Урматтуу форумчулар саламатсыздарбы?
Мен бул журок сырынын коптогон темаларын окуп чыгып озумдун дагы жашоом тураалуу жазгым келди. Озум жалгыз кызмын менден кийин бир иним бар.Ата энем биз кичине кезибизде эле ажырашып кетишкен.Бизди апакем эч нерседен кем кылбай чонойтту.Турмуш шартыбызга байланыштуу мен мектепти 6классымда башка мектептен уланттым.Башка мектеп,башка чойро башында анча коно албай журдум.Мактаныш эмес бирок эн алдынкы окуучулардан элем.Бул мектепте да алдыма эч кимди салган жокмун.Ушул мектепке келгенден эле негедир бир классташымды озумчо эле жактырып калдым.Ошентип окуп калдым.жылдар отуп 9-класс болгонумда негедир классташтарымдан мага ашык болгондор кобойо баштады.Бирок эч кимге маани бербедим себеби башкасын жактырам,ал да мени жактырышын билем бирок мага эч кандай соз айтпайт.Озум анча деле сулуу эмесмин,же мектеп куракта ким жакшы окуса эле ошого ашык боло беришет окшойт. Ошентип окуучулук кундордун эн соонун мезгилдерин откоруп журдук.11-класста окуп жургонубуздо мен жактырган адамымдан "мен сени жакшы кором"деген деген созду уктум.Эсимде бир классташыбыздын туулган куну болчу.Ошентип суйуу романы башталды.Кандай деген соонун кундорду откордук.Бул суйуу дегенибиз айтканга оной болгону менен ошол сезимди сезип жашап жаткан адамга эн эле башкача болот экен.Же тамак отпойт же окууга конул жок.Ошентсе да мектепти жалан беш деген кызыл менен буттум.Эми башкы максат жогорку окууга тапшыруу эле.Ошол мезгилде акчан болсо гана окуп акчан жок болсо окуй албайт элен.Озубуздун эле шаарчадагы универге тапшырдым.Классташ кыздарыбыздын копчулугу биздин суйуубузду короалбайт болчу.Себеби алар деле жактырышат менин суйгон адамымды.Ал индиялык актёр Абхишек Баччан дегенге аябай эле окшош эле.Ошентип универде 3ай окудум бирок эч коно албадым жаны чойрого.3айдан сон эл катары мен дагы Россиянын шаарларынын бириге тааныштар аркылуу жонодум.Ошондо азыркыдай телефон деген жок.Абхишек мененда коштошпой жоноп калдым.Мен аны ушинтип атап турайын.Апам аны менен болгон мамилеме каршы болчу.Анын ата энеси бир туугандары баары билчу биздин мамилени айрыкча женеси менен мен жакшы суйлошчубуз.
Россия десе эле эленип жоноп алыпмын башкача ойлоп.Апам болсо бир торпогубузду сатып кийим кече кылып жол кире берип жонотту.Ошол кезде билсем кана менин тагдырым канчалык озгороорун.
Жашоом мени канчалаган сыноолорго бай ботон жерге айдап келди.келип эле ишкекирдим пекарныйда печенье жасап иштеп журдум баарыбыз бойдок кыздар ойноп ойунга иштеп ишке тойбойбуз.Тункусун иштейбиз кундузу тушко чейин шаар кыдырабыз.Кыздар сурап калышат ай сенин жигитин барбы деп ооба айылда десем кулушот каткырышып,
канча бала менен сулошконсун десе бироо эле дейм алар дагы каткырышат лохсунго деп.Алардын баарында ошол жакта жигиттери бар эле.кыздардын кобу Озгондон бодюлушат кыйын кыздар.ошол кезде эми телефон деген балээ жайылып баарынын колунда телефон.Менда телефондуу болгонмун.Айылдаштардан сураштырып журуп классташтарымдын кээсинин номерлерин таптым албетте Абхишектин дагы.ушуга чейин эч байланыш болбогон эле кудундап сагынып зв кылдым копто барып алды тойбу майрамбы билбейм ызы чуу угулуп турду.Суйлоштук бирок ар дайым бири бирибизден сурдоп турчу элек созубузду дагы унутуп.мектепте бири бирибизге козубузго карай албайт элек.ошондо биринчи жолу уруштук неге экени эсимде жок урушуп ыйлаганмын.
ошондон кийин шайыр жургон мен тунт болуп кеттим.Аны ойлобон кунум эстебеген тунум жок эле.кундо ыйлайм.Эч бир бала менен таанышпадым журогум жалгыз ал учун соккондой.эч ким корунбойт козумо.Ошондой кундордун биринде бир классташ кызым звандап калды.суйлошуп создун нугу Абхишкекке бурулду.сен эле ошону суйуп журо бер ал деген азыр канчалаган кыздардын башын айлантып журот деген создорду айтты.Мен учун жашоо токтогондой эле болду.канча кундорду ый менен откордум.Ошентип эми менда балдар менен таанышам деген ой келди сразы эле бирге жашаган кыздан балдардын номери болсо берчи таанышам зериктим деп койдум ал дагы заматта бир баланын номерин бере салды аты Бекзат бир фирмада бригадир болуп иштейт деди.Койчу бригадир болсо чон эле кишиго десем жок жаш эле деп койду.Озумчо жинди экем бригадирлер чоон кишилер деп ойлоп журупмун.Корсо менин тагдырыма ошол кыщ себепчи болуп,жашоом Бекзатка ошондо эле байланыптыр.
Званок кылсам агасы алды окшойт "аа азыр берем" деп эле Бекзатка берди.Тааныштык.
