Убакыт отпойт. Эртеси тан атпай ойгонуп телефонумду тиктейм. Туш болду, кеч болду чалган жок. Шаабайым сууп, маанайым чого уйго келдим. Бугун Медердин туулган куну экенин да унутуп коюптурмун.
Уйдогулор шандуу белгилеп жатышат. А мен ойлуу отурам. Дастанга баары бир эмеспи. Ал мени ойлоп да койгон жок. А мен эмне болуп жатам? Озумду колго алсам да болбоду. Ал кун ошентип кутуу менен аяктады. Журогум сыгылып, ичимден эзилем. Эртеси озум чалдым. Мен жинди болуп калдым. Баягы намыской сапатым сыйпалагандай жок. Суйуу мени акылдан адаштырбаса болду. Бул эмне деген шумдук? Дастандын унун угуп, ден дароо болуп эмне дешти билбейм. Жумуш сурадым.
-Дастан байке кечээ чалам дединиз эле го?
-Аида, мен бош эмесмин. Сен бош болсон эртен туштон кийин кабинетиме келчи, ошол жерден суйлошолу.
"Макул"
деп коштошкуча болбой очуруп салды. Эгер Дастанга сезимдерим болбосо, чалмак турсун, коргон жерден учурашпайт да болчумун. Жашоо бумеранг дешет, Канатка кылган мамилемдин жообун алып жатамбы? Аида, эсине кел, сага суйууну ким коюптур? Иште, сен али атана уй салышып, жардамын керек. Он уулга тете кыз болом дебедин беле? Докажи. Иште, ооба, мен иш издеп Дастанга чалып атпаймбы. Иштейин деп атам, ойноп чалган жокмун. Мына сага парадокс. Эртен кайсы кийимимди кийип, чачымды кандай жасап барсам экен? Аймиранын жаны койногу менен курткасын сурайын, чачымды байлап де жайып... уфф... мен Дастанга эмес, жумушка барам. Суйгонго шарт жок. Ал эми бир аз боюнуп алайын.... Дастанга барам... ой жумушка... Мээм чаташып, башым айланып калды. "Иши кылып, жумушкабы же Дастангабы,
кыскасы барам." деп чечтим.
Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#747 04 October 2018 - 18:56
Андайлар боор оорусан боорго тебет. Жолобой эле койгон жакшы.
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
#748 04 October 2018 - 20:58
#749 04 October 2018 - 22:21
Сүйүү адамды акылдан азгырат дегенгн мен дагы ишенгендеймин,
балалык сезимдерим эсиме түшүп кетти)) мен дагы сизге окшоп чалып алып ало деген үнүн гана укчумун.ошого дагы сүйүнүп
#750 05 October 2018 - 03:27
журогум эзилип кетти го окуп алып....Дастандын кылган мамилесин элестетип алып..
)
#751 05 October 2018 - 20:03
даа эн сонун жазып жатат. Убактым аз сайтка киргенге бирок ушул ؛жыртык журок؛ учун кирип карайм созсуз кундо.
#757 06 October 2018 - 15:19
Мен коруп билгендердин кобунун арасында, жалгыздыктан тажаппы же озгочо сезимдерге чулганууну эн соонун себеби чыгаар айтор суйууну куткондорду,
издегендерди анысы аз келегенсип ошол суйууну, ыйык сезимди кол менен жасап алуу максатында канчалаган аракеттердин устундо жургондорду коруп эле журом. А бул жолу мага ошол коптор куткон ыйык махабат сезими кутпогон жолдон, каалабаган жерден чап кармады. Мага ушул керек беле? Ооба, ал баарыбир келмек. Бирок мага ушул абалымда сезим сересинде гулдомок турсун, суйролуп уй булобуздун донгологу бошоп, кыйшаландап жашоонун ойдо-ылдый жолунда чачырап кетчудой кыйчылдаган тагдырдын арабасынынын устуно апамды жана бир туугандарыбызды салып алып, алдынан атам тартса, артынан мен туртуп элдин эн артында "Кудайлап"
кетип бара жатканда, тайгак жолдон мени алаксыткан суйууну мен коруп жаттым.Эгер ушул ары жок суйуу болбогондо балким максатыма туз карап, башкача болмок? Ким билет? Кандай болгон кундо да , мандайга жазганын короруубузго ишенип тим болом. Кээде мудурулуп, таштак жолго тайгаланып жыгылганда,
сыйрылган тиземди кучактап, канап жаткан жеримди колум менен басып,алып учкан журогумду демим менен басып, алдыга кадам таштаганды уйрондум.
Ошол куну биринчи жолу озумду кузгудон кунт коюп карадым. Коздорум... эн эле биринчи коздорумо тигилдим. Жаш болсом да, ойноок коздор эмес, бир нерседен коркуп же умуту очкон сыяктуу каректер. Хмм... мектепте окуп жургондогу ишенимдуу тигилген коз карашым эки жылда озгоруптур. Оруп жургон чачымды жайып озгочо сулуу болгум келди))) Аймиранын жаны алган кийимдерин кийип алдым. Эшикке чыксам кар жай гана себелеп жатыптыр. Кокурогумдо белгисиз сезим жыбырайт. Терен дем ала бул сезимди тушунбой ресторанга келдим. Коллектив жакшы тосуп алды. Дастан жок экен, "Мейли жок болсо кайра жакшы, жон эле шылтоо кылып, аны коруу учун келдин Аида. Ал жокто деле жумуш таап эле журбодун беле? Сага жумуштан да Дастан маанилуу болуп ушул жерде отурасын. Кет, кетип кал. Азыр сага суйуу маанилуу эмес. Унутасын. Алаксыба. Ал сени карабайт, Аида сен Дастандын тени эмессин. Ай, байкушум ай... журогун декилдеп жатабы? Тушуном, эгер бул журогуно баш ийсен кийин.... ото кеч болуп калат. Акылына баш ий, суйуу- ото коркунучтуу, баарына эле балын таткыза бербейт, уусу да болот." деп жатты акылым. Жарым сааттан ашык отурдум. Акыры келгениме окунуп ордумдан туруп сыртка жонодум. Болду келбейм, мен кучтуумун, баары алдыда, менин максатым атам, апам, бир туугандарым. Алардын келечеги жашоосу...
- Аида!-Сыртка чыгып кетууго эки кадам калган. Дастандын унунон чочуп кеттим. Бут денем жымырап, калтырайм. Артымды карабай кадамымды улап кете берууну каалаганым менен эркимден сырткары бир куч мени бурду. Мандайымда жылмайган Дастанды карап "Мынча суйкумдуу, жагымдуу болбосон кана?" дедим ичимден.

Супер-Инфо
super.kg
видео