ЖАҢЫ ЖЫЛГА КУТТУКТОО
Адам пендеси кызык эле жаратылган жан болот тура чиркин! Жараткан ага чектелүү акыл, ой, сезим, анан кошумчалап ойку-кайкы тагдыр ыроологон экен, ошолордун шарданы менен бирде сүйүнүп, бирде күйүнүп, төрөлгөндөн көз жумганга чейин насибин ашап, бири-бирине окшошпой жашап,келечектен жакшылыктарды үмүт этип, өмүр сүрөт өңдөнөт.
Мына азыр да григориан жыл санагы боюнча келүүчү жаңы 2018-жылды күтүп, жакшылыктардан үмүт этип, бирин-бири куттуктап, майрамдап ( жер үстүндөгү адамдардын баары эле эмес дечи!..) шаттанууга даярданып жатышат. Чын эле бүгүнкү түндүн жарымында,саат түнкү 12-00 убакытты көрсөткөндө,
Жаңы Жылдын келери такпы? Чын эле эски 2017-жыл кетеби? Эртең эрте менен Жаңы жылдын жарыктык Күнү чыгыштан жаркырап чыгабы?
Анда эмнеге юлиан жыл санагы боюнча григориан жыл санагынын 13-14-январында (мындан нары ушул григориан жыл санагы боюнча белгилейбиз.
) эски жаңы жыл келет дешип,элдин бир тобу зарыгып күтүп отурушат? Анда эмне үчүн байыркы Кытайдын жыл жазмаларында жылдардын тоголушу 21-январдан 21-февралга чейинки күндөрдүн биринде деп белгилеп кетишкен? А ирандыктарды туурап биз илгерки ата-бабаларыбыз атаган Жыл ажыраттыны “Нооруз”деп атап алып, эмне себептен 21-мартта тособуз? Андан да кызыгы Бангладеште бенгал жылы 14-апрелде, 9-11-сентябрда еврейлердин Рош Ха-Шана жылы Израилде,ал эми мусулмандардын хижра жаңы жылынын башталышы быйыл 14-сентябрга туш келет... жана башка ушул сыяктуулар.
( ж.б.у.с деп коюшчу беле?)
Ко-ош,ошондо Жаңы Жыл качан жаңырат? Кайсыларга жана кимдерге ишенебиз!
?
Анткен менен Жараткандын ар бир күнү майрам! Тирүү тоскон ар бир күнүң шаң! Эмесе баарыңыздардын шаңдуу майрамыңыздар кут болсун! Жалпы Адамзатына , өз элибизге, үй-бүлөбүзгө жана да керт башыбызга тилеген жакшы тилектерибизди,
ниеттерибизди Жараткан ар бирибизге берсин! Ар бир күнүңүздөр майрам болуп, майрамыңыздар майрамдарга улансын, замандаштар!
!!
Сиздерди урматтоо менен БАРС.
Жаңы 2018-жылга куттуктоо
#1 31 December 2017 - 14:38
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2 31 December 2017 - 15:21
Биз айтпаган, өзүбүздү алдоо үчүн, жүрөктөрдү таарынтып албоо үчүн айткыбыз келбеген "жаңы жылдык" куттуктоолор:
- өмүрүңдүн өтүшү менен!
- Бүгүндү жоготуп, эртеңди издешиң менен!
- Жаштыгың, күчүңдүн, сулуулугуңдун кетиши менен!
- Иштериңе үлгүрбөй калышың менен!
- Убакыт издеп жаңы күндү күтүп жатышың менен!
- Бүгүн кыла турганды эртеңкиге калтырышың менен!
- "Өмүр бир келет"- өзүңдү-өзүң сооротуп майрамдап жатышың менен!
- Күн, ай өз ордунда турса дагы жылды алмаштырып коюшуң менен!
- Эң негизгиси өлүмгө дагы бир жылга жакындашың менен чын жүрөктөн куттуктайм!

#3 31 December 2017 - 15:42
Жаңы жылыңар менен суперстан!
Ушул жыл баарыңарга ийгиликтүү жыл болсун!
#7 31 December 2017 - 18:56
Жаны Жылыныздар менен, алтындар!
Жанырган жылда жалпыныздарга чексиз бакыт жана ченемсиз ийгилик каалайм! Мамлекетибизге бакубаттуулук каалайм!
Жанырган жылда жалпыныздарга чексиз бакыт жана ченемсиз ийгилик каалайм! Мамлекетибизге бакубаттуулук каалайм!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#8 31 December 2017 - 19:20
Жаны 2018- жылынар менен.
Жаны жылды кутпосок да. Кундогудой эле кундордун уландысы, сандар гана алмашпаса 2018 деп.
*
Анан ушул 2018- жылы бойдоктор уйлонолу.))
Жаны жылды кутпосок да. Кундогудой эле кундордун уландысы, сандар гана алмашпаса 2018 деп.
*
Анан ушул 2018- жылы бойдоктор уйлонолу.))
#9 31 December 2017 - 20:10
Келе жаткан жаны-жылыныздар менен замандаштар,
достор,эже-синди,
ага-инилер.Кирип келе жаткан ит жылы баарыбызга бекем ден-соолук,заманыбызга тынчылык алып келсин.Ар ким ойлогон ой максаттарына жетип,ар бир аткан тан биз учун бакыттын нурун чачсын!
"Пустой карман- это не страшно,Страшно -когда пусто в сердце!
#11 01 January 2018 - 00:50
Биз айтпаган, өзүбүздү алдоо үчүн, жүрөктөрдү таарынтып албоо үчүн айткыбыз келбеген "жаңы жылдык" куттуктоолор:
- өмүрүңдүн өтүшү менен!
- Бүгүндү жоготуп, эртеңди издешиң менен!
- Жаштыгың, күчүңдүн, сулуулугуңдун кетиши менен!
- Иштериңе үлгүрбөй калышың менен!
- Убакыт издеп жаңы күндү күтүп жатышың менен!
- Бүгүн кыла турганды эртеңкиге калтырышың менен!
- "Өмүр бир келет"- өзүңдү-өзүң сооротуп майрамдап жатышың менен!
- Күн, ай өз ордунда турса дагы жылды алмаштырып коюшуң менен!
- Эң негизгиси өлүмгө дагы бир жылга жакындашың менен чын жүрөктөн куттуктайм!

- өмүрүңдүн өтүшү менен!
- Бүгүндү жоготуп, эртеңди издешиң менен!
- Жаштыгың, күчүңдүн, сулуулугуңдун кетиши менен!
- Иштериңе үлгүрбөй калышың менен!
- Убакыт издеп жаңы күндү күтүп жатышың менен!
- Бүгүн кыла турганды эртеңкиге калтырышың менен!
- "Өмүр бир келет"- өзүңдү-өзүң сооротуп майрамдап жатышың менен!
- Күн, ай өз ордунда турса дагы жылды алмаштырып коюшуң менен!
- Эң негизгиси өлүмгө дагы бир жылга жакындашың менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мынча пессимист болбосонуз.
Адам эмнеге оюн топтосо ошол нерсе тартыла берет.

Супер-Инфо
super.kg
видео