Бир заматта эле эски тааныштардай боло калдык.Абдан созго чебер бала экен.Эртеси эле мени коргону келе калды.Кордум семиз бою орто башы бир аз чонураактай корунду мага,эч жакпады.Маназинден шокалад алып берип жумушка чейин кузотуп койуп кайра кетти.Эртеси дагы ошо корунуш бул корунуш кундо кайталанчу болду.Мени Жаным деп алганычы кулкум келет менда каршы болбодум.Ошентип журуп кантип ага конуп калганымы билбейм кундо жолункарап кутчу болдум.Журогумдо ага болгон эч кандай сезим болбосо дагы аны куто берем.Абхишек менен байланышпадым,
бирок аябай сагындым.Озумду Бекзат менен алаксытып журо берип конуп кеттим.Ал дагы жаным дегени менен сезимдерин мага билдирбеди мумкун ал дагы озун алаксытып жургондур деп койом.Бир куну Бекзат Кстанга жоноп кетти,ошондо аябай кыйналдым кутуп журдум.Аны сагынып куттум.Келгенден кийин мени бир досу мн тааныштырды.
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Менин жашоом
#2 31 Март 2018 - 13:38
Биз кыздар менен ошол куну дискотекага жоногон элек.Ал досу менен келди.Квартирада бирге жашаган бир бала озунчо эле мени ээрчип алыптыр аны байкабапмын даже,ошону коруп калып ызуу-чуу салса болобу досторумдун козунчо.Мага деп алып келген сокту жерге бир чапты кыздардын коздору алайып эле калды.Ошентип турган кезибизде менттер келип калды биз кетип калдык алар менттер менен калышты.Дискотекада журсок жанагы Алмазмын деп таанышкан досу журот.Бекзатты сурасам билбейм деп койду.Бийлеп журобуз,бир убакта женил бий башталды Алмаз мени бийге чакырды бийледик Бекзат жонундо бир аз талкуу кылдык"ал ошондой айтканын аткарып конгон"деп калды.Ошентип уйго кайттык.Кундордун биринде Бекзат ооруп калдым келип кетчи деп калды.Макул болуп кв бардым аны муну суйлошуп олтуруп сурот кордук.Алар 4 бир экен эки агасы бир эжеси бар экен,кызыгы ар бир уй булоолук суроттордо Алмаз досу журот.Эмнеге десем жакшы катташабыз деди.Пропусктарын корсом фамилиялары окшош,бир тууган агасы экенин билдим.Уйлонуп ажырашыптыр.
Андан чон агасы дагы ажырашыптыр,
эжеси дагы кыскасы баары турмуш жолунан адашкандар экен.Мен дагы ата энем ажырашканын айттым.Ток этээрин айтсам жакшы кундорду бирге откордук,кыйналганымда кооп жардам берди.Ал арада иним окууну бутуп менин алдыма барды.Тааныштырдым бирок иниме жакпады.Бир куну крстанга жоноп калдым,ал дагы барам деди бирге жолго чыктык.Эжесинин Бишкекте уйу бар экен ошол жерге келдик.Эжеси айылда экен,чон агасы бар экен аялы менен жакында уйлонуптур.
Аларды коруп оозум ачылдыда калды.Тагдырдын тамашасыбы атамдын азыркы аялынын синдисин алыптыр агасы.Мындайча айтканда атамдын балдызын.Агасыдан бир канча жаш улуу уч баласы бар,агасыда болсо баласы жок экен.Ал куну ал жерге туноп эртеси айылга жонодук.Агасынын машинасы менен мен жолдо озумдун айылымда кала турган болдум алар андан ары кетишет.Негизи биз ройондон алар башка жол аралыгы 5 саат.Канча адамдар айтышты озун жалгыз кыз болсон суйлошпо алыс экен дешип кайда ал мезгилде козумо Бекудан башкасы корунбойт эмне кылып атканымы озум билбейм азыр ойлосом.Мен жолдо калдым.Туулган айылымды аябай сагыныпмын.
Эки жылдын жузу болойун деп калыптыр айылымды корбогонумо.
Апакемди болсо айтпай эле койойун.Мына келдим апам экообуздун саныгычыбыз таркабайт.Мен универге тапшырган кезде апам башка турмуш курду,ошондо ыйлаганымчы.
Ага чейин таенемдин уйундо чонойгон элек.Эми ошол апам жашаган уйго бардым.эч коноалбадым.
Бекзат жонундо апам дагы билди унчукпады.Атасыз жашоо бир канча кыйын болгон бизге,айныкса таенемдин козу откондон кийин.Таенемди апамдан да жакын корчумун.Эртеси эле шаарга айланып келем деп жонодум.Бекзат чалып калды.Биздин шаарда экен мени кутуп турганын айтты.Барсам жур биздикине уй-булоом менен таанышып кайра келесин деди.Макул болдум.Бироонун уйундо кысылып отургандан коро барса барайын дедим.Ошондо алар план даярдап койушкан экенин кайдан билдим.Келе жатабыз келе жатабыз эч эле жетпейбиз кеч кирейин деп калганда аран жеттик.Тоолуу жер экен кудум эле жайлоо айырмасы электр бар.Мага жакпады.Адырларды эле сурдуруп уй салып жашай беришет экен.Бир да акталган аппак уй корбодум,жолдоручу таштан жасалгандай.
