Кыргыз болуп төрөлгөнүңүзгө өкүнөсүзбү? жообун бериш керек
#521 03 Сентябрь 2017 - 23:00
Кыргыз экениме өкүнбөйм. Тескерисинче сыймыктанам.
Көрүп жатабыз го өнүккөн Америкада жашоо кандай. Квргызстанда жашоо шүгүр эле. Бирок ноо нолор көп да
Бул дүйнөдө эң бактылуу адам - баласы бар адам...
#524 30 Ноябрь 2017 - 16:14
#525 02 Декабрь 2017 - 17:50
Африкада торолбогонумо суйуном)
Ал жакта таза суу тамак аш жетишсиз
Алардын кобу ачарчылыкта жашайт
А бизде сонун ал проблема деле эмес
Кудай эн жакшы жерди берген бизге
Кыргыз болуп торолгонумо окунбойм
Ал жакта таза суу тамак аш жетишсиз
Алардын кобу ачарчылыкта жашайт
А бизде сонун ал проблема деле эмес
Кудай эн жакшы жерди берген бизге
Кыргыз болуп торолгонумо окунбойм
Билдирүүнү түзөткөн: Zidan1: 02 Декабрь 2017 - 17:50
[size="2"] [/size]
#526 07 Декабрь 2017 - 16:01
Автор теманы туурамес койгонсуз, менимче "Кыргыз болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү"
деп койуш керек болчу. Даң даң Кечиресиз катуу тийсе
Тема бойунча, өкүнбөйм
Тема бойунча, өкүнбөйм
#528 07 Декабрь 2017 - 19:42
Улутум-Кыргыз,
уруум-Мундуз,
диним-Ислам,
озум-Мусулман болуп жаралганыма Жараткан Кудайым Аллахга мин мертебе шугур айтам.
Кыргыз болуп жаралганыма, Кыргызстан деген бейиштей болгон олкодо жашап жатканыма сыймыктанам жана Кудайга чексиз ыраазымын.

#529 09 Декабрь 2017 - 20:44
Улутчул дейт билбеген,
Улутун кимдер суйбогон.
Кыргыз деп келип дуйного,
Кыргыз деп кетем дуйнодон.
Улутун кимдер суйбогон.
Кыргыз деп келип дуйного,
Кыргыз деп кетем дуйнодон.
#530 18 Декабрь 2017 - 23:34
Мен сыймыктанам Кыргыздын тарыхы ,каада салты, кооз жерлери, тоолору, Ысссык колу, Арсланбак токою,Н арын дарыясы.Манас Курманбек баатырлары .Токтогул Женижок акындары.Жана Келечекте Кыргыздын оз жолун корсотуп бизге жол корсотуучу Мадумаров агабыз бар.Мен ишенем Мадумаров кыргызды онуктуруп тартип орнотуп патриотук сезимдерибизди которой!!
!
#531 19 Декабрь 2017 - 01:55
Жок, өкүнбөйм. Кудайга шүгүр.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#533 03 Январь 2018 - 16:01
Окунбойм,бирок бир аз карангыраак калкпыз.
Мисалы;1;Шефтер кол алдындагы жумушчуларга кандай мамиле кылууну анча билишпейт.
2;Эркектер Аялзатына кандай мамиле кылууну анча билбейбиз.
3;Аялдар эркектерге кандай мамиле кылууну жакшы билишпейт.
4;Кобуроок акча кармап калсак текеберленип кетебиз(бул да карангылыктын белгиси).
5;Алдыбызга максат коюп,ошого жетем деп АРАКЕТ кылып жашагандар аз(копчулугу эле турмуштун агымы менен кошо агып кете беришет)
6;ж.б.у.с.

#534 03 Январь 2018 - 23:50
aziret-92 (03 Январь 2018 - 16:01) жазган:

Арамзараак калкпыз десең тууру болчудай ,баарын билебиз ,кээде билгенибизди да билмексен болобуз ....
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#535 04 Январь 2018 - 01:12
#536 10 Январь 2018 - 09:20
Окунгон менен пайда жок, анткени, ким болуп, кайда торолоорубуз биздин колубузда эмес.
"Кыргыз болуп торолгонумо окуном",- деп мурундун суусун "шуу" тартып отура бербестен, келечек муундар "Кыргыз болгонума сыймыктанам! "- дегидей кылып олкобузду онуетуруубуз керек!!!

#539 30 Январь 2018 - 22:18
Кыргыз анын ичинде мусулман болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам шүгүр.
....кайда! кантип? жүрөсүң кайбереним .....
#540 30 Март 2018 - 11:48
Многобукафф фпереди - тиштенип окуп кой.
Интернеттен, айрыкча суперстандын жетекчилиги ошол сайттын атын жазып койсоң "moderated" деп өчүрүп, а өздөрүнүн тарткан жаңылыктарын, башка сюжеттерин ошол сайттын серверлерине жүктөп, анан жакшынакай кылып шилтемесин бул сайтка жүктөп коюп жаткан сайттын (аты й_у_т_у_б) ичинен толгон-токой жаңылыктар бар эмеспи. Мен көп убакта саясий-экономикалык жаңылктарды көрөм. Ошолордун арасынан, Туркмөнстан жана Түндүк Кореяда болуп жаткан диктаторлук режимдин бийликтин өкүмү тууралуу видеолорду көрүп калам. Жана көп эле көрүп турам. Өзүңөр деле "Хроники Туркменистана" деген каналга кирип көргүлө Гурбангулы Бердымухамедовдун эмне кылып атканын. Бул өлкө СССРдин мурунку мүчөлөрүнөн жалгыз визалык режимди сактап калган өлкө. Эгер ал жакка баргың келсе визасыз бара албайсың. Нейтралдуулукту сактап калабыз деген шылтоо менен режим өлкөнү тышкы дүйнөдөн бөлүп койгон. Сөз эркиндиги боюнча 3 орунда турат. Тизменин аркасынан
. Ал орунда биринчи Түндүк Корея, Эритрея өлкөлөрүнөн кийин. Жаңылыктарын көрсөн байкуш журналисттер "уважаемый президент"
, "хурматли президент"
деп айтмайынча болбойт. Диктатор чогулуш өтүп жатканда ал жердегилер ТУРУП угушу керек, сөзсүз блокнотуна "хурматли президентинин"
айткан сөздөрүн, берген тапшырмаларын жан үрөп баш ийкеп, кээлери калтырап-титиреп жазып турушу керек. Кайсы кызматта иштебесин, кандай адам болбосун андан белек же бирдеме алганда өөп, чекесине тийгизип алышы керек. Ага учурашканга кол бергенде белин ийип, басмырланган даражада кол бериши керек. Зор таланттуу "хурматли президент"
өзү чыгарган ырды ырдап жатканда угуп жаткандар Селин Диондун "Every night in my dreams I see you, I feel you" деп башталган ырын уккандай маашырланып угуп, колдоп, бийлеп турушу керек. Антпей эле көрчү? "Бөрк ал десе баш алган" МНБ (Министерство нац.безопасности,
комитет эмес, служба эмес, целое министерство!
) кызматкерлери ошол "текеберленген"
адамдын эртең эле "эки кончун бир өтүккө кийгизет"
("төтөнүн түйрүп коёт" деп окуй бер). Башмыйзамды 3 жолу өзгөртүп, акыркы өзгөрткөнүнө ылайык эми "хурматли президент"
каалашынча шайлана алат. Ал эми баласы Сердар жакында эле парламентке депутат болуп келди жана чоң атасынын атына негизделген орден менен сыйланды )). Жакын арада бул жаш жигит парламенттин башына барат. Ал деген непадам "хурматли президент"
бирдеме болуп кете турган болсо (в случае недееспособности) парламент башчысы хан тактыга отурат деген кеп. Жөнөкөйлөтүп айтканда, мураскер эмгиче даяр. "Түрмөнстанда газ бекер, свет бекер" деген болбогон кеп. Андан бекерчилик качан эле жокко чыгарылган.
Мамлекет бай (нефть жана газ бар), бирок, эли кедей. Мамлекет башчылар өздөрун пиарлап, мураскер даярдап, болбогон шек менен эле өлкөнүн жашоочуларып чоң кызматта иштегендерди кууруу менен алек. Өзүнө өлкө боюнча 15000 ден ашык айкел орноткон, китеп жазып алып ал китепти Куран, Библия, Тоораттан жогору коюп, ар бир адам окуусун милдеттендирген мурунку диктатор Сапармурад Ниязов өлгөндө сүйүндүм эле, эми Г.Бердымухамедов башкача саясат жүргүзөт го, - деп. Бул болсо С.Ниязовдон да ашып баратат.
Түндүк Кореяны баарыңар билесиңер. Мен жогоруда жазып кеткендерди х1000 ге көбөйтө бергиле. Ошондо ал жактагы акыбал кандай экени анык болот.
Тажикстан. Мигранттардын саны биздикинен көп. Ал эми өлкө башчысы да өзүн түбөлүк лидер кылып алды болсо керек эле. Үй-бүлөлүк династия.
Өзбекстан. И.Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген ажо Шавкат Мирзиёев, акырыындан бийликтин эки тизгин бир чылбырын СНБ дан тартып алып, СНБ башчысы Иноятовду төтөнгө бир тээп, акырындап чейрек кылымдан бери катаал режимде жашап келе жаткан өлкөнү өнүктүрүү жолуна түштү. Бул кишини СНБ желдеттери киллер жалдап эле өлтүрүп салышпаса деп чочуйсуң...
Казакстан. Нураке латын тамгаларын киргизип, акырындап өлкөдө орустилдүулөрдүн таасирин азайтуу менен алек. Баласы эле жок да. Болбосо уулун качан эле өзүнүн ордуна даярдап коймок.
Эмииии, булардын баарын неге саймедиреп жаздым?...
Кыргызстанда мындай диктаторлук режим эч качан болбойт. Болгонго бир эмес, эки жолу аракет кылышты. Аркасы не болду көрдүңөр. Биринчи үй-бүлөлүк башкаруу орнотом деген ажо азыр инстаграмда ыйламсырап отуру - "Мен Кыргызстанга келип өлгөнгө акым бар да!" деп. Келбейсиң, и ошол жакта өлөсүң! Сендей өлкөнүн ресурстарын саткан жана элин бакканга, өлкөнү өнүктүргөнгө салым кошконго жарабаган ажо-сөрөйлөр ошондой куугунтукта куурашы керек! Кийинкиси да (Бакс) жакынкы жылдарда жалдырап баштайт го "Мен да келейинчииии" деп. ))
Берки оозуна ээ боло албаган Алеша деле коркту. Бир эмес эки мисал болду. Эгерде эле коңшу өлкөлөрдөгүдөй авторитардык режим орноткусу келгенде эле кыкеңдер анын энесин үч коргондон көрсөтүп коюшмак!
Кыргыз болуп төрөлгөнүңөргө ЭЧ КАЧАН өкүнбөгүлө! !
Кыргызда башкаларда жок ДУХ бар. Эркиндикке умтулуу бар! Башкалардын аны басмырлап турушуна чыдабай өз оюн ачык айта алууга жеткен эрктүүлүгү бар!
Балким, ушундайлыгынан улам жакынкы эски тарыхта кыргыздын башын бириктирген хан болбогондур. Ормон хан бириктирем деп курултай өткөздү эле. Курултайда баш ийкемиш болуп мындай чыкканда эле баары өз-өзүнчө кеткен
Бирок, дагы жакшы, Кененсары хан иниси Нооруз менен келгенде кайра заматта чогула калышып Кенендин башын колуна карматып жөнөткөн
Казактар азыркыга чейин ошого таарынышат,
эй. Өздөрү катылып алышып, анан төтөнгө тепсең таарынышкан кызыктай эл 
Ошо, кандаштарым, кыргыз болуп төрөлгөнүңөргө эч качан өкүнбөгүлө!
Могу болбогон той-аштар эле болбосо Кыргыз өлкөсү алда качан эле экономикасы өнүккөн мамлекеттерге кирет эле...
Интернеттен, айрыкча суперстандын жетекчилиги ошол сайттын атын жазып койсоң "moderated" деп өчүрүп, а өздөрүнүн тарткан жаңылыктарын, башка сюжеттерин ошол сайттын серверлерине жүктөп, анан жакшынакай кылып шилтемесин бул сайтка жүктөп коюп жаткан сайттын (аты й_у_т_у_б) ичинен толгон-токой жаңылыктар бар эмеспи. Мен көп убакта саясий-экономикалык жаңылктарды көрөм. Ошолордун арасынан, Туркмөнстан жана Түндүк Кореяда болуп жаткан диктаторлук режимдин бийликтин өкүмү тууралуу видеолорду көрүп калам. Жана көп эле көрүп турам. Өзүңөр деле "Хроники Туркменистана" деген каналга кирип көргүлө Гурбангулы Бердымухамедовдун эмне кылып атканын. Бул өлкө СССРдин мурунку мүчөлөрүнөн жалгыз визалык режимди сактап калган өлкө. Эгер ал жакка баргың келсе визасыз бара албайсың. Нейтралдуулукту сактап калабыз деген шылтоо менен режим өлкөнү тышкы дүйнөдөн бөлүп койгон. Сөз эркиндиги боюнча 3 орунда турат. Тизменин аркасынан

Түндүк Кореяны баарыңар билесиңер. Мен жогоруда жазып кеткендерди х1000 ге көбөйтө бергиле. Ошондо ал жактагы акыбал кандай экени анык болот.
Тажикстан. Мигранттардын саны биздикинен көп. Ал эми өлкө башчысы да өзүн түбөлүк лидер кылып алды болсо керек эле. Үй-бүлөлүк династия.
Өзбекстан. И.Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген ажо Шавкат Мирзиёев, акырыындан бийликтин эки тизгин бир чылбырын СНБ дан тартып алып, СНБ башчысы Иноятовду төтөнгө бир тээп, акырындап чейрек кылымдан бери катаал режимде жашап келе жаткан өлкөнү өнүктүрүү жолуна түштү. Бул кишини СНБ желдеттери киллер жалдап эле өлтүрүп салышпаса деп чочуйсуң...
Казакстан. Нураке латын тамгаларын киргизип, акырындап өлкөдө орустилдүулөрдүн таасирин азайтуу менен алек. Баласы эле жок да. Болбосо уулун качан эле өзүнүн ордуна даярдап коймок.
Эмииии, булардын баарын неге саймедиреп жаздым?...
Кыргызстанда мындай диктаторлук режим эч качан болбойт. Болгонго бир эмес, эки жолу аракет кылышты. Аркасы не болду көрдүңөр. Биринчи үй-бүлөлүк башкаруу орнотом деген ажо азыр инстаграмда ыйламсырап отуру - "Мен Кыргызстанга келип өлгөнгө акым бар да!" деп. Келбейсиң, и ошол жакта өлөсүң! Сендей өлкөнүн ресурстарын саткан жана элин бакканга, өлкөнү өнүктүргөнгө салым кошконго жарабаган ажо-сөрөйлөр ошондой куугунтукта куурашы керек! Кийинкиси да (Бакс) жакынкы жылдарда жалдырап баштайт го "Мен да келейинчииии" деп. ))
Берки оозуна ээ боло албаган Алеша деле коркту. Бир эмес эки мисал болду. Эгерде эле коңшу өлкөлөрдөгүдөй авторитардык режим орноткусу келгенде эле кыкеңдер анын энесин үч коргондон көрсөтүп коюшмак!
Кыргыз болуп төрөлгөнүңөргө ЭЧ КАЧАН өкүнбөгүлө! !
Кыргызда башкаларда жок ДУХ бар. Эркиндикке умтулуу бар! Башкалардын аны басмырлап турушуна чыдабай өз оюн ачык айта алууга жеткен эрктүүлүгү бар!
Балким, ушундайлыгынан улам жакынкы эски тарыхта кыргыздын башын бириктирген хан болбогондур. Ормон хан бириктирем деп курултай өткөздү эле. Курултайда баш ийкемиш болуп мындай чыкканда эле баары өз-өзүнчө кеткен

Ошо, кандаштарым, кыргыз болуп төрөлгөнүңөргө эч качан өкүнбөгүлө!
Могу болбогон той-аштар эле болбосо Кыргыз өлкөсү алда качан эле экономикасы өнүккөн мамлекеттерге кирет эле...
> Mен эл менен <