Суперстан: Кыргызча фамилияларды колдонолу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызча фамилияларды колдонолу Кыргызча фамилиялар

#1 Пользователь офлайн   Pelargos   28 Май 2018 - 18:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 403
  • Катталган: 07 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2020 02:00

Урматтуу форумчулар, кыргыздар учун адамдын аты-жонундогу "-ев(-ева), -ов(-ова)" деген суффикстер менен аяктаган фамилияларга "жок!" деп айтууга мезгил келдиби. Менимче келди. Кээ бироолор улгу болуп баштап да берген. Мисалы:
Садык Шер-Нияз, Мыктыбек Арстанбек, Нурлан Насип, Гулзат Мамытбек ж.б.
Же болбосо нукура кыргызча Акайтегин, Атайтегин, Асантегин, Усон уулу(кызы), Акжол уулу(кызы) деген сыяктуу фамилияларды колдонсок жакшы болот беле дейм да. Кулака да жагымдуураак угулат эле. (Негедир акыркы убакта отчествосу кошо айтылган адамдарды корсом эле коррупционер элестетип, "-ович/-евич" деген суффикстер коррупциянын символундай эле таасир калтырып калды мен учун. Мисалы, Алтынбек Шейшенович, Ханторо Жолбошевич, Капар Жумабатырович сыяктуу ысымдар) Силердин оюнар кандай? Кыргызча фамилияларга отолубу? Же орустарды ээрчип журо белеби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   alibekova94   28 Май 2018 - 19:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Алибекова нормально элеби ?)))) же озгортоюнбу барып ?))) (тамаша)

Мага мисалы озумдун фамилиям жагат) анан башкалар мени анча кызыктырбайт экен, ар кимдин каалоосу да ал, биз бироонун жашоосуна аралашуубуз адамдык укукка тен келбейтко дейм. Бирок мындай озгоруулор нормалдуу деп ойлойм, озгоруу жылдан жылга, кылымдан кылымга болуп келген нерсе болуп деле кетеберет да...

Билдирүүнү түзөткөн: alibekova94: 28 Май 2018 - 19:09


Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   KRIMINAL   28 Май 2018 - 19:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

Нурланың документте Насипбек уулу эле))

Асыр атасын теңтуш кылып ошентип жазмай моода окшойт. Ов же уулу кылбай эле мисалга:Кадыр Ырыс деп коймой болду көбү. Ырысы атасы Кадыры өзүбү же Кадыры атасы Ырысы өзүбү билбейсиң киши.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Sushi_wok   28 Май 2018 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения KRIMINAL (28 Май 2018 - 19:13) жазган:

Нурланың документте Насипбек уулу эле))

Асыр атасын теңтуш кылып ошентип жазмай моода окшойт. Ов же уулу кылбай эле мисалга:Кадыр Ырыс деп коймой болду көбү. Ырысы атасы Кадыры өзүбү же Кадыры атасы Ырысы өзүбү билбейсиң киши.

:D
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Pelargos   29 Май 2018 - 08:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 403
  • Катталган: 07 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2020 02:00

Просмотр сообщения alibekova94 (28 Май 2018 - 19:05) жазган:

Алибекова нормально элеби ?)))) же озгортоюнбу барып ?))) (тамаша)

Мага мисалы озумдун фамилиям жагат) анан башкалар мени анча кызыктырбайт экен, ар кимдин каалоосу да ал, биз бироонун жашоосуна аралашуубуз адамдык укукка тен келбейтко дейм. Бирок мындай озгоруулор нормалдуу деп ойлойм, озгоруу жылдан жылга, кылымдан кылымга болуп келген нерсе болуп деле кетеберет да...


Менен сурасан, "озгорт" дейм да.)) Мисалы, Назик Алибек. Бир сонун болуп калат экен.
Туура, бироонун жашоосуна кайдан аралаша алмак элек. Мен эми жон эле сунуш берип атам да. Жок дегенде бир адам ушул сунушумду туура коруп, баласына куболук алып атканда "-ов/-ев" дегенден баш тартса, мен теманы ачуудагы максатыма жеткен болоор элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Pelargos   29 Май 2018 - 08:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 403
  • Катталган: 07 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2020 02:00

Просмотр сообщения KRIMINAL (28 Май 2018 - 19:13) жазган:

Нурланың документте Насипбек уулу эле))

Асыр атасын теңтуш кылып ошентип жазмай моода окшойт. Ов же уулу кылбай эле мисалга:Кадыр Ырыс деп коймой болду көбү. Ырысы атасы Кадыры өзүбү же Кадыры атасы Ырысы өзүбү билбейсиң киши.


:D :D :D Насипбек уулу болсо деле жакшы да, Насипбековко караганда.))

Кимиси атасы, кимиси озу экенин билбегенин кызык экен. Мисалы Гулзат атасыбы же Мамытбек атасыбы оной эле айырмаласа болот го. :D
Же Дональд Трамп, Майк Тайсон, Роджер Федерер дегендерди кимиси аты кимиси фамилиясы айырмалаш оорбу? "Атасына тентуш болуп калат" дегендер учун "-тегин" , "уулу(кызы)" деп озгортууну сунуштайт элем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   KRIMINAL   29 Май 2018 - 09:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

Просмотр сообщения Pelargos (29 Май 2018 - 02:29) жазган:

:D :D :D Насипбек уулу болсо деле жакшы да, Насипбековко караганда.))

Кимиси атасы, кимиси озу экенин билбегенин кызык экен. Мисалы Гулзат атасыбы же Мамытбек атасыбы оной эле айырмаласа болот го. :D
Же Дональд Трамп, Майк Тайсон, Роджер Федерер дегендерди кимиси аты кимиси фамилиясы айырмалаш оорбу? "Атасына тентуш болуп калат" дегендер учун "-тегин" , "уулу(кызы)" деп озгортууну сунуштайт элем...

"Женисикийди" айырмалаш оңой эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   fantomas   29 Май 2018 - 10:44

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Азыр фамилиян жакпаса, озгортом десен эч ким сени кой дебейт. Мыйзам катуу Союз доору эмес. Керек болсо атын деле озгортуп алып жатышат, мисалы Неля деп. Паспортто.

90-жж. башында торолгон копчулуктун туулганы тууралуу куболугундо паланча уулу же кызы деп жазылып баштаган. Бирок алар бой жеткен сон, паспорт алаарда копчулугу -ов, -ова кылып озгортуп алышты, замандын турун коруп. Россияга барып иштеп калсак -ов, -ова онтойлуу болот деп...

Эми деле каалоочулар озгортуп алса боло берет, паспорт алаарда. Анын кыйын жайы жок. Мамлекет болбой эле -ов, -ова болосун деп зордоп жаткан да жери жок. Сен уулдуу же кыздуу болуп, аларга туулганы тууралуу куболук алаарда паланча уулу же кызы деп жаздырып алсан болот, -ов, -ова'дан конулун айнып жатса...

Анан да -ов, -ова орустардыкы, аларды ээрчийлиби дейсин да, кайра озун Батышты ээрчип улгу корсотосун, Дональд Трамп, Рожер Федерер деп...

Мисалы ошол Нурлан Насип же Нулзат Мамытбек деген ысымдар кулакка жат угулат. ..

Эч болбосо Нурлан Насип уулу (Нурлан Насип тегин) же Гулзат Мамытбек кызы десе бир жон эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   mentol   29 Май 2018 - 12:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 523
  • Катталган: 19 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Янв 2024 22:00
  • Жынысы:Белгисиз

ХХХХХХХХ бай болот, дегендей, жон эле койгулачы эми, и так паспортобузду коргондор "че за паспорт"деп шылдындап бутпой атышат

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 29 Май 2018 - 15:03

Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   KRIMINAL   29 Май 2018 - 12:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

Просмотр сообщения mentol (29 Май 2018 - 06:03) жазган:

ХХХХХ бай болот, дегендей, жон эле койгулачы эми, и так паспортобузду коргондор "че за паспорт"деп шылдындап бутпой атышат

Эмнеге шылдыңдашат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   fantomas   29 Май 2018 - 12:18

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Просмотр сообщения mentol (29 Май 2018 - 12:03) жазган:

ХХХХХХХХХХ бай болот, дегендей, жон эле койгулачы эми, и так паспортобузду коргондор "че за паспорт"деп шылдындап бутпой атышат


Паспорттун эмнеси жаман экен?!! Журот го казактар ID card жана загран.паспорту менен эле. Аларга ID card бизден 5-10 жыл мурун келген. Аларды биз шылдындадык беле ошондо?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   mentol   29 Май 2018 - 12:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 523
  • Катталган: 19 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Янв 2024 22:00
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения fantomas (29 Май 2018 - 07:18) жазган:

Паспорттун эмнеси жаман экен?!! Журот го казактар ID card жана загран.паспорту менен эле. Аларга ID card бизден 5-10 жыл мурун келген. Аларды биз шылдындадык беле ошондо?...



Жаны чыккан IDни айтып жатам. Улутун жок, жашаган адресинди атайын аппараттын жардамы менен корбосон коралбайсын, болбогон паспорт крч

Эмнеге башкалар жасаган нерсени бизда жасашыбыз керек?

Билдирүүнү түзөткөн: mentol: 29 Май 2018 - 12:27

Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   admin_superstan   29 Май 2018 - 15:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения mentol (29 Май 2018 - 12:03) жазган:

ХХХХХХХХ бай болот, дегендей, жон эле койгулачы эми, и так паспортобузду коргондор "че за паспорт"деп шылдындап бутпой атышат




Этика нормаларын сактаңыз, билдирүү түзөтүлдү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Nurkan94   29 Май 2018 - 20:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 06 Март 18
  • Соңку аракети: 04 Июн 2018 22:38
  • Жынысы:Белгисиз

Менин аты жонум Токтосун кызы Нурхан, Токтосунова Нурхан кыла албай журом, озгортуу машакат экен. Докменттерим баары кызы деп алынып калган. Мага "ова"деген жагат. Менин оюм достор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   bakyt9   29 Май 2018 - 21:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2021 20:06
  • Жынысы:Эркек

Нурлан Насип же Карим Темирбайтегин деп өзгөртүүгө мезгил келбей эле өтүп кеткен. Кыргыздарда улуттук аң сезим деген нерсе өтө төмөн деңгээлде. Төрөлгөндө кулагыңа азан айтып, ат койот. Эми Эшмат уулу Ташмат болдуң дейт. Үйлөнгөндө нике окуганда да Эшмат уулу Ташмат деп айтылат. Өлгөнүңдө да жаназаңда, Эшматов уулу Ташмат деп окуйт. Мен түшүнбөймүн эмнеге ов ова болгуңар келет. Жаңы союздан бөлүнүп чыкканда, жакшы эле аты жөнүбүздү кыргызча кылдык эле. Эми кайра массалык түрдө ов овага өтүп жатабыз. Урматуу кыргыздын патриот уул кыздарды!
Келгиле улуттук аң сезимибизди өзгөртпөйлүбү?
"Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" деп Байдылда атабыз бекеринен айткан эместир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Medinaa   29 Май 2018 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Кызы элемин)Ова жагат бирок;)
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   alik.kg83   29 Май 2018 - 22:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 06 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Июл 2019 18:08

Жөн эле койгулачы. Ансыз деле (уулу, кызы) дегенди че такой фамилия или имя деп орус туугандар тажатышат. Эски боюнча эле кала берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Kuyoo_bala   30 Май 2018 - 13:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 31 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2021 20:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

ХХХХХХХХХ .Андан коро намазыны оку,ыйманыны бекемде,зекет бер,жакшылык иштерди жаса.Колу жокторго жардам бер.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 31 Май 2018 - 12:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Sushi_wok   30 Май 2018 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Ов,-ова болсок эле орустарды ээрчиген болуп калабызбы?-деген суроо туулду менде. Же мындан бир жерибиз кемип кеттиби? Же бизде мындан башка ойлоно турган маселе калбадыбы?
Эгер уулу'кызы болуп озгорто турган болсок биринчиден миграция маселесин чечуу керек. Жогоруда туура айтып кетишти, "че за фамилия" дешет орустар. А эгер таптакыр болбой, -ов,-овалар жакпай баратса,озгортуп ала беришсин каалоочулар.
Бизге окшоп чет жерде жургондорго, -ов,-ова эле ынгайлуу.
Орустардан эмне жамандык кордунор, туура жамандары да жок эмес, бирок канча жуз миндеген мекендештер орустардын арасында жашап,иштеп Кыргызстанга, жылына миллиондогон акчаларды которуп жатышат.
(жеке пикирим)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Pelargos   31 Май 2018 - 05:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 403
  • Катталган: 07 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2020 02:00

Урматтуулар, ойдодогу билдируулорду окуп бир аз капа болдум. "Кыргыздар улуу элбиз, кыргыздар намыстуу элбиз" дешет. Чон атабыздын чокусуна улуу, намыстуу элбизби!? Улуттук ар-намыс жок экен го копчулугубуздо. Кул муноз болуп бутуппуз го. Чоголоп жашап конуппуз го, башка элге. Айласыздан Салижан аксакалдын: "кыргыздын кыйындары Манас менен кошо чон казатта кырылып калган, а биз болсо казатка катыша албаган самтырактарынын тукумубуз" деген созу эске келет экен. (Созмо-соз эстей албадым, мааниси ушундай).

Ар улуттун фамилиясында улутту таанытып турган озгочолугу бар. Мисалы, "О'" же "Mc" менен башталса(O' Hara, O'Shea, McDonald) Ирланддык экенин, "-ас/-ис/-ос" менен аяктаса(Пападопулос, Ксенакис) грек экенин, "-сон" менен бутсо (Гудмансон, Йохансон) Исландиялык экенин, "-ич" менен аяктаса (Калинич, Красич) балкан элдери, "-ов/-ин/-енко" менен бутсо чыгыш славян элдери экенин билебиз.
Мурдагы СССРдин курамында турган намыстуу элдер СССР кулашы менен эле улуттук фамилияларга отушкон. Арменияда Оганесовдор- ОганесЯН, Саркисовдор- Саркисян болуп. Грузиндер салттуу "-дзе/-швили" (ДжапариДЗЕ, СаакаШВИЛИ) ге кайтышкан. Ал тургай кошуна тажиктер эки жыл мурда мыйзам кабыл алып, расмий турдо "-ов"дон баш тартышты. Эми аларда Султоновдор- Султонзода, Турсуновдор- Турсунзода. Же болбосо жон гана "-зода" уланбай эле Эмомали Рахмон. Фамилиялар гана эмес, копчулук корогоч кошуналар Кирилл арибинен да баш тартып, латын арибине отуп атат (Узбекистан, Туркменистан, Казахстан, Азербайджан ж.б). Биз эле "чурки" деп басынтып, шылдындаган сайын кайра жармашып, кошамат кылабыз.

Албетте мен жалпы орусту жаман дегим келбейт. Орустан жалпы адамзатка, анын ичинде бизге кыргыздарга пайда алып келген улуу инсандар чыккан, чыга бермекчи. Мен дагы дуйнолук чыгармаларды орус тилинде окуп,(англисчем азырынча ото начар денгээлде болгон учун), тасмаларды орус тилинде коруп, анча-мынча орус шоу бизнес окулдоруно куйорман болуп жургон жайым бар. Мен улутчул деле эмесмин. Бирок ар бир улутка озуно жараша мамиледе болуп, жетеленбей, ээрчибей оз алдынча болушубуз керек деп эсептейм.

Грузиянын экс Президенти М. Саакашвили: "Грузиянын менден кийинки олко башчысы Грузиядагы орус тилин билген акыркы Президент болот. Биз олкобуздо орус тилин билген акыркы муунбуз" деп айтып, мамлекетинде орус тилин туп-тамыры менин бууп, кошумча (дуйнолук) тил катары англис тилин тандап алышты эле. Бизде да ушундай эрктуу башкаруучулар чыгып калаарына умут кылып туралы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 02:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: