Саламатсыздарбы.
?
Жүрөгүм сыгылып,сырдашаарга адам таппай кыйналып кеттим.Күйөөм менен сөз талашып ажаан аялга айланып баратам.
Жакынкы күндөрдө апамын жылдыгы болот.Күйөөм барбайсын,каникулда балдарды алып жүрүп келесинер дейт.Аял болуп жаралганыма,
сөзүм суу кечпей,күндө билет алып бер деп жалдыраганыма арданып...
Алтыным атамды күйөөмдүн сөзүнөн чыкпай көрбөй калдым. Эрдин сөзүнөн чыкпаш керек деген стимулду кармап,шашпаай каникулда бардым.Жылдыгына да жөнөтпөй канча көз жаш менен бардым.Канчалаган сөздөр болду.
Жылдыгын да өткөрдүк.Атам жаныдан өлгөндөй болду мен үчүн.
Кыйналып турган убагым...
#2 25 Февраль 2018 - 13:11
Чет жерде жургондо жакынын каза болсо аябай оор болот. Мурзосуно барып топурак салып, куран окусан санаан тынч болот. Ал эми алыста болсон санаан тынчыбай омур бою куса мн отосун.
Сизди тушунуп турам.
Жолдошунуз " куйосунун ыраазычылыгысыз аялы бир кадам да уйдон чыкпаш керек" дегенди кармап алган го.Эми туура, денизчи.
Бирок ата-эне, бир тууган бир жолу олот. Кайра олбойт.
Жакшылап суйлошуп корунуз...

#3 25 Февраль 2018 - 16:03
Бир жыл мурда апам ооруп,бир туугандарым ачык эле айтышты. Атам ооруганын убагында айтпай көрбөй калдым деп аларга капа болгон элем.Келип кал,ооруп жатат ,арман болбосун. Баякы эле күйөөм баардыгына чалып,сурап.
Ооруганы чынбы,жазда барса болбойбу?Анан барат деп.
Күндө ыйлайм.Акыры билет алып берди.Жеттим апама.Арыктап, кичинекей болуп калыптыр.Кээде эле конулу ачылып сүйлөбөсө,унчукпай отура берет.Түнү уктай албайт.Сөзсүз таблетка ичиш керек.Димидрол. Сүйлөбөсө деле ыраазымын,жанымдагоо деп сүйүнөм.Барган күнүмдүн 12-13күндөрү жөтөлүп калды.Муздак ичкенденго. Мен дагы деле оюмда жок.Врач чыкырдык.Алар деле айла жок дары жазып беришиптир. Эң чоң эжеме айтышыптыр. 2-3күнгө барбайт деп.Эжем бизди коркпосун деп айтпаптыр.Алтыным апамды кыйнап,укол сайдырып.Организм чарчаганда укол деле кетпей калат экен.Сүйлөбөй калса,тамагы шишип кеткен го деппиз. АПАМ ТИЛДЕН КАЛГАН ЭКЕН...

#4 25 Февраль 2018 - 16:18
Сегиз бир тууган апамы айланчыктап.
Кашыктап тамак берип өнтөлөйбүз.
Кана эми жанымды алмаштыр десе эч ойлонбой ыраазы болмокмун.Сүйлөюн дейт.Сүйлөй албайт.Түнү жанында мен отурат элем.Кыйналып дем алып баштады.Апа апа дейм.Башка сөз айталбайм.Башкаларды эмес апамды чочутуп албайын.Жөтөлүп чарчады.Уйкусурап кыйналып атат окшойт деп ойлоп.Акыры биир чункур дем алдыда унчукпай калды. Чоң эжем келме келтиргиле,
бакырбагыла дейт.Колу бутун ушалап,апалайбыз баардыгыбыз.
Дагы деле үзүлбөгөн үмүт өзүнө келип калабы деген.Ошентип жума күнү таң атаарда апаман ажырадык...
#6 25 Февраль 2018 - 16:28
Апам жаны үзүлсө деле көзү билинеер билинбес ачык турду.Чоң байкем башка шаарга кеткен эле.Ошол байкем келди,кудайдын кудурети менен апамдын көздөрү толук жабылды.Ошол байкемди күткөн экен эле.
Атамды көрбөй калган үчүн мага тирүүдөй сезиле берет эле.Ошол күнү экөөнө тең аза ачтым.Атам деп бир ыйласам,Апам деп бир ыйладым.Апамды үйдөн чыгараарда майда себелеп жамгыр жаады.Жума намазына алып кетишти апамды.Суктанышты карыялар.Кээ бир адамдарга гана жума намазы насип кылат деп...

#7 25 Февраль 2018 - 17:36
Эки күндөн кийин күйөөмө,кайнэжеме кабар жөнөттүм.Апамды жерге бердик деп.Апамды тез эле өлүп калат деп күтпөгөн окшойт.Эрте менен жөнөткөн кабарыма кечинде да жооп келбеди...
Түнү жооп жазыптыр. Кайрат кыл ,көп ыйлаба деп.Ишенген ,ата -энемди таштап,түбөлүк жашайм деген адамымдан бир көнүл калды.
Кайын ата,кайнэне жок болгондуктан башка шаардагы эжем үйүндө кудайы өткөрдүк.Ошол жакка күйөөмдүн баардык туугандарын чыкырып.Кудайы өткөн соң күйөөм зв кылып,өт көрүп алдыңарбы,өзүң жакшысынбы? Көп ыйлабагыла деп.Билетти кайсыл күнгө аласыз десем.Сен келбей эле,апаңдын үйүнө барып тур.Мектеп бүтүшүнө бир ай калды.Балдарды жөнөтөм,Эки ай жүрүп келесиңер дейт.Чарт жарылдым.Мен сага киммин айтчы?Жамандыкта жанымда турбай,өзүңөн нары түртөсүң?Апам атам жок,неге ал үйгө кайра барышым керек.?Али көзүмөн жашым кургай элек,ал үйгө кайра барсам жарам жаңыланбайбы?
Экинчи жолу көңүл калды

#8 25 Февраль 2018 - 17:39
Ииий журогум....Мен да апама жетпей калгам. ..Апамсыз омуруму элестетип албайт болчум....Мына 15 жылдын жузу болду....Автор кайрат кызыныз, куран окунуз башка арга жок.....
#9 25 Февраль 2018 - 18:13
Автор улантыңыз сизди угуп жатабыз. Кээде адамга советтин кереги жок жөн гана угуп кою жетиштүү. Биз кеңеш берген менен пайдасы деле жок болсо керек.
Апаңыз менен атаңыздын жайы жаннаттан болсун!

#10 25 Февраль 2018 - 18:15
Эки күндөн кийин күйөөмө,кайнэжеме кабар жөнөттүм.Апамды жерге бердик деп.Апамды тез эле өлүп калат деп күтпөгөн окшойт.Эрте менен жөнөткөн кабарыма кечинде да жооп келбеди...
Түнү жооп жазыптыр. Кайрат кыл ,көп ыйлаба деп.Ишенген ,ата -энемди таштап,түбөлүк жашайм деген адамымдан бир көнүл калды.
Кайын ата,кайнэне жок болгондуктан башка шаардагы эжем үйүндө кудайы өткөрдүк.Ошол жакка күйөөмдүн баардык туугандарын чыкырып.Кудайы өткөн соң күйөөм зв кылып,өт көрүп алдыңарбы,өзүң жакшысынбы? Көп ыйлабагыла деп.Билетти кайсыл күнгө аласыз десем.Сен келбей эле,апаңдын үйүнө барып тур.Мектеп бүтүшүнө бир ай калды.Балдарды жөнөтөм,Эки ай жүрүп келесиңер дейт.Чарт жарылдым.Мен сага киммин айтчы?Жамандыкта жанымда турбай,өзүңөн нары түртөсүң?Апам атам жок,неге ал үйгө кайра барышым керек.?Али көзүмөн жашым кургай элек,ал үйгө кайра барсам жарам жаңыланбайбы?
Экинчи жолу көңүл калды
Түнү жооп жазыптыр. Кайрат кыл ,көп ыйлаба деп.Ишенген ,ата -энемди таштап,түбөлүк жашайм деген адамымдан бир көнүл калды.
Кайын ата,кайнэне жок болгондуктан башка шаардагы эжем үйүндө кудайы өткөрдүк.Ошол жакка күйөөмдүн баардык туугандарын чыкырып.Кудайы өткөн соң күйөөм зв кылып,өт көрүп алдыңарбы,өзүң жакшысынбы? Көп ыйлабагыла деп.Билетти кайсыл күнгө аласыз десем.Сен келбей эле,апаңдын үйүнө барып тур.Мектеп бүтүшүнө бир ай калды.Балдарды жөнөтөм,Эки ай жүрүп келесиңер дейт.Чарт жарылдым.Мен сага киммин айтчы?Жамандыкта жанымда турбай,өзүңөн нары түртөсүң?Апам атам жок,неге ал үйгө кайра барышым керек.?Али көзүмөн жашым кургай элек,ал үйгө кайра барсам жарам жаңыланбайбы?
Экинчи жолу көңүл калды
#11 25 Февраль 2018 - 18:17
Жумушта жүрүп,убакыт болгондо жазып жатам.Кайра кайра жөнөтүп алдым.
#13 25 Февраль 2018 - 18:33
Күндө уруш талаш.Көгөрүп билет алдым.Үйгө киргизбесең квартирага чыгып кетем.Бирок бул жакта калбайм деп.Ошол күндөрдө такси күтүп турсак,мени машина түртүп кетти.Жолдун чекесинде,эч кимге тоскоол болбой турган жерде.Эжемдин баласы келип,тез жардамды күтпөй эле өз машинасына көтөрө салып,поликлиникага жөнөдүк.Шок болуп,жаным ооруганын деле сезбедим.Шоферго ичип ачышып,врачка кокустатып алдым .Эч кимге доом жок деп жазып бердим.Шофер кошо иштеген эженин инвалид баласы эле. Врач гиппстеп койду.Эжемдин баласы бир боорум экен эжелеп ,жерге койбой,көтөрүп жүрдү.Ошентип балдакчан эжемдин үйүнө кайттык.
#15 25 Февраль 2018 - 19:05
Билетти бир неделяга артка жылдырдык.Сыныкчы кемпирге барсак,пайы жылып кетиптир деп,ордуна салып койду.Күйөөм дагы деле күтүп турбадың,билетти кайтар деп мээмди жейт. Акыры көп жиниме тийбе. Азыр жаным көзүмө көрүнүп,өлүп алгым келип жүрөт.Балдарыңа ал жакта воздух жетпейатса да.Кечип коем балдарыңан дедим жаным кашайып.Эптеп эле өз үйүмө жетсем,жаным жай алчудай көгөрдүм.
Самолёт менен учтук уулум экөөбүз.Күйөөм тосуп алды.Балдакта жүрдүм дагы деле.Врачка барсак,ташта балдакты,өзүн басып чыгып кет деп,дарыларын жазып берди.Күйөөм азыркы күнгө чейин айтат.Аялдын амалы кырк эшеке жүк,оорубаган бутунду ооруду деп айткансың деп.

#16 25 Февраль 2018 - 20:45
Ошол.Бул жакка келгенде сөз чукуп,сен дедиң,анан мен дедим деп сөз чукубадык экөөбүз тең.Жашообуздун келген жеринен жашап баштадык.Жаш өткөн сайын ызы-чуудан качып калат экенсиң.Кээ кээде сүйлөнүп,таарынып алам да,кайра ойлоном.Мен деле,ал деле чоң эле адамдар.Ушундай калыптанып калдыкпы,эми өзгөртө албайбыз.
Бир гана нерсе жылдыкка жөнөтпөй жатканы.Акчаң деле керек эмес.Барып келгенге уруксат бер,билет алып бер дейм.Эми кандай жол тутсам,билбейм ?

#18 25 Февраль 2018 - 21:27
#20 25 Февраль 2018 - 23:19
Бир соз менен акмак экен. Болот ошондой адамдар. Менде деле болгон бирок анчалык эмес