Суперстан: Кайран ДКО - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кайран ДКО Күтүү, сүйүү, сагынуу

#1 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   12 Февраль 2018 - 12:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Сүйүү,сагынуу, күтүү. Кайран ДКО Күркүрөгөн күз айынын башталышы менен менин жүрөгүмдү жараладыныз. Сизди кату сүйүп калдым, ойлосом оюман, уктасам түшүмөн кетпейсиз... .Билесизби?.. .Сизди сүйүп калганыма Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары себепкер. Дүйнөнү дүңгүрөткөн аталган оюнга мен журналист болуп баргам, ошондой эле жан үрөп, жанын аябай Кырчында эмгектенип жүргөн активистердин жетекчиси менен жакшы тааныштардан болчумун. Анын аркасы менен көчмөндөр оюнуна үч күн эрте бардым.Эч нерсе оюмда жок өз кызматымды аткарып, материал даярдап жүрдүм, ал арада активистерге да кол кабыш кылып, таштанды терип жардам бердим. Тим элесыймыктанып алгам, ушундай патриот жаштарга жардам бергениме. Бир маалда раца менен активистердин жетекчиси мени сурап, тезинен Хан ордого келсин деп калды,жаан, буркан-шаркан түшүп жаап жаткан эле. Чакырууну угаарым менен жөнөдүм,барсам кайда жүрөсүң? Тоңуп калгансыңго? Кир боз үйгө деп киргизип, төрдөн оруналып берди. Анан эле жаныма кара-тору, мурду чоң, күнгө күйүп калган, колунда экителефону бар, улам бири чырылдайт, ага жооп берип коет. Анан жаныма келип: Ииии сиз үшүп калгансызго? Чечиңиз курткаңызды. Карачы суу болуп калыптыр:- деп үстүмдөгү боз куртканы чечип кармалап, мени гилтейген жууркан менен жаап койду. Ошол убакта аны кантип телмире тиктеп турганымды билбейм, качан гана ал менин көзүмдү караганда өзүмө келдим да, ичимен, кайдан көрдүм элеее, аябай камкор экен деп ичим жылып, жакшы көз караш пайда болду. Анан эле жаан токтоду, күн чыгып, эшикте аба ырайы жайга айланды. Бир маалда менин редакторум чалып калды,боз үйлөрдү суу каптап кеткен турбайбы тезинен, жеринен чагылдыр деп үнүн өктөм чыгарып, кыйкырды. Анын үстүнө өзү ошондой киши да, көнүп калганбыз. Атып турдумда, сыртка чыксам активист байкем каяка деп мени жибербейт. Көрсө суу каптаган окуяны обого чагылдырып салат депмени боз үйдө кармап отурушуптурда. .. Болбой жоок мен барып материал даярдашымкерек деп эч кимди укпастан окуя болгон жерге бардым, редакторумдун айткандарынаткарып, интервью да алдым айтоор баары жакшы. Бир маалда, эми ххххх тууралуужакшы материал жаса деп калды. Эч ойлонбой макул болдум, андан башка эмне аргамбар эле. Сураштырып отуруп, Көчмөндөр оюндарына тиешелүү, хххххх тармагындасүйлөп бере турган бир адамдын номурун алдым. Дароо чалып, жолугууну болжолдоштум. Хан ордодон кезигишмей болдук. Ооооо кудайым аааай эч ойлогон эмесмин жанагы мурду чоң бала менен маек курарыма... Чындыгында ойлошуңар мүмкүн журналист болуп туруп ушул адамды тааныбайбы деп, анткени мен көбүнчө спорт жана маданий жакты чагылдырчу элем. Анын үстүнө даяр маалымат менен эфирге чыктумун. Эфирге келгенде көргөн чыгармын,бирок, маани берген эмесмин. Же мага болгон камкордугу мени азгырдыбы? Менин карагаттай көзүмө аталган оюндардын башталышында урунду, жүрөгүмдү козгоду,айтоор бүт дүйнөмө бүлүк салды байболгур. Ошентип кезигиштик, алыстан эле күлүпкеле жатат, көрсө жана мени чыгарбай отурганы атайын сүйлөшүлгөн экенда....Бираз бирге күлдүк да дароо суроолорума жооп берип жатты. Оооо аллахым мындай өрт көздү көргөн эмесмин, мимика, жести өзгөчө, ичимди өрттөп турду. Негизи кыздар кыйынбыз, андай нерселерди билгизбей, күлүп жайлап кетебиз да. Билгизбегенге аракет кылдым. Он күн Кырчында жүрдүм, он күн ал адамды акмалайм, көзүмдүн кыры менен узатам, ал болсо иш десе жеген ашын жерге коюп, чууркап, жаны тынбай эмгектенип жүрдү мага көңүлда бөлгөн жок.... Айтоор ошентип, оюндар да бүттү...Мен да Бишкегиме кеттим, ал да борборуна кетти. Сүйүгө жараланып алып, жумушкабардым. Мактоо алдым дегендей...Анан эле кесиптешим, менин сүйгөнүмдүн номурун сурап калды, эртеңки эфирге чакырат элем депчи. Анан айттым менин программама чакырайын дегем десем, иии менде эч ким жок калды берчи мен эле чакырайын деп күйпөлөктөгөнүнөн бердим, ичимен кудуңдап алгам эртең жоолугам деп. Үстөкө босток болуп эртеси менин эс алуу күнүм болчу экен, демейде менин ордумда иштеп турчу деген кесиптештерден да дайын жок. Ииииии неге ушундай, эми көптөн күткөн эс алуумду эмне кылам, майда-чүйдө жумуштарымды бүтүрсөмбү же жумушка эле барсамбы деп көөөпкө ойлондум. Ой калчап отуруп, эфир убагында бир барып кетүүнү туура көрдүм. Барсам эле редакторум сени кайсы шамал айдап келди, ырассс канаболбодубу, бар даярдан беш мүнөттүк жаңылыктарды окуй кал деп шашкалактап, кагаздарды колума берди. Көрсө жаңылык окуй турган жигит ооруп калыптыр. Мындай учурлар адаттагы эле көрүнүш эмеспи, үн чыгарбастан эле эфиркага барсам.... Аааааа менин сүйгөнүм отурат, жүрөгүм жарыла согот тим эле, алгачкы жолу эфирге чыкчудай же самалетту жалгыз айдапбараткандай болуп опколжуйм. Жүзгө чейин санадым болбойт, карман, карман Сева деп жемелеп жатып жаңылыктарды окудум.Ошентип бир көргөнүмө ыраазы болуп, кетип башка жумуштарымды бүтүрдүм. Убакыт өтө берди, оюман эч кетпеди. Бир күнү активистер чакырышты, бизге ыраазычылык барак берет экен, президенттин атынан сиз дагы келиңиз деди. Жумушуман сураныпбардым. ..Тапшыруу аземи орус драмма театрында болуп жаткан экен. Кирип барсам эле сахнада менин суйгонум, активистердин башчасы жана сектетариаттан бир өкүл туруп алып алмак-салмак активистерге тапшырып жатыптыр, ичимен ойлондум, азыр менин аты-жөнүм сүйгөнүмө туш келип, ал мага ыраазычылык баракты тапшырса экен,сүрөткө түшүп калсак экен деген ой менин мээмди айланып өткөнчөктү эле мени чакырып калды... Күлкүм тыйылбай, жалжайып күлүп сахнага чыктым, аллах делем ени аяды окшойт баракчаны сүйгөнүм тапшырды, сүрөткө түштүк, айтоор бактылуу болдум. Дегеним менен ал мени ойлогон да жок, көз кырын салып карап жатканын байкайм бирок, жаныма келгенге даай албады. Анын үстүнө башка адамдар аны менен байма-бай сүрөткө түшүп жатышты, а мен болсо анын жанына баруудан чочуркап турдум. Бирок жан дүйнөмдүн кыйналганын кантип ак баракка ачып берем,жоок ачып бере албаган сезимдер мени куурчап турду. Көөпкө ойлондум, куру намыстанбай жакшы көргөнүмдү билгизсемби, айтсамбы же мени ого бетер карабай басып кетеби? Баары бир кыргыздар намыскөй болушат экен, айтууга намысым жолберген жок.

Көп өтпөй атактуу эле продюссер мени өзүнүн каналында иштөөгө чакырды,ойлонуп, ал жакка барууну чечтим, ал жакта таңкы эфир болуп, таңкы саат бештетуруп, кечки 9 да кетип жатып кыйналып кеттим, бирок өз кесибимдин ары оор, ары түйшүктүү, ары жаңы нерселерди талап кылганын билип, андан ары белсендим. Келме кезек дегендей сүйгөнүмдү таңкы эфирге чакырдым: Ал-лооооо, хххх хххххххххххвич ....саламатсызбы? Деп баштадым, сунушумду айттым мукактанып жатып.. Ал дароо макулболуп, күн мүрүн эскертип коюмдү өтүндү. Ошентип менин арстаным эфирге келди..Ал күнү мен башка күндөрдөн өзгөчөлөнүп, жакшы көйнөк кийип алгам, ал мени булжактан күткөн жок?! Ой бул жакта иштеп калдыңбы дейт, Ооба деп кылыктандым. Анан ага питличка тагып жатып, алайган көзүн, барбайган мурдун көзүм менен атып жаттым, ииийииий питличканын жардамы менен анын ыссык мойнуна менин жылымык колум тийип сүйгөнүмдү чочутуп алдым. Ой колуңуз муздакко дейт, мен тамашалап көчмөндөр оюнунан бери жылый элекмин деп күлүп койдумда аны эфирге узаттым...Ага чейин мен байкуш бутумду кайрып алып аксап жүргөм, акча да майдалатыш керек болуп кире беришке барсам, эфирден чыгып лифт күтүп туруптур, мо акчаны майдалап бериңизчи деп кезиккен кесиптештеримен сурап жатам, менин жаным да өзүнүн капчыгын карап ии мен де да жок экен деп жарокерленип, күлүп койду, мага үмүт берип. Ар бир жакта бир байлатмалар болотко, менин бир кесиптешим да ошондой деңиз, кайдан жайдан ал чыга калып, мага тийишип, жалжактап айламды кетирди, бир колумду кайрыйт, бир көтөрөт, айтоор тамашалап мени чаңыртып жатты. Анан тиги байлатманын оозу кытышып, таластык бала алагачкандай дагы биржолу өзүм ала качып кетейинби деп жанымды кашайткан учурда менин сүйгөнүм лифтке кирип кетти. Ооой ал эми эмне деп ойлойт, мени бир күйөөдөн чыкканго деп ойлоп калатко деп мен бушайман болдум.

Көп өтпөй мен иштеген канал кризиске кептелип, биздин программа жабылды,чымыны бар өлбөйт дегендей, бир мамлекеттик каналга жаңылыктар бөлүмүнө кабарчы болуп жумушка кирдим. Негизи мамлекеттик каналда иштеген жакшы экен, айлыгы аз болсо да мамлекетте эмне болуп жатканынан кабар аласың, жеринен барып жакшы жагынан чагылдырасың дегендей...Жазында Чуңкурчак жайлоосунда маданий иш-чараболду, ал жакка биздин тартуучу топ бардык. Этно маданий комплексте кыргыздын улуттук каада-салты чагылдырылган саамалыкка менин сүйгөнүм барып калды, бири-бирибизди көрүп нес болуп эле катып калдык, эми ойлобогула көпкө чейин деп, жоок он секундка, бирок бир көз карашы менен мени кайрадан арбап алды, кечке ойлондумал эмнеге мени карады же анда да мага болгон сезими барбы?Билбейм. ....Табышмак.. . А балким бул кыз турукту жумушта иштебейт окшойт, кайда көрбөйүн орун которуп жүрөт деп ойлодубу? Ай билбейм.....

Учурда мен өз кесибим менен Казакстандын мамлекеттик каналы хххххххда эмгектенем. Аны соц желеден көрсөм эле жашоом аңтарылат, жан дүйнөм көңтөрүлөт. Мен кантип сүйүүмө жетем, айткылачы??? ? Неге бул табышмактуу сүйүү куурчап жүрөт? Неге ал адамдан башка балдар көзүмө көрүнбөйт? Ээээээч ким көрүнбөйт... Же башка балдар жокпу бул ааламда? Таанышууга чакырса дароо каршы чыгам... Жанымдагы эжелер айтат, сен жашсың, ойно, күл дешет, бирок мен даай албайм, эрким жетпейт, жада калса башка адам менен бир жакка барганга жан дүйнөм жол бербейт.

Мына эми 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюну келе жатат, жумуштан атайлап дал ошол убакка эс алуу өргөсүн алдым. Аллахым буйруса аны кезиктирем деген аруу ниеттемин, менин да көчөмдө майрам болоруна шексизмин... Мен сизди гана күтөмүн.........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Mydearzh   12 Февраль 2018 - 13:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Эээхеей, журналист кыз! Аракет кыла бериниз мындан ары да. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Mydearzh   12 Февраль 2018 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Аялдан амал качып кутулбайт! ;)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Jazdyn_tany   12 Февраль 2018 - 18:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 14 Апрель 17
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 22:06

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловду элестетип окудум, көзү тостойгон дегенинен, анан көчмөндөр оюнуна жооптуу адам болгон...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   16 Февраль 2018 - 11:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Просмотр сообщения Jazdyn_tany (12 Февраль 2018 - 18:13) жазган:

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловду элестетип окудум, көзү тостойгон дегенинен, анан көчмөндөр оюнуна жооптуу адам болгон...


Кечиресиз, жооок жооок мен айтып жаткан такыр башка адам. Көчмөндөр оюндарында абдан көп адам жооптуу болуп, кызмат кылышкан...

Билдирүүнү түзөткөн: Sevda-Nur: 16 Февраль 2018 - 12:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   28 Февраль 2018 - 09:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Казакстандагы белгилүү тв каналдардын бири журналисттерге сынак жарыялап жатканын кулагым чалып калды, дароо резюмемди жөнөттүм. Андан бери эки ай өтүп кетиптир, сынак тууралуу унутуп да калыптырмын. Бир күнү ватсап менен башка номур чалып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, ошентип бир нече сынактар, бир нече адамдардан суурулуп чыгып, өтүп кеттим. Көпкө ой калчап барууга белсендим, бирок жандүйнөмдө жашаган адамды кантип унутуп, кантип таштап кетем деп ойлонуп бүтбөйм....Жолго чыктым... Ата-энеме болгон сагынычым бир тең, ал адамга болгон сагынычым бир тең болуп, кыйналып кеттим.
Эптеп сизди көрбөгөнгө аракет кылып, жумушума алаксып баштаганда кайрадан көзүмө көрүнүп, жашоомо бүлүк салдыңыз.... Мен иштеген мекеменин маңдайында биздин элчилик жайгашкан, желбиреген кызыл туубуска абай салып карап турганды адат кылып алгам. Дайыма ал туу көз кырымдан өтүп турат. Күндөрдүн бир күнүндө элчиликке Кыргызстандан бир нече мамлекеттик кызматкерлер келет, каалоочулар келип жыйынга катышып, суроолоруңарды берип алгыла деп билдирүү калтырып калды.Анын үстүнө мен мекенимдеги белгилүү сайттарга кабар жазып турам, алар да мага жыйынды чагылдырып берүүмдү өтүнүп калышты. Мына эми күткөн күн келди.... Алкүнү тиземден ылдый болгон ачык түстөгү көк көйнөк, кара каблук жана каракостюм ошондой эле көйнөгүмө өңдөш чоң сумкамды көтөрүп алып, майда кадамдарым менен тыпылдап бара жаттым,оюмда материалды кантип чагылдырып берсем, өзүмдүн жумушумду ойлоп келе жатам.Жетээр жериме жеттим, кире бериште менин мекендештерим жыйынга кирип баражатышат. Айрымдарын таанысам, айрымдарын тааныбастан эле учурашып койдум. Өзүм шайыр болгондуктан, тааныган Кыргызстандыктар менен тамашалашып, шарррррактап кирип бардым. Элчиликте жакшы бир эже бар, мени жаркылдак деп коет. Ал адатынча жаркылдак деп бетимен өөп, жыйындар залына узатты. Киргенде эле бүдүң-чаңбашталды, жан дүйнөмдө ревалюция... .. Ооооо кудайым аны эмнеге көрдүм, кайрадан жүрөгүм опкоолжуп, кыйналып турдум. Кыйраткансып, журналисттер отурганорундуктар кыргыз делегациясынын так маңдайында экен. Оффф...... Көзүмө тиги тостоктон башка ээээээч ким көрүнгөн жок... Билгизбей барып отуруп калдым,келген делегат тобуна кимдер келгенин баамдасам, менин тостогум, ГРС тен, президенттик аппараттан жана башка министрликтин өкүлдөрү экен, жана башкалар.

Орундукка отуруп, алар менен жадыра учураштым дагы, ээч кимди көзгө албастан, көк сумкаман ноутбугумду, фотоаппаратымды, диктофонумду, уюлдук телефонумду, көз айнегимди, туташтыруучу кабелдеримди алып чыгып отуруп калсамэле, элдин баары мени карап турушуптур, аябай уялып кеттим, анан айтып жатышпайбы ушул кичинекей сумкага ушунунбаары баттыбы? Дагы ичинде башка (шмоткалар)бар экен деп тамашалай күлүп калышты. Элдин баары мени карап жатса мен аны карайм, күлкүсү тыйылбай мам кызматкерлерда бир жылмайып алышты. Ошентип жыйын башталды, эми оюмдун баары ал адам, эмне жазсаааам деп ойлоно да албай калдым,эмнеден баштасаам деп өзүмө суроо берип коем, калп эле маалымат жазып жаткандай болуп ар нерсени жазып отурам..... Бир аздан кийин эсиме келдим дагы, иш процесске кирдим. Негизи мен жумушуман бир саатка эле сурандым эле, ал убактан өтүп баратат...А менин кетким келген жок. Анткени...

Деген менен жыйындар да бүтүп, элдердин мүдөөсүн уккандарга кофе-брейк уюштурулуптур. Журналист болгонудугума байланышту мен да кирдим. Ушул жерден журналисттик чеберчилигим менен сөзгө тартууну туура көрдүм. Менин сүйгөнүм жакты көздөй бардым, жанында бир-эки жигит бар экен, алар менен учурашып,ал- ахыбалын сурадым. Жанындагы балдар мени тааныйт экен, сөзүбүз бир чыгып баарлашып калдык, менин сүйгөнүм дагы бизге кошулуп, ар нерселерди сурап,сүйлөшүп жаттык. Мурунку Кыргызстандан жолуккан күндөрдү эстеткен да жокмун, бул жакка келип жаңы жашоо баштагандай түр көрсөттүм. Эмнегедир тартынуу, уялуу сезимдер болгон дагы жок. Мурунтан тааныштардай эле сөзүбүз бүтпөйт. Анын жанында болгон мага аябай жагып, башка жакка кетким белбей турду. Бир маалда менин жумушуман чалып, тезинен бир кабарды эфирге окуп беришим керектигин айтып калышты. Иииииийииий кантип кетем эми..... Айла жок кетүүгө туура келди. Жакшы калгылаааа мен кеттим деп, коштошо баштасам, менин сүйгөнүм келип: Кечинде атайы кече болот, сиз да келиңиз деп мага чакыруу барагын берди. Оооооой рахмат. Анда кечинде кезигишкенче деп,шаша-буша чыгып кеттим.

Эми кеч болбойт десеңиз, кудайым ааай. Качан кеч кирет эми. Убакыт токтоп калды, бир мүнөт бир сааттай, бир саат бир күндөй айтоор. Бирок убакыт деген убакыт экен, болжогон саат дагы келди. Оюмдун баары менин сүйгөнүм. Жумушум бүтөөр замат, үйгө бардым дагы кара узун көйнөгүмдү, кызыл туфлимди, кызыл клатччымды анан кыпппкызыл кылып оозумду боеп алдып, белгилүү отельге жөнөдүм.

Жеткичекти торпогумду ойлонуп баратам, бир маалда мени ойлогондор бар болду бекен деп өзүмө ой салдым. Кантсе дагы назик жанмында, ойлогондор бар болушкерек деп жоошкуттум. Ал эми мен, чырагымды эстеп, түн уйкумду бөлгөндөй, мен үчүн да түн уйкусун бөлгөндөр бар болду бекен деген сыяктуу бүдөмүк ойлор курчап баратты. Ошентип болжогон жерге, болжогон саатта кирип бардым. Мен кирип бара жатканда сүйгөнүм тосуп чыкса экеееен деп кыялдандым, бирок ишке ашпай сүйгөнүмдүн кесиптеши, башка мин. кызматкер күтүсүздөн тосуп алды. Италиянский стол экен, баарыбыз туруп жүрдүк, жакындан тааныштык дегендей. Ал мени көз кыры менен узатып жатканын сезип, ого бетер башка адамдар менен күлүп, жайнап,кызгантайын деп жанына барган жокмун. Эртерек кетүүгө камындым, себеби эртең менен менде эфир эле.

Кызык жашоо эми башталды..... .Жанагы мени тосуп чыккан мин. кызматкер,жаныман айланчыктап чыкпайт... А мен болсо менин сүйгөнүмдөн көзүм албайм.Сүйүү үч бурчтугу...

Соц тармактан, жөн гана смс аркылуу бир адамдан билдирүү келип турат.Үмүттөнүп барбосум жаздыго деп карайм. Жоооок, ал эмес....башка, башка башка..башка. .. Мин кызматкер... И баса, жанагы мин кызматкер, азыр бир тармактын башчысы болгон...Бирок ага дагы кызыккан жокмун, андай кызматтар келет, кетет дегендей. Менин кызыкканым, көксөөм бир гана тунук сүйүүм... Эмнеге мага үмүт берип, ошол убакта кечеге чакыруу берет? Айткылачы? Ушул макаланын аягы кандай бүтөт, сиздер кандай ойлойсуздар? Сүйүүмө жетемби? Сүйбөгөнгө сүйкөнбө дейт... Бирок, мен сүйүү үчүн акылыман адаштым окшойт, ээ жаа бербеген ойлорум бурганактайт. ....Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   sereznaya   28 Февраль 2018 - 11:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 208
  • Катталган: 19 Август 17
  • Соңку аракети: 20 Окт 2019 19:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:moskov

Просмотр сообщения Jazdyn_tany (12 Февраль 2018 - 18:13) жазган:

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловду элестетип окудум, көзү тостойгон дегенинен, анан көчмөндөр оюнуна жооптуу адам болгон...

Бу бала Азамат баарлашкан кызды соссуз журогун бир тыыыз дедирте турган.Харизмаа ходячая...группалаш элек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Margo82   28 Февраль 2018 - 11:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 19 Февраль 18
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:19

Сиздин суйуу башталышы экен,ортосун, аягын куто туралы,))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   SAADATIK   28 Февраль 2018 - 11:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 30 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 05 Мар 2018 11:19

Автор, саламатсызбы? Азыр каяктасыз, Казакстандабы? Мен бул адамды тааныйм... Жогоруда колдонуучу айткандай ал менен сүйлөшкөн кыздардын жүрөгү бир аз козголо түшөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   28 Февраль 2018 - 12:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Просмотр сообщения sereznaya (28 Февраль 2018 - 11:02) жазган:

Бу бала Азамат баарлашкан кызды соссуз журогун бир тыыыз дедирте турган.Харизмаа ходячая...группалаш элек.


Чындыгында бул адам эмес6 экинчи болугун окусаныз6 ал эмес экенин тушуносуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   28 Февраль 2018 - 12:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Просмотр сообщения SAADATIK (28 Февраль 2018 - 11:49) жазган:

Автор, саламатсызбы? Азыр каяктасыз, Казакстандабы? Мен бул адамды тааныйм... Жогоруда колдонуучу айткандай ал менен сүйлөшкөн кыздардын жүрөгү бир аз козголо түшөт Сүрөт


Саламатсызбы? Мен Астанадамын. Сиз кимди тааныйсыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   SAADATIK   28 Февраль 2018 - 12:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 30 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 05 Мар 2018 11:19

Просмотр сообщения Sevda-Nur (28 Февраль 2018 - 12:08) жазган:

Саламатсызбы? Мен Астанадамын. Сиз кимди тааныйсыз?


Siz baiandap jatkan adamdy taanyim dep oilogom, bashka okshoit syiagy Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   28 Февраль 2018 - 12:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Просмотр сообщения SAADATIK (28 Февраль 2018 - 12:16) жазган:

Siz baiandap jatkan adamdy taanyim dep oilogom, bashka okshoit syiagy Сүрөт


Баары тен Азамат Жаманкулов деп ойлоп жатышат, бирок менин суйгонум таптакыр башка...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   bikusim   28 Февраль 2018 - 21:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

))

Билдирүүнү түзөткөн: bikusim: 28 Февраль 2018 - 21:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   01 Март 2018 - 08:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Просмотр сообщения bikusim (28 Февраль 2018 - 21:29) жазган:

))


??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Medinaa   01 Март 2018 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Анын үй-бүлөсү жокпу?
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Sevda-Nur   01 Март 2018 - 14:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 24 Дек 2018 11:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Астана

Просмотр сообщения Medinaa (01 Март 2018 - 14:09) жазган:

Анын үй-бүлөсү жокпу?


Аны билбейм, балким макаланын уландысында белгилуу болооор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 05:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: