Суперстан: Кирпим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кирпим Бул чыгарманы жакшы кабыл аласыздар деген ойдомун.

#1 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   31 Март 2018 - 23:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

Саламатсыздарбы!
Бул чыгарманын жазылып бүткөнүнө азгана убакыт болду.
Аягына чыккыча сындабай коё туруңуздарды суранам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   01 Апрель 2018 - 01:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

Коңгуроо басылып, мектептин айланасында жүргон баардык окуучулар класстарына кире башташты.Үчүнчү этаждын терезесинен карасаң мектепке кирип бараткан окуучулар кумурскага окшошуп кетет.Мунун баарын класстын терезесинен карап олтурган Айгеранын манайы көтөрүлө түштү.
Бешинчи сентябрь болгонуна карабай анын окууга болгон көңүлү жок.Биринчи сабак химия болчу.Айгера бул сабакты анча жакшы көрө бербейт эле .Ал жаман көргөн сабагынан ар дайым терезени карап олтура берчү.Азыр да терезеден жалбырактары саргарып түшө баштаган дарактарды карап олтуруп атасын эстеп аны сагынганын түшүндү,канча убакыт болду аны көрө элегине...көздөрүнө жаш келе түштү.Аны башкалар байкап калбасын деп билгизбе аарчып алды
Ошентип тажатма сабактар да бүттү.Үч айдын ичинде кыздар бири-бирин сагына түшүптүр,сабактан тараганына карабай мектептин алдындагы олтургучтарда олтуруп алышып каникулдагы кызыктуу окуяларын талкуулап жатышты.Кыздардын биринчи темасы албетте жигиттер эмеспи.Айрыкча бүтүрүүчү класстын окуучу кыздары үчүн.Кандай балдар менен кандайча таанышып калгандыгын айтып берүү үчүн баары ашыгып жатышты.Айгера саатын карап, апасы жумуштан келчү убакыт болгонун билди. Сиңдиси менен иниси түштөн кийинки сменде окушкандыктан, аларга түшкү тамак даярдоо керек эле.
-Кыздар мен кете берейин шашып жатам.Жүр Бийке кетесиңби
-Коё турчу бир ааз олтура туралык.Канчадан бери көрүшө элекпиз
-Макуул.Көрүшкөнчө кыздар мен кеттим,жакшы калгыла
***
Муздак бөлмөнүн ичинде олтурган Адилхандын жүрөгү так эле ушул бөлмө сыяктуу муздак жана ээн эле.Жашоо ал үчүн токтоп,убакыт жылбай калгандай.Айдайдын каза болгонуна тогуз ай болсо да.Ал азыр эшикти ачып кирип келчудөй туюлат.Ошондогу суук кабарды укканда кандай акыбалда болсо,тогуз ай бою так эле ошол абалда жүрөт.Өлүү эмес же түрүү эмес.
"Эмнеге ал? Эмнеге мен эмес ал? Менин жашоого акым жок болчу.Ал эмес мен өлүшүм керек болчу. Анын жашоого акысы бар болчу.Эми дүйнөдө Айдайдай таза, аруу адамдар жок"
Түбү жок ойлор.Балким өзүнө-өзү кол салмак беле... Эгерде Айдайдын акыркы сөздөрү болбогондо.
-Ади сен мени кечир...Суранам. ..
Ал алган жаракатынан улам араң , кыйналып сүйлөп жатты
-Кечир сени ушинтип таштап кетип баратканым үчүн
-Жок! Айдай суранам антпе баары жакшы болот...
-Ади суранам укчу...Кечир ... Кечир биздин максаттарыбыз ишке ашпай калганы үчүн...
-Айдааай-көздөрүндөгү жашты араң сүрттү
-Сенде акыркы суранычым бар...биринчи аны аткарам деп убада берчи...
-Айдаай
-Суранам убада бер-Ал абдан алсырап көзү тумандап бараткандай
-Бере,убада берем...Болгону көзүңдү жумбачы
-Адим ,менин кол жеткис бактым-Ал акыркы күчүн жыйнап,сүйлөп жатты-Сен биздин максаттарды менсиз аткар.Суранам. ..Менсиз бактылуу бол...суранааам.
Анын көзү акырын жумулуп,аппапак кардай жүзү көгөрүп баратты
-Айдаааай.-Андан кийин эмне болгону эсинде жок ,кулагы чуулдап барып эч нерсе укпай калды ."

Мунун баарын Адилхан көз алдына келтирип ,эстеп жатты.
-Адилхан байке сизди атам чакырып жатат-Акылай байкесин бушаймандана карады.Ал азыр дегендей карындашын карап койду
-Балам-Мурат үшкүрүнө баласын карады арыктап,көздөрү эле калыптыр.Жүрөгү канап кетти.Ата-эне үчүн баласынын кыйналып жатканын көргөндөн өткөн азап жок тура,андан дагы кыйыны ага эч жардам бере албаса.Эгер колунан келсе уулунун жүрөгүндөгү баардык жаман нерселердин баарын алып өзүнүкүнө салып алгысы келди.Оор дем алды да ,сөзүн улантты.
-Минтип көгөрүп жата бергениң болбойт! Бул жашоо.Тагдыр. Биз канчалык аны өзгөртөлүк десек да , өзгөртө албайбыз.Жашоо бизди канчалык буттан чалбасын , биз кайра туруп , күрөшүшүбүз керек.
Сен бизди да ойлочу, сага сарсанаа болуп биз да кыйналып кеттик.Акыркы убактарда апаңдын жүрөгү ооручу болду.Аны да ойлоп койсоң боло.
Айдайдын каза болгонуна тогуз ай болду.Жаңы жашоо башта.Биз үчүн.Апаң үчүн .Айдай да тиги жакта сени көрүп алып тынч жата албай жатса керек.-
Бир ааз ойлонуп турдуда сөзүн улантты.
-Кыскасы мен бир жерге жумушка сүйлөшүп койдум.Башка шаарда.Үч күндөн кийин чыгасыңар.Досторуң да барат,чоогуу иштей турасыңар.Алар макул болушту.Бул убактылуу гана сен өзүңө келгиче.Кандай дейсиң? Макулсуңбу?
-Баарын өзүңөр чечип койгон турбайсыңарбы менден не сурап жатасыңар.
Адилхан ордунан туруп ,бөлмөсүнө басып кетти.Аны карап турган бир туугандары жана апасынын шаабайлары сууй түштү.Атасы болгон күчүн жыйып,кайтаттанып.
-Барат.Барбаса Нарынга күчтөп алып барам

Адилхан аппак розаларды сатып алып жаткан да сатуучу
-Сүйгөн кызыңабы
-Оба-ал ал көңүлсүз жооп берди
-Кызың бактулуу экен гүлдүн эң жакшысын алып жатса,анан дагы сендей жигиттен.Азыркы заманда сүйгөнүнө гүл бергендер азайды.Баардык мырзалар сендей болсо кана...-Дагы бир нерселерди айтайын деди бирок жигиттин көздөрүн көрүп тык токтоду,анын көздөрү кайгыга толуп турган.
-Рахмат
-Эч нерсе эмес.Келип тур.-Ал жигиттин көздөрүндөгү кайгыны көрүп сүйгөн кызы менен урушуп кетип,андан кечирим сураганы баратат гоо деп ойлоду.Акчасын санап атып кетип бараткан жигиттин артынан суктана карап калды

Көп бейиттердин арасынан аппак роза көтөрүп жалгыз турду.Ыйлагысы келди, бирок көзүнөн жаш чыкпады.Бейиттеги Айдайдын сүрөтүн көрүп жүрөгү жанчылып кетти.Бир да тагы жок аппак жүзү,наристеникиндей бакырайган күнөөсүз көздөрү,жүзүмдөй болуп борсойуп,кызарып турган оозу.Кудум периште сыяктуу эле.Сүрөттү карап тагдырына ушунчалык таарына жатты.
Сүрөт көрүп андагы Айдайдын көздөрү кудум түрүү адамдыкындай сезилди.Ал көздөр таарынгандай. Кеткиниң,баргының деп жаткандай.Бейитке гүлдү койду да,бул жерге көпкө чейин келбесин эстеп ,сүрөттү биртике тиктеп туруп ,сүрөттү өөп туруп ,оор үшкүрүнүп туруп кетти .
Машинасынын рульун шаар четиндеги тоого бурду. Айдай экөө ал тарапка шаардын ызычуусунан тажаганда барып эс алып кайтышчу. Ал кайра орто жолдон токтоп,үйүнө бурду.Негедир баргысы келген жок.Атасынынын сөзүн эстеди"Айдай да сени көрүп тиги жакта тынч жата албай жатса керек " Чын эле ал менин бул акыбалымды көрсө не демек.Апамды да ойлойун.Аны абдан эле кыйнап койдум,атамды дагы. Алар айткан жагына бара берейин.Анан калганын көрө жатарбыз
Үч күндөн кийин ал достору менен алыскы Нарын шаарына жөнөдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   07 Апрель 2018 - 23:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

Кыздааар көрдүңөрбү бизге красавчик агайлар келиптир,өллө сулуу экен баары тең-Тахмина классына чуркап келип кыздарына сүйнчүлөдү.
-Сулууу.Хе эркектерге сулуу деген сөз жарашпайт-Айгера Тахминаны тамашалады. Кыздардын бары күлүп калышты,Тахмина болсо оозун чүйрүп таарына кетти.
Азыр аларга химия сабагы башталмак.Айгера бул сабакты анча жакшы көрөбербегендиктен бир ааз сабака кечигип келүүнү ойлоп эшикке чыкты.Эшикте күз мезгили жаңыдан келгенин билдирип жалбырактар анча-мынча түшө баштаптыр.Нарынга күз мезгили башка областарга караганда эртерээк келет эмеспи.Мектептин айланасын карап олтуруп Айгера жакында мектепти бүтүп кетээрине ичи ачышып жатты. Анткени мектеп ал үчүн экинчи үйү эле эмес ал үчүн бул жер жан дүйнөсүнүн бир бөлүгү эле .
Сабак башталганына 5-10-мүнөт өткөндөн кийин классына кирсе, класс жетекчиси менен химиядан берген эжейи жаңы келген химик агайды тааныштырып жатыптыр.Айгера ордуна олтуруп жатып эжейине карап,тамашалай
-Эжей бизге жаңы окуучу келдиби?
-Жок,кана?
Зуура эжей түшүнбөй калды.
-Жаныңызда костюм кийип,кычырап туратгоо-деди да бырс күлдү.Аны менен кошо классташтарынын баары күлүп калды.Бул тамаша Адилетке жакпай калды көрүнөт ,кабагын түйүп Айгераны жаман көзү менен карап алды.
Муну байкаган Зуура эжей.
-Айгерааа.Качан коёсуң ушундайыңды. -Эжейи аны урушумуш болгону менен күлкүсү келип жатты, анткеи чын эле Адилеттин кебетеси окуучу балдарга окшош эле,костюм кийсе огош бетер окуучу балдардай болуп калат экен.
-Макул балдар.Бешинчи саат бүткөндөн кийин келем. Тарбиялык саат өтөбүз,Сабактан качмай жок!
Класс жетекчиси тыкы-тык деп такасын такылдатып эшикке чыгып кетти.
Химия эжейи.
-Балдар бүгүнтөн баштап силерге Адилет агайыңар сабак бере баштайт.Жакшы окуугула мени уят кылбай.
-Сизчи эжей-Нури кабатырлана сурады.Анткени химия сабагынан олимпиядага бармак.Аны жаш агай жакшы даярдантаарына көзү жеткен жок.
-Менден деле тажагандырсыңар. Ушул пейнсияга кетсе болот эле деп.
Баары күлүп калышты.
-Эжей кетпей эле коюңузчу сиз кетсеңиз кыздарыбыз окубай калатко ,агайды жалдырап атып.-деди Тима.Балдардын баары каткырып калышты.Кыздар болсо уяла түшүштү.Бирок ичтеринен кыздардын баары Адилетти жактырып ,ал сабак беришин каалап, жатышты.Алар агайынын чыныгы бабник экенин билишкен жок.
Бул убакта онунчу класстарда Адилхан менен Султан олтурган.Негизи Адилхандын сабагы болчу,Султан болсо досун жалгыз таштагандан коркуп жанында болчу.Чынында Адилханды көрүп баары чочуркашты ,анткени анын кийингени траурга келген адамдардай болуп бардык кийими кара өңдө экен.Ал эми Султанды көрүп кыздардын баары суктанып жатышты кийингени стилдүү,жылмайганы, сүйлөгөнү жагымдуу.Анан да жаш айырмачылыга анча чоң эмес болгондугу баарына жагып турду.

Мектепке келген агайлар туралуу сөз баадык жерде талкууланып жатты. Агай-эжейлердин да арасында алар тааныштарынын арты менен жумушка орношкону сөз болду.Бирок баарына бир нерсе түшүнүксүз эле.Неге ушундай чоң жерде таанышы бар,жакшы машина айдаган жаш балдар алыскы Бишкектен келип кичинекей айылга мугалим болуп жатышат.Айдаган машиналарынан көрүнүп турат Бишкекте кандай жашашканы.Алар тууралуу мектепте ар кандай ушактар чыгып атты.Бирөөлөр аларды бандиттерден качып жүрүшөт десе ,бирөөлөр кылмыш кылган байдын балдар дешет.Алардын ушактарына Адилхандын жүргөн турганы май тамызгандай.
Бир гана директор алардын ким экенин билет.Августь айынын аяк жагында районодон чалышып алар туралуу эскертишкен. Кайсы бир бизнесмендин баласы экенин да айтышкан.Өз эркине койсо аларды жумушка алмак эмес.Анткени экөөнүн эле жогорку билими мугалимдикине туура келет экен .А экөөнүкү такыр эле мугалимдике тиешес жок. Айла канча чоңдору айтып жаткандан кийин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   07 Апрель 2018 - 23:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

Бул мектепке келгенине үч күн эле өтсө да Адилхан үчүн үч ай өткөндөй болуп убакыт өтпөй жатты.Бүгүн анын сабагы деле жок экен ошол үчүн айылдын четиндеги парка барып ошол жакта кечке жүрүп кечинде кайтты.Ал үйүнө көңүлсүз кайтты. Үйдүн дарбазасына келгенде негедир киргиси келбей ,машинасында жарым сааттай олтурду.Ал атасы бул жерге жибергенине жини келип жатты.Анан ойлонду атасы бул үйдү алганга ,документ жасатканга качан үлгүрдү экен.Акчанын күчү да деди.Эх тиштенип алды Айдайдын өлүмүнө күнөөкөрлөр да акчанын күчү менен эле эркиндикте жүрүшпөйбү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   10 Апрель 2018 - 23:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

Адилхан алардын ким экенин билсе кана.Айдай каза болгондон кийин шок абалдан чыгалбай жүргүчөктү эки ай өтүптүр.Андан кийин тергөөчүлөргө жолукканда алардан бир да канатандыраарлык жооп уккан жок."Эч кандай из жок,күбөлөрдөн деле эч пайдалуу маалымат ала алган жокпуз.Алар ак түстөгү BWBни гана көрүшкөн.Номерин да жаттап калышкан эмес.Кыргызстанда ак түстөгү андай машиналар миңдеп саналат.Алардын баарын кантип изилдеп чыгабыз"
Арадан дагы убакыт өтүп жатты, тергөөлөрдөн болсо эч майнап жок.
Бир күнү кокусунан тааныштарынын сүйлөшүп атканына күбө болуп калды.
"-Даагы эле табыла элек деп атышат гоо.
-Кантип эле Исановичтин кызын өлтүргөндөр табылбасын
-Угушумча бир чёрныйдын баласы экен гоо
-Болушу мүмкүн,Исанович акчанын күчүнө,тааныш- билишине салса дагы аны үч айдан бери тапмак.Табылбай жатканына караганда ошондой адамдардын да таасири баргоо.
-Ишти да жаап салышыптыр "

Машинанын рульун муштум менен катуу чапты да "Мен аны табам! Жердин түбүнөн болсо да табам! Аны өз колум менен өлтүрөм! Айдайкам, мен сага сөз берем!... Кандай жол менен болсо да табам!" Ал муштумун катуу түйдү да,телефонун алып номер тере баштады "туут...туут. ..тут.тут.тут. " Басып салды ,тергөөчүгө чалган.
Телефонду арткы олтургучту көздөй ыргытты ,ушул убакта машинанын терезесин кимдир бирөө такылдатты.
-Көптөн бери олтурасыңбы. -Султан экен.
-Жок.Бир ааз гана болду.
-Жүр тамак бышып калды.
Үйгө кирсе баары тамак ичккенге даярданып жатышыптыр. Адилханды көрүп ,негедир баары аны караган боюнча катып калышты.Өзүн ыңгайсыз сезип,бөлмосүнө кирип кетти .Барып киймин алмаштырайын деп күзгүнүн жанынан өзүн көрдү.Көзүнөн тамчы-тамчы болуп, бетинен ылдый жаш агып жатыптыр. Түшүндү, достору аны тиктеп калганынын себебин.Үшкүрүндү да,киймин алмаштырбай эле спальнийге жатты да,анын жанындагы кичинекей текчеден Айдайдын сүрөтүн алды да,кучактап алып үн чыгарбай ыйлап жатты. Тогуз ай мурун Айдайын жоготкондо ыйлаган,ошондон бери көз жашын жүрөгүнүн түбүнө катып койгон.Тогуз ай бою чогулган кайгынын баары жүрөккө батпай кеткен окшойт,көз жаш менен оргуштап чыгып жатты...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   sumaika   12 Апрель 2018 - 18:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Уландысы качаааан??Кутуп атам аябай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Myrzaiym.mira   12 Апрель 2018 - 19:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 31 Январь 18
  • Соңку аракети: 19 Июн 2018 14:08

Уланткылачы сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   uikuchu   16 Апрель 2018 - 06:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Сонун
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   16 Апрель 2018 - 23:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

******

Айгера эртең менен дайыма телефондун будилнигинен ойгончу.Кечинде телефонунун зарядкасы өчүп калгандыктан, эртең менен будилник иштебей калып кеч туруп калды.Апасынын жумушу эрте башталгандыктан , эчак эле жумушка кетиптир.Айгера шашып-бушуп кийимдерин кийди да ,тамактанбай эле ,уктап жаткан бөбөктөрүн өпкүлөп алып шашыла жөнөдү.Саатын караса сабак башталганына он беш эле минута болуптур.Бирок он беш эле минута болсо да эжейинен катуу уруш жейт.Себеби биринчи сабагы тарых болчу.Тарых сабагынан берген Айжаркын эжей окуучуларын аябай катуу кармачу ,ошондуктан анын коркуп,шашып келе жатканынын жөнү бар эле. Шашып ,алдын карабай эле экинчи этажга чыгып бараткан Айгера кимдир бирөөнү сүзүп алды.Маңдайын карап, жүрөгү түшүп калды.Оюна биринчи эле көзүмө бир нерсе көрүнүп жатабы деген ой келди. Себеби капкара кийимчен,көздөрү бир башкача тиктеген бирөө турган эле.Көздөрүн бат-бат ирмеп он секунддай катып калды. Анан корконун билдирбеш үчүн:
-Көзүңдү карабайсыңбы- деди да андан нары классына бат-бат басып кетти. А Адилхан болсо өзү жылмайып алганын билбей калды.Анткени кыздын корккондогу кебетеси ушунчалык күлкүлүү эле.
Айгера классына кирсе, тарых сабагынан жаңы агайды эжейи тааныштырып жатыптыр.Ал уруксаат сурады да ,ордуна олтурду.Негедир буттары титиреп,жүрөгү бат-бат согуп жатты."Не мынча корктуң,призрык деле эмес гоо .Киши эле экен,Эмне мынча коркуп кеттиң, эс алчы жинди кыз десе.Бирок.. .Анын көздөрү.Ал көздөр адамдыкынан башкача көздөр экен." деп ойлонуп жатты,анын көздөрүн эстебегенге аракет кылды,бирок ал көздөр көз алдына тартылып туруп алды.
-Балдар саламатта калгыла,Султан агайыңарды уккула - Айжаркын эжей бир жака шашып жаткандай,баттан басып чыгып кетти.
Айгеранын жүрөгүнүн согушу менен колу бутунун титирегени токтогон негедир токтобой жатат.
-Саламатсыңарбы. Менин атым Султан фамилям Кайратов.Мындан кийин мен силерге тарых сабагынан сабак берем.
Бул сөздөрдүн бири да Айгеранын кулагына угулган жок.Нури Айгеранын бозоргон өңүн көрүп жүрөгү түшүп калды.
-Айкош жакшы элесиңби ? Не болду сага? -деп чекесине бир колун коюп, бир колу менен курбусунун колун кармады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   uikuchu   02 Май 2018 - 00:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Анан?
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   22 Октябрь 2018 - 20:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Аягына чыкпагандан кийин ачпайле койбопсунар. Тамшанып эле калып кеттим чала олгон жылаандай болуп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   LunaSun   23 Октябрь 2018 - 08:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 16:05

Кошулам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   02 Ноябрь 2018 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Каап баштабай эле койбой...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   20 Февраль 2019 - 00:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

-Жакшы элесинби,бир нерсе болдубу,тез жардам чакыралыбы? -жанатан бери Айгеранын бозоргон онун байкаган Султан кабатырлана кызды карады
-Ишиниз болбосун мени менен
Кантип Айгеранын оозунан бул создор чыгып кеткенин озу да билбей калды.Коркуп жатып оозунан чыгып кеткен создорго ынгайсыз боло тушту
-Ако- Нури курбу кызын тиктеген бойдон тан калып карап калды
-Агай билбейт окшойт айылда тез жардам болбоорун-ынгайсыз болгонун жашыра суйлоду да был абалдан чыгыш учун эшикке чуркап чыгып кетти.Султан болсо онтойсуз абалда калды.
***
-Акыл-апасы кызына бир маанилуу нерсе айтчудай олуттуу карады
-оууу апоов-Акылай апасына эркелей карады
-Агандарга барып келсен жакшы болмок,курбу кыздарын менен...
- Мен билбеймда аларды атам кайсы жерге жибергенин
-Мага дагы айткан жок ,аган телефону албай жатат-ыйлам сырай айтты.Акылайдын обору ачышып, апасын аяп кетти.
-Апа капаланбанызчы мен курбу кыздарымдан сурайын, аларга агалары айкан чыгаар...ыйлабанызчыы- апасын эркелейда аяй да кучактады-атам не дейт болду экен
-Мен ага силер кеткенден кийин тушундуруп атам
- макуул анда эки кундон кийин чыгарып, мен азыр кыздарга чалып коёюн
-Ошент кызым менин санаам тынчысын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   20 Февраль 2019 - 00:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

Просмотр сообщения Albinoc.piratium (22 Октябрь 2018 - 14:04) жазган:

Аягына чыкпагандан кийин ачпайле койбопсунар. Тамшанып эле калып кеттим чала олгон жылаандай болуп

Кечиресиздер телефонумду жоготуп алганыма байланыштуу ушундай болуп калды
Парольумду да унутуп калыптырмын
Жоголгон симкамды восстановит кылып,анан ал аркылуу e-mail акаунтумду восстановит кылып,анан бул жакка кирдим
Оба кооп убакыт болуп кетиптир ал учун кечирим сурайм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   20 Февраль 2019 - 01:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

*****
Айгера уйуно кундогудон эрте келди,аябай катуу окунуп жатты агайына айтып алган орой созу учун.Башы дагы деле ооруп жатты, баарып даары ичти.Коптон бери катуу ойлонгондо башы ооругандыктан жанына ар дайым даары алып журчу .
Эртен барып жаны келген тарыхчы агайдан кечирим суроону ойлонду да,уй жумуштарын жасоого киришти.Апасынын жумуштан келээр убагы да болуп калыптыр.Тамак дайындоо керек эле.
Эртеси сабагына кечикпейин деп эртерээк чыкты.Мектепке жакындап калганда баякы кара кийимчен бейтаанышты корду.Бул жолу корккон жок,
болгону кийингенине тан кала карап, менин эле козумо корумчу корунуп аткан жокпу деп эки жагын карады.Жок.Башкалар да коруп жатакан окшойт, аны коздорунун кыйыктары менен карап отуп жатышыптыр.
Айгера классына келсе эч ким келе элек экен.Биринчи сабак Зуура эжейдики болгонондуктан ага коп деле маани беришчу эмес.Себеби класс жетекчиси алгебра сабагынын ордуна тарбиялык саат эле отуп салчу.
Конгуроо басылып классташтарынын баары келе башташты.Коп отпой Зуура эжей баягы корумчуну ээрчитип класска кирип келди.Айгера ошондо гана эжейинин жанындагы бала жаны келген мугалимдердин бироосу экенин тушунду
-Саламатсызбы
-Саламатчылык , отургула....Класском канча окуучу келген жок
-экоо.Турдубалиева, Асанкулов
Журналга келбеген окуучуларды белгиледи да.Балдарга карап
-Балдар бугундон баштап алгебра сабагынан Адилхан агайынар бере баштайт
-Сизчи
-Менден алгебра сабагы тарбиялык саат болуп кетет экен.Темалардан артта калып кылат экенсинер.Ошондуктан агайынар бере баштайт.
-Эжеей биздин мектепке канча жаны агай келген?-Айгера билсе да,билмексенге сала сурады
-тортоо
- Баары эле биздин класска болунушконбу. ..Пахаронго келгендей... Ал агайдын кийми тууралуу намёк ыргытты
-Ай-ге-раа -Зуура эжей куло айтты.Классташтары да бырс куло бири-бирин карашты
Адилхан жактырбагандай Айгераны караганда, ал да аны карап турган эле экоонун коздору эки-уч секундага тиктеше тушушту.Айгера коркконунан козун тартып алды.Ушул секундаларда алар, тагдыр алдыга кандай гана азаптарды даярдап койгонун билишкен жок.Балким билишкенде. .эч качан жолдорун бириктирбей ,бири-биринен айланып отушоор беле ким билет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   sumaika   20 Февраль 2019 - 10:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Кызыгып калдым))улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Ayimka   25 Февраль 2019 - 15:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Дагы телефону жоголуп кеткенби,куто берип козум торт болдуго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Aiko.94.03.23   26 Февраль 2019 - 16:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 01:49

***


Убакыт отуп бат эле 1-чейрек бутооруно жакындап калган.Айгера жашоосундагы кундо баяккы эле кайталанма корунушторго тажап бутту.Сабакка бармай-келмей, уй жумуштарын кылмай.
Негедир ал жакында жашоосунда бир нерсе озгороорун журогу менен сезип жатты.Бирок качан,эмне озгороору белгисиз эле.Ошондуктан жон гана кутуп жатты.Кутуу- бул жашоодогу абдан азаптуу сезим эмеспи.Айрыкча белгисиздикти куткондо.
Бугунда конулу жок эле.Мектепке келгенден баштап башы ооруп жаткан эле,ошондуктан негедир сабакка катышкысы келбей жатты.Физик эжейден эшикке чыгып келууну суранып,чыгып кетти.Туз эле мектептин арка жагына жоноду,себеби ал тараптан мугалимдер сабакка катышпай жургонунду байкашпайт эле,ашыкча адамдар жок тынч жер .Ошондуктан Айгерага бул жер абдан жакчу,башындагы ойлорун ирээтегенге ынгайлуу жай эле.Мектептин арт жагына отуп баратып, алысыраакта жаткан кара нерсени корду да токтоп кадры,анткени тиги нерсе кыймылдагандай болду.Жакыныраак барган жердеги нерсе адам экенин тушунду да,чуркап жетип барды.Жанына келгенде бул Адилхан агайы экенин билди да, не кылаарын билбей колунан турткулоп эсине келтирууго аракет кылып жатты.Адилхан эсине келгенден бир ааз козун ачты .
-Жакшыелесиби. ..мен азыр...агайларды чакырып келейин-артка бурулуп чуркаарда,катуу, муздак кол колунан катуу тартты.
-Токто!-Анна уну октом чыкты.
....
-Токтоо-дагы бир жолу кайталады.Бирок бул жолу негедир ыйламсырап чыкты уну.
-Агай мен чакырышым керек
-Кереги жок.-Ал Айгеранын билегин катуу кармап калды
-Колуум-колунун ооруганына чыдабай кетип, бошотууга аракет кылды
-Кечир-уну каргылдана чыкты.
Айгеранын абалы кызыктай болуп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Ayimka   03 Март 2019 - 13:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Уффф дагы жок,бат бат уланткылачы же болбосо токтогон жерден улантпай эле койбой,эсибизден чыгып кеткенде улантам деп чыга калып,жок болуп кетмей адатын барбы автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: