Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#262 05 Июль 2018 - 18:49
Автор башка жактарга комент жазганга убакыт таап эле жатпайсызбы! !! Ушул кантип болсун жоопкерчилик деген болуш керек да кичинээээ болсо да!!!
#263 06 Июль 2018 - 01:11
#264 06 Июль 2018 - 06:14
#265 06 Июль 2018 - 12:13
#266 06 Июль 2018 - 12:43
#267 06 Июль 2018 - 15:26
- Жаным синдим менин. Сен акылдуу, менин ишенеээримсин. Сага мындай кылыктар жарашпайт. Мен билем сенде созсуз бир нерсе болуп жатат? Не себептен уйго келбеген адат таптын?
Жерди караган башын буруп, жылмайдым:
-Эмне бироону суйуп калдынбы? Айтчы, жашырып жатасын э?
-Жок, эжеке эч кимди суйбой эле... жон эле досторум менен... мен...мен уйго келгим келбейт.
Жузумдогу жылмаю бир заматта жоголо:
-Неге? дедим.
Аймира ыйлап кирди. Коздорунон ылдый кулаган жашты коруп айламды таба албай калдым.
-Эжеке, мен уйго келгим келбейт. Уйубуз мурдагыдай эмес, апам жок, муздак, атам таштап кеткен бизди... Анысы аз келгенсип Сабираны устубузго кошуп койду. Айылды сагындым. Ал жакта менин досторум, курбуларым, мен баскан жерлер калды. Эми ал жака эч качан барбайбызбы? Мага шаар жаккан жок. Ширенкенин кутусундай тизилген уйдо жашагым келбейт. Шаардык кыздар да жаккан жок. Баары сынап карашат. Ким качан бир нерсе болот деп карап турушат экен. Мени эч ким кошкон жок. Ал эч нерсе эмес окууга отпой калдым. Мен окугум келген окууга кобу ата энелери менен келип тапшырып кетип жатышты. Жашоомдун маанилуу учурунда мен жалгыз журдум, акыры сурулуп чыгып калдым. Азыр акча чечет турбайбы? Менин эмгегимди баалаган эч ким болгон жок. Мейли эмки жылы тапшырам деп озумду жоошутканым менен... эжеке апамды сагындым. Уйго келип апамды кучактагым келгенде ордунда отурган Сабираны коргум келбейт. Мен аны жек кором. Баары мен каалагандай эмес, тажап кеттим... тажадым...
Ыйлап жатты. Созун болбодум. Ичиндеги бугун чыгарып алсын дедим. Ыйлап, суйлоп, боро-шоросу чыга токтоп калды. Козумдон жаш чыга:
-Аймира, билесинби, биз айылда чуркап, чанытып, жыргаап ойноп жургондо, эшиктен бизди апам уйго чакырганда кыйылып аран кирчубуз. Колдорубузду жууп жатып, озубуз каалашыбызча ойносок дегендерибизчи? Эркиндикти самаганбыз. Баарынан кызыгы эртерээк чонойсок дегенибиз эсиндеби? Мына биз чонойгонубуз ушул экен. Жашоодо мындан да чон маселелер болот. Аларды жениш керек, башка жол жок. Ыйлаба, башынды бийик котор. Сен кучтуу кызсын жожом. Неге мынтип бырылдап жатканынды тушунгон жокмун. Буюрса баары жакшы. Апам айыгып келе жатат. Жашоого эч ким оз каалоосу менен келбейт. Демек жаралдынбы жашоого милдеттуусун. Дагы шугур дегин, сокур, дулой, дудук, мунжу же чолок болсон эмне кылмаксын? Алты санындын амандыгын кудайдын ырайымы деп билип, шугур кыла жур. Ал эми Сабираны сен коргун келбесе, ал бизди коргусу келип, суйуп жатат дейсинби? Айылды сагынсан барасын. Билсен канчалаган адамдар мекенинен алыс журот, ал эми канчасы эркиндикти самашат. Экинчи болбогон маселе шолоктогонунду корбойун. Тур, бетинди жууп, акылынды жыйна. Эми бир жолу уйго келбей калчу болсон, таарынбы. Мен сени менен башкача суйлошом. Уктунбу? Жанынды чыгарып коем. Сен али чоное элексин. Ушинтип жургонунду апам укса эмне болот? Башын иштейби? Акылындын жеткени ушулбу? Же ушинтип уйго тунобой кочодо тентип журо берсен маселе озунон озу чечилип калмак беле? Ой, сен же жанагы кинодогу айласын таппай калган каармандарды туурап жатасынбы?
Башында алдап, эркелетип баштаган созум акырында урушка айланып кетти. Эшиктен Сабира менен Нурмира кирип келбегенде дагы канча суйломокмун ким билет. Озумо байкалбаганы менен калчылдап жатыптырмын. Ашканага муздак суу ичип отуруп, ата-эне болуу оной эмес экенин тушунуп да кеттим.Кызык, менин ордумда апам болгондо кантип суйлошмок? Туура эле создорду айттымбы? Тушунуп турам, бул абалды ар ким ар кандай кабыл алат. Аймира сыртынан тайманбаган, кок бет, айтканын бербеген кыз корунгону менен жан дуйносу ото назык, тез жабыркап, ишенчээк окшойт.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 06 Июль 2018 - 15:36
#268 06 Июль 2018 - 16:06
#269 06 Июль 2018 - 16:08
Аймираны урушуп койгонго мени коркутуп журот. Суйлобойт. Мындай кок беттиги жакшылыка алып барбашын эскерткениме болбойт. Жумуштан да чыгып кетти. Кечке уйдо жатат. Анысы аз келгенсип Сабиранын жанын койбойт. Айтышат. Сабира сабырдуулука салганы менен кээде чыдабай кеткенин коруп атам. Эки жаат боло урушуп кетпесек экен.
Канат... Канат. Жумушумдун алдына келген адат таап алды. Сабира эмне дегенин билбейм, аны менен суйлошкондон бери уй жака келбейт. Анын машинасын алыстан тааныйм. Короорум менен ресторандын арткы эшиги менен чыкчу болдум. Элендеп коркуп, тез баса узап кетем. Ресторандын ичине кирип мени кылгыра тиктеп турган коргондо, денем муздап, аба жетпей кетет. Жанына жоломок турсун, карабаганга аракет кылам. Бир куну машинасы эшиктин алдында турганын кордум. Жумуш убактым бутоору менен арткы эшиктен чыгып уйго жонодум. Жаны эле жолго чыгып бурула бергенде "шап" эттире билегимден кармаган Канатты коруп чочуп кеттим. Кыйкырган оозумду колу менен жаап:
-"Чушшш..." журу суйлошолучу, коркпо.
-Кое, бер мени, отурбайм машинана, суйлошпойм сени менен, жайыма койчу.
Жулкунган жаныма коебу? Кучтуу экен. Жетелеп отуруп жолдун жээгиндеги скамейкага отургузду. Эки колумду бекем кармап:
-Аида успокойся... хочу просто поговорить. .
-Айта бер.-Жеп жиберчудой тиктедим.
-Коздор, коздорундон сенин. Жаман коруп карасан да жагат. Тынч, болду.
Колумду аста бошотту. Билегиме манжаларынын издери тушуп калыптыр.
-Айтчы айтаарынды, суранам жайыма койчу.
Козун албай тиктегенинен каректеримди ала качтым. Жайылып турган чачымдан сылап:
-Жаным менин, коркогум.
Колун силке ордумдан тура качып жонодум. Кучумдун болушунча чуркап, бир далай алыстап кеткендей болгом. Артымдан унунун болушунча каткыра, эки аттап жетип, колумдан тарта, булкуп кучактап алып:
-Ой, боорум ай. Каяка качып?
-Кое бер дейм Канат.
-Жок, кое бербейм. Эч жака кетпейсин.
Тырмышканымдан майнап чыкчудай эмес. Мышык чычкан менен ойногондой эле болуп жаттык. Акыры бекем кучактап жаткан колунан тиштеп алдым. Чочуп кетти окшойт, бошотуп жиберди.
#272 06 Июль 2018 - 16:53
-Аида, кечирип койчу. Мен кечирим сурайын деп келгем. Баарын тушундуруп берем, угуп койчу.
Артымдан калчудай эмес. Акыры токтоп:
-Канат, мага колунду тийгизбечи, нерв болуп кетип атам. Мейли, айта турганынды айт. Журу адамча бир жерге отуралы. Кубалашпай.
Ээрчишип жолдун жолдун жээгиндеги бактын астына отурдук. Устундогу курмосун чечип астыбызга салды. Отурбайм дегениме болбой отургузуп койду. Суйлой бер дегендей унчуккан жокмун.
-Аида, мен сага откондогу ишти тушундуруп бергим келет. Туура эмес кылып алдым. Сен эн алгачкы жолу жумушка келгенде коздорундон бир башкача каректерди кордум. Ото ойлуу, мундуу балким суз каректер. Менин каректериме окшош. Карагым эле берди, озгочо мелтиреп бир жерди тиктегенинде. Коздорундун отунун очконуно аз убакыт болгону билинип турса да, негедир табышмактуу. Ал табышмактын жообун издегим келди. Неге билбейм. Озун менен озун журо бересин, ашыкча суйлобойсун. Кээде жанында суйлоп жаткан адамды укпай коесун. Бир куну апан ооруп жатканын айтып суранып кеттин. Ошондо баарын тушундум. Колуна айлыгынды ала шашып кетип бара жаткан сени карап суктандым, аядым жана ошол учурдагыдай сени мендей эч ким тушуно албайт. Анткени экообуздун тагдырыбыз окшоштугунда. Балким ушул окшоштукка байландым. Качандыр бир кезде, ой, жетимиш жыл отуп кеткендей айттым го, мындан беш жыл мурун очкон жалынды кайра куйгуздун. Себеби, мен учун айтып берип эмес, элестетуу абдан оор.
Коздорун эми карадым. Откон элестери менен алышып жаткандай Канат.
-Мен мектепти ото жакшы аяктадым. Студентмин. Эч нерсе менен ишим жок жыргал кез. Анан бир куну суйуп калдым. Бир кызды. Клубдан таанышканбыз. Сулуу кыз. Жолуктук. Жакшы кундорду откоруп журдук. Мен ото ишенчээкмин жана ар бир ишке жан дуйном менен берилип алам. Тиги кызды олуп калчудай суйдум. Ал убакта сырткы келбетке эле карачумун. Окуумду бутпой жатып уйлонсомбу деген ой келди. Апама айтсам "суйлошкон кызын менен тааныштыр" деди. Апамдын журогу ооруйт. Атам уйдо коп болбойт. Иши коп болчу. Тиги кызды апам менен тааныштырганга уйго алып келдим. Атам жок экен. Апам балпандап суйунуп, дастаркон жайып жатып эле кулап калды. Тез жардам чакырып, атама чалып, тиги кызды уйдо болуп туруусун суранып, апамды ооруканага алып жонодум. Ал кыз уйдо калды. Ооруканадан апам бат эле козун ачты. Дарыгерлер жакшы экенин айтышканда, уйго жонодум. Уйго келсем атам келип калыптыр. Тиги кыз менен чай ичип отуруптур. Экоону тааныштырдым.
Уну кырылдап, кабагын сала кок чопту мыжыга отуруп калды.
-Кыскасы, суйлошкон кызым озгоруп баштады. Чонтогунон акча узулбойт, менден алыстап, качат. Мен да калбай журуп бир куну тиги кыз менен атамды... мейманканадан таптым.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 06 Июль 2018 - 16:54
#273 06 Июль 2018 - 17:06
Бекем кучактап, бетимден ооп, таксиге салып жиберди. Айланайыыыыын, кыска метраждуу фильм коргондой, оозум ачыла уйго келдим. Менин проблемам малина сыяктуу го... Ушундай да болобу? Прям мексиканский сериал озунчо эле. Ишенбей да кетип жаттым. Бирок Канаттын айтып берип жаткандагы кейпин коруп, кайра чочуп кетем.Атасы даана го, вообще го, кудайым ай.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 06 Июль 2018 - 17:22
#274 06 Июль 2018 - 19:03
Эч ишене албай, башымды чайкап уйго келдим. Сабира менен Аймира дагы чатакташкан окшойт. Чынында кимисине болушаарымды билбейм. Сабира ыйлаган окшойт, коздору шишип калыптыр. Дароо байкадым. Ашканада макарон бышырып жатыптыр.
-Не болду Сабира? Аймира кайда?
-Сейилдеп кетти. Озун кандай?
-Кундогудой, чарчадым. Не ыйладынбы?
-Жок, не болду?
Коздорун жакын келип карадым. Башкача.
-Сабира, доктурга барчы, че та шишип жатасын. Эч нерсе болбой элесинби?
-Биринчи куну барсамбы дегем.
-Кой ай, кундон кунго шишип эле баратасын. Мурда ушундай болду беле?
-Эч нерсе болбойт, кун ысыка суу ичип коюп жатам.
-Жок, Сабира сен барышын керек.
#275 06 Июль 2018 - 19:18
-Аида чыксан, тез жардам чакырбасан болбой калды окшойт.
Чала чайканып, атып чыктым. Ичин колу менен кармап, Сабира он алакеттен кетип калыптыр.
-Не болду Сабира?
-Ичим ооруп, суу кете баштады.
Тез жардам чакырдык. Куттуруп жарым сааттан отуп келди. Эртерээк келуусун отунсом диспетчер аял кайра айкырып бетимден алды. Тез жардамдагы доктур Сабиранын давлениесин олчоп, документтерин карап башын чайкап алды.
-Эмне болду? деген мага карап:
-Очень опасный момент. Ровно 8 месяцев. Ары же бери эмес.
Эч нерсе тушунгон жокмун. Сабиранын колун кармап, чачын сылап.... коркуп кеттим. Ооо... кудай хотя бы толгоону эркектерге берсе эмне болмок?
Медерди Нурмирага тапшырып, эшикти эч кимге ачпагыла деп, Сабира менен торотканага жонодук.
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 06 Июль 2018 - 19:19
#280 06 Июль 2018 - 20:56
-Айланайын эжеке, суранам. Эми эмне болот?
Ущул суроону кайра-кайра кайталай бердим. Эрдин кырча тиштеген Сабиранын козунон жашы сызылып агып жатты. Бышылдап уйлоп, кайра демин чыгарган танометр Сабиранын давлениесин улам жогорулап жатканын корсотуп жатты. Врач "бойрогу, бойрогу..." суйлонуп, айдоочуга бир нерсе деди эле, жолду жанырта сиренасын иштетип, ооруканага учуп бараткандай болдук. Тез эле жеттик. Эшиктин алдынан тосуп чыккан ак халатчандарга Сабираны откоруп берди. Жанынан калбай кошо бара жаткан менин колумду бекем кармап Сабира:
-Аида, суранам уулумду кара, сага тапшырам уулум... бир тууганына кошуп алгыла...улум Эрмек... Аида атана айт..суранам. ..
Ошол бойдон операция болумуно кирип кетти. Эшиктин оозунда ыйлап кала бердим. Ангыча мед. айым чуркап келип:
-Сабира Шаршекееванын жакындары ким?
-Мен..мен..мен. -Чуркап жеткен мени карап:
-Сизден башка эч ким жокпу?-деди тан кала.
-Ал менин... менин экинчи апам, атам чет жерде.-Эмне деп жооп беришти билбей калдым.
Ак барактарга кол койдуруп жатып, Сабиранын ата-энесин, бир туугандарын чакыруумду эскертти. Колумдагы Сабиранын телефонунан апасына чалып, болгон окуяны айтып, чакырдым.
Санаам санга болунуп, кудайдан тиленип жаттым. Аман эсен тороп алса экен. Шолоктоп ыйлап да алдым.
Арадан бир саатчалык убакыт отпой башкы дарыгер сыртка чыгып:
-Сабиранын башка жакындары жокпу?-деди кабагын чытый.
-Келе жатышат жолдо.
- Келгенде мага киришсин.- Маанайы жок терс бурулду. Артынан чуркап жетип, уйдон ала чыккан акчамдан беш мин сомду чонтогуно салдым:
-Эжеке суранам, колунуздан келишинче аракет кылыныз.
Чонтогунон акчамды кыса,кайра озумдун колума карматып, башын чайкай:
-Кайрат кыл, колубуздан келгенди кылдык. Жакындарын эртерээк чакырткыла эми. Баланар аман, аппаратка салып кетишти.
-Эжеее, эмнеее? Кайрат кыл?! Сабирааа....мумкун эмес!!!
Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 06 Июль 2018 - 21:04