Суперстан: Бакыт издегендер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (20 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бакыт издегендер. Бакыт издегендер.

#221 Пользователь офлайн   Jumanazar.97   20 Июнь 2018 - 14:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 101
  • Катталган: 09 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 19 Сен 2018 15:02

Маржан Саматты сагындым десе бул жакта туруп эле мен бактылуу болуп кеттим. Мени сагынып жаткандай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Июнь 2018 - 14:52

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Ушу Саматка бир нерсе болот окшойт:(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   zinagull1996   20 Июнь 2018 - 16:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 18 Февраль 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 17:57

Кутуп жатабыз автор. Жаза гой эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   Sushi_wok   20 Июнь 2018 - 18:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Саматтын уйунон коноктор узулбойт.
Кунуго жок эле дегенде бирден адам келет. Атасы тируу кезинде, уйдун кичуусу болгондуктан, оз ата энеси менен турчу. Кийин ал каза болуп калгандан кийин уйду, келини менен небересине бошотуп берип,улуу баласы менен жашашат азыр. Кары адам жашаган уй баарыбир берекелуу болот окшобойбу, азыр деле келим'кетим коп. Эне баланы болуп коюшту дешпесин дейби айтор, тынбай каттап турушат.
Апасы менен куйоосу жумушка кеткенде деле, Маржананы зээриктиришпейт.
Ага келин да конуп буткон, кундо эртен менен бир тамакты жасап, уйду жыйнап коет. Келген туугандардын баары келинди жакшы коруп, алкап кетишет.
Бугун эмнегедир боорсок жегиси келип, эрте туруп камыр жасады. Апасы да эртен туруп жуунуп, кийимдерин утуктоп жатыптыр. Болмосуно баш баккан келинин коруп куло карады:
-Эмне эрте турдунбу балам?
-Ооба апа, эми жакшы келин болоюн деп жатам да?
-Сени ким жаман дептир, чакырчы ошону козун оюп алайын? Сен менин жакшы келин эмес кызымсын! Корчу бул кофтаны, жарашат бекен?
-Жарашышы го жарашты, бирок далысы бир аз кенен болуп турат да апа, чечсениз мен ичинен билиндирбей бугуп берем, устунон утуктоп койсо билинбей калат!
Шыпылдап тигип жаткан келинине ыраазы болду эне:
-Муну иштеп жургондо уйрондун беле?
-Жоок, андан мурда эле озумчо бирнерселерди тигип'жамап эле журо берчумун, уйдо, апамдан калган эски машине менен. А жумушка киргенден кийин, коп тажрыйба топтодум.
Кийимин устуно кийген энеси чыны менен танкалды:
-Сенде,жакшы жондом бар экен балам! Озунчо иштеп корсон кандай болот эле?
-Сонун болмок да апа, Саматка бир'эки жолу айтсам, анча конулсунбой койду эле ошол бойдон кайра айтпадым.
-Саматка мен озум айтам,акыркы убактарда жумуштары кобоюп жатат, болбосо конулсунбогудой эмне? Озуно да жакшы иштесен балам?
Экоо ашканага киришсе, Самат да келип калды:
-Ии экоон! Менден бекитип эмне эле кубур'шыбыр болуп жатасынар?

-Ой кокуй сенден эмнеге бекители тентек? Кызым экообуз жон эле суйлоштук,колу гул турбайбы аялындын? Ошо айтам, эмнеге эле мен алып келбесем деле, ашканада жаны туткучтар пайда болуп, кире бериштеги айнектин пардалары алмашып, балам ательеге кийим ташыбай калды деп.
-Мен деле ойлонуп журом аны апа. Эми аракет кылабыз буйруса! Маржанкам, эмнен бар жегени, алып кел!
-Азыр!
Чайын демдеп бери бурула бергенде, Маржандын козу карангылаша, башы айланып, эсин жоготуп, кулап тушту. Эне'баланын азыр эле кубанып турган жуздору купкуу боло тушуп, журоктору оозуна кептелди:
-Маржан!
-Кызым!
Самат жете келип Маржанды бери оодара, бетине чапкылады:
-Маржан, эмне болду сага жаным, аччы козунду?
Эне колуна суу алып келип чачты:
-Бизди коркутпа балам?
-Апа, Тез жардамга чалыныз!
Эне телефонго жугурду.
Тан эрте дарбазадан чыккан Тез жардам унаасы зыпылдап, оорукананы коздой баратты!
Маржан козун ачып эле, мандайында жылмайып турган медайымды корду:
-Мага эмне болду?
-Сиз ооруканадасыз, баары жакшы! Озунузду кандай сезип калдыныз?
Келин бир аз башынын айланганы болбосо, кыйла женилдеп калыптыр:
-Жакшы!
-Куттуктайм, эне болосуз!
-Ыя?
-Торт жумалык болуп калыптыр, бирок мындай кылганыныз жакшы эмес! Табитим жок деп эле тамактанбай журо бергенсиз го э?
-Мен эне болом?
-Ооба! Эми сиз кобуроок тамактанып, конул тарткан нерселерди жешиниз керек, болбосо мына коруп турасыз, кундо эртен менен унаабызга салып алып келе беребиз.
Маржан учун кутулбогон жанылык болчу. Азыр ал же кубанаарын, же кайгыраарын билбей селейди.
Медайым тамашакой корунот:
-Болду эми эсинизди жыйыныз, чыгып атакесине суйунчулонуз! Мен балага керектуу витаминдерди жазып берем, созсуз алып ичиниз, азыр озунузду жакшы сезип жаткан болсонуз, кете берсениз болот!
Маржана коридорго чыкса апасы менен куйоосу жалдырай тиктеп, кутуп турушуптур:
-Маржан, кандайсын, эмне сени коюп жибериштиби?
-Журогум калсачы балам?
-Сиздерди да жумуштан койдумбу?
-Жумуш жерге кирсин, бизди коркуттун жаным!
Устуно уйруло тушуп, озу учун кошо кайгырып, турган эки адамды коруп, Маржана тагдырына ыраазы болуп кетти. Жашоодо, кимдир бироого керек экенинди билип жашоо да, озунчо бир бакыт экен!
-Менин боюмда бар экен!
Самат келинчегине караган бойдон туруп калды:
- Эмне дейсин? Мен ата боломбу ыя?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   Neslihan   20 Июнь 2018 - 18:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дагы кутөбүз эже сонун жазып жатасыз уланта бериңиз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Июнь 2018 - 18:29

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:гезит: :гезит: :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   Armanymsyz   20 Июнь 2018 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 496
  • Катталган: 30 Июль 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2021 18:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ

Азаматсыз Данек сонун жазып жатасыз. Суперге сиздин теманыз учун эле кирип атам...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   Sushi_wok   20 Июнь 2018 - 19:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жандар эч кайда чыкпай калды коптон бери. Ордунан турат, тамактанат, кайра жатат. Озунон озу жудоп кетти.
Эшиктин чырылдаганы, анын жашоосуна кандайдыр бир жанылык алып келуучудой, шаша ордунан туруп барды.
Самат экен. Колунда толтура баштыктар, ал эч качан куру кол келчу эмес.
Анчалык кубанбады,эмнеге экенин озу да билбейт.
-Жолик кандай досум?
Эки дос кучакташып корушушту:
-Кел Сашка!
-Келдим,эмне жатыш бул?
-Ээ!
Жандар колун шилтеп, диванга отуруп, телевизорду жандырды:
-Эмнеге келдин деп сурабайсынбы?
Досунун кубанычтуу жузуно карап кулду:
-Мени сурады деп эсептей бер да, айта бер!
-Мен жакында ата болот экенмин, аяшын кундо ар нерсе алып келип бер деп, айламды кетирип жатат!
Жандардын ичиндеги жалын кайра кучой тушту. Орттоп эле кетсе экен биротоло, мумкун ошондо ушундай, бир тустогу жашоосунан кутулаар?
Мына!
Суйуусуно жетем деген умутторунун жиптерин, кырка чапчу суук кабар!
Жок, кайдагы суук кабар? Досунун кубанычына ортоктош болуш керек эмеспи кайра, досу эмне деп ойлойт.
Бул ойлордун баары мээсин чыналтып чыкты:
-Куттуктайм досум!
-Куттуктаганга али эрте, балалуу болсом анан деле жетишесин куттуктаганы. Кел тамактаналыбы, сени менен бир отурайын деп, атайын келдим!
-Макул, мен чай коеюн азыр!
Тамактанганча суйлошуп олтурушту:
-Досум, бир иштин башын кармасан болот эле?
-Ага зарылчылык деле жок азырынча!
-Кааласан кел, чогуу иштешели?
-Азыр эмес досум!
-Анда качан?
-Билбейм !
-Кайсы куну барсан да сен учун эшигим ачык Жолик?
-Билем досум!
-Отконду унут дос, болоор иш болду, менден качпа, бизге аралаш, акыркы кундору корунбой кеттин!
-Макул!
Саматты узатып коюп, уйуно кирди.
Эмне кылаар айласын таппады. Ызаланды!
Окунду!
Бирок женилдей албады, устунон басып турган бир куч аны, уламдан'улам жерге ныгырып бараткандай эле.
Шарт ордунан турду! Эсине бир нерсе тушкондой , кийинип сыртка чыкты.

Кутуусуз келген Жандарды шефи таныркай карады:
-Тынччылыкпы?
-Товарды откорушуптурбу?
-Жок!
-Качан кетсем болот мен?
Шефи кытмыр жылмайды:
-Кааласан азыр!
-Анда кеттим?
-Бара бер, керектуу маалыматты жиберип коем, бул жолу этиятта, сени жоготуп албайын!
-Тушундум!
Жандар ушундай бир нерсе менен алаксыгысы келди, болбосо озуно жооп бере албай калышы мумкун эле.
Шефи муну таптакыр башкача тушунду. Алар мурда мынтип, бирине'бири кутуусуз келип'кетип журушсо деле, бул келишинен жакшылыкты коро албады.
Бул келиши "менден этият бол" деген белги сыяктуу сезилди. Себеби, Жандардын мурдагыдай болбой, озгоргону чын болчу!
Артынан койгон адамы уктап калганбы эмне?
Ачууланып, кимдир бироого чалып кирди.


Убакыт отуп жатты зуулдап!
-Самат байке, ошол багынызда бий алма да барбы?
Самат тан эрте козун ачалек эле, келинчегинин созун угуп, кулкусу келип кетти:
-Ии, эмне болуп кетти?
-Менин бий алма жегим келип жатат!
-Офф жаным, азыр деген кыш, бий алма деген азыр бакта жоо -ок!
Маржана ыйлактайт:
-Эмнеге жок?
-Кышында бышпайт да бий алма?
-А менин бий алма жегим келип жатат!
-Маржана, тан аталек гоо, кичине уктайлычы?
-Мен ыйласам, сиз кантип уктайсыз билбейм!
Маржана тетири карап былтындайт!
Аялынын кылыгына боору эзилгенче каткырып кулот:
-Макул жаным, мен таап берем бий алманы, бий алма элеби шашпай турсун!
Телефон менен бироого чалып, суйлошту:
-Бий алман кун чыккандан кийин уйго озу келип калат, сен чыдай тур бир аз ээ?
-Эмне шылдындайсыыз?
-Ой сени шылдындаган жокмун кичинекейим!
-Шылдандап жатасыз!
Самат калп эле кабагын буркомуш болуп, Маржананы жумшак жаздык менен атып урду:
-Уйку бересинби жокпу?
Маржана чон коздорун бат'бат ирмеп, куйоосуно карайт:
-Жегим келип жатса эмне кылайын?
Самат чыдабай кетип, бук тушуп кулот:
-Тимеле бечара боло калганын, келчи берака!
Келинчегин жакшы коруп кучактап, кайра'кайра опкулоп жудотот.
Кош бойлуу болгондон бери абдан ыйлаак, ынжык болуп калган аялы. Бир нерсени кааласа созсуз таптырып жейт, болбосо коз жашы даяр турат!
Мурдагы токтоо Маржана жок.
Эртен менен ойгонбосо Саматтын бетине суу куюп жиберет. Уйкулуу козун ушалап, аркасынан кууп жонойт:
-Бери кел, суу куйган кандай болгонун корсотоюн сага, токто дедим!
Маржана карматпайт. Апасынын артына жашынат:
-Апа каранызчы, Самат мени кууп жатат?
Эне экоонун ортосунда,келинин коргоп чебелектейт:
-Болду чык эшикке! Ырас кылат сени ойгонбосон, бир ойготкондо тура койбойсунбу анан?
Самат адилетсиздике чыдабай кетет:
-Шашпа сениби,апамды да сатып алыпсын да ээ?
Апасынын артында туруп,тилин чыгарат келин:
-Чала болсун!
-Эртерээк тура турган болосун да балам?
-Ой апа, мунунуз тун ортосунда деле ойгонуп алып,каяктагы нерселерди жейм дейт, аны табам деп, мен байкуш уйкудан калам. Анан эртен менен уктаганымы да коро албайт!
-Сени ким изде деди, баарын алып келип кой уйго?
-Ой ошо уйдо турган нерсени жесе кана ушу? Алып келсен деле кыйратып жебейт!
-Куч биз тарапта, чыдасан ата бол, туш ашканага тамак даяр, жумуштан кечикпейли!
Айтор, бул берекелуу уйдо сонун кундор болот!
Биринен бири кызык!
Бир куну кулпунай деп безилдеди эле Самат, чогуу иштеген агрономуна чалып, парниктеги чала бышкан кулпунайды, алып келип берип кутулган!
Ичи билинип 6айга жакындап калган. Апасы бир жагынан Самат бир жагынан безилдешип, колун муздак сууга да салдырышпайт. Жумушка чыгууну ойлоп, Эл аралык сынакка озунун эмгектерин жонотуп койду. Жообу келе элек. Он жооп келип калса, тороп, баласын чонойтуп алып, анан чыкмак болду.
Курбусу Гулум болсо,кун алыс кабар алып турат.

Бул аралыкта Сейил ошол ресторанда таанышкан жигитке турмушка чыгаарын айтты. Артынан тынбай чуркап журуп, бул кок бет кызды кондургон окшойт.
Атасы бир топ жакшы болуп, оз жашоолору менен алек. Аскат токтоо жигит болду. Эжелеринин жоктугу ага билинди. Апасы менен атасына жардам берип, окусун жакшы окуп жатты.
Баарынан да ал жездеси Саматты жакшы корот. Коп маселелерде ошол менен кенешет. Майдаланып олтурбай, эркекче бутуруп бергенин сыйлайт. Кыздарга барса, белегинен бери тандашып, озу алып берет. Ортобузда калсын дешет экоо. Албетте, эгер Маржана билсе, инисин урушаары турган эле кеп да?

Сейилдин тоюнун чыгымынын басымдуу болугун Маржана которду.
Кайненесинин жардамы менен , септин баарын озу тикти:
-Колундан келбейт эмес келет балам! Огой жерге кирсин, ал сени апа ордуна корот, ошондуктан эжелик милдетинди аткар, акчадан кам санаба!деди.
Бул кен пейил адамдын жакшылыгы, Маржананын журогундо жылдар бою сакталып калат. Ансайын сыйлап, "апакелеп" турат.
Сейил турмуш жолуна аттанып, чакан мамлекеттердин катарына дагы бир "уйбуло" деген мамлекет кошулду!



***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   Mydearzh   20 Июнь 2018 - 19:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Чыгарма болсо да Маржанга суктандым))
Ушундай уй-було ар бирибизге буюрсун. Албетте, аягы жакшылык менен бутот деген умуттомун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   Sushi_wok   20 Июнь 2018 - 21:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Эмне жумуш кылат экен?
-Жемиштерди экспорттоочу, чакан фирмасы бар экен!
-Эмне кылышты озун бил, болгону Жандар келгиче баарын бутур, артындан из калтырба!
-Макул!
Жардамчысы чыгып кеткенден кийин, туноруп отуруп калды. Жандарды бир аз коркутуп койбосо болбойт. Эч нерседен кайра тартпаган ал, эртен озунун башын деп коюшу мумкун!

Маржана бугун коон алакел деген болчу. Жумушунан эрте бошоп,уйго жоноду. Келинчеги корунбойт, дароо эле чалды:
-Каякта журосун, кыбырайып?
-Ооруканада, текшерууго келгем!
-Жакшыбы баары?
-Ооба, экообуздун тен денсоолугубуз жакшы экен, куйоон айтканынды таап берип жатканы учун, балан жакшы чоноюп жатыптыр деди врач!
-Кордунбу,керек болсо балам да жакшылыгымы билип жатыптыр?
-Сиз жакшысыз Самат байке!
-Сен дагы жаным! Баса, коон алып келдим сага!
-Ой жумуштан эрте чыктынызбы?
-Ооба, бугун эрте чыктым, батыраак кел э?
-Жолго чыктым, азыр барып калам!
-Макул кичинекейим!
Кийимин алмаштырып, жуунуп чыкты. Коонду болмого алып кирип баш жагына коюп койду.
Телефонуна чакыруу келип, караса иш башкаруучусу экен:
-Алоо?
-Самат иштер чатак иним?
-Эмне болду байке?
-Откон жумада жемиштерден жергиликтуу дукондорго да дун баада откоргонбуз, кардарлардын бироо'экоо ууланыптыр, ооруканага тушуп калышыптыр!
-Анан?
-Устубуздон арыз тушту!
-Апам кайда?
-Ушул жерде!
-Шайтан алгыр! Бир кун эрте келсем, бул да насип этпептир, барам азыр! Шашканынан кийимин деле алмаштырбай чыгып кетти.
Маржана уйго келсе Самат жок. Чалса албады.
Оюнда жаман нерсе жок эле тирилигине киришти. Эмнегедир апасы да кечигип жатты. Коон жегиси келип, издесе жок, муздаткычта да жок.
Кечки тамагын даярдап коюп, кирип жатты. Коондун жыты мурдун ордоду, бирок баш жагын караган такыр оюна келбептир.
Жегиси келип,ыйлап да алды бир сыйра. Чыдабай Саматка кайра чалды:
-Оув жаным?
-Же коонунуз жок, же озунуз жок?
-Ой коонду алып барып койдум го, озум болсо азыр барам!
-Мен тапкан жокмун коонду?
-Болмондо жаным!
Маржан туруп издей баштады. Баш жагындагы текчеде туруптур. Самат шашылганда чачыкты ошонун устуно ыргытыптыр, бетин жаап калыптыр. Суйунуп кетти:
-Таптым!
Самат башын чайкап кулду:
-Жаш бала элесин!
Мынчалык даамдуу болбосо а?
Ашканага кирип, кесип жеп отуруп калды.
Бир маалда келишти, бирок маанайлары жогураак. Самат, ичин томпойтуп, тамагын стол бетине даярдап, бетин сулгу менен жаап коюп, озу столго обоктогон бойдон уктап калганын Маржанды коруп,эбедейи эзиле мурдунан ооп алды:
-Кичинекейим менин!
Апасы экоо шыбыраша суйлошуп, Самат келинчегинин колун акырын тартып, котормокчу болду:
-Байкушум,тамак жебей бизди кутуп отурган го,мен жаттым, силер да эс алгыла балам!
Апасы кирип кетти, азыр алардын тамак ичмек тургай, кекиртегинен суу да отпой турган абалда эле!
Маржан ойгонуп кетти, жолдошу ага болбой эле ичин этияттап, которуп алды:
-Эмне кечиктиниздер?
-Иштер кобоюп кетти жаным, копко куттунбу?
-Ооба, коон даамдуу экен!
-Баарын жеп койдунбу?
Маржан кыткылыктады:
-Ооба, бирок коркпон, эртенкиге чейин чыдайм!
-Чыдабасан да эч нерсе жок,алкымын чоноюп баратат сенин!
Маржан куйоосунун колун чымчып алды:
-Ырас болуптур, чыдайсыз!
Экоо эртен кандай болуп кетээринен кабарлары жок, бактылуу эле ал муноттордо!


Кундо тергоого чакырып, "чет жака да экспорттошот экен,дарыны коп олчомдо кошушат экен жемиштерге, бул адамдын денсоолугуна олуттуу зыян келтирет" дешип, усту'устуно текшеруу келип,кичинекей фирманы чукуп, ызылдап эле жатып калышты. Жабырлануучулар экоо тен ооруканада, алардын чыгымдарын да Саматтын фирмасы которду. Остурулгон жемиштердин, ар бир жонотулуп жаткан болугуно чейин текшерууго алышты:
-Дарыны канча олчомдо кошосуздар?
Самат безилдейт:
-Тушунсонуздор! Дарылар жемиштердин бир аз чонойуусу учун гана колдонулат, калганын оз убагына чейин кутуп эле, бышканда анан жыйнап алабыз, мындай окуя бизде мурда такыр болбогон, мен туздон туз ошол жемиштерди жеп, уулангандарына ишенбейм!
-Бизди жалаа жаап жатат деп ойлойсузбу, биз арыз боюнча иш жургузобуз?
-Мен андай деген жокмун!
Илинчектуу эч нерсе таппаганынан, иш жабылаарына аз калганда, ооруканада жаткандардын бири капыстан эле "абалы оорлошуп" каза болуп калды.
Кайра чукуп, иш сотко ашып, Саматты эки айга камакка алышты.
Иш оорлошуп кетти!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   Akylai_aktan   20 Июнь 2018 - 21:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 336
  • Катталган: 20 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Мар 2024 15:52
  • Жынысы:Аялзаты

Суши Саматты олтурбонузчу суранам.А Жандарга канча боорум ооруса деле олот болсо керек.Киллер эч качан жакшы жашоо корбосо керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   Mydearzh   20 Июнь 2018 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Мен ойлогон окуя болбосун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Июнь 2018 - 22:11

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   Sveti   20 Июнь 2018 - 22:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 08 Июнь 18
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 12:39

Просмотр сообщения Akylai_aktan (20 Июнь 2018 - 21:45) жазган:

Суши Саматты олтурбонузчу суранам.А Жандарга канча боорум ооруса деле олот болсо керек.Киллер эч качан жакшы жашоо корбосо керек.


+++++++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   Sushi_wok   20 Июнь