Билдирүүнү түзөткөн: karakyz23: 25 Август 2018 - 23:32
Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#521 25 Август 2018 - 23:30
Айрыкча ушул нерсени шаарга келгенде же шаарда жургондо коп ойлоном.Копчулук улуу муундагы адамдар айтат:"азыркыларда ыйман жок ыймандуулук дегенди билишпейт"
-деп.Ооба бирок оздору атабыздай болгон жадагалса атабыздан улуу кишилер ушундай жаман ишке опузалашат,
туртку болушат.Анан айтышат уялбай жаштарда ыйман жок деп.Туура жол корсотуунун ордуна.Кээде кыжырды келтирип тийишишет.Анан ким куноолу?Баягы эле алсыз аял.
#525 26 Август 2018 - 11:39
Ииий, эсен-аман чыгып алсаныз экен ошол жерден, ошол зоокурго кор болбой))
#526 26 Август 2018 - 13:00
Эшиктен тыншасам дабышы угулбайт. Менин атам менен суйлошконумду даана эле укту. Не болсо да бул жерден чыгып кетишим керек.
Кызык, кантип Аймиранын темир тор артына тушуп калганын ошол учурда атама айтпай бутуруп коюуну чечкенибизге азыр такыр тушунбой кетем. Мейли мен жаш экенмин ал эми атамдын бир туугандары эмнени ойлоду? Балким берген акчаларына ишенип отурушкан чыгаар. Эми мынтип бул чендейген кишинин кылганын карабайсынарбы? Откондо Канаттан коргондорум аз беле? Ал ортодо ыйлагандан кызарып калган коздорумду кузгудон карап, озумду аяп кеттим. Неге? Эркектин баары эле ушундайбы? Кары-жашы дебей жакшынакай кыз корсо эле алды-артын карабай, коздорун туман баса бир максатты коздоп калган.
Жарым саатай убакыт отту. негедир тиги кишиден дайын жок. Эшикти ачкандан коркуп турдум. Чыксам эле башка бир чаап баса калчудай болуп. Телефон чалып кимди жардамга чакырсам? Шашканда оюума эч ким келбей калды. Эки жакты карап, душтун краниктеги темирин чыгырып колума кармап, акырын эшикти ачтым. Негедир эч ким корунбойт. Бир болмолуу мейманкана болчу. Эшик ачык турат. Шашыла сыртка чыгып, артымды карабай уйго жонодум. Бул жолу эмес, кудайым мени экинчи жолу чон сактады.
Уйдо Нурмира менен Медер калган. Кеч келген мени кутуп элейип отурушуптур. Алдыма отургузуп, Медерди бекем кучактап, тамагын берип, жуунтуп уктатттым.
Телевизорду ойлуу тиктеп отурдум. Чет олкодо бизге окшоп ата энеси жок, торт жашар баланы карап жаткандарды Мамлекеттен козомолдоп турганын корчу элем. Тобоо, бизге конул болгон эч ким жок. Ал эми бизге окшогондор канча?
Эртеси жумушка жонодум. Денем оорлошот. Айла жок иштешим керек. Антпесе ачка алабыз. Маршруткада бара жатып озумчо ойлонуп коем. Мени менен тен кыздар, классташ, группалаштарым жыргап эле журушот. Жалгыз проблемалары окуу. Сабактан кийин парк аралап, ар кандай ийримдерге катышып, каалаганындай эс алып жаштыгын откоруушудо. Неге мен мынчалык кыйынчылыкта жашап калгам? Мен го мейли, ал эми ку ара тушко чейин уйдо жалгыз калган Медерди ойлосом журогум ачышып кетет. Мейличи, айтып коюшат го "Кудай жакшы коргон адамын турдуучо сыйнайт." деп. Бул сыноолорду да женем.
Жумуш. Тикеден тик тура, кечке басам. Кардарларды тейлейм. Кыргыздар кафеге келип тамаканса эле официантты озгочо басмырлаганды жактырышат. Тим эле кыйынсынып алгандарычы ар кандай каприздерин коргозушуп. Ал эми кээ бир кардарлардын бир аз таштап кеткен чайлыктары кадимкидей дем берет. Кечкисин банкет. Ушундай кундор. Тапканым кварплата менен жегенибизге жеткенине шугур.
Эртеси кечке маал уйго атам айткандай адвокат киши келди.Жашы атам курактуу. Токтоо, аста суйлогон киши экен. Атамды коргондой суйундум. Алдын ала даярдап койгон дасторконго чай бердим. Менден болгон маалыматты алып, Аймирага жолукканга бардык. Мени киризген жок, ал эми адвокат жолугуп чыкты. Сот болооруна беш кун калган. адвокат керектуу документтерди топтоп журду окшойт. Ошол бойдон корбодум. Атам чалып баардыгы жакшы экенин айтты. Сот куну да келди.
Сот залындагы темир тор артына Аймираны алып келишити. Кадимкидей онунон азып жудоп, арыктап кетиптир. Биздин адвокат ишенимдуу отурду. Прокурор жана Даткайым жана кыйын болуп жаткан атасы да келди. Ангыча адвокат жаныма келе "Кызым,кабатыр болбо, баары жакшы, буюрса." деп озунун ордуна жоноду.
Сот сураштырып отурду. Ангыча биздин адвокат Даткайымдын 17 жашка толгонун жана мыйзамдуу турдо мамлекеттик паспорттун ээси экенин айтып, тосмо арызды Даткайымдын озунон алгандыгы жана Аймирага кечирим бергендиги тууралуу документти сотко тапшырды. Бул маалыматты Даткайым озу да тастыктады. Коп отпой Аймира соттун чечими менен залдан бошотулду. Башым токтоп калды. Чын элеби? Ооба, чын. Аймира эми эркин. Айланамды карасам Даткайымдын атасы корунбойт, чыгып кетитир уятсыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 26 Август 2018 - 13:04
#528 26 Август 2018 - 14:41
Монолог темасына жазган элениз. Сага баратам уулум деп. Эмне болду кийин азыр кош бойлуусузбу.
Болсо эсен аман кутулуп алың.
#536 29 Август 2018 - 00:16
Соттун чечиминен кийин Даткайымдын атасынын козуно бир тике карап жылмайгым келди эле. Биз менен кошо барган туугандар чогулуп баарыбыз уйго келдик. Колуна соттун чечими чыккан алакандай кагазды кармап, босогодон башына суу тегеретип киргиздик. Онунон азып, ото жудоп калган Аймирага бир сыйра таалим-тарбия ирээтинде кеп-кенештерин айтып, уйлоруно таркап кетишти. Атам бир айдан кийин келип калышаарын айтып суйунчулой,
телефондон суйлоштук.
Кундор отуп жатты. Куз да аяктап баратат. Нурмира мектепке жонойт. Аймира Медер менен уйдо. А мен жумушка. Шаарды сары жалбырак каптап, кун бир топ эле сууп калды. Мына, борборго келгениме эки жылды артта калды. Мен озгордум. Жашоо мени тап-такыр таанылгыс кылып озгортту окшойт. Ооба, менин турмушка болгон коз карашым жуз пайыз озгорду. Баягыдай кок бет, бетке чабаар, тыкылдаган, чыдамы жок, эч нерседен корпогон, баарын озу билгендей кылган Аида бир заматта ото токтоо, сабырдуу, жана ото коркок кызга айланды. Апамдын дарты бир мокотсо, Сабиранын бизди отуп кеткени ойлонтту, Аймираны кырсык басып сестентти, окуумду таштаганымчы? Мектептеги президент, биринчи класстан бери бир торту жок окуганым эки жылда бычырады,мейли отот дегеним менен алдыдагы атамдын белчесинен баткан карызы кантип тынч уктатат? Ал эми Медерим жалгыз гана жашоодогу жарыгым. Баары артта калды деп терен ушкуруно кадам таштаганым менен жашоо мени али алдыда дагы каалашынча ийип, чоюп, жонгону жаткан тура.
Куздун акыркы кундору ото суук болду. Ишенесиздерби кийээрге кийимим жок. Эптеп арткан тыйындарга Нурмирага алып берем. Ал эми мектепке барат эмеспи. Атам келгиче чыдайын деп журо бердим. Бирок бир куну дене табым которулуп, ордумдан тура албай калдым. Дагы жакшы жумуштагы администратор эже абдан тушунуктуу. Беш кунго кое берди. Дары деле ичкен жокмун, алганга акча жок. Сутко пиязды кайнатып ичип, малинанын вареньеси менен чай ичип уйдо жаттым. Уйдо бош жатсан ар кандай ой келе берет экен. Аймира менен Медер кечке маал сейилдеп келууго кетишти. Уктап кетиптирмин. Тушумдо апам мандайымдан сылап, мени тизесине жаткыра отуруптур. Мен ага жооп кылып жылмайып коем. Ойгонсом денемди бут тер басып, кадимкидей суу болуп калыптырмын. Бурчта сабак окуп жаткан Нурмирага Аймира менен Медерди эшиктен уйго кируусун айттырдым. Алсыз жаткан жаныма келген Медер эшиктен ушуп калган колдорун чекеме коюп "Апа" дегенинен чочуп кеттим. А Медер кайра-кайра кайталайт. Журогум тилине козумон жаш да чыгып кетти. Кантип айтпа дейсин? Жаныма отура "апалап" кайталай берди. Кечки тамак ичип жатканбыз. Саат тогуздар чамасы эле. Ангыча эшиктин конгуроосу басылды. Баарыбыз чочуп кеттик. Тун жарымында эмес, кундуз бизди эч ким издеп келчу эмес. Журогум оозума тыгыла, ордумдан турайын десем башым айланып кетти. Тумоолоп калганга алым жок. Жерге тизелеп отуруп калган мени Нурмира таяп, Аймира глазоктон шыкаалаганга кетти. Ал эми эн эле журоктуубуз да. Бутунун учу менен акырын басып барып, глазокту шыкаалап туруп унунун болушунча бакырып жиберди. Артынан топурап чыга калган бизге да конул бурбай, эшикти ачууга камдана далбастайт. Коргон козумо ишенбей мен да бакырып жибере жаздадым. Эшиктин алдында коздоруно жаш ала турган атам менен апам экен. Ооо... кудай ушул кун да келет экен э? Жол талаша баарыбыз топурап кучкташып бутпойбуз босогодо. Ону куп-куу боло арыктап, соогу калган, дары жыттанган апакем. Барбандаган атакем. Бизге кошула апалап чуркаган Медер ого бетер муун жунубузду бошотту. Байкушум озунун апасын деле жакшы элестете албай калыптыр. Апакем Медерди которууго алы жок экен атам которуп, апам опкулоп, баарыбыз уйго кирдик.
Бактылуу жашоо жок, бирок бактылуу муноттор бар экен. Жылдап кыйналганынды кундук кубаныч жууп кетет тура.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 29 Август 2018 - 00:25
#538 29 Август 2018 - 01:19
Урааааа,сабырдын түбү сары алтын деген ушул да
Дайыма жакшы нерселерди гана ойлонуу......