Уйлордун сыртын жамгыр жууп турат экен.Мени уйуно алып келип тааныштырды баягы атамдын балдызы да журот.Бир убакта эле жоолук которуп келишти жок мен таанышып эле келем дегем дейм болушпады бизге келин алып келем деген даярданып койгонбуз деп.Бекзатты карасам жалооруп мени карайт макул болчу дегенсип ичим ачышып кетти.Макул болуп отуруп калдым.Бирок уйумо эч кимди жиберишпеди жол алыс акчабыз жок дешип.Ыйлаап ыйлаап кала бердим же телдон айтышпады.Мунун баарын атамдын балдызы кылып жатканын кайдан билдим.Нике окутушту мен тараптан эч ким жок ыза болдум.эртеси баары кетишти.Кайнене кайната Беку калдык.Эч нерсеге колум барбайт ойлогонум апам менден умуту чон элего эмне кылып койдум дейм.
#3 31 Март 2018 - 14:27
Ойлогонум эле апам.Айылда 5кун журдук анан кайра россияга жонодук.Же кийим алып беришпеди озум кийип келген шым менен жонодук.Жолдон апама тие кетебиз деп.Элестетип озумчо корком апама эмне деп барам "мен куйоого тийдим мына куйоом дейминби"
деп.Беку болсо баары болот корсунго деп мени сооротот.Бардык апам коруп эле бетиме чапты,Бекуну дагы.Бирок баарибир апа деген баласы учун баарына даяр болот экен уйго киргизди.Бекуга айтты сен кетебер кызымды сени менен жибербейм деди.Апам ушундай бир айтканын коё бербеген аял эле.Беку кыйылып кетти бир аз журсун жиберин деп.Ал кеткенден кийин апам аябай эле урушту сени издебеген жерим калбадыго милицияга да бергенин айтып.Эл журтка эмне дейм эч кимиси жоктой болуп эрге тийип алганынчы деп ыйлайт,экообуз кечке ыйладык.Болоору болуп боёсу канды эми кет деп мени дагы жиберди.Ошондогу апакемдин абалы оор болчу,соз менен жеткире албайм.Бишкеке бардым кайнеженин уйуно,андан ары кетмекпиз.Барсам эле кайнагам бул аялын болбойт апасы жаман жолдо жургон экен,ошон учунда уйуно эч кимди жибербедик кетир деп калды.Беку экоо аябай айтышышты.Ал создорду аялы айтканын сразы билдим.Аялы козу ачык бакшы эле.Озунчо эле ошол кезде ак уйдо козу ачыктар иштеген офисте иштечу.Азыркы кезде дагы ошол иши менен алектенет деп угам.Кайнеже дагы мага конул кош мамиле жасап калды,аларга да кооп жаман создорду айтыптыр.Баарынан конулум калып кетти.Бир гана Бекунун мамилеси жылуу создору алаксытат.Менин бир туугандарым баары ажырашкан мен аларга окшобойм сенин колунду кармадымбы эч качан койуп жибербейм,сени эч кимге алмашпайм,агаларымдын жолунан баспайм дейт.Ошол создорго ишенгенимчи.
#4 31 Март 2018 - 16:08
Чынын айтсам Бекуну суйуп калдым окшойт.Корбосом сагынамда турам,эч бири бирибизден айрылгыбыз келбейт.Россиядагы Алмаз кайнагамда уйлонуп аялын ушул кайнеженикиге таштап кеткен экен,ошол абысынымды бизге кошуп беришти кайра эле келген жагыбызга жол тарттык.Баргандан эле жолдошум ишке чыкты,мен уйдомун.Ишкн жакын жерде жашайбыз.Баары эстен чыгып жаны жашоо баштап калдык.Бир куну бир жака жонодук так эсимде жок каяка экени,машина алган элек ошону менен кийинип тушсом жука кийинип алыпсын устуно дагы кий деди.Мен жок суук эмеско дейм ал кий дейт мен жок дейм ошентип урушуп кеттик меэ9ни уруп баштады биринчи урганда бетиме урду козум карарып чанылган корунгондой болду эмне болгонун тушуно албадым.Анан эле машинадан суйроп тушуп тепкилеп баштады,айтканды кылбасан мына ушундай болот деп.Акыры качтым,квартирага качып чыксам бир байке бар экен ошол арачалап калаар деп ойлойм аркамдан кууп келип сиз аралашпан деп байкени да чыгарып салды.Моокуму канганча сабадыго мени акыры керебетке жыгылганымда токтотуп бир талак деп кагазга жазып астыма таштап чыгып кетти.
#5 31 Март 2018 - 16:10
Телефондон жазам каталарымды тушунуу менен кабыл аласыздар деп ойлойм.
#6 31 Март 2018 - 16:57
#7 31 Март 2018 - 19:28
Денемдин баары кок ала болуп жатам ыйлап,тагдырыма таарынып,кыймылдай албайм.Жазып кеткен кагазга телмирип,жашоомдун башталышы ушул болсо,аягыда ушул болсунчу дейм.Уйубуздо атасыз осконго эркектин мындай кылыктарын омурумдо биринчи корушум.Же бир козго корунуктуу айыбым болсочу.Ойлосом ойума,туш корсом тушумо кирбеген жоорук жасадыго.Бир мезгилде Алмаз кайнагам келди,айтса керекда эмне болду деп суйлой алсам кана кагазды бердим,унчукпай чыгып кетти.Канча жаттым билбейм бир убакта Беку келди эч нерсе болбогондой кулуп жайнап тан калдым,бирок кечирим сурабады.Ачуу устундо болуп кетти мен сенден ажырабайм деп козум менен тен айланып мамиле жасап калды.Мен ойлонойун эч нерсеге акылым жетпей калды дедим.Ошол мезгилде кош бойлуу экенмин.Аны эртеси билдим.Эмнегедир самсы жегим келип эле жургом.Атасыз остум кыйынчылык кордум балдарымды эч качан атасыз кылбайм деп кайра жашап калдым.Мечитке барып болгонун айтып бердик никебизге дуа окуп жанылап жолго салды.Ошондон кийин жашообуз жакшы болуп кетти окшойт кундо самсыга алып барат канча алып берседа тойбойм.Мурда бирге иштеген Дара деген эже бар эле экообуз аябай ынак болчубуз,ал да турмушка чыгып кош бойлуу экен.Мага айтып калды Узиге тушуп келебиз жур деп.Бардык биринчи Дара эже кирди кубанып чыкты баары жакшы экен деп.Менда кирдим бирок биздин балабыздын мээсинин структурасы жок, кыйналып торосонда жашабайт алдырып сал дешти.Ал кезде жаш элем анча деле маани бербедим окшойт,келип айтсам айта берет деп койду.Ошондон кийин ооруп журдум аябай кыйналдым кайсы врачка барбайын ошол соз.Бир куну консультация ал деп бир корунуктуу врачка жиберишти,барсам бир канча создорду айтты да договорго кол койда дагы бир врачка кол койдуруп кел андан сон алып салабыз дейт.Макул болуп сыртка чыктымда уйго жонодум кудай берди кудай озу чечсин дедим.Ал арада кайнежем келген айылдан биз менен бирге турат,менда пекарныйга ишке чыккан элем.Абысынымда кош бойлуу.Оруум кундон кунго куч алды чыдадым,акыры айылга кетели ошол жактан текшертирели дедим,айылга барсам эле балан жакшы экен деген соз укчудай сезиле берди.Билет алып жолго чыкчу куну оруум чыдатпай калды,Беку машинаны гаражга алып кеткен эле.Уйдо иним,кайнежем,
кайнагам бар.Ушу кайнежемди эжем деп эле жазайынчы ,эч кайнеже дебегениме кызык болуп жатат.Ошондо мен толгоо тартып жаткан экем,ичимдеги эми 6 айлык.Ал кезде толгоо эмне экенин кайдан билдим.Акыры скорый чакыргылачы дедим.Скорый келип эле алып кетти торойт деп.Беку билеттерди тапшырып барды.Мен тородум уул экен.Врачтар мага корсотушподу.
Лабараторияга жонотуп жиберишти.Торолгондо дем алып турду муну врачтар "смотри он дышот"дегендеринен билдим.Озум баладай эле жаш болгонмунбу же баарибир жашабайт деп калганмынбы ыйлабадым,Беку аябай ыйлады.Ар кайсы эшикти турткулоп журуп уулубузду алып Мухаммед деп ат койуп жайына берди.Анан мени чыгарып келди.Буйруса дагы балалуу болобуз деп койот.Врачтар эмне силер туугансынарбы мындай бала торолгонуно караганда дешкени эч эсимден кетпеди,балалуу болсок эле ошондой тороло тургандай.Уулум кандай экен деп сурасам дагы айтпады жапжакшына экен дейт.
#8 31 Март 2018 - 19:29
Денемдин баары кок ала болуп жатам ыйлап,тагдырыма таарынып,кыймылдай албайм.Жазып кеткен кагазга телмирип,жашоомдун башталышы ушул болсо,аягыда ушул болсунчу дейм.Уйубуздо атасыз осконго эркектин мындай кылыктарын омурумдо биринчи корушум.Же бир козго корунуктуу айыбым болсочу.Ойлосом ойума,туш корсом тушумо кирбеген жоорук жасадыго.Бир мезгилде Алмаз кайнагам келди,айтса керекда эмне болду деп суйлой алсам кана кагазды бердим,унчукпай чыгып кетти.Канча жаттым билбейм бир убакта Беку келди эч нерсе болбогондой кулуп жайнап тан калдым,бирок кечирим сурабады.Ачуу устундо болуп кетти мен сенден ажырабайм деп козум менен тен айланып мамиле жасап калды.Мен ойлонойун эч нерсеге акылым жетпей калды дедим.Ошол мезгилде кош бойлуу экенмин.Аны эртеси билдим.Эмнегедир самсы жегим келип эле жургом.Атасыз остум кыйынчылык кордум балдарымды эч качан атасыз кылбайм деп кайра жашап калдым.Мечитке барып болгонун айтып бердик никебизге дуа окуп жанылап жолго салды.Ошондон кийин жашообуз жакшы болуп кетти окшойт кундо самсыга алып барат канча алып берседа тойбойм.Мурда бирге иштеген Дара деген эже бар эле экообуз аябай ынак болчубуз,ал да турмушка чыгып кош бойлуу экен.Мага айтып калды Узиге тушуп келебиз жур деп.Бардык биринчи Дара эже кирди кубанып чыкты баары жакшы экен деп.Менда кирдим бирок биздин балабыздын мээсинин структурасы жок, кыйналып торосонда жашабайт алдырып сал дешти.Ал кезде жаш элем анча деле маани бербедим окшойт,келип айтсам айта берет деп койду.Ошондон кийин ооруп журдум аябай кыйналдым кайсы врачка барбайын ошол соз.Бир куну консультация ал деп бир корунуктуу врачка жиберишти,барсам бир канча создорду айтты да договорго кол койда дагы бир врачка кол койдуруп кел андан сон алып салабыз дейт.Макул болуп сыртка чыктымда уйго жонодум кудай берди кудай озу чечсин дедим.Ал арада кайнежем келген айылдан биз менен бирге турат,менда пекарныйга ишке чыккан элем.Абысынымда кош бойлуу.Оруум кундон кунго куч алды чыдадым,акыры айылга кетели ошол жактан текшертирели дедим,айылга барсам эле балан жакшы экен деген соз укчудай сезиле берди.Билет алып жолго чыкчу куну оруум чыдатпай калды,Беку машинаны гаражга алып кеткен эле.Уйдо иним,кайнежем,
кайнагам бар.Ушу кайнежемди эжем деп эле жазайынчы ,эч кайнеже дебегениме кызык болуп жатат.Ошондо мен толгоо тартып жаткан экем,ичимдеги эми 6 айлык.Ал кезде толгоо эмне экенин кайдан билдим.Акыры скорый чакыргылачы дедим.Скорый келип эле алып кетти торойт деп.Беку билеттерди тапшырып барды.Мен тородум уул экен.Врачтар мага корсотушподу.
Лабараторияга жонотуп жиберишти.Торолгондо дем алып турду муну врачтар "смотри он дышот"дегендеринен билдим.Озум баладай эле жаш болгонмунбу же баарибир жашабайт деп калганмынбы ыйлабадым,Беку аябай ыйлады.Ар кайсы эшикти турткулоп журуп уулубузду алып Мухаммед деп ат койуп жайына берди.Анан мени чыгарып келди.Буйруса дагы балалуу болобуз деп койот.Врачтар эмне силер туугансынарбы мындай бала торолгонуно караганда дешкени эч эсимден кетпеди,балалуу болсок эле ошондой тороло тургандай.Уулум кандай экен деп сурасам дагы айтпады жапжакшына экен дейт.
#9 31 Март 2018 - 19:54
Жашообуз жакшы эле отуп жатты эл катары.Мен иштебей уйдо олтуруп калдым бир аз тынып алайын деп,аны да эжем айтып иштетпей койду.Эжем демекчи бул уй булоону ушул эжем башкарат экен.Эмне айтса ошондой болот,уч уулу бар,алар энем атамдар менен бирге турушат.Беку менен урушуп калсам мен эмне десем ошонун баарын ушул эжеме жеткирип турат.Мага ушу кылыгы эч жакпады.Мени сен озун тандап алгансынго эмнеге арызданасын эжеме деп журуп ошонусу кийин калды.Ошентип эле бир куну айылга барып машинаны сатып той откоробуз,апандын астына барабыз деп пландап жоноп калышты.Мени баарын даярдап чакырабыз дешти,макул болдум.Эжем экоо кетишти.Мен таежем барды,иним болуп жашап калдык.Ал кезде российский машиналар крстанда кымбат болчу.Апамдын астынан отобуз деп даярданып жоноп жатышканда Бекуну армияга алып кетишиптир.
Оздору эле барып келишти.Апамда мага жашоодо ак жол каалап батасын берди.Алтын апамго.Озун бышырган аш эми озун жеп жакшына жаша деди.
#12 31 Март 2018 - 23:17
Беку тендуулор качан эле кызмат отоп аскердик билет алып бутушкон.Ант бергенге чейин биздин шаарга жонотушуптур.
Апам ар дайым кабар алып турду.Ант бергенден кийин башка жака которушту.Мен болсо журом сагынып эмне кылаарымды билбей.Бир куну чон кайнагам звандап калды отуз мин акча салгыла мен суйлоштум чыгарып барам Бекуну деп.Алмаз кайнага экообуз он минден кылып 20мин салдык.Ал кезде курс жакшы эле.Ошол акчаны салганга чейин жуз жолу чалган кайнагам акчаны алгандан кийин бир да жооп бербеди.Жиним келип олтурам.Эки кун откондон кийин розыскаданмын куйоон армиядан качып кетиптир барган жокпу деп чалышты.Эсим ооп эле Алмаз агасына айттым,ал болсо билгенмин чыдай албастыгын ошон учун качсан ант бергиче кач болбосо кийин качпа дегенмин деп ал дагы жинденип алган.Апама чейин,керек болсо атама дагы издеп барышыптыр.
Апам чалды жинди эмеспи тигинин деп.Озу кайнатам чыгырып алуунун жолдорун издеп жургон болчу.Андан бир кун отуп чон кайнага зв кылып Алмаздыкына отуп кел биз келдик дейт.Жумуштан келип барам десем кыйкырды жыйнаштыр жумушунду деп.Ишке барып жооп алып бардым.Беку олтурат.Аябай капа болдум акчаны алгандан кийин жон эле суйлошуп чыксан болотко, айтпадынар беле суйлошуп койдук деп дедим.Кайнагам кыйкырып баштады эмне акчаны жеп койду деп атасынбы келет эртен аскер билети,керек болсо тагдырынарды мен чечем экоондун деп.Унчукпады Беку.Мен болсо ушул кайнагамды корсом титиреп калам озумчо эле коркуп.Апам жонундо жаман создорду айткандан бери аябай жаман коруп калганмын.Апамда эмне айып бизди атасыз чонойтуп,жебей ичпей бакканы учунбу.Апам керек болсо биз учун бир кол жеткис байлык.Ошондуктан душманымдай коруп калганмын кайнагамды.
Озу дагы бир туру суук неме эле.Аны корсом эле калтырап калам.Беку экообузду олтургузуп алып лекция окудуго,ошол лекцияны озуно окуй турган адам болсочу.Буга чейин канча аял алган ким билсин бир туугандары тортоосун билишет экен.Азыркысы бешинчиси дешет.Андан кийин биз тойго деген акчалардын баары камалып кетпеш учун сапырылып кеттиго.Куйоом озу аябай шок жургон,созго чечен кандай кырдаал болбосун соз менен чечип койчу адам,мени дагы соз менен алдап койот.Эмнеге качтын десем кантип сени жалгыз таштап журо алам озун жакында балабыздан ажырап аран журсон деп кутулду.Акырында барды сот дагы болду акталып чыгып кайра ошол эле жерде озунун служактары менен кызмат отогону кетти.Мени айылга келип тур дейт,мен болсо ошол айылга бир да баргым келбейт негедир.Бирок баарибир бардым.Алмаз агасынын аялы тороп айылда болчу.Бирге жашап журдук.Бекуну сагынып,туну ыйлап,кундузу кулуп журуп кун откордум.Апамдыкына барып келдим.Убакыт учкан куш эмеспи тез эле эки ай отуп куйоом келди.Ал аралыкта бул чоочун уйдо кандай создорду укпадым,абысыным сени мындай дешти тигиндей дешти деп эле турат.Ал создорго теригип ыйлайм.Бир да отун жок экен нан жапканга камыр жууруп койуп тоого отун алып келгени кетем эшекти жетелеп.Кыскасы мурда жасабаган иштерди жасадымго.
#14 31 Март 2018 - 23:30
#15 01 Апрель 2018 - 11:58
Армия бутуп аскердик билетти колго алып айылда бир айга жакын журуп калдык.Айылдын да озуно жараша жашоосу бар эмеспи.Бул айылдагылардын тушунугу мага жаккан жок.Мени шаардан келди дешип ар кайсы жасаган ишимди тан калыпда,сындапда жатышты.Куйоом экообуз кайра эле россияга жол тарттык.Жашообуз бир нукта эле отуп жатты.Экообуз да иштейбиз,ар бир кыз кыялданчу той да болгон жок.Окуумдун дагы контрагы толонгон жок,чыгарып койушту.Ага да макул болуп коз жумуп койдум.куйом аябай эле кызганчаак,
ошонун айынан коп урушчу болдук.Классташым мн суйлошуп жургонумду бир дос кыздан угуп калган эле,ар эки созунун бири ошо.Бирок бактылуу кундорубузда болбой койгон жок.Бири бирибизди сагынып эле турчубуз.Мен дагы кош бойлуу экенимди билдим,аябай суйундук.Бул жолкусунда сразы эле врачка бардым баары жайында экен,шугур.Тынбай корунуп турдум врачка.Уборкада иштечумун,куйоом иштеген фирмада.Бойумдагы 7айлык болгондо айылга барып торойсун деп айылга жиберди.Озу бир айдан сон келди.Тороорумо бир ай калганда чон кайнагамдын кандайдыр бир чыры чыгып кайнатамды Бишкеке чакырып калды.Менда барам деп Бекуда кетти.Мен апамдын уйуно барып журуп калдым.Бир куну эле ооругансып калдым,эртеси эле уйго жонодум.Келгенимди эртеси ооруум кучой баштады,бизде же акча болсочу.Кыштын куну айылдагы фапка бардым,азыр эле торойсун тез жоно деп калышты.Кайненем алып жоноду,эсен аман кыз тородум.Сураганым эле башы барбы дейм,ооба башы жок болмок беле бар дешет.Кудайга шугур келтирип олтуруп калдым.Бизди чыгарып кеткенге эч ким жок.кайненеде болсо акча жок.Апам берген бир аз эле акча бар ага дагы кызыма керектуулорду алдык.Кыскасы кыштын куну ыйлай сыктай такси мн чыгып келдик.
#17 01 Апрель 2018 - 15:07
Куйоом жок уйдо аябай эле кыйналдыкго жоктун азабын тартып.Ошончо иштесек дагы бир да акчабызда береке болбоду.Кызым 2айлык болуп калган кезде Беку кайра кетти.Бир айдан сон биз кызым экообуз жономокпуз.
Абысынымдын кызы чонойуп бир жаштан отуп калган кез,кайнагам ушу кызы торолгондон бери кабар албайт.Башкасын тапканмын аны кетирип жибергиле деп зв кылат.Абысынымда эки жылга жакын кутуп акыры эми кетейин деп чечти.Кызынды таштап кетесин дешет ал жок дейт,бирок кызын озу бага алатурган чарасы жок эле ото эле эзилген аял болчу.Кайненеме менин кызым барго ошого алаксып каласыз кызын апасынан ажыратпай эле койун деп айта салсам ойумда жаман нерсе жок.Аябай алынып кетти сенин кызын кичине кором сенин да башына ушундай кун тушкондо эмне болоор экенсин деп,койчу бир канча кун мага кун бербедиго ошондо.Апа деп эле журчумун жакшы коруп,ошондо билдим мин жакшы болсонда озундун апандай эч ким боло албайт экен.Ошондон кийин эне деп алдым.кыйналдым,
акыры кызым экообуз жолго чыктык.Барсам баякы Алмаз кайнагам чын эле башка аял мн жашап атыптыр.Тан калдым Бекуга айттым бул эмне деген шумдук ал жакта аялы кызы,бул жакта дагы башкасы деп.Тим кой озунун жашоосу дейт.Башка кв таап чыктык.Ошондон баштап Беку озгоро баштады.Кандай десем бизге анча маани бербейт акча алып келбейт.Акыры менда ишке чыкмай болдум кызыма нянка издеп баштадым Нянканы апам таап жиберди.Ошондо кичинекейим 1жаш болойун деп калган.Магазинге сатуучу болуп иштеп калдым,сутка иштейм сутка эс алам.Ошол кезде Беку границага такси кылат болчу.Негизи эле анын кесиби шофер эле.Машинанюсыз жашоосун элестете албайт.Ушунчалык озгорду мен тааный албайм.Дара эже айтат Беку жон журот дейсинби журотда кыздар иенен дейт,мен болсо жок ао агаларынын баскан жолун баспайм деген деп ушунчалык ишенип жашадым.Кудайдан кийинки эле ишенгеним Беку болчу.Эмне мынча озгордун десем сен иштебе эмне жетпейт сага дейт.Ооба тамак аш квдан эч ойлонбойбуз,
бирок андан башка нерселерге да акча зарыл болотко.Мен иштегенден кийин такыр эле акча алып келбей калды,кв платаны да озум толойм.Акыры чыдамым кетти урушуп кеттик.Дара эжеге барып айтып ыйладым,ал угуп олтуруп айтпайм дедим эле жиним келип калды куйоон бироо менен журот экен оз козум мн кордум,синдимди издеп кафеге барсам ошол жерде бир кыз мн олтурат керек болсо ооп жатканын кордум.Кийин жолдо коруп ал эмне кылганын десем эч нерсе эмес экоосун дагы карайм дегенин айтты.синдимден дагы сура мага ишенбесен дейт.Ошондо мен шок болуп катып калдым,мындайды кутпогом,мындай нерселерге да адам озун даярдап барыш керек экен.Менин ички дуйномо кошулуп мен жашап жаткан дуйно дагы антарылып кеткендей болду.Дара эже сага эмне болду мындай учурлар жашоодо болуп келген боло берет эмне эле болуп жатасын деп урушуп жатат,туура эле синдисине бардым.Синдиси калп десе экен деп жалынып бардым кудайга,бирок чындык экенин айтты.Ооба кафеге жигитим экообуз барганмын Беку байкени кордум бироо мн олтуруптур,
чачы жайылган сизге окшоп кетти,сиз экенсиз деп эле жанына барсам башка экен анан унчукпай саламдашып отуп кеттим,бир аздан сон куйоонуз бир сок,шоколад котоуп келип силер мени мен силерди корбодум деп кетти,жигитим оозунду ачпа дегенинен айтпадым деп баарын айтты.Ал кыз жакында эле крстанга кетти ошол кезде куйоонузда кеттиго,жигитиме окуйт экен ошого кетти алып барып таштап келдим дептир дейт.Ошондо Беку жакында эле Бишкеке барып келген эле.Кыскасы озумду жоготуп койдум.Беку баарын мойнуна албайт жалган деп.Жур анда барып эмне жалган айтасын дейбиз десем конбойт,демек чындык экенине ынандымда жашоомду уланта бердим.Ошол учурдагы абалымды коргондор боору оруйт эле.Арыктап козум чукурайып эле калдым.Апамдын куйоосу отуп кетип,биздин алдыбызга барды ошондо.Иним экоо башка кв жашап калышты.Апам дагы мындай корунуш бул жашоодо жат корунуш эмес чыдап койсон баары ордуна келет деди,макул болуп унчукпай жашадым.Бирок ич ичимден эзилип журо бердим.Ажырашып да кеталбадым.
Кайра эле кош бойлуу экенмин алдырып таштайм дедим эч ойлонбой,себеби Бекунун артындагы ушак кептер улана берди.Канчалык чындыгы бар бирок озгоргонунон баарын байкап эле тилимди тишиме катып журдум.Магазинде иштеп эртен врачка барам бурсугуну барам деп журуп ичимдеги 4айлык болуп кетти эми кеч болду алдырганга деп иштен бошоп уйдо олтуруп калдым.Ажырашам деп канча чечим чыгарсамда ал чечимдин устунон чыгалбадым.
Беку дагы конбойт мен ажырашпайм деп.Кундор отуп жаны жыл куну дагы кыз тородум.
#18 01 Апрель 2018 - 15:38
Ушул кызыбыз бизге тынч жашоо алып келсин деп ниет кылып ат койдук,балээнин баары андан кийин башталдыго.
Кызымдын али кырк кундугу чыга элек Беку уктап жаткан иштен келип,бир убакта телнуна смс келди карасам "саагындым"
деп жазылып турат.Номер 1111 деп сакталыптыр озбекистандын номери экенин кодунан билдим.Бул номерди мурда да корчумун ким десем бир озбек бала иш болсо кабар берип койун деп чалыптыр деп койот эле.Беку ошондо сенсер тел колдончу мен аны билбейм колдонушту,
озумдун телдан ошол номерге "мен да сагындым,ал номерге жазба ушуга жаз мен Бекумун" деп жибердим.Ал жай сурашып жазыштык.Ким экенин билгим келип кыздуу болдум дагы сенин атынды койдум десем кайсы атымды менде эки атым барго дейт.Билалбадым.
Акча салайын данныйларынды жибер десем дароо эле жиберди,жиберип алып кайра кызындан артса сал деп койот.Кайсы банкка салайын десем Андижан хамкор банк деп жайда салып журдунго ошол банкка сал дейт.дароо билдим Бекунун мага чейинки суйлошкон кызы экенин,себеби атын озу айткан эле Андижандан Ошто бирге жургонбуз деп.Арадан 10жылга жакын убакыт отуп экоо табышып алышыптыр.Макул эртен саат 10дорго банкка барабер деп жазып койдум да тан атканча ыйладым.Жашоомо нааразы болуп стресс болуп калдым.баарибир биринчи донголок кайда барса арткы донголок да ошол жака барат экенда,агалары мынтип журсо бул деле ошону жасайт дедим да ажырашууга бел байладым.Эртеси жумушка кетти,саат онго жакын зв кылып 1111деген номердегиге акча которуп кой кечээ мен акча салам банкка бар деген элем кутуп калбасын деп очуруп койдум.Арадан 10минут отуп жетип келиптир.Кыскасы аябай эле озуну актады,кыйналып калдым дегенинен акча салып турганмын андай мындай деп жолоткусу жок озуно.Кайра ошол номерге чалсам бирда албады.Акыры Бекунун номеринен чалсам алды.Коп ажылдаба бири бирибизди суйобуз керек болсо 6 жашар балам бар Бекудан деди.Мен эмне дешти билбей катып калдым.
#19 01 Апрель 2018 - 16:32
Беку балам эмес ал менин дейт.Анда кайдагы баланы айтып жатасын деп айт десем антпейт.Кыйналып кеттим ошол мезгилде ажыраша да албадым.Ажырашам деген мн ажырашуу да кыйын экен.Эми мага айып койо баштады сен айылга барбайм дейсин сен айылда ата энемди карап олтурсан ушунун баары болмок эмес деп,макул барса барайын ошол айылга деп кичине кызым 3айлык болгондо айылга келдик.эки кызым болуп жалгыз калдык кайната кайнене жайлоого кетишти.Ошондо эжемдин бир баласы тайкем откондо келгенде уйго бир кызды ээрчитип келди деп калды.Бул созду кошуналардан дагы угуп маани бербеген элем,анан ошо баланы алдап сурадым.Мен ушуга уйлоном деди эле тайтам аябай сокту кайдан алып келсен ошол жака алып бар деди анан тиги уйго тошок салып берди тайнем,тайкем экоо сурот коруп тунго чейин отурушту,эртеси алып кетти кайра деп айтып берди.Мында дагы ыйладым.Сабыр кылайынчы эмне болоор экен деп суротторубузду карасам Беку экообуз тушкон суроттордун баары айрылган мен жок кайда кеткенмин.Конуп деле калдым бул изменага.Ишеничим жоголду.жети ай жашадык айылда,ал арада кайнене барып келди балдарынын алдыга.Алмаз кайнага башкага уйлонгон эле ошого чакырган.булар же ата энесинин да айтканын угушпайт экен,алар да тим койушат,ойлоруна эмне келсе жасашат. Кайнене келип эле кой барбасанар болбойт балам кыйналыптыр деп калды,ага чейин барбайсынар деп аткан.Корсо баласынын жаман жолдо жургонун байкап калган экен.Апам бизге жол киреге акча салды, бардык.Жашоосу жакшыдай эле.Бир куну эжем барды кыздарынды мен карайм деп.Айткандай крстанга барганда окуумду улантып келгенмин.Айылда жашачу болуп калсак кереги тиер деген максатта.Ошентип Беку иштеген фирмага мурунку ишке кайра кирдим.Эжем балдарды карайм деп барган.Ишке киргенден эки кун отуп уй жыйнап журсом бир сим каранын кагаз договорлору журот алып окусам Алтынай деген ошол биз иштеген фирмада иштечу кыздыкы экен.Ошол номерге чалдым,эжем кухняда олтурган.Алтынай доворлорун биздин уйдо эмне журот дедим,ал эртен ишке келсен суйлошобуз деди.Ал ыплас жолдо жургонун билет элем.ар кайсы башка улуттагы эркектер мн журчу.Эртеси бардым барсам мен сенин куйоон мн сен жокто бирге жашап журдум дейт.Уялбайт даже.Бекуга эмне башкасы жок беле мин туркун оруу жугузгандырсын дедим,оозума салган экен ошондо.Уйго келсем эжем кийимдерин даярдап абысынымдыкына жоноп калыптыр карабайм балдарынды сен менин инимдин ар бир кадамын текшерип турат экенсин деп кетип калды таарынып.Кечинде менин инимди ээрчитип Беку болуп келип калышты.Эжем баштады жашасан жон жаша териштирбей эгер жашабасан кет деди.мен эмес ининизге айтын насаатынызды дедим,айылга кеткиле дейт айылда эмне бар эми келсем дейм.Анда жашабайм деп айт азыр кайнатана деп зв кылып мага берди,менда ушунча чыдадым жашабасам жок деп жашабайм дедим.Баардык буйумунунду алып кет деди,бирок кыздарымды бербеди жалындым,ыйладым.
Чон кызым эси кирип калганга чуу салып ыйлайт апакем мени таштап кетпен деп же алар бербейт.Бекуда эжеси тарапта.Иним айтты жур кеттик бербесе жок эртен эле алып келет деди.Кичинекейим эмет болчу,кокурогум зырылдап,козумдон жашым агып,эмне болуп жатканын туйалбай бара жаттым.Апам сооротот эртен алып келет коросунго деп.Тун бир убак болсо да сыртта ыйлап олтура бердим,ушунчадан берки топтолгон бугумду чыгаргым келди.Бул кен ааламда бир гана мен жалгыз калгандаймын.
#20 01 Апрель 2018 - 16:44
Ай ииииий
Кудай сактасын. Журогум сыгылып кетти , эххх окунучтуу. Уланта бер(иниз)

Orhideya
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »