болушат.
Экоо тен эмгектик эргуу алышып,саякаттап келмек болушту . Майрам мурчундап,бир топ создорду айтып ,зорго конду. Улуу кыз да Майрамды тартып,текебер. Кичуу кызы Адеми менен жакын курбудай жакшы болуп кетти. Экоо бат эле тил табышып,сырдаш болуп алышты.
Назар кайда баратышканын айтпады.
Конулдору куунак,уйбулолору менен коштошуп,жолго чыгышты.
Учакта отуруп Адеми аябай толкунданды. Бир билгени Жапан мамлекетине баратат.
Анан,ушу азыр озу турган жерге алып келген Назар.
Аябай сонун эс алышты. Денизди коруп,коздорунон кубанычтын жашы куюлду.
Назарды жолуктурган тагдырына чексиз ыраазы болуп,кайра- кайра жузунон суйот жолдошунун.
-Рахмат сага!
-Эч нерсе эмес жаным! Сен кубансан,мен мындай нерселердин кобун сага тартуулоого даярмын. Мен сени суйом Адеми!
-Мен да сени!
Алардын он кундук эс алуусу кылымга тете болду. Аралдын сулуулугуна суктанып бутпойт. Кундо эртен менен дениздин абасын,толкундардын шыбырын угуп,ойгонуунун озу эле кандай керемет,кандай бакыт!
Эртен менен Назардын кучагынан суурулуп чыгып,терезеден денизди карайт кундо. Бугун негедир Назар кучагынан чыгарбай,бекем кучактап алды;
-Кое берсен,карачы кундун нурлары сонун болуп тийип турат?
-Жок.
-Назааар дейм?
-Жооок дейм. Кучагымдан чыкпачы?
-Журу эшикке?
-Мен чыкпайм.
Назар ордунан тургузбай алып жата берет. Узун чачтарын уйпалап,бир топ эле жудотот.
Анан эле тура калып ,ойноп кетишет. Назар абдан коп эркелетет келинчегин. Эч нерседен тартынбай,менин уйбуломду кабыл алып кетсе экен дейт. Адеми да болушунча Назардын конулун алууга аракет кылат. Эки жаш баарын унутуп, ойдогудай эс алып,мекенибизге кайтып келишти.
Ал жакта журуп Адеми апасын ,баарынан да оз болмосундо, озун куткон пиониносун абдан сагынды.
Коптон бери колуна кагаз калем,пиониносу тийбей,абдан буулугуп ,сагынычы кокурогуно жыйылып калган эле.!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Merelisha   27 Декабрь 2017 - 21:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Okeey okey ) Колунузга береке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   asi.gulum   27 Декабрь 2017 - 23:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Окуп бүтүп калган турбаймынбы.

Чыгармабы же болгон окуябы айырмасы жок өтө сонун сүрөттөлгөн. Толкунбектин жан дүйнөсү кыжаалат кылып жиберди адамды. Жан дүйнөм караңгылап, бир нерседен кыйналып,муунуп бараткандай сезим калтырды. Назар мн Адеминин диалогу өтө сонун,көңүл көтөрөт.
Күтөбүз Данек эже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Sushi_wok   28 Декабрь 2017 - 12:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Толкунбек жумушунда конулсуз отурду. Бугун эмнегедир эч нерсеге конулу жок.
Интернетти чукуп отуруп капыстан,Адеми деген ысымга козу тушуп калды. Кайра жакшылап караса ,чындап эле озу.
Адеми Жолдошева!
Дал озу! Пионинодо ойлуу отурган суроту бар экен.
Шашылып,баарына кирип,антара карап жатты. Ашыкча маалымат жок. Болгону озунун калемине таандык ырлар,чыгармалар ,баяндары тиркелиптир. Коздору умачтай гана ачылды. Жан дуйносундо дурболон болуп кетти. Демек, пионино чертет? Бирок бул жонундо эч нерсе жок экен,жалгыз суротунон башка. Мумкун озу музыка да чыгараар?
Эмнеге,эмнеге мынча сырдуу? Эмнеге озундогу бар талантын айтуудан коркот?
Озуно озу суроо берип,жооп таба албай кыйналат. Баяндарын окуп отуруп,анын ушунчалык,майда- чуйдосуно чейин маани берип,башка дуйнону ачууга аракет кылганын байкады. Тушунду. Башкалар тушунмок эмес,бирок Толкунбек тушунду ал кандай дуйно экенин.
Бирок Толкунбек жан дуйном деп эле, башка нерселерди унутта калтырбады.
Мунун аягына чыгуу керек,деген чечимге келди.
Оз алдынча аракет кылып,кыз жонундо маалымат топтоого киришти. Бирок кайдан,кантип, кимден сураарын билбей башы ман болду. Тапкан кундо да эмне дейт? "Мен сага демоорчу болом,сен созсуз жаза кой,элдин сыноосуна коелу десе эле болдубу,а кыздын озунун каалоосу кандай болду экен?" Кызыгы, ошол жазгандарын жарыкка чыгарып берсе,анын талантын ачып берсе эле,озунунун ичиндеги мите курттай соргон оорудан айыгабы жокпу? Тагыраагы,кызга байланып жатабы,же анын сырдуу талантынабы?
Кеп мына ушунда!
Телефондун чакыруусунан ойлору туш тарапка чачылды;
Назик экен;
-Алооу келе жатасынбы?
-Жок,эркем,бирок эми чыгам жолго. Жайчылыкпы?
-Ичим ооругансып турат,келе калчы бат эле?
Толкунбек шашып калды:
-Азыр ,мен бат эле.
Шашкалактап, сырткы кийимин колуна кармай эле чыгып кетти. Ай кунуно аз калган келинчегин эстеп,коркуп кетти.
Ошол нерсени ойлоп,кыжалат болуп жатса да,Адемини эстебей кое албады.
Уйго келсе Назик ашканада алма жеп отуруптур:
-Ухх тынч элесинби,жаным калсачы,жалгыз болсо кантти экен деп?
-Аа келдинби,озумчо эле кыйналып жатам,башым айланып.
-Кыйналып жатсан,эмнеге алма жеп отурасын,бас кийин кеттик ооруканага?
-Толгообу толгоо эмеспи билбейм да?
-Кандай билбейсин биринчи жолу тороп жатасынбы?
-Жоок эми да. Озумчо сени сагынып кетип,чалдым эле да,реакциянды билейин деп.
-Назкоо,эркелик да чеги менен да. Мен коркуп кеттим да силерге бирдеме болуп кетеби деп?
Толкунбек шуу ушкуруп орундука отура кетти;
-Коркпо,мейли барып келе береличи. Кунумо жете элекмин,бирок баарыбир коркуп жатам.
-Макул жур!
Торотканада кабыл алган медайым жылмайып;
-Баары жайында эже! Азырынча эрте. Бир аз убакыт бар. Башыныз айланганы,азыраак нерв иштетиниз,кантсе да коз жараарынызга аз калган,озунузду аяныз,деди.
-Рахмат!
Назик унчукпай чыгып кетти.
Кайра кайтып келе жатышты. Эрке келинчегинин катардагы эркелиги деп,Толкунбек ичинен кулкусу келип баратты. Бирок ашыкча эч нерсе айтпады. Дегени менен деле,ал баарыбир тушунгусу келбейт.
Табиятынан эрке болуп тушунгусу келбейби,же атайын кылабы тушунуксуз. А Толкунбек аны жон гана конумуш адаты катары, унчукпай которуп коет.
Назик болсо Толкунбектин назик жан дуйносун ото оор кабыл алат,жана которо албайт. Мумкун которо деле алат, бирок муну каалабайт...

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 28 Декабрь 2017 - 12:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   sumaika   28 Декабрь 2017 - 15:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Ушунчалык сонун!!! уландысын кутуп калам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Disease   28 Декабрь 2017 - 16:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 26 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 26 Сен 2019 22:44

Сонун экен бир дем менен окуп чыктым аягына жеттим десем бүтө элекгооо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Akkyz2017   28 Декабрь 2017 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Superge kiruugo sizdin chygarmanyz tartyp turgandai.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Sushi_wok   28 Декабрь 2017 - 18:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Адеми апасын ушунчалык сагыныптыр. Кучактап туруп,ыйлап жиберейин деди. Бирок апасын капа кылып албайын деп,озун конулдуу корсоткусу келди.
Озу каалашынча, сырдашып отургусу келди,ага шарт жок да. Турмушка чыккандан кийин,баарыбир кыз кезиндегидей эркелей албайт экенсин адам. Тартынып,уялып, токтоо тартып калат экенсин.
Ашыкча суйлобой,жон гана ал-акыбал сурашкандан нары ото албай койду.
Бук болуп,пионино черткиси келди,бирок аны деле кыла албады.
Кайтып келгенден кийин,Назар дароо жумушка кирди. Анткени ал оз кесибин абдан жакшы корот. Эс алып,нервдери бир топ эс алып калган экен,конулдуу журду жумушта.
Адеми да андан калышпайт. Ким суроо берсе да,жылмайып жооп берет. Эки тугойдун жумушка кайтышы,кесиптештеринин маанайларын бир топ которду.
Бугун эрте мененки тамактанууда, Майрам жаны койногу менен мактанып ,соз баштады:
-Кандай экен карагылачы, жарашыптырбы?
-Ооба сонун жарашыптыр дешти,баары бир ооздон.
Назар тамашалай кетти:
-Оо красавица моя, ачылып кетипсиз,улуу урматтуу айым! Тфу,тфу коз тийбесин!
-Нурчик ушинте бербечи балам?
-Мактаса да жарашпайт бул айымга!
-Баса бугун менин подружкаларым келет,келин коргону. Ошого Адеми жумушка барбай эле мага жардам берсин!
Айдар созго аралашты:
-Эмне кыласын келинди жумуштан калтырып,бара берсин! Уй кызматчыны чакыр,ошол каралашып турат!
-Алар келин коргону келе жатышат.
-Эмне болуптур. Адеми сменин тапшыргандан кийин келип,калган жумуштарына жардам берет.
-Ал эмне дегенин Айдар?
Назар ортодон чыга калды:
-Мама,туура тушун ,жумуш деген жумуш,аны артка калтырууга болбойт да?
-Эмне баарынар эле мага каршы болуп калгансынар? Менин айтканым соз болбой калды бул уйдо озу?
Майрамдын жини келе тушту.
Назар абалды ондоп кетти;
-Эне сага кандай мактоо жарашат
-Эне сенден ким сыймыкты талашат?
Баары сен айткандай болуп келген,боло бермекчи. Коп жининди келтире бербе,бетине тырыш тушот!
-Ээ барчы ары калжындабай?
Адеми азыр баары уруша кетпесин деп,коркуп кетти.
-Мейли апа,калса калып,жардам берейин!
-Атан менен куйоон калбайт деп жатат го. Озунду сулуу корсотпой,бара бер жумушуна. Озум эле тосом конокторуму.
-Майрам,болду кыласынбы жокпу? Тамакты да уу кылдын? Качан эле озун конок тосуп журдун эле?
Айдар козунун тобосу менен,аялына карады;
-Болду койдум.!
-Адеми жумуштан келип сага жардам берет ,ага чейин уй кызматчыны чакыр!
Айдар соз бутту дегенчелик кылып,этегин кагына туруп кетти. Артынан Назар менен Адеми кошо жоноду.
Унаага отургандан кийин терен дем алды келин.
Назар келинчегин бетинен ооп койду:
-Капа болбо апама шириним! Билесин го кыялын,азыр ачууланат,анан бат эле кайра жазылат.
-Капа эмесмин Назар,эмнеге капа болоюн,ал деле туура айтты да. Келин болгондон кийин,жардам беришим керек болчу.
-Жумуштан келип жардам бересин ,болду эми коп ойлоно бербечи!
Унаа акырын жылып,чон уйдун алдынан чыгып кетти..

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 28 Декабрь 2017 - 18:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   uikuchu   28 Декабрь 2017 - 22:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Анан ?
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   sumaika   29 Декабрь 2017 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Кутуп калдык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   __anna__   30 Декабрь 2017 - 13:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кутуудобуз)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Rozinda   30 Декабрь 2017 - 15:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 30 Апрель 16
  • Соңку аракети: 23 Сен 2018 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Күтүү...

Билдирүүнү түзөткөн: Rozinda: 30 Декабрь 2017 - 15:44

Альхамдулиллах мен бактылуумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Sushi_wok   30 Декабрь 2017 - 18:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жумуштан келип,келин дароо узун чачын бууп,жоолугун салына уй жумуштарына киришти. Оз колдору менен салаттарды турлоп жасады.
Уйдун ичин баарын ирээтке келтирип чыкты. Уй кызматчысы дасторконду жасап койгон экен. Калган жумуштардын баарын келинге таштай салып кетип калды. Майрамдын буйругу болсо керек бул деле. Эч нерсе дебеди. Буту-бутуна тийбей чуркап журду. Назардын операциясы болгондуктан ,бугун жумуштан кеч чыкмак.
Коноктор келишти. Баары келинди сынай карашат. Албетте,Майрамдын чойросундогулор баары эле озуно окшош. Куйоолору бай,жок эмне экенин билишпейт.
Суйлошсо эле создору асмандан тимеле. Кулкулору уйду уч которот. Баары озунун байлыктары менен мактанышат.
Чай куюп берип,тамактарды катары менен тарта баштады келин. Берген суроолоруна, жылмайып жооп берип гана кутулат.
Кеч кирип,Назар да жумуштан келип калды. Ашканада чуркап жургон келинчегин коруп,журогу элжиреп кетти!
Кичинекейим!
Аркасынан билдирбей акырын басып келип,кучактап алды.
Келин чоочуп кетти:
-Сен белен Назар,коркуп кеттим го?
-Менден башка ким болмок эле жаным,же башка бироону кутуп жаттын беле?
-Койчу тамашанды?
Келин кулуп жиберди:
-Сени сагынып кеттим жануу,жумушта сен кеткенден кийин адамдардын баары эле козумо кызыктай коруно берет да?
-Койчу,ушундай болмок да болмок беле?
-Болот экен алтыным! Сен баарынан башкачасын!
Адеми артына бурулуп,Назардын бетинен ооп койду:
-Атайын ушуну айтайын деп,шашып келдинби ,-деди шыбырай;
-Ооба!
Назар жубайынын белинен кучактап,озуно тартты:
-Сен менин жашоомсун!
-Билем. Кел эми кое бер,мен чай алып кирейин?
-Жок кое бербейм сени.
-Адеми,эмне болдун? Эмнеге дасторкондон кабар албайсын?
Артын карашса Майрам жаман коздору менен карап туруптур.
Экоо эки жака карамыш болуп, болуно калышты. Адеми шашып калды;
-Азыр апа,жаны эле алып кирейин деп жаттым эле.
Назар унчукпай кулумсуроп, столго жолонуп тура берди.
-Бол батыраак кыбырабай! Бешбармакты колуна жасай сал,даярын бышыра койбой? Сенин оз колундан жасалганын жешсин коноктор да!
-Макул апа!
-Аа улуу урматтуу айым,кандайсыз?
-Жакшы Назарчик,озун жакшы келдинби жумуштан ?
-Ооба,биз козунузго деле корунбой калганбыз го э?
-Ал эмне дегенин?
-Дегеним,кеткенде коштошуп,келгенде учурашып турчу элек илгерилери, андай болбой баратат. Келининден бошобойсун?
-Койсончу сынок,каяктагыны айтпай? Аялындын озуно эле жакшы, баарын озу тейлеп уйронсун деп жатам!
-Аа андай болсо жону бар экен.
Майрам алдыга тушуп жоноду,артынан чайын которгон Адеми баратты. Чыгып баратып,Назарды карады эле,ал болсо акырын козун кысып койду.
Кайра чыгып,камыр жасоого киришти.
Бул маалда Назар кийимдерин алмаштырып, женил кийинип,ашканага келди;
-Улуу урматтуу кичи айым,мен сага жардам берейин деп келдим! Сиздин кызматыныздамын!
Адеми уялгандай акырын ун катты;
-Назар,мен бешбармакка камырды кандай кылышты билбейм да?
Назар эшик жакты бир карап алып,жанына келди;
-Эч нерсе эмес кичинекейим, азыр экоолоп жасайбыз!
Назар интернетти карап,келин болсо анын айткандарын жасап,сонун кылып камыр жууруду. Шашпай,ийкемдуулук менен жайды. Жолдошунун жанында болуп,жардам бергенине чын журогунон кубанып,улам жагымдуу карап коет.
-Дагы азыраак жая туш,калыныраак эмеспи Адиш?
-Повар болуп кеттинби эмне? Болоор дейм?
-Мен айтканда,жая бербейсинби ,каяша суйлоп калбай Адиш?
-Адиш дебечи мени?
-Адиш болсон Адиш дейинби?
-Мени Адиш десен,сени Нази дейм!
Назар кулуп жиберди;
-Муну карасан дегеле,? Мейли антпейм,кичинекейим дейин э жаным?
-Ошентсен! Мына жайып болдум!
-Кана эми арасын жакшылап ундап,кесишин керек экеееен.
-Айтканыныздай болот!
Адеми кулуп,камырды кесип кирди. Капыстан соомойунун тырмагын кошо кесип алды;
-Айй.
Назар колундагы телефонун таштай салып ,колун кармады;
-Азыр токтой тур,мен машинадан аптечканы алып келе калайын. Этият кылбайт белен жаным?
Этияттуулук менен келинчегинин колун байлап жатты.
Ошол маалда Майрам кирди кайра;
-Эмне буто элексинби дагы деле?
-Мына болуп калдым апа!
Адеми байланган колун беките,камырын жыйнап кирди.
-Бир камырды да эптеп кесе албайт. Болбойсунбу?
Сен эмне башын ашканадан чыкпай калган,эмне боорун ооруп жатабы келинчегине?
Назарга да бир тийди ортодо;
-Коой мама,анте корбо,мен жон эле чай ичейин деп киргем. Анан да жардам берсем болбойбу эмне?
-Болбойт,аялдардын жумушуна аралашпай, бар, озундун ишинди жаса!

-Мамаа?
-Эмне мама? Тим эле жан куйдулугун кантейин булардын бир бирине? Бологой сен,кетебиз деп жатышат тигилер,сенин тамагынды кутуп отура беришмек беле?
Адеминин азыркы кубанычына бир заматта муздак суу себиле тушту. Жан дуйносу жыйрылып,капа болуп кетти. Бирок жузуно чыгарбаганга аракеттенип жатты. Кайран гана апасы! Убагында бир да катуу айтпаган экен. Конулуно карап,аябай бополоп остургон экен. Кайненеси болсо келген кунунон жакшы созун аяйт. Качан болсо кагып-силкип, жанына жолотпойт.
Мейли убакыттын отушу менен оз калыбына келип калаар?
-Мына даяр болуп калды апа. Азыр алып кирем артыныздан, сиз кирип отура берин!
Назар да онтойсуз абалда калды. Текебер апасы акыркы кундору такыр эле озгоруп бараткандай. Келинчеги болсо сыр бербейт.
Конокторду узатып баарын жыйнаштырып кирди. Жууп-тазалап, эки кабат уйдун баарын жууп чыкты.
Майрам буйрук берип,баарын козомолдоп журду. Идиштерге келгенде;
-Баарын оз колун менен жуу!
Машинага салбай эле кой,самын жыттанып калат экен,тазалап чайка,мен чарчадым ,жаттым. Сен бутуруп коюп жатаарсын?
-Ооба апа,кыжалат болбой эс ала берин,мен бат эле бутуро салам.
Майрам мурчуюп басып кетти. Айдар болсо аялына жини келип,оз болмосуно киргенде буркулдай суйлонду;
-Койсон Майрам,бул эмне кылганын? Ал деле бироонун аймончоктой кызы го? Байкуш эртен менен жумушка барат.
-Эч нерсе болбойт азыр жаш. Колунан келээр иш. Азыртадан менин тартибиме консун!
-Майрам чектен ашып баратасын,эгер бир нерсе болуп,чатак чыгып кетсе,менден капа болуп отурба,менин кыялымы билесин!
-Билем Айдар! Эч нерсе болбойт ,баары жайында!
Майрам жойпуланып, куйоосунун колу бутун укалап берди.
Келин идиштерди жууп,салыштырганча тун ортосу болду. Апасы кирип кетээри менен Назар жанына келип,келинчегине тийише ,жардам берип жатты.
Экоо конулдуу кирип жатып калышты. Келинчегинин кирпигинен тартса жыгылчудай кебетесин коруп,Назар Адемиге боору ооруп кетти;
-Аябай чарчадын ээ? Келчи буттарына массаж жасап берейинби?
Келин кулду;
-Рахмат Назар,сен болбосон эмне кылат элем?
-Эч нерсе эмес шириним! Бир уйбуло болгондон кийин бирибирибизге жардам беришибиз керек да.
Назар акырын келинчегин кучактап,алкымынан ооп кирди. Ордунан таптак которуп,диванга жаткырды;
-Жаным чарчадынбы?
-Чарчадым.
-Чарчоонду жазып берейин,уруксат берчи?
-Кантип?
-Мына мынтип!
Жигит Адеминин халатынын бел боосун чечти. Кокурогунон, моюндарынан берилип ооп,кучтуу колдору менен ,белинен бек кысып,сурдугуп барып, жарыкты очурду..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Sushi_wok   30 Декабрь 2017 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Ушинтип кундор ото берди.
Адеми менен Назардын жашоосу да оз нугунда отуп жатты. Оз нугунда дегенибиз менен,Майрам Адемини кабыл алгысы келбей койду. Болушунча ар турдуу шылтоолорду ойлоп табат.
Адеми ансайын очошкондой ,ашык ун-созу жок тунжурайт.
Эшик алдыларын ,уйдун ичин гулго толтуруп салган. Козуно жакшы корунгон гулдордун турун эгип таштаган. Тазалыгын айтпа! Бошой калса эле, тазаланып,шыпырып кирет. Озу менен озу кынылдай,оз жумушун жасап журо берет. Бара-бара тамактын турун жасап уйронду.
Озу жакшы коргон кызылча салатын ар дайым жасап,столго коет. Баары ыраазы болуп жейт. Майрам болсо адатынча оозун чуйруйт;
-Дешёвый нерселер! Атан алып келген тигровой креветкадан жасасан салатты,мунунду кызартып ким жейт.?
Келин ичтен тынат. Жон гана макул дегендей башын гана ийкейт. Назар болсо эмне кылаарын билбейт. Же келинчегине тартаарын билбей,же апасына тартаарын билбей чайналат. Айдар кантсе да эркек эмеспи,башын чайкап гана тим болот.
Адеми музыканы сагынды. Бирок кантип ,кимге тушундуроорун билбейт. Назар муну билип эле турат,бирок жумушу абдан кыйын,колу бошобойт. Же бошоп чыга албайт. Усту-устуно оор операциялар менен журот. Адеми жанында ар дайым жардамчылык милдетти аткарат.
Созсуз Адемиге бир пионино алып берем деп,ниет кылып журду жигит.


Баарынан да Гулбарчын апага кыйын болду. Кызынын болмосуно кирип бир топко отурат кунуно бир жолу. Абдан куса болду. Анда -санда Байжигит келип турбаса,ал деле коп каттабай калды.
Кунумдук тирилиги эл катары кылдырап ото берди.
Байжигит болсо бар кучун жумушунан чыгарды. Тийишип,козун сузуп соз айткан кыздардын бирине да карабады. Озун озу мажбурлагысы келбеди.
Адемидей бироо эле экен. Андай жагымдуу жамал,назик ун,сырдуу каректер бир эле анда бар экен. Анын коздорун башкалардан издей берип ,чарчап кетти. Озун озу кыйнап,иштеп журо берди.
Баягы эч нерсе менен иши жок,келечегин ото бийик элестеткен, шайыр жигит озунон озу жок болуп баратты. Корсо,жан дуйнонун байлыгы менен адам адам экен. Кокурок тушун бош болуп калса,анын ордун татыктуу адам ээлемейинче ушинтип адам жок болуп кетууго чейин барат экен! Аттин десен, анын баарын ар бир эле адам тушуно бербейт тура!? Суйуун менен куруп кеткир! Бул суйуу жон гана адам баласын кыйноо учун берилсе,андан азап тартып кыйналып журушсо деле,баарыбир андан баш тартышпай,ансайын оздорун неге отко ташташат дейм да?
Суйуу - баарына керек, бирок ошол эле маалда баарына бирдей эле жете бербейт экен го!?


Толкунбек да ушул абалда. Озу менен озу суйлошуп,тунт болгондон тунт болуп баратат. Кайда барса, Адеминин жайнаган коздору тынч койбой,бура бастырбай ,алдын торойт. Бул арада эрке келинчеги эркелеп журуп,уул тороп берди. Кубанды уулдуу болгонуна. Шаан-шокот менен уйуно чыгарып келди.
Уйбулосу,жумушу баары оз ордунда. Бизнестеги ийгиликтери да коз кубантаарлык. Тынбай камондировкалап, жумуштары бир топ женилдей тушкон.
Назикке торогондон кийин каякадыр алып барып эс алдырып келем, деген созуно туруп,бир топ жерлерди кыдыртып эс алдырып келген. Баарынын конулун алууга жетишет. Ата-энеси да баласынын ийгиликтерине кубанышат.
Болгону журок ойуткон оорусун эч ким тушунбойт. Кимдир бироого тушундуруп, убара да болгусу келбейт.
Жон салды гана жооп берип кутулат сурагандарга. Назик болсо ,баарына ыраазы. Балдарын караганга озуно жардамчы алып,бир топ бошой тушкон. Озун озу карап, Толкунбек келгенде бир тамакты жасап,кутуп алуудан башкасына кызыкпайт. Негизгиси тынч болсо,жанында болсо эсеп. Мурда эрке болсо,азыр андан бетер кучогон. Бир нерсени жактырып калса,созсуз алдырмайынча жон койбойт.
Колдон келип турганда деп,Толкунбек аялынын бар айтканын аткарат. Конулуно катуу тийбейт.
Ушинтип журуп арадан 2,5жыл зуу коюп отуп кетти.. Кунумдук жашоо менен алышкан кор пенделер муну байкабай калышты!! !






***

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 30 Декабрь 2017 - 19:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   sumaika   30 Декабрь 2017 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Дагы жазынчыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   karakyz23   30 Декабрь 2017 - 22:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 24 Авг 2023 16:26

Дагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Sushi_wok   31 Декабрь 2017 - 05:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Бул аралыкта Адеминин боюнда болбой журду. Назар жубайын жанына алып,мен врач дегендин баарына корунуп,кайра- кайра текшеруудон отуп жатышты. Врачтар текшерип коруп"Баары жайында,баланар болот" ,дешет ийиндерин куушура. Молдо-табып, кыргызчылык дегендерди да,эмнени укса ошол ырымдардын баарын жасашат.
Бирок пайдасы болбой туруп алды.
Муну байкаган Майрамга кудай онунан эле берип калды;
-Мына айтпадым беле,башында туура эмес кылгансынар, мен айткан кыздардын бирин алсан эмдигиче балалуу болмоксун! ?
-Мамаа,койчу эмне кереги бар бул создорундун. ? Биз эми 3жыл жашадык,элдер 10жылдап деле жашап журушпойбу?
-Он жылга чейин ким бар ким жок,сен каяктан билесин?
-Билбейм,сен да билбейсин мама,ошондуктан жанжал кылуунун эч кимге кереги жок.
-Нурчик балам,озун деле коруп турасын, озун деле врачсын го? Болсо болот эле го эмдигиче?
-Ооба мен врачмын,бирок кудай эмесмин! Баары жараткандын буйругу менен болот,тушунсон!
Акыркы кундору Назар апасы менен коп айтышчу болгон.
Бул создорду угуп ,Адеминин дили чыйрыгат. Канчалык сабырдуу корунгону менен,ичинде озун-озу жеп бутту. Мурдагыдай каректери адамды орттоп жиберчудой куйуп турбайт. Мундуу тартып калган. Жеке турмушун ойлоп журуп,эч нерсе жазбай калды. Топтоп туруп,копто барып, бир жолу тогуп-тогуп жазат. Пионино да сатып алышкан жок. Майрам каршы болду албетте. Баары калып, эми ушуну менен кайненесинин конулун оорутуп албайын деп,келин да ун катпады. Качан оз уйуно барып калганда бугун чыгарып келет. Чарчагыча музыкада ойнойт.Бирок ошого карабай Назар менен ортолору ысык бойдон. Бирин бири сыйлашып ,катуу айтышпайт. Колунан келишинче бала тууралуу соз ачкандан качып турушат.
Назар Адемини жумушунан сырткары, унаа башкарганды, сууда сузгонду уйротту. Ар турдуу чет элдердин тилин уйронуу учун,курстарга жаздырып, кыскасы бош убактысынын кобун ушундай пайдалуу нерселерге жумшатат. Кол жээгине алып барат. Келинчегинин башкалардыкына окшобогон жан дуйносун тушунуууго колдон келген аракетин аябады.
Гулбарчын апа жалгыз кызын ойлоп журуп,санаадан коп ооручу болду. Кызы кандай кыйналса,эне андан отуп кыйналды. Ойдон арыктап,териси шылынып ,сооктору байкалып калды кадимкидей. Басса турса этегине чалынып,жараткандан кызына перзент сурайт. Оор басырыктуу кызынын ичтен ооруп жургонун билди. Созго тартып,коп нерсенин башын кыйытса да,кызы жакын жолотподу. Себеби эки жаш бирибирине болгон таза сезимдерине терен ишенишет эле.
Жалгыз калганда суйлошуп отурушчу;
-Мен сени эч кимге алмаштырбайм Ади,керек болсо бала багып алабыз!
-Буйруса биз озубуз балалуу болобуз Назар.!
-Созсуз жаным,кудайдан умутубузду узбойлу!
Бирок мындай умутторун бир заматта быт-чытын чыгарат Майрам. Жок жерден шылтоо таап ,Адемини дагы деле озуно тен корбойт.
-Озу да жалгыз болсо,апасы да каны таза эмес болсо керек. Таза,ак сооктуу эле кыздардан алалы десе укпайсынар, мына акыбети. Эми апасына окшоп,жок дегенде бироону тороп берсе тузук,болбосо жалгыз балама да кыйын болду.
Адеми агынан гана жарылды:
-Апа,мени каалаганыныздай айта берин. Бирок апамын эч куноосу жок. Мен омурумдо ага эч нерсе бере алган жокмун,менин азабымды тартып гана келе жатат. Жок дегенде апам жонундо жаман соз уксам аны коргошум керек. Суранам апама соз тийгизбениз!
-Эмне абад беленер апан экоон,тилин чыгып каяша суйлоп калдынбы сен?
-Апа мен сизге каяша суйлогон жокмун.
-Угуп жатам эмне дегенинди.
Адеми чыдабады. Чуркап оз болмосуно барып оксуп-оксуп ыйлап жиберди :
-Оо кудай,эгер бай болуп,адамзаттан ыйман кетсе суранам,анда байлыгынды бербечи,кедей жашасак да бир бирибизди тушунуп жашайлычы?
Артынан кирген Назарды байкабай ыйлай берди. Жигит секин басып келип Адемини ойдо тургузуп,бооруна басты;
-Кечирчи мени Адемим кечир!
Кундогудой баары оз жумушуна жоноп жатышкан. Назар тунку сменде болчу.
Уйдогу телефон чырылдап калды. Трубканы Айдар которду:
-Да, аа Назар сенби? Ыя? Аа макул азыр?
Айдар Адемини бир карап алып,сыртка чыгып кетти. Унаасына барып Адемиге баш ийкей чакырды:
-Отур кызым,жумушка мен алып барам сени.!
Кайнатасынан ыйбаа кылган келин ашыкча суйлобой,сумкасын которуп келип,арткы орундукка отурду:
-Макул рахмат ата!
Жумушуна жете берээрде Назар алдынан утурлай чыкты;
-Келдинби кичинекейим! ?
Колунан кысып кармай,:
-Адиш сабырдуу болчу жаным,апабызды берип койдук деди.
Адеми кулагы тунжурап,эсин бир жоготуп кайра озуно келди;
-Апаааа,айланайын жан апам мени кимге таштадын,жалгызынды кимге таштадын,апааа, апа деейм!
Чучуктай чынырган келинчегин Назар бошотпой кучактап турду;
-Мен жанындамын Ади,мага таштады сени,угуп жатасынбы мени жаным,укчу? Болду озунду кармачы!?
Адеми Назардын кучагында ботодой боздоп жатты.
Ошентип,озун эмес,бир ушу перзентин ойлоп,бар омурун арнаган бир инсан,акыркы мунотторуно чейин кызына перзент тилеген бир эне ,бир алсыз пенде , жарыкчылык менен кош айтышып кете берди!. Озуно эч нерсе сурабады,сураганы олум алдында да баласына бала эле.!
Куйоо баласынын колун кармаган Гулбарчын апа акыркы деми менен;
-Адеми озуно аманат!деди.
Бул Назар учун ото оор жоготуу болчу. Анткени анын столунда биринчо жолу адам узулуп жаткан эле,болгондо жакын адамы. Кечээ кечинде журогу кармап ,"Тез жардам "унаасы менен алып келишкен болчу. Адемиге айтпай,тунку сменге калганы да ошондон эле. Эч кыйналбады. Жон гана узулуп кете берди.
Назар бул маалга чейин мындай абалга тушпогон,коздорунон жаш эрксизден куюлуп жатты. Айласыз туруп берди.
Колдон келээр иш болсочу чиркин,баарыбыз бир кун бул жашоодон кетуучубуз, ошентсе да ыйдан озун жоготкон Адемини коргон адам, ыйлабай кое албайт эле!!
Ыйла,ыйла! Женилдейсин! Ошол менен бут жанды куйкалаган куйутун женилдеп калса кана аттин!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   leili1   31 Декабрь 2017 - 08:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 217
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 29 Дек 2020 12:57

Охххх ...мынчаааааа. ......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   sumaika   31 Декабрь 2017 - 10:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

(((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Alik.muslim   31 Декабрь 2017 - 19:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 05 Июнь 17
  • Соңку аракети: 27 Янв 2025 03:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Kgz.stan

Кутуп жатабыз уландысын... .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 04:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: