Суперстан: Эмне себептен ажырашуулардын саны өсүп жатат? Кантип азайтсак болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эмне себептен ажырашуулардын саны өсүп жатат? Кантип азайтсак болот? ой бөлүшөбүз

#1 Пользователь офлайн   Latyshka   06 Декабрь 2017 - 12:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 04 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июл 2021 10:12

Акыркы учурда ажырашуулардын саны өсүп кеткени өкүнүчтүү. Кээ бир тааныштарыңдын үйлөнгөнүн укпай эле ажырашып кеткенин угасың. Аябай көп чыгым кылып чоң той өткөрүп, 1-2 айдан соң ажырашып кетип жатышат. Канчалаган кыздардын тагдырына балта чабылып, боюнда болуп жалгыз калып жатышат. Өкүнүчтүү. Мындан улам азыркы жаштар үй-бүлө курууга олуттуу мамиле кылбай калганбы деген ой келет. Мен бойдокмун. Ажырашуулардын көбөйүп атканын көрүп, жакшылап тандайын, шашпай эле коёюн дейм. Бирок убакыт өтүп жатат. Деги ажырашуулардын эң негизги себептери кайсылар болуп жатат? Канткенде үй-бүлөнү сактап калууга болот? Оюңуздарды окууга кызыкдармын. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Latyshka: 06 Декабрь 2017 - 12:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   love2016kg   06 Декабрь 2017 - 15:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 06:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

менин оюм эрте уйлонбош к.к эрте турмушка чыкпаш к.к себеби алар турмуш эмне экенин билишпей эле ажырашып атышат...турмуш турушу муш деп бекеринен айтпаса к.к
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   dinajanka   06 Декабрь 2017 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Ал эрте де кеч уйлонгондон эмес. Кеч уйлонгондор деле ажырашып жатпайбы. Адамдардын пейли озгоруп тушунуу деген жок, сабырсыз ошого коп ажырашуулар болуп жатат. Уйлуу машиналуу иши бар жигитке турмушка чыкса дагы кайненем же кайнежем дейт кыздар. Баары жакшы болсо уй жок аракети жок иштебейт дейт. Аа жигиттер аялым ото тазалана берет дейт, же болбосо шалтурук, тили узун, отоле жоош, семиз арык айтоор оздоруно карабайле тогорогу топ келишкен кыз издешет, болбой баратса бироонун аялы бироого кыз корунуп келетда. Эми айта берсе толтура. Кыскасы 21 кылымдын жаштары бироолорго карап жашап калганбыз Эвропа тарапты туурап. Ыйман, ынсап, сабыр, уят деген отоле аз, со всемле жок дебейм.

Билдирүүнү түзөткөн: dinajanka: 06 Декабрь 2017 - 15:36

Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   ACAH-AKA.   06 Декабрь 2017 - 16:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 826
  • Катталган: 26 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 17:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖЕРДЕ........

Адамдын озунон да ал жашаш жашабаш
Тем более турмушта ар кандай нерселер болуп кетет жашоо ушундай да бироо ажырашса бешоо табышат дегендей так что баш оорутпай эле кой ал масалеге.
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР











МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Armanymsyz   07 Декабрь 2017 - 08:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 496
  • Катталган: 30 Июль 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2021 18:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ

Турмуштагы ар турдуу жагдайлар себеп. Айта берсен коп. Мисалга кайнене деле турмушту бузуп коюшу толук мумкун экен...
Келинди деле оз кызындай кабыл алып, анча мынча кемчиликтерине коз жумуп койсо, келин деле ийилип апалап турат го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Декабрь 2017 - 09:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Defend. , этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aijan   07 Декабрь 2017 - 10:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Атайылап азайтуу/ кобойтуу жакшылыкка алып барбайт. Мамлекет тарабынан чара коруу же ата-энеси мажбурлап жашатуу чон койгойлорду жаратат.
Мисалы дейли, "Ортодо балдар бар, ажырашпагыла" деген принципке баш ийип тугойлор жашап калышты. Бирок экоо тен бир-бирине сууп буткон, ортолорунда мамиле жок. Муну коргон балдар ата-энесинин бактысыздыгына оздорун куноолуу сезип чоноюшат.
Збагойна эле сууп калышса мейли, балдарга бир-бири ж.до жаман айтпай, "атан", "апан" деп турткулобой, тарткылабай, бир-бирин короорго коздору жок болсо да балдарга ортодо жакшы тарбия беришсе эч нерсе эмес. Бирок ажырашкысы келген тугойлордо кобунчо бир бирине карата претензиялар коп болот (ошо себептуу ажырашып жатышпайбы). Мына ушул претензиялардан келип чыккан уйдогу жанжал, начар маанай жб балдардын психикасын бузат.

Бул бир тарабы. Дагы башка тарабы, экоо жашап калды дейли. Баарын жаныдан баштайбыз дешти. Бирок калыптанып калган муноз, адаттар онойчулук менен жоголбойт. Бирок чогуу жашаган тугойлор оздорун убактынча жубатып, мунун жыйынтыгында жаны кош бойлуулук болуп калуусу мумкун. Бул кайрылыш кайда алып барат, белгисиз. Себеби кобунчо кош бойлуулук жана жаш баланын бир жашына чейинки этап жакшынакай жашап жаткан тугойлор учун деле чон сыноо.

А бизде ичтеги таарыныч жбдус бул жакта турсун, кобунесе аял жана балдары жолдошунан материалдык жактан Коз Каранды болгондуктан ажырашпайм деп чырылдашат. Жана да жолдошу экоонун мамилеси кандай, ал артка жылып калат. "Кайдагы бир келинге мулкумду, уй-жайымды, балдардын ырыскысын тарттырбайм" деп ойношун да, башкасын да кечирбесе да кечирдим кылат. Бул ачуу чындык. Тоюс, эркектер капчык болуп, бирок ага оздору деле кайыл, ошо себептуу айтылбаса да ойношунун жаштыгын акчасына сатып алышат. Аялдардын да, эркектердин да ой жугуртуусу озгоргон, жалпылай келгенде.

Алыска кетпей эле Чубак ажы айткан нерсени карап корсок, "багар короору жок, жесир жб айымдарды оз карамагына алуу" деген сунуштун озогун деле Материалдык Кызыкчылык тузуудо.

"Кайда барба, Мамайдын кору"болуп материалдык жактан камсыз болуу учун колунда бар ал киши жашпы, карыбы, арыкпы, толукпу, жагымдуубу, жагымсызбы, коз жумуп койгон аялдардын абалын элестетип канырыгым тутойт. Кундуз мейли, алтынга оронуп жыргасын, а тункусунчу? Анустуно жолдошуна "гыррын" дей албайт, ал бул айымдын кызыгы тараган сон башкасын алып келеби, баласын тартып алабы...убактынчалык алтын-кумуш маалы да айымдын сулуулугу соолуй баштаганда бутоорун ойлобойт. Кийин ден соолугунан ажырап, каткан дунуйосун дарыланууга кетирээрин элестетпейт. Же карыган жолдошу сапарга кеткенде ойнош кутуп бугун чыгарат, "мен буюм эмесмин" дегенсип. Мисалы да.

Бир ангидот бар эмеспи.
"-Жолдошум бай болсо, крассавчик болсо, мени бополоп, аздектеп кастарласа, уй жумушчулары баарын айттырбай жасаса...
-А сенчи, сен ага эмне бересин?
-...ыыы...алакандай жеримди". Ипсе! А байлык тоголок дешет, куйоосу банкрот болуп калса мындай айымдар артын карабай качат. Буга ким куноолуу? Капчыгына ишенген эркекпи же озун кымбат саткан айымбы?

Мына, "Бай куйоого тийгим келет" темасы журот Журок Сырында. Байлык озу уят эмес, жаман нерсе эмес. А бирок байлыгына эле кызыгып тийуу коп проблемалардын башаты болоорун сезе беришпегени окундурот. Жокчулук ушул даражага жетип, элдин психикасы озгоргону кейитет.

Бул бир гана чети. Андан болок уйбудо айдынында проблемалар толуп жатат: куч колдонуу, аракечтик, оюнга берилуу, аял тараптан шантаж, тил "зомбулугу" жб жб.

Ошо себептуу ажырашууну жасалма токтотуп коюудан бул проблемалар чечилбейт. Азыркы тушунукторду тубуно чейин уратып кайра куруу керек болот.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aijan   07 Декабрь 2017 - 10:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

А сиз, автор, кандай адам уйбуло курууга даяр деп ойлойсуз?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Salixa.   07 Декабрь 2017 - 11:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

Динажанка айткан да туура. +
Азыр 21-кылым, баары өнүгүп европаны көрүп элейип атасын баласы, энесин кызы укпай калган убак. Буга себеп Россия, Турсия, Америкага каалаганда барып акча табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, акча таап үй бүлөө багып ал менен кошо жашоо ушул турбайбы акчаң болсо эле таңка турбайсыңбы деп адеп, абийир намысты жыйыштырып, аңыраңдап чыккан да убак. Мени балам же кызым акча таап жатат деп уул кызына батынып сүйлөй албай, ата эне балдарына көз каранды болгон да убак. Европаны көрүп элейип, эркектин аялга, аялдын эркекке койгон талабы өсүп ажырашуу да көп болуп жатат.Анткени жакшыны да жаманды да ичине батыра берген "Москва" деген бар, ажырашса кор болбойм, ушинтип жашагандан көрө, өзум бий өзүм хан болоюун деп, турмушту жыйыштырып, чемоданын сүйрөп "москваны "көздөп жөнөп жатышат...
Мына ушундай жеңил жашоого көнүу да ажырашууга себеп. Илгери энелерибиз, апаларыбыз бул нерселер жоктугунан чыдап жашап жүрүшкөнбү ....дейсиң мукураганда.

Албетте жогорудагы жазгандарым баарына тиешелүү эмес, баарын орду ордунда жайгаштырган, турмуш баарына олутту көз менен караган, замандаштарыбыз да толтура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Buudaiuk   07 Декабрь 2017 - 14:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Январь 17
  • Соңку аракети: 12 Янв 2020 22:56

Кыздар келечегин ойлобойт азыр.убактылуу кыз-жигит болуп жашап журо беришет да.бир куну уруша кетсе суйлошпой калышат.анан башка жигит...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Begai_kg   23 Декабрь 2017 - 05:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

1)Акыркы учурда апамын айтуусу боюнча кыздардын сабыры тугонуп баратыптыр. Азыркы кыздар сразу эле бай жерге бара калышып, куйоосу бакса, алар журушсо жыргап ушундай ойлонушат экен. Куйоосунун иштери журушпой калса, чыдабай уруш чыгарышып ажырашышат экен.
2) Кыргыздарда кенири тараган себеп, кайын-журту киришип, бироонун создорунун айынан.
3) Тушунбостук, суйуунун жоктугу.
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Meruet84   23 Декабрь 2017 - 10:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Begai_kg (23 Декабрь 2017 - 05:12) жазган:

1)Акыркы учурда апамын айтуусу боюнча кыздардын сабыры тугонуп баратыптыр. Азыркы кыздар сразу эле бай жерге бара калышып, куйоосу бакса, алар журушсо жыргап ушундай ойлонушат экен. Куйоосунун иштери журушпой калса, чыдабай уруш чыгарышып ажырашышат экен.
2) Кыргыздарда кенири тараган себеп, кайын-журту киришип, бироонун создорунун айынан.
3) Тушунбостук, суйуунун жоктугу.

Апаң туура айтат ,сөзүндө жан бар Бегай кыз.Арабызда андайлар да бар .....
.........үйүңдө мен күткөндөй шарт жок экен ,баня душ ,очок ,там бүт баары ремонттон өтүш керек экен ,үйүң дагы эски вариянттагы үй экен ,буларды жасашың керек .Мени алсаң алдыңкы ресторанда той кылып ,эсте калгыдай болуш керек ,бул менин качантан берки тилегим ,болчу .....
деп укаларибиздин сүйлөшкөн кызы ачык айтып тойду токтотту .

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 23 Декабрь 2017 - 10:11

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kansulu   23 Декабрь 2017 - 10:13

  • Карапайым
  • Тайпасы: Түйүлдүк
  • Билдирүүсү: 226
  • Катталган: 22 Март 14
  • Соңку аракети: 06 Май 2023 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Armanymsyz (07 Декабрь 2017 - 08:57) жазган:

Турмуштагы ар турдуу жагдайлар себеп. Айта берсен коп. Мисалга кайнене деле турмушту бузуп коюшу толук мумкун экен...
Келинди деле оз кызындай кабыл алып, анча мынча кемчиликтерине коз жумуп койсо, келин деле ийилип апалап турат го.

Туура келин деген келин боюнча калат экен кайын журттагы аялдарга,а кайнага кайнаталар кызым деп эле жакшы кабыл алат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Nevestkaa   23 Декабрь 2017 - 20:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 26 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 19:01

Ажырашуу .....бул бүтпөс чоң тема ошондой болсо да өз оюмду кошуп коеюн.1)Никеге тураарда бала да кыз да мед.осмотрдан өтсө(кыздыгы барбы,бала инфек.оорукчан эмеспи).2)Ажырашып кетсе бала тарап кызга компессация төлөп берсе.3)Кимиси ойнош ойноп зынаа кылса да чоң суммадагы штраф төлөп мамлекеттик иштерге 5-10жылга чейин иштей албайт.4)Балалуу болуп туруп үй бүлөсүн таштап кетсе үй мүлкүн конфискациялап жазаласа(жок болсо 3-5ж түрмө)5)Эч себепсиз биз тил табыша албадык деп ажырашса экөө тең мамлекетке 500 000штраф (же 3-5ж түрмө)Ушундай сыяктуу закон чыкса мүмкүн эркеги да аялы да үйлөнөөрдө и ажырашаарда ойлоноор деген айласыз ойлор келди да мага.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sagyn.91   24 Декабрь 2017 - 00:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Эхх, ажырашуу, ажырашуу...

"Ажырашуу эмнеден улам келип чыгат?" "Аны кантип алдын алабыз?"
Бул суроого кооп ойлонуп, бирок бир жыйынтыка келе албадым. Анткени ажырашууга алып келген себептер ото коп. Так эч ким айта албайт.

Кээде суйлошуп журуп баш кошкон эки жаш деле кун, айлардын отушу мн бирин бири тушунбой ажырашып отурушат. Ата-эненин киришуусунон улам, байлык-бийлик, эки жактын тенсиздиги, ортодогу алыстык, ичкилик, жокчулук, тушунбостун, ж.б. толгон токой айта берсе себеби ото коп...

Коомдо канчалаган жетим балдар атанын, же апанын тарбиясын корбой осуп жаткандары кээде окундурот.
Балдарынын бири атасында, бири апасында калганычы, экоонун эртенки мамилеси кандай боло?

Уйлонууго, негизи эле бойго жеткен, уй було куруу алдында турган жигитиби же эркегиби турмушка жоопкерчиликтуу болсонорчу. Бул турмушта эмнелер гана болбойт, ошол маселелерди которо билууну, аяр мамиле жасоону, алдын ала баардык айланада болуп жаткан нерселерге коз чаптырып, сарасеп салып койсонор, маралдык жактан даяр болуп анан баш кошкону барсанар...

Билдирүүнү түзөткөн: Sagyn.91: 24 Декабрь 2017 - 00:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   clay   24 Декабрь 2017 - 00:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 950
  • Катталган: 06 Март 17
  • Соңку аракети: 08 Фев 2018 16:46
  • Калаасы:Кыргызстан...

Аялдар акчанын тартыштыгынан ажырашса, эркектер секстин айынан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   zahira   24 Декабрь 2017 - 12:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 04 Июнь 11
  • Соңку аракети: 19 Авг 2019 18:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ажырашуу - бул баарынан да ортодогу балдарга эле ото оор болот экен. Жакындале бир таанышыбыз айтып калды 11-12 жаштагы бала каза болуптур, себебин сурасак " атасы менен апасы ажырашып, атасы башкага уйлонуп апасы башкага куйоого тийип бала таятасынын колунда калган экен" байкуш бала ата энесин сагынып куса болуп кара сарык болуп калган окшойт го, боордон кайтыш болуптур" . Кандай аянычтуу:(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Janum84   13 Март 2018 - 00:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 525
  • Катталган: 18 Апрель 17
  • Соңку аракети: 17 Окт 2019 22:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Нарын+Чуй

Теманы кандай аташты билбедим,андыктан жазгандарым темага туура келбесе кечирим сурайм.Бугун домашний каналынан уйбулого байланыштуу жакшы передача кордум,мага жакты.Бул передачада уй булоону сакташ керектигин, же болбосо жон эле эки жолго тушуш керек экенине жакшы жардам берет экен.Менин оюм бизге да ушундай керек экен.Мен мисалы ушундай передача бизде болсо мен кайрылмакмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   azamat-1992kg   14 Март 2018 - 20:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 09 Июнь 15
  • Соңку аракети: 17 Дек 2024 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Акыркы убакта ажырашуу деген модага айланып кетти. Мурда ажырашуу деген аябай катуу угулчу эле.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   azamat-1992kg   14 Март 2018 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 09 Июнь 15
  • Соңку аракети: 17 Дек 2024 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Үй-бүлөөнү бекем сактап калыш үчүн ичтеги сырды сыртка чыгарбаш керек. Кыргызда "Сөз ташыбай, төш ташыган келин бол" деп бекеринен айтылбаса керек. Аялы эч качан төркүнүнө күйөөсүн жана анын ата-энесин, бир туугандарын жамандабай, жакшы жактарын айтып туруш керек. Эң негизгиси кандай кырдаал болбосун бири-бирин түшүнүп, сый мамиледе болуш керек. Эркек эч качан майдачыл болуп үйдөгү майда нерсеге кирише бербеши керек. Өйдөдө өлөк, ылдыйда жөлөк болуп, аялы менен күйөөсү бири-биринин кемчиликтерин башкалардан жаап жашырыш керек. Эл алдында эч качан урушбаш керек.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 01:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: