Суперстан: Күйөөм үйгө түнөбөйт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күйөөм үйгө түнөбөйт Сиздерден кенеш күтөм

#1 Пользователь офлайн   tannuru1503   29 Май 2018 - 06:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 10 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 23 Сен 2023 00:16

Саламатсыздарбы. Мен жүрөк сырынын окурманымын көптөн бери.Бирок өзүм да тема ачам деп ойлогон эмесмин.
Теманын акырында сиздерден туура кенеш сурайм.Мага ката кетирбегенге жардам бергилечи... .
Жомоктогудай жашоомду бир заматта өзгөрткөн,азыркы учурдагы башымдагы проблеманы айткым келет.
Жолдошум экөөбүз 3 жыл сүйлөшуп,сүйүшүп жүрүп баш кошконбузга 20 жылга чукулдады.Ортобуз сый...бири бирибизди жакшы көрөөрүбүздү баары билип,идеальная пара деп баары суктанышчу.
Мен аны сүйгөндүктөн жана ишенгендиктен эч качан кызганып көрбөгөм.Ал түз жүргөн,так,түз сүйлөгөн,бир мүнөз жакшы адам.Ушуга чейин күнүгө сүйөм деген сөздөрдү айтышып,кучакташып жатчубуз.Ал болсо өтө кызганчаак. Акча ,оокат үчүн эмес ,только анын жөнү жок кызганганынан улам уруш чыкчу.Мени ак жеримден эле ар ким менен жүрдүртүп,жаткырып айламды кетирет.Достор болуп чогуу отурганда,сенин күйөөн түз...колунан тартсак да тескери жолго баспайт деп кеп кылышчу.А мен болсо ошондой деп сыймыктанчумун. Эгер чын эле башканы сүйсө кете берсин..бактылуу болсун..мен сени кармабайм деп айтчумун.Ал болсо сен мени такыр кызганбайсын. ..менин сага керегим жокпу дечу...
Адам 40тан ашканда өзгөрөбү же көбөбү билбейм,акыркы 3 айда өзгөргөнү даана билинди.Негедир мамилеси муздак.төшөк мамилеси таптакыр унутулду,кучактап жатмак турбай колун да тийгизбейт, жуурканды ортосунан кымтылап алат.Ары карап жатат,мени менен иши жок,балдарынын кем карчын толуктап,акча берет и болду...Өзү кичинекей ишканада 6 адамды иштетет.Акчасы бар.Алардын арасынан эн жашын алаарда,жумушту өзүм үйрөтүп...тын экен деп 20дан өтүп калган келинди жумушка алганбыз.Жолдошу экөө жаш семья болуп,ата-энеси жок жаш балага турмушка чыгып,2 кызын өзүнүн ата-энесине бактырат экен. Кийинчерээк жумушуна барсам,баякы мен айткан тын келин күйөөмдүн соткасын алып,сериал көрүп отурат.Күйөөм болсо күнүгө 200 сомго ед.салат.Анан жиним келип күйөөм менен,эзели мага бербеген сотканы эмнеге ага карматасын деп урушчу болдук.Ал болсо ой.жөн эле сураган деп актанат.Кийинчэрээк ал кыз өзүнүн номерин скрытый кылып,алып күйөөмө чалганы көбөйө баштады.Сотканы мен алсам ,унчукпай коюп коет.Мен күнүго күйөөмө аз чалсам ,ал номер менден көп чалат.Күнү чалат..Туну чалат...Бир күнү ..эй ,мен сен экенинди билем да.Өзүн күйөөн ,балдарын туруп,не эле чаласын десем,эже мен жумуш тууралуу эле чалам.Сиз мен жөнүндө жаман ойлобонуз дейт . Күйөөм болсо аны жумуштан кетире албайм,анын ордуна ким иштейт,бул жумушту оной менен үйрөнө албайт,сен менин жумушчуларыма кыйын болуп,чон болбо дейт.Акыркы убакта жумушуна барып калсам да ичине кирбей,сыртынан эле кетем.Кандайсынар деп коебуз,бүттү башка нерсе сүйлөкей жок.Үйго жакшылык болгондо иштеген жериндегилер да келип чай ичип кетип турушат.Баякы кыз да келет.Арык,сулуу, боенгон ,тын тарсылдаган кыз.Ответти укмуш берет.Кой сыйымды кетирбейин деп унчукпай жашап келем.Бирок ал кызды жек көрөм.
Өзүм болсо карапайым үй кожойкеси.Турмушта чынчылдыкты, ишенимди өйдө коем.Ажылдап, урушкум келбейт.Сен түшүнбөгөндөн кийин ,сага корогон кайран сөзум деп,сүйлөбөй, унчукпай, ичимден өзүмчө дүйнө түзүп алып жүрө берем
Мындан 4-5 ай мурда тиги кыз вотсаптан жазыптыр мага...Боюмда бар экен,алдыртсамбы билбейт.Күйөөм жумуш таппайт,жатат, кыйналып кеттим деп.Анан эле күйөөсү Бишкекке стройкада иштеп атат деп угуп калдым.Аябай жоош бала. 2 кызын ата-энесине берип коюп баякы кыз квартирада жалгыз жашайт.Кызганычтын айынан сураштырып атып,ал кыз кайда жашаарын билип алдым Андан бери 5айдай убакыт өтуп,баары унутулгандай болгон.
Анан менде проблема башталды.Соода сатык кылам деп,колуман келбей өтө эле чон сумма карызга батып калдым.Күйөөмдөн коркуп,биринен алып ,бирине берип атып,кашаны чалып,аргам калбай калганда күйөөм ,анын бир туугандары, меники бүт билип,уят эле болдум.Кечиргиле деп ыйлап...туруп бердим.Өлөйүн десем жан таттуу экен.Балдарым үчүн баарына чыдайм.Мени не дешсе да унчукпай көтөрөм дедим.Күйөөм болсо стресске тушту,жек көрдү,бирок акырында аман болсок кутулаарбыз, сарсанаа болбо мен турбаймынбы деп,ого бетер,жанталашып иштеп акча таап менин карыздарымды төгө баштады.Ата- энем билбейт,берээрге эчтекелери деле жок,атам давление,апам жүрөк оорусу менен ооруйт деп эчнерсемди билгизбейм. Алар үчүн мен турмуш орду түптөлгөн,жакшы кыз ,жакшы күйөө балабыз.
Менин карызым билингенге 3 ай өтту.Анын-менин бир туугандарым, болгон акчаларын берип,жардам кылышты.Күйөөмө кечирип кой,ушундан кутулта көр.Мен сага кара жумушчу күч болуп берейин деп ыйлап жалынгам.Бул жашоодо мага жалгыз гана күйөөм түтот экен.Аябай нерв болду,стресс болду,үшкүрүнүп эле отуруп калды.Мынча сумманы угуш ал үчүн түшкө кирбес нерсе эле.Себеби өзу карыз албаган,бербеген так адам болчу.Укканда сенден муну күтпөгөн,дүйнөдөгу эн честная деген сен болсон деп аябай нааразы болду.Койнумда аял эмес эле анаконда жаткан турбайбы деп...Бир жаман сөз укпаган жаным,башымды шылкыйтып анын мени жек көргөн сөздөрун угууга,заар чачкан көздөрүн көрүүгө туура келди.Анда санда коноктон ичкен жаны, ичкени көбөйө баштады,үйгө түнөбөйт.Машинасына плед салып алган.Үйгө түнөбөгөну көбөйдү,сурасам. ..жиним келип,стресс болуп ичтим.ГАИ кармабасын деп машинада жатам дейт.Мен күнөөлүдөй унчукпайм.Суроо берсем,эмне болду,ишин канча ,сен мага суйлөгөнгө укуксузсун дейт.Балдар үчүн баарына чыдашым керек дейм.Кээде Бишкекке баарын тыштап кетип калгым келет.Ушул убакта күйөөм баш аягы 1 айдай үйгө түнөгөн жок.Өмүрү бөлүнбөгөн экөөбүз уктабай жалгыз жатам.Телефонун өчүрүп салат же албайт.Акыркы убакта негедир соткасын мыкчып кармап,эч кимди тийгизбей жолотпой калганын байкадым.Үйгө кирсем эле сотка менен сүйлөшуп,смс жазышканын байкасам да байкамаксан болуп унчукпайм.1 жума мурда ал уктап жатканда соткасын текшерип кирсем,10 дон кийин баякы кыздын номери...атын жазбайт..только номер...Ал номерди мен да жатка билем.Өзумду күнөөлөп,байкуш күйөөм мен үчүн түн ичинде кетип,эртен мененкиге ишти эрте даярдап атат деп ойлоп жүргөн жаным негедир мунусунда шектенүү жаратты.Анын сим касы мага катталгандыктан ошкага барып мага 3 күндүн ичиндеги чалууларды чыгартып алдым да көргөн көзүмө ишене албай турдум.3 күндүн ичинле 82 жолу чалуу,. смс.Күйөөм көп чалат экен.1604 секунд сүйлөшулду дегенде укканда чалкаман кеттим.Демейде ооба,жок менен чектелген сүйлөбөгөн күйөөм анын жанында булбул болуп калган го...Эмнеси болсо да азыр ызы-чуу чыгарбай,дагы байкамай болдум.Корсулдаган күйөөм саат 12лерде түнкү сменге кетет...мен чарчадым ...күнүгө түнкү саат 3тө турам..Сенин карызындан кутулалы дейт.Мага мас болуп айтты:Баары бүткөндө мен сенден балдарды алып алып кетем деп,синдиме болсо карызынан кутулткандан кийин ажырашам..эженер ушундай иш кылды деп смс жазыптыр .Эми масчылыгы менен жазгандыр деп жүргөм.
Аны түндөсу 10до,кээде 12де жакшы бар деп узатып коюп..андымай болдум.Ал кетээри менен такси чакыртып ,тундө жумушуна бардым.Барсам жумуш бек.Жумушчуларынан аста сурамжыласам. ..күйөөн өмүрү түнкү сменге келбейт...дайыма танкы 5терде жумушка келет дешти.Менин күйөөм бирөө менен жатат-турат, ойнош күтөт деп өмүрү оюма,түшүмө кирмек эмес.Мен ага ушунча ишенчүмун.Байкатпай андымайым уланды.Жаны машина алганда агыш,боз түстогу полотенце салып койгом машинасына. Карасам эле ал кирдеп калгам...байкасам пудра суйкөлгөндөй. ..анан жатканда аарчылгандай агала-сагала. ..Бул эмне десем,балыкка барганда булганат да деп койду...Мурдагуну да үйгө конок келген анын бир туугандары. Тункү 11 болуп калганда батаны күтпөй мен кечигем...жумушка барып эрте эс алышым керек,түнкү үчтө турам деп характерин көргөзүп...жумушка шашып кетти.Баары кеткенде ,балдарды уктатып коюп жумушуна барсам...эшик бек..Таксини тиги кыз жашаган үйгө айдатып бардым..бирок машинасы көрунбөгөндөн кийин докозательство жок кайра келдим ...таксиде билгизбей күтүп турсам баякы характерин көргөзуп шашкан күйөөм танкы 5те жумушка келди...Жумушуна күндүз барсам..кандайсыз деп тиги кыз жүрөт...эчтекесин билдирбейт. Мүмкүн мен кызганычтан ичим өрттөнуп жатабы дейм.Кечээ түнү да ал кеткенден кийин да такси айдатып жумушка барсам жок, кайра тиги кыздын үйүнө келсем күйөөмдүн машинасы турат.Көргөн көзумо ишене албай турдум.Не кылсам...эшикке чык десемби...жаткан жеринен кармап алсамбы,бирок күйөөм тигинин көзунчө мени баса калып,тур жогол дейби деп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   tannuru1503   29 Май 2018 - 06:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 10 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 23 Сен 2023 00:16

Түз эле апасынын үйүнө барып, байке,женесин апасын ойготтум да.Апа баланар бирөө менен жүрүп жашап алыптыр.Мен эмне кылаарымды билбейм .Азыр баланар тиги аялдын үйүндө жатат дедим.Жини келген апамдар болуп бардык.Барсак короосу чупурөк менен тосулган...ырайы кеткен барак тамдын бир башы экен.Барып эшигин такылдатсак ичинен илинуу экен.Бул арада кайнагам инисине жан тартып,биз эшикте турабыз..чык эшикке деп чалып ийиптир...Бир маалда жепирейген кичине эшиктен күйөөм чыкты.Уялчу туру жок.Мен бизди корүп уялат го десем...не келдинер...биякта карта эле ойноп отургам деп босогону кармап алып апам ,женем экөөбүздү түртүп үйгө киргизбей койду.Мен экөөну төшөктүн үстүнөн кармагым келген.Өмуру өйдө карап сүйлөбөй айтканынан чыкпай жашадым эле.Бул кылганы эмнеси.Эн честный күйөө ушуну кылса.Менден тиги 6 айлык боюнда бар аялдын эмнеси өйдө,арыктыгыбы, сулуулугубу, же төшөктө жатканыбы... Мен деле 18 жыл чогуу жашаган убакта мен деле андай сулуукту,жаштыгымды бербедим беле...Акыры жүрүп ушундай рахмат алдымбы???Акыры баскыла ызы-чуу болбой үйдөн чечишебиз деп акем баарыбызды үйгө алып келди.Тиги аялгды эч кимибиз көргөн жокпуз.Баркынды кетирип,ажылдашпа. Мен күнөөлү эмесмин,күйөөн өзү келип атат десе эмне дейсин дешти.Үйгө келдик...апам ыйлап урушуп,мен да айтчумду айтып,ыйлап алдым.Өзум оор басырыктуу мүнөз болгонгобу ичимден таарынып,көп ажылдай албайт экем.Уялбай унчукпай отурду.Калп эле кечиргиле эртен аны жоготом деди.Апам ,кайнагам ,женемдер кайра эле мага :Сен сабырдуу бол,азгырылыптыр, кечирип кой.Ачууга алдырсанар баланар жабыр тартат дешти.Аркы берки көп сөз сүйлөндү.Акырында өзүнөр үйүнөрдөн чечишкиле деп үйгө келдик.Келсем күйөөм кесирип кой деп туруп берди.Мен болсо айтчумду айтып...3 вариантын бар.1)эгер чын эле сүйсон артынан кете бер,жолунду тоспойбуз.2)Унчукпай балдар үчүн мурдагыдай жашайбыз,бирок эки башка төшөккө жатабыз.Мен сени менен тиги менен 1 ай жашаганынды билип туруп..кайра мурдагыдай боло албайм.Менин бутумду кучактап,таманыман өпсон кпна кечирем деп айтып салдым(Туурабы же туура эмеспи билбейм?)
3)вариант .Баарын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   tannuru1503   29 Май 2018 - 06:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 10 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 23 Сен 2023 00:16

Баарын тыштап салып Бишкекке кетип калгым келди...таптырбай кетким келди...Мындан ары ачык сүйлөшөлү канча болду десем 1 ай дейт...тиги боюндагы бала кимден десем күйөөсүнүкү дейт..мас болуп алып сага нерв болуп жүргөндө өзүм барыпмын ..көп деле жаткан эмесмин....чарчап барып эле уктап калып аттым деди..Мен деле ага шарт түзүп төшөгун салып..телевизорун коюп..эшигин тынч эс алсын деп жаап койчумун...төшөк маселеси деле болчу эмес ,мен күнөөм бар деп айта албайм...күйөөсу эчтеке билбей шаарда иштеп жүрсо...чаар жылаандын кылганын кара.Эми эмне кыласын десем:Чалдым баары бүттү ,эртен Бишкекке кетет деди.Кечээ танкы 5те кеткен.Тигинисин шаарга салып ийгени кетти го деп,сурасам. ..үйү бек экен...телефон менен сүйлөштум деди.Кечээ бир жарты бутылканы ичип алып,кечке уйгө жатты.Акыры ары-бери ойлонуп....жиним менен айттым...балдар үчүн кечирем...жиндим десе..жүрсөн да билдирбей жүрбөйт белен деп...кайра аны өпкүлөп...кечинде сүйлөшөлү дедим.Кечинде баарын кечирдим..анын аты,менин карызым тууралуу мындан кийин ооз ачышпайлы деп айтайын дегем.Мен аны ал эмне кылса да сүйөт экем.Тубөлук жашоомду күйөөм менен гана элестетем .Кетем десе,бактылуу бол деп гана узатып коем.Балдарымдын жанында эчтекеден кор кылбай багып алам дедим.Менде ага болгон сезим муздаган жок..Ал жатса да,жүрсө да мен аны жөн эле кечирип,сүйүп жашай бергидеймин. Эмне кылса да мен аны чын дилимден сүйөт экен.Азыркы мендеги сезим болгону,ыза, таарыныч окшойт.Эмнемен жаздым,ушу жылдары ага жөлк болдум,3 бала төрөп бердим,жакшы кожойке,жакшы жар,жаркылдаган келин аталдым.Менден эмнеси өйдө...мүмкүн күйөөмон 16 жаш кичүү болгон жаштыгы өйдөбү?Курсагы чендейип 6 ай болуп турган аял менен ак никелуу аялын кантип алмаштырды. .Жакшынакай үйүно жатпай..жер кепедей квартирада кантип жатып жүрдү?Айтоор суроомо жооп жок,унчукпай кутулат.Чыдабай кетип :Айтпайсынбы, онолосунбу,бутурөсунбу деп өзум сурайм.Кечээ эле убада берген күйөөм бүгүн жок.Ачыгын айтып,мен минтем деп чечим чыгарса болмок..сүйлөшөйун десен ичип келсе жыйынтык чыкпайт..кызуу болумуш болуп,уктап калат...же аны же мени тандай албай убара,балким боюна кылып коюп,байланып калдыбы?..Жүрөгүм качан муз болот...таштай тонуп калышынан корком.Азыр келем деген күйөөм дагы жок.Азыр да такси менен издеп таппай келдим...жумушта да,тигинин үйүндө да жок.Же аны чын эле сүйүп...не кылаар айласын тапай коштошо албай..бүгүн да койнунда жатабы? Мүмкүн башка квартира таап көчүрүп жүрөбү же Бишкекке узатып кеттиби...иши кылса азыр да күтүп жалгыз жатам.Тел.чалсам түнкү 2де ичип атам,азыр барам..апама айтпа деген...кайра кайра чалгым келген жок...жиним да келген жок...иши кылса не кылаарымды чын эле билбей жатат.Силерден суранаарым кенеш бергилечи;
Ата-энесине барып айтсамбы?
Күйөөсунө чалсамбы?Аялын ойнош күтүп алган деп
Күто туруп,күйөөмө дагы шанс берсемби
Же дайнымды билдирбей таптырбай таарынып,үйдон чыгып кетсемби?
Же күйөөмдү үйгө киргизбей коюп,ажырашам деймби?
Же кызга чалсамбы?
Же баарын кечирип,эч кимге билдирбей зымпыйып,элге- журтка сөз болбой ушу жашоомду уланта беремби?
Же элдин баарына айтып шермендесин чыгарсамбы?
Кыскасы менин 18 жылдык жомоктогудай жашоом бир көз ирмемде урап тушуп,тозокко айланды...Журөгум баары бүтө элек,дагы далай сюрприздер алдыда дегенсийт.Бир күнү боюндагы 6 айлык бала күйөөсунөн эмес меники деп айтат го....деп шектенуу жаратат..Чындыгын каяктан билем.?Кандай кылсам туура болот.Сабырдын тубу сары алтын болобу...баары бир айланып жүрүп аэропортко конот дешет.Менин ага болгон сезимим тонуп муз болуп калбаса экен деп корком...Аягы...

Билдирүүнү түзөткөн: tannuru1503: 29 Май 2018 - 07:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   fantomas   29 Май 2018 - 07:10

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Демек озун аягына чыгыпсын... Ошону тээ башта эле кылышын керек болуучу, журо бербей...

Анан калса сенин да куноон бар. Суйушуп куйушкон жолдошун менен кенешпей иш баштап, банкрот болуп, ал аздай ар кимден карыз алып отуруп карыздарды 2-3 жселеп кобойтуп жиберип куйооно толошуп кой десен... Ким да болсо нерв болот, конулу сууйт аялынын акмактыгынан. ..

Билдирүүнү түзөткөн: fantomas: 29 Май 2018 - 07:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   tannuru1503   29 Май 2018 - 07:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 10 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 23 Сен 2023 00:16

Эл көзүнө жакшы семья болуп,үй ичинде ичибиз былгып жатат.Мен сиздерге азыркы таптагы болуп жаткан окуяны жаздым .Кудайым баарын тынч жолго салышын тиленем.

Билдирүүнү түзөткөн: tannuru1503: 29 Май 2018 - 07:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   crazyloop   29 Май 2018 - 08:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 961
  • Катталган: 28 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 23:48
  • Жынысы:Белгисиз

Чын эле койнундагы "анаконда" экенсиз. Капа болбойсуз. Мейли, откон ишке окунбоо керек, бирок куноо сизде. Стресске тушкон куйоонуз ушинтип жинин чыгарып атса керек. Артынан тушуп андыбай эле коюнуз демекчимин мындан нары, а андып апаларын ээрчитип барып чекит койгонунуз го дурус болуптур. Бирок, куйоонуз экоонуздордун ортонуздардагы мамилени ырбатып алуудан сак болунуз. Кокусунан "бар кет, карызыны озун толо" деп калса, каякка барып балдарды кантип багып иштеп кутуласыз? Биринчи карызды ойлоп, акчаны, убактынызды уномдоп, озунуз да аракет кылып иштениз. Аны детектив, таксилерге коротпой. Нервинизди да сактап, ошол нервди кантип иштеп карыздан кутулам деген ойлор менен толтурунуз.

Куйоонузго "кечирдим сени" деп, чын журоктон кечирип, аны жумушка, жашоого шыктандырыныз. Мындай кыла албасаныз, озунуз жазгандай куйоонуз сиздин таманынызды ооп атканын элестете бериниз, чындап болгондой элестетсениз, кечиресиз. Анда да болбосо, сыртыныздан кечиргендей озунузду алып журунуз, ичинизден алгач кыйналасыз, бирок жашоонуз жакшы жакка жыла баштайт, карызды оной кутуласыздар, балдарыныздар менен чогуу, бактылуу жашоо, ден-соолугунуз жайында. А ойношу менен болгонун унута албайм деп озунузду жей бербениз. Унута албай турган нерсе жок жашоодо, мээни мусордон тазалап, жакшы жашоодо жашаса болот, ден-соолук учун.
Бул менин жеке оюм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Eli.91   29 Май 2018 - 09:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 05 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2024 16:25
  • Жынысы:Аялзаты

Баарын окууп тан калдым,тиги жаш келинге куйоонордун акчасы гана керек?аа куйоонор болсо ал нерсени байкабай жургонсуйт, ал келиндин бети бет эмей эле к-т экен,Кудай сактасынго мындайдан! ордунарда мен болгондо,ата- энесинин жанада куйоосун таап алар жаткан учурда устуно бастырып кирип бети башына койгулап олло урмакмын?дагы сиз чыдамкай экенсиз?билсенизда билмексенге алганыныз кантип чыдап журдунор дейминда?озумдо куноо бар деп озунорду басынтканынар туура эмес?анткени силерде куноо болсо?куйоонордо силердикинен чон куноо турат?Али да кеч эмес куйоосун таап ата-энесин таап тутуп бергиле?сенде куноо деп куноолойтурган болсо?сенин кыянаттыгындын жанында менин куноом кыпынчалыкта эмес деп аччык эле айткыла?озунор айлыгы жакшы жер таап иштеп карызынарды озунор жапкыла?ошондо гана куйоонор силерге асылбай куноо койбой калат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   ilgizk   29 Май 2018 - 09:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения fantomas (29 Май 2018 - 07:10) жазган:

Демек озун аягына чыгыпсын... Ошону тээ башта эле кылышын керек болуучу, журо бербей...

Анан калса сенин да куноон бар. Суйушуп куйушкон жолдошун менен кенешпей иш баштап, банкрот болуп, ал аздай ар кимден карыз алып отуруп карыздарды 2-3 жселеп кобойтуп жиберип куйооно толошуп кой десен... Ким да болсо нерв болот, конулу сууйт аялынын акмактыгынан. ..

Сен баласы менен тең экенсиң, сенсиребей кеңеш бербейле кой!

Т.боюнча,эже сабыр кылың баары жакшы болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   KRIMINAL   29 Май 2018 - 09:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

Жазганыңызга караганда акылдуу аял эмессиз. Сизди бирөө жөлөп таяп туруш керек экен. Өзүңүздүн колуңуздан эшектин тезеги дагы келбейт экен. Балким тиги кыздан айырмаңыз ушундадыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   fantomas   29 Май 2018 - 10:31

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 214
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2018 11:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бавария Мюнхен.

Просмотр сообщения ilgizk (29 Май 2018 - 09:35) жазган:

Сен баласы менен тең экенсиң, сенсиребей кеңеш бербейле кой!

Т.боюнча,эже сабыр кылың баары жакшы болот.


Балким баласы эмес, атасы менен тен чыгаармын, сен кайдан билдин?!! Же форумчулар никте туура жашын жазат деп ойлодунбу?! ! 1945 же 1900-чу жылкы форумчулар да журот го андай болсо... Сен оз жолун менен кете бер, иничек!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ilgizk   29 Май 2018 - 11:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения fantomas (29 Май 2018 - 10:31) жазган:

Балким баласы эмес, атасы менен тен чыгаармын, сен кайдан билдин?!! Же форумчулар никте туура жашын жазат деп ойлодунбу?! ! 1945 же 1900-чу жылкы форумчулар да журот го андай болсо... Сен оз жолун менен кете бер, иничек!! !

Өзүң бил...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Nuri1988Elim2010   29 Май 2018 - 12:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 15 Август 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 12:09
  • Жынысы:Белгисиз

Эже сизге сабыр!Акыл калчап иш кылыныз.Антип чыгып кетпениз,баарибир сизге кайтат.Жакшы суйлоп,ширин тамак жасап,жакшы мамиле кыла берсениз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Persi.Djekson   29 Май 2018 - 13:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 673
  • Катталган: 10 Апрель 18
  • Соңку аракети: 13 Сен 2021 00:41
  • Жынысы:Эркек

Даа заварили вы кашу..Куйоонузго айтпай карыз алып иш баштаганыныз туура эмес болгон экен.Эми жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт дегендей,идеальный адам жок да.Баарыбыз ката кетиребиз.Проблеманыз жакшы жака чечилип кетишин каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aidinaernur   29 Май 2018 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Экоондо тен куноо бар экен
Балдары учун экоо тен кечиришип , мурдагыдай жашоого аракет кылып жашап кала бериш керек.
Откон кун унутулбаганы менен жашоонун жаны барактары ачылган сайын артта кала берет. Кайра ал барактарды окубай картты сыйрып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aidinaernur   29 Май 2018 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Чогуу жашап бири биринерди коргон сайын бир аз нерв болосунар бирок ажырашкандагы корогон нерв ото оор болушу мумкун. Тууган урук, балдарынар кошо тартат азапты.
Жеке оюм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Kunbeken   29 Май 2018 - 14:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 09 Май 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2021 17:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:сҮйгөнҮмДүН калаасы)

  • Адам ачууланганда кобунчо туура эмес чечим чыгарып салат, ошондуктан эч ачууга алдырбаныз. ..
  • Сиз мноолоруду туура эмес жасапсыз десем эле кайра ордуна келип калбайт сиздин туура эмес чыгарган чечимдериниз(туура эмес экенин озунуз деле билсениз керек).
  • Майда барат нерселерде деле ачууланып чыгарган чечимиме дайыма окунуп калам анан озуму алаксытам бул деген тагдырдын жазганы качып кайда бармак элем Аллахым эмнени тагдырыма жазсам корушум керек деп)) ) Бирок ошол эле учурда тагдырга жазганды коромун деп олтуруп албай дайыма туура чечим чыгарууга туура жолдо журууго аракет кылам. Сиз мен туура эмес кылдым .. каап карыз албай эле койбой деп озунузду кыйнай бербениз болоор иш болуптур балдарыныз чон болсо озунуз иштениз ишке алаксыйсыз, озунузду карап, озунузду кубантып мыкты тамактарды жасап -озунузго, кызыктуу китептерди окуп куйоонузду менен ал кызды ойлобоого аракет кылыныз. Куйоонузго дайыма жакшы суйлонуз эч нерсе болбогондой журо бериниз. Убакыт отот ал келин эч качан куйоонуз менен тублуктуу жашап кетпейт! Акчасына кызгып эле журот озунун айдай балдары менен куйоосун ойлобогон сиздин куйоонузду деле жарытпайт эч ойлонбонуз куйоонуз озу эле уялып келет алдынызга. Сиз урушпай жакшы суйлоп мен куноолуумун жаным кечирчи сен болбосон кантем ушу сенден сурасам мындай болмок эмес менин акылдуум го сени менен сыймыктанам сен мен учун идельныйсын, дуйнодо бир эле штуксун ))) деп жакшы суйлой бериниз озу уялат кылган ишинен. Эгер ушунча жакшы суйлосонуз да суйуп мериминизди тогуп турсаныз да кайтпаса анда кубаныныз Алла Талаа сизге куйоонуздон да сонун башка бироону буйурат 40тан ашсаныз жап жаш экенсиз 45тен деле ашып бактылуу болсонуз болот.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   raia   29 Май 2018 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Турмушта болот ар кандай,каймака талкан чалгандай дегендей.Турмушта эмнелер кана болбойт.Аял киши баарына таяр болуш кероек.Куйондун жакшы кундорун да корупсун,эми жаман кунуно да чыда.Токтоомун, сабырдуумун депсин эми ошол харектеринди иштет.Сабырдуу бол.Токтоо бол.Илгертен айткан ойнош оттон ыссык,калса б-тон сассык деп.Сасыганча чыдашын керек.Женилдике алдырба.Балдарын турса уй - жайын турса,торт тошогунду которуп кайда бармаксын.Эрге ишенгенче ,эки босогон ишен деп илгертен айтат.Демек жан бирген куйонон,жаны жок эки босогон саа артык.Отур,кайда бармаксын дейдип,устундо уйун бар,эки босогон бар экенине шугур кылып,уч баланды белине байлап тиричилигинди кыла бер.Кундо такси жалдап артынан тушуп кетирген кайран акча ошол акчага балдарына шириндик алып берип,эт алып балдарына ырыстуу тамак жасап берип,оз уйундо олон тошогундо балдарынды кучактап жатканын артык.Балдарынды таштап саксактап туну журбой.Эрдин жузу бурулганча жердин бети бузулсун дейт.Бузулган эркеке жалынганын, жалдыраганын бей пайда.Андан коро озуно жалын,мен баарына чыдайм,менин балдарым бар ошого шугур деп озунду озун сыйла,озунду озун котормоло.Анткени сен балдарына керексин.Ар нерсени ойлобой акыл токтот.Эри ойногон бир эле сен эмес.Коптун колдун катарындасын. Оз намысынды озунду кетирип,ар кимге барып айтып отурба.тобо де да жаканды кармап бир Алладан суранып,тиленип тиричилигинди кыл.
Жаштар айтат ар нерсени чатак иштин араксы барып ажырашуу болот.ошону бир бил.Чатак салба жузу жок эркек болсо ошончо адамдын козунчо аны суйдум десе ошондо жети омурун жерге кирет.Жакшысы чыр чыгарба.Озуно баш бербеген эркек ата эне бир туугандарын деле укпайт.Жакшысы кетсен кетерсин балдар оз кунун корот,мага озу Аллахым жардам берет,жерде калбасмын.Келсен уйун уй,жайын жай балдарына жакшы ата болосун мен балдарым учун жашайм да деп озунду озун тарбиялап кайдыгер карагансып тур.Суйгонунду ,куйгонунду билгизбе.Мин жалынсан да кетер эркекти кармай албайсын,балдар менен да ошон учун кайдыгер болгонсуп тур.Конулун орутар соз айтпа.намысына тийер суйлобо.Болор соз айт болбогон дейди соз конулун кана иренжитет.Кетем десе кармаба,калам десе кет дебе.Озу бир чечимге келсин.Канчалык жабышкан сайын эркек качат.Аркандап озуно карата албайсын.Кетерине да таяр бол бир айтарым кетем деп торт тошогунду которуп торкунго жонобо.Сен кечээ келген келин эмесин.Ошол босогодон карыганда соогун чыксын.Кетсе озу кетсин.Анан ат казыгын айланып табат болор ...
Кетсе сен балдарынды багып кайын журту колго алып,тарсылдап ишинди кылып журо бер.Тирик болгонду Аллахым курук койбойт.Аракет кылсан берекети болот кызым.
Анан дагы бир айтарым шашылып ажырашам дей корбо же коркутам деп акыры сенг эрге тийбейсин го.Озу келип загс кырктырам десе айла жок.Дегеле мин эркек жакшы болсо да озу бергиси келбесе алименти деле жарытпайт.Андан коро Аллахым берерин унутпасын озун тапкан акча берекелу болот,берекеси ичинде...
Дагы бир айтарым босогондон атай корбо кызым ошол босогодо таштай кат,ошол эшикете суудай син калганын турмуш корсотот.Балдарынды ая...Чымчыктын да уясы бузулбасын .Бузулган уяда тугонбос арман болот,аттини коп болот.Ошон учун кызым сабырдуу бол.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 29 Май 2018 - 14:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   dina1223   29 Май 2018 - 15:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 28 Март 16
  • Соңку аракети: 01 Июл 2019 18:35

Эже бирок чын эле сабырдуу экен, сиздин жошоонузду омкор, томкор кылган келиндин куесуно чалып айтын. Эмне кылып жургонун, колунуздан келсе ата_энесине айтын.. Анан силердинда жашоонор бир жансыл болот, куенуз эрчип кетет же калат, сиз Бишкеке квартиралабай эле уйунузду балдарыныз менен алып калып жашай берин..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ludimira   29 Май 2018 - 15:55

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 577
  • Катталган: 27 Август 17
  • Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Куйоонун кошо толошом,кутулалы деп айтып жатса демек жолдо таштаган жок.
Ойношунун устуно киргизбей токтотсо уят бар.Сени мн жашайм деп келиптир....бул нерселер шанс эмеспи.
Ал аял жаш,ишинде коп убактысы ал мн чогуу,ал аялда бала жок болсо (кыздары энесинде) куйооно кооп убакыт боло алат.
Жаштын иши жаш,наглый болушат, дерзкая энергия башка жаштардын жанында.
Сизде болсо кооп жылдык аялдык орун,балдардын энеси.
Сабыр,эн жок дегендер карыздан кутултуу,балдарды туптоого финансы жолун ойлоп немисче Бетти сыйрып кармап турун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   tumar98   29 Май 2018 - 16:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 26 Апрель 18
  • Соңку аракети: 29 Апр 2019 01:57

Эже куйоосуно ишенген.Урматтуу форумчулар жашоодо ишенген адамыныздар алдап кеткен учур болду беле .Жон эле белая пушистая болдунарго .Жок дегенде форумдан жакшы создорду ,кенештерди аябайлычы форумчулар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: