Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#1222 05 Январь 2019 - 23:11
#1223 06 Январь 2019 - 00:45
fortuna198711Кайнаса каным кошулбаган адамды мынчалык жакшы корууго болоорун эми тушундум. Мени кучагына бекем кыса унсуз отурган Дастандын жанынан жарым карыш чыккым келбейт. Коз ачып жумгуча болом Асыл жетип келди. Катарлаш отурган Дастан экообузду карап тан калганын жашырган жок. Тааныштырдым экоону. Асыл алгач Дастанды "Москвада иштейт." деп ойлоптур. Метрону коздой биз менен чогуу жоногон Дастандын абалын айтып бердим. Шашып кеткен Асыл:"Уйдо менин жанымда бир кишилик койка эле бар болчу."-деп жиберди. Унсуз жылмайган Дастан биз менен чогуу келе берди. Метрого биринчи тушконго элейип эки жагымды карайм. Чемоданымды суйроп Дастан биз менен чогуу. Асыл "Бул метро Филевский парк деген метро, голубая линия... бул жерден тушосун."
Божурап тушундуруп келе жатты. Эки жакты карап коем. Эстеп калайын дегеним го. Менден козун албай келе жаткан Дастан: "Жаным, бул Москва Бишкектин эле чону. Айырмасы деле жок." Уйго келсек эки болмолуу квартира экен. Залында катар тизилип беш-алты адамдар уктап жатыптыр. Асыл тундо иштегендер деп аркы болмого кирдик, ал жакта да бир кыз. Асыл да тундо иштейт экен. Ашканада отурдук. Шыбырап акырын суйлогон Асыл менин бир жумадан кийин жумуш ордум бошоорун, ага чейин уйдо болуп,документтеримди бутуруу керектигин божурап отурду. Кабагын буркогон Дастан:"А тиги залда жаткан балдар да силер менен жашайбы?"
-деди. Тан калган тур менен Асыл:"Кызык,
жашаган учун уктап жатат да."-Дастанды жактырбагандай кашын серпе. Ортодо мен ынгайсыз боло туштум. Дастанды чыканагым менен туртуп, дасторконго бата кылып сыртка бет алдык. Жолдо колун чонтогуно сала, жер тиктеп келе жаткан Дастан:"Эмне жумуш кылат экенсин?"
-Бурк этти. "Билбейм,
Асыл таап берем деди го."-Ийинимди куушурдум. Ордунан токтой, колумдан жетелеп: "Аида, журу кеттик Кыргызстанга.
Мага жаккан жок. Бирге баарын женебиз."
Ушинтип айтаарын билип тургам. "Аракет кылып коройун."
деп болбой койдум. Жетелеше кеч киргиче журдук. Асыл жаман коруп жатса керек. Дастандын кетейин деген оюу жок. Асылга чалып тушундурду окшойт. Жол журуп келгенге чарчап, уйкум да келип жатты. Дастандын маанайы которунку, ото конулдуу жургонун коруп бактылуумун.
Деги эле мен учун идеал баардык сапаттары жагат.
#1224 06 Январь 2019 - 00:50
fortuna198711Уйку сурап ургулоп, бирок Дастанды кыйбай отурган мени карап:"Жожо,
чарчаптырсын э?"-Чачымдан сылай бетимден опту. Башымды ийкедим. "Кетким келбей жатат жанындан."
-Кабагын буркогон Дастанды аяп кеттим. "Асылга айтып, кел экообуз менин мейманканама барабыз?"
Башымды чайкай:"Асыл жаман корот го. Бугун эле келсем."-озунчо жылмайып алды,"Коркок десе... Журу анда уйго, мен озум сурап коройун."
Жетелеше жонодук. Асыл душка кирип кетиптир. Залда уктап жаткандар ойгонуп жумуштарына кетип, ордулары дагы башкалар менен толукталып жатты. Эшиктен кирип келген ар бир баланы коргон сайын кабагына кар жаап жаткан Дастандан ынгайсыздана отурдум. Асыл чыгып Дастанды коруп, анын да кабагы чытыла "Кетпейби?
Эмне отурат? Дастанын жетпей жатты эле?!" дегенин козунон окуп койдум. Дастан Асылга тушундуруу аракетин кылганы менен Асыл ото жаман коруп, зиркилдей эртен эрте келуумду айтып узатты. Жетелеше сыртка чыгып, жинди немече кулуп жибердик. Карангы кирип калыптыр. Такси менен Дастандын мейманканасына келдик. Болмого кирээрим менен уктоочу керебет козумо укмуш корунду. Дастаркон жайып, озунун атасы менен биринчи жолу Москвага келгенин айтып жаткан создорун угуп жаткам.... козумду ачсам тан атып калыптыр. Устумо жабылган пледти алып ыргыта секирип туруп, ылдыйда шейшеп жамынып жерде бурушуп уктап жаткан Дастанды коруп боорум ооруп кетти. Кап-кара каштарына кошулуп, кирпиктери тогуло кошулуп уктап жаткан Дастандан откон суйкум жан корбогондой жакын барып бир топко тиктеп турдум. Мамалактай болуп бышылдап уктап жатат. Саат ондон отуп кетиптир. Ичим эзиле бетинен ооп алдым. Чочуп кеткен Дастан козун ачып, колумдан кармай озуно тартып, кучактап кое бербей:"Кандай эс алдын уйкучу?"-кучагынан озумду ынгайлуу жай тапкандай:"
Сонун!"-
дедим. "Сени таштап кантип кетем? Аида, мен жинди болуп калам." Унчукпай жоопсуз калтырдым. Кофе заказ кылды. Эртен мененки тамакты жеп сыртка чыктык. Дастандын жанынан чыккым келбей, ыйлагым келе озумду аран кармап журдум. Созсуз уланат, буюрса
#1225 06 Январь 2019 - 01:11
Урматтуу автор Фортуна)))!
Теманын башын деле, аягын деле окуганым жок. Жыртык журок жыртылып бутту окшойт 100 бетке жакындап калыпсын. Же созуп, дагы дагы, анан..., жазбайсынбы сураныч..., деп жалдыратканды жакшы коросунбу? Арманында калбагандыр жаза берип. Нары бери жаз. Убактын жок болсо кыскартып жаз. Бул жак бутуп инстаграммга реклама кылбай. Бир иштин аягына чыгыш сен учун кыйынбы?
#1226 06 Январь 2019 - 14:15
Ким окугусу келсе чыдап, күтүп окусун! Күтө албагандар өтүп кете бергиле...
#1227 07 Январь 2019 - 02:15
Ото керемет чыгарма автрого таазим Аида айым сакайып кетиниз
#1228 08 Январь 2019 - 01:04
fortuna198711
Уйдун жанына келип коштошо албай бир топко убара болдук. "Сени кантип таштап кетем?" деп мин жолу кайталады окшойт. Иштеп атама жардам берип, апам толук айыккыча, синдилерим кол арага жарагыча кутуусун отундум. Тушундурдум. Эхх, турмуш. Козумдун кареги менен тен айланган Дастандан менин да ажырагым келбей турду. Эн коркконум аны жоготуп алуу. Кудай анын бетин ары кылсын. Жок дегенде баш калкалаар уйубуз эле болгондо, "Буюрганын коробуз" деп Дастаным менен кол кармашып кете берээр белем? "Журу, кеттик, сени таштабайм." дегенине болбой, кетуусун талап кыла терс бурулуп подьездге жонодум. Козумдун жашы молтулдоп, ыйлап кирген мени уйдогулор тан кала карап коюшат. Биз жашай турган болмодо эч ким жок экен. Бук тушо ыйлап жаттым. Жаны эле жанынан узасам, кайра сагынам. Дастан менен жетелешип канча ирээт кетип калгым келсе да, Кыргызстандагы илгери умут менен узатып калган бир боорлорумду ойлоп кетенчиктедим. Жашоонун конулуно карабай, кыйма-чийме жолдоруна салганына кокурогум орттонот. Жаны умут менен озумду алаксыта "Бир жыл иштейин, бат эле отот. Дастан кутот." деп озумду ишендире жаттым. Бир убакта эшикти калдыратып Асыл келди. Тоодой болуп ыйлагандан шишиген козумдон уяла жер караган мага:"Мунусу бул жакта, тигиниси тиги жакта."- Мыйыгынан кулгонуно тушунбой калдым. Созун улай Асыл:"Дастанды эмне сыртка отургузуп койдун?" Эмне? Демек кетпептир да э? Шашыла сыртка бет алдым. Саат тунку 12ден отуп калган. Эшиктин алдында башын жерге салып отурган Дастанды жетип барып кучактадым. Кудум биринчи жолу коргондой сагынып кетиптирмин. Чарчанкы тигилген коздору менен:"Сенсиз бир да кунум отпойт экен." дейт. А меники отчудойбу? Уйго кирбей кучакташа отурган экообузду коргон Асыл аргасыз башын чайкай тамак жасап чакырды. Ээрчишип боломо эркелей ашканада тамактандык. Кандай айла кылаарымды билбей чыйпылыктайм. Чынында озум да Дастандын жанынан чыккым келбейт. Ойлосом ошол учурда сезимдерибиз ашып жаткан экен. Суйуубуз жипсиз байлап, имерип жатканын карачы? Асыл Дастанга озу соз берип, экоолоп тушундуруп жатып, эртеси Дастанды узаттык. Кыйылып жатып самалетко билет алган Дастан менен кошо кетип калгым келип зорго озумду кармадым. #жыртыкжурок уландысы

#1229 08 Январь 2019 - 01:38
Тобоо, мындай суйууну индийский кинодо эле болот деп ойлогом."
-тан калган Асыл документтеримди сунуп жатып. Эртеси жумушка чыктык. "Дагы жакшы, жолун ачык экен. Кээ бироолор келип, жумуш жок айлап жаткандар бар."-дейт болом. Ресторанга бардык, арткы эшигинен кирген мени сынап караган орус администратор документтеримди коруп, шеф-поварга ээрчитип барды. Володя деген киши. Заготовкада отурдум. Уч кун стажировка дешти. Асыл кондитердин жардамчысы экен. Тыпырап, тикемен тик туруп, муздак жемиштерди аарчып, жууп, туурап... кечинде уйго чарчап келем. Тан эрте Дастандан келген жагымдуу смстер маанайымды которот. Москвада кимдер гана жок? Ошого карабай орустар бизди жаман корушот. Кечке жумушта, дем алыш куну оозумду ачып уктап, чарчап, атамды, апамды, Кыргызстанды,
Медерчикти,
Дастанды, кыскасы баарын сагынган кусалуу мигранттын жашоосун кечире баштадым. Биринчи айлыгымды карыздарымды толоп боломо бердим. Экинчи айлыгымдын жарымын атама салып, ошондогу тобом кокко жете кубанганымды айт. Ушунча кыйналганым унутула тушконсуйт.
Бир тыйынды экономдоп салган акчама атам айылга уч болмолуу чакан времянка салып баштады. Кудундап суйунгонум менен карыз али толтура, кредиттер...
Москвада иштегендерди жыргап журот дегендер коп. Кечке жумушта баш которбой иштегеним аз келгенсип, кээде шеф-повар анча мынча катачылык болуп кетсе олчойто штраф салып, эч нерсемди калтырбай согот. Эч нерсе дей албайм. Артымдагы карыздар, атамды ойлоп тилимди тиштеп, ишимди кылам. Кайра жумуш таап, ал жака конуу учун убакыт кетет. Жай да бутту. Кадимкидей жудоп, чарчап, сагынып... Атам ушундай мээнеткеч. Айылдагы уйубуздун устун жапты. Бирок бул жылы толук бутконго жетишпей калдык. Кварплата жеп коет экен. Кыш келди. Дастан жаны жылдан кийин келем дейт. Суйунгонумду айтпагыла. Оюумда Аймираны ала келсе, ага да жумуш карап, иштесек, эки кишинин акчасы берекелуу болчудай экен. Агенттен чыкпаган Аймиранын акыркы кундору статусу озгоруп баштады. Бугун да "❤я влюблена."
деп коюптур. "Ой, сестренка кимди суйуп журосун?"
-деп жаздым. "Бироо менен суйлошуп журом. Жакшы жигит."-куттурбой бат эле жооп жазды. "Канча болду?, Ким?" -деген суроолорума жооп беруудон уялды окшойт айтпай койду.
#1230 18 Январь 2019 - 20:42
Мына мен чындыкты жаздым кошсо кошкондурмун бирок кемитип жазган жокмун. Баштаарын баштап алып же аягына чыга албай канча журдум. Бул өзүнчө эле жоопкерчилик экен. Ар бир үтүр точкасын коюп да жазышка талант анан чыдамкайлык керек. Жомок жазбай эле өз башыман өткөн окуяны жазуу мен үчүн оор болду. Эми жазаарын го жаздым бирок билесиңерби бул жакта иликтеп,териштирип мен кыйын тиги пу дегендердин бирөө да мага жазбады. ( жазгандар силерден кечирим сурайм силерге тиешеси жок.) Неге бирөө да жазбайт бул калп жомок мындай болбойт,жазганын тигиге окшош тиги пу деп. Чынында меникиндей кейиштүү тагдырды окуп,жүрөк ооруткуча жомоктогудай сүйүүнү окуп кыялданган жакшы эмеспи. ХХХ ХХХ
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 28 Январь 2019 - 12:48
#1231 21 Январь 2019 - 02:37
Кантип жалган Болсун .....? Озумду рак демек тугул ал орунун атын айткандан коркосун го, апасын да орутуп ,жалган болбосо керек ,тем более бала темасы + ещё апасы Уй булосун эч Ким андай жамандыктар менен айтбайт. Эгер жалган токуган болсо озун ото бай кылып Бир депутаттын кызы кылып жакшы чыгарма жазмак ,жокчулукту эмес ,себеби жокчулукту коргон Адам кана ал жонундо жаза алат ,ото аз Адам обычно барчылыкты корсотуп бай болуп корунгусу келет баары
#1232 22 Январь 2019 - 12:05
Айланып кетейиндер жалган деп ойлосонор жомок окугандай кабыл алып окуп койсонор болбойбу же таптакыр окубай кой чукуп укуп чын жалганын таап чыкканда муйуз чыктыбы же медаль тактыбы бироо тушунбодум окуганга убакыт аран табасын а булар аки чукусун таап чыгышып жазып отурушат жалган десенер окубай койгула да чынбы токтотуп койсо деле артынан эмнелерди гана айтпадынар .пай пай пай.
#1233 22 Январь 2019 - 13:14
Ылайым ошо жалган эле болуп калсынчы, айтканынардай болуп, ошондой оор тагдыр жетпей калган бакыт, аты жаман оору, деги эле баары жалган болуп калса жакшы эле болмок. Эгер чын болуп калса анда Аидага сабр. Ким айтып атты эле Аиданын балдары бар жолдошу бар деп , ошол факт менен суротторун кошуп кайсыл жерде иштейт баарын кошуп жазгылачы алып келгилечи ишенип суйунуп калалы . Озу жазгандай тагдырды эч эле ыраа корбойт элем
#1234 23 Январь 2019 - 07:20
Мени ар дайым жуз пайыз чын болбосо да, бурмаланган болсо да, балким. Чындык бар болуп калсачы деген ой дайыма ээрчип журот. Мен да "Бул сезимди" жазганда баштаркы сюжет бир болуп жатканы менен аттарды, даталарды, жерлерди алмаштырып жазгам. Автордун жазганынан эненин, атанын, бир туугандын, омурдун, суйуунун кандай ыйык экенин айткысы келгенин тушундум эгер жалган болсо. Оз оюун жакшы жеткирген ушунчабызды ызылдатып. Кандай болсо да ийгилик. Озунун абийири дегендей.
#1235 23 Январь 2019 - 08:55
Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү. Порталдын эрежелерин сактагыла!
#1236 23 Январь 2019 - 16:49
Абдан жакшы жазып жатыныз эле,аягына чыкпай калганы окунучтуу.
#1237 08 Февраль 2019 - 09:13
Мени ортого кошпогулачы,
мага жазганы кызык болду окудум.Калп чын деп териштирбедим.
Ар бир пенде озу учун учуру келгенде жооп берер....
Мен жазылганды калп чын деп ойлонбойм анткени чыгарма катары эле кабыл алам.Илгери китепти кандай окусам ошондой кана китеп болбосо чыгарма деп кана сезем.Ошол чыгарманы ойлонуп.,толгонуп жазганы учун сыйлайм.Жаман кундорун окуусам ушул кыз жакшы кунго жетер бекен деп кана ойлоном....
Калппы чынбы деп териштирбейм. Китеп да турмуштан алынат.Демек бул кыздын башынан отпосо демек бироонун башынан откондур...
Жакшы атка бир камчы,жаман атка мин камчы болбосо Сууну синген жерге сеп деген накыл соз бар...
Эки жакшы бириксе куда болуп кайтат дейт,эки жаманын айтпай эле койойун....
Ошон учун бири бириди сыйлап болбосо бир аз да болсо ошол окуп аткан окурманды сыйлап койгула....

#1238 11 Апрель 2019 - 03:30
Чыгарма толук бутуптур. Эми эч качан жазылбайт го.(((
Билдирүүнү түзөткөн: Aziyat: 11 Апрель 2019 - 03:32
#1239 11 Апрель 2019 - 03:41
#1240 11 Апрель 2019 - 06:07
Jany Jannattan bolsun.Any kim tastyktady,kaisy jakta jazylyp jurot aityp koigulachy.