“Төрт балабыз менен квартирада турабыз. Күйөөм камаз айдайт, бирок кээ-кээде. Жолдошуң камаз айдайт экен деп жөлөкпул бербей, токтотуп коюшту. Ага чейин алып жүргөм. Мыйзам боюнча кандай?”
Ырыс Айшериева, Ат-Башы району
- (2 )
-
- 1
- 2
Жөлөкпул. Суроо-жооп.
#2 06 Июнь 2013 - 15:53
“Төрт балабыз менен квартирада турабыз. Күйөөм камаз айдайт, бирок кээ-кээде. Жолдошуң камаз айдайт экен деп жөлөкпул бербей, токтотуп коюшту. Ага чейин алып жүргөм. Мыйзам боюнча кандай?”
Ырыс Айшериева, Ат-Башы району
Суроого КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Исакова Мээрим жооп берди:
Мыйзамга ылайык, балдары бар, азкамсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет, башкача айтканда аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү киреше өлчөмүнөн ашпаган учурда дайындалат. Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү азыркы күндө 580 сомду түзөт.
Ал эми үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо негизги иши, кызматы, окуусу боюнча (стипендия), экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер жана Социалдык фонд аркылуу төлөнүп келген пенсиялар кирет.
Мындан тышкары, учурда иштетилип жаткан мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөгө тиешелүү узакка колдонулуучу товарлар да эске алынат.
Узакка колдонулуучу товарларга төмөнкүлөр кирет:
- жеңил автоунаа;
- айылчарба техникасы (трактор, комбайн);
- жүк ташуучу автоунаа.
Сиздин үй-бүлөдө жүк ташуучу автоунаа бар болгондуктан, аз камсыз болгон үй-бүлө катары мыйзам чегинде жөлөкпул алууга укугуңуз жок экендигин билдиребиз.
#3 17 Декабрь 2014 - 11:12
Bir uulum bar,familyasy ozumun atymda,kuioom mn ajyrawkamyn,pasobie alsam bolobu?kandai dokumentter kerek?joop alyp berip koiunuzda4y super info?
Адилет
#5 29 Январь 2015 - 07:51
пасобияга туурлаганга кандай документ даярдашым керек жооп берип койгулачы?
#6 01 Февраль 2015 - 23:09
Пособие алыш учун кедей жашаш керек балдарды жайнатып торотуп коюуп эки колунду оозуна салып отуруш керек кыргызстанда анан берет анда да ай сайын отчет берип туруш керек эч жерде иштебей элемин эч нерсем жок калды деп
#8 08 Октябрь 2015 - 15:45
Мен да пасобия алсамбы дегем,куйомдун паспорту РФ, меники адикарт КР анан заксты бул жактан бербегенинен орусиядан алганбыз. Балдарымдын метркасына атасы рф жараны деп жазылып калган. Томондо жазылган узака колдонуучу буюмдар жок бизде . Ошондо мен да жолок пул алсам болобу же атасы р ф экен деп бербей коёбу. Сураныч жооп берип койсонуздар.
#9 06 Январь 2016 - 17:55
Менин 3 балам бар, декреттик оргуудомун,
ага бир да тыйын албайм. Куйоом мектепте мугалим, 8 мин айлыгы менен жашап жатабыз. Жолокпул алсак болобу?
#11 23 Март 2016 - 22:42
Саламатсыздарбы?
Менин эжем жолок пул алчу,бир ай мурун жумушка орношту,жумушка киргенден кийин 1жолу жолок пул алган экен,эми переплат деп жатат экен эмне кылышы керек
#12 10 Май 2016 - 23:04
салам.менин таныш ежем биринчи группадагы инвалид.7жылдан бери баспайт.25жылдык стажы бар медсестра болуп иштеген.еми менин суроом ошол ежени(инвалидди)караган адамга мамлекет тарабынан акча болунобу?себеби анын балдары да куйоосу да жок?егер билсениздер жооп берип койуунарды отунобуз.
#13 25 Октябрь 2016 - 16:14
саламатсыздарбы менин да суроома жооп бере аласыздарбы,
менде 3 балам бар, кайнатамдын уйундо счётто турабыз ,жашайбыз.Уйдун кичуусубуз.
Кайненемдер шаарда убактылуу жашашат,пенсия алышат,пенсясын биз алабыз аран продуктага жеткизип отурабыз.Жолдошум иштебейт бирок машинабыз бар,машина деген аты эле бар бирок анын да озунун чыгашасы коп таксавать да этпейт,мен декреттик оргуудомун жолок пул туурласам болобу?эгер туурлап анан декретныйым буткон сон жумушка кирсем,же жолдошум жумуш табып калса жолок пул бербей коюшу мункунбу?Суранам эгер билгендер болсо жооп берип коюунуздарды суранам.
#14 25 Октябрь 2016 - 16:22
айыл окмотуно кайрылсам отдельна кожолук болуунар керек деди,бирок биз уйдун кичуусу болсок кантип озунчо жашайбыз,кайнатамдын уйу биздики да.
#15 25 Октябрь 2016 - 16:48
саламатсыздарбы менин да суроома жооп бере аласыздарбы,
менде 3 балам бар, кайнатамдын уйундо счётто турабыз ,жашайбыз.Уйдун кичуусубуз.
Кайненемдер шаарда убактылуу жашашат,пенсия алышат,пенсясын биз алабыз аран продуктага жеткизип отурабыз.Жолдошум иштебейт бирок машинабыз бар,машина деген аты эле бар бирок анын да озунун чыгашасы коп таксавать да этпейт,мен декреттик оргуудомун жолок пул туурласам болобу?эгер туурлап анан декретныйым буткон сон жумушка кирсем,же жолдошум жумуш табып калса жолок пул бербей коюшу мункунбу?Суранам эгер билгендер болсо жооп берип коюунуздарды суранам.
Ушунчалык кайгылуу болбогондо, аябагандай кулкулуу болмок экен.
Жашаган жериниздер бар болсо, машина бар болсо, пенсионерлердин пенсиясын алып жатсаныздар. ..жолдошунуз кыймылдайын дебейби?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#16 25 Октябрь 2016 - 16:56
Мен ушул тармакта иштеп калдым эле. Машина, уй жай, жумуш м.н камсыз болсо чыкпайт. Жер тилкеси коп болсо да.
#17 26 Октябрь 2016 - 10:55
салам.менин таныш ежем биринчи группадагы инвалид.7жылдан бери баспайт.25жылдык стажы бар медсестра болуп иштеген.еми менин суроом ошол ежени(инвалидди)караган адамга мамлекет тарабынан акча болунобу?себеби анын балдары да куйоосу да жок?егер билсениздер жооп берип койуунарды отунобуз.
Караган адамга эмес эженин озуно берилет 25 +9жыл балдарына стаж кылып чыгарат ,болгону докмент тууралоо кыйын.
#18 21 Декабрь 2017 - 10:56
Саламатсыздарбы?
жаны жылдан баштап чыга турган жолокпул жана суйунчу акча жонундо маалыматтар тууралуу соз кылбайлыбы?
кимдин толук маалыматы бар, менин тушунугум боюнча 3 жаштан жогорку балдарга толонбойт экен, жана 3 жаштан жогорку 5 баласы бар адамдар 500сом гана алат окшойт ал эми эки балалуулар такыр эле эч нерсе албайт экен, 3жашка чейин 700сом, январдан баштап жаны торолгон балдар суйунчу акчансы 4мин сом чыгат экен, менин тушунбой атканым январга чейин торолуп алты айга толо элек балдарга суйунчу акча чыгабы, ушул жонундо маалыматы барлар болушкулочу
#20 22 Январь 2018 - 11:51
Пособие алыш учун кедей жашаш керек балдарды жайнатып торотуп коюуп эки
колунду оозуна салып отуруш керек кыргызстанда анан берет анда да ай сайын отчет берип туруш керек эч жерде иштебей элемин эч нерсем жок калды деп
колунду оозуна салып отуруш керек кыргызстанда анан берет анда да ай сайын отчет берип туруш керек эч жерде иштебей элемин эч нерсем жок калды деп
Эгер ушундай шарт менен гана берсе, жакырчылык кобойбой эмне кобойот анан? Жарыбаган акча чыгат болуш керек пособиеге. Аны да ушундай шарттар менен берсе. Кыргыз эли шермендебиз го алакандай элди багалбай. Жарыбаган акчаны баарына тегиз эле бере бербейби иштеп айлыгы ашып кеткендерден башкасына. Уйун баркен, машнен баркен дебестен...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия