PS: Мындан саясат издеп, тепкилей берүүнүн кажети жок. Болгону эски сүйүүмдү көрүп эстеп кеттим.
Эскирген махабатым эске келгенде... Айзада аттуу кызга арналат
#1 19 June 2017 - 17:23
Анда сен 9-классты аяктап жаткансың. Мен болсо 1-курстун студенти. Жайкы сессиямды тапшырган соң адаттагыдай айылды көздөй чу койдум. Бир күнү классташтарым менен бака-шака түшүп айылдык маданият үйүнүн жанында отурсам концерт келиптир, кечинде барып келели деп калышты... Чогулуп алып концерт көргөнү бардык. Сени ошол жерден жолуктурдум.
Кадимки индия кинолорунда көрүп жүргөн сулуу актрисалардан эч айырмаң жок экен. Өзүңө куп жарашкан кийимиң, узун чачың, карагаттай кара көздөрүң мени арбады да калды. Жаныңа баруудан канчалык тартынып турсам дагы акыры жигиттик намысым ойгонуп, таанышууга да үлгүрдүм. Ошол күндөн тарта сүйүү баяныбыз «СТАРТ» алды. Мен борбор калаада, сен айылда. Айда-жылда бир жолукканыбыз болбосо телефон аркылуу гана күнү-түнү сагынычыбызды таратып жүрдүк. Сени канчалык жактырып, жакшы көрүп турсам дагы жаныңа өзүм каалаган учурда бара алчу эмесмин. Ичимден сызып сагынган боюнча кала берер элем. Ушинтип жүрүп сени алыстатып аларымды билгенде айылда эле калып жаныңда болот белем?.. Балким жаныңда болбогонум менин кемчилигимдир.
Алыстагы сүйүүнүн канчалык деңгээлде кереги бар экенин өзүң деле түшүнсөң керек. Акыры башканын колун кармап кеттиң. Ошол боюнча мамилебиз солгундап кетти. Мектепти бүтүп сен дагы шаарга келдиң. Кайрадан жолугуша баштадык. Сага болгон сүйүүм мурдагыдан дагы күчөдү. Жолуккан сайын көзүңдү карагандан эч тажабайм. Үйгө кетейин десең койнумда жаткан жубайымды бирөө тартып кете тургансып эч кое бергим келбейт. Бир жатындан чыккан эгизимдей жакын адамым болуп калдың. «Өтө кызыл бат оңот» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары экөөбүздүн ортобузду дагы кара мышык аралап, мамилебизге кайрадан жаракка кетти. Ары тартышып, бери тартышып отуруп, акыры сүйлөшпөй калдык. Андан бер 2 жылдын жүзү болду. Айтканга оңой болгону менен 2 жыл деле оңбогондой эле убакыт эмеспи. Ал убакытта үйлөнүп, балалуу болдум. Турмушум Куйдайга шүгүр. Мончоктой болгон жубайым, өзүмө окшош уулум бар. Кечээ капыстан жолугуп калдык. Мурдагыдан дагы сулуу болуп ачылып кетиптирсиң.
Кантсе дагы эски сезимдер бар эмеспи. Учурашайын деп жаныңа барып апкаарый түштүм. Ал-акыбалды сурашып өз жолум менен баса бердим.
PS: Мындан саясат издеп, тепкилей берүүнүн кажети жок. Болгону эски сүйүүмдү көрүп эстеп кеттим.




PS: Мындан саясат издеп, тепкилей берүүнүн кажети жок. Болгону эски сүйүүмдү көрүп эстеп кеттим.
#4 21 February 2018 - 15:30
Уй-булоонду биринчи оорунга койгонун жакшы экен. Эгиздей болгон жубайын менен бактылуу омур сур

Супер-Инфо
super.kg
видео








