Суперстан: Манасты кантип айтып калышкан? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Манасты кантип айтып калышкан? Манас эпосун талкуулайбыз

#1 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   06 Декабрь 2013 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Манасчылык өнөрдү аркалаган адамдар азыр деле арабызда пайда болуп жатканы абдан кубанычтуу. Бир адамдын башына миллиондогон саптар баткан, тынбай күнү-түнү , жумалап , айлап күпүлдөп айтышканы кыргыздарды башка дүйнө элдеринен айырмалап турат. Укумдан-тукумга айтылып жатканы "Манасты" тирүү эпос кылып атканы болбосун. Ар заманда кыргыз элинин башына оорчулук түшкөндө манасчылар "Манас" айтып, элдин рухун көтөрүп, биримдикге, ынтымакга чакырып турушкан. Бул темага Манасчылык оор жүктү милдет кылып, кыргыз элине кызмат кылган жана кылып атышкан манасчылар боюнча маалыматтарды топтойлу.
............... .
Уламадан уккан сөз,


Угуту өнүп чыккан сөз.

Карылардан алган сөз,

Калк ичинде калган сөз.

Арбын жомок - толгон сөз,

Ат көтөргүс болгон сөз.

Арсыздарга токтолбой,

Азамат-эрге конгон сөз.

.................. ....


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   06 Декабрь 2013 - 13:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Элдик уламыш, аңыздар боюнча биринчи манасчы. Манастын ырчысы.

“Ырамандын Ырчы уулу,

Ырдап айткан кебимди.

Канчалар кордук кылганда,

Кайраным тапкан эбимди”

– деп, Манас баа берген, анын төл ырчысы Манас дүйнө салганда аны алгач кошуп ырдаган дешет. Андан соң Абыке, Көбөштөрдүн ыгына көнбөй, жер кезип, Манасты даңазалап жүрүп өткөн экен.



“Ырамандын Ырчы уулу,

Ычкыры бапик кырк мууну” – делинип, Сагымбайда Оргону жеңгенди, анын увазири Ырамандын баласы, өз аты Каратай экени эскерилсе, Саякбайда атайы Манасты издеп келип, чоро болот. Ырамандын Ырчы уулу тууралуу мындан башка маалымат жок. Кээде Жайсаң ырчы менен бир адам катары көрүшсө, кээде эки башка адам катары санагандар бар. Кандай болгон күндө да, “Манас” жомогун түптөп, ага чыйыр салган алгачкы ырчылардын бири катары эл дал ушул Ырамандын Ырчы уулун эсептешет.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Janyla   06 Декабрь 2013 - 17:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Ошондо, Жайсан ырчы менен бир адам,же эки башка адам экени такталган эмеспи ?

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 06 Декабрь 2013 - 17:29

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   alima8984   12 Декабрь 2013 - 09:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 26 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2014 16:21

kyrgyzJigit ,Сен Манас жонундо тема ачып жакшы кылыпсын Сага рахмат Ушул темага жаштар кобуроок катышса жакшы болмок Манас ата Кыргыз элинин колдоочусу деп билем Ар ким ар кандай айтытып журот бирок мен Манас атабыздын арбагы тируу деп ойлоймун ал дайыма Кыргыз элимди колдойт. Ал эми кантип айтып калганын коп жакшы билбеймин ар кимге ар кандай сыр корсотуп анан айтып калат болуш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   12 Декабрь 2013 - 15:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Janyla (06 Декабрь 2013 - 17:28) жазган:

Ошондо, Жайсан ырчы менен бир адам,же эки башка адам экени такталган эмеспи ?


Так маалымат жок, кээ бир маалымат боюнча Ырамандын ырчы уулу Манастын чоросу болуп убагында жашап ал жөнүндө айткан дешет, ал эми Жайсан Манастын көзү өткөндөн кийин айткан киши деп айтышат. Бирок, мындай болгон деп эч ким так кесе айталбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   12 Декабрь 2013 - 16:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения alima8984 (12 Декабрь 2013 - 09:50) жазган:

kyrgyzJigit,Сен Манас жонундо тема ачып жакшы кылыпсын Сага рахмат Ушул темага жаштар кобуроок катышса жакшы болмок Манас ата Кыргыз элинин колдоочусу деп билем Ар ким ар кандай айтытып журот бирок мен Манас атабыздын арбагы тируу деп ойлоймун ал дайыма Кыргыз элимди колдойт. Ал эми кантип айтып калганын коп жакшы билбеймин ар кимге ар кандай сыр корсотуп анан айтып калат болуш керек

alima8984 куш келипсиз бул темага СүрөтМанасчылар жөнүндө маалыматтарды бул темага топтой берсек, кимдир-бирөөгө келечекте пайдасы тийип калышы мүмкүн. Негизинен, баардык атту-баштуу манасчыларга кайып дүйнөдөн сыр көрсөтүлгөндөн кийин айтып калышыптыр. Желеден карап көрсөм Манас айтуучулук боюнча илимпоз, манасчы агабыз Талантаалы Бакчиев көп кызыктуу макалаларды жазыптыр, кийинчеерек бул жакга жуктөп коём.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   12 Декабрь 2013 - 16:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Кааба Атабеков (1926-2008)

Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1994), «Манас» - 1000» медалынын ээси (1995), залкар манасчы, бугунун кыдык уругунан чыккан Кааба Атабеков Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында туулган.
Атасы Токтогон баласы Атабек көп сүйлөбөгөн, кырс, жаман айткан кишини жактырбаган, калп айтканды, ууру кылганды жаман көргөн. Асанбек тууганы ууру экен, анын үйүнөн барып тамак иччү эмес. Аны билген Асанбек көзүнө көргөзүп сойбосо: «Сен уурдап келдиң, сенин арам тамагыңды жебейм», – деп барчу эмес. Бирөөгө кара санабаган, так жүр­гөн киши экен. Атасынын өңү-түсүсары чийкил, кызыл жээрде мурут, мурду кырдач, бирөөгө жаман айтпаган, калп айткан кишини «калп ырысты кесет» дечү.

– Ушу Кабамда бирдеме болот, жаман айтпагыла, балама, – деп айтып калчу.

1938-жылы кырк тогуз жашында өлдү. Каба он эки жашка чыгып калган.

Каба «Манасты» кандайча айтып калгандыгын төмөнкүчө эскерет:

– Атам өлгөндөн бир-эки жыл өтүп кеткенден кийин Манас түшүмө кирди. Алманбет келди.

– Эй, бала, кыжылдаган көп кол келди, көзүңдү ачып карачы, мобу тегеректи дегенде, көзүмдүачсам жайнаган эле кол.

Кыжы-кыйма эл. Аркы-терки бастырып, найзанын башы эле жылтылдайт.

– Эми, мобуну көрүп турасыңбы, экөөнүн беттеше, чабуулдун баштала турган күнүбүгүн.

Тетиги ак асаба туу болгон,

Айгайлаган чуу болгон.

Ошол Манастын колу.

Тетиги көгүш түрдө көрүнгөн

Арышын арбын таштаган,

Коңурбай баштаган,

Кытайдын колу тетиги.

Эми кагыша турган жери ушул,

Качпай туруп токтолуп,

Салыша турган жери ушул,

Тетиги башында туу кармап турган

Нескара деген эри ошол –

деп айтып жатат. Анын ары жагында Алгара минип алкынткан Коңурбай деген эри ошол.

Анан музэртик бууданчан,

Анан кытайлардын Тагылык,

Адамдын мурду, кулагын,

Тумар кылып тагынып.

Эми бер жак жагын карагын,

Тээтиги ак сакалы жаркылдап,

Айткан сөзүбаркылдап,

Абаң Бакай өзүошол.

Анын бери жагында,

Анда-мында барк эткен,

Кошой абаң өзүошол.

Тээ баш жагында туу кармап,

Майлаган буудай жүздөнүп,

Күүгүм туман көздөнүп,

Көзүкөлдүн орундай,

Кан Манас деген шери ошол.

Жаныңда туруп сөз салган,

Алманбет деген эр ошол.

Бүгүн катуу кыргын согуш болот, мына ошону көрүп туруп айткын – деп, башыман бир-эки жолу сылап коёт.

Айтчы деги баатырлардын атын, – дейт. А дегенде аттарын билбей айта албай калдым.

өзүкайталап эки сапар айтып бергенден кийин баарынын атын айттым.

Эми айткын деп, ошондо баягы кырылып жаткан жер экен.

Ак асаба туу болуп,

Айгайлаган чуу болуп.

Жер дүңгүрөп эле жердин баары чаң-тополоң болуп, бири-бирине кирип калыптар. Ар кайсы жерде жыгылып жаткан жан болуп, ошол аралашып жүргөн өңдөнүп, ошону айтып жатканда, «балам жинди болуп кеткен го» деп, жылаңач олтуруп алып айтып жатыптырмын, апам ойготуп жибериптир. үч күнгө чейин тил-оозу жок эчтеке сүйлөбөй жатып калдым.

Андан кийин бир-эки ай жөн эле жүрдүм да, талаага барып, уй кайтарып, күн ысык талыкшып олтуруп уктап калып, жер дүңгүрөп дүңгүр-дүңгүр эле этет, анча-мынча көзүмдүачып карасам аттардын баары жабылуу, туягы эле көрүнөт.

– Ээ, балам, эмне жатасың, келе колуңду. Колумду өйдө карай сунсам, билектен алып учкаштырды. Колун артка алып, мени кармап, бир чоң суудан кечип өттү.

– Бар, эми балам.

Чочуп кетсем, уй жок, сайгактап кетиптир, үйгө барыптыр.

Акыл-эс кирип калган. Оюмда өлөмүн го деп калдым. Эч кимге айтпаймын. Ошондон баштап үйгө, энеме айтпайм.

Талаадан бирдеме айткым келет, эмне айтканымды билбеймин.

Жаман таар көйнөктү чечип салып, дөңсөө жерге чыгам да бир нерсени айтам, «Манас» экенин өзүм да билбеймин, ка­раан көрүнсө айтпай, басылып калам.

Бир күнү чечинип салып айтып жатсам, Иса деген бир киши бар, эчки кайтарып жүрүп, «Манас» айтканда көрбөй калыптырмын, жашынып угуп жатыптыр.

А кишини көрүп, кийим-кечени кийбей эле, таштаган бойдон уялып кетип калдым.

Күндөн күн өтүп, атамдын агасы Асанбек:

– Балам, мобу айылдагы сакалдуу карылардан беш-алтыны бүгүн чакырып келгин, – деди.

Ат минип алып аларды чакырып келдим.

Кеч бешим, бешим болуп калганда келишти. Тышта бир топко сүйлөшүп туруп, үйгө киришип, дасторкон салып чай ичип жатканда мурун чакырчу эмес эле: – Балам, бери кел, Манас атаңды айтат экенсиң. Ыса атаң айтты, уй кайтарып жүргөндө айтып жатыптыр, ошону угуп келдик, айтып бергин, угалы, – деп кыйнап олтуруп алышты.

Эчтеке оозума келбейт. Бир саат, жарым саатка чейин ортосунда олтурдум. Чыгып кетейин десем кетирбейт. Айлам кеткенден кийин тердеп, кургап олтуруп Алманбеттин Бейжинден качып келе жатканын, ошону айтыптырмын.

Жаздын күнү. Ушу таңга жуук болуп калган экен. – Эми өмүрлүүбол, балам, атаңды айтып жүргүн, эми батабызды берип кетелик, – деп кетип калышты абышкалар.

Таң атканда, өзүм менен теңтуш балдар менен талаага барып, ошол балдарга айтып берип жүрдүм.

Турмушта өйдө-төмөн болот турбайбы, бирде айткың келип, өзүң делөөрүп, ошентип калат экенсиң. Бирде, такыр эчтекени сүйбөй, айткан кишинин да тилин албай кетип каласың, өзүң эле бирөөнүн бир тескери айтканын жактырбайт экенсиң.

Анан мектепке барып, бала-бакырага айттым.


Булак: Эл шайырлары. Адабий маек / Түз. Буудайбек Сабыр уулу Б., 2008
Баракелде сайтынан алынды

К.Атабеков өмүр бою колхоздун ар кандай тармактарында эмгектенип келгени менен «Манас» айтуусун эч убакта калтырган эмес. Ал ар дайым манасчылардын областык, республикалык, эл аралык кароо-сынактарына катышып, алдыңкы орундарга татыктуу болуп келген. 1995-жылдын 21-25-июлунда, «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн манасчылардын Эл аралык кароо-сынагына катышып, биринчи орунга татыктуу болгон.
К.Атабековдун айтуусу боюнча Кыргыз илимдер академиясы тарабынан Кол жазмалар фондусуна 1962-жылы «Манас» эпосунун «Жылкы тийүү» окуясы жазылып алынган. Ал эми манасчынын өз колу менен жазып калтырган «Манас» эпосунун болжол менен 65 миң сап ырдан турган айрым окуялары азыркы күндө үйүндө сакталып турат.
К.Атабековдун манасчылык өнөрү тууралуу голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин илимий эмгектери англис тилинде жарык көргөн. 1998-жылы манасчы К.Атабековдун чыгармачылыгы жөнүндө, Голландиянын кинокомпаниясы тарабынан «Акыркы манасчы» («The Last Manaschi») деген 40 мүнөттүк даректүү кинотасма тартылган. 2000-жылы Ж.Орозобекованын киносценарийинин негизинде Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган «Манасчы» деген даректүү кинотасмага К.Атабековдун айтуусунда «Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизодунан айрым бир үзүндүлөр тартылып алынган. К.Атабеков 1995-жылы Түркия, 1996-жылы Франция мамлекеттеринин атайын чакыруусу боюнча «Манас» айтып барып келген.
1998-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана ПРООНдун – «Устат-шакирт» аттуу долбоорунун алкагында бир катар жаш манасчыларды тарбиялаган.
К.Атабековдун айтуучулук өнөрү Саякбай Карала уулу менен Мамбет Чокмор уулунун стилине үндөшүп турат. Анткени анын өнөрүнүн калыптанышына түздөн-түз бул эки манансчынын таасири болгон. Ал кийинки жылдардагы «Манас» эпосунун, манасчылык өнөрүнүн салттуулугун сактап келген манасчылардын бири.
санжыра.фм сайтынан алынды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   23 Декабрь 2013 - 16:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Саякбай Карала уулу

Кыргыз журтунун эң зор сыймыгы болгон “Манасты” даңазалап, анын улуулугун өзүнүн улуу таланты менен далилдеген, өз заманынын эң залкар манасчысы бугунун арыкмырза уруусунун сарыкалпак уругунан чыккан Саякбай Карала уулу 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-өлөң деген айылында туулган.


Колдо бар варианттардын ичинен эң көлөмдүүсү жана эң так, толук жазылып алынганы да дал ушул Саякбайдыкы. Анын варианты гана салттык окуялардын баарын толугу менен камтыган. Эпостун үчилтиги толук жазылып алынган Мамбет, Ыбырайым, Шаабайлардын варианттарынан Саякбайдын варианты ушунусу менен айырмаланып турат.
Бардык манасчылар сыяктуу эле Саякбайдын манасчы болуп калышына да аян-түш себепкер. Анын айтымында, 1912-жылдары өзү жашаган Семиз-Белден Орто-Токойго келатып, баштагы чоң кара таштын жанына жеткенде асмандан угулган кандайдыр бир укмуштуу добуштан эси ооп, жатып калат. Эңги-деңги эсине келип караса, баягы чоң таштын ордуна ак боз үй тигилип калганын көрүп таң калат. Анан эле үйдөн бир аял чыгып: “Мен Каныкей болом. Кылымдын баары козголуп, кырк эки түмөн кол болуп. Аз гана эмес, мол болуп, кол жүрүп, казат башталып баратканда ырас кезикпедиңби. Ошол казатка бараткандардын тамагынан түшүп, татып кет” – дейт. Боз үйгө кирген Саякбай чоң-чоң табактарга толтура кылып жылкынын этинен туурап, кыдырата коюп койгонун көрөт да, четиндеги бир табактан жей баштайт. “Ай, балам, ар бир табактан бир чымчымдан ооз тийип чык!” – дейт, Каныкей. Кийип жүргөн жаргак шымы суу сугарып жүрүп, улам суу болуп, улам кургап отуруп кирип кеткендиктен, чолоюп, багалеги тизесине жетип калган экен. Ошондон тартынып, табактарды кыдыра албай туруп калат. Аңгыча, жарк эткен жарык чыгып, боз үй бардык тургандары менен жок болуп кетет. Тура калса, алдында эбегейсиз чоң ат минген бир зор киши турган экен. Ал: “Астыга салса ак жолтой, айдап жүрсө сан колдой. Абаң Бакай мен болом” – дейт да, көп кол менен жол жүрүп баратканда кезиккенин, эми 6-7 жылдан кийин жомокчу болуп чыгаарын айтат. Анан: “Эми, балам, колуңду тос. Баатырлардын гүлазыгынан берейин!” – дейт. Кызыл көөкөрдөн сунган кочушуна куя берген актаган тарууну оозуна салса, кычыраган эле кум экен. Кайра чыгара турган болгондо: “Бирин калтырбай жут!” – деп, тигил киши сурданат. Андан коркконунан какап-чакап атып, араң жутат. Андан соң Бакай жанындагы Манас баш болгон Баатырларды тааныштырып, батасын берип, калың кол жөнөп кетет.
Ырасында, чоң энеси Дакиш ыр-жомокко шыктуу киши болуп, “Манастан” да айтып берип, бала күндөн улуу жомокту кулагына сиңирип жүргөн Саякбай ага чейин эле элдир-селдир “Манас” айта коюп жүрчү экен. Бирок мына ошол түштөн кийин гана ага бир беткей киришкен. Андан кийин Баатырлар дагы бир жолу түшүнө кирип, тегирменге келген үч кап тарууну жонуна жүктөп беришет. Ошондон кийин бул Улуу жолду биротоло кесип кылып калат. Ага анын устаты Чоюке өмүр уулунун тийгизген таасири зор. Чоюкенин манасчылыгы тууралуу кеп болгондо Саякбай: “Чоюке – чынар, мен – чырпык!” – деп, ага аябай урмат көрсөткөн. Чоюкеден кийин дагы бир катар Акылбек, Кайдуу сыяктуу чоң манасчыларды ээрчип, андан да жомокчулуктун сырларын өздөштүргөн.
“Манас” эпосунун көлөмүн дүйнөдө теңдеши жок чекке жеткирген Саябай Карала уулунан 500 553 сап ыр турган “Манас” (анын ичинен “Манас” – 84 513 сап ыр, “Семетей” – 31 6157 сап ыр, “Сейтек” – 84 697 сап ыр, “Кенен”, “Алымсарык, Кулансарык” – 15 186 сап ыр) эпосунун алты бөлүгү, башкача айтканда Манастын беш мууну толук жазылып алынган. Манасчынын вариантын жазуу иштери 1932-жылы башталып, 1947-жылга чейин уланган. Ага К.Жумабаев, Ыбырайым Абдыракман уулу, Жунуш Ырыс уулу, К.Кыдырбаевалар катышкан. Ал эми 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик радиосунун “Алтын казнасына” Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча 45 000 метрлик үн тасмасына “Манас”, “Семетей” бөлүктөрү жазылып алынган. 1966-жылы М.Убукеевдин демилгеси боюнча “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан “Саякбай” аттуу эксперименталдык кинотасма тартылат. Кыргыз илимдер академиясынын кызматкерлери тарабынан (С.Бегалиев, С.Мусаев) 1968-жылы Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча үн тасмага “Манас” эпосу толук түрдө түшүрүлгөн.
Саякбайдын “Манасы” гректердин “Иллиада” менен “Одиссеясынан” (экөө биригип – 27 803 сап ыр) 20 эсеге, инди элинин “Махабхаратасынан” (бардык бөлүмдөрү биригип – 200 000 сап ыр) 2,5 эсеге көптүк кылат. Демек, заманыбыздын дагы бир залкар акыны Байдылда Сарногоев айткандай:
“Сакемдин өзүн карасаң,
Сакадай болуп кичине.
Айкөл Манас бүт баткан,
Алмадай баштын ичине!” – деп тамшанбаска айла жок.
Кыргыз ССРинин жазуучулар Союзунун мүчөсү, Кыргыз ССРинин Эл артисти (1939), “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак Белгиси” ордендеринин үч жолку ээси, “Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн” медалдын, ошондой эле бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси, алп манасчы Саякбай Карала уулу 1935-1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп эмгектенип, кийин ардактуу эс алууда жүрүп, 1971-жылы, 7-майда Фрунзе шаарында каза болгон.
Кошумча маалымат катары айта кетсек, Саякбай “Манас” эпосунан сырткары дагы элдик оозеки чыгармалардын көптөгөн үлгүлөрүн мыкты билген жана өзүнүн төл чыгармалары да арбын болгон. Алсак, анын вариантындагы “Төштүк” (1957) эпосу түрк тилдүү элдердин арасында сакталган варианттардын, версиялардын ичинен көлөмү жагынан да, көркөмдүүлүгү жагынан да эң мыкты үлгү деп табылып, Парижден француз тилинде жарык көргөн. Андан сырткары “Бүркүттөр” (1952), “Эстен кетпейт” (1957), “Делдеш баатыр”(1957), “Азапты көп көргөн Кубат” (1958), “Канаттуу куштар” (1959), “Бакытай балбан” (1961), “Кара Молдо” (1962), “Томор мерген” (1965), “ Унутулгус күндөр” (1967), деген сыяктуу көркөмдүгү мыкты чыгармаларды жараткан.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   10 Январь 2014 - 12:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Цитата


АЙЫМДАРДАН ЧЫККАН МАНАСЧЫЛАР
Кыргыздын айымдарынан алгачкы жолу чыккан манасчылар болуп Сейде Дейди кызы менен семетейчи Сейдене Молдоке кызы эсептелет. Алардын өнөрүн жаш айтуучу Акбермет Молдазимова, Асем Курманбек кызы улантууда.



Ар кандай жолугушууларда угуучулар тарабынан сандаган тарыхы бар кыргыз элинде эмне үчүн айымдар “Манас”, “Семетей” айтышкан эмес. Алардын "Манас" айтышына дин өкүлдөрү тарабынан тыюу салынганбы деген собол такай берилип келет. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар корунун маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө ар кандай доорлордо жашап өткөн айтылуу 41 манасчы, семетейчи катталган жана алардын көбүнүн көөнөрбөс мурастары сакталууда.

Булардын ичинен болгону экөө гана айымдар. Анын ана башында тургандардын бири-манасчы Сейде Дейди кызы. Ал 1881-жылы Наманган уезиндеги Багыш болушунун Жампа-Салды айылында эл шайырынын үй бүлөсүндө туулган. 1946-жылы дүйнөдөн кайткан. Сейде секелек кезинен эрке болуп, эркекче кийим кийип өсүп, атасы менен аш тойлорго барып, шайырлардын чордонунда өсөт. Манасчы Кадыраалынын айткан манасын төкмө акындар Токтогулдун, Жеңижоктун ырларын угат. Эс тарткандан "Манас" айта баштайт. Атасы болсо кызын “Сейит” уулум деп, залкар шайырларга угуучуларга тааныштырат. “Манастан” айтканда ырахат алат.

Он эки жашынан ата-энеси Сейдеге кыз кийимин кийгизишет. Он бешке чыкканда ата-энеси жаш манасчыны кудалаган жигитке берет. Динчил кайната-кайненеси “шайтаны бар экен”- деп манас айттырбай тыюу салат. Бирок, ал болбойт. Акыры кайнатасы менен кайненеси Сейденин тамагына уу кошуп өлтүрмөкчү болушат. Бирок, ал уу кошкон тамакты ичсе да өлбөй качып кетет. Кийин ал төкмө акын Устажолдош Үчкемпир уулуна баш кошот. Эки жаш шайыр бири-бирине жөлөк-таяк болушуп, бири ырдап, экинчиси "Манас" айтып чыгармачылыктын ырахатына батышат.

Тилекке каршы айылдагы Сабур аттуу эшен “аял киши “Манас” айтса, аны арбак уруп кетет, ал турсун бүт үй бүлөсүн, урук-туугандарын, коңшу колоңдорун арбак урат”,- деп коркутуп, үркүтүп, калк алдына чыгып, "Манас" айтпаш үчүн касам да ичирет. Бирок, тубаса шыктагы Сейде үйдө киши жокто короосунун дарбазасын бекитип, небереси Калмуратты күзөткө коюп, күпүлдөп "Манас" айтып жарпын жазчу экен.

Кийин болсо Сейдеден Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Манастан” үзүндүлөр жазылып алынат.

Өткөн кылымдагы айымдардын арасынан биринчи чыккан семетейчинин бири Сейде Молдоке кызы эле. Ал 1922-жылы туулган. 2006-жылы дүйнөдөн кайтты. Сейдене бойго жетип турмушка чыкканда Семетей баатыр бир нече жолу түшүнө кирет. “Манас” айтууну талап кылат. Бирок, эмнегедир Сейдене айта албайт. Ошол мезгилде күтүлбөгөн жерден Сейдененин баласы чарчап калат. Муну ал “Манасты” айтпаганы үчүн түшүнө кирген Семетей баштаган баатырлардын арбактарынын жазалоосу катары кабыл алат да, үйдө жалгыз калганда коңшу аялды теңтуштарын чакырып алып, “Манас” айта баштайт. Тилекке каршы аны кайнатасы билип калып: “Манасты аял киши айткан эмес”,- деп таптакыр тыюу салат.

Бирок, Сейдене кайнатасынын тыюу салганына карабай бир чоң майрамда үйүнөн качып барып карыялардан уруксат сурап “Семетейден” үзүндү айтат. Анын айткандары угуучуларга обондуулугу, көркөмдүүлүгү, окуяларынын кызыктуулугу, жаңылыгы менен жагат. Аксакалдарын жайкалткан калк атасы аталган карыялар семетейчи келинге ак баталарын берет. Ошол күндөн Сейдеке жумурай журттун алдына чыгып Семетейди айта баштайт.

1965-жылы ак таңдай акын Алымкул Үсөнбаевдин үйүнө келип, Саякбайдын, Осмонкулдун, Ысмайыл ж.б. залкар шайырлардын алдында “Семетейден” айтып, ак баталарын алат. Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына “Семетейден” үзүндүлөрдү жаздырат. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Манас таануу бөлүмү Сейдененин айткан “Семетейден” үзүндүлөрүн жазып алат. Семетейчинин айтуучулук, аткаруучулук чеберчилигин өкмөт жогору баалап, республиканын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды ыйгарат.

Соңку жылдарда, айрыкча кийинки эки жылда ЮНЕСКОнун "Манас" айтуучулук төкмө, акындык, дастанчылык боюнча долбоору иштей баштаган күндөн жаш кыздардын арасында “Манас”, “Семетей” айтуучулардын саны артууда. Анда эмесе кеп кезегин Оштогу “Ак таңдай” өнөрканасынын окуучусу Акбермет Мадазиновага берейин.

- Мен биринчи класста окуп жүргөндө “Манастан” “Каныкейдин жомогун” жаттап айтып чыктым. 4-класста окуп жүргөндө түшүмө айтылуу Манасчы атабыз Саякбай Каралаев кирди. Ошондон баштап айтып калдым. Ошентип, он жылдан бери манас айтуу менен алектенип келем, - дейт Акбермет Мадазинова.

Нарындык Асем Курманбек кызы он алты жашта үчүнчү класстан баштап "Манас" айтып райондук, областтык, республикалык сынактарга катышып, өнөрүн тартуулап келүүдө. Үч-төрт айдан бери ордо калаадагы “Манас-мурас” корунун өнөрканасына келип манасчылар Уркаш Мамбеталиев менен Н. Сейдиракмановдан "Манас" айтуучулуктан таалим алган.

булак Азаттык.кг
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Jamalym   10 Январь 2014 - 15:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Кечиресинер, кытайлык кыргыз манасчы да бар,атын эстей албай жатам.Ошол киши жонундо да жазгылачы билгендер болсо.

Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 10 Январь 2014 - 15:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   vankuver   10 Январь 2014 - 16:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Жусуп Маамай кытайлык манасчы
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   13 Январь 2014 - 15:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Цитата


Рысбай Исаков, манасчы: «Манасчылык — бул өзгөчө өнөр, кайталангыс талант»
СүрөтРысбай Исаков залкар манасчыларыбыздын ордун баскан азыркы залкарлардын бири десек аша чапкандык болбойт. Рысбай менен маегибиз Манас тууралуу ким кандай ой жооруп жүргөндүгү, жаш манасчыларга кантип таалим-тарбия берүү керектиги, «Манас-мурас» коомдук фонду жана башка маселелердин тегерегинде жүрдү.

ЖОК ЖЕРДЕН ЖОМОК ЖАРАЛБАЙТ

- Канча жашыңдан Манас айтып баштадың? Кандайча, кантип айтып калдың?
- «Аян болбой, баян болбойт» дегендей, жышааналуу түштөрдүн себебинен Манас дүйнөсүнө аралашууга туура келген. Болжол менен 12-13 жашымдан бери айтып келем.

- Манас тууралуу ар ким ар кандайча ой жооруп жүрүшөт. Мисалы, бири Барсбек кагандын прототиби десе, бири башканы айтат… Бири Манас болгон десе, бири элдин тилек-үмүтүнөн пайда болгон образ дешет…Сен эмне деп айтар элең?
- «Жок жерден жомок жаралбайт» деп коёт кыргыз. «Бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт» деген физиканын да мыйзамы бар. Кыргыз өзүнүн туу карманар туткасын болгонбу, же болгон эмеспи деп күмөнсүп турган тушта, элдин эртеңине болгон ишеним өзүнөн өзү солгундай берет. Маселе Манастын прототибин издеп табууда эмес, маселе элдин өткөн тарыхына, өтмүшүнө чын дилден ишенүүдө жатат. «Манас болгон эмес» деген сайын, улуулуктун касиети качат. Ошенткен сайын, элибиздин эртеңи бүдөмүктөй берет. Демек, бул биздин элдин душмандары ойлоп тапкан нерсе. Кыргыз келечегине кайдыгер карабагандар мындай күмөн ойду өз ишениминен жоюшу керек. Мен кыргызмын дегендер эч нерсеге карабай туруп, Манас Атабыздын жомогуна ишеним жаратса гана, кыргыз келечеги жаркын жашоого бет алат…

- Манас айтууда кимди шакиртиң деп эсептейсиң?
- «Манас-мурас» коомдук фонду ачылган 2003-жылдын аягынан бери көптөгөн окуучуларды манасчылыкка тарбияладык. Бул менин жеке жумушум эмес, жалпы манасчылардын эмгеги болду. Шакирттер өздөрү «биз баланчанын шакиртибиз» деп айтпаса, менин шакиртим бул деп айтуу туура болбой калат го.

МАКСАТЫБЫЗ - МАНАСЧЫЛЫКТЫ ЖАЙЫЛТУУ

- «Манас мурас» фонду тууралуу айтып берсең? Качан, кандайча , ким тарабынан түзүлгөн? Максаты кандай?
- «Манас-мурас» коомдук фонду 2003-жылдын декабрь айында түптөлгөн. Негиздөөчүсү Баткен Шерниязов. Негизги максаты — манасчыларды материалдык да, моралдык да колдоого алуу. Түптөлгөн жылдан тартып ар бир айда үч жолудан жолугушууларды уюштуруп, окуучуларга сабак өтүп, манасчылар өздөрү да пикир алышып, тажрыйба алмашып келет. Бейиши болгур Уркаш Мамбеталиев атабыз жана Назаркул Сейдракманов агабыз мектепте устатчылык кылып келишти. Алардан тышкары тажрыйбалуу алты манасчыбыз жаш манасчыларга таалим-тарбия берип келишүүдө. Азыркы кезде да өз ишибизди улантуудабыз. Манасчылардын сынагын, фестивалдарды уюштуруп жатабыз. «Манас Мурас» фондунда манасчылык чеберчиликке окутуу үчүн атайын тандоо өткөрүлөт. Мында ата-энелери баласын шык-жөндөмүн байкап калып алып келип жүрүшөт, кээ бирөөлөр өздөрү келишип, манасчылыкты үйрөнгүлөрү келишет. Аларга «Манасты кантип айтуу керектигин, кайсы учурда кандай кыймыл-аракет жасоону көрсөтүп, кошумча окуу куралдары катары аудио жана видео жазмаларды колдонобуз. Өлкөбүздүн туш-тарабынан манасчылар чогулуп, тажрыйба алмашып да турабыз. Биздин фонддон тарбияланган окуучулар арасында өткөн республикалык конкурстарда дайыма биринчиликти бербей келишет. Фонддо учурда 15 окуучу манасчылык боюнча таалим-тарбия алып жатышат. Алардын эң жашы жетиде болсо, эң улуусу жетимиш жашта. Максатыбыз — элдик чыгармачылыктын бул түрүн эл арасына кеңири жайылтуу, республикабыздагы бардык манасчылардын башын бириктирип , аларга материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөтүп туруу.

МАНАСЧЫЛАРДЫН МЕКТЕПТЕРИН АЧУУ ЗАРЫЛ

- Манасчыларга мамлекет тарабынан камкордук көрүлүп жатабы?
- Мамлекет манасчыларга камкордук кылууга түзүк эле аракеттерди жасап жатат. Бул тууралуу мыйзамдын кабыл алынышынын өзү эле чоң жетишкендик десек болот. Жакында болуп өткөн манасчылардын эл аралык фестивалынан кийин КР ЖК төрагасы Шарипов Асылбек Жээнбекович да манасчыларды кабыл алып, бир топ чечилбей аткан маселелер ортого коюлду. Буюрса, алар да ишке ашып калат деген ишенимде турабыз. Негизи эле биздин фонд спонсорлордун каражатына жашап келет. Үч жылдан бери ЮНЕСКО эл аралык уюму бизге жардам берип жүрөт. 2003-жылы ЮНЕСКО Кыргызстанда элдик чыгармачылыкты адамзаттын баалуулугу катары тааныгандан бери биздин манасчыларды да активдүү колдоого ала баштады. Элдик чыгармачылыктын бул түрүн мындан ары да өнүктүрүү үчүн өлкөбүздүн бардык облустарында манасчылардын мектептерин ачуу зарыл. Бул үчүн мамлекет колдоого алуусу керек. Манасчылык — бул өзгөчө өнөр, кайталангыс талант. Ал бардык эле кишиде боло бербейт.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕР ТАҢГАЛЫШАТ

- Көп эле чет өлкөлөргө барып жүрөсүң, чет элдиктер Манас айтып жатканда кандай кабыл алышат экен?
- Чет элдиктер Манаска өзгөчө сый менен аяр мамиле кылышат. Өзгөчө канатташ казак журту менен түбү бирге түрк туугандар Манас дегенде тикесинен тик туруп колдошот. Манасчыларыбыз Улуу Британияда, АКШда, Орусияда, Кытайда, Казакстанда эл аралык фольклордук фестивалдарга катышып, чет элдиктерди таңгалдырып келишүүдө.

- Сени учурда эмнелер түйшөлдүрүп жүрөт? Кубандырганычы?
- Бейиштей болгон жерде кейиштей жашоо өткөргөн кыргыздын тагдыры түйшөлдүрөт. Кайрадан өзөгүбүзгө кайрылып, нукура кыргыз жашоо эрежесин калыбына келтирүү максатын көздөгөндөр кубандырат.

- Кичи мекениң, ата-энең, үй-бүлөң тууралуу маалымат берсең?
- Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренче айылында 1975-жылдын 11-майында төрөлгөм. Он бир туугандын үчүнчүсүмүн. Уулдардын улуусумун. Азыр очор-бачар турмуш куруп, бир уул, бир кыздын атасымын.

«Алиби» (Кыргыз гезиттер айылы) 06.2013-ж.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   13 Январь 2014 - 15:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек


Манасчы жана илме кайып дүйнөсү
Сүрөт
Элдин ишеними боюнча «тандалгандар гана манасчы боло алат». Бирок аларды кимдер тандайт? Тандоо учурунда алар кандай сынактардан өтөт? Деги эле бул өзү кандай сырдуу дүйнөгө оролгон кубулуш?
Белгилүү орус окумуштуусу Н.Рерих өзүнүн «Түбөлүктүүлүк жөнүндө…» аттуу китебинде мындай дейт: «Манас – бул жогорку деңгээлдеги аң-сезимдин чыңалуусунун натыйжасында жаралган нур, жарык. Ал эми анын адамзатка, ааламга болгон баалуулугун изилдеп, турмушка колдонуунун учуру келди» (5.172). Ооба, кыргыз сыйынса да, колдоо сураса да, алкаса да, сүйүнсө да, кайгырса да «Манас!» деп, Манаска кайрылат. Манастын өзүн эле эмес, анын дүйнөсүн, энергиясын жана ага тийиштүү бардык кубулуштарды да өзгөчө ыйык тутат. Манас дүйнөсүнүн табигый бир көрүнүшү катары, «Манас» баянын айткан манасчылардын да эл ичиндеги орду обурактуу. Көчмөн кыргыз элинин сыйынганы жана тайынганы Манас. Мунун себеби эмнеде? Өңгөсү өңгө, бирок Манаска болгон элдик ишеним ушунчалык терең, ушунчалык бекем! Мунун төркүнү эмнеде? Эмне үчүн жалпы кыргыз эли (эл ичиндеги кайсы бир уруу эмес) бир Манаска жана анын дүйнөсүнө ушунчалык зор маани бөлүп, аны кыргыз элинин колдоочусу- пири, куту катары тутуп келет?
Минтип собол артынан собол узатып жатып, биз аларга жооп табууга далалат кылабыз. Кыргыз улутунун кайсы бир азыркы өкүлү үчүн мындай суроолор күлкү келтирээрлик, болбогон суроо катары угулушу мүмкүн. Ал эми башка улуттун өкүлү үчүн жана Кыргызстандын урбанизацияланган азыркы жаш муундары үчүн ынандыраарлык кандай жооп кайтарсак болот? Азыркы илим жана азыркы көз караш мындай суроолорго ынандыраарлык жооп бере албайт. Ал эми татыктуу жооп берүү үчүн биз башкача ыкмага өтүп, жаңыча көз караш аркылуу жаңы усулдарды, критерийлерди иштеп чыгып, аларды колдонушубуз зарыл. Себеби, ачыгын айтканда, азыркы Манастаануу туңгуюк-кризистик абалда турат. Буга бирден-бир себепкер болгон – мурдагы материалисттик, атеисттик көз караштагы илимдин принциптери. Азыркы күндө материалисттик багытындагы принциптер жеке эле гуманитардык илимдерди гана эмес, так илимдерди да туңгуюк абалга кептеп салды. Дал ушундай илимдин айынан «Манасты» биз көркөм чыгарма катары гана таанып келдик. Андан арыла албай, нечендеген жылдар бою Манас дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп келдик. Манасчылыкты болсо, акындык өнөрдүн бир түрү гана деп түшүндүрүп, манасчы башынан кечирген арбак дааруу процессин «курулай мактануунун», «элден өзгөчөлөнүүнүн» аракети, а түгүл «курулай миф» катарында кабылдап жаттык. Ал эми расмий илим, кылымдар бою эл ичинде жашап келген «манасчылык өнөр» деген табигый кубулуш, салттуу көз караш менен эч эсептешпей туруп четке кагып келдик. Ошондуктан болсо керек, Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын бардык адистиктерине милдеттүү сабак катары кирген «Манастаануу» сабагы, көпчүлүк учурларда, азыркы жаштардын талаптарына жооп бере албай келет. Анткени, биз аларга «Манасты» жөө жомок катары түшүндүрүп, анын уңгусуна, философиясына терең сереп сала албай жатабыз.

Кылымдар бою «Манас» баянын айтып келе жаткан «манасчыны» биз табигый кубулуш катары тааныгыбыз келбей, чануудабыз. Мындай мамиле, кыргыз элинин жалпы эле эзотерикалык (грек.тандалган адамдардын купуя сыры), окультизмдик (адамдагы жана космостогу сырдуу күчтөрдүн бар экендигин тааныган окуу), флюиддер (лат. физикалык тирүү жандыктардын жана физикалык заттардын бөлүп чыгарган энергетикалык нуру) жаатындагы кубулуштарга карата болуп жатат. Ал эми Кыргызстандын азыркы расмий илимий чөйрөсү таптакыр эле кежирленип, моюн толгогону толгогон. Мүмкүн, жогоруда аталган кубулуштар табигый кубулуштарга кирбегендир, андай болсо анын чын-төгүнүн далилдеп, аныкташ керек. А мүмкүн, Кыргызстандын азыркы расмий илимий чөйрөсүнүн деңгээли жетишсиз? Кандай болгон күндө да, кайсы бир кубулушту, өзгөчө эгерде ал табигый түрдө келип чыккан кубулуш болсо, чануудан мурда, аны изилдеп, аныктап, жок дегенде байкоо иш аракетин жүргүзүү оң. Ал эми илимдин негизги принциби, милдети табигый кубулуштарды чануу эмес, изилдөө эмеспи? Жок, эгер чама-чаркы чакталуу болсо, анысын мойнуна алып, чечкиндүү түрдө, мурдагы көз караштарды, мамилелерди кайрадан карап чыгып, изденүү процессине өтүшү зарыл.

Албетте, мындай аракеттер сенек болуп калган илим тарабынан түшүнбөөчүлүктү жаратып, өтө терс кабылданышы мүмкүн. Дүйнөлүк илимдин тарыхында мындай мисалдар ого эле арбын болгон. Мындай мамиленин келип чыгышынын бирден бир себеби, эчендеген жылдар, кылымдар бою калыптанып түзүлүп калган моделдерге жедеп көнүп, жаңыны кабыл ала албагандыгында. Себеби, андай көз караштын көп жылдык тажрыйбасы бар, туруктуу модели бар деген ишеним өкүм сүрөт. Мына ошондуктан ал ишенимдүүрөөк, жакыныраак. Ал эми жаңынын иши жаңы. Жаңы нерсе ар дайым кооптонууну, ишенбөөчүлүктү жаратат.

Кыргыз элинин салттуу маданиятынын бир көрүнүшү катары «манасчылык өнөрүн» толук эсептөөгө болот. Ал эми анын келип чыгышынын өзү кыргыз элинин турмушундагы өзгөчө табигый кубулуш. ХХ кылымдын 30-жылдарынан тартып, фольклористтер менен этнографтар манасчылык өнөрүнө кызыгуусун арттырып келишкени менен илимий объект катары изилдөөгө алышкан эмес. Ал эми манасчылык өнөр тууралуу биз азыр эмне билебиз? Колубузда кандай маалыматтар бар? Ооба, манасчылардын аркасынан түшүп, көкүрөгүнө сактап, баяндап келген «Манастын» тексттин үлгүрүшүнчө кагазга, аудио-видеотасмаларга түшүрдүк. Сурамжылап отуруп, кыскача, обзордук түрдө өмүр баянын, чыгармачыл портретин түздүк. Өмүр баяны менен кошо алардын «Манасты» айтып калгандыгынын айрым бир себептери жөнүндө кыскача маалымат алдык. Дагы?

Эпикалык айтуучуларга карата болгон мындай кейиштүү абалды кыргыз эле эмес, жалпы дүйнөлүк илимде да байкаса болот. Бул жөнүндө белгилүү орус окумуштуу-фольклористи Б.Путилов мындай дейт: «Атаганат, моюнга алышыбыз керек. Биздин жана чет элдик илим бул маселенин үстүндө болгон мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу жумшай алган жок. Эпостун тарыхы, генезиси, мазмуну, поэтикасы деп жатып, биз айтуучунун табиятын жана айтуучулук өнөрдүн маселелерин борбордук орунга кое албай келдик. Улам бир айтуучунун вариантын кагазга түшүрүү менен алектенип жатып, биз анын өнөрүнүн калыптанышына, текстти өздөштүрүшүнө, эпосту аткаруудагы өзгөчөлүктөрүнө, вариативдүүлүгүнө, өзүнүн репертуарына болгон жеке көз карашына көңүл бура албадык. Айтуучунун аркасынан сая түшүп, эпостун текстин жазып алабыз деп жатып, анын жан дүйнөсүн түшүнүүгө үлгүрө албай калдык. Жазылып алынган текст аркылуу биз айтуучунун деңгээлин аныктап жаттык. Ал эми эпос жыйноочулардын көпчүлүгүндө, айтуучулук өнөрүн иликтей турган, так иштелип чыккан программа да, методика да болгон эмес. Мына ошондуктан, азыркы күндө сейрек кездеше турган айтуучу жана анын өнөрү жөнүндө кеңири маалымат бизде жок болуп жатат» (4.10-б.).

М.Пэрри (2), А.Лорд (2), Б.Путилов (4) ж.б.у.с. окумуштуулардын айтуучулук өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы жөнүндө ири илимий изилдөө иштерин эске албаганда, абал чын эле кыйын. Айтуучулук өнөр сыяктуу феноменди изилдөөдө азыркы фольклористика илиминин мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чакталуу болуп калды көрүнөт. Андыктан, антропология, трансперсоналдык психология, этнология, теософия, философия сыяктуу илимдердин катышуусу менен гана айтуучулук өнөрдүн айрым сырларын ачууга келечекте мүмкүнчүлүк ала алабыз. Бул жагынан алып караганда, манасчынын практикасы (башынан өткөргөн окуялары, тагдыры) табылгыс, баалуу илимий изилдөө объектиси катары кызмат аткарып бере алат.

Манасчылардын «кайыптардын дааруусу» (кайып – ар. жашыруун, көрүнб өс; даары – жандап өтүү, тийип өтүү ) жана андан кийинки башынан өткөргөн сырдуу процесстери, башкача айтканда, анын келип чыгышы тууралуу маселелер элдин кызыгуусун ар дайым арттырып келген. Ал эми «кайыптардын дааруусу» процесси тек гана манасчыларга таандык көрүнүш эмес экендиги көпчүлүккө маалым. Дал ушундай процессти өзгөчө бүбү-бакшылардын мисалында да кездештирсе болот.

Ал эми манасчыларга келгенде, дээрлик бардыгы (жаратман манасчы дегеним) кайыптардын дааруу процессинен өтөт. Талапкердин кайыптар («кайыптар» деп жатып, биз «Манас» дастанынын каармандарын айтып жатабыз) менен болгон эң алгачкы жолугушуусу, адатта таанышуу түрүндө өтөт. Андан соң кайыптар талапкерден «Манас» дастанын айтышын өтүнүшөт. Кокус, ал кетенчиктей турган болсо, буйрук беришет, катуу талап коюп, кысмакка алышат. Кайыптар менен болгон бул алгачкы жолугушуу өтө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми кайыптар тарабынан тандалып алынган адамдын буйрукка баш ийбей, манасчылык өнөрүн мойнуна албагандыгы, аны келечекте тынымсыз ооруга, кырсыкка же узак мөөнөттүү кыйынчылыктарга алып келет.

Мына ушуга улай, кыргыз элинин классик жазуучусу, сөз устаты Т.Сыдыкбековдун, фольклор жыйноочу Ы.Абдыракманов менен болгон маегине назар бурсак: «Азыркылар түшкө ишенбейт. Эми ишенишпесе өз эрктери. Андан «Манастын» жүгү ообайт. Ачылбаган сырлар, айтылбаган ырлар да мол… Макул. Сырыма калк сыйынсын деп манасчы «түш көрүп айттым» десин. Ал түшүндөгү аянды аткарбай кадимкидей жазаланган кишилер эминеге «сыйынышты» экен?»

Абдыракман аке (Ыбрайым Абдыракманов дегени – Т.Б.) күлө карап менден сурады: «Караколдо окуган экенсиң. Ал жылдары күндө базар болучу. Не мал базарынан, не эски базардын үч Кошконунан атчан бастырган кишилердин арасынан укурук моюн кишини көрчү белең?»

1925-1929-жылдары мен Караколдо окуп жүргөн кезимде азыркы молдокем айтып жаткан укурук моюн кишини далай көргөмүн. Ал киши дайыма атчан жүрөр эле. Мойнунун узундугу жарым кездей. Желдирте бастырганында башы жел тийген ак тикендин топчу башындай ыргалса таң калчумун көз айырбай карап. Абдыракман акенин кебинен улам ошол узун моюн киши көз алдыма келди. «Көрчүмүн. Азыр да көз алдымда турат ал киши» – дедим. Абдыракман аке кубанып койду: «Көргөн экенсиң. Ал киши ошо Күңгөй жактагы корумдулук. Энеден кадимкидей төрөлгөн татынакай эле бала болгон. Бой-келбети келишкен, ырайы ысык бала-жигит кезинде түшүндө Семетей аян берет: «Жал, куйругу төгүлгөн кызыл буурул ат минген Семетейдин жан-жанында бири сыйда жал, көк ат мингени, бириники суналган каракер эки жоокери бар. Карп-курп кездешет. Бала-жигит аларга: «Арбаңыздар, акелер» – дейт. Тигил киши: «Бар бол, уул, – дейт да, тике сурайт: «Бизди таанып турасыңбы, уул?» Бала-жигит мукактанып жооп айталбайт. «Коркпо, уул. Мен – Семетеймин. Бул көк атчан жоокер – Күлчоро. Каракерчен – Сейтек. Айылыңа кайтаарың менен карыялардын батасын алгын. Өзүң дилиңди коюп, наристеги кезиңдей таза олтуруп оозуңду ач. Сөз өзү куюлушат. «Семетейди» айтасың!» – дейт да, ошол замат көздөн кайым болушат. Бала жигит ойгонуп, көргөн түшүн кишиге айтпай койду. Өмүрүмдө ооз ачып ырдап көрө элекмин. «Семетейди» кантип айтамын деп коркту. Экинчи жолу Семетей түшүндө аян берди. Бала-жигит бул жолу да түшүн жашырды. «Коркпо, оозуңду ачканыңда эле куюлушкан сөз өзү келет» – деген. Ага бала-жигит ишенер-ишенбесте эки анжы болуп жүргөндө, үчүнчү жолу түшүнө Күлчоро жалгыз келди да, сумсая карап, чорт айтты: «Сен өз балаңдын наамына шек кетирдиң. Бизден белги калсын!» – деп, акырын кармап мойнун созуп койду. Бала коркконунча болбой Күлчоро көздөн кайым болду. Моюну эч оорубады. Түшүнөн чочуп ойгонсо мойну узарып калыптыр. Коркуп, ошондон кийин көргөн түштөрүн атасына айтты, өзү наристегисиндей боюн таза тутту. Карыялардын батасын да алды. Оозуна кеп кирбеди. «Семетейчи» боло албады. Бул болгон иш, балам, – деди Абдыракман аке, мага. – Көңүлгө шек кетирбе! Азыркылар мындайды өтүрүк дешет. Бул – өтүрүк эмес, сырдуу көрүнүш! Аман бололук. Көрөрбүз» (6.563-564-б.).

Ал эми талапкер макул болуп, талапты аткара турган болсо, анын ай-күнү оңунан тууйт. Буга карата Кубанычбек Алмабековдун (1955) мисалын ортого салсак: «Ошол күнү кыздуу болуп, окуумду ийгиликтүү аяктап, диплом алып, кубанычым ичиме батпай, күнү кечке чейин жубайымдын жанында (төрөт үйүндө. – Т.Б.) болуп, кеч бешимде үйүмө кайтып (Фрунзе шаары. – Т.Б.), жаңыдан тамакка отурайын дегенимде эле, кандайдыр бир зор күч мени отургучтан алып дубалга карай ыргытып жиберди. Бир топко чейин эсиме келе албай, эмне болгонун түшүнө албай, бөлмөнүн бурчунда буту-колумду тарталбай, көзүмө от чагылгандай болуп, жатып калдым. Аңгычакты болбой, маңдайымда сары алтындан зоот-тон кийген, колунда найзасы бар, төбөсү шып тиреген, сүрдүү зор баатыр пайда болуп, мени тике качырды. Мен эч кыймылга келе албай бурчка тыгылып, отурган бойдон калдым: «Мен Семетеймин! Уктуң беле? Ата жолун жолдобой, бизди неге айтпай жүрөсүң?» деди. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Үн катпадым. Тилим да күрмөөгө келбеди. Баатыр найзасын сунуп, саймакчы болду, билектей түпөктүү төрт миздүү учу төшүмө тиер-тиймексен болуп, демимди тиреп туруп калды: «Айтасыңбы? !» деп, күркүрөдү. Коркконумдан баарына кайыл болуп: «Айтам, айтам, жарайт айтам!» деп, шашкалактап бакырып жибердим. Бул сөздөр оозумдан кантип чыгып кеткенин өзүм да сезбей калдым. Ошо замат баатыр көздөн кайым болду. Атам Касымаалы, бала кезимде далай ээрчип, эл ичинде айткан «Манасын» угуп жүргөн чоң атам Алмабек дароо эсиме түштү. Алардын айткан «Манасы» кулагыма эшилип жатты» (маалыматчы – Кубанычбек Алмабеков, 17-июнь, 1992-жыл).

Мына ошол окуядан тартып, Кубанычбек Алмабеков өзүнүн манасчы аталары Касымаалы (атасы – Касымаалы Алмабеков, 1927-1972) менен Алмабектин (чоң атасы – Алмабек Тойчубеков, 1888-1962) жолун жолдоп, «Манас» айта турган болот.

Демек, талапкердин кайыптар менен болгон биринчи жолугушуусу чоң жоопкерчиликти жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Коркуу же чочуунун натыйжасында шашып, туура эмес чечим чыгара коюу талапкердин келечеги үчүн өтө эле опурталдуу.

Арийне, ар талапкердин кайыптар менен болгон эң биринчи жолугушуусу ар башка мүнөздө өтөт. Бирок жалпы жонунан алганда, жолугушуунун сюжеттик өзөгү, бардык учурда тең бирдей окшош. Көпчүлүк учурда калың колдун аттанып бара жатышы же боз үй ичиндеги тамак-аш жайнаган кең дасторкондун үстүндө отурган Манас баштаган сүрдүү баатырлар (кырк чоро), кээде («Манас» «үчилтигиндеги» башкы каармандар) Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоролор көрүнөт. Кээ бир талапкерлер Коңурбайды же Манас менен Коңурбайдын куушуп, бирин-бири качырып жүргөн сценаларын көрүшөт. Дагы бир айрым учурларда көзү өткөн манасчылар да түшүнө кирип же өңүндө көрүнөт. Түшүндө не өңүндө келген кайыптардын баары эле болочок манасчы менен бет алып сөзгө келе бербейт. Алардын ичинен көпчүлүк учурда «Манас» дастанында баяндалган – «кайып болгон беш берен» гана ортомчу милдетин алат (Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро – Шаабай Азизовдун сөзү боюнча). Кээ бир кырдаалдарда ортомчунун кызматын аксакалчан карыя, көзү өткөн манасчылар же жаңырган үн да аткарат. Ортомчулар, оболу болочок манасчынын атынан чакырып, атчан же дасторкон үстүндө отурган баатырлардын бардыгы менен тааныштырып, өздөрүнүн кайда жол тартып бара жатканын айтып, анын атайын тандалып алынып, мындан ары аларды айтып жүрүшүн өтүнүшөт. Ал эми айрым бир учурларда кайыптардын буйрук кылган мисалдарын да кездештирсе болот (Кубанычбек Алмабековдун мисалында).

«Илгери ышкын түптүн кабыгын сууга кайнатып, тери боечу турбайбы. Ошону алып келүүгө Өмүр (Чоюке манасчынын атасы. – Т.Б.) Молтойдун Казакбайына он төрт жаштагы Чоюкени (1864-1925) кошуп бериптир. Жол жүрүп, Кызыл-Кыянын белине барышып, кабык аачый турган жерине келишет. Өзөк жалгашып, эки түп сары жыгачтын түбүнө жатып, экөө тең уктап калышат. Уктап жатканда түшүнө аксакал карыя кирет да, экөөнүн тең оозуна таруу куят. Молтойдун Казакбайы чочуп кетип, бүркүп жибериптир, өзү да кийин: «Эй, экөөбүзгө тең таруу куйду эле, Чоюке жаштык кылып чайнап жутуп, мен чочуп кетип бүркүп жиберип, кур калбадымбы», – деп арман кылчу экен. Таруу берген аксакал киши Чоюкеге: « Мынабу Тулпар-Таштагы кырда кырк боз үй бар, ошол ар бир үйгө кирип чык», – дейт. Чоюке ар бир үйгө кирип, идиш окшогон тай туякка ар бир үйдөн айран ичип чыгат. Ал эми ортоңку үйгө кирсе, бир татынакай алачыктай ак байбиче берметин Чоюкенин колуна берип жатып: «Мына ушунун баарын санап чык. Санай албай, жетише албай калсаң, укум-тукумуңа таштап кет. Минген бээң бооз экен, эки кап кум арттык, ошону төкпөй-чачпай үйүңө жеткиз. Бээң кулун салып койбосун, муну да байка», – дейт. Көзүн ачса, баягы түш» (1.16-17-б.).

Эгерде Чоюкеге кайыптар буюм (бермет), азык (таруу), зат (кум) тартуулап жатса, манасчы Мамбет Чокморовдун денесине кайыптар мөөр басышат:

«Жашы жыйырмага чамалап калган учурунда, Мамбет Тастар-Ата деген жерде уй минип кой кайтарып жүргөн жеринен көшүлүп талыкшып уктап кетет. Көзүнө Манас баатырдын кошуну, көк желек, туу көтөргөн эл көрүнөт. Алардын арасынан бирөө басып келип: «Буларды тааныйсыңбы»? – деп, опузага алат. Тааныбай тургандыгын, алгач жолу көрүп жаткандыгын айтканда, көп элдин ичинен бирөөлөрдүн: «Найза менен сайып өлтүрүп ташта», – деген үнүн угат. Мамбеттин жанына келип опузага алган адам: «Коркпогун, Манас деген ушул болот. Чыгыштан батышка баратат. Эми сен «Манас» айтып каласың», – дегенде, дагы бирөөлөрүнүн: «Жүрөгү түшүп калды, кантип айтсын, мөөрүңдү төшүнө бас», – дегенин Мамбеттин кулагы чалат. «Аттын таноосун бетине кармап, тилчик кылып салбадыңбы», – деген дагы бир добуш чыгат. «Айтат, буулугуп жүрүп эле айтат, бас мөөрүңдү! » – деп, капталдан да бирөө чыгат. Дагы бир добуш: «Айтат! – деп, үн катат. – Бетиңди колуң менен баскын!». Ошондо, куйругу сопол көк аты бар, башына селде чалынган келбеттүү адам атынан түшүп, Мамбеттин төшүнүн оң жагына мөөрүн басып: «Болду, эми бул бала жыйырмага чыкканда «Манас» айтып калат» – деп, жүрүп кетишет» (3.5-б.).

Жогоруда байкалгандай, кайыптар талапкерге азыктын бир нече түрүн тартуулап жатышат: таруу, айран. Азыктын түрү жана химикалык курамы жагынан алганда, белгилүү бир символикалуу маанини аткарып, келечекте дастандын тигил же бул бөлүгүн («Манастын ата-бабалары», «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана андан кийинки урпактары), бүтүн мазмунун же айрым окуяларын айта тургандыгын билдирет. Тагыраак айтканда, тартууланган бул зат – «текст». Дагы, сунушталган азык-заттар сыртынан таруу, айран болуп көрүнгөнү менен, тата келгенде таптакыр башкача бир жагымдуу, мурда татып көрбөгөн даам сезилгени бар. Ал эми кайыптар тартуулаган насип, сөзсүз түрдө болочок манасчылар тарабынан жеп-ичилиши кажет. Анын ооз тийип, жарым-жартылай, баарын жеп-ичиши же таптакыр ооз тийбей коюшу, дастанды ошончолук чыгармачылык деңгээлде айтып же айтпай калышын билдирет. Мисалы, жогоруда Чоюке Өмүр уулунун мисалында баяндалгандай, ышкындын кабыгын аачыганы Кызыл-Кыя тарапка Чоюке менен барган Молтой уулу Казакбайдын оозуна аксакал салып берген тарууну бүркүп жибериши, анын келечекте «Манас» айтпай калышын түшүндүрөт.

Кээде, тескерисинче, тандап алган адамынан кайыптар азык беришин, курмандык чалышын талап кылышат. Залкар манасчы Саякбай Каралаев, Бакай баш болгон «Манас» дастанындагы бир катар жоокерлерге кабылгандан кийин алар: «Жолуңан эки кой айдаган киши чыгат, ошону сатып ал да, үйүңө барып, элден бата алып, союп бергин да, ушул көргөндөрүңдү айтып жүр» – дешкен (1.17-б.).

Жогоруда белгилегендей, болочок манасчы менен кайыптардын ортодогу байланышы ар дайым эле жай өтө бербейт. Мурда-кийин мындайды көрбөгөн болочок манасчы коркуу, чочуу, тартынуу, түшүнбөө, таң калуу, сүрдөө абалына дуушар болот. Демек, алар мындай окуяга мурда даяр болгон эмес, а түгүл дастандын мазмуну менен да терең кабардар болбошу мүмкүн, болсо да кимдир бирөөлөр аркылуу жалпы маалымат гана алышы ыктымал. Ошондуктан кайыптардын: «билесиңби? », «уктуң беле?», «айтасыңбы? » же «айт!», «айтасың! » деп, талап коюп, кыстагандыгы, жаш баланы коркуу сезимине жеткирип, «ооба» же «жок» деп, чукул айта салгандыгы да ажеп эмес. Оозуна насиптин салынганы – кайыптардын баланы дастан айтууга милдеттендиргендиги. Ал эми кандайдыр бир себептер менен талапкер кийин айта албай калган болсо, аны кайыптар жай-жайына койбой, көндүрмөйүн кайра-кайра келе берип, талабын күчөтө беришет. Буга карата Ыйманбек Ысмайыловдун (1938-2008) мисалына токтололу:

«Ыйманбектин 17 жаштагы кези. Бир күнү Ыйманбек айылдан тоого бара жатып, айлананы каптап жаткан отту көрөт. Аңгычакты, кайдан-жайдан жаңырган бир үн: «Токто! Тээ-тетиги маңдайыңдагы калың колду көрдүңбү? Түмөн колдун башында чоң кула ат минген Манас турат. Бул Манас атаңдын колу. Сен Айкөл баатырдын колунун астынан кез келдиң. Аттан түшүп, батасын ал!» – деп буйрук берет. Ыйманбек аттан түшүп, сандаган кол тарапка жакын барып, салам берет. Алик алган эч ким жок. Анын ордуна кайрадан баягы үн: «Эй жигит, ушул отту, ушул топту эсиңден чыгарбай, тилиңди таптап, кебиңди тактап айтып жүр! Тукумуң курч, эл ээси болсун! Жээниң жер ээси болсун!» – деп, көздөн кайым болушат. Айлананы каптаган от жалындап күйө берет. Ыйманбек чөнтөгүнөн макисин алып, өзү турган жердин бетин тегерете чийип чыгат. Мына ошондо гана эч нерсе болбогондой болуп, от өчөт. Ыйманбек тоодогу атасына эптеп жетип, болгонун болгондой кылып айтат. Атасы Ысмайыл уулунун «Манас» айтышын туура көрбөй, тыйып коет. Кийин Ыйманбек 35 жашка келгенде, баягы үн кайрадан угулуп: «Биздин талабыбызга көнбөй койдуң. Энчилүү нерсени ээсинен ала албайбыз, тукумуңа оодарабыз, ошондо аяна турган болбо!» – деп, жоголуп кетет. Кийин айткандай эле, манасчылык өнөр Ыйманбектин тун небереси Уланга өтөт» (маалыматчы – Улан Исмаилов, 29-март, 2007-жыл).

Ушуга эле улай, заманыбыздын залкар манасчысы Шаабай Азизовдун (1927-2004) башынан өткөн окуясына кайрыла кетсек:

«Адаттагыдай эле эртең менен атам Азиз өзүнүн бээсине ээр токуп, мени мингизип, энем Асылкан түштө иче турган жол азыгымды канжыгага байлап берип, анча-мынча малды астыга салып, жөнөтүшөт. Кара-Бөлтөктөгү (Ак-Суу районундагы Маман айылынын түштүк тарабында жайгашкан дөбө) Ак-Марчанын оозундагы Чоюке атамдын мүрзөсүнүн шилисине коюмду жаям. Күндөгүдөй көнүмүш адатым менен тузакка түшкөн чилдерди бирин мойнунан, кээ бирин бутунан канжыгага байлап камына баштаганымда эле Үч-Салаа жактан кыйкырык, сүрөөн салган, чубаган адамдар келе жатат. Биздин айылдын адамдары го? Жаман-Карагайдан отун алып келе жатышкан го дейм. Элдин карааны жакындагандан жакындай берет. Андан кийин эмне болгонумду билбейм, ошол жерде жатып калган экемин. Баягы кой-эчким короого келгенден кийин: «Бала эмне болду?» – деп, ата-энем издеп чыгышып, Кудук деген жерден мени таап, үйгө алып келишиптир. Көзүмдү ачсам төшөктө жатыптырмын. Жанымда отурган атам менин эсиме келгенимди көрүп: «Аксарбашыл, аксарбашыл! » – деп, ыйлап жиберди. Бүткөн боюм оор тартып, салмактанат. Атам сүйүнүп, кой сое коюп, баабедин өткөрдү. Мен болсо тынч ала албай, бир жерге туралбай, өзүмчө эле элеп-желеп болом. Оозум өзүнөн-өзү кыбырап, ырдагым эле келет. Айылдагы элдер: «Шаабайга жин тийиптир» – деп, айың сөз таратып жибериптир. Ырдайын дейм, уялам. Атайылап эл жок, ээн жер издеп, моокумум кангыча күпүлдөп алам. Ошондон кийин гана денем жибип, жеңилдеп калам. Бир күнү: «Сени кечке бага беребизби, бол айт!» – деп, көк жорго минген, бир ак сакалчан адам пайда болуп, үйгө кирип келди. Ошондо оозумду бир ачканымды эс-мас билем, андан кийин эмне болгону эсимде жок. Көзүмдү ачсам, күн чыгып калган экен, эл топурап тарап жатыптыр. Ошондон кийин элдир-селдир айтып жүрдүм. Мына ошентип, чолуп-чолуп айтып жүргөнүмдөн улам, бир жылча ооруп калдым. Мени көргөн атамдын айласы алты кетип, эл чогултуп, мени кыйнап айттыра турган болду. Ошентип, тогуз жашымда анык айта баштадым. Көп өтпөй түшүмдө Чоюке атамды көрдүм. Үйдүн төрүн көрсөтүп: «Мынабу бурчта кум, мобу седеп-мончок, ошолорду санап чыгып, элге айтып жүр», – деди. Экинчи, былкылдак куурай бышканда, күз убактысында, Чоюке чоң атам дагы түшүмө кирди, бир чоң ак боз үйдүн ичи экен. Чоюке атам айылдагы аксакалдардын баарын жыйып, жыйналыш өткөрүп жатыптыр. Жогору оң жагында Алмамбет баатыр, сол жагында Семетей баатыр турган экен, анан: «Болгон дасмыямдын баарысы Шаабайда калсын» – деп, Чоюке атам айтып калды» (1.16-17-б.).

Манасчы Шаабай Азизовдун бул мисалынан улам, дагы бир өтө маанилүү нерсени байкоого болот. Ал – болочок манасчынын оорусу. Болочок манасчынын оорусу узак убакытка, а түгүл бир нече ай, жылдар бою созулушу ыктымал. Манасчынын «оорусу» деп жатып, илимий чөйрөдө кеңири белгилүү болуп калган бүбү-бакшылардын (шамандардын) «оорусуна» кайрылсак болот. Себеби, эки «оорунун» ортосунда кандайдыр бир жакындык бар экендиги байкалат. Бул тууралу 1999-жылы Кыргызстанга келип өзүнүн изилдөө иштерин жүргүзүп кеткен, мажар этнографы Д.Шомфаи Кара мындай дейт: «Бир нерсени эске алып коюшубуз абзел, элдик баатырларды баяндаган ыйык жомоктор менен шаманизм тыгыз байланышта. Манасчылар бүбү-бакшылар сыяктуу эле, көп оор кыйынчылыктарды башынан кечирет. Балалык чагында алар бийик тоолорго чыгып, ал жерден жоголуп кетип, жомоктун колдоочулары – кайыптар менен (көпчүлүк учурда аксакалчан карыя) жолугушат. Кайыптар алардын жомок айтышын талап кылышат. Бул процесс «аян» деп аталат. Алар жомок айтып жатып, кайыптар менен байланыш түзүшөт. Мына ошол жомокту айтуу менен гана, алар кайыптарды ыраазы кыла алышат. Бүбү-бакшы менен манасчынын ортосундагы жакындык бар экендиги тууралуу, дагы бир далил менен түшүндүрсө болот: казак, кыргыз жана уйгур тилдеринде «бакшы» деген сөз – «шаманды» түшүндүрсө, каракалпак, түркмөн, өзбек тилдеринде «бакшы» деген сөз – «дастан айтуучуну» түшүндүрөт» (7.13-б.).

Ооба, ортодогу окшоштуктардын бар экендиги күмөнсүз. Кайыптардын даарып кетиши аркылуу, тандалгандардын ички жан дүйнөсүн, аң-сезимин сырткы дүйнөдөн чектетип, манасчылык өнөрүнө жат, көрпендечилик сапаттарынан тазалап, манасчылык индивидуалдуулугунун түзүлүшүнө алып келет.

Ал эми манасчылык өнөрүндөгү оорунун түрлөрүнө кайрылганыбызда, анын ар кандай түрлөрү байкалат, көбүнчө: баш оору, талма, депрессия. Бул тапта, болочок манасчы жалгыздыкты каалап, айланасындагы адамдарга, турмуш-тиричиликке мамилеси кайдыгер, өзү да түнт болуп, ээн, адам буту баспаган жерлерге, күндүзү же түнү болобу, жайы, кышы болобу, бир нече убакытка чейин эч кимге айтпай качып, кайыптар дүйнөсүндө жүргөн учуру.

Ушундай кезде, сыртынан көргөн адам, анын өзү менен өзү болуп, күңгүрөнүп, ичинен үн кайрып, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп, дастандын айрым бир ыр саптарын оозеки айтып жүргөнүн байкаса болот. Бул психикалык оор абалды ал өзү да түшүнбөй, башкаларга да түшүндүрө албайт. Денеси өз калыбында козголбой кала бергени менен жан дүйнөсү, аң-сезими Манас дүйнөсүнө же Манаска тийиштүү ыйык жерлерге саякаттап кеткен мисалдар да кездешет. Ушуга карата, манасчы Шаабай Азизовдун бир айтканы эске түшөт: «Мен үйдө уктап жатып эле, бир түндө Айкөлүмдүн баскан жерлерин кыдырып чыгам же мурда-кийин ал жерлерди барып көрбөсөм, кантип айтмакмын, калпычы болуп». Негизинен, бул көпчүлүк эле манасчыларга тийиштүү көрүнүш. Мына ушундан улам, андай кубулуштарды мурда угуп-көрбөгөн болочок манасчынын жакындары аны «оорукчан» деп да кабыл алышат. Баарынан кызыктуусу, профессионал медицина да мындай кесел-оорунун туура, так диагнозун коюп, терапиялык жактан дарылоого же жөнгө салууга кудурети жеткен эмес.

Болочок манасчынын бул «оорусун», Манас дүйнөсүнө кирүү жана трансценденталдык күчкө ээ боло башташы деп түшүнсө болот. Бул процессти дагы, манасчылыкка өтүүдөгү, кирүү сынагы деп түшүнүү керек. Кайыптардын даарып турган учурунда, жаш талапкердин ата-энеси калыптанган манасчынын колуна тапшырып, курмандыкка мал чалынып, манасчыдан бата алат. Себеби, кыргыздар: «Манасты Кудайдан кийинки бардык жогорку күчтөрдөн бийик турган күч» катары кабылдаган. Ошондон улам, Манас дүйнөсүнө таандык жогорку күчтүн каалоосун, талабын эки кылбай аткарууга далалат кылышкан.

Кайыптардын алдынан өтүп, элден (сакалдуу жакын урук-туугандарынан), устатынан (калыптанып калган чебер манасчыдан) бата алып, эл ичинде «Манас» дастанын айтып калган күндөн тартып, кайыптар маал-маалы менен (белгилүү жыл мезгилинде, белгилүү айдын, аптанын күндөрүндө) манасчыга руханий күч-кубат берип, туура жолго салып, өмүрүнүн акырына чейин жылоолоп келет.

«Оору» процесси, кайыптар тарабынан тандалып алынган талапкердин «Манас» дастанын айта башташы менен басаңдайт. «Ооруну» токтотуунун бирден-бир дабасы да ушул. Анткени, дастан айтуу – манасчынын негизги милдети, жолу, тагдыры. Ал эми дастан, айтуучунун сыртына чыгып, элге тартууланып турбаса, ал «ийри жыландай» ичинен жей берет.

Азыркы медицина, мындай «ооруга» ар кандай невроздук, психопатиялык илдеттеринин диагнозун коюп келет. Бирок ал мистикалык, метафизикалык күч-кубат да бере турган өзгөчө тариздеги «оору» экендигин кабылдап, так аныктоону каалабайт. Тескерисинче, «жин оорусу», илимий сөз менен айтсак, «шизофрения» деп кабылдашкан (Шаабай Азизовдун мисалында).

Арийне, бир туруп кадимкидей соо адам болуп, бир карасаң акылынан азып, күңгүрөнүп, талыкшып жатып калып, адам буту баспаган жерлерге тентип кетиши, таптакыр эч ким менен сүйлөшпөй, өзү менен өзү болушу, сыртынан байкагандардын үрөйүн учурат. Андай «ооруга» чалдыккан болочок манасчы үчүн, дагы бир чексиз кайыптар дүйнөсүнүн эшиги ачылат. Манасчы – бул өзү жашап, өмүр сүрүп жаткан дүйнө менен илме кайыптар дүйнөсүнүн ортомчусу, эки ортонун көпүрөсү сымал. Манасчынын илме кайыптар дүйнөсүнөн алган кабары, реалдуу өзү жашап жаткан дүйнөгө жар салынат. Ал эми кайыптар дүйнөсүнүн бары-жогун аныктоо келечектин иши. Буга чейин батыш илимпоздору белгилегендей, аны аныктоонун азырынча эки гана жолу бар сыяктуу, бири эксперимент жолу, экинчиси субъективдүү (8.149-150-б.).

Ал эми манасчылыкка карата, «оору» деген термин иретинде колдонулган сөз көп коошо бербес, эл ичинде аны «кайыптардын дааруусу» деп атап келишкен. Андыктан «манасчынын оорусу» эмес, «манасчыны кайыптардын даарышы» деп кабыл алгандыгыбыз оң.

«Түш», «оору» бу бири-бирине өтө жакын, адам баласы менен бирге жаралган жана ар дайым бирге жашап, бирге өмүр сүрүп келген эки чоң кубулуш. Түш да, оору да адамдын өзүндө, тулку боюнда, жан дилинде, терең түпкүрүндө. Алардын сыртка чыгууга болгон бирден-бир мүмкүнчүлүгү, аң-сезимдин өзгөчө абалы. Түш көрбөгөн да, оорубаган да адам болбосо керек. Демек, адамзаттын жашоосунда алардын ээлеген орду эбегейсиз зор. Түш менен ооруну «өлүмдүн кабарчысы» деп, каршы күрөшүп келебиз. Ал эми бул эки чоң кубулуштун башка жагын кабыл алгыбыз жок. Бирок манасчы башынан өткөргөн «түш көрүү», «оору» процесстери аркылуу үлкөн дастанды кабыл алып, эс-жадына багып, дүйнөгө тартуулап жатпайбы? Адамзаттын жашоосунда түш да, оору да терең сырга оролгондуктан, адамзат тикесинен тик туруп, ар дайым алар менен алпурушуп келет. Ал эми аларды толук түшүнүүгө кудурети жеткен эмес, себеби трансценденталдык дүйнөнү кабылдоодо адамдын мүмкүнчүлүгү чектелүү экен. Учурунда айтылуу батыш ойчулу И.Кант белгилегендей: «Башка дүйнөнү билип, түшүнүү үчүн биз бул дүйнөдө керектеп, алып жүргөн эс-акылыбыздан ажырашыбыз керек».

Ааламдын сырын толук ачууга умтулабыз. Мүмкүнбү? Себеби аалам өзүбүздө. Өзүбүздү толук ачалмайын, ааламга баш багалбайбыз. Бабалар айткан 18 миң ааламдын бири, адам баласы. Ар бирин өз-өзүнчө ачып чыгуу мүмкүн эмес. Ал бир өлбөс, өчпөс бүтүндүк, бир система. Ааламды түшүнүүгө адамдын эс-акылы, аң-сезими тоскоолдук кылат. Ал эми аны түшүнүүнүн, кабыл алуунун бирден-бир жолу эс-акылдын, аң-сезимдин өзгөчө абалы окшобойбу. Ошондон бир чыркыраган чындык чыгат бейм. Аң-сезимдин өзгөчө абалында жаралган манасчынын айтып жаткан баяны чексиз мейкиндиктен келген кабар. Адамдын эс-акылы үчүн, бул кабар гениалдуу. 6-7 жаштагы баш-териси ката элек, эс-акылы жетиле элек тестиер бала-манасчынын транс абалындагы оозунан чыккан зор тексттин терең философиялык ою академиктердин башын маң, өзүн таң калдырып келген ааламдын миң сырынын бири эмес бекен?

Жогоруда берилген манасчылардын башынан кечирген бир катар мисалдарынан улам, катардагы адамдын мүмкүнчүлүктөрүнө чак келбеген, кандайдыр бир сырдуу окуялар менен коштолгон табигый кубулуштарга байкоо жүргүздүк. Арийне, мындай материал толук кандуу илимий иликтөө ишинин талаптарына жооп бербеши мүмкүн. Бирок, сөздүн толук маанисиндеги «Азыркы Манастаанууга» келиш үчүн алгачкы илимий кадамдар ушундай гана мүнөздө боло алат.

Адабияттар:

1. Буудайбек Сабыр уулу. «Эркин Тоо», № 56-57. 26.08.95.

2. Лорд А.Б. Сказитель. – М.: Издательская фирма «Восточная литература» РАН, 1994.

3. Манас. Мамбет Чокморовдун варианты. – Бишкек, 1995.

3. Омор Еркетанов. «Эркин Тоо», №56-57., 26.08.95.

4. Путилов Б. Эпическое сказительство: Типология и этническая специфика. – М.: Издательская фирма «Восточная литература» РАН, 1997.

5. Рерих Н.К. «О Вечном…: – М.: Политиздат, 1991.

6. Сыдыкбеков Т. Бел-белес: Роман-эссе. Б., 1996.

7. Шомфаи Кара Д. Религиозный синкретизм жителей кыргызской деревни. Шаманизм и ислам. «Центральная Азия и культура мира». №1-2 (12-13) Бишкек., 2002.

8. Ясперс К. Стринбург и Ван Гог. Опыт сравнительного анализа с привлечением случаев Сведенборга и Гельдерлина. Перевод с немецкого Г.Б.Ноткина – Гуманитарное агенство «Академический проект». С.-П., 1999.

Талантаалы БАКЧИЕВ , манасчы, филология илимдеринин кандидаты,
Көк Асаба гезити



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   13 Январь 2014 - 15:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Жусуп Мамай
Сүрөт Сүрөт Жалпы маалымат Төрөлгөндө берилген аты: Жусуп Мамай Туулган жылы: 1918-жылы 1918-жыл Туулган жери: Меркеч айылы, Ак-Чий ооданы, ШУАР, КЭР Өлкө: КЭР Ишмердүүлүгү: манасчы Жанры: эпос Жусуп Мамай (Жүсүп Мамай; Jusup Mamay), Жусуп Мамай уулу - кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы - 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер.



Мазмуну
  • 1 Кыскача өмүр баяны
    • 1.1 Өмүр таржымакалы тууралуу толугураак маалымат
  • 2 Устаттары
  • 3 Ал тууралуу жыйындар
  • 4 Ал тууралуу иликтөөлөр
  • 5 Пайдаланылган адабият
  • 6 Интернеттеги шилтемелер

Кыскача өмүр баяны
1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасы нын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган.

Жети жашынан кат тааныган.

Анын агасы Балбай "Манас" эпосуна кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн. Жусуп Мамай "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.

"Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк" , "Мамаке Шопок", "Көбөөн" , "Толтой" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.


Кыргызстанга бир нече ирет келген.

1989-жылы Теке айынын 3 Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан.

1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.

Кыргызстан дык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.




Өмүр таржымакалы тууралуу толугураак маалымат
Кыргыз Республикасы нын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасы нын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган.


[м ромогрйма кулак, зээндүү, тунук көкүрөк болуп чоңоёт.

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт.

Эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот.

Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт.

Ошондо кара чаар киши: «Эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» - дейт.

Жусуп ал көрсөткөн жакты \ , эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен.

Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш.

Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат:

«Тээтиги эң алдында турган эки киши – Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар - Алмамбет менен Чубак. Ал эми тиги эң артында турган атчан – Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды».

Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетсе, түш экен.

Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат.

Ошондо атасы уулуна: «Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө «Манас» айтпа» - деп, акыл-насаатын айтат.

Атасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.

Бирок 1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берет. Ал эми Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат.

Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, «Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы» аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп «манасчы» деген атка конот.


1961-жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.


1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет.

Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.

Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.


Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген “Манастын урпактары тууралуу баянды” Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт.


1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.

Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.

Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.

Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.

Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун сап ырдан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат.

1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.

Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча: «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыгат.


Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот.

Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.



Устаттары
Жусуп Мамайдын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай: Жусупакун, Ыбырайым (Ыбырайым Абдыракман уулу эмес), Чоюке, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай аттуу манасчылардын оозунан жазып алган варианттарынын кол жазмаларын да пайдалангандыгы талашсыз.


Ал тууралуу жыйындар
2013-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атныдагы Кыргыз улуттук университетинде Жусуп Мамайдын 95 жылдыгына арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.




Ал тууралуу иликтөөлөр
Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын жана ал айткан «Манас» эпосун изилдеп келгендер: С.Алиев, Т.Кулматов, К.Жусупов, К.Жумалиев, М.Жумалиев, К.Кырбашев, К.Артыкбаев, Р.Кыдырбаева, Ж.Орозобекова ж.б. адистер.

Ал эми Кытай жергесиндегилерди алсак: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак, Лаңйиң ж.б.



Булак: Википедия

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы маалыматтар экен
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кийинки убактарда Темирбек
Токтогазиевдин Манас баатыр тарыхта
жашап өткөн инсан экенин изилдеп,
тактап, далилдеп жазып жүргөндүгү
коомчулукка кеңири белгилүү. “Манас”
эпосунун бир канча варианттарын иликтеп, Кыргыз, Алтай, Хакас, Тажик, Казак, Кытай
мамлекеттеринин кыйла жерлеринде болуп,
чет жердик бир канча Манас изилдѳѳчү
окумуштуулар менен жолугушуп,
натыйжада, былтыр “Айкөл Манас –
тарыхый инсан” деген китебин жарыкка чыгарган. Мына жакында эле Темирбек
Токтогазиев Кытай жергесинде бир айга
жакын убакыт жүрүп, дагы бир топ ѳзгѳчѳ
маалыматтарды топтоп келди. Ал
тарыхый материалдар жана сүрөт
топтомдору кыргыздар ѳзүлѳрү тууралуу биле элек, уга элек дагы далай тарыхый
маалыматтар бар экендигин, нечен сырлар
ачылбай жатканын, ѳзүбүздү тааныш үчүн
кѳп эмгек, узак убакыттар сарпталаарын
далилдеп турат. Эмесе, изилдѳѳчүнүн
тѳмѳндѳгү сапар баянына кѳз жүгүртсѳк.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Манас баатыр тарыхта жашаган деп бири айтса,
бири жомок каарманы катары карап, ар бири ѳз
оюнан кайтпай талашып эле келатышат. Ушул
жагдайдан алганда, ѳзүм да, дегеле Манас
атабыз болгонбу же окумуштуулар айткандай,
бир канча каармандардын образдарынан чогулган “персонажбы” деген ойдо болуп
жүрдүм. Эгер “образ” эле болсо, анда эмнеге
дүйнѳнүн ар тарабындагы бийик-бийик
чокулардын аттары, өзөндөрдүн, жерлердин,
шаарлардын аттары “Манас” деп коюлат деген ой
мени түйшөлтүп жүрдү. Ошентип, “Манас баатыр басып ѳткѳн” деген жерлерди изилдѳѳгѳ
кириштим. Ал изилдѳѳлѳрүм “Айкөл Манас –
тарыхый инсан” китебинде жазылып берилген. Жакындагы Беш Бээжинге болгон сапарым
тууралуу айтсам, эпопеянын – Сагымбай
Орозбаковдун, Багыш Сазан уулунун, Мамбет
Чокморовдун, Шаабай Азизовдун, Жусуп
Мамайдын, Жайсаң Үмөт уулунун, Тыныбек
Жапый уулунун, Тоголок Молдонун (Байымбет Абдракманов) варианттарын окуп чыкканымда
Айкөл атабыздын Беш Бээжин, Бешбалык,
Бейтин, Аньси (Кучар) деген жерлерге казат
кылганы айтылат. Ошол Беш Бээжинге барып, ал
жерди изилдеп келүүгѳ болгон кѳксѳѳмдү колдон
келишинче ишке ашырдым десем болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул үчүн кѳптѳн бери аракет кылып жүрүп,
кытайлык Макелек Өмүрбайга китебимди
бергенимде, ал: “Кытайда Жаң Юңхай деген бир
профессор да Манасты тарыхый адам катары
жазды эле. Ал киши өзү Пекинде турат” деди.
Макелекке: “Маке, профессор Жаң Юңхайга кандай жолугам? Мүмкүн болсо ошол кишинин
макаласын таап бербейсизби? ” деген өтүнүч
менен кайрылдым. Макелек мырза өзү
жетектеген “Тил жана котормо” журналынын
2007-жылдын №2 санында жарык көргөн
макаласын берди. Кытай окумуштуусу өз макаласында Бээжиндин (Пекиндин) жанында
Орто Бээжин, Чет Бээжин деген беш Бээжиндин
бар экенин белгилептир, “ошол Бээжиндерди
көрүп келбейлиби” деп калдым. Бирок, баардык
нерсе каражатка барып токтоп, ал жакка
баралбадым. Бир күнү Макелек Өмүрбай: “Бээжиндерди тактап койдум, кел” деп Кытайдан
кабар бергенде, эптеп колумда болгон
тыйынымды чогултсам, каражатым бир кишиге
араң жетет экен. Экинчи кишиге да каражат
издей баштадым. Бул оюмду Карганбек
Самаковго айтсам, ал ѳзү да барууга белсенип калды.Чогуу даярданып атканыбызда, тилекке
каршы, Карганбек бошобой, “ЮНЕСКОнун
иштерине “Манас” үчилтиги боюнча бүтүрчү
иштер болуп жатат, өзүңүз эле барып келиңиз,
каражатын таап берейин” деди. Ошентип, Кытайга жалгыз жөнөдүм. Ал жактан
Макелек Өмүрбай экөөбүз Беш Бээжинге
даярдыктарыбызды бүтүрүп, жол картабызды
түзүп, билеттерди алдын ала алып, ар бир
Бээжинде жатаканалардын дарегин тактап, заказ
берип анан жолго чыктык. Пекинге келээрибиз менен профессор Ху Чженхуа, Адыл
Жуматурду, Жаң Юңхайга жолугуп,
сапарыбыздын максаты боюнча алардын кеп-
кеңештерин алдык. Сапарга чыгаар алдында бир
катар манасчылардын айтуусунда “Бээжиндер”
кандай айтылганын, сүрөттөлгөндүгүн тактадык. Сагымбайда мынча жолу, Саякбайда мынча,
Жусуп Мамайда мынча жолу эскерилет экен деп
тактап алдык.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Пекинде болгонубузда Манас изилдөөчүлөр,
профессорлор Жаң Юңхай жана Ху Чжиң Хуа
үйлөрүнө чакырып интервью беришип, Манас
атабыздын ушул биз бараткан Беш Бээжинге
чейин барганын айтып, тастыкташты. Ху Чженхуа
агай кыргыз тилинде түш жооруганы менен айрымаланган окумуштуу. Ал эми Жаң Юңхай
агай 1957-1961-жылдары Пекин университетинин
кыргыз тил факультетинде билим алган,
“Манасты” Жүсүп Мамайдын айтуусунда жазып
алуу группасында эмгектениптир. Жаң
Юнхайдын зайыбы Шаң Шижиң аны кыргыз тилинен кытайчага которгон экен. Мына ушул
котормону адабиятташтырууга катышкандыктан
“Манастын” ичиндеги окуяларды жакшы билет
экен. Ошондон улам ал өзүнүн изилдөөлөрүндө
Манас тарыхый инсан болгон деген пикирди
карманганы кубандырды. Кытайдын Манас изилдѳѳчүлѳрүнѳн тастыктоо
уккандан кийин, биз Пекинден нары 200 км
аралыктагы Чың Ды деген жерге бардык. 18-
кылымда, Кытай императору Чың Дыда
кыргыздардын элчилерин кабыл алыптыр.
1757-1766-жылдар аралыгында кыргыздардын Нышаа, Бүргө баатырлар баш болгон 8 баатырын
кабыл алыптыр. Бул окуяны далилдеген чоң
сүрѳт мурда ушул Чың Дынын музейинде
дубалда илинип турарын уккан элем. Бул
сүрөттү италиялык сүрөтчү Императордун
буйрутмасы менен тартыптыр, бийиктиги 4,5 метр, туурасы 3,5 метр. Тилекке каршы, бул
сүрөттү Чың Дыдан таба албадык. Бирок,
бүгүнкү күндө бул сүрөт мамлекеттик Гу Гуң
(Императордук сарай) музейинде сакталганын
тастыктадык, жана анын компьютердик
көчүрмөсүн алып келдик.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чоң Бээжинде (Пекинде) болгонубузда кытай
өкмөтүнө караштуу “Аз сандуу улуттар комитети”
деген уюмдун директору Пу Ёңшең мырза менен
жолугуп, сапардагы негизги максатыбыз
тууралуу сүйлөштүк. Биздин Беш Бээжинге
баратканыбызды угуп Пу Ёңшең мырза: “Силер Манастын келген жолун эми туура таапсыңар”
деди. Кѳрсѳ, алар Манас жѳнүндѳ жакшы
билишет экен, бирок ѳтѳ маданияттуулукту
сакташып, сурасаң айтышат, сурабасаң
унчугушпайт көрүнөт. Бул адамга
жолукканыбыздын себеби, тигил шаарларды кыдырып жүргөнүбүздө бийлик органдары
текшерип калса, “биздин жүргөнүбүздү
мамлекеттик бийлик өкүлү билет” деп
айтканыбызга туура келсин үчүн эле. Андан соң биз Леояңпу шаарына бардык. Бул
шаар “Манастагы” Чет Бээжиндин өзү. Ошентип,
Манастагы айтылган Беш Бээжинди четинен
кыдыра баштадык. Алар: Чет Бээжин (Леояңпу),
Түп Бээжин (Лин Хуаңпу, бүгүн Чыфың деп
аталат экен), Орто Бээжин (Нин Чиңпу), Чоң Бээжин (Нан Жиңпу – азыркы Пекин), Бээжин
(Датуңпу) шаарлары. “Манаста” сүрөттөлгөн Чоң
Казат өткөн жерлерди, бүгүн ал көөнө
шаарлардын чалдыбарлары мамлекет тарабынан
корукка алыныптыр, ошондой эле, Чоң Инген,
Чанбайсен тоолорун өз көзүбүз менен көрдүк. “ Манаста” сүрөттөлүп- айтылган жерлерди өз
көзүбүз менен көргөндө бул шаарлар, тоолор,
суулар, ашуулардын турмушта оорду бар болуп,
чын болуп чыкты, бул албетте Манастын
тарыхый инсан болгондугун тастыктаган жаңы
табылга.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 01:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: