biznes (22 Июнь 2018 - 01:37) жазган:
Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#202 22 Июнь 2018 - 04:38
#203 22 Июнь 2018 - 23:02
-Оуу... апооуу. Не болду?
Телефонунун уну катуу чыгат экен, экоонун суйлошуп жатканы даана угулуп жатты.
-Балам, кайда жонодун?
-Бул жакта бироону жеткирип коюп эле барып калам апа.
-Балам жоголуп кетпей эрте кел, атанды билесин го.
-Азыр эле келип калам. Апам ооой... бир нерсени корбой койсонуз болбойт э? Мен сизди жакшы кором апооуу...
-Болуптур балам.
Мени мандайындагы кузгудон карап:
-Анан суйло Аида. Бул атамдын машинасы. Апам ушундай кабатыр боло берет. Эки козу менде апам байкуштун. Атамдан коргоп эле басып журот.
Козумдон жаш озу эле чыгып кетти. Колум менен жузумду аарчысам да болбойт. Жан дуйном санаа тартып жургондо Дастандын апасы менен суйлошкон диалогу мынчалык журогумо тийди. Жаным апамды эстеп кеттим. Сагындым апамды. Жакшы кабар кутуп, кусалык жеп баратты. Санаага, ойго белимден баттым. Бакытым жалгыз озун апа. Апооууу, жуз жылга жашачы. Мандайыбызда балпайып тай эне болчу. Жакшылыгызды коруп жээн неберелеринди жетелеп, жашоонун бакытына балкып, биздин жакшылыгыбызды корчу. Кемшейген кемпир болуп, жетелетип журчу. Жарыгынды чачып, карылыка жетчи. Апа, баарын женчи. Жол карап куткон биздин умутубузду очурбо, суранам апа.
Жаркылдап аман эсен мандайыбызга кирип келчи. Дастандын апасы менен суйлошконуно ичимден эзиле шолоктоп алдым. Унумду чыгарбаганым менен козумдон тогулгон жашка эки колум ээ боло албай жатты. Байкады окшойт. Тушундубу же чочудубу, балким оорукчан деп ойлодубу ким билет? Ошол бойдон суйлободу. А мага баары бир. Бет аарчы сунду. Жузумду аарчып, суйлогонго чамам келбей демигип отурдум. Дастан мага кошулуп унчукпады. Бат эле уйго жеттип токтодук. Салондун жарыгын куйгузуп, мени тиктеген Дастан:
-Баары жакшы болот Аида.
Башымды ийкедим.
-Жол кире канча берем?
-Жон эле кой.
-Жакшы калыныз, рахмат.
Артымды карабай подьездге кирип эшиги жабылаар менен тепкичке суйоно ыйлап, жаратканга жалбарып жаттым. Тунку саат эки, карангылыкта бугум чыккыча ыйладым. Жок бугум чыкпады, женилдеген да жокмун. Денемди суйроп уйго баш бактым.
Эшикти ачкан Сабира менин кебетемди коруп селт эте:
-Аидаа, эмне болду? Сага бироо...
-Коркпо, жакшымын. Жон эле апамды сагындым, ыйлап алгам.Аймира келдиби?
-Уухх... журогум оозума тыгылып калды. Аймира келген жок. Журу чай ичесинби?
-Рахмат Сабира. Нурмира чалдыбы тияк-бияка?
-Ооба,чалдык Аймиранын блокнотун таап. Бир классташ кызы коруптур. Достору менен кечээ кечинде бироонун туулган кунуно баратканын. Кичине санаам тынып калды. Башкысы аман эсен экег. Сен да эс алып ал. Тан аткыча кутолу, болбосо эртен менен издейбиз.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 22 Июнь 2018 - 23:22
#204 23 Июнь 2018 - 00:27
-Ало, атооу кандайсынар? Жакшынынарбы?
-Кандай кызым? Суйунчу, жакшы жанылык кыздарым, апабыз экинчи операциядан ийгиликтуу чыгып, козун ачты. Буюрса шанс дагы кобойду.
-Ураа, чын элеби?
Турган ордумда секирип жибердим. Жакшы кабарга башым айлана тушту. Козумдон суйунучтун жашы кулап баштады.
-Чын кызым, буюрса жакшы. Силер кандай?
-Атооуу, бизде баары шугур. Сарсанаа болбогула. Нурмира экообуз иштеп жатабыз, Аймира... тиги ... окууга тапшырып журот. Медер менен Сабира уйдо. Сонун жашап жатабыз. Апам кайда?
-Апанбы? Апан азыр жанымда, алы жок бирок сенин унунду угуп жатат. Суйлой бер.
- Апоооуу, баары жакшы болот. Мен... биз сизди жакшы коробуз.
Жакшы соз, жагымдуу жанылык. Тан эрте айланамды коркко болоп жиберди. Бурколгон асман дароо ачылгандай жашоо бир саамга керемет боло тушту. Денем жагымдуу жымырап, дароо кынылдап ырдап, озумдон-озум бийлеп да алдым))) Атам менен коштошуп, кудундап уйго кирдим. Менден кийин атам Сабирага чалыптыр. Уулу менен суйлошуп жатты ашканада. Кийимимди которуп алып, сыртка чыгаарда Сабира:
- Аида, эгер Аймираны таап калсан, кочодон урушпа. Уйго алып кел. Бирок уйдон да катуу айтпа. Дос, курбу катары суйлошуп, жай тушундур. Андай муноздогу адамдар урушкандан коркпойт, тескеринче кучойт. Жинине тийип койсон, кол которуп жибериши да мумкун. Демек, аларга озгочо мамиле керек. Тушундунбу?
Ангыча конгуроо басылды. Тобоо, эмнени эстесен ошонун кулагы корунот дегендей Аймира кирип келе жатат. Эшиктен киргенде эле ичимдиктин жыты мурдумду жарып кетти. Коздору кызарып шишиген. Жиним келе тушконун Сабира байкады окшойт. Аймира байкатпай мага "Унчукпа! дегендей башын чайкады. Ошондо да жон калбай:
- Ай, кыз барсынбы? Эки кундон бери каякта журосун?
-Эжеке мен... тиги..досторум менен...
Жооп бере албайт. Жетип барып колунан чымчый, булкуп залга киргизип:
-Кебетен кантет? Тур, жуунуп, эс ал. Мен сени менен анан суйлошом.
Сыртымдан жиним келгени менен Аймираны коргон козумо ишенбей, уууххх... аман келди деп терен дем алдым. Женилдей туштум. Бирок чоное элек жатып ичип алганы эмнеси? Тезинен токтотуш керек.
Душка тушуп чыгып, уйкуга кетти Аймира. Ашканада тушко чейин Сабира экообуз тамак жасадык. Томпойгон курсагына карабай мени менен тен жарыша уй жыйнап журду. Не кереги бар жон эле жамандап, биздин тамак ашыбызды, уйду тазалап, кээде кирлерибизден бери жууп коет. Жумуштан чарчап келип, уктап жатсак, Медерге шыбырап суйлоп, аста кыймылдап, биздин эс алуубузга шарт тузот. Анан кантип жаман коросун? Башкасын билбейм, мен ким болсо да сыйга сый менен жооп бергенди ото жакшы оздоштургом.
Телефонума смс келди. Канаттан "Салам, жаным! Бугун 18-00 уйундун жанынан кутом. Кооз кече койнокторундун биринен кийип ал. Коноко барабыз."
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 23 Июнь 2018 - 00:32
#205 23 Июнь 2018 - 01:06
-Сабира билесинби баягы Канатты парктан корсоткон?
-Ии.. эстедим, айта бер.
-Ошол жигит чала берет, жаза берет. Откондо жолугууга макул болуп койгом, бугун кечинде келем деп атат. Болгондо да бир кечеге барабыз дейт го. Отказ кылгандан уялып атам. Уч жолу беп аябай суранган.
-Анан? деди Сабира тан кала.
-Ошол, барып келейинби?
-Мейли, телефонунду алып ал жанына. Чалганда жооп берип тур. Эртерээк келсен болду.
-Ото кечке журбойм. Эртен кайра жумуш. Айтмакчы, Аймираны эч жака чыгарбачы мен келгиче эптеп алаксытып, дагы жоголбосун.
-Ойготпой эле коеюн, уктай берсин.
-Дагы бир маселе, менде кечеге кийип барчу койнок ага кошулуп туфли да жок.
-Подружкаларындан сурап кор да.
-Хе, хеее менде подружка да жок прикинь. Тигине эн жакын подружкам уктап жатат.- Соомойум менен залда оозун ачып уктап жаткан Аймираны корсоттум.
Эмне кылсам? Канатка койногум жок десемби? Элестет, уят эмеспи. Дагы жакшы эскертип койгону. Негедир баргым келбей эле. Бир убакта Сабира:
-Аида, менде кичине акча бар. Атан таштап кеткен. Тороп калсам керек болот деп. Эгер чын эле кечеге барууну каалап жатсан берип турайын. Анын устуно ото чарчап журосун. Бугун жакшы кун болду. Апандан жакшы кабар уктук, Аймира келди. Эс алганга неге болбойт?
-Кызык, атам мага да акча таштап кеткен. Керек болот деп.
Экообуз тен кулуп алдык. Катып койгон акчамды Сабирага бердим. Экообуздун акчабызды кошуп бекитип. Кичине акча алып, дуконго жонодум. Бут кийим жана койнок алганга. Сабиранын укмуш мотивация бергени менин кечеге баргым келтирип, дурботуп жиберди. Балким Канат жакшы жигит, а балкиим менин бактым болуп журбосун? Эмнеси болсо да байкаштырып коройунчу. Баягы эле кара туско жабышып, кара койнок, кара туфли алып жетип келдим. Сабирага жакты менин тандоом. Алтыга жетпей Канат эшиктин алдында турду. Уялынкы тарта мен жолугушууга чыктым биринчи жолу.
#206 23 Июнь 2018 - 02:28
-Аида, чудесно выглядишь, милая.
-Рахмат, кайда барабыз?
-А у меня сегодня День Рождения.
-Койчу ай, анан айтып койбойт белен? Ынгасыз кылбай, белек алып алмакмын.
-Ты сама мне подарок от судьбы.
-Куттуктайм.
-А поцелуйчик? .-Бетин тосо жылмайган Канаттын бетинен ооп алып, озумдон-озум кызарып уялып кеттим. Мунумду байкаган Канат жылмайып алды.
Анча чон эмес ресторандардын бирине токтодук. Машинадан тушуп, катарлаш басып келе жаткан менин колумдан бекем кармап жетелеп алды. Чочуп да кеттим.
Жасалгаланган залдын ичинде достору, аяштары менен чогулуп кутуп жатышыптыр. Кирип барган бизди карап, баардыгы бир ооздон "Сюрприиз" деп жалтырактарды чачышып, алдыбыздан тосуп чыгышып " С днем рождения тебя, с днем рождения тебя, happy Birthday to You, happy Birthday to You.." баары билген салттуу ыр менен дасторконго отурдук. Колумду бекем кармап кое бербеген Канат ызы-чуу тушуп жаткан досторун тынчтандырып, ордунан туруп:
-И таак, дорогие мои. Спасибо за все. Как я обещал, сегодня хочу познакомить Вас, с удивительно - прекрасной. .. вообщем моя Аида. Моя будущая жена, мама моих детей. Друзья я люблю ее.
Баары коштоп кол чаап калышты. Мындайды кутпогом. Чочуп кеткенимди билгизбей жылмайып учураштым. Кече конулдуу уланды. Белектер, каалоо-тилектер экообузго))). Кызыгы баардыгы орус тилдуу экен. Кыргыздар эле, орусча суйлошот. Негедир мен кыргызча суйлогонду жактырам. Ото улутчулмун. Досторунун кобу уй булолуу экен, ошол себептен эрте тарадык. Канаттын бул кылыгына эмне дээримди билбей жолдо келаттым. Ал озунчо эле конулдуу. Туулган кунундо маанайын бузгум келбеди. Уйго жетип, коштошуп кирейин дегенде:
-Аида, Малышка, ты разбудила всё лучшее, сделала меня счастливым, очень счастливым человеком! Я тебя безумно люблю!Ты та девушка, с кем я хочу провести оставшиеся счастливые дни своей жизни!
Кызыктай болуп кеттим. Канаттан негедир корко берем, журогум тынч албайт жанынан. Албетте мындай ширин создорду ар ким эле арнай бербейт. Коштошуп уйго кирдим.
Аймира менен суйлошуум бекер кетти. Кайда, эмне кылып, ким менен жургонун айтпай койду когоруп. Башында урушуп, алдап, эркелетип кордум. Окууга да тапшырбаптыр. Мелтиреп жерди тиктеп отуруп берди. Бул башынан эле ушундай айтканынан кайтпаган кежир. Аны менен алышып жатып уйкуга кеттим.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 23 Июнь 2018 - 02:31
#207 23 Июнь 2018 - 03:33
Канат дагы бир куну жолугушууга чакырды. Бул жолу откондогу кылыгынан ашып ата-энеси менен тааныштырды. Кадимкидей тааныштым. Алардын козунчо унчукпадым. Бирок жолдо келе жатып:
-Канат, эмки жолугушууда Загсга озун кол коюп, мени фата кийгенге эле чакырасын го э?
Мен тамашалаган жокмун, нааразылана суйлоп жатам. Ал болсо озунчо жылмая:
-Жаным, мен жон гана сага мамилем канчалык олуттуу экенин корсотойун деп жатам. Сен мага ишенбей жатпайсынбы.
- Досторун го мейли, ал эми ата-энен сенин мага корсоткон мамилене кандай тиешеси бар? Сен озундун жеке оюнду созсуз башкалардын жардамы аркылуу билдиришин керекпи?- жинденип жаттым. Менин оюумду укпай, озун каалаганын жасап, озгочо ата-энесинин умуту менен ойногонуна. Бул эмне деген эгоизм?
- Аида, озумдун кылган аракетимди четке какканын жалганбы? Я влюблен и теперь что мне делать? Я виноват что ли? -айдап келе жаткан машинасынын тормозун дароо тээп токтото, жинденгени бетине чыга мени тиктеди. Чочуп кеттим. Чаап жиберчудой рулду мыжыга калтырап чыкты. Унумду акырын чыгара:
-Канат прошу тебя успокойся. Айтайын дегеним менин да оз оюм бар го.
Коздору менен тешип жиберчудой тиктеп, ото коркунучтуу кишинин кейпин кийип калды Канат.
-Кана айтчы оз оюнду?-деди кабагын буркой.
Кантип тушундурушту ойлогонго коркконумдан башым иштебей калды. Абайлап суйлрш керектигин дароо тушундум:
-Канат, менин азыр турмушка чыгайын деген оюум жок.
-Аида, а мен сенин колунду сурай элекмин.-созумду боло, тикирейе карап жакындады.
-Канат, жок, жок, тушунбой калдын. Айтайын дегенимди. Кыскасы эмки жолугушууга келе албайм. Кечирип койчу.-башымды жерге сала шылкыйып отурган денем машинанын дароо жургузуп жибергенинен алдынды терезени сузуп алдым. Ылдамдыкты улам жогорулатып, шаарды аралай зуулдап баратты. 100-120-180-200-220.. . Журогум оозума тыгыла, ыйлап жибердим.
-Канат суранам, токтот, машинаны. Кечирип койчу. Озуно кел...
Ылдамдыка кошулуп кыйкырып бара жаттым. Кеч болчу, шаарда машина, эл аз, жолдор бош. Менин созумду укпай шаардын четине бат эте зуулдап жетип, адатынча дароо тормозду тээп токтотту. Дагы бир жолу айнекти сузуп, мурдум канап кетти. Канды коруп чочуп кеттиби айтор озуно келе тушту. Шаркырап агып жаткан мурдумду бет аарчысы менен басып:
-Жаным, кечир. Кечир, жаным.
Кайталай берди. Коркконумдан калтырап, ыйлап озумо келе албай сыртта отурдум. Мурдумдун каны токтогону менен устумдогу кийимим бут булганып, Канат суу жуткузуп жатты.
-Кечир жаным.- мени бекем кучактап, опкулоп баштады. Кучум жетчудой эмес. Унумдун болушунча бакырып жибердим. Чочуп кетти. Кучагынан бошонуп, качып жонодум. Каяка келип калганымды билбейм. Ээн талаа экен. Узака деле чуркабадым. Артымдан жетип келген Канат колумдан кармап токтотуп:
-Качпа, коркпо, мен сага тийбейм. Журу, машинага отур. Жеткирип коеюн.
Кучко салып жетелеп, отургузуп, шаар аралап уйго келдик. Машина токтой электе секирип тушуп, уйго чуркап жонодум. Кеч кирип кеткенге айланада эч ким жоктой. Аркамдан кошо жарыша тушкон Канат эшике жеткирбей колумдан кармап:
-Аида, качпа менден. Суранам качпа. Угуп койчу мени.
-Кое бер, кое бер дейм. Суйлобо, жолобо мага.
Кыйкырып, жулкунуна... Экинчи бош колум менен жаака кантип чаап жибергенимди билбей калдым.
-Эч жака кетпейсин. Аида, отур, тынч отур.Кыйкырба, жап жаагынды.
Ордумдан так которо эшиктин алдындагы скамейкага силкип отургузду. Эки жагымда эч ким жок экенин байкап, амалдуулук кылбасам, алым жетчудой эмес. Унчукпай калдым. Суроолоруна жооп берип, бироо жарым корунсо жардам сураганга даярданып жаттым. Мандайымда тамекисин куйгузуп, тутото жаныма катарлаш келип:
-Аида, биздин таанышканыызга канча болду?
-Бир жыл болоюн деп калды.
-А мен ошол убакыттан бери ушул уйду айланчыктап журом. Акыркы кундору жинди болуп бара жатам. Ар несенин чеги бар. Сени чындап суйдум. Сен жок жашай албайм.
Унчукпай отура берсем болмок. Бирок чыдабай кеттим.
-Канат, сеники суйуу эмес, тушунсон сен эгоист экенсин. Башканын оюу менен эсептешкин келбейт. Кечирип кой, экинчи келбе, келсен милиция чакырам. Айтмакчы мен башканы суйом. Уктунбу?
Ордумдан туруп бурулуп жонодум. Уйго жетип калганга озумо бир ишеним пайда болду. Эшикти ачып кирип калгам аркамдан кошо кирип, подьездин кире беришинен токтотуп, дубалга такай муунтуп кирди:
-Аида, мен сени эч кимге бербейм. Эч качан... экинчи башка бироонду укпайын. Меникисин, жалгыз озумдуку... унутпа.
Аба жетпей, кыйналып бараттым. Жан таттуу экен. Кантип эки бутунун ортосуна тээп жибергенимди билбейм. Бакырып алып, чоголой тушту. Артымды карабай уйго жонодум.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 23 Июнь 2018 - 03:37
#208 23 Июнь 2018 - 03:51
Акырын ашкананын терезесинен шыкааладым. Жок, кетпептир машинасы турат. Тошогумо жатып алып, калтырап уктай албай койдум. Коркуп калдым окшойт. Тан атып будильник чырылдап, жумушка барчу убак келди. Аймираны ойготуп, терезеден эшикти карасам Канаттын машинасы дагы эле кетпей ордунда экен. Демим кысыла коркуп кеттим. Аймираны жумушка жонотуп, администратор эжеден суранып озум калып калдым. Уйкусунан ойгонгон Сабира мени коруп:
-Ай, Аида сага эмне болду?
Тундо ыйлаганга козум ачылбай шишип калыптырмын.
#211 23 Июнь 2018 - 09:19
#212 23 Июнь 2018 - 09:29
#214 23 Июнь 2018 - 12:17
#215 23 Июнь 2018 - 20:07
#217 24 Июнь 2018 - 14:28
#219 24 Июнь 2018 - 17:42
-Аида сага эмне болду? Жашырбай айтчы? Кечээ кечинде Канат эч нерсе кылган жокпу?
Анын мындай кебетесин коруп чындап кабатырланып жатканын байкалды.
-Эч нерсе болгон жок. Баары жайында.
-Койсончу Аида. Анда мобул эмне?
Колундагы кечээки кийип жургон ак футболкам мурдум канаганга кызыл жаян кан болуп калыптыр. Чын эле коргон кишинин журогу тушчудой. Кечээ чечип унутуп койгонумду кара. Сабира эмес озум да чочуп кеттим. Болгон окуяны айтып бердим. Канаттын эшиктин алдында турганын угуп жини келе:
-Коркпо андан, ал кандай неме? Бул бир жинди же наркоман го? Мен азыр аны менен чыгып суйлошойунчу.
Курсагын чендейте сыртка жоноду.
-Сабира жон эле койсончу, ал соз тушунчудой эмес.
-Анын мынтип сени кайтарып эшиктин алдында турганынын озу кооптуу. Сен чыкпай эле кой, озум суйлошом.
Балким кетип калаар деген ой келди. Канаттын жузун коргум келбей турду. Элестетсем эле денем чымырайт.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 24 Июнь 2018 - 17:43
#220 24 Июнь 2018 - 17:48
Fortuna1987 (24 Июнь 2018 - 17:42) жазган:
-Аида сага эмне болду? Жашырбай айтчы? Кечээ кечинде Канат эч нерсе кылган жокпу?
Анын мындай кебетесин коруп чындап кабатырланып жатканын байкалды.
-Эч нерсе болгон жок. Баары жайында.
-Койсончу Аида. Анда мобул эмне?
Колундагы кечээки кийип жургон ак футболкам мурдум канаганга кызыл жаян кан болуп калыптыр. Чын эле коргон кишинин журогу тушчудой. Кечээ чечип унутуп койгонумду кара. Сабира эмес озум да чочуп кеттим. Болгон окуяны айтып бердим. Канаттын эшиктин алдында турганын угуп жини келе:
-Коркпо андан, ал кандай неме? Бул бир жинди же наркоман го? Мен азыр аны менен чыгып суйлошойунчу.
Курсагын чендейте сыртка жоноду.
-Сабира жон эле койсончу, ал соз тушунчудой эмес.
-Анын мынтип сени кайтарып эшиктин алдында турганынын озу кооптуу. Сен чыкпай эле кой, озум суйлошом.
Балким кетип калаар деген ой келди. Канаттын жузун коргум келбей турду. Элестетсем эле денем чымырайт.
Дагы коптон жазыныз ээ? Андып эле отурам качан жазат деп....