Суперстан: Бакыт издеп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бакыт издеп Бактылуулук дубада

#1 Жолоочу_glucke45_* 30 Ноябрь 2018 - 23:23

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кичинекей арал...
Деңиз жээги...
Жана, кичинекей тыпырайган жашы 19-20 дагы кыз. Көздөрүндө кандайдыр бир кайгы, сагынуу сыяктуу белги жанып турат. Ар ким муну өзүнүн деңгээлине жараша түрдүү божомолдоосу мүмкүн. Бирок белгисиз кимге, эмнеге болгон сагынуу.
Ар кимдин тагдыры ар башка. Аллах баардык пенделерине бирдей бакыт, ыйман же мүмкүнчүлүк, мушкүлүк бериши мүмкүн. Негизи пенделердин бири-биринен эч кандай өзгөчөлүгү жок. Жөн гана, бири көп жалган айтышы мүмкүн, экинчиси эки жүздүүлүкту мыкты өздөштүрүшү мүмкүн. Үчүнчүсү болсо эч кимге зыяны тийбеген жөн гана жакшы адам болушу мүмкүн. Бирок ар бири бактылуу.
Мен кандай адаммын өзүм да билбейм.
Классташтарым үчүн аябай ийгиликтүү инсан. Анын ичинде кээ бир мени көрө албаган эмес балким да аябай жакшы көргөн курбуларым үчүн күйөө албас кара далы атым бар.
Ата-энем үчүн тырышчааак, өжөр, алар сыймыктанган кыйын кыз. Алар дайыма сыймыктанышат. Эсимде 8 жыл мурда Анталияга иштеп кеткенимде атамдын туугандарыбызга кызым Антарктидада иштеп жатат деп мактанганы. Айыл эли ушунчалык карапайым, жаратылыштан жөнөкөй калк келишет. Мүмкүнчүлүк болсо азыр 18 жашыма кайра бармакмын да айылдагы мал баккан балага турмушка чыгып бир үйдүн очогун курмакмын.
Бир туугандарым үчүн түнт, аябай эле ыймандуу эч жакка чыкпаган, жаман жолго баспаган өзгөчө инсан. Кээде жапайы атым бар.
Жөн гана тааныш адамдар үчүн аябай бой көтөргөн, эч ким менен баарлашпаган бирок билимдүү 4 тилде эркин сүйлөгөн башкача кыз.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 30 Ноябрь 2018 - 23:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Merelisha   01 Декабрь 2018 - 10:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   atai9292   01 Декабрь 2018 - 12:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Талаская никтеги кыз эмес белең?)
Жазгандарың ошого окшоп кетет экен)
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Fermanov   02 Декабрь 2018 - 05:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 08 Сентябрь 18
  • Соңку аракети: 22 Июн 2021 19:52
  • Жынысы:Эркек

Анан уландысы качан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Жолоочу_glucke45_* 02 Декабрь 2018 - 19:33

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Жаздын алгачкы жылуу күндөрүндө тоонун күңгөй тарабында кичинекей колдору менен көзүнөн мөлт аккан жаштарды улам арчып , ушул айылды жек көрүп кичинекей кыз олтурду. Анын ордунда башка бирөө болгондо алакандай айылдын кооздугуна суктанмак. А бул кичинекей эселек кыз бул айылды жек көрөт. Анан эмне аны апасынан ажыраткан бул айыл эмеспи. Кичинекей кыз өз божомолунда бул айыл болбосо ал башка бир туугандары сыяктуу эле шаарда апасынын жанында болмок.

Менин бул айылга болгон эң алгачкы жек көрүүм мектеп босогосун аттаганда башталган. Башка шаардан келип айылдагы мал-жандардан коркуп бир щылдыңга кабылсам экинчи жагынан өзүм менен окуган классташтарым казакча эң эле болбоду дегенде орусча түшүнүшпөй алар менен достошуу бир азапка тете болгон.

Күндөрүм эрте менен алыстагы апакеме кат жазуу менен башталып кечинде үйгө мас келген атамды уктатуу убаракерчилиги менен аягына чыкчу. Ал убакта мусулман, дин эмне экенин билбесем да ар кечте апам үйрөткөндөй келме келтирип, ихлас сүрөөсүң окуп, Аллага дуба кылып уктоону адатка айландыргам. Апакем дайыма Алла деген улуу зат бар, дуба кыл ага, чоңойгондо билимдүү, ыймандуу, бай кыз болойун деп суран Алладан деп калчу. Байкуш апам балким ошол кезде жетишсиз жашоонун айынан байлык тиле деп үйрөтсө керек эле. Ошол нерсе менин аң-сезимимде сиңип калгангабы кайсы иштен болбосун акча, пайда табууга көрөгөч болуп чоңойдум. Коңшу-колоңдорго алкаш атыккан атам мага кичинекейимден эмгекчил болууга үйрөттү. Балким атам жалгыздыктан, апама жана башка бир туугандарыма болгон кусалыгынан ичип алчу беле же ар кимдин үйүндө усталык кылып иштеп жүрүп тапкан акчасын эч нерсеге жеткире албай чарчаганынан улам арак менен дос болчу беле дале түшүнө албай келем. Бир билгеним тыпындай болгон бөтөлкө мага окшогон канчалаган наристелердин көз жашын агызды, канчалан үй-бүлөнүн очогу бузулуп , бейкунөө наристелердин тагдырын талкалады.

Мени эң кубантканы атамдын байпактарын жууп иштеп тапкан эмгек акыма алып жеген момпосуйларым жана калем-кагаздарым болчу. Эң биринчи кесибим байпак жуугуч десем да болчудай.

Балким башкалар эң биринчи эле апамдын жапкан наны деп сөз баштаса мен атамдын бышырган картөшкө куурдагы деп сөз баштар элем.. Башкалар үчүн кандай билбейм балким камыры калың же эти бышпаган манты болушу мүмкүн, а атам экөөбүздүн сүйүктүү тамагыбыз болчу. Кыздардын көбү үй-жумуштарын апасынан үйрөнсө мен атамдан үйрөнчүмүн. Кээде туруп атакемди ушунчалык жек көрүп кетчүмүн ал менин балалыгымды уррдап алгандай сезилчү. Эркек бала жасай турган жумуштарды мага жасатчу 13-14 жашымдан кой кайтарып, картөшкө чабып, көң чапкан жашоого үйрөндүм. Таң заардан атам уйларды саап короодон чыгарып берчү. Мен бир колума китеп, экинчи колума чыбык көтөрүп, ичи нан менен күнкарамага ( семичка) толгон баштыкты мойнума асып алып түштө окуум башталганга чейин тоодо торпок менен койлорду кайтарчумун.

Бала кездеги жек көргөн адамдарымдын бири да ошол кездеги өлкө башчыбыз болчу. Президенттик шайлоо алдында атакем ошол кишиге добуш топтойм деп болушунча анын плакат,гезит акчаларын чачып иштеп жүрчү. Албетте андай ишкердик араксыз өтчү эмес. Үйүбүздө түнү-күнү мас кишилер үзүлчү эмес. Андайда суук, ичи арак жытына толгон үйдүн бир бурчунда бүжүрөйүл алып ал кишинин президент болбой калуусун тилөө менен убаралчумун. Негедир атамдарды мас кылып, арак ичирип жаткан ошол киши сыяктуу туюлчу.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 02 Декабрь 2018 - 19:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   bikusim   04 Декабрь 2018 - 17:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Анан, улантыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   04 Декабрь 2018 - 17:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Дагы эле жокко?! Кунуно аз-маз-саз, жазып турунчу авторгул.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Жолоочу_glucke45_* 05 Декабрь 2018 - 04:39

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кечирим сурайм. Бугун кечинде болушунча жазып киргизем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Жолоочу_glucke45_* 06 Декабрь 2018 - 01:35

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Айыл жашоосук андай керемет. Айрыкча тоо койну. Каалаганыңды жасайсын. Чуркайсын, бакырасын,секиресин же үнүңдүн болушунча бакырып ичиңдеги толгон буркан шарканды төгүп саласын. Мына ушул эркиндик. Ал эми азыркы көпчүлүк жаштар ата-энесинен алыс, шаардагы кафе-клуб өңдүү жерлерге барып каалашынча эс алууну эркиндик деп эсептешет. Ал эркиндик эмей эле коомдогу көзгө көрүнгүс түрмө. Кээ бири ошол түрмөгө сүңгүп кирип кетсе, кээ бири убакыттынөтүшү менен мага окшоп чыныгы эркиндикке барууну эңсешет.

Балким чоңойбосом же эң эле дегенде айылдан чыкпасам мынчалык ичи көрө албастыкка жана адилетсиздикке толгон коомду, өзүмчүлдүк, байлык-мансап үчүн башка пенденин тагдырын аеосуз талкалаган замананы көрмөк эмесмин. Баягы кыялкеч, арам иштерден алыс, аз күнөөсүз.& nbsp; Айкөкүл бойдон калмакмын. Пенде улам жашына жаш кошулган сайын күнөөлөрү да көбөйөт тура.

Так 16 жашымда башка бой жетип келе жаткан секелектердей эле жигит жандоого өттүм. Апа же эже кеңешин өмүрүмдө укпаган жаным сүйүү деген нерсенин арам кереметине чөмүлдүм да калдым. Бүт жан дүйнөм менен ага берилдим.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 06 Декабрь 2018 - 02:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Жолоочу_glucke45_* 06 Декабрь 2018 - 02:19

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Эркек сөрөй өзмаксатына жетүү учүн Шректеги мышыктан айырмасы калбайт сыяктуу. Ал утурумдукэле. Атамдын мас болуп келгенинен пайдаланып кечинде уурданып жолугушууга чыкчуадат таптым. Ал адам мага чоңдордун жашоосун үйрөткөнгө аракет кылып жатты.Аллахым пендесин ар кандай жаманчылыктан коргойт тура. Балким билбейм өткөөлкуракка шылтоолоп өз абийиримден айрылып калмак белем. Бирок, жаман жолготүшүшүмө Аллах жол бербеди. Менин сүйүктүүм деп аталган адам мени алкоголдукичимдик берип кыз атымдан айрылткысы келгенде аны бир күч кубалап, тоскоолжаратты. Аллах мени бир мөөнөт да жалгыз калтырбай өзүнүн коргоосуна алды. Менин сүйүктүү баатырым ага кечиндежолугушууга чыкканымдан пайдаландыбы же өзүн эркек көргөзгүсү келдиби айтор билбейммен жөнүндө жаман кабарды таратты да жашоомдон биротоло изин суутту. Элестетиниз, 16 жашында кыз атынан жаңылуу деген атка конуу. Болгондо да кызболуп туруп. Айылдагы оозуна ээ боло албаган кыздар, мени көрө албаган дебеймбалким мени өздөрүнөн үстүн көргөн сыртынан жакын бирок ичинен ит эмей эле атөлгөн курбуларым үчүн табылсыз жаңылык болду. Ар күнүм бул кабарды жакындарымукпаса экен деген коркуу, Аллахтан сурануу менен өтчү. Кээ бир классташтарымачык эле сунуш киргизе башташты. Андай учурда биринчи эле өлүмдү ойлодум. Аллах мени экинчи жолу куткарып калды.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 06 Декабрь 2018 - 02:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Жолоочу_glucke45_* 07 Декабрь 2018 - 02:48

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Мектептеги акыркы эки жылдын өтүшү мен үчүн 20 жылга тете болду. Мектеп билим жана тарбия уясы, баардык жакшы нерсени мектептен алдым деп тим эле айга-күнгө теңешет эмеспи. Билимди мектептен аласын ал талашсыз кеп. Бирок кеп тарбияга келгенде андагы алтындай(негизи квалификациялуу мугалим аты эле болбосо, адамдык сапаты темирге да теңкелбеген) мугалимдердин окуучуларды бөлүп-жарып мамиле кылуусунан улам адилетсиздикке көп кабыласын. Айрыкча акыркы коңгуроодо оозунан ушак-айыңтүшпөгөн байдын балдарын мактап-жактап, аларга ата-энесинин көзүнчө ардак грамоталарын тапшырууга шашкандарычы. Айласыздан күлөсүн. Алардын мынтип движение кылгандары белгилүү эле да. Жанагы аттестатын алганда ата-энелери мугалимдерге болушунча майлап беришет эмеспи, ошого кошомат кылып жаткандагысы. Баарынан кызыгы ЖТРдан алган балым мектептеги баардык бүтүрүүчүлөрдүн эң жогору болгону болду.Ошондогу классташтарымдын көз караштары али эсимде. Мен го жалгыз атанын тарбиясын көргөм, мектепте деле кыйратып мугалимдердин тарбиясын ала албагам.Алар мага караганда толук кандуу ,кээ бирлери бардар үй-бүлөдө тарбияланган 18гежаңы толгон балапандардын ичин көрө албастык сезим уялап алган.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 07 Декабрь 2018 - 02:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   anjela2018   14 Декабрь 2018 - 09:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 24 Август 18
  • Соңку аракети: 07 Мар 2019 13:25

уландысы болобу же...?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kakukani   14 Декабрь 2018 - 10:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Дагы качан жазасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Жолоочу_glucke45_* 14 Декабрь 2018 - 15:29

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Эч ким окубайт го деп улантпай койгом да. Кечинде улантам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   bikusim   14 Декабрь 2018 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Окуп кутуп жатабыз. Уланта бергиле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   suranam   15 Декабрь 2018 - 00:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 13 Февраль 16
  • Соңку аракети: 22 Май 2019 14:32
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения glucke45 (14 Декабрь 2018 - 15:29) жазган:

Эч ким окубайт го деп улантпай койгом да. Кечинде улантам

Качан улантасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Жолоочу_glucke45_* 15 Декабрь 2018 - 19:17

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Окуучулук күндөр менен кош айтышкан убак да келип жетти. Жашоонун эң туңгуюк жери. Эмне кылам, кайсы окуу жайга тапшырам,ким болом деген мээни жеген суроолор күндөн күнгө көбөйүп жатты. Мугалимдер келечекте кайсы кесиптин ээси болом деген дилбаянын жаздырганда тажабаса, а менин классташтарымдын 90 пайызы келечекте врач, сот болом дегенден тажашпады окшойт. ЖТРдин жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин ошол классташтарымдын оозунан дарыгер деген сөздүн "д" сын дагы укпадым го). Мектеп учурунда баары сүйлөшүп алышкандай дарыгер болом дешсе, кийин баары маарага шашкандай Росиияга бирининартынан бири чубалып жөнөй башташты.

Менин дилбаянымда болсо кесибим ар башка.Биринде кыялым дизайнер болуп Парижге жетелеп жөнөйт. Экинчисинде адилеттүулүктү издеп соттук отурумга алып жөнөсө, үчүнчүсүндө белгилүү журналист болуп кетипмин. Деги балалык кыялдар эмнеге гана жетелебейт. Ойлоп көрсөм укмуш сүрөтчүмүн дебейм, бир канча райондук сүрөтчүлөр сынагында ийгиликтерге жетишипмин. Журналист болуп кетчүдөйделе талантым болбосо керек. Бир билгеним 8-класста апама арнап жазган ырым райондук гезитке жарык көргөн жана адабият сабагын укмуш сүйүп окучумун. Окуу жылынын акыркы жылында апам биздин жаныбызга келип жашоосун уланта баштады. Эне үйдүн куту эмеспи, жашообуз башка нукка өзгөрө баштагандай сезилгени менен үйдөгү уруш-жаңжал да көбөйө баштады. Баягы эле аты өчкүр арак себепкер. Байкуш апамда аялга тиешелүү амалкөйлүк сапат да жок сыңары же тиргилик деп талаалап жүрүп эркек мунөз болуп калганбы атамды алдап-соолап турмуш куруунун ордуна “А”десе “Б” айтышып урушту көбөйтө берчү. Эркек үй-бүлө башчысы деген түшунугү жок, кээде атамдын пикирин укпастан өзү чечим чыгарчу. Калган бир туугандарымда биринчи апам менен кеңешип, көп жумушту апам чечип калган. Эркек менен аялдын урушун көрө берип тажагангабы менде эч качан турмушка чыкпайм деген принцип пайда болду.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 15 Декабрь 2018 - 19:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Жолоочу_glucke45_* 17 Декабрь 2018 - 02:37

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Өзүмдү дайымажалгыз сезчүмүн.Эч качан Аллага шугүр келтирбегем. Тескерисинче ата-энем, биртуугандарым болбосо каалаганыма жете алам, алар менин максаттарыма жетүүмө тоскоолдук жаратат деген пикир мээмди ээлеп алган. Ата-эне, бир тууган кадырын сезүүгө акылым тетик болчу. Баардык жетишкендиктеримди өзүм жасадым деп билген өзүмчүл кызга айландым . Ошко келдим( негизи Бишкекте окугум келген) каалаган кесибиме бюджеттик орун жок болгонуна байланыштуу, өзүм каалабаган кесибимде бюджетте окууга туура келдим. Башкалардын контракка өтүптүр деген сөзүнө терикким келбеди ачыкчасы. Студенттик күндөрдүн доорун сүрүп кал дешет эмеспи, биз да болушунча Навои парктын майда мантыларын жегенге аракет кылдык. Сабактан качып Сулайман Тоодо күн нуруна капкара болгончо кактанчубуз. Мен үчүн эркиндиктин башаты ушинтип башталган. Кой деген кожо жок, акчаларыбызды керексиз чүпүрөк-боекторго коротмой. Ошонун ордуна жок дегенде бир китеп сатып алып окуп койсом гана. Бишкекке окууга жөнөтпөй койду деп үйдөгүлөргө өчөшүп ушинтип пайдасыз убакыт өткөрүп жаттым. Бирок бат келген нерсе, бат кетет экен 2 айга жетпей соңуркоом тарады окшойт, баарынан тажадым.
1 жыл убактыт өткөргөнүмө карабай экинчи жылыБишкектеги өзүм каалаган университетке экзамен тапшырып өтүп кеттим. 2 күндо догуруп ыйлап жатып Бишкекке кетүүмө үйдөгүлөр да макул болушту.
Бишкек мен үчүнорду толгус шаар. Сабырдуулук, акылдуулук, эмгекчилдик, чыныгы достук жана ак-караны ажыратып билүүнү үйрөттү. Ойлонуп көрсөм Бишкекте өткөргөн 5 жылымда бир да жолу студентке окшоп бак аралап же жигит жандап убакыт өткөрбөптүрмүн. Табиятымдан түнт жаным, Бишкекке келгени андан бетер жалгыздыкка байланып калдым. Эмгекчилдигим атакемден жукса керек алгач эле унаа жуучу жайга жумушка кирдим. Аз убакыттан соң ооруп жумуштан чыгуума туура келди. Адам баарына көнөттура, башына түшсө эң оор кабарды да угууңа туура келет, дарыгерлер жүрөк оорулу экенимди кабарлашты. Билбейм, башкалар кандай кабыл алат. Мен бул кабарды укканда күлдум.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 17 Декабрь 2018 - 02:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Жолоочу_glucke45_* 17 Декабрь 2018 - 03:15

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

( Бираз түшүнүксүз сүйлөмдөрдү курап жазып жаткан болсом, түшүнүктүү кылып окуп аласыздар деп ишенем). Көп жылдан бери жазбай жүргөнгө адабий куржунум аздык кылып жатат окшойт.

Билдирүүнү түзөткөн: glucke45: 17 Декабрь 2018 - 03:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   bikusim   17 Декабрь 2018 - 13:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тушунуктуу эле болуп жатат. Баары жакшы. Уланта бериниз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 12:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: