Апакеме кат...
"Апаке!
Амансызбы? Чалытырсыз,
Бошобой жаттым эле, алууга түз.
Башкача чыгып жатат сөздөрүңүз,
Айтпайсыз, дагы ооруп калыптырсыз.
Эмнеге кептериңиз каргылданат,
Ээлигип ойлондусбу кайкып канат.
Кыжаалат кылып койду үнүң апоу,
Калчу эле мурун уксам жарпым тарап.
Кубарып кеткендей го гүл өңүңүз,
Кайрадан оорудубу жүрөгүңүз.
Сыр кылып билбейт дебең, жаным апоу,
Сеземин. Чогуу биздин түнөгүбүз.
Сизге деп дары издейм. Жол түгөнбөйт,
Кыйыры көрүнбөгөн кулач жолдой.
Сыркооңо калем кармап турам апа,
Каламын кечириңчи врач болбой.
Сыноонун чыга албай багытынан,
Сумсаям. Кээде дилге айып тагам.
Бирок сиз ойлонбоңуз апа, апоу,
Буюруса калем кармап айыктырам "
Рахат Боркоева
23/04/2018
Рахат Боркоеванын ырлары...
#2 11 May 2018 - 11:19
Булбулдун айланага үнүн камтып,
Буулуккан жан-дүйнөмдүн күүсүн тартып.
Сумсайып отурамын улам, улам,
Сүйүүнүн булагына жүзүм чайып.
Чана албай махабаттын ыйыгын бу,
Чыгынып айтпастан же кылыгымды.
Дүйнөмдөн бир инсанга ашык болуп,
Дагы да чыккан кези ырым муңдуу.
Жүрөккө жашоо, сүйүү келип жаңы,
Жашырбай айткысы бар сезим аны.
Көз жумуп кээде баардык тоскоолдукка,
Каармандын болгум келет Бегимайы.
Баратат да жүрөгүмдүн тайып алы,
Бугум чыкпай катылган каламдагы.
Жашап келем жашырып бул сүйүүнү,
Жан-дүйнөмдө атап аны Раймаалы.
Оң жооп чыкпас, анык го башкалардан,
Ойлорумда казат бар башталбаган.
Баякыдай жашырып жашай берем,
Барбы менин мындан же башка аргам.
Рахат Боркоева
09/05/2018
10:38
Буулуккан жан-дүйнөмдүн күүсүн тартып.
Сумсайып отурамын улам, улам,
Сүйүүнүн булагына жүзүм чайып.
Чана албай махабаттын ыйыгын бу,
Чыгынып айтпастан же кылыгымды.
Дүйнөмдөн бир инсанга ашык болуп,
Дагы да чыккан кези ырым муңдуу.
Жүрөккө жашоо, сүйүү келип жаңы,
Жашырбай айткысы бар сезим аны.
Көз жумуп кээде баардык тоскоолдукка,
Каармандын болгум келет Бегимайы.
Баратат да жүрөгүмдүн тайып алы,
Бугум чыкпай катылган каламдагы.
Жашап келем жашырып бул сүйүүнү,
Жан-дүйнөмдө атап аны Раймаалы.
Оң жооп чыкпас, анык го башкалардан,
Ойлорумда казат бар башталбаган.
Баякыдай жашырып жашай берем,
Барбы менин мындан же башка аргам.
Рахат Боркоева
09/05/2018
10:38
#4 09 November 2018 - 15:50
Д Ү Й Н Ө М
Эңшерилип дүйнөм бүт эңшерилип,
Эзген сөздөр кайрадан эске кирип.
Жан талашкан жүрөгүм сүйлөп жатты:
"Жок суранам, өчпөчү, өчпө билик".
Кыялдарды көп сыноо буюктурду,
Колдорума муң баскан сунуп ырды.
Уугуп турган дүйнөмдү аягансып,
Ушул түнү ак жамгыр куюп турду.
Мындай жанга эч убак жолукпагам,
Мен ашыктым, ойлорум, толуп санаам.
Мерез элем, ал жандын багындырды,
Мүнөзү эх дүйнөмдү толуктаган.
Кечирилбес бул менин каталарым:
Кадам койдум ал жанга аттап баарын.
Ийилбестен түзөлбөс тоскоолдукка,
Инсанымды "ДҮЙНӨМ" деп атап алдым.
Кайтпас сезим турат да оолуктуруп,
Көөдөнүмө күлкү, шаң, оюн куруп.
Бирок ага эч качан жете албайм,
Багыт алып мен барчу жолум туюк.
Моюндабай сүйүүнү күйгөн демим,
Махабат жок, болгону сүйлөм дедим.
Кээде туруп, ичимден кетким келет,
Кыйналбастан жүрсүн деп Дүйнөм менин.
Чулгап турган кайгыга калып жаным,
Чууруп жаштар, чуркабай талып каным.
Мээ кайнаткан сүйүүнүн чөлкөмүндө,
Мен ДҮЙНӨМдү тагдырга табыштадым.
Ырга айланып, ыр болуп жүрөктөгүм,
Ый, жаш камтып, ансайын күчөйт сөзүм.
Дилим менен тек гана айтып коюп,
ДҮЙНӨМ үчүн кайрадан күрөшпөдүм.
Кантем анан, мен андан кулап калаар,
Күүсү менен келүүчү тоскон ок бар.
Тушаламын ДҮЙНӨМӨ жете албай,
Турган кезде жеңилбес тоскоолдуктар.
Рахат Боркоева
16/09/2018
Эңшерилип дүйнөм бүт эңшерилип,
Эзген сөздөр кайрадан эске кирип.
Жан талашкан жүрөгүм сүйлөп жатты:
"Жок суранам, өчпөчү, өчпө билик".
Кыялдарды көп сыноо буюктурду,
Колдорума муң баскан сунуп ырды.
Уугуп турган дүйнөмдү аягансып,
Ушул түнү ак жамгыр куюп турду.
Мындай жанга эч убак жолукпагам,
Мен ашыктым, ойлорум, толуп санаам.
Мерез элем, ал жандын багындырды,
Мүнөзү эх дүйнөмдү толуктаган.
Кечирилбес бул менин каталарым:
Кадам койдум ал жанга аттап баарын.
Ийилбестен түзөлбөс тоскоолдукка,
Инсанымды "ДҮЙНӨМ" деп атап алдым.
Кайтпас сезим турат да оолуктуруп,
Көөдөнүмө күлкү, шаң, оюн куруп.
Бирок ага эч качан жете албайм,
Багыт алып мен барчу жолум туюк.
Моюндабай сүйүүнү күйгөн демим,
Махабат жок, болгону сүйлөм дедим.
Кээде туруп, ичимден кетким келет,
Кыйналбастан жүрсүн деп Дүйнөм менин.
Чулгап турган кайгыга калып жаным,
Чууруп жаштар, чуркабай талып каным.
Мээ кайнаткан сүйүүнүн чөлкөмүндө,
Мен ДҮЙНӨМдү тагдырга табыштадым.
Ырга айланып, ыр болуп жүрөктөгүм,
Ый, жаш камтып, ансайын күчөйт сөзүм.
Дилим менен тек гана айтып коюп,
ДҮЙНӨМ үчүн кайрадан күрөшпөдүм.
Кантем анан, мен андан кулап калаар,
Күүсү менен келүүчү тоскон ок бар.
Тушаламын ДҮЙНӨМӨ жете албай,
Турган кезде жеңилбес тоскоолдуктар.
Рахат Боркоева
16/09/2018
#5 09 November 2018 - 15:52
Эрким жок, мизин кайрап күчүндө муң,
Эзилем, сезбей башка үчүн дээрсиң.
Каратып жалган айттың, кетем эми,
Кадырым кийин жаным түшүнөөрсүң.
Жетпептир сага жанып, күйгөндүгүм,
Сен дагы азап чегип үйрөн бүгүн.
Жакшы сөз, ырым арнап жазбайм сага,
Сыягы күнөө окшойт сүйгөндүгүм.
Буулугуп, жаш алганда карегиңе,
Белгисиз болгон чыгаар дарегим ээ?
Айтайын: кайгы, муңдун шаарындамын,
Азаптан сыя топтоп калемиме.
Рахат Боркоева
24/07/2018
20:49
Эзилем, сезбей башка үчүн дээрсиң.
Каратып жалган айттың, кетем эми,
Кадырым кийин жаным түшүнөөрсүң.
Жетпептир сага жанып, күйгөндүгүм,
Сен дагы азап чегип үйрөн бүгүн.
Жакшы сөз, ырым арнап жазбайм сага,
Сыягы күнөө окшойт сүйгөндүгүм.
Буулугуп, жаш алганда карегиңе,
Белгисиз болгон чыгаар дарегим ээ?
Айтайын: кайгы, муңдун шаарындамын,
Азаптан сыя топтоп калемиме.
Рахат Боркоева
24/07/2018
20:49
#6 09 November 2018 - 15:58
Эрким жок, мизин кайрап күчүндө муң,
Эзилем, сезбей башка үчүн дээрсиң.
Каратып жалган айттың, кетем эми,
Кадырым кийин жаным түшүнөөрсүң.
Жетпептир сага жанып, күйгөндүгүм,
Сен дагы азап чегип үйрөн бүгүн.
Жакшы сөз, ырым арнап жазбайм сага,
Сыягы күнөө окшойт сүйгөндүгүм.
Буулугуп, жаш алганда карегиңе,
Белгисиз болгон чыгаар дарегим ээ?
Айтайын: кайгы, муңдун шаарындамын,
Азаптан сыя топтоп калемиме.
Рахат Боркоева
24/07/2018
20:49
Эзилем, сезбей башка үчүн дээрсиң.
Каратып жалган айттың, кетем эми,
Кадырым кийин жаным түшүнөөрсүң.
Жетпептир сага жанып, күйгөндүгүм,
Сен дагы азап чегип үйрөн бүгүн.
Жакшы сөз, ырым арнап жазбайм сага,
Сыягы күнөө окшойт сүйгөндүгүм.
Буулугуп, жаш алганда карегиңе,
Белгисиз болгон чыгаар дарегим ээ?
Айтайын: кайгы, муңдун шаарындамын,
Азаптан сыя топтоп калемиме.
Рахат Боркоева
24/07/2018
20:49
#7 09 November 2018 - 16:06
* * * * *
Сен алыстап, көөдөнүмдөн ташып муң,
Көрүнбөөдө бир тарабы багыттын.
Сезбөө үчүн тамчыларын көзүмдүн,
Кыялымда сен тарапка ашыктым.
Бири болуп кар жаадырган булуттун,
Көңүлүмдөн бар бакытты куруттум.
Камчыланып кусалыкты баратып,
Багыты жок акылымдан тил уктум.
Сапар тарттың таштап өлкө жарыгын,
Күндү алып, кабагыма салып түн.
Сабырымдын күчтүүлүгү жоголуп,
Кеткениңе күн боло элек сагындым.
Сен жок эми эптөө менен күн өтөөр,
Эң башкысы бир максатта жүрөктөр.
Сүйүүм сага күч, кубатын тартуулап,
Эсен-аман, ден-соолукта жүрө көр.
Алыстыкка узап мурун, көнбөгөн,
Акылымды, жүрөгүмдү жөнгөрөм.
Ыдыратпай дидарымды кайгыга,
Ыйлабоого эми жаным сөз берем!
Рахат Боркоева
04/11/2018
Сен алыстап, көөдөнүмдөн ташып муң,
Көрүнбөөдө бир тарабы багыттын.
Сезбөө үчүн тамчыларын көзүмдүн,
Кыялымда сен тарапка ашыктым.
Бири болуп кар жаадырган булуттун,
Көңүлүмдөн бар бакытты куруттум.
Камчыланып кусалыкты баратып,
Багыты жок акылымдан тил уктум.
Сапар тарттың таштап өлкө жарыгын,
Күндү алып, кабагыма салып түн.
Сабырымдын күчтүүлүгү жоголуп,
Кеткениңе күн боло элек сагындым.
Сен жок эми эптөө менен күн өтөөр,
Эң башкысы бир максатта жүрөктөр.
Сүйүүм сага күч, кубатын тартуулап,
Эсен-аман, ден-соолукта жүрө көр.
Алыстыкка узап мурун, көнбөгөн,
Акылымды, жүрөгүмдү жөнгөрөм.
Ыдыратпай дидарымды кайгыга,
Ыйлабоого эми жаным сөз берем!
Рахат Боркоева
04/11/2018

Супер-Инфо
super.kg
видео








