Суперстан: Чымындуунун чымындары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чымындуунун чымындары Аңгемелер, жомоктор ж.б чыгармалар

#1 Пользователь офлайн   Eltuzor   06 Июнь 2015 - 12:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

АҢЧЫЛАР
Кечээ гана чыңыртып кулун байлап, азынатып азоосун айдап, аксакалдары дөбөгө чыгып узун сабак аңгеме куруп, кыз-келиндери саймасын сайып дегендей, бейкапар жаткан айыл бат эле кыйсыпыр түшүп бүлүнүп жатып калды. Капилеттен кирип келген калмактар анча-мынча аттана калган эркектананы аңтара сайып, антаңдай качкан катын-калач, бала-чаканы омуроого салып көмөлөтө коюп тебелеп, же кылыч мизи менен бөлө чаап, кызыл-кыргын кылып жиберди бир заматта. Үлгүрүп ат минип алган жигиттер колуна тийген союл-моюл менен карсылдаша чабыша калганы менен, курал-жарагы шайлануу жоого түтө албай, кайра жалп этип тоголонуп кулап жатты. Нарыраак четке конгон Бердибек эч нерседен бейкапар, үйүндө баласы менен упай ойноп отурган эле. Ат дүбүртү угулуп, эл кыйсыпыр түшүп калганда өтүгүн коңултактай кийинип, керегеде илинип турган болот кылычын көтөрүп чыга калды да, дал тушуна жетип калган жоонун найзасын шамдагайлык менен кагып жиберип, өзүн ээрден оодара тартканга үлгүрдү. Атынан кулап түшкөн баскынчы кайра тура калгыча күн нуруна жарк эте көтөрүлгөн болот кылыч ийинден башын үзүп түштү. Чылбыры ээсинин колуна илинип, тегеренип токтоп калган атка шарт секирип минген Бердибек, нары жакта үйдү айлана качкан аялын кууп бараткан калмакты көздөй ат койду. Байкуш Жибеги колуна тестиер уулун жетелеп алып, өзөндү жээктей өскөн караган-черди көздөй чуркап калган экен. Түшүнүксүз чаңырып артынан түшкөн калмак бир заматта жете барып, найзасы менен айдалыга сайып каларда аял бир нерсеге чалынып жыгылып кетти. Найзасы куру кеткен душман, аттын күүсү менен бир топ өтүп барып, кайра кайрыла бергенде оозун араандай ачып айкырган Бердибек жете барып, албарстай жанган кылычын шилтегенче өтүп кетти. Бала кезинен кылыч менен машыгып, далай чабышка катышкан неме койобу, аттын оозун тартып кайра кайрылган кезде, беркинин башы жок денеси жаны чыга албай тыбырап жерде жаткан. Ар бир үйдү жанталашып талап жаткан жоонун аскерлери четки боз үйдүн далдоосунда болуп жаткан бул окуяны байкабай калыштыбы айтор, буларга эч ким көңүл бурган жок. Бердибек элпектик менен тиги тоголонуп жаткан баштын чопкутун эңип алып башына кийе калды да, наркы жыгылган жеринен жаңы бой көтөргөн аялын “тиги черди көздөй кач” деп жаңсап коюп, өзү кыйсыпыр түшүп жаткан айылды акмалап туруп калды. Балким, тигилер токойду аралап кеткиче бирди-
жарым душман бала-чакасын көрүп, кууп калса, жолун тосуп чыкканга ниеттенип, даяр турду. Ана, өз үйүнөн чүпүрөк-чапырак көтөрүп чыккан жуңгардын бирөөсү олжосун канжыгага байлап жатып буларды көрүп калды. Бердибек ошол замат алчактап араң турган атты күрсө-күрсө теминип, тигини көздөй ат койду. Качып бараткан бүлөсүн башкаларга жарыя кылып ийгиче тигинин башын ыргыта чабуу керек болчу. Шукшурулган бүркүттөй атырылып барып ээрине оңдонуп отура элек немеге болот кылычын жана бир шилтеп өтүп кетти. Бирок, бул жолу тигини жан таслим кылганы менен, өзү бир топ калмактын чок ортосуна аттын күүсү менен кирип калган эле.
Көз көрүнөө өз кишисин өлтүрүп жаткан немеге баскынчылар туш тараптан чабуул койуп калышты. Ыкчам кыймылдаган Бердибек шамдагайлык менен дагы
экөөнү жалпайтканга жетишти. Ушул арада кургурдун жан адамга байкатпай көз салганы эле тиги караганчер. Кудай жалгап тигилер дагы токой аралап кирип
кеткен окшойт, акыркы жолу көз кырын салганда алтараптан эч кимди көрө алган жок. Мына ошондо ал жан аябас салгылашты баштады. Эч бир жакка кылчактабай, улам бирөөнө ат коюп, олжо-буйлага байлана түшкөн баскынчылардын дагы үчөөнү бир заматта канга бойоп жиберди. Бирок, жалгыз адам көптүн көзүнө топурак чача алабы. Алды-артына өтүп, тегеректеп алган жуңгарлардын бирөөсүнүн жебеси ай далыга шып эте сайылды. Кудум бирөө барскан менен коюп жибергендей ат жалына өбөктөй түшүп, кайра турган Бердибек, алдынан чыккан жуңгардын шилтеген кылычын кагып жиберип, өзүн алка-жака дан алып силке тартты да, бет талаштыра сүзүп калды. Тийген соккудан эсин жоготуп койдубу, же жаны чыгып кеттиби айтор, шалкылдай түшкөн душман суудай куюлуп аттын таманына кулады. Андан кийинки жуңгар ай балтасын шилтеп калган экен, аттын бир тарабына ооп буйтады да, көзгө илешпес тездик менен кылычын жанып жиберди. Болот кылыч аны да соо койбоду. Башы топтой тоголонуп, күрөө тамырдан атырылган кан, аттын омуроосунан ылдый жаба берди. Дал ушул учурда Бердибекке дагы үч жебе удаа сайылды. Ошондо гана анын биротоло каруусу кетип, колундагы кылычына ээ боло албай түшүрүп жиберди. Өзү болсо душман туягына тебеленгиси келбегендей ат жалын кармап чымырканып жатып кайра түзөлдү. Өлөрмандын багынбай жатканына жиндери келди окшойт, дагы бир нече жебе удаама-удаа денесине кадалды. Бирок, бу саам Бердибек былк эткен да жок. Анын жансыз денеси кудум ат үстүнө байлап койгонсуп, туруп калды. Туш тараптан тегеректеп турган калмактар баатырдын жаны чыкканына көздөрү жетпей бир саамга абайлап карап турушту. Качан баары анын жансыз экенине көздөрү жеткенде гана, тарап-тарап бастырып кетишти.


Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 06 Июнь 2015 - 12:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Eltuzor   06 Июнь 2015 - 12:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Кыйсыпыр түшүп, алоолоп күйгөн боз үйлөрдүн түтүнү айлананы кап-кара түтүнгө чулгап, каңырсыган жыт каптап калды. Кыбыр эткен жан калтырбай кырып, томурайган боз үй калтырбай өрттөп жиберген соң, калмактар опурап-топурап андан нары жолун улап кетишти. Катуудан тулга, жумшактан күл калгыча кырат деген ушу тура. Таң эрте гана шаңга бөлөнүп турган айыл, бир заматта күлү көккө сапырылып, томсоргон журтка айланды. Жалаң кийиз менен жыгачтан жасалган боз үйлөр алоолоп күйүп, көз ачып жумгуча күлгө айланып жок болуп жатты. Акыры барып, бирин-экин шимшилеп жүргөн иттен башка, айланада тирүүлүктүн бир да белгиси калган жок. Баса, тигиндейректе бул кыргынга кароолчу кылып калтырып кетишкенсип, Бердибектин сөөгүн көтөргөн тору ат гана нары-бери басып жүрөт. Илгери «кыргыздар атына ээри жабышкан, ээрине өзү жабышкан эл болот» деп бекер айтышкан эмес окшобойбу. Жаны чыкканынан бери эт бышым убакыт өтсө да, Бердибектин жансыз сөөгү ары-бери басып оттоп жүргөн аттан кулап калбай, дагы эле локуюп жүргөнү жүргөн. Денесинен сызылып чыгып, эт көйнөгүн кара кочкул түскө бойой уюган каны, башындагы душмандын чопкуту, көкүрөгүнө, далысына сайылган жаанын октору болсо, анын кашык канын аябай салгылашкан эрдигине күбө болуп турду.

***

Бул арада, кийим-кечеси, бети-башы айрылганы на карабай караган-черди аралап чуркаган Жибек, баласын колунан сүйрөгөн бойдон чердин бир топ тереңине сүңгүп кирип кетти. Канча чуркаганы эсинде жок, качан жарчанын кырында турган бай карагайга жеткенде гана токтоп, карагайдын нары жак капталындагы аюунун үңкүрүндөй болгон коңулга жашынды. Нары жакта таштан-ташка урунуп агып жаткан сайдын суусу тиги айылдагы ызы-чуунун үнүн басып, эч нерсени угузбай калды. Чынында жүрөгү лакылдап согуп, эптеп баласын сактагандан башка нерсе ойуна келбей кулагы дүңгүрөп, мээси токтоп калгансыйт. Деги эс тартканы мындай кыргынды көргөн эмес чыгар. Жанында өзүнөн бешбетер кейпи кетип, кийими дал-далынан айрылган баласы Кабылтай алаңдап отурат. Калтыраган колдору менен аны бооруна тартып, бекем кысып алды. Көзүн канчалык бекем жумуп, канчалык унутканга аракет кылса да жана көргөн кыргын көз алдында кадимкидей кайталанып жатты. Жаа-
гынан жашы мөлт-мөлт тоголонуп, солкулдап ыйлап жатканы менен, кимдир бирөө угуп койбосун дегенсип, үнүн ичине катып отурду. Бир маалда апасынын кучагында отурган Кабылтай:
– Апа, атамды карайынчы, ал бизди көрбөй калбасын, – деп кыймылдай баштады.
Бирок, Жибек аны уккан да жок. Көзүн дагы эле ачпай ыйлап отура берди.
– Апа дейм. Апа! Атам бизди таппай калат. Койо берчи мени. Атамды тосуп турайынчы.
Кабылтай бу саам шыбырабай катуу-катуу сүйлөп, тыбырчалап жиберди. Көзүн ача калып, эки жагын элеңдей карай калган Жибек, чын эле Бердибеги келетат деп ойлоду окшойт, өзү дагы тырмалаңдап коңулдун кырына жабышып чыгып, нары жак, бери жагын карап жиберди. Бирок эч кимди көрө алган жок. Кайра бирөө көрүп калчудай коңулга шашып кирип, баласын таппай калды. «Кабылтай! » деп кыйкырып ийди ал коркконунан. Өлүм эмне, душман эмне экенин түшүнө элек тестиер, атасы артынан эле келет деп ойлосо керек. Жибек коңулдан чыкпай шыкаалап атканда, жарчаны айланып чуркап өтүп, карагайдын бутактарына жабышып чыга баштаптыр.
– Апа, мен бул жактан атамды карап турам. Сен коркпо, - деди ал чыңкылдап.
– Түш кокуй! Түш! Душман көрсө кескилеп салат! – деп чыркырап ийди Жибек. Коңулдун кырына чуркап чыгып, баласын буттан тартып карагайдан сүйрөп түшүп, кайра коңулга кирип кетти. Ошентип экөө дагы бир топко отурду. Кабылтай дагы бир топко тынч отурган соң, кайра чырдап баштады. Жибектин ой-боюна койбой «Атама барам» деп жулкунуп ыйлап атып, колунан жулунуп чыгып кетти да, айылды көздөй тызылдап чуркап жөнөдү. Этек жеңи будоо болгон келин, чымылдап чуркаган балага жетмекпи. Далбактап жанын үрөп чуркаса да, жакындамак тургай уламдан-улам алыстап келе жатты. Башындагы жоолугу желкени көздөй шыпырылып, кундуздай кара
чачтын түймөгү жанып, белине жете жайылып калган. Көзүнөн жашы салаа-салаа агып, эмне деп сүйлөгөнү, кимге жалынганы, кимди жемелегени белгисиз, боздоп келе жатты. Көз алдына айылды кыйсыпыр салып кырып аткан душмандар тартыла түшкөндө, заманасы куурулуп, ого бетер күчөп чаңырыкты салды. Тигине, Кабылтайы кыя жолдун кырындагы дүпүйгөн чычырканакты айланып өтүп жок болду. Ал чычырканак бул токойдун эң четки бадалы болчу. Айылдын келиндери
менен анча-мынча сүт бышырганга, же от тамызганга кургак чырпык чогултканы келгенде, ушул чоң түп чычырканактын көлөкөсүнө бир сыйра отура калып, эс алып алышчу. Андан бери бурулган соң, токойду аралап кеткен жол ылдыйлай түшөт да, айыл далдоодо калып, көрүнбөй калат. Азыр дагы Кабылтайы ошол чычырканакты айланып кетип, көрүнбөй калбадыбы. Көрөр көзү көз жаздымынан чыгып кеткенге ого бетер жүрөгү зыркыраган келин, «Кабылта-ай» деп ачуу чаңырыкты салып, мойнуна шыпырылып калган жоолугун жулка тартып ыргытып жиберди. Өзү дагы алдыга жүткүнө берип, күүсүнө такат бере албай, жерге эт-бети менен жыгылды. Кайра төрт аяктап барып тура калып, чыңырган бойдон жанагы чычырканака жетип айлана бергенде, айылды карап элейип турган Кабылтайын уруп алып, экөө тең тоголонуп жатып калды. Бирок Жибек ага да караган жок. Кайра жөрмөлөп барып тура калып уулуна жетип келип бооруна баса жыгылды. Анан бултуйган бетин эки колдоп кармап алып чоло жерин калтырбай өпкүлөдү да, кайра кучагына алып бооруна басты. Бир заматта ырайы кетип, буту-колунун сыйрылганына карабай, тек гана
кичинекей медеринин аман-эсен алдында турганына Кудай Таалага чексиз ыраазылыгын айтып, жалынып- жалбарып жатты. Бала болсо анын буркурап-боз доп атканын элесине да алган жок. Нес болуп калган немедей айылды карап гана тура берди. Чын эле айылдын бүгүнкү түрү бир укмуш болчу. Бала болуп башына түк чыкканы мындай шумдукту көргөн эмес. Желеге тизиле байланган кулундар, жайыла жуушап жаткан койлор, жана эле аппак болуп томурайып турган үйлөр, мамыга тегерете байланган аттар, деги койчу, керек болсо ушул аймакта учуп-конуп жүргөн канатуу куштардан бери бүт жылан сыйпап кеткендей жымжырт болуп калыптыр. Алардын ордуна ар кайсы жерде тоголонуп жаткан дүмпүйгөн караандар менен буртулдап кара түтүн чыгып аткан күлдүн үймөктөрү эле турат. Айтмакчы, ар кайсы жердеги томурайган караандар адам өлүктөрү экенин, тиги үйүлүп жаткан карарган күлдөр, өрттөнүп жок болгон боз үйлөр экенин, жамандыкты көрө элек байоо бала кайдан билсин. Жана гана турган айылдын ушунчалык тездикте жок болуп кеткенин акылына сыйдыра албай, элейип тура берди. Ал тургай буларды эски журтка
калтырып, баары көчүп кеткенби деген да ой келбей койгон жок. Бирок, көч качан ушундай болчу эле? Журттан журт которуп көчүү булар үчүн өзүнчө эле
майрамдай өтчү эмес беле. Андайда айыл адамдары бака-шака болуп үйлөрүн жыйнап, эс тарткан балдар мал айдап, Кабылтай теңдүү тестиерлер тайларга минип торпокторду айдап, же жөн эле жарышып ойноп жөнөп калышчу. Аппак элечек кийген каадалуу байбичелер касиеттүү сөөлөт күтүп, жаркылдап жасана кийинген кыз-келиндер шаңкылдай күлүп, көздүн жоосун алышчу. Кыскасы, көчтүн да өзүнчө куту, өзүнчө шааниси бар болчу. Бүгүнкү күндөй тыптыйпыл болуп жок болуп кетүүнү ал эч качан көргөн эмес. Бир маалда ал атасын эстей калды. Элдин баары буларды унутуп кеткен күндө да, атасы буларды унутпашы керек эле...
Ааламды өрт каптап кетсе да, баласынан башка эч нерсенин кереги жоктой, айыл тарапты бир карап койбогон Жибек, уулун көтөрүп өйдө боло берерде, апасынын ийнинен артыла башы чыгып турган Кабылтай «Атам! Атам! Тигине атам! Койо бер мени! Атама барам, койо бер!» деп чыркырап, тыбырчалап жиберди. Эми гана Кабылтайын такыр койо бербеске убада кылып, ичинен ант ичип аткан Жибек, баласынын «тигине атам» деп сөөмөйү менен көргөзгөн жагын карай калып, көргөн көзүнө ишенбей далдырай түштү. Чын эле тиги өрттөнгөн айылдын наркы тушунда Бердибеги атчан турган экен. Болгондо да эч нерсе болбогон немедей, нары карап алып, атын откоруп турат. Жибек аны турган турпатынан, кийим-кечеси нен жазбай тааныды. Айланада андан башка бир жан көрүнбөйт. Күйөөсүнүн сырдуу көрүнүшү жүрөгүнүн тээ түпкүрүнөн шектенүү жаратып турса да, жакшылыктан үмүтү үзүлбөй, аталап чыркыраган уулун койо берип жиберди. Жанатан араң турган бала, атакелеп
бакырган бойдон аңды-дөңдү карабай чуркап жөнөдү. Бирок, Бердибекте эч кандай кыймыл жок. «Баласынын үнүн угуп бери кайрылышы керек эле. Жок дегенде башын көтөрүп койсо боло. Баса, көкүрөгүнө эмне сайып алган?» Жибектин оюна ушул сыяктуу миң түрдүү суроолор келе берди. Жанатан ыйлай берип тумандана түшкөн көзүн алаканы менен бурдап-бурдап аарчып жиберип кайра карады. Анан мээсине келе калган жаман ойлордон чочугандай башын чулгуп-чулгуп жиберип, кайра көзүн басып отура калды. Оозун тынбай кыбыратып Кудайына жалынганча кайра карады. Бирок, көзүн кайра-кайра ушалап, тигиле караган сайын кооптонгону күч алып, жүрөгү бир жамандыкты сезгендей сайгылаша баштады. Акыры өзүн-өзү ишендирчүдөй «жок андай эмес! Ал өлгөн жок! Ал тирүү. Ал жөн эле турат» деп кобуранып, Бердибек турган жакты көздөй темтеңдеп жөнөдү. Анан чарт жарылып кеткенсип «Бердике, айланайын Бердике!» деп кыйкырып алып, уулунун артынан ал дагы энтиге чуркады.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Eltuzor   06 Июнь 2015 - 12:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Кадырбек менен Акмырза мындан үч күн мурун кийик уулоого кетишкен. Бир жылдан бери мергенчиликке кызыга баштаган Кадырбек, тынып үйгө жата албай, айылдагы өзү теңдүү Акмырзаны ээрчитип алып наркы алыскы төргө жөнөгөн. Ал жакта жайдыр-кыштыр журт которбой жашаган аталаш тууганы, Чотон мергенчи бар. Өмүр бою аңчылык менен күн өткөргөн Чотон былтыр бул инисин бир топ күн үйүнө кондуруп, анча-мынча мергенчилик өнөрүн көргөзүп койгон. Ошондон бери аны пир тутуп алган Кадырбек, эптеп колу бошосо эле камданып алып жөнөп калчу. Чотондун төрдөгү казылган кенен үңкүр үйү, оңой менен чечилип сүйлөбөгөн, аялдын да, эркектин да оокатына тың аялы, үңкүрдүн төрүнө кулпура илинген суусарлар, тим эле ыргып келип баса калчудай катырылган жырткычтар, адам боюндай чубалып илинип турган зор карышкыр терилер, үйдөй орунду ээлеп жаткан аюу талпактар жана башка бир топ жаныбарлардын таң калыштуу катырылган келбеттери Кадырбектин былтыртан бери айтса түгөнгүс жомогуна айланган. Баса, Чотондун мергенчиликтен сырткары жыгач усталыгы да бар дешчү айылдаштары. Ал өзүнө ылайык идиш-аякты, жаа-жебени, ээр-токумду тыпырайтып, сонун кылып жасап алчу имиш. Бирок, бул өнөрү менен көп деле шугулданбай, жеке өзүнө керек болгонду,
же чындап көңүлү келген нерсени гана жасайт деп калыша турган. Чынында, Кадырбек былтыр агасына ошол устачылык өнөрү үчүн келген. Шыпылдап куюулуштура сүйлөп, ар кимдин ичи-койнуна бат кирген Кадырбек, кыз-келинге жакындоонун амалы менен бир жыл мурун комуз черткенди Акмырза досунан эптеп үйрөнүп алган болчу. Анан ар кайсы күүнү чала-чарпыт чертип, ар кайсы тойлордо кыз-келиндин көңүлүн өзүнө тарта баштагандан кийин, жакшылап бир комуз чаптырып алмакка Чотон агасына келген. Ошондон бери анын оомо көңүлү комузчулуктан мергенчиликке ооп кетти. Баса, агасынын үңкүрүндөгү жаныбарлардын келбеттери менен, жарымынан көбүрөөк калп кошулган аңчылык тууралуу окуялары айылдагы кыздарга кыңкылдатып чала-чарпыт комуз черткенинен да өтө чаап жагып калса болобу. Жакпай анан? Ал мурда эптеп-септеп комуз кыңгыраткан көп баланын бири болсо, азыр атагы бүт өрөөнгө тараган Чотон мергендин бирден-бир жолдошу аталып
калбадыбы. Курбулары аны тамаша-чынга аралаштырып «Кадырбек мерген», же «Кадырбек баатыр» деп атап калса, калп эле чычаламыш болгону менен, өзүн
чын эле ошол лакапка ылайык сезип, каада күтүп, тымпыйып калчу.
Кыскасы, мындан эки-үч күн мурун аңчылыкка кеткен эки бала мерген бүгүн Чотондун айтуусу боюнча, бири булактын боюнан бир аз нарыраак карагандын
түбүндө, бири берки кашаттын кырындагы чоң таштын коңулунда жатат. Таң атпай эле наркы беттен бир текени жыга аткан Чотон, куру кол калганына ызаланган экөөнү азыр тиги булакка эликтер суу ичкени түшөрүн айтып, экөөнүн кайсы жерге тосотко отурушарын түшүндүрүп жөнөтүп ийип, өзү олжосун көтөрүп үйүнө кетип калган. Андан бери бир топ убакыт өттү. Карагандын арасында жаткан Кадырбек, бүгүн олжосу жок кетпеске ичинен ант ичип, агасы айткан эликтин келишин көгөрүп күтүп отурат. Бул айланада башка булактын жоктугуна ичинен миң мертебе ыраазы болуп, акыры суусаган немелер баары бир ушул жакка түшөт деп бекем ишенип алган. Тигине, күн да бир топ өйдөлөп калды. Былк этпей жатканына тим эле эт-бышым убакыт болуп кетти. Бирок канчалык чыдамы кетип баратса да, кечээ күнкү Акмырзага уят болгону эсине келген сайын ого бетер көгөрүп жата берди. Шыпылдап бир орунга тура албаган шашма Кадырбекке караганда, Акмырза алда канча сабырдуу, токтоо жигит эле. Ал ушул токтоолугунанбы, айтор, кечээ кечки тосотто Кадырбек үркүтүп ийген эликти атып алган болчу. Азыр дагы ал Кадырбекчелик чыдамы кетпей, ичинен ар кайсыны кыялданып, эки жакты карап отурду. Бир маалда ал тиги айыл тараптан сызылып чыгып жаткан түтүндү байкап калды. Булар айылдын деңгээлинен бир топ жогору, тоонун үстүндө болгону менен, жаткан жерлери чөйчөк сымал чуңкурураак келип, айыл далдоодо калчу. Ошентсе да болжол бар
эмеспи. Уламдан улам күчөгөн коюу түтүн так эле ушулардын конушунан чыгып жаткандай. Акмырзанын оюна ар нерсе келе баштады. «Өрт каптап кеттиби, же бир нерсе жагып атышат болду бекен?» Же ордунан чуркап чыга албай, же тынч эле жата бере албай эми даана шаштысы кетти. «Бул эмне деген түтүн болду экен? Баса бул түтүндү менден башкалар көрдү бекен?» Ушул ойдо ал биринчи Кадырбек жакты карады эле, андан дегеле дайын жок. Анан тиги Чотондун үңкүрү жайгашкан кырды карай берип, элейип калды. Артында жетелеген аты бар бирөө кырдан чаап чыкты дагы, аттын оозун тик ылдый койо берди. Байкаса так эле өздөрүн көздөй келаткандай. Бир топко карап туруп астындагы Кадырбектин аты менен, жетекте келеткан өзүнүн торусун тааныды. Ошондо мээсине тык дей түштү. «Чотон мерген го. Ал эмнеге шашып келетат? Дегеле ал ат минип чаап, бир жакка шашчу эмес эле...» Кайра тиги түтүн чыккан тарапты карады. Эми ал тим эле кап-кара болуп коюуланып калыптыр. Акмырзанын чыдамы кетип Кадырбекке кыйкырмакка алдындагы таштын кырына секирип чыкты. Ушул убакта топ карагайдан чыккан эки элик булактын кырына келип калган экен. Андан аркан бою гана нарыракта гы карагандын түбүндө Кадырбек жаасын оңтойлоп кармап, эми тигилердин сууга эңкейишин күтүп турган. Эликтер башын сууга сала эңкейип кылкылдатып жутуп калган кезде, такыр колтукту болжоп атып калмак. Бирок, дагы жолу болбоду. Калдаңдап чыга калган Акмырзаны бир карап, кайра эликтерди карагыча тигинден үркүп, өзүн көздөй түйүлө чуркаган жаныбарлар аз жерден койуп кете жаздап, эки капталынан шуу-шуу этип өтүп кетишсе болобу. Карагандын алдына чебердик менен бекинген немени шордуу жаныбарлар деле жанынан өтө бергенде араң байкашты окшойт. Ого бетер шаштысы кетип алактап, өз бутуна өзү мүдүрүлүп жыгылып, кайра тура калып жаасын таап, огун алып камдагыча эликтер көздөн кайым болду. Көз алдында турган олжосун алдырганына ичи жалындап күйүп, ызасына буулуга түшкөн Кадырбек, таштын үстүнөн секирип түшүп, өзүн көздөй чуркап келеткан Акмырзаны көздөй атып жиберди. Ачуусунан көзү тумандап, бүткөн бою титиреп калгангабы, же өлтүрө атканга кудурети жетпей, атайылап жаза аттыбы, айтор, аткан огу Акмырзанын башынан бир карыш өйдө шуулдап өттү. Жаалына чыдабай жаасын алда кайда ыргытып жиберип, Акмырзанын ата-жото сун калтырбай ашата сөгүп, атырылып чуркап жөнөдү.
Башынан шуулдап өтүп, артындагы ташка карс урунган жебени карап алып, Кадырбектин кандай ыза менен келетканын байкаган Акмырза, ылдыйды көздөй
салып, буйтап өтүп, карагай-черди аралап Чотондун алдын торой чуркады. Азыр ал тиги Кадырбекке эч нерсени түшүндүрө алмак эмес. Ошону менен экөө кубалашкан бойдон тик ылдый чаап келаткан Чотондун алдынан чыгышты. Бир балакетти сезгендей Акмырзанын жүрөгү болкулдап турса, Кадырбек дагы эле сөгүнүп- сагынып, ал тургай ызасына чыдабай көзүн жаштап алыптыр. Демейде оңой менен ачууга алдырбаган Чотон бул жолу экөөнө жетери менен бакырып койо берди:
– Ой эннеңди урайын жетесиздер! Көзү кашайган көр сокурлар! Жата бергиле эки эликти тиктеп. Тигил жакта кырып салбадыбы я! Кырып салбадыбы тиякта, э кокуй. Мин атка, эмне алайасың! – деп жетелеп келеткан аттын чылбырын Акмырзага ыргытып салып, өзү айылды көздөй чаап жөнөдү. Акмырза шарт чылбырды алып атка ыргып минди да, Кадырбектин учкашышын күтүп токтоп калды. Кимди, эмнеге, кайсы күнөөсү үчүн сөгүп кеткенин түшүнө албай Кадырбек, алайып эле туруп берди. Чотондун каары анын жанакы жинин суу сепкендей өчүргөн экен.
– Кадырбек, мин! Учкаш артыма! Айыл өрттөнүп атат. Эртерек жетели, бол! – деп кыйкырып жиберди Акмырза. Кадырбек дагы эле эсине келе албай элейип, жаңылап суроо салганга да дарамети жетпей аттын соорусуна ыргып минди.
***

Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 06 Июнь 2015 - 12:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Eltuzor   06 Июнь 2015 - 16:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Арадан күндөр өттү. Чотондун ээн үңкүрү элден-журттан айрылган төрт шордуунун түнөгүнө айланды. Алаамат түшкөн ошол күнү, ата-энесинен, бир туугандарынан айрылган эки жигитти эптеп эстерине келтирип, жансыз денелерди шашмалап жерге берип, кайра үңкүрдү көздөй качып келишкен. Эркек эмеспи, экөө аз да болсо кайратына келгени менен, берки Жибек тап-такыр акылынан айнып калгандай. Боюнда да бар экен. Баласы боюнан түшүп, ого бетер шайы калбай, жалдырап эле жатып калды. Атасынан ажырап, эми энесин караан тутуп отурган кичинекей Кабылтай, Жибектин жанынан карыш жылбай мелтейип отурат. Ким билсин, болгон жашын агызып бүтүп койгонбу, айтор, ал ыйлаганын да токтотту. Тек гана энесин кымтылап жаап коюп, унчукпай отурганы отурган. Берки экөөнө болсо бирде катуу айтып, бирде жумшак айтып жүрүп Чотон мерген бир аз кайратына келтирди. Өзү мурдатан эле ат минип, мал күтпөгөн мерген, беркилердин да аттарын жайдактап агытып жиберди.
– Ээр токумчан ат баарыбызга айгак болот. Азырынча агытып койолу. Буюргулуктуу мал болсо айланчыктап оттоп жүрө турар. Буйругу жок болсо, калган - каткан
жамандык ошолор менен кетсин. Баш аман болуп, элден кабар алсак, мындай аттын далайын табабыз, – деп ээр токумун алдырып, аттарды наркы төшкө айдап салды. Арадан эки күн өткөндөн кийин, Чотон күн батарда кайдадыр чыгып кетти да, үч күнчө жоголуп, төртүнчү күнү таңга маал үңкүргө келди. Көрсө бул тоолордун кычык-мычыгын койон жатагына чейин билген неме, төтөлөп жүрүп башка айылдардан кабар алыптыр.
– Балээ баскан экен. Жакын арада аман калган кыргыз айылын көргөн жокмун. Тигил ылдыйкы өзөндү бойлоп кечээ калың кол өргүп калды. Тим эле сан эсеби билинбейт. Калмагы бекен, кытайы бекен ким билсин. Деги кыргыздын эзелки душмандары кайрадан өчөгүшүп келген окшойт. Шору арылбаган кыргызыма дагы бир алаамат келген го, – деп кейип отурду Чотон. Тиштенип, ызырынып жүргөн берки эки жигит бет алдындагы жалынды теше тиктеп, дулдуюп унчукпай отуруп берди.
Ошону менен мерген кечке унчукпай жүрүп, кечке маал тамак үстүндө Кадырбек менен Акмырзага кайрылды.
– Эми акыл менен иш кылалы. Ачууга алдырып топ душманга ат койгондо өлүмдөн башка пайда жок. Андан көрө эртең тиги аттардын экөөнү кармагыла. Кадырбек экөөбүз түнү менен аттанып, наркы элдерден кабар алалы. Балким алар нары жак, бери жактан дагы чогулуп, жоого такат берип калгандыр. Андай болсо тезирек барып, тиги суу бойлой конгон душмандын колу тууралуу билдиришибиз керек. Бул жерде жата бергенибиз болбос. Акмырза, сен бул жерде катын-балага баш-көз бол. Мобул жердегилер сага аманат. Биз келгиче буларды ачка койбой багып тур. Такыр эч нерсе ата албасаң, наркы калмактын аты жүрбөйбү, ошону деле союп сал. Биз бөөдө кырсыктан аман болсок, ашып кетсе бир ай, же он беш күндө келип калабыз. Эй катын, тиги Жибекке кечээ мен даярдап койгон кайнатмадан күнүгө үч маал берип тур. Атаң гөрү молдо Жакыптын жылан дарысы болгондо, тез эле сакайтып албайт белек. Эми айла жок. Ушул дары деле шыпаа болуп кеткиси бардыр. Ошол. Кадырбек, бүгүн жакшылап уктап ал. Алыс жолго баратабыз. Ушуну менен бир нече күн бутуңду керип уктабайсың. Күндөп-түндөп ат тезегин кургатпай жетишибиз керек. Түшүндүңөрбү! ? Анда, жатып эс алгыла!
Акырындап барып үңкүрдүн ортосуна жагылган оттун жалыны өчүп, жылтыраган чоктору эле калды. Кабылтай энесин кучактап кирпик ирмебей жатты. Анын көз алдына ар кай жерде өлүп жаткан адамдар, башы жок денелер, чубалган иче-карындар, чуңкурурак жерлерге чогулуп, уюп калган кан, үзүлүп түшүп калган адамдын колу-буттары, шалактап аттын үстүндө кулабай жүргөн атасы элестеп жатты. Атасын ал аттан кулап калганга чейин тирүү эле деп ойлогон. Качан жайнаган өлүктү аралап өтүп, ботодой боздоп, сербеңдеп чуркап келген кичине баладан алдындагы аты дыр берип үркүп, үстүндөгү Бердибек ооп түшүп, астына дардайып жатып калганда гана анын тирүү эмес экенин билди. Андан кийин эсинде жок. Кучактап алып ыйлап жата берген экен. Энеси болсо буларга жетпей эле эсин жоготуп, кулап калыптыр.
Чотондор келбегенде бул кичине бала менен алы жок аял эмне болушмак, ким билет. Андан бери бир канча күн өттү. Бирок, Кабылтайдан бир ооз сөз чыга элек. Алдап-соолап атышып бирдеме жегизишкен болот. Чотон мергендин аялы Батма дулдуюп түнт болгону менен, балага кароо экен, үстүнө үйрүлүп түшүп айланчыктап эле жүрөт. Байкуш, өзү да төрөбөгөн, балага чукак жан эмеспи. Жибек болсо күндөн-күнгө алсырап барат. Кээ бир күндөрү денеси алоолоп от менен жалын болуп чыкса, кээде бүткөн боюн муздак тер басып, калтырап чыгат. Ал ошол кыргын болгон күндөн бери жарытып эсине келе элек. Түнү менен жөөлүп да чыкчу болду. Байкуш, бир туруп Бердибеги менен кадимкидей сүйлөшсө, бир туруп анын өлгөнүн азыр көрүп аткансып, боздоп ыйлап, колун сунуп тура калат. «Атаганат, мен деле чоң болсом эмне. Ошо атамды өлтүрүп, апамды сыздаткан жоонун кекиртегин жулуп албайт белем. Тиги Чотон менен Кадырбектердей болуп түндө жол жүрбөйт элем.
Түп-түз эле качырып кирмекмин. Булар коркоктор экен. Карап тургула мен чоңойормун», - деп ызырынып жатты Кабылтай ичинен. Жоонун ким экенин, атасын кимдер өлтүргөнүн билбесе да, кимгедир эзели кеткис кек сактап, көксүнү канбоочудай ызырынып отурду. Ким билет, ал ушунтип канча отурганын. Бир маалда үңкүрдүн оозун жапкан терини түрүп атасы кирип келди. Кубанганынан так секирип тура калып, атасына бой таштады. Бердибек уулун тап-так көтөрүп алып, белиндеги болот кылычын чечип карматты да «Уулум, бул кылыч эми сеники. Көрдүңбү тээтиги жоону. Сен аларды муну менен оңго-солго шилтеп эле кууп ийсең болот. Кана ошентип көрчү»
деп тээ төмөндө кыжы-кыйма түшкөн атчандарды көргөздү. Бала чын эле кылычын оңго шилтесе баягылар оңго чачырап, солго шилтесе солго чачырай баштады. Ошол убакта энеси жасанып кийинип чыгып, экөөнүн жанына келди. Тим эле жүзү жайнап, күлмүңдөп алыптыр. Жанына келип маңдайынан сылап, бетинен өөп бир топко отурду. Адатынча кимгедир жалынып, өмүрүн тилеп кобуранып атты окшойт. Анан нары жакта турган аппак боз үйдү көздөй атасы экөө ээрчишип кетишти. Арттарынан барайын деди эле атасы, «Сен келбе балам. Алдагы кылычыңды жоготпо. Тиги душмандар элди каптап кетпесин. Тезирек тосуп чык аларды» деп көргөзүп коюп, экөө ак боз үйгө кирип кетишти. Атасы көргөзгөн жакты караса чын эле көздөрү оттой кызарган, иреңи суук адамдар каптап келеткан экен. Атасы менен апасы кирип кеткен үйдү дагы өрттөп кетишпесин деп, кылычын колуна алып бакырып тура калганда гана ойгонуп кетти. Үңкүрдүн үстүндөгү кичинекей тешиктерден шоола кирип, таң атып калыптыр. Жанагы аппак боз үй, атасы, жер жайнаган душмандардан дайын жок. Баягы эле чоочун кара үңкүрдө, апасынын жанында отуруптур. Ордунан леп этип туруп, чуркап келген Чотондун аялы, ар кайсыны божурап соорото сүйлөп, кичинекей баланы бооруна кысып, кучагына алды. Кабылтай башында боюн ала качып, чочуркаганы менен, кийинчерек чын пейлинен мээримин төккөн аялга көнүшүп калган. Батма бир маалда Жибекти карап алып көздөрү алаңдап кетти. «Чотон, тур кокуй! Бери бас» деп кыйкырып алып, Кабылтайды желбегей жамына келген чапанына ороп, бооруна басып, нары көтөрүп кетти. Аялынын үнүнөн кооптоно калган мерген калдаңдап келип, тиги купкуу болуп жаткан Жибектин кебетесин көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Көрсө ал байкуш да небак жан таслим болуптур.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Eltuzor   07 Июнь 2015 - 03:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Арадан жылдар өттү. Боорун тепсеп кирип келген душмандын өз койнунда бейкапар жашаган уулдарын канабайрам кылып кырып, кырылгандан калганын алда кайда темселетип кууп жибергенине кабатыр болгондой, улуу тоолор суз тартып, алыстаан-алы- стан кабар күтүп, тээ мунарыкты карап сумсайып турганы турган. Бая илгерки тынччылык убак болгондо бул мезгилде, ар кайсы өзөн жээгине, булак башына томурайган боз үйлөр тигилип, күтүрөтө жылкылар байланып, сабаа толо кымыздар саалып дегендей, айлана кут-берекеге бөлөнүп турбайт беле. Эми болсо минтип, тооллрдун койну ээнсиреп, кишинин карааны
көрүнбөй турат. Тоо башындагы төрдүн кайкысын ээ-леп, адам байкагыс үңкүрдө жашаган төртөө эле бол-босо, бул жакта дээрлик адамдын шек шоораты бай-калбайт. Тиги этектеги жол менен кээ-кээде бул жакты түбөлүкө ээлегендей, беймарал бастырган калмактар жүрүп калат. Кыязы, ээлеген аймагы өтө эле кенен ок-шойт, бир айылы суу ылдый күн батышка барып консо, дагы бир айылы тигил эле күнчүлүк алыска, өйдөлөп барып конуп, дегеле кенен малын жайып, беймарал бастырып жыргап калышты. Ушунун баарына канча жылдан бери күбө болуп, кеги кайнап, итатайы туту-луп жүргөнү менен, өздөрүнүн аздыгын, алсыздыгын мойнуна алгандай Чотондун үңкүрүндө жашагандар оң колунун ачуусун сол колу менен басып, чыдап ке-лишет. Ата-энеден көз көрүнөө ажыраган Кабылтай, жашоонун ырайымсыз катаалдыгынан таасирлендиби, айтор тез жетилип, жылдап эмес айлап баралына толуп баратат. Анын үстүнө, бала чагынан душмандын канын көксөп чоңойгон жаны, тынч алып жата албай, Чотон агасынан жазбай жаа атканды үйрөнүп, Акмырза ага-сы менен ар кандай согуш өнөрлөрүн тынымсыз кайталаганы кайталаган. Баягы кыргында Бердибектин болот кылычын шиберде тебеленип жаткан жеринен Чотон таап келип койгон болчу. Болоттон ширетилип жасалган кылычтын албарстай курчтугун, көз жоосун алган көркөмдүгүн байкаса калмактар калтырмак эмес. Кыязы алар байкабай калышса керек. Кабылтай болсо муну ыраматы болгур апасы Жибек каза болгон күндөн бери жатса-турса колунан түшүрбөйт. Балким, атасынан калган жалгыз белеги, жанына эш тутар ме-дери ошодур чынында. Баса, ошол күнү тезирээк кыргыз урууларынан ка-бар алып, такат бергендери болсо, артта келеткан
душмандын улуу колун кабар кылганга шашкан Чотон менен Кадырбек, кечке маал Жибектин сөөгүн ак кепиндеп, аруу жууп жерге берип эле, шашмалап аттанып кетишкен. Күндөп-түндөп төтөлөп жүрүп отуруп барышса, наркы чогулган кыргыздын абалы деле чеке жылытарлык болбой чыкты. Анан кантсин, алакандай эл болсо өзү. Чотон менен Кадырбек жеткен күнү дагы, ошол жердеги билерман аксакалдар отуруп, оо кыйлага чейин кажылдашып кеңеш курушту. Өз жанынан башканы ойлобогон кээ бири, келер душмандын көптүгүн укканда эле чымындай жандан түңүлүп, азыр эле качып берүүнү сунуш кылышты эле, жаалданган
бир тобу алардын абийирин кетире ашата сөгүп, эки жаат болуп чабыша жаздашты. Акыры сөзү өтүмдүү бийлерден бирөө «карапайым калк узап кеткиче жо-онун колун алаксыталы. Эгерим андай кылбай бүгүн качып-бозуп берсек, анда эртең эле душман катын-балаң менен тиги Ала-Белди ашырбай баса калар.
Ошондо кыбыраган кемпир-чалга чейин кырылып, ту-кумубуз соолуп кетпесин» деп акылын айтып, баарын бир бүтүмгө келтирди. Андан кийин жоонун колун
кай жерден, кантип тосушту бышыкташкан соң, ар ким өз колуна тарап, болор кыргынды күтүп, жатып калышты. Ошентип, ал жолу кыргыз уулу дагы бир жолу кашкөйлүгүн карматып, бабадан калган согуш өнөрүн дагы бир ирет көргөздү бейм. Баягы улуу жомокто айтылган Акбалтанын амалындай, жоонун биринчи келген колуна ар кайсы жерден тийди-качты уруш кылып, тынч алдырбай бир-эки күн шайын кетирген соң, дароо артынан өргүтүп эс алдырбай чабуулга өтүүнү болжоп алышкан. Айткандай эле, улам бир капчыгайдын кырынан чыга калып мөндүрдөй жааган окко алышып, койдой таштарды диңкилдете жондон ылдый койо берип ызы-чуу сала башташты. Биринчи күнү күтүүсүздөн бир топ кыргынга кабылган душман, кийинки жолкусун чырм этип уйку албай, ойду келди өргүбөй сак жүрүп калышты. Эки күн ошентип шай-ларын оодаргандан кийин, эртеси таңга маал үзүлүп уктай албай келеткан жоого кыргыйдай каптап ки-рип келишти. Мына ошондо кыргынды көрүп ал. Жай убакта мемиреп тынчтыкка бөлөнүп турчу айлананы алгач адамзаттын үрөйдү учура өжөрлөнгөн кыйкы-рыгы каптап кетти. Демейде уруу-урууга бөлүнүп, ар кимиси өз баатырын айтып ураан таштап жүрчү эл, бүгүн жалпы жонунан бир муштумга биригип атканын сезип, жалпы баарысынын кан-жанына сиңип бүткөн баатыр атасы Манасты атап кыйкырып, дүңгүрөтүп кирип келишти. Эки күндөн берки тынчы жок түндөр чарчатып, ар кай жерде уйку басып отурган жоонун кароолун, Чотон баштаган мергендер турган-турган жеринде жалпайта атып, тындым кылышкан болчу. Андан соң жалпы кол мерчемдүү жерге чейин кокту-колотко жашынып келишти дагы, чыга калса эле жайпап кетчү жерге жеткенде, уйкуда жаткан немелердин ого бетер шаштысын кетирип, дүңгүрөтө каптап бе-ришти. Койгон кароолдоруна ишенип, бейкапар жат-кан калмактар тиккен чатырларынан антаңдап чуркап чыгып эле найзага тепчилип, кылычтын мизине кабы-лып кыйрап жатты. Анча-мынчасы колуна курал ал-ганга үлгүргөнү менен, аралашып калган кыргыздын кайсы бирине сокку урарын түшүнбөй кайсалактагыча же төшүнө жебе кадалып, же сундурган найза кардын жарып, тырайып калып жатышты. Мыкаачылык менен каза болгон ата-энеси, бир туугандары канча күндөн бери көз алдынан кетпей, өч алуу мөөнөтүн тыным-сыз күтүп жүргөн Кадырбек, жаш болсо да согушка жигердүү катышып, алдынан чыккан кандай душман болбосун, тайманбай сокку уруп келатты. Жеринен сак, жеринен шашпаган Чотон, бала неме жаза тай-ып алдырып койбосун дегенсип, Кадырбектин жаны-нан алыстабай, нары жак, бери жагынан чыга калган жуңгарларга шыпылдатып жаанын огун кадап гана жүрүп отурду. Чынында өзүнүн да моокуму канып жатты. Бүтүндөй айыл өрттөнгөн кыргында ал деле айылдаштарынан, бир тууганы болбосо да, аталаш ту-угандарынан айрылбады беле. Улам жебесин салып, улам тарткан сайын, жер кучактап жыгылган калмакты ага-тууганына багыштап коюп, шашылбай терип Ка-дырбекти жандап келе берди. Бирок, бул кыргын узакка созулган жок. Нарырак жайгашкан жоонун кийинки колу жардамга чыгып,
жакындап келип калган экен. Атайын айлананы байка-макка дөңгө коюлган кароол, тарсылдатып добулбасын койгулап калды. Бул «жетишет, тарагыла» деген белги болчу. Канча күндөн бери далай айылды азага чул-гап, тынч жаткан элди кыйсыпыр кылып кырып ийген жексурлардан өч алып, кычуусу канбай жаткан кээ бир жигиттер, тиги добулбасты укпагандай, дагы эле жой-кун салып, аралап жүрүштү. Томолой жетим калган Кадырбек дагы Чотондун «токтот эле токтот» деп жандай чапканына карабай, улам бир калмакты жыга сайып, улам бирөөнү көмө коюп аралап жүрө берди. Акыры, айласы түгөнгөн мерген, өзү четке чыга берүүгө аргасыз болду. Ошентип, жуңгарлардын кийинки колу кирип келгенге чейин көпчүлүк кыргыз канабайрам түшкөн аймактан чыгып, алыстап кетип калышты. Көктүгү кар-мап жоо арасында калып, долулана согушкан жигит-тер бир топко моюн бербей кармашканы менен, баары бир көпчүлүк деген көпчүлүк да, чай кайнам убакытка жетпей кайран кашкөйлөр туш тарабынан жебе када-лып, же калбыр болуп найзага сайылып курман болуш-ту. Кызыл жаян болуп кырылып калганына ызаланган жуңгарлар, аларды айоосуз бырчалап, жансыз денеле-рин дагы кескилеп өч алып жатышты. Ал күнү жуңгарлардын биринчи колу жайгаш-кан өрөөндөн адамдын онтогон үнү кечке чейин жаңырып, туш тарабы суналып жаткан өлүккө батпай кала берди. Ар кимиси ар кайсы коктуга кирип, тоо
таяна качып, сиңип кеткен кыргыздын кимисин кайда кубаларын билбей кайсалап калган калмактар, биро-толо кууй албай токтоп калышты. Ушуну менен жоонун
колу жүрүшүн басаңдатып, аярлай түштү. Кыргызды теңине албай келатып кабылган кыргын аларга жак-шы эле сабак болгон шекилдүү. Эми алар сагызгандай
сактыкка өтүп алышты дейсиң, кыргыздар мурункудай чабуул койо албай айланчыктап жүрүштү. Акыры эки-үч күн өтпөй кары-картаң, бала-чакага буйдалып, жай-ыраак кетип бараткан көчтөн аз да болсо алыстатуу максатында, тынымсыз илгерилеп бараткан жоого тобокелге салып бөйрөктөн сокку урушту. Капталынан
келер жоону күтпөгөн ойроттор чындап эле токтоло түштү. Бирок, кыргыз тарап дагы оор жоготууга учу-рады ал күнү. Ошону менен аман калган кыргыздар
жүрүшү басаңдаган душманды таштап, алдыда барат-кан элди ылдамдатып кетмекке, көчтү көздөй жөнөп кетишти. Чотон болсо кайрылып үңкүрүн көздөй са-пар алды.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Eltuzor   07 Июнь 2015 - 13:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Ошол-ошо болгон. Андан бери арадан жылдар өттү дедик. Сарыбагыш уруусунан чыккан Тынай бий баштаган кыргыздар, качып-тозуп жүрүп, эзелки кыр-гыз атанын жери, кийин Кокон хандыгынына караган Анжиянга кирип жайгашып калышты. Жайлоонун сал-кын абасына көнүп, жеринен мал-жандык менен күн
өткөргөн кыргыз, ал жакта мүңкүрөп калбастын амалы кылып, эгин-тегин айдап, жер иштетүүгө өтүштү. Эптеп эч кимге күнкор болбой, буттарына туруп алышса, жоо
жарагын камданып алып, кайра «кайдасың Ала-Тоо» деп кете берүү алардын бирден-бир максаты. Айтмак-чы, алдыда ата-мекенди душмандан бошотуш үчүн ай-ыгышкан согуш болорун билген кыргыздар, бул жакта колуна курал көтөрүүгө жараган эркектананын баарын согуш ыкмалары менен машыктырып жатышты. Чаап баратып жаа тартуу, кылыч, найза, айбалта,чокмор жана башка аскер куралдары менен согушууну жапа тырмак өздөштүрүүгө киришти. Алар менен ар жылы кабар алышып турган Чотон бир жылы күзүндө Ак-мырзаны дагы ошол тарапка жөнөткөн.
Баса, кыраакы мерген бир чети өзүнүн үңкүрүн душмандар таппасы-на ишенсе, экинчиден Анжияндагы кыргыздарга бул жактан маалымат жиберип туруу максатында тоо ара-сында кала берген болчу. Андан бери жылына бир жолу каттап, элден кабар алып турат. Өзү болсо, жапайы жаныбарлардын терилерин, катырылган келбеттерин алып Кашкарга чейин кирип соода кылганча, жалпы чөлкөмдөгү кырдаалды билип турууга жетише башта-ды. Чотондун байкаганы боюнча, калмактар азыр өтө күчтүү. Алардын башында турган Галдан Серен кыйын чыгып, калмактарды бир ууч кылып бириктире кармап турат имиш. Бирок, эл-журттун айтуусуна караганда, балдарынын ыркы жок окшойт. Кокус, кудайдан болуп, Галдан Серени апаат болсо, анда бу калмактарды би-риктирер эч ким жок дешет. Ушу сыяктуу кабарларды жыл айлантпай жетки-рип турган Чотон, ал жакта кадырлап күткөн адамга айланды. Ал келди дегенде жалпы калайык чогулуп, Тынай баштаган бийлер ортого алып, баскынчылар тууралуу, тоо койну тууралуу кебин маашырлана угушчу. Башында ага кылган кызматыңа деп анча-мынча алтын тоголотуп, же сарттын сарала чапанын жабыша турган. Мурда кийин байлык-бийликке кы-зыгып, өмүрү бирөөнүн астына мүңкүрөп көрбөгөн мергенге болсо, алардын бул кылыгы такыр жаккан жок. Айтар кебин айткан соң, алдына тартылган тар-туу, көрсөтүлгөн сый-урматка кол шилтей аттанып, тезирээк тоосуна жетүүнү самап, жөнөп кетчү. Өмүр бою салкындуу тоо боорунда жашаган немени, Ан-жыяндын ысык аптабы куйкалап, куйкасын курушту-руп жиберер эле. Анан калса малынын этинде деле негедир даам жоктой. Чөптүн чүйгүнүн жеп, суунун тазасын ичип семирген тоонун малына, айрыкча кий-иктин этинин даамына жетмекпи бу чөлдүн эти. «Бай-куш кыргыз уулу, ушуну менен түбөлүккө бейиштин төрүндөй жеринен ажырап, акыр кыяматка чейин ушул кайнаган чөлдө кор болуп кетпесе болду» деп тилечү ал. Анын акыркы убактагы жападан жалгыз ти-леги эле ушул. Ата-бабасы жердеген Ала-Тоосуна эли аман-эсен кайрылып келсе болгону. Болбосо, тиги-лер тартуу кылган алтын-күмүш, чүпүрөк-чапыракты ал тиги Кашкардын базарынан, өзүнүн кымбат баалуу терилерине алмаштырып деле кокодон жыйып алмак. Баса, мунун тоо башындагы үңкүрүнө алардын эмне кереги бар десең. Деги эле алардын кимге кандай пайдасы бар экенин түшүнбөйт жеринен. Алтын ме-нен күмүшү же жегенге жарабаса, же дубал тургузуп, бирдеме салганга жарабаса. Берки шайы дейби, жи-бек дейби, айтор чүпүрөктөрүн айтпай эле кой. Бир жолу андайды базардан аялына алып келгени да бар. Байкуш өмүрү тери, кийиз, анча-мынча сокмо таар-дан башканы көрбөгөн Батма, таң калып жүрдү ба-шында. Айрыкча жибектин жумшактыгы ага да жакты окшойт бир алдын. Бирок, жеринен көп жылтыр-жултурга кызыкпаган неме, бара-бара ага деле көңүл бурбай, алып келген жибектери түрүлүп-түрүлүп тиги үңкүрдүн бурчунда жаткан бойдон кала берди. Ошо-ну менен аны эмне кылганы белгисиз. Чотон деле аны менен иши болгон жок. Кыскасы, тоо башына жетеби? Эти даамдуу, абасы таза, суусу тунук, эч ким менен талашпай, эч кимге башыңды ийип тизеле-бей, каалаган жагыңа басып, каалаган нерсеңди жа-сап жашай бер. Бул ушуга көнгөн. Буга тоонун ошо салкын абасы, тунук суусу тоодой үйүлгөн алтындан өйдө. Ушуларды ойлоп жатып бырс күлүп жиберди.
«Тоодой үйүлгөн алтын» деген күлкүлүү сезилип кетти. «Кокус алтынды тоодой кылып үйүп койсо, жа-нагы баалуу таш дегенде жанын берчүдөй болгон бечаралар эмне кылышат болду экен? Өзүндөй бо-луп, үстүнө үңкүр жасап чыгып алышабы, же четинен оюп үйүнө ташып, батыра албай убара болушабы? Эх, бечаралар». Чындап боору ооруганын билдир-гендей башын чайкады. Алдындагы тиги бийлер берген тың чыкма атын шыпылдата бастырып, үйүнө жете келди. Жогоруда айткандай, тоосун сагынып, үңкүрүн самап келаткан. Тиги бала кезинен өз колунда чоңойгон Кабылтайды дагы тим эле өз уулундай сагынчу болуп алды. Алгач, ата-энесинен бирдей ажырап, томолой жетим калган немени алаксытуу үчүн, басса-турса жетелеп, ар кайсы кооз жерлерди көргөзүп, ар кайсы жаныбарга алаксытып жүрдү. Анан, жаа тартып, аң уулаганды үйрөтө баштады. Бешиктен бели чыга элек жатып турмуштун каарын тарткан неме, бардык нерсени үйрөнүп алганга тырышканы үчүнбү, же канында барбы айтор, бир нерсени тез эле илип алып, тез эле дасыккан устаты болуп чыга келчү болду. Анан калса, колунан атасынан калган кылычын түшүрбөй, ар кайсыны чаап машыгып да калат. Акмырза дагы Анжыянга барып, согуш өнөрүн үйрөнүп келгенден бери анын устаты болуп калды. Экөө керели кечке Чотон жасап берген жыгач кылычтар менен чабышып атып чарчашат. Бир туруп жаа менен бута атышат. Баса, булар үчүн азыр турган бута кеп эмес. Ал тургай зыпылдап учуп бараткан куш дагы татаалдык жаратпайт. Атылган жебени асмандан бөлө атуу, сайылган жебени жара атуу, ат үстүндө ба-ратып шырыктын кылда учуна байланган жипти үзө атуу булардын чыныгы мелдеши. Бул жагынан алганда экөө тең кыраан мерген болуп келетат. Айрыкча Кабылтайдан үмүт чоң. Кудайдан болуп, тезирээк эр жетилсе, калмактын канын кактабай сороор эр чыкчудай. Ушуну астейдил тилек кылган Чотон мерген, аны эч нерсеге алаксытпай, тынымсыз улантып аткан машыгуусуна маашыр болуп келет. Өткөндө Кашкар-га барганда, тиги арап соодагерлерден калкан, чоп-кут, зоот кийимдерин экөөнө тең ала келген. Кокус, тигил жактагы кыргыздар даяр болуп, ураан таштап ат коюп калса, карайлап калбагыдай болуш керек. Баса ал жакта да көргөн жандын купулуна толор жигиттер бар экени мунун көңүлүн көтөрүп койду. Ушу барга-нында, жигиттердин машыгуусуна күбө болуп кайтты. Тынай бийдин Атакеси чыныгы чыгып келеткан жаш баатырлардан экен. Тиги Таластан чыккан Бердике дагы оңой эмес дешет. Кыскасы, келечектен үмүт чоң.
Ушуларды ойлоп көңүлү куунак боло түшкөн Чо-тон, мурутунан кыңылдап коюп, үңкүрүнөн нарырак аттан түштү. Адаттагыдай, атын жайдактап агытып, ээрин чоң таштын коңулуна бекитип, бери, үйүн көздөй басты. Түндөп жол жүргөнү менен, чарчаган кишидей эмес. Күн али чыга элек болсо дагы, таң толук атып, чымчыктар туш тараптан безелене сай-рап жатат. Тоосун сагынган экен. Айлананы суктана карап, сагынычын таратып алмакка, тиги үңкүрдүн
үстүндөгү ташты карай жөнөдү. Бул жерден алдын-дагы өрөөн алаканга салгандай көрүнөт. Үйгө киргенде эмне? Жаңыдан туруп атышкандыр. Кыңылдап
ырдаганча чоң ташка чыгып өйдөкү мөңгүлүү чокуну, тээ чыгыштан кылайып чыгып келаткан күндү карады. Анан колун созсо жетчүдөй болуп, тоонун этегинде
агып жаткан сууну сыдыра карап өттү. Бардыгы ке-рилип, бардыгы бейпил тартып, орду ордунда жат-кан экен. Кандай гана керемет десең. Анан капыстан
берки ат агыткан бетти карай берип чочуп кетти. Карагай черди шашпай аралап, булардын үңкүрүн көздөй эки калмак келетат. Булардын бул жерди бай-ырлап жүргөнүн калмактар билип калганбы деген ой мээсине жебедей сайылды. Дардайып отурган жери-нен кантип ыргып түшкөнүн да байкаган жок. Таштын коңулуна бекинип алып, айлана тегеректи сыдыра ка-рады. Жок, тигил экөөнөн башка эч ким көрүнбөйт. Улам ар кайсы чердин далдоосуна кирип, кайра чы-гып, экөө шашпай келетат. Бир демени бажаңдап сүйлөшүп алган. Кыязы көңүлдөрү көтөрүңкү окшойт.
Чотон, жонуна асына келген жаасын оңтойлой кар-мап, атууга камданды. Мына, эми тиги карагайдын далдоосунан чыкса эле, алдыдагысын жалпайта атса
болот. Аралык алыс болгону менен, тигилер далдай-ып даана көрүнүнүп турбайбы. Чотонго кеп бекен? Жаасын кере тартып күтүп отурду. Тигине экөө тең
катарлаша чыга келди. Кокус, бирөө эле чыкканда ой-лонбой атып жибермек. Кимисин биринчи сулатсам дегендей, мээлей бергенде тигилердин баскан-тур-ганы көзүнө тааныш учурай түштү. Бүшүркөй карай түшүп, тааныыры менен жүрөгү шуулдап кетти. Аз болгондо Кабылтайды өз колу менен жайлап салмак
экен. «Оо Жараткан, ушунуңа шүгүр. Кагылайын Ку-дай, жети токоч баабедин. Өз тамырыма өзүм балта чапмак экем» деп ичинен жалынып жалбара, ордунан
турду. Бир нерсени кызуу талашып келаткан немелер муну байкаган жок. Чотон чекесинен чыпылдап чыга түшкөн терин сүртүп, чоң ташка кайра калдайа отурду. Анан добушун зоңкулдата чыгарып:
– Ээй калмактар, бери карагыла, – деп кыйкырды. Теребелдин тынчтыгын бузган үндөн чочуп кетишкен экөө жалт карап, элейип калышты. Анан, шартылдай
басып келип учурашып, ал жайды сурашты. Башта-рында негедир калмактын чопкуту, үстүндө калмактын чепкени, шырылган шымы. Баштарынан бутунун учуна
чейин сыдыра тиктеген Чотондун көз карашынан уял-гандай жер карап, экөө тең сүйлөбөйт.
– Ии, баатырлар. Эмне калмак болойун деп калгансыңар го, бир ай жок болсом. Же жети атаңардан түңүлдүңөрбү? Бул эмне деген түрүңөр, айткылачы, кана!? – деп зекий сурады мерген.
Кабылтай кичүүлүк кылып башын жерге салып, сен айт дегендей Акмырзаны көздүн кыйыгы менен карап койду. Күтүлбөгөн кырдаалдан шаштысы кеткен Ак-мырза, мукактанып барып анан үн катты:
– Өткөндө тиги этек жакка эки калмак келип калып-тыр. Анан... бизди байкап калбасын деп...
– Эки калмак дейсиңби? Силерди көрдү беле?
– Жок, көргөн эмес.
– Анда эмнеге тийиштиңер? Артынан калың кол кууп келип калса кантесиңер? Ачуулана күпүлдөдү Чотон.
– Жок алардын бул жерде болгонун эч ким бил-бейт. Биз алардын сөөгүн тиги капчыгайдагы жарга ыргытып ийдик. Ал жакка чычкан сойлоп кире албайт
эмеспи. Ким көрмөк эле?
– А балким, алардын ушул жерге келгенин бирөө жарым билген болсо, же ушул жактан бирөө жарым көргөн болсо кандай болот? Издеп келип, тоо-ташты
түрө кыдырып калышса кантесиңер? – деп опурулду ого бетер жаны кашайа.
– Алар ансыз деле карагай черди аралап качып келатышкан качкындар экен. Эч ким аларды бул аймактан издебейт – деп аралаша кетти Кабылтай Акмырза-га болушкандай.
– Издебейт дечи. Кайдан билдиң качып келетка-нын?
– Ушундай эле. Таң атпай пайда болушканына ка-раганда түн жамынып келишкен окшойт. Анан кечке чейин караган черден чыкпай жатышты. Түшкө жуук
тигил этектеги жол тараптан он чакты атчан ары бери чаап жүрдү. Кыязы буларды кууп жүргөн немелер го. Тигил экөө ошол убакта жашынган жеринен былк этип
койгон жок. Ал тургай аттарын да черге жашыра бай-лап салышыптыр. Кыскасы, качкын экени даана эле байкалып турду.
– Ошондой де. А тиги үстүңдөгү кебетең эмне? Калмактын кийимин кайсы ырысыңа кийип алдың?
Ушул жерден экөө дагы тиктешип алышты. Айтсак-пы же, айтпасакпы дегендей көз караштары бар эле. Аңгыча өткүр Кабылтай дагы жарылып кетти:
– Чотон ата, ошол калмактардын кийимдерин кий-ип алып, наркы айылдарына чейин аралап барып, бай-кап келдик. Жыргап жатышат тим эле. Качанга чейин
чыдайбыз бул акмактарга? Атамдын элеси, кырылган айыл күнүгө көз алдыма тартылып, уктатпас болду. Чо-тон ата, мен чыдап жата албайм болду.
– Токтот! Токтот! Сенин башың жетөөбү? Өзүңө кошуп башкаларды да жутайын деп калдыңбы сен? Кокус, бул жерде биз болбосок, тиги Анжыяндагы
кыргыздарга ким кабар жеткирип турат бул аймактан? Ойлондуңбу ушуну? Я? Ойлондуңбу? – Чотондун жа-алы кайнап кетти. Анан кантсин? Бул деле калмактар-дын өз жеринде шапар тээп жүргөнүнө жыргап отур-ган жок го. Анысы аз келгенсип, бешиктен бели чыга элек бала өзүнө акыл айтып турганын карабайсыңбы.
Каарына чыдабай, бир топко күпүлдөп отуруп анан, кагынып- силкинип алып, үңкүрдү көздөй басып кетти. Батма жаңы эле туруп, үй-жайын жыйыштырып аткан
экен, ачуусу менен ага да бир тийип, ар кайсыга зир-килдеп атып, бир топто барып тынчыды. Аңгыча аялы ары-бери куурдак кууруп, жыгач табакка толтура са-лып алдына койгондо гана жарма менен былчылдата чайнап, курсагын тойгузуп алып, магдырап отуруп калды. Бир маалда, эмне кыларын билбей, үңкүйүп
эшикте отурган жигиттерди чакыртты аялынан. Ток-тоо Акмырза ойлуу тартып киргени менен, артынан келген Кабылтайдын жаалы кайнап, дагы эле карыша
тиштенип отурат. Ата ордуна атадай көргөн Чотон-дон өмүрү мынчалык кагуу жеген эмес. Экөөнө тең сыдыра караган мерген, эми булардын кылыгын жак-тыргандай:
– Эмне көрдүңөр анан тигил жактан? – деп сурады.
Чынында, алдындагы экөөнүн калмактын үйрү-тобуна тайманбай кирип барган эрдиги менен, эки жагын абайлап, баам салып жүргөн кыраакылыгына кубана
калган болчу.
– Биз бул жактан үч күн мурун чыгып кеткенбиз. Башында жөн эле эки жакты карап келели деп ойло-гон элек. Бирок, тигил Кара-Тоонун этегинен үч кал-мактын бирөөнү сабап атканын көрүп калдык. Кыязы ал казак окшойт. Өкүрүп-бакырып жан соогалаганы тааныш угулду. Чыдай албай ат койуп, үчөөнү тең
өлтүрүп таштадык. Бирок, тигини да тирүү алып кала алган жокпуз. Таш боорлор ичин жара сайып салган экен. Айтуусу боюнча, ал кул болгон айылда чоң той
өтүп жатыптыр. Кадимки Галдан Серен да ошол айыл-га келген экен. Ошонун урматына калмактар майрам кылып жүрүшөт дейт. Бир канча күндөн бери тынбай
куюлган арактан баары мас деди. Учурдан пайдаланып тиги кул качып берген экен, калмактар байкап калып, кууп келип ошол жерден кармашыптыр. Ал байкуш-тун жаны чыккан соң, сөөгүн корумдап көмүп койуп, нары айылын көздөй бастырдык. Чынында, эле айы-лында чоң той болуп атыптыр. Заңгырата тигилген
чатырларда күүлдөп-даалдап ырдап атышат. Ортодо-гу чоң чатырга эт менен арак тынбай кирип жатты. Биз берирээк жакта, өз кишидей болуп жата бердик.
Эч ким байкаган жок кыргыз экенибизди. Эртеси таң атпай бери бастырганыбызда алдыбыздан эки калмак чыгып калды. Бизди алдыбыздан торой бирдемелерди
айта баштады эле, Кабылтай бирөөнүн башын ыргыта чаап, бирөөсүн атынан жыгып кармап калдык. Чала була биздин тилде сүйлөгөн неме экен. Галдан Серен
тууралуу сураганыбызда, бир аптадай ушунда болуп, аңчылык кыларын айтты. Анан аны да өлтүрүп салып кетип калдык.
– Өлүктөрдү эмне кылдыңар?
– Биринчи өлтүргөн үчөөнү жанында чоң жар бар экен, ошого ыргытып салганбыз. А тигил экөөнү бол-со, ат менен сүйрөтүп келип, чоң сууга салып ийдик.
– Жакшы. Эми алар табылган күндө деле тааныл-бас. Адамдын денеси сууда калса чаначтай көөп, таанылбай калат дейт. Ммм... Ошондо эми, мындан
нары кандай кылалы деген оюңар бар? Калмактын кийимин чечесиңерби, же ушунтип чапкылап жүрө бересиңерби? – экөөнү алмак-салмак карай сурады.
Жанатан жер тиктеп турган Кабылтай ушу жерден жарылып кетти:
– Кырдаалды колдон чыгарбай Галдан Серенди өлтүрүшүбүз керек. Ошондо гана биз буларды жеңе алабыз.
Экөө тең Чотонду тиктеп калды. Кыязы пикирле-ри бир окшобойбу. Мынчалык курч чечимди күтпөгөн Чотон, таң калып эле отуруп калды. Оозуна да жөндүү
кеп кирбей койду.
– Анын айланасында канча нөкөрү болорун билесиңерби? – деп сурай берери менен, Кабылтай дагы шартылдай жооп берди:
– Билебиз. Бирок, бул жерде алар аңчы эмес, биз аңчыбыз. Бул жерде бизден өткөн аңчы жок. Чотон ата, Кудайдын жапайы жаныбарын кайсы маалда,
кайда келерин билесиз. Бизге Галдандын да жолун айтып бериңиз. Бир күн акмаласак, кайдан аң уу-лап, кайда барып түштөнөрүн байкайбыз. Анан силер
тайсалдасаңар мына мен өзүм, өз колум менен мууз-дап келем аны.Чотон дагы алайып отуруп калды. Көрсө өтө кооп-туу кеп башталган экен. Бирок, балдар дагы туура ай-тып жатышкансыйт. Кокустан Галдан Серенди өлтүрүп алышса, кыргыздын күнү тууду дей бер. Тиги Кашкар-га келген соодагерлердин айтуусу боюнча, калмакты бир ууч кылып кармап турган ары айлакер, ары кан-кор төбөлү ушул. Муну жайласак анда булардын күчү бытыранды болуп кетмек. Бирок... Ушул жерден ал экөөнү жалжылдай карады. Канча жылдан бери өз уулундай болуп калбады беле. Анын үстүнө эми гана жигиттик чагына келип турган учуру. Тиги Акмырза деле эчак эресеге жеткени менен, артында туягы жок отурат. Каадасы менен сүйлөп, ыйбаа мамиле кылган бул жигитке ар дайым ишеним артып, жүрөгү жылып жүрчү эмес беле. Бирөө инисиндей, бирөө баласын-дай болуп калган немелерди кантип эми көз көрүнөө өлүмгө буюрат....
Чотон санын мыкчып отуруп калды. Бир маалда, бет алдындагы чокту тиктей күңк этти:
– Анан сүйлөшөлү. Азыр мен чарчап турам. Уктап алайын. Тешиле тиктеп турган экөөнө мындан башка жооп бере алчудай эмес. Эптеп убакыттан уткусу ке-лип, башка бир айласы табылышын Кудайдан тилеп, кыңкая жата кетти. Шыпылдай баскан Батма, карыш-кыр ичигин үстүнөн жаап, башына жаздык төшөй сал-ды. Демейде, түнү менен жол жүрүп келгенден кийин бат эле уктап кетчү. Бул жолу кашайып көзүнө уйку да кирбей тура берди. Көз алдына бирде макул болу-шун күтүп көшөрө тиктеген Кабылтай менен Акмырза, бирде тигил аптаптуу чөлдө куйкаланып жашап аткан кыргыздар алмак-салмак келип жатты. Атаганат бири
кем дүйнө деген ушу тура. Карачы, эми очор-бачар бо-луп, ата-баладай көнүшүп калган үй-бүлөсү бузулганы турганын. Өз жанын, өз жакындарын аяйын десе ти-гинтип, тигил жакта эли турат карайлап. Алда катыгүн ай! Кайра-кайра оор үшкүрүп коюп жата берди. Ары оодарылып, бери оодарылып уктай албай түшкө чейин жатты да, түш ченде кирпик көзүн как-паган бойдон кайра турду. Ойгонсо эле жооп берет деп күтүшкөнсүп, калп эле жоокалап нары-бери ба-сып жүргөн тигил экөө, анын турганын көрүп эле маңдайына келип отуруп калышты. Кудум апасынан оюн-зоокко суранган балдардай маңдайында отуру-шат. Байкуш Чотон чын эле карый түшкөн экен. Дагы эле ак кире элек чачы тикчийип, оозундагы күрүчтөй тиштери шыкырап турганы менен, кайраты кете баш-таган окшойт. Көзүнө жаш келип, тигил экөөнө не деп жооп беришин билбей, маң болуп отура берди бир далайга.
Бир топто араң:
– Жакшылап бир аң уулап келсек кантет? – деп жалооруй карады экөөнү. Кыраакы Акмырза кептин төркүнүн дароо байкады. Каада-салтка бекем адамдар
кандайдыр бир чечим кыларда төлгө кылып, бир деме атып көрүшчү экен. Азыр дагы, Чотондун айласы ке-тип ошол чечимге токтолгонун байкады.
– Макул, саадактарды камдайын. Түштөнүп алып эле чыгалы, – деп жиберди ал шыпылдай. Бул каа-дадан кабары жок Кабылтай болсо түнөргөн бойдон
отуруп калды. Кыязы, ойдо жок жерден маалкатып, кайдагы аңчылыкты айтканына нааразы болду окшойт. Аңгыча, Акмырза аны ымдай чакырып, сыртка чыгып
кетти да баамдаганын шыбырап өттү. Ошондон кий-ин гана беркинин көңүлү ачылгансыды. Дуңкулдаган Батма казанда кайнап турган кулжанын этин чыгарып
келип ортого койду да, чоң сыр аяктарга булоолонто сорпо куюп үчөөнө катарлаштыра сунду. Тигил экөө, көңүлдүү тамактанып жатышты. Мергендин айласы ке-тип, макул болор көздөнүп калганын байкаган неме-лер, моокуму канаар күн келгенине ичтеринен жыр-гап калышкан болчу.
Күн төбөдөн ооп, табы кайтып калган. Бир аздан кийин кечке жуушап жаткан кайберендер жайыла ба-сып оттооко чыгышат. Канчадан бери жөө жалаңдап
басып, аңчылыкка чыкпай калган Чотон, бүгүн кан-дайдыр бир билгени бардай, тээ тиги капчыгайдын алкымын көздөй бара жатты. Акмырза менен Кабыл-тай акырын күңкүлдөшө кобурашып, артта келатышат.
Алтымыштан ашып, жетимиштин кырын таяп калса дагы, баскан турганы тың мерген, үн катпай алдыда. Ал кайда барып, кандай жаныбарга аңчылык кыларын
да айткан жок. Мына, капчыгайдын алкымына да же-тип калышты. Ушул жерден, Чотон арттагы экөөнө бурулуп «калгыла» дегендей ишарат кылды. Өзү бол-со нары кыя жолго салып жөнөп кетти. Капчыгайдын имерилишине чейин карап отурган Акмырза, качан тиги көздөн кайым болгондо, күн батышты карап от-урганча кеп баштады:
– Эгер, Чотон ага макул болсо, эртеңден калбай аттанганыбыз оң. Калмактардын кайсы тоого барып аң уулап жүргөнүн таап, туш тарабын абайлагыча эки-үч күндү уттуруп ийишибиз мүмкүн. Ал жексурду ошол талаалап, аң уулап жүргөн жеринен гана өлтүрө ала-быз. Болбосо, ордосуна жакындай алгыдай эмеспиз.
– Мага койсоңор, азыр аттанып кетмекмин. Ал кан-корлорду өз колум менен мууздап салмайын жаным тынчыбайт. Кабылтай ызырына сүйлөнүп, колундагы
жебе менен жерди чаап-чаап койду.
– Буюрса, ал күнгө да аз калды. Мен нөкөрлөрүн терип турганда, сен каалашыңча союп, канын ичесиң анын,- деп жубата сүйлөп далыга таптады Акмырза.
– Кечээ түндө атам менен апам түшүмө кирди,
– деди Кабылтай бир маалда, - Негедир алар дагы кубаттап, алдыдагы жортуулубузга макул болуп ту-рушат окшойт. Атам кадимки тирүү кезиндегидей
кылычымды кайрап жатыптыр. Апам болсо, жаным-да отурган экен. Эмне кылып атат деп карасам, кан болгон көйнөгүмдү тазалап отурат. Кыязы бирөө ал-дыдагы орчундуу ишке кылычымды даярдап, кубат-тап атса, бирөөсү, боло турган кандуу салгылашты билдирип жатат окшойт.
Акмырза унчуккан жок. Ичинен түшкө кан кирге-нин жакшылыкка жоруй албай жатса да, анысын ачык айткысы келбей, тек гана Кудайдан жакшылык болу-шун тилеп, отура берди. Ушинтип, экөө көпкө божу-рашып отурушту. Чотондон болсо дайын жок. Кейпи кыйдыраак жаныбарды төлгөлөп кетсе керек. Болбо-со көз байлангыча жоголуп күттүрмөк эмес.
Туура эле болжолдошкон экен. Күн кыркалай кет-кен тоолорго небак жашынып, көз байланып калган-да, жанагы имерилип кеткен кыядан үңкүйө баскан
Чотондун карааны көрүндү. Жонуна салпаңдатып бирдемени илип алыптыр. Жакындай келгенде караш-са, териси түндөй карарган калтар экен. Жарыктык
Чотон, айласы кеткенде жанда жок митаам жаныбар-ды төлгө кылган тура.
Үчөө чым этип сөз сүйлөшпөй кайра кайтты. Алды-да келаткан мерген баягыдан да үңүрөйүп калгансыйт. Беркилерге дегеле көңүл бурган да жок. Улам-улам
басыгын жайлатып, оор улутунуп коюп үңкүйүп келе берди. Бул жолу экөө тең иштин жайын түшүндү. Ку-дай жол берсе, Галдан Серенди күм-жам кылууга жол
ачылган окшойт.
Ошону менен Чотон лам этип ооз ачпай барып оту-руп алды. Тамак ичип, жатар убак да келди. Тиги болсо түнөргөндөн түнөрүп отурат. Аялы Батмага кана бир-демелерди айтканы болбосо, оозуна таш салып алган немедей дулдуят. Түн кирип, асманга жылдыз жаңыдан жыбырап толгон кезде баары өз-өз ордуларына жай-ланышып жатып калышты. Мергендин ак же көк де-бей койгонун түшүнө албай, ичинен санаа баскан Ка-былтай кирпик кага албай бир топко жатып, түндүн бир оокумунда эшикке чыгып кетти. Сабыры түгөнө кайсалактап, ары-бери басты. Бир туруп атын кармап минип алып, азыр эле бастыра бергиси келет. Бирок, жалгыз барганда ишти бүлдүрүп алышы мүмкүн эле. Кыраакы Чотон гана буларга жол көргөзүп, ыңгайлуу тосотко отургузуп бергенге жарамак. Айланасында толтура тандамал жоокери бар немеге жалгыз чапкан-да, үркүтүп ийгенден башка пайда болмок эмес. Ант-кени менен, убакыт өткөн сайын Чотон атасы коркуп койдубу деген ой мээсин жеп, ичинен санаасы тынчы-бай, жалгыз да болсо аттанып кете берүүгө белсене баштады. Аңгыча артынан Акмырза агасы да чыга кел-ди. Кыязы, ал деле уктай албай жаткан окшойт. Бир саамга айлананы карап, нары-бери басып ойлонгон соң, Кабылтайдын жанына келип мындай деди:
– Кабылтай, кокус, Чотон ага макул дебесе ушул бойдон тынчып калабызбы? Андан көрө бүгүн таңдан калбай аттанып кете берели. Кандай дейсиң?
– Акмырза ага, мен дагы ушуну ойлоп аткам. Чотон атам кечирээр. Акыры кыргыз үчүн деп күйүп жүрөбүз го баарыбыз. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарсак
ага-тууган бизди кечирбес. Ага, аттана берели. Мен баарына даярмын!
– Азаматсың! Макул анда, сагыраак жат. Анан таң атайын деп калганда туруп, аттанып кетели.
– Макул.
Ушундан кийин гана жүрөгү тынчыган Кабылтай, ордуна келип жайланышып жатты. Эртеңки боло тур-ган сапардын жашоосундагы эң урунттуу кези боло-рун ойлогон сайын, толкунданып, оюна ар кандай кыялдар келип дагы бир топко уктай алган жок. Узак жол жүрүп, көз ирмебей чыга турган түндөр келсе ка-райлап калбайын деп канчалык көзүн жумганы менен, кашайып уйку келбей бир топко түйшөлдү. Кайсы маалда көзү илинип кеткени белгисиз, бирөө түрткүлөгөнүнөн ойгонуп кетти. Турса, очоко от жа-гылып, үңкүрдүн ичи жап-жарык болуп калыптыр. Уй-ку-соо аралаш, төшөгүнө отура калды. Чотон мерген, нары басып Акмырзаны да ойготуп коюп өзү эшикке чыгып кетти. Небак туруп алып, ары жакта сандыгын калдыратып жүргөн Батма, бир маалда колуна эки баштык кармап келип алдыларына койду.
– Буларды алып алгыла. Качантан бери Чотон си-лерге даярдап жүргөн,-деди ал шыпшына. Негедир ыйлап алгандай да түрү бар. Экөө бири-бирин тымы-зын карап алып, алдыларына койгон баштыкты ача са-лышып эле элейип калышты. Таар баштыктын ичинде жарк-журк эте отко чагылышкан жоо кийимдери жа-тыптыр. Эч бир жери чийилбеген, эч бир сөгүшү ты-тылбаган жаңысын айт! Чотон мерген буларды качан, кимге даярдап койгону белгисиз. Эки жигит астейдил
жымыңдап алып ары-бери кийинип эшикке чыгыш-ты. Айрыкча, Кабылтайдын кубанганы бир башка. Ал нары жакта илинип турган кылычын ала калып, чимирилте ойнотуп да жиберди. Өмүрүндө мындай жоо кийимин кийип көргөн эмес чыгаар. Баарынан да чынжыр менен майда токулган зоот ага аябай жакты. Калдайбай кийгенге эптүү, кыймылдаганга да жолтоо болбой турган кийим көрүнөт. Кокус, калмактарды ал-доого туура келип калса, алардын тери тонун мунун сыртынан да кийип алууга болчудай. Эми, аттарды тиги жайыттан алып келип токунушса эле бүттү. Азык-түлүктү болсо бир аптага жеткидей кылып мурда эле камдап салышкан.
Жерге жарык кирбесе да, айлана үрүл-бүрүл көрүнүп калган убак болчу. Экөө ары-бери чайына калып, аттарына жуп жөнөрдө, Чотон мерген өзүнүн куласын минип, эки атты жетелеп карагайдын далдо-осунан чыга келди. Жарыктык киши көрсө таң аткыча кирпик какпай баарын түгөлдөп, баарын ойлоп жат-кан тура. Көзү саал кызарып, кебетеси кечээкиден да ойлуу. Анан калса, көз карашы да өзгөргөндөй. Мурдагы адамды теше тиктеген көздөр жок. Муңайым
карап, үнү жалооругансып калган. Бир түндө эле ка-рып кеткенби, сакалындагы буурулу дагы көбөйө түшкөнсүйт. Анын көз карашын байкаган берки экөө
да кудуңдаганын токтотуп, ыйбаа кылып унчукпай калышты. Кабылтай шыпылдай кыймылдап аттарды алып, үңкүрдүн далдоосуна орнотулган мамыга бай-лай салып Чотон менен Акмырзанын артынан үйгө кирди. Камбыл Батма, чатырата от жагып, ары-бери чүйгүндөп тамак даярдап коюптур. Көзүнөн тымы-зын жаш куюлуп, дагы эле ыйлап жүрөт. Айрыкча Кабылтайды өз уулундай көрүп калбады беле. Айла жок, жоокерчилик замандын шарты ушул тура. Бакма
балаң тургай кара чечекей уулуң болсо да эл кереги-не жараар азаматты сапарынан алып калууга болбойт.
Мындайда тагдырдын башка салганына чыдап, Жа-ратканга жалынып, уулдарынын амандыгын тилеген-ден башка чара жок бечара энелерге. Батма да ичи-нен тиленип, ичинен от-жалын болуп сыздап отурду. Ансыз да кечээтен бери эч нерсени кыртышы сүйбөй, чарт жарылчудай кептенген күйөөсүнөн айбыгып көз
жашын ачык көргөзө албай,жүзүн жашырып, ичинен муңканып, ичинен күйүп, Кудайына жалынып отурду. Абалды түшүнгөн жигиттер көздөгөн максаттарына
жетип, моокуму кангыча өч алар мезгилге карай шаш-тысы кетип турганы менен, Чотон менен Батмадан ыйбаа кылып, дымырап отуруп тамактанышты. Акыры
дасторконго бата кыларда гана Чотон кебин баштады.
– Бүгүн өтө опурталдуу, бирок ошого жараша, өтө маанилүү сапарга аттанганы турабыз. Беттешер жообуз көп дагы, күчтүү дагы. Калмактар оңой эл
эмес. Кыйды Галданды силерден ашса ашкан, асты кем калбаган нөкөрлөр сак-сактап жүргөнү турулуу. Анткени менен, биз дагы бекер жүргөн жан эмеспиз.
Аңчылык өнөр ата-бабаман калган өнөр. Бул тоолордун сыры, бул тоолордун жан-жаныбарынын сыры мага беш колдой маалым. Ушул жагынан алганда, биз-дин коңтаажыга теңелээр күчүбүз бар. Кудай Таалам жол берсе, аны эми соо кетирбеспиз, – деп саамга ой басып отуруп, анан кебин кайра улады. – Кана эмесе.
Калганын бара көрөрбүз. Аллам өзү жол берсин! Оо-мийн! Жүргүлө, аттаналы.
Чотон кебин аяктап өйдө болору менен, берки экөө тең жарыша тура калып сыртка жөнөштү. Жанатан араң турган Батма ушул жерден көз жашын тыя албай
буркурап ыйлап койо берди. Улам бирөөнү кучактап, өксүп ыйлап коштошуп жатты ал. Качан гана аттанып алган Чотон күпүлдөп урушуп бергенде, боздогону
саал басылып, нарырак барып жүйүртө басып отуруп калды. Ошол отурушу менен салаа-салаа жаш куюл-ган көзүн албай, тигилер кайрылыштан өтүп, көздөн
далдоо болгуча отура берди. Анан, үңкүрүнө кирип, Кабылтай менен Акмырза түнөп кеткен төшөнчүлөрдү кучактай жыгылды...
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Eltuzor   07 Июнь 2015 - 19:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Камдай жүргөн калмак кийимдерди кийип, бол-жогон айылга түз эле кирип барышты. Алысыраактан акмалашса, айыл дагы эле шаан-шөкөткө бөлөнүп тур-гандай. Кишинин саны көбөйүп, дардыйган калмак чатырларда ыр-күү жаңырып дегендей, демейдегиден шаңдуу көрүнүп калыптыр. Кабылтай менен Акмырза, айылдагы абалды акмалап жүрүп, кечке маал ат кайта-рып жүргөн калмакты кармап келишти. Жашы бир топ-ко барып калган ат багар, түшүнүксүз чалдырап сүйлөп атып, коңтаажылар кеткен тарапты араң көргөзүп бер-генге жарады. Керектүү маалыматты алаары менен, ат багарды муунтуп өлтүрүп, атына сүйрөтүп ийишти.
Үзөңгүгө буту илинип, сүйрөлүп жүргөн немени ким көрсө да атынан жыгылып, өлүптүр деп ойломок.
Ал түнү калмак чал көргөзгөн капчыгайды аралай келип, жуңгарлар отурукташкан өтөк алакандагыдай көрүнгөн беттен жай алышты. Эми таң атпай булар-дын кай тараптан, кантип аңчылык кылаарын байкаштыруу керек. Чотондун айтуусу менен аттарды тигил тескей бетке өскөн карагайды аралап барып, далдалап
байлашты. Ошону менен таң аткыча дым чыгарбай, курал жарагын камдап, аңдып отурушту. Таң куланөөк салып, айланага үрүл-бүрүл жарык түшкөн кезде, тиги-лерди байкоого алууга ыңгайлуу жай издеп жөнөштү. Бат эле жуңгарлар жаткан капчыгайдын бир капталы-на тиреле бүткөн жардын бетинен орун табылды. Ти-гине, арырак тигилген чатырлардан чыккан кишилер, ортого от жагып тамак камдап жатышат. Кыязы ат ба-гарлары окшобойбу, шартылдай бастырган эки жигит
наркы беттен отуздай атты айдап келип, имерип, тос-молоп калышты эле ар кайсы чатырдан жүгүрүп чык-кан жигиттер ары-бери кармап, үзөңгүлөрүн таңкы
таза абага жаңырыктата кагыштыра, шапылдата токуп жиберишти. Бир маалда тиги ортоңку чатырдан анча чоң эмес, толугураак адам чыга келди. Кебетесине ка-раганда бир топ жашка чыгып калса керек. Жанатан кажы-кужу болуп жүргөн адамдардын баары ал чыга-ры менен, ыйбаа кылгандай тынчый түшүштү. Аңдып
жаткан үчөө, болду-болбоду Галдан Серен ушу деген тыянакка келди. Анык душманын көргөнгө ичинен кымыңдай түшкөн Кабылтай аз жерден тура калып
чуркап кете жаздады. Бирок, аралык өтө эле алыс болчу. Бул тик беттен түшүп, көксөгөнүнө жеткиче ти-гилер карап турушмак беле?.. Жаа болсо такыр эле алсыздык кылат. Чотон беркилерди жакшылап көңүл бургула дегендей кабак алдынан карап койду. Өзү болсо Галдан Серенге эмес, кудум жер көргөнү кел-генсип наркы бетти, өйдөкү өтөктү, ылдыйкы майда бадал өскөн ачык талааны карап жатты.
Коңтаажы берирээк басып заара ушатты да, шаш-пай басып кайра чатырына кирип кетти. Ушуну эле күтүп тургандай казан башындагы жигиттер табак-та-бак кылып буркулдап буусу көтөрүлгөн тамактарды чатырга ташып кире башташты. Ал ортодо бир топ жигит аттанып бир бөлүгү капчыгайдын таманы менен
өрдөп, бир бөлүгү наркы кырды карай бастырып ке-тишти.
– Айдакка кетишти, деп кобуранып койду Чотон, – угушумча булар ханынын алдына ата турган жаны-барларды чогултуп айдап беришет. Галдан Серен бол-со шашпай тамактанып алып мерчемдүү жерге барат да, айдакчылары алдына салып берген жаныбарлар- га моокуму кангыча аңчылык кылат. Баса, булардын
үнү таш жарчудай дүңгүрөтө атылган куралдары бар.
Күркүрөгөн добушу тим эле асмандан түшкөн чагыл-гандын үнүндөй. Огу болсо, жебеден кыйла алыс учат. Тиги айдакчылар, ошонусу менен үркүтсө, анда
бу токойдун кайберени каалаган өтөккө чогулуп бер-бейби. Силер да этият болгула. Тийген жерин жулуп кете турган немесине кабылып калсаңар, соо калтыр-байт. Баса, айланайындар, деги эле далдоо жерден жаа тартып өлтүрүп эле, кайра тарткыдай болгулачы.
Артыңардан түшкөн куугунчу болсо токой аралай ка-чып, жазгырып кеткениңерге да оңой. Эптеп тиги Галданды өлтүрүп эле, мага жетип алсаңар, бул тоолор-дун койнунда бат эле жазгырып кетебиз.
Байкуш, Чотон бул акылын кечээтен бери эле ай-тып отурат. Корккону эле тиги калмактын дасыккан нөкөрлөрү. Канча согушту көргөн тажрыйбалуу жоо-керлер, бул жаш немелерди бат эле жайрап койбой-бу. Болбосо, коңтаажыны аткан уусуна маашыр болуп калдаңдап жүргөн жеринен бул өмүрү жаза атпаган
мергендер топу аткандай ыргыта атарына бөркүндөй эле ишенет. Анан андан наркысын өзү тууралап бер-мек. Токулуу аттары менен алдынан тосо чыкса, өзү
билген буйтка жолдор менен көз жазгырып кетишмек.
Кууй турган баскынчылар кантсе да бул өрөөндү Чо-тончолук билбейт эмеспи. Мергендин кечээтен берки максаты ушул. Баса, балдардын бирөөнү деле аттарга
калтырып, өзү арам калмакка чабуул койгону чыгайын дейт, аттиң, кашайып кирип келген карылыгы өксүтүп атпайбы. Көзү дале курч болгону менен, кыймылдага- ны мурдагыдай болбой, бир топ эле жайлап калыптыр. Тиги аң уулап ары-бери чапкылап жүргөн немеге жебе жеткидей жакындап бара аларына көзү жетпей койду.
Анын үстүнө берки экөө дагы көгөрүп туруп алышты.
“Андан көрө кайра кайтканда мерчемдүү жерден ат-тар менен тосуп чыксаңыз болду” деп көшөрүп коюш-кан кечээ. Чын-чынына келгенде, мерчемдүү жерден
аттар менен тосуп чыгуу үчөөнүн тең тирүү калышы үчүн өтө маанилүү экени баарына белгилүү. Утурлап чыккан адам бул тоолордун буйтка жолдорун бил-ген, дасыккан бирөө болбосо, эртең бул өрөөндү түп көтөрө аралап, издеп чыгар калмактар бат эле шый-рактан алаар. Кыскасы, кечээтен бери баарын бол-жоштуруп коюшту. Эми, тиги Серендин кайда аттана-рын гана күтүү калды. Теребел жап-жарык болуп, кадимкидей көрүнүп калганы менен, күн дагы эле уясынан чыга элек. Тескей беттерин жыш карагай, арча баскан капчыгайдын так таманында созулуп кашка суу агып жатат. Таң ме-нен кошо ойгонгон чымчыктар безелене сайрап, жап-жашыл өрөөндө жайгашкан жандуу жансызга тегиз өнөрүн тартуулоодо. Ар кайсы жерде томураңдап оттоп жүргөн суурлар, анда-санда чочуп кеткендей, адамдар конгон төмөнкү жайыкты карап, эки аяктап тура калып аңкуштап койушат. Тээ ала-шалбырт жаз менен эле ийиндеринен ээрчите чыккан чөндөлөйлөрү чоңойуп, чоң суурлардан айрымаланбай калыптыр. Ти-гине, суу жээктей өйдө кеткен жалгыз аяк жол боюн-дагы ачык өтөккө торолуп калган торопойлорун ээр-читкен камандар, биз да барбыз дегендей дүмүрөңдөп чыга келишти. Адамзатка сен тууган, сен душмансың дебей тегиз көмөрүлүп турган көк асманда болсо, то-муктай булут жок. Кыязы бүгүн бардык аңчылардын жолу болчудай. Болбосо жер менен жер болуп сам-саалай жылган жөө туман дагы, шыбыргактата төккөн жайлоонун жааны дагы мергендерге жолтоо болмок.
Калмактардын конушун сыдыра карап, чыдамы кете күтүп отурган Кабылтайдын тилегин уккандай, Галдан Серен ээрчип жүргөн нойондоруна бакылдап сүйлөп,
чатырынан чыга келди. Ары-бери карап, бойлорун түзөгүчө жанатан бери сак-сактап жүргөн жигиттер, алдыларына аттарын тартып тура калышты. Сүттөн
тартылган арагынан жакшы эле соктуруп алганбы, айтор, хан баркылдап сүйлөгөнчө капчыгайды өрдөп бастырып жөнөдү. Бул аңчылыктын башталганынын
белгиси болчу.
– Болду-болбоду, бүгүн каман менен эликке аңчылык болгону калды окшойт, - деди Чотон. - Бул капчыгайдын ичи айрыкча камандын мекени. Эгер,
нары кеткен кыя жолду көздөй бастырса Кара - Тоонун кийигине чыгышмак, же ылдыйкы саздын илбээсинине барышмак. Демек, булар каманга аттанышты. Мына,
тигил жактан да айдакчылар дүңгүрөтүп атып кириш-ти. Карагай черди аралай, тамыр-самыр чукуп жеп жүргөн камандарды, элик, маралдарды эми тиги суу
жээктей жайылып жаткан ачыкка кубалап чыгышат. Көрдүңөрбү, суунун берки өйүзү дагы жарча болуп турат. Өмүрү укпаган добуш туш тараптан, каптап
бергенде жанын койор жер таппай үркүп чыккан жа-ныбарлар, айланып эле өтөктө чуркап калышат. Атаң гөрү, чал калмак бүгүн бир жыргайын деген экен.
Кана, анда эмесе силер да жөнөгүлө балдарым. Тээ тиги коктуча менен тик ылдый түшүп, наркы өйүздөгү токойго киресиңер дагы, өйдөнү көздөй жөнөйсүңөр.
Галдан Серен нөкөрлөрү менен тигил ачыкта эле бо-лот. Артыңардан карп-күрп чыга калчу айдакчыларды абайлагыла. Жакындай барып жайлаган соң, ошол
эле карагайды аралап, капчыгайды өрдөп жөнөгүлө. Мен болсо, аттарды алып карагай аралай жүрүп от-уруп тиги капчыгайдын башындагы Ала-Төргө жай-ланышам. Күндүз ачыкка чыкпагыла. Түн бир оокум болгондо, тиги төрдүн кайкысына чыгып карышкырча улусаңар, мен утурлай жооп берем. Кудай буюрса,
ылдам эле табышып алабыз. Баргыла эми! Жаратка-ным өзү жар болуп, жигиттин пири Шаймерден кол-досун. Оомиийн!
Шайдоот кийинген эки жигит, тайган иттей жеңил чуркап, ылдыйды көздөй жөнөп кетишти. Нечен жан-дыкка шырп алдырбай аркан бою жакындап көнгөн
немелер, бул жолу да чөптүн башын былкылдатпай кетип баратышты. Капчыгайдын күнгөй бети жылаңач келип, ар кай жери жарча болуп кеткени менен, тик
ылдый кеткен коктуларына карагат, шилби өңдүү бадалдар ыңкып калган. Адам көзүнөн далдоо болгусу келген Кабылтай менен Акмырза үчүн мындан сонун жол болмок эмес. Териси сыртына чыгара тигилген тумактарынын кулакчынын түшүрүп, ээгине байлап алып, шуулдап кетип баратышты. Минтип калкаланып албаса, караган-бута бети-башын сыйрып, айласын кетирмек. Атаганат, дүйнөнүн жаралганын карачы.
Эки азамат бала болуп башына түк чыкканы, минтип адамга аңчылык кылабыз деп ойлошпосо керек. Баса, булардын айылын жоо чаап, жай турмуш бир замат-та алаамат болуп кетпегенде булар дегеле мергенчи деле болушмак эмес чыгар. Жеринен ыр-күүгө, комуз-га шыктуу Акмырзадан балким жараган акын чыгат беле... А Кабылтай болсо, атасы Бердибекти тартса, аш-тойлордо кылычка түшөр эр болмок да, эл намы-сын коргогон шер болмок. Асти, булардын тоо башы-нан түшпөгөн мергенчи болору анда эч кимдин оюна келмек эмес. Ал эми карандай адамга аңчылык кылуу үч уктаса түштөрүнө кирбеген чыгаар...
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Sake80   08 Июнь 2015 - 10:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2016 08:40

жакшы китеп экен.Тез тезден жазсан жакшы болот эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Eltuzor   08 Июнь 2015 - 14:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Болжогондой эле, туш-тарапты каптап жаңырып жаткан дүңгүрөктөн үрккөн жапайы жандыктар, кара-гай черди качырата үркүп чыгып эле ажалга дуушар болуп жатышты. Аяк башы ат чабымдай созулган кенен өтөктө, Галдан Серен жан-жөкөрлөрү менен бирде өйдө чаап, бирде ылдый чаап, бирде коркулдай чыккан каманды кууп, бирде дүңкүлдөп чыга келген маралга жаа тартып жыргап жүрдү. Демейде, жанынан карыш жылбаган нөкөрлөрү бу саам аңчылыктын кызуусуна алдырып жибериштиби, айтор нойонун унутуп, алар деле өздөрүнчө чапкылап жүрөт. Булар жаңы кыргынды баштаганда, арттарынан жете келген Кабылтай менен Акмырза, карагайдан карагайга жа шынып, бирде боору менен сойлоп, ачык бетке жа-кындап келе жатышты. Мерчемдүү жер деп өтөктүн дал ортосун болжоп алышкан. Эптеп ошол тушка жакындап алышса өйдө-төмөн чаап жүргөн Галдан баары бир алдыларынан өтмөк. Болот кылычын байланып, аң уулоого чыгуучу жеңил жаасын асынган Кабылтай мышыкча жылып өтөккө жакыныраак келатты. Андан аркан бою өйдөрөөктө Акмырза жылып келатат. Ушул арада ал аз жерден камандын азуусуна кете жаздады.
Жакшы эле жоондугу бир кулачтай келген карагайдын далдоосунда жашынып турган. Бир маалда эле нөкөрлөрдүн бирөө тигирээк бетке өскөн карагайды аралап, так эле өзүнө чукулдап кирип келди. Айласы кеткен Акмырза дагы бир аз жакындаса торойто чапмакка, кылычын карыша кармап күтүп калды. Аңгыча арт жагынан качыр-кучур үн чыгып, кандайдыр бир жаныбардын катуу келетканын сезди. Дагы эмнеси болуп кетти дегендей карай салса, азуусу канжардай жаркылдаган чоң кара каман, так эле өзүн качырып келаткан экен. Туш тарабынан кысмакка алынган Акмырза, эмне кыларын билбей далдайып кана туруп берди. Оюнда ажалдын ушунча капилет кирип келерине ишене албай, бир заматта тиги Кабылтайды кошо оңтойсуз абалга кептегенин ойлоп, өкүнө калганга жетишти. Көз алдына Кабылтай менен Чотон-
дун элеси тартылып, экөө тең мунун калпыс ишине капа болуп аткандай сезилди. Бирок, иш күтүүсүздөн оң жагына айланып кетти. Так эле ийин тушунан зоо
жарылып кеткендей дүңгүрөгөн добуш чыгып, азуусун жанып келаткан каман көз алдында оңкочук атып сайылып, бут алдынан тоголонуп өтүп, тиги калмактын жанына түштү. Сулата аткан олжосунун чоңдугуна маашырланган нөөкөр жолдошторуна карап баржактап кыйкырып, чапкан бойдон жөнөп кетти. Жүрөгү оозуна кептелген Акмырза, Кудайына миң мертебе ыраазылыгын айтып, кайра токойдун тереңин көздөй орун которду.
Бул убакта Кабылтай боору менен мышыкча жылып отуруп эң четки бадалга жетип жайгашты. Эми Галдан Серен тушунан өтсө эле жалпыйта атмак. Бирок, сааттай болуп, кайра-кайра өтөктүн жогору жагынан чыгып аткан камандар, бардык аңчыны өзүнө азгырып тура берди. Бул жайгашкан тушка дегеле эч ким жолочудай эмес. Аңгыча, Кабылтайдын оюна бир нерсе тык дей түштү. Эки жагын элеңдеп карай калып, жашынган жеринен суурулуп чыгып, жайык беттин наркы өйүзүн көздөй чуркап жөнөдү. Кудайдан болуп өтөктүн Кабылтай жайгашкан тушу куушураак келип, күрпүлдөп агып аткан сууга жакын болчу. Эгер ал жакка жетип алса, суу жээктей өскөн талдарды аралап, өйдө-ылдый кенен-кесир жүрө берчүдөй. Жанатан берки баамдаганы боюнча, Галдан Серен баштаган аңчылардын бирөө дагы суу тарапка маани
беришкен жок. Сай бойлой өскөн жапайы тал, ты-тышкан чычырканак болсо жөө адам үчүн жашынган- га ыңгайлуу болчу. Ойлогонундай эле, Кабылтайды эч
ким байкабай калды. Ат капталынан келе бийик өскөн ат кулакты аралай бөжөңдөп чуркап келип суу боюн- дагы талдарга кирип кетти да, дароо бадалды ара-
лай өйдөнү көздөй чуркады. Ушул саам тээ бала кези эсине келе түштү. Анда да жүрөгү алеп-желеп болуп, энеси экөө каптап кирип келген калмактардан качып
токой аралай чуркабады беле. Ошондогу байкуш энесинин алаңдаган кебетеси, ар кайсы жерден оркойо чыгып турган курч таштага тилинген жылаңайлак
буту, караган бутага тытылган бети-башы кадимкидей көз алдынан чубурду. Ансыз да кеги кайнап жүргөн Кабылтайдын ансайын жини кайнап, ансайын жаак эти түйүлүп өйдөнү карай өжөрлөнө чуркап баратты. Жанатан оңтойлой кармап жүргөн жаасы жонуна илинип, эми болот кылычын кынынан сууруп колуна мыжыга кармап алган. Мына, аңчылардын тушуна да жетип калды. Жолдоштору хандыгынан ийменип улам жол бошото берип жүрүп бир топ жандыкты сулаткан Галдан Серен, эми өзүнө-өзү маашырлангандай, тыныгып калган экен. Өзү теңдүү эки киши менен топтон бөлүнүп, бери сууга жакыныраак жерде туруптур. Нары жакта дагы эле качып чыккан маралды, же каманды кууп жүргөн жигиттерин карап каткырып күлүп, бир нерселерди кажылдашып атышат. Жанатан бери кийим-кечеси дал-далынан тытылган энеси, туш тарабынан жаа тепчилген атасы эсинен кетпей, эзелки кеги ойгонгон Кабылтайды эми эч ким токтото алмак эмес. Галдан Серенди тезирээк мууздап өлтүрүп,
демин басууну көздөп, жашынган жеринен суурулуп чыга жөнөдү. Атасынан калган кылычын оң колуна оңтойлой кармап тигил үчөөнө жакындап баратты.
Душманынын шаркырап аккан канын, көзү алайып денесинен бөлүнүп жаткан башын көрмөйүн, моокуму канчудай эмес. Жуп жетерде же мунун дабышын уктубу, же өзүнүн ажалы келатканын сездиби, айтор, Галдан Серен атын шашпай артка буруп маңдайында турган жигитти жалдырай карап токтоду. Кудум жерден чыккан
немедей маңдайында пайда болгон жигиттин заар чачкан көздөрү бир заматта үрөйүн учуруп, нес кылып салды. Кабылтай үчүн мындай учур кайра келмек эмес. Кан ичмеси кармап, тиштенип араң турган неме көз ирмемге да аярлаган жок. Эки аттап жетти дагы, сол колу менен Галданды билектен кармап, шап секирип тигинин артына конду. Коңтаажы анын бу көзгө илешпес тездигинен кыйкырганга да үлгүргөн жок. Карылуу сол колу менен башын мыжыга кармап артка тартты да албарстай курч кылычты кекиртеги не шалап жиберди. Өздөрүнчө каткырып күлүп, нары карап турган хандын эки жолдошу күтүүсүз дабыштан чочулай, бери бурулганда эчак кокосунан шаркырап кан кеткен Галдан Серен, дыр берип үрккөн атынан ооп, жерде жаткан. Бети-башына чейин кан болгон белгисиз жигит болсо, эми от жанган көзүн экөөнө матап туруптур. Бул жолу бирөө калмакча кыйкырып калганга үлгүрдү. Жарк-журк шилтенген кылычтан экөөнүн тең карды жарылып жатып калды. Кабылтай андан кийин шашпай артына бурулуп, арыраакта жаны чыга албай коркурап жаткан Галдан Серенге жетип, далысына түшө өрүлгөн узун чачынан апчый кармап башын көтөрүп, мойнунан кесип алды. Анан салпаңдаган башты бетине туштай көтөрүп өзүнчө маашырлана айланта карады. Бирок анын оюн удаама-удаа бут алдына сайылган жаанын жебеси бузуп кетти. Ок келген тарапты карай салса жанагы ызы-чуу түшүп аң-уулап жүргөн нөкөрлөр өзүн көздөй ат коюп калышыптыр. Тигил жебелерди да ошолор атса керек.
Кабылтай бул жолу да шашкан жок. Колундагы башты өрүлгөн чачынан кармаган бойдон айлантып-ай лантып туруп калмактарды көздөй ыргытып жиберди.
Анан шашпай басып коңтаажынын өлүгүн аттап өтүп, нары жакта кете албай тегеренип турган атына ыргып минди да, кылычын айланта булгалап нөкөрлөрдү
көздөй айкыра чаап ат койду.
Ушул убакта Акмырза да токойдон чуркап чыгып шыпылдата жаа тартканча нөкөрлөрдүн артынан түштү. Бирок, эч ким ага көңүл бурган жок. Улам бири аттан сулап жыгылганына карабай, баары Кабылтайга чаап келе берди.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Eltuzor   09 Июнь 2015 - 02:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Ошол жайда, Чотон үй-жайын көчүрүп Анжыянга кетти. Анын тигил жактагыларга жеткирген куба-нычтуу кабары, мүлдө кыргызга опол тоодой үмүт тартуулады. Өлгөн жаны тирилгендей сүйүнгөн кыргыздар ал жылдары катуу даярданып алып, жаз менен жапырт көч баштап, Ала-Тоону көздөй атта-нышты. Эл үчүн, ата-мекен үчүн кашык каны калгы-ча согушканга даяр эр азаматтар жоонун канына суусап, душмандын колун издеп келатышты. Алдыларында алысты көрө билген аяр, арстандан жал-танбас курч баатырлар Атаке менен Бердике. Артта эрдиги тарыхка жазылып, аты эл оозунда калбаган Акмырза менен Кабылтай сымал жеңилбес кыргыз, кырылбас кыргыз болуп дастандарга айланган Азия-нын арстандары келатты...
Баса, жетимиштин кырына чыгып, карылык бе-линен бекчейте басканына карабай, Чотон мерген дагы кол ичинде жүрөт. Жоонун көптүгүнөн жаз-ганбай каршы чаап, жаштыгын аябаган, балалыгын аябаган Акмырзасы менен Кабылтайы үчүн өч алуу-ну көздөп келатты ал. Бир чети алардын эрдиги ага түгөнгүс, кайрат берсе, бир чети, эми кана эр жетип келаткан немелерди жалгыз койо берип, өз жанын арачалап калганы өзөгүн өрттөп, өлбөс-өчпөс ар-манга айланган болчу. Анын бул арманын алдыларынан аска-зоодой тирелип чыккан калмактын колу гана бөксөртпөсө, башка эч нерсе бөксөртө албас. Колуна Кабылтайдын болот кылычын мыжыга кар-мап, жоону карай айкыра чаап баратканда гана анын көңүлү көтөрүлүп, эрлеринин алдында көңүлү тазармак. ..

(аягы)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Eltuzor   09 Июнь 2015 - 02:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

ошентип бул аңгеменин да аягына келдик. Эми буюрса кийинкилерине кезек келди. Баса кийинкилерин таап жайгаштырганга чейин анча мынча пикириңерди калтырып койсоңор туугандар. жазган бечаралардын акысын бергиле да хихи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Eltuzor   09 Июнь 2015 - 14:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Эмесе,экинчи аңгеме...


Болбогон нерсе
Эки-үч күндөн бери байкаса тиги мусулман кошунасы көрүнбөй калган экен. Адатта ал, мечиттен кал-бай намазын кылып, же короосундагы бак-шагын карап күдүңдөп жүрө берчү. Анан калса, өтө билимдүү киши да болсо керек, ар кандай маселе менен келген адамдардын арты үзүлчү эмес. Келген адамдар аны «аалым, олуя, устат» деп дегеле жерге сууга тийгизбей көтөрмөлөп да турушчу. А тиги жарыктык болсо алардын минтип даңазалап атканын дегеле таназарына да алчу эмес. Кандай адам келбесин, баарына бирдей мамиле кылып, карапайым жүргөнү жүргөн. Дегеле анын адамгерчилиги бир шумдук. Ушул өзүнө кылган мамилеси эле канчалык таң калыштуу. Мына, бул жерге, мусулмандардын арасына, көчүп келгенине канча болду. Ошондон бери катуу сүйлөп, кыр көрсөткөндү мындай кой, кайра тууганын көргөндөй жаркылдап, ар дайым ал-акыбалын сураганы сураган. Болбосо, өзүн «каапыр, кайырдин» деп жактырбай ка-рап, же жок дегенде эле алыстан айланып, бирдемеси жукчудай денесин качырып турган далай мусулманды көрбөдү беле. Ушуларды ойлоп отуруп эмнеси болсо да дайыны чыкпай калган кошунасын бир көрүп коюуну чечти.
Таш төшөлгөн жол менен акмалай басып тигинин эшиги жакка басты. Шаар эли өтө тыгыз жайгашкандык тан, экөөнүн үйү да жабыша салынып, ортосун бир
эле дубал бөлүп турчу. Сыртынан караганда үйлөрү да бири-бирине окшош. Болгону эле, калаа жантайма бетке отурукташып калгандыктан, мусулман кошуна-
сынын тамы бир кыйла жапысырак. Эшигине жакындай келип жыгач каалгасын үч жолу такылдатып койду. Муну ал так ушул кошунасынан үйрөнгөн. Өзүн зыярат кылып келгенинде да дайыма, үч жолу гана такылдатаар эле. Эгер, ушул маалда үйдөн жооп чыкпай калса, кайтып кетип калчу. Оюна кошунасынын ушул адаты келип, өзү да жооп болбой турган болсо, кайра тартууну көздөп турду. Аңгыча үйдөн дабыш чыгып калды. Тестиер бала шыпылдай келип эшикти кыңайта ача берди да, кайра үрккөн улактай сербеңдеп чуркап кетти. Кыязы, үйдөгүлөргө кабар бергени кетти окшойт. Үй анча чоң эмес болгондуктан, наркы үйдөн «киргиз тезирэк» деген үн буга да угулду. Бир заматта жанагы тыпылдаган тестиер кирүүсүн өтүнүп алдында келди. Негедир, уялып калганбы, же атасын тартып адептүүбү, айтор, көзүнө тик карабай,
ыйбаа кылып турат. Босогону аттап, эми кире берерде мурдуна каңырсыган, өтө жагымсыз жыт бурр эле дей түшпөспү. Аз жерден кайра бурулуп чыгып кете жаз-дады. Жийиркеничтүү жыттан иренжий, бети-башы эрксиз тыржыйып, «бул сасык жыт кайдан келип атат» дегенсип үй ичин айланта карап ийгенге да жетишти. Адатта малдын өлүгү, же жедеп таштанды үйүлүп, кароосуз калган жерлер ушундай жыттанат эмеспи. Бирок, үй ичи андай деле ыплас көрүнбөйт. Тескерисинче көп деле көрөн-шөрөнү жок, жупуну болгону менен, баардык оокат орду ордунда, ирээттүү жайгашкан экен.
Далистен өтүп, наркы добуш чыккан бөлмөгө баш бакты. Жанагы жагымсыз жыт бул бөлмөгө тим эле уюп калыптыр. Бул жакты да бир сыйра карап алды. Бир капталы китепке, ар демелер жазылган барактарга толуп турган, анча чоң эмес бөлмөнүн төр жагында жаткан экен коңшусу. Мунун келгенин көрүп турайын деди окшойт, жакшы эле обдулду. Бирок, тура албады. Төшөк тартып, катуу ноокастап калган го, бечара. Жүйүртө басып жанына отуруп ал-акыбалын сурады:
– Кандайсың жарыктык? Ары-бери өткөнүңдө тынбай учурашып, ал-абалымды сурап турчу элең, ошонуңа көнүп калган окшойм. Эки-үч күн көрүнбөй калдың эле, минтип издеп келдим.
– Ырахмат, кошунам, рахмат. Келгениңе өтө кубанычтуумун. Акыбалым Кудайга шүгүр. Бир аз ноокастап калыпмын. Өзүң кандай жүрөсүң? Бала-чакаң жакшыбы? Соодаң жүрүшүп атабы? Минтип, төшөктөн тура албай, ал-акыбалыңды сурап бара албай жатам. Капа болбоссуң?..
– Оой жарыктык, эмнеге капа болойун? Андан көрө, өзүңө кара. Суукка урунуп алдыңбы? Үй-жайың жылуубу? – деп сураганча оң жак тарабын карай берип, таң калып отуруп калды. Дубалга шыптан жерге чейин бир кара чүпүрөк тартып салышкан экен. Жакшылап байкаса жанагы сасык жыт дал ошол тараптан келип аткансыйт. Бир саам көзүн ала албай ойлонуп калды. «Эмне эшикке парда тартып салышканбы? Жоо.. Мүмкүн эмес... Дубалдын наркы бети өзүмдүн үйүм эмеспи.. Демек, терезе да эмес... Анда эмнени жаап коюшту экен?..» Аңгыча үй ээси өзүнүн көз карашын байкап отурганын эстей калып, эмне кыларын билбей, карбаластай түштү. Анын карбаластаганын көрүп беркинин да шаштысы кетти. Кыязы, ал деле сөз учугун кантип улаштын айласын таппай калды окшойт. Акыры чыдабай сурап жиберди:
– Э кошуна, тиги дубалды эмнеге жаап койгонсуң?
– Аа жарыктык көңүлүңө алба. Былтыр ошол жер бир аз жарылып кетти эле. Анан жаап койгом.
– Кандай, шыбагы түшүп калдыбы?
– Ии, ошентип атат.
– Кайра шыбап койсоң болмок да,- деди акылдуусу на. Чынында, «бул шыбаганды билбегенинен чүпүрөк тартып койду го» деген ой мээсине зып эте калган болчу.
– Эми, кандай десем. Нары жагынан бир аз суу сарыгып чыгып, шыбак токтобой койду. Анан, чыкса чыга берсин деп чүпүрөк тартып салдык.
– Нары жагынан дейсиңби?.. Нары жагы менин үйүм эмеспи...
– Ооба, ооба... Бирок, көп деле эмес... Арзыбаган эле суу...
Берки дагы ойлонуп калды. Чүпөрөк менен тосулган жерди алая карап, дубалдын нары жагындагы үйүн элестетип өттү көз алдына. «Биздин үйдөн кайдагы суу
кирет буга? Же аялым бирдеме төгүп атабы? Баса, бул тушту биз эмнеге колдончу элек?.. Кана, наркы тушу кире бериш болсо... Ой... Демек, бул туш биз жуунган жер турбайбы... Э катыгүн!.. » Мына ошондо түшүндү жүрөктү айлантып каңырсып турган жыттын себебин. Көрсө өзү үй-бүлөсү менен киринип, кийимдерин жуугандан кийинки суу кошунасынын үйүнө сарыгат тура. Көрсө өзү иренжип, жаман көрүп аткан жагымсыз жытка дал өзү себепкер тура. Уялганынан жүзү оттой албырып чыкты.
– Э айланайын кошуна! Мурда эле айтпайт белең... Мен бирдеме кылат элем да, – деп чебелектеп жиберди бир маалда.
– Койсоңчу кутманым. Болбогон нерсени деле сага айтып, сени убара кыла берсем, менин кошуналыгым кайсы. Эч камтама болбочу.
Эмне дээрин билбей калды. «Демек, бир жылдан бери мунун байкабастыгынын азабын тартып келатышкан тура булар. Болбогон нерсе дегенин карачы эми... Кантип чыдашты? Кандай сабыр, кандай адеп менен ушунчалыкка чыдашты булар?» Мээсине миң бир суроо туулуп, сүйлөөргө сөз таппай отурду. Жан дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүп, жүзү бир албырып, бир бозоруп кубулуп атты. Акыры:
– Айтчы, урматтуу олуям, бул силердин динде ушундайбы? – деп сурады жүзүнө эңиле.
– Жарыктык, анын несине таң каласың? Бизге, мусулмандардын баарына, колу-коңшуга жакшы мамиле кылуу катуу буйрулган.
– Ошондой де. Анда кадырманым, бүгүндөн баштап мени да диндешиң деп бил. Мага дин Исламды үйрөт олуям, – деп сабылып жиберди берки. Ой пикирин
түп тамырынан өзгөрткөн чечиминен толкунданып кеттиби, же жүрөгүнө капилет орногон ыймандын жылуулугу сууруп чыктыбы, айтор, көзүнүн кычыгынан тоголонгон жаш жаак ылдый салаалап, жерге куланып жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Eltuzor   10 Июнь 2015 - 00:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

ТООБО

– Мындайларды өлтүрүп эле салыш керек, – деп ду-улдап жатты кошуналары. Качан келишкени белгисиз, аял-эркек болуп он чактыдай киши топтолуп калыш-кан экен. Жөн гана көчөдөн өтүп бараткандар дагы аялдай калып, иштин чоо-жайын топтолуп тургандар-дан сурамжылап жатышты. Арасында кызуу кандуу-рак кишилер да бар окшобойбу. Ызырына сөгүнүп, ал тургай тап бере калгандары да болду. Кокус милиция болбогондо баса калып өлтүрүп коюшмак окшойт.
Мындай көрүнүштөргө жедеп кандим болушкан тар-тип коргоочулар, абалды курчутуп ийбөө максатын-да топтошкондорду тарата баштады. Колунан толгой
кармаган экөө болсо, муну дегдеңдете сүйрөп барып уазиктин арткы эшигин ачты да ичине киргизип кетти.
Үй алдынан акыркы көргөнү ушу болду. Машина кыймылдап жөнөөрү менен араң турган башы ого бе-тер айланып, кускусун келтирип шайын оодара баш-тады. Кыязы, жылчыгы жок машинанын ичи ысыктык кылып, толук тарабай аткан баңгиге кошул-ташыл бо-луп эле калды окшойт. Ошону менен эч нерсени ой-лоно албай, эңги-деңги болуп шылкылдап келе берди. Акыл-эстин тээ түпкүрүндө гана убакыттын тездигине таң калуу сезими ойгоно калып жатты. Түшүнө албай
баратты болгон-бүткөндү. Мына азыр милициянын машинасында кетип баратат. А түндөгү чычайган та-мекини айланта соруп, кыжылдашып чогуу отурган
шериктери кана? Алар кайда кетип калды?А андан кийинки ар кайсы ачуу сөздөрдү айтып, ызылдап ат-кан аялычы? Баса, аны эшикке кууп чыкканын эстеди
чала-була. Кайда түнөдү экен деп бир аз ойлонуп да койду. Анан кичинекей сүймөнчүк кызы тартылды көз алдына. Уктап жаткан төшөгүнөн башын кылтыйта чы-гарып, ызы-чуу түшүп урушуп аткан экөөнү шолоктоп ыйлап, карап отурган болчу ал. Андан кийинкисин эстей алган жок. Ушунун баары көз ачып жумгуча эле
өтүп кеткендей болду ага. Анан эле жулкулдатып ой-готуп аткан милициялар пайда болду. Ошону менен ошолордун коштоосунда келетат. «Казакстандын ми-лициялары болбосо болду деги». Ушул ой тык эткенде гана көзүн ачып, маңдайындагы милицияга тигиле ка-рады. Бөөшсүнө бир аз отурган соң, биртке кайрат-танды окшойт, жакындай ийилип:
– Байке, кыргызсызбы? – деп сурады.
– Кыргыз болсом эмне экен?! Нары, түз отур ордуңа! – деп кагып жиберди кызматкер оройлоно. Берки-ге ушул эле жооп керек болчу. Кыргызча сүйлөгөн кызматкер экен, демек өз жеринде эле окшойт. Эми, коркпой кете берсе болот. Эртең эле чыгып кетет бу-лардан. Көп болсо эки жүз сом алышар. Ошону менен кайра шылкылдаган боюнча келе берди. Көңүлү айланып, кускусу келип жатты. Бирок, бул ороңдогон ми-лициялардан коркуп калыптыр. Чыдап карманып от-урду. Өхх, акыры машина да токтоду. Күпүлдөгөн кызматкерлер кайра эки колунан толгой кармап, сүйрөп жөнөштү. Эшиктен эшик өткөрүп келип, темир тор артына түртүп киргизип коюшту да, сыртынан шарактата кулпулап салышты. Ичин караса кудайдан болуп бош орундук бар экен, шалак эле ошого жата кетти. Кейип да койгон жок. Баса, кейигенде эмне? Биринчи жолу келди беле...
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Eltuzor   10 Июнь 2015 - 00:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Көрсө, тагдырдын алааматы эми башталган экен. Эс тарткандан бери көрүп келеткан кордук азыркы-нын жанында шоона эшпей калат тура. Ал кезде да жок дегенде кошуна-колоң, тели-теңтуш муну аяп, апасы, карыган чоң энеси сыяктуу бирин-экин бол-со да буга болушар кишилер бар эмес беле. Күнүгө мас болуп келип үйгө жаңжал салчу атасы, турмуш-тун татаалдыгына туттугуп, алда качан мерез бо-луп бүткөн апасы экөө бир күндө бир канча жолу урушканы менен, азыркыга караганда буга адамча мамиле кылышчу тура. Бүгүнкү күндөй кантип бол-сун? Тигине, керек болсо жашоосундагы эң жакын адамдарым деген аялы, көзгө басар бир тууган ага-сы да келип бетине түкүрүп, каргап-шилеп отурат.
«Өз кызыңа кантип колуң барды айбан? Кенедей не-меге кантип дитиң барды мыкаачы, кан кускур! Шал тийип калсын....» ...
Жок! Болду! Мындан аркысына чыдай албайт. Ан-сыз да зыңылдап ооруп жаткан башын мыкчый кармап, үч бүктөлүп бүрүшүп алды ого бетер. Жана эле «эми кимиси келип мени чыгарып кетер экен» деп күтүп жат-кан дардайып бош орундукта. Үйүнөн алып келип ка-мап кетишкенден кийин бир саатча жатканга эс алып калган экен, чалкалап орундукка жатып алып «деги эм-неси болсо да агам келбесе болду» деп тиленип аткан болчу. А көрсө бул «бейкуттуктун» эң акыркы мезгил-дерин жашап аткан тура ошондо. Тергөөчүнүн астына кирип, иштин чоо жайын билгенде гана муну эми эч ким чыгарып кетпесин билди. Келип чыгарып кетмек
тургай, түрмөнүн түбүнө тыгып, таш менен корумдап көмүп салса аздык кылар кишиге айланган тура көрсө. Адатта айласы кеткенде Жаратканга жалынып кирчү
эле, азыр ага да дити барбай калды. Тек гана ичинен кан ыйлап, ичинен сыздай берди. Арга калбай, айла кетип баратканда Кудайга жалынып, Ага үмүт кылып,
Андан жардам күтүү дагы адамга чоң кубат болот тура көрсө. Муну шордуу жаны минтип андайга да жүзү барбай турганда сезди.
Жүрөгү эзилип, жан дүйнөсү эңшерилип баратты. Кызматкерлер айткан жакка басып, тур деген жеринде селейип туруп берип жатканы менен, ички дүйнөсүндө
алаамат болуп жатты. Ансыз да жаштайынан жакшы-лык көрбөй, жалаң жетишпеген жакырдыкты көрүп чоңойгон неме, ого бетер корсунуп, ого бетер басы-нып турду. Эсине тааныш-тамырлары келе баштады аз-аздан. Баары өзүн жекире карап, баары ызырынып жаткандай сезилди. Жети өмүрү жерге кирди ансайын.
«Бала кезиңде эле жайлап салсам болмок, акмак» деп жаткансыды атасы. Анын тээ бала кезинен тааныш заар чачкан көздөрү тартылды көз алдына. Анан апасынын элеси тартыла түштү эле, чыдай албай башын булкуп, кергиштеп кетти. Чочуп кеттиби, же жөн эле колу кы-чышып турганбы, артындагы милиция кызматкери ызы-рына сөгүнүп, бөйрөк тушка бир уруп, алдыга түртүп ийди. Бирок, ансыз да жан дүйнөсү жанчылып турган неме, анын бул кылыгын этибар деле алган жок. Ушул маалда анын көз алдына эң жакшы көргөн адамы, мар-кум чоң энесинин элеси келди. Бирок бул жолу демей-де кулачын жайып, бооруна кысчу чоң энесин көрө ал-бай койду негедир. Атасы ичип келген сайын «көрүмдө күйгүзөсүң го жарыбагыр» деп наалычу эле. Эми өзүнө да ошентип наалып тургандай сезилди. Башы айланып, турган жеринен кулап кете жаздады ошондо. Аңгыча, жанагы күрсүлдөгөн кызматкер муну дагы түрткүлөп жөнөдү. Дүкүлдөткөн боюнча түртүп келип жанагы те-мир торго кайра киргизип камап салды. Өзүн бош тур-ган орундукка да ыраа көрбөй барып бурчка тыгыл-ды. Сүрөткө тартып жатышканын эстеди бир маалда.
Журналисттер да жүргөндөй болгон эле. Көз алдына өзүнүн сүрөтү чыгарылган газета-журналдар тартылды. Мурда кийин муну тааныгандар бүт көрөрүн ойлоду. Ушул жерден достору эсине келди. Кечээ эле чогуу ичип, чогуу отурган жолдоштору тартылды көз алды-на. Тигине, дайыма жанынан кетпеген досу Мыкан. Өзүнө окшогон немелер менен тосуп келген экен му-нун Казакстандан келишин. «Эмне кайгырасың досум?
Казактарга кул болуп калбай, аман-эсен качып келген турбайсыңбы. Эч камтама болбо. Баары жакшы болот. Ме андан көрө мобундан чегип ал» деп жакынсынып
сүйлөп, тамекиге «жанагыдан» кошуп даярдап берип жатат... Жанатан өзүн жерге жекире жектеп отурган неме, жалгыз ошону эстегенде гана муштуму түйүлүп, ошого кыжыры келди. Азгырык шайтан так ошо тура көрсө. Аялы «Жолотпо! Жогот ошол бузукуңду! » деп каргап-шилегенине карабай шынаарлап ээрчип жүрчү эмес беле. Мына, эми. Ал муну жоготту окшойт би-ротоло. Анан аялын эстеди. Атаң көрү ай! Эстегени курусунчу. Кантсе да бир үйдө түтүн булатып жаша-ган неме, мунун ичип-чеге калма иттигин көрүп турса да, буга жан тартып, буга күйчү эмес беле. Аттиң ай, эми антпей калды го... Түбөлүккө жек көрүндү болду го ага. Так ушул убакта кирип келди, аялы балдызы менен. Экөө тең ыйлап алышкан. Айрыкча аялынын кебетеси такыр эле кетип калыптыр. Нөөмөттө турган кызматкердин кой-ай дегенине карабай ажылдап койо берди кирип эле. Сай-сөөгүн сыздаткан сөздөр менен каргап жатты ал. Жаңы эле ойлоп отурбады беле аны. Көрсө чын эле түбөлүк жек көрүндү болгон тура. Алгач кечирим сурап ийчүдөй, же тиги жылуу сөз сүйлөп, кайгысын тең бөлүшчүдөй элтеңдеп тура калды эле,
кайра тигинин кебетесин көрүп, үн дебей, көзүн жумуп отуруп берди. Аңгыча өзүнүн агасы да келди. Аялы ага да асылып, бирдемелерди кыйкырып кирди. Бирок,
тиги жооп берген жок ага. Тек гана берки бүрүшүп отурган немени акырая карап, темир торго жакындап келди да «Ушундан көрө өлүп эле ал, эшек! Элдин бетин карагыс кылбадыңбы» деди ызырына. Тигилердин заарына уугуп кетти ошондо. Эки колдоп башын катып алды. Тим эле башы курсагына батса салып алчудай
үңкүйдү. Унчугуп, жооп айтканга дарманы жок болчу.
Ал тургай кечирим сурап, же жалынып-жалбарып жардам сураганга да дити барган жок. Көп өтпөй тиги-лерди чыгарып салышты. Кайрадан жымжырттык. Ичи
эңшерилип бараткансыйт. «Апаа» деп бакыргысы келет. «Оо Кудаай» деп озондогусу келет. Бирок, эч бирөөнө оозу барбай койду. Ушундан көрө өлүп тынгысы келди.
Жөн гана жок болуп кеткиси келди. «Болду! Менин жашаганга акым жок! Мен адам эмесмин!» деген ой мэ-эсинде тынымсыз чабагандап атты. Баардык өмүрүнүн
бир көз ирмемде өтүп кетишин тилене баштады бир маалда. Эч кимди көрбөй, эч нерсени укпай ушул от-урган бойдон өлүп калсам деп кыялданып жиберди.
Анан башын көтөрүп эки жагын карады. Темир менен какчыйта тордолгон ээн бөлмөдө жападан жалгыз от-урат. Тирүүлүктүн эч бир жышааны жоктой. Баса, уба-кыт да токтоп калгансыйт. Сүйүнөөрүн же өкүнөөрүн билбей кетти ошондо. Ажал келип, адам өлөөрдө уба-кыт токтойт деген ой мээсине шып эте түштү. Ооба,
мындан эки-үч жыл мурун үч күндүк даабатка чык-канда уккан муну. Ошол жакта бир баладан уккан. Анан ошол күндөрүн эстеди. Жупуну кийинип, жупу-ну жүргөндөрү менен кең пейил, нур жүздүү адамдар болчу алар. Алгач кийген кийимине, койгон сакалына асылып, сын тагып, кемсинтип жүргөн. Кийин кандай-дыр бир себептер менен өзү да даабатка чыгып калды.
Көрсө буга чейинки өмүрүндөгү эң жемиштүү күндөрү ошол үч күн болгон тура. Жылт этип учуп кеткен ал күндөрдү бир эсе сагына, бир эсе өкүнө көз алдынан
өткөрө баштады. Ар бир сөзүн, ар бир мүнөтүн кал-тырбай эстегенге аракет кылып жатты. Анан орто жа-шап калган бирөөсүнүн «Кудай Таала өтө кечиримдүү
зат. Ал керек болсо өмүр бою сойкулук кылган аялды да суусаган итке суу берип койгону үчүн кечирген»
деген сөздөрүн эстеди. Ушул жерден көзүнө жаш те-геренип кетти. Өпкөсү көөп, буулугуп чыкты бат эле. Арманын айтар, күйүтүн бөлүшөр бирөөгө зар болуп
турган неме чыдай албай калды акыры. Анан ботодой боздоп койо берди бетин басып. Кудайлап ыйлап жи-берди. Кудум энесинин алдында жаткан жаш баладай
өңгүрөп ыйлады. «Оо Кудайым кечире кө-өр. Өз кы-зымды өзүм өлтүрүп алдым. Мастык менен өлтүрүп ал-дым. Сен баарынан кечиримдүү Затсың. Сенден башка кайрыларым калбады. Оо Аллахым мени кечире көр!» деп көз жашын көл кылып буркурады. Өпкө-өпкөсүнө батпай өңгүрөп, жаратканына жалынып, башын жерге койгулап суранып жатты ал.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Eltuzor   10 Июнь 2015 - 00:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Так ушул маалда Кудай Таала өзүнүн эч кимге теңдешсиз кудуреттүүлүгүн, чексиз айкөлдүгүн дагы бир ирет даңазалады адам уулуна. Кандай адам бол-босун, кандай шарт болбосун чындап тообо кылган-дардын тообосун кабыл кылаарын шардана кылды Ал. Башынан аягына чейин ак шейшеп жабылган кыздын
жансыз денесин толмочунан келген доктур сүйрөмө керебетке салып узун зал менен түртүп келатты. Ке-бетесине караганда өтө шашмалап алган. Ал тургай
бирөөлөрдү жемелеп, сөгүнүп да алыптыр. Аңгыча чөнтөгүнөн телефону шыңгырады. Шашкалактап суу-руп чыгып карады да, дароо жооп бере баштады.
– Алло, угуп атам агай. Ооба, жеттик. Жаңы эле жеттик. Жолдо машинабыз бузулуп калып араң келбе-дикпи. Ооба, бузулуп калды. Айдоочуну алмаштырбаса болгудай эмес. Машинаны жакшы карабайт бул... Ии, ооба... Азыр кирип эле союп салам. Эми, жаш эле кыз экен, бөйрөктөрү таза эледир. Аа. Ооба, тездетиш
керек. Макул... Мен жыйынтыгын айтам сизге...Телефонду койду да ого бетер антаңдап сүйрөп жөнөдү. Ылдамдатпаса далай акчадан куру калчудай.
Кудайдан болуп жаш балананын таза бөйрөгү табыл-бай турганда мобул кыздын келип калганын карачы.
Баса, муну эртең менен эле «атасы думуктуруп өлтүрүп салды» деп алып келишкен. Тез жардам ооруканага жеткирери менен эле буга чалышкан болчу. Кыязы,
ооруканага келгенден кийин карашкан деле эмес ок-шойт. Кандай жеткирилсе, ошо бойдон эле туруптур. Анан бул барып алып кетпедиби. Жанагы, жалдыра-ган айдоочусу жолдун так ортосуна машинасын бузуп салып кечиктирбегенде, мунун бөйрөгүн эмгиче алып, жөнөтчү жакка жөнөтүп коймок. Мына эми, ошонун
айынан тил укту. Тигил жакта сөөктүн ээлери ызы-чуу кылып аткан имиш.
Дүңкүлдөгөн бойдон сүйрөп отуруп өлүк сойчу бөлмөсүнө кирип барды. Бул жердин жыты менен сүрү башка киши болгондо дене боюн дүркүрөтүп иймек.
Айрыкча ичинин сууктугу да бир укмуш. А бул канча-дан бери ушул жерде иштеп жүрүп көнүп деле калган.
Жерди такылдата басып кирип келди да, сүйрөмө ке-ребетти атайын столдун жанына токтото коюп, наркы курал-жарактарын көздөй чуркап жөнөдү. Барып мээ-лейин кийип, калган керек жарагынын баарын бир та-бакка салып кайра чуркап келатып буту эмнеге илинип
кеткени белгисиз, мүдүрүлүп барып токтоду. Табакта-гы каруу-жарагынан бир-экөө шагыраган бойдон жер-ге түшүп кетти. Бир бычагы болсо нарыраак турган
столдун астына кирип кетиптир. Ого бетер сөгүнүп-сагынып жүрүп тигилерин терди да ,кайра өйдө болуп келип чакчайып туруп калды. Жаңы эле жерден алган
шаймандары шарактап кайра түштү колунан. Бирок бул жолу аларын карап да койгон жок. Алайган бой-дон гана тиги кыз жаткан керебетти карап тура берди.
Жаңы эле өлдү деп сүйрөп жүргөн кыз көз көрүнөө кыймылга келип, бери оодарылып алса болобу. Бирөө тамашалап атабы дегенсип эки жагын сыдыра карады. Аңгыча кыздын денеси дагы козголду. Жүрөгү жарылып кетчүдөй дүкүлдөп чыкты. Көпкө жалдырап туруп акыры өзүн-өзү колго алды. Аярлай
басып кызга жакындап келип, бетин аңдый тикте-ди. Кичинекей неме кайда жатканын түшүнбөй атса керек. Алайып эки жагын карап жатыптыр. Майда
калтырак баскан колун аярлай сунуп, жаткан шейше-бине орой көтөрүп сыртка алып жөнөдү. Узун залга чыгып, колундагыны кайда жайгаштырарын билбей
турганда телефону дагы шыңгырады. Ансыз да кал-дастап турган неме, карайлап атып телефонун таап, сууруп чыкты чөнтөгүнөн. Анан ала калып эле туш
келди сүйлөй баштады:
– Агай туруп кетти. Өлбөптүр. Ой өлбөптүр дейм да, неме-е, тиги клиникалык өлүм. Ооба, ошо кли-никалык өлүм. Жок, өзү туруп кетти. Залда көтөрүп
турам. Билбейм эмне кылышты. Билбейм... Макул... Макул... Макул...
Телефонду койду да жанында турган диванга отур-ду. Муун-жүүнү дале титиреп жатты. Колундагы кыз-дын жүзүнө тигиле карады. Ал дагы эле кайда, кимдин
колунда турганын түшүнбөй жаткан окшойт. Элейип өзүн тиктеп отуруптур. Анын карагаттай көздөрүн ка-рап алып «кокус союп койгон болсом эмне болот эле?»
деген ой келди башына. Жүрөгү ого бетер шуулдап кетти. Айдоочуга да, жолдо бузулган машинасына да миң мертебе рахмат айткысы келди. Бөөдө бейкүнөө
наристени жайлап салмак тура көрсө. Кудайга миң мертебе шүгүр айтты. Ичинен арам акча үчүн адам сойбоого ант берип жатты кайра-кайра. Бул минтип
канчага отурмак ким билсин, бир маалда кичине кыз быйтыйган колу менен тигинин жеңин тарткылап ат-канын байкады. Ичинен миң санаага батып отурган
экен, чочуп кеткенсип алая карады аны. Жанатан ды-мырап отурган кыз бал тили менен күтүлбөгөн суроо узатты:
– Байке, сиз тообо кылдыңыз беле?
– Кандай?.. Тообо дейсиңби?.. Жок... Жок, кыл-ган эмесмин, - деди доктур шашыла. Байкуш кыз эсине келе албай атат го деп ойлоду ичинен.
– А сиздин мендей кичинекей кызыңыз барбы? – деди кыз бир саамдан кийин.
– Жок, менин кызым жок. Бирок, сени менен тең уулум бар.
– Аа. Анда сиз тообо кылыңыз. Болбосо уулуңуздун бөйрөгүн алып салышат.
Аза бою дүркүрөп кетти. Эмне дээрин билбей му-кактанып калды.
– Эмне... Эмне дейсиң?... Сага ким айтты аны? Ким айтты? – деди шашкалактап. Карачечекей уулу жөнүндө айтылган сөз ого бетер тайсалдатып ташта-ды муну.
- Билбейм ким айтканын. Мен «атаң тообо кылба-ганда бөйрөгүңдү алып салышмак» деген үндөн ой-гонуп кеттим. А сиз аны уккан жоксузбу? – деди таң
кала. Бул жолу берки жооп бере алган жок. Тек гана ичинен келмесин айтып отуруп берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Gayshiyip_turat   10 Июнь 2015 - 08:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 129
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Июн 2018 21:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалкоолизм шаары,бекерпоз кочосу,тентимиштер уй булоосу)))

Zashibis! Soonun!
Suroo avtorgo-bul chygarmalar saga taandyk je ..?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Gayshiyip_turat   10 Июнь 2015 - 10:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 129
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Июн 2018 21:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалкоолизм шаары,бекерпоз кочосу,тентимиштер уй булоосу)))

Dagy suroo
Mnege jazganda®dyn akysyn bergile dep jazdyng? Kogo imel vidu? Avtor menen seninbi? Je bul jerge 2,3 adam jazyp ataby?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Eltuzor   10 Июнь 2015 - 12:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Gayshiyip_turat (10 Июнь 2015 - 10:03) жазган:

Dagy suroo
Mnege jazganda®dyn akysyn bergile dep jazdyng? Kogo imel vidu? Avtor menen seninbi? Je bul jerge 2,3 adam jazyp ataby?


жакшы байкапсың. :) Муну китептин ПДФ форматынан көчүрүп атам. Ошого китепти жазганга да, аны пдфдан көчүргөн мага да ырахмат айтып койгула дегем. Эч ким унчукпай отуруп алса бекер эле убара болуп атамбы деген ой кетет экен... Эмне азап тартып атам дедим да....

Баса, Гайшыйып турган адам, сенин чыгармаң да жакшы болчу... улантпай койгонуң шумдук болду да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Eltuzor   10 Июнь 2015 - 12:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Өлүмдөн сактаган эки ооз сөз


Туш тарапты түтүн каптап, көчөлөрдө кан агып жат-ты. Нацисттик жоокерлер жин ургандай кирип кел-ген СССРдин аскерлерине туруштук бере албай калды. Жеңилгенине көзү жетип, айласы кеткен Гитлер 30-апрель күнү атынып өлүп жаны тынды. Ошону ме-нен Берлин шаары комунисттердин айоосуз талоонуна туш болду. Алдынан чыкканды өлтүрүп, колуна тийгенди жулуп алып, кыз-келиндерди зордуктап жатты жеңүүчүлөр. «Койгула, токтоткула» деп алдыларынан
эч ким тосуп чыга алган жок. Ушул эле аз келгенсип, бир күнү орус аскер башчылары шаар элине жарлык кылды. Жарлыкта «бардык жайлар коммунист жоо-
керлери үчүн ачык турсун! Эч ким алардын кылганына жолтоо болбосун! » деген катуу буйрук бар болчу.
Ошентип, шаар элин калкалар үмүттүн акыркы шооласы да өчкөндөй болду. Кой дээр кожосу жок жоокерлер алдынан чыкканды ур-тепкиге алып, кенедей
каршылык кылганды ит аткандай атып, кызарган нерсе көрсө жулуп алганга өттү.
Тээ согуштан мурда эле Түркиянын Бакыркөйүнөн келип, Берлинге жайгашып калган түрк улутундагы Арам Пештемалжыян дагы, үй-бүлөсү менен калы-килем саткан дүкөнүн ачып коюп, келе турган апаатты айласыз күтүп отурду ошол күнү. Баарынын кабагы салыңкы. Жаш кыздары энесине бекем жабышып, көздөрүн алаңдатып ыйлап алган. Ким билет бул күн алардын жашоосундагы акыркы күндүр. Көр оокат деп ата-журтунан чыгып, бул жакка сапар аларда мындай апаат болуп кетет деп ким ойлоптур. Эми, эки дөө согушса, ортодо кара чымын кырылат деген ушу дегенсип, тагдырларына мойун сунуп отурушат.
Канча жылдан бери созулган согуш кечээ өздөрү жа-
шаган аймакка чейин кирип келип, көз алдыларында
канчалаган адамдар өлүп кете берди. Мына, акыры
ажалдын кезеги буларга да келген окшобойбу. Кача-
арга жайы жок, бекинерге тешиги жок байкуштар,
көрө турганды бирге көрөлү, колдон келгидей болсо
бири-бирибизди арачалап калалы дегенби, айтор баа-
ры топтолуп алып, дүкөнүн ачып күтүп жатышты.
Мындайда убакыттын кандай өткөнү да билинбей
калабы, же чын эле орустар ушунчалык жакын беле,
ким билсин, бат эле түшүнүксүз кыйкырып-өкүрүп
эки жоокер кирди булардын дүкөнүнө. Тим эле жин-
ди немедей буркулдаган экөөнү көргөндө эле бечара
Пештемалжыяндардын үрөйү ого бетер учуп, бала-
чака чурулдап ыйлап жиберди. Бирок тиги кутурган
эки жигит булардын коркконун ойлоп да койгон жок.
Көздөрү жүлжүгүрөөк тартып, кара-торусунан келген
кебетелери моңгол кейиптенгени менен, үстүлөрүнө
78
кадимки орус кийимдерин кийинип алышкан экен.
Бирөө жайылып турган килемдерге умтулуп, улам би-
рин аңтара сыйрып карай баштады. Бирөөсү болсо
түп-түз эле келип кыздардын бирөөсүн билектен алса
болобу. Дүкөндүн ээси жайылып турган килемдерин
бүт алса дагы кыңк этпейт болчу. Бирок, кантсе да ата
эмеспи, кара чечекей кызына көз көрүнөө сугун арткан
немеге чыдай албай, тигинин колуна жабышып ортого
кире калды. Ансыз да кыжыры келгендей буркулдап
жүргөн баскынчы, заар чачкан көзү менен тигини жеп
ийчүдөй бир карады да, тапанчасын кабынан сууруп
чыгып чекесине такады. Иштин бүткөнү ушул деген ой
мээсине зып эте калды бейм, айласы кетип, өңү куп-
куу болуп кубарган Арам Пештемалжыян аялын саал
кылчая бир карап:
– Шимди боку йедик! («эми бокту жедик» – түрк
элинде кеңири таралган жаргон) – деп кобуранды.
Жанатан аңыраңдап аткан жоокер бул сөздү уккан-
да негедир таң кала түшүп:
– Не дедиң, не дедиң? – деп шашыла сурап жибер-
ди.
Жанын оозуна тиштеп, коркконунан жүрөгү ла-
кылдап согуп турган үй ээси, эмне кыларын билбей,
араңдан зорго жанагы сөзүн дагы кайталады:
– Шш–шимди б-б-боку йедик.
Ошону менен кум саатты кайра коңторуп ийген-
дей, баары тескерисинен кетти. Өлүм менен кайгыдан
башка жакшылык кылбачудай көрүнгөн жоокердин
колундагы тапанча ылдый түшүп, кутурган дөбөттөй
кызаңдаган көзүнөн кубанычтын учкундары чагылды.
Жашоодон түңүлө баштаган Пештемалжыян болсо
дагы эле көз алдындагы кубулушка ишене албай, «бул
79
шумдуктуу коммунисттер дагы эмнени баштады» де-
гендей чочуркап карап тура берди. Жаңы эле көзүнөн
заар чачып, оозунан ажал бүркүп турган баскынчынын
өңү көз көрүнөө өзгөрүлүп, жылуу мамиле кылганы
аны мурдагыдан да чочулатты. Берки баскынчы бол-
со, канчадан бери жоготуп таппай жүргөн тууганына
жолуккандай сүйүнүп, тигини кайра-кайра кучактап,
баркылдап каткыра берди.
– Биз кан кардашпыз. Мен сенин кардашыңмын,
– деп тигини эки ийинден кармап силкилдетип жат-
ты ал. Советтер Союзунун курамына кирген түрк
элдеринин жигиттери кан күйгөн согушта катарлаша
жүрүп, баарына түшүнүктүү, баарына орток түркий
сөздөрдү көп эле үйрөнүп калышкан. Баскынчы жи-
гит дагы ошол болгон-билген түркий сөздөрүн авто-
маттан аткандай жаадырып, туугандыгын, жакынды-
гын билдирип атты.
Акыры дүкөн ээлери да аз-аздан эсин жыйды.
Алаңдаган көздөр токтоп, аз да болсо үмүттүн шо-
оласы тутанды. Жанатан мазарга айланып турган
дүкөнгө жан кирип, ары-бери чай даярдалды. Анан
чай үстүндө кобурашып отурушту. Таанышышты. Тил-
дери аз-маз башка болгону менен дилдери бир, каада-
салты бир, диндери бир элдерден экен, бири-бирине
сый тартуулап, бири-бирин урматтап отурушту.
Ошондон кийин эки жоокер Пештемалжыяндын
дүкөнүнөн карыш жылган жок. Орус аскери талап-
тоноосун токтоткуча эч жакка жылбай кароолго ту-
рушту. Каны бир, боордоштук деген ушу тура атага-
нат! Кылган ишин доомат кылбай, аткарганын артык
көрбөй, араң түшүнүп калган бир сөзү үчүн жүзүнө
күлкү аралап, «кан кардашпыз» деген сөздү баарынан
80
улук көрүп, ошол туугандыкты туу туткан сезими ме-
нен, боордошун кыйын абалда калтырбай коргоого
өзүн милдеткер сезди эки жоокер.
Арадан күндөр өттү. Канчалаган адамды зар как-
шаткан согуш да бүттү. Немис болобу, орус болобу,
же таптакыр алыстан келген түрк болобу, айтор, өз
эмгеги менен нан таап жеген карапайым калкка тынч-
чылык эле жакшы тура. Анын сыңарындай, нечен-
деген алаамат күндөн аман-эсен чыккан Пештемал-
жыян үй-бүлөсү дагы көп ичинде оокатын кылдыра-
тып, бүлгүндөн аман калган дүкөнүн иштетип жашай
беришти. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет дейт
эмеспи. Акырындап соодасы жанданып, оокаттары
тыңып, эл катарына кошулушту.
Бир күнү Берлинге Түркиядан атайы түрк иш-
керлерин зыярат кылганы кабарчылар келип калды.
Алыскы мекенинен келген адамды жөн коюшабы,
Пештемалжыяндар да үйүнө чакырып конок кылыш-
ты. Ак дасторкон жайылып, дүйүм тамактар коюлду.
Ал-акыбал, жашоо-турмуш өткөн-кеткенден кеп са-
лышты. Кеп арасында үй ээлери согуш убагындагы
эки жоокер тууралуу тим эле кайра-кайра кайталап
айтып жатышты. Акыры өзүлөрүн бүтүндөй апаат-
тан сактап калган жанагы «сыйкырдуу жаргон» булар
үчүн баа жеткис мааниге ээ экенин баса белгилешип,
керек болсо Түркиядан чоң хаттат (эски Осман элин-
де диний сөздөрдү кооздоп, ар кандай ыкмага салып
көркөмдөп жаза турган уста) таап, ушул сөздү жазды-
рып, дубалдарына илип алгысы келгенин да унутта
калтырышкан жок. Булардын тилегин уккан кабарчы,
Түркияга кайтарында хаттат табууга жардам берерин
убада кылды.
81
Айткандай эле, ал кабарчы Түркияга келип, бат эле
Эмин Барын аттуу хаттатты тапты. Өмүрү андай ыплас
сөздү көркөм чеберчилигине албаган хаттат, бир жу-
мадай кыйылып жүрүп, акыры макулдугун берди. Ара-
дан ай өтпөй, түрк элине кеңири таанылган «шимди
боку йедик» сөзү алда немедей кооздолуп жазылып,
сырты шөкөттөлүп Берлинге жиберилди.
Ал эми берки кабарчы иштеген газетада болсо, бо-
гонок сөздүн кантип шөкөттөлгөнү тууралуу макала
даярдалып, «Түрк үй-бүлөсүн кыргындан сактаган эки
кыргыз жоокери» тууралуу кеңири баяндама жазылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Eltuzor   10 Июнь 2015 - 19:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Бейишке кирбей күтөм...
- Таяне.
- Оу балам.
- Телефонуңуз качан оңолот?
- Менин телефонум оң эле балам
- Балким өчүп калгандыр.
- Жок, күнүгө эле токко сайып атам.
- Кечөө өчкөн жок беле, таяне?
- Жок. Бул телефон бир толсо 3-4 күнгө жетет.
- ...
- Эмне болду балам? Эмнеге сурадың?
- Түшүмө атам кирди. Эмне чалбай калдыңыз дедим.
- Анан эмне дейт?
- Таянеңдин телефону өчүп калыптыр. Ошого чала албай атам деп айтты...
- Аа, сени сагынып аткан го анда.
- Эмне атам да мени сагынабы таяне?
- Сагынат да балам. Албетте сагынат.
- Сагынса эмнеге чалбайт анда?
- Эми... балким чала албай аткандыр. Телефону бузулгандыр. ..
***
- Таяне, телефонуңузду токко сайып койоюнбу?
- Ооба, ошентчи. Эртең менен уктап калбайлы.
- Эмне телефон жок болсо уктап калабызбы?
- Ооба да. Бизди күнүгө ушул ойготуп атпайбы.
- А атамды да телефон ойготобу?
- Ошентсе керек балам. Азыр элдин баары эле телефон карап калбадыбы?
- Анда атамдын телефону иштеп аткан турбайбы ээ?
- Иштебей анан? Атаң камдуу эмеспи. Иштеп аткандыр.
- Атамдын да телефону иштесе, сиздики да иштесе, анда эмнеге чалбайт?
- Ким билет. Балким, акчасы жоктур...
***
- Таяне, мен сабакка барбай эле койоюнчу.
- Эмнеге балам?
- Агай бүгүн классты сырдаганга 100 сомдон алып келбесеңер анда келбей эле койгула деген.
- Ой кечөө 100 сом бербедим беле.
- Таяне аны Россияга салып ийдим.
- Кимден салып ийдиң?
- Максаттын да атасы Россияга кетип атыптыр. Атама берип коюңуз деп берип ийдим.
- Атаң эмне кылмак эле аны, э катыгүн!
- Бизге чалсын да таяне. Ал мени сагынып чала албай жүрөт го.
- Аа, кокууй. Кайдан да айттым эле.
- Эмне таяне, чалбайбы? Сагынбайбы бизди...
- Билбейм балам. Билбейм. Деги эмне дешти да билбей калдым...
***
- Таяне! Таяне! Телефон! Атам чалып атат!
- Кана! Кана бери алып келчи!
- Мына, таяне мына! Бол батыраак алыңызчы! Бол!
- Аллоо.. алоо... Жаку... Аа Батмаш сенсиңби? Бу неберем атам чалып атат дегенинен... Кандайсың өзүң, жакшысыңбы? Конок тосом дейсиңби? Кудаларыңбы? Аа, макул азыр берип ийем.
- Атам эмес бекен?
- Жок балам. Бул Батмаш тура. Сыр табак сурап атыптыр. Тур барып берип келчи.
- Барбайм!..
- Ой эмне болду? Тур барып берип кел... Э катыгүн сен ыйлап атасыңбы?
- Сиз эмнеге көпкө сүйлөшөсүз. . Бул телефонго атам чалат дебейсизби? Телефонду бошот, Белектин атасы чалат дебейсизби? Ал сагынып чала албай жүрөт. Кечөө Белек ага акча салып ийген, болду буга чалбагыла дебейсизби? !...
***
- Э Белек, сен эмнеге атам эле атам дейсиң? Апаңды унутуп калдыңбы?
- Жок.
- Анда эмнеге аны айтпайсың?
- Мен аны жаман көрөм.
- Эмнеге?
- Апам күнүгө эле «акча жок. Бул жумушуңан чыгып башка жакка иштебейсиңби. Россияга деле барсаң боло» дей берип атамды кетирип ийген. Апам антпегенде биз баарыбыз чогуу жашай бермекпиз.
- Аа, балам. Анан жашаш керек да. Акча деген жетпей атпайбы?
- Жетет болчу. Акчанын кереги жок болчу мага. Атам эле керек болчу. Мейли акчасы жок болсо деле мейли. Андан балмуздак да сурабайт болчумун. Ботинка, машина, конфет да сурабайт болчумун. Атам эле келсе болмок...
***
- Э Бекинтай, кана телефон?
- Менде таяне.
- Э ботом, аны эмне алып алдың?
- Сиз намазда отурганда атам чалып калабы дегем.
- О каралдым десе! Келе эми, панарын жагып эшикке чыгып келейин.
**
- Белек, Бекинтай. Келе гой каралдым мобу дарыны ичип алчы, садага...
- Таяне, мен болду апама таарынбайм.
- Алда каралдым ай. Куса болуп ооруйт деген ушу тура. Апаң кара жерге кирсинчи ошо... Чычкандай баланы бир ойлоп коюшпай...
- Түшүмө сиз айткан Мухаммед Пайгамбар кирди, таяне. Ал апаңа таарынба. Апа деген баарынан ыйык деди.
- Аа каралдым. Түшүңөн садага болоюн сенин. Түшүңдөн садага кетейин.
- Таяне, мен дары ичпей эле койоюнчу.
- Эмнеге балам. Ичпесең ооруп каласың да.
- Мейли. Ооруй берейинчи.
- Кой антпе. Оору тилеген болчу беле.
- Билем, таяне. Эгер ооруп өлүп калсам, атам менен апам кайра келишет да.
- Ок кокуй, антип айтпа! Жаман болот!
**
- Бекинтай, Белек! Карачы биз келдик.
- Пайгамбарым сизсизби? Сиз келдиңизби? Атасы келбегендерге келем дебедиңиз беле. Мен сизди аябай күттүм. Атам да келбей койду. Апам да келбей койду. Анан сиз да кечиктиңиз. Түшүмө да кирбей калдыңыз... Мен баарыңды сагындым... Мени бул жерге калтырбагылачы. ..
- Бекинтай, сен эмне деп атасың? Бул биз апаң менен атаң... Сен катуу ооруп аткан турбайсыңбы Бекинтай. Эмне деп атасың? Көзүңдү аччы...
- Пайгамбарым, сиз аларга ачууланбаңызчы. .. Балким алар менден жакшы бала таап алышкандыр. Балким, мен жаман бала болгондурмун. .. Бирок, мен аларды баары бир күтөм. Бейишке кир десе да кирбей, оозунда туруп күтөм. Акыры келишээр мага... Акыры ошол жерге келишээр...
- Бекинтай... Белеек...

Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 10 Июнь 2015 - 19:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: