Суперстан: Кыргыз болуп төрөлгөнүңүзгө өкүнөсүзбү? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (28 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз болуп төрөлгөнүңүзгө өкүнөсүзбү? жообун бериш керек

#541 Пользователь офлайн   Sushi_wok   30 Март 2018 - 12:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения Shanson (30 Март 2018 - 11:48) жазган:

Многобукафф фпереди - тиштенип окуп кой.

Интернеттен, айрыкча суперстандын жетекчилиги ошол сайттын атын жазып койсоң "moderated" деп өчүрүп, а өздөрүнүн тарткан жаңылыктарын, башка сюжеттерин ошол сайттын серверлерине жүктөп, анан жакшынакай кылып шилтемесин бул сайтка жүктөп коюп жаткан сайттын (аты й_у_т_у_б) ичинен толгон-токой жаңылыктар бар эмеспи. Мен көп убакта саясий-экономикалык жаңылктарды көрөм. Ошолордун арасынан, Туркмөнстан жана Түндүк Кореяда болуп жаткан диктаторлук режимдин бийликтин өкүмү тууралуу видеолорду көрүп калам. Жана көп эле көрүп турам. Өзүңөр деле "Хроники Туркменистана" деген каналга кирип көргүлө Гурбангулы Бердымухамедовдун эмне кылып атканын. Бул өлкө СССРдин мурунку мүчөлөрүнөн жалгыз визалык режимди сактап калган өлкө. Эгер ал жакка баргың келсе визасыз бара албайсың. Нейтралдуулукту сактап калабыз деген шылтоо менен режим өлкөнү тышкы дүйнөдөн бөлүп койгон. Сөз эркиндиги боюнча 3 орунда турат. Тизменин аркасынан :). Ал орунда биринчи Түндүк Корея, Эритрея өлкөлөрүнөн кийин. Жаңылыктарын көрсөн байкуш журналисттер "уважаемый президент" , "хурматли президент" деп айтмайынча болбойт. Диктатор чогулуш өтүп жатканда ал жердегилер ТУРУП угушу керек, сөзсүз блокнотуна "хурматли президентинин" айткан сөздөрүн, берген тапшырмаларын жан үрөп баш ийкеп, кээлери калтырап-титиреп жазып турушу керек. Кайсы кызматта иштебесин, кандай адам болбосун андан белек же бирдеме алганда өөп, чекесине тийгизип алышы керек. Ага учурашканга кол бергенде белин ийип, басмырланган даражада кол бериши керек. Зор таланттуу "хурматли президент" өзү чыгарган ырды ырдап жатканда угуп жаткандар Селин Диондун "Every night in my dreams I see you, I feel you" деп башталган ырын уккандай маашырланып угуп, колдоп, бийлеп турушу керек. Антпей эле көрчү? "Бөрк ал десе баш алган" МНБ (Министерство нац.безопасности, комитет эмес, служба эмес, целое министерство! ) кызматкерлери ошол "текеберленген" адамдын эртең эле "эки кончун бир өтүккө кийгизет" ("төтөнүн түйрүп коёт" деп окуй бер). Башмыйзамды 3 жолу өзгөртүп, акыркы өзгөрткөнүнө ылайык эми "хурматли президент" каалашынча шайлана алат. Ал эми баласы Сердар жакында эле парламентке депутат болуп келди жана чоң атасынын атына негизделген орден менен сыйланды )). Жакын арада бул жаш жигит парламенттин башына барат. Ал деген непадам "хурматли президент" бирдеме болуп кете турган болсо (в случае недееспособности) парламент башчысы хан тактыга отурат деген кеп. Жөнөкөйлөтүп айтканда, мураскер эмгиче даяр. "Түрмөнстанда газ бекер, свет бекер" деген болбогон кеп. Андан бекерчилик качан эле жокко чыгарылган. Мамлекет бай (нефть жана газ бар), бирок, эли кедей. Мамлекет башчылар өздөрун пиарлап, мураскер даярдап, болбогон шек менен эле өлкөнүн жашоочуларып чоң кызматта иштегендерди кууруу менен алек. Өзүнө өлкө боюнча 15000 ден ашык айкел орноткон, китеп жазып алып ал китепти Куран, Библия, Тоораттан жогору коюп, ар бир адам окуусун милдеттендирген мурунку диктатор Сапармурад Ниязов өлгөндө сүйүндүм эле, эми Г.Бердымухамедов башкача саясат жүргүзөт го, - деп. Бул болсо С.Ниязовдон да ашып баратат.

Түндүк Кореяны баарыңар билесиңер. Мен жогоруда жазып кеткендерди х1000 ге көбөйтө бергиле. Ошондо ал жактагы акыбал кандай экени анык болот.

Тажикстан. Мигранттардын саны биздикинен көп. Ал эми өлкө башчысы да өзүн түбөлүк лидер кылып алды болсо керек эле. Үй-бүлөлүк династия.

Өзбекстан. И.Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген ажо Шавкат Мирзиёев, акырыындан бийликтин эки тизгин бир чылбырын СНБ дан тартып алып, СНБ башчысы Иноятовду төтөнгө бир тээп, акырындап чейрек кылымдан бери катаал режимде жашап келе жаткан өлкөнү өнүктүрүү жолуна түштү. Бул кишини СНБ желдеттери киллер жалдап эле өлтүрүп салышпаса деп чочуйсуң...

Казакстан. Нураке латын тамгаларын киргизип, акырындап өлкөдө орустилдүулөрдүн таасирин азайтуу менен алек. Баласы эле жок да. Болбосо уулун качан эле өзүнүн ордуна даярдап коймок.

Эмииии, булардын баарын неге саймедиреп жаздым?...

Кыргызстанда мындай диктаторлук режим эч качан болбойт. Болгонго бир эмес, эки жолу аракет кылышты. Аркасы не болду көрдүңөр. Биринчи үй-бүлөлүк башкаруу орнотом деген ажо азыр инстаграмда ыйламсырап отуру - "Мен Кыргызстанга келип өлгөнгө акым бар да!" деп. Келбейсиң, и ошол жакта өлөсүң! Сендей өлкөнүн ресурстарын саткан жана элин бакканга, өлкөнү өнүктүргөнгө салым кошконго жарабаган ажо-сөрөйлөр ошондой куугунтукта куурашы керек! Кийинкиси да (Бакс) жакынкы жылдарда жалдырап баштайт го "Мен да келейинчииии" деп. ))

Берки оозуна ээ боло албаган Алеша деле коркту. Бир эмес эки мисал болду. Эгерде эле коңшу өлкөлөрдөгүдөй авторитардык режим орноткусу келгенде эле кыкеңдер анын энесин үч коргондон көрсөтүп коюшмак!

Кыргыз болуп төрөлгөнүңөргө ЭЧ КАЧАН өкүнбөгүлө! !
Кыргызда башкаларда жок ДУХ бар. Эркиндикке умтулуу бар! Башкалардын аны басмырлап турушуна чыдабай өз оюн ачык айта алууга жеткен эрктүүлүгү бар!
Балким, ушундайлыгынан улам жакынкы эски тарыхта кыргыздын башын бириктирген хан болбогондур. Ормон хан бириктирем деп курултай өткөздү эле. Курултайда баш ийкемиш болуп мындай чыкканда эле баары өз-өзүнчө кеткен :) Бирок, дагы жакшы, Кененсары хан иниси Нооруз менен келгенде кайра заматта чогула калышып Кенендин башын колуна карматып жөнөткөн :) Казактар азыркыга чейин ошого таарынышат, эй. Өздөрү катылып алышып, анан төтөнгө тепсең таарынышкан кызыктай эл :)

Ошо, кандаштарым, кыргыз болуп төрөлгөнүңөргө эч качан өкүнбөгүлө!

Могу болбогон той-аштар эле болбосо Кыргыз өлкөсү алда качан эле экономикасы өнүккөн мамлекеттерге кирет эле...

:good:
:0108:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#542 Пользователь офлайн   Merelisha   05 Октябрь 2018 - 03:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Эч качан окунбойм,тескерисинче сыймыктанам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#543 Пользователь офлайн   n.nurzina   08 Октябрь 2018 - 00:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 882
  • Катталган: 23 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Фев 2022 19:12
  • Жынысы:Аялзаты

Окунбойм.Сыймыктанам. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#544 Пользователь офлайн   ludimira   29 Ноябрь 2018 - 10:41

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 577
  • Катталган: 27 Август 17
  • Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Окунгондо не пайда,кайра апамын ичине Кирип Америкос аялдын маткасына секирип Кире албаган сон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#545 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 07:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Окунгон менен пайда жок окунууго анчалык деле негиз жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#546 Пользователь офлайн   tamchy555   27 Январь 2019 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 04 Окт 2021 16:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Ош

100 пайыз окунбойм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#547 Пользователь офлайн   beka2605   19 Апрель 2019 - 19:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 09 Март 17
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 14:51
  • Жынысы:Аялзаты

Африка,Афганистан, Сирия же Индиянын жакыр жерлеринде, Кытайдын кундун козу корунбогон таза аба жетпеген шаарларында туулуп калбаганыбызга мин мертебе шугур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (28 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июн 2025 00:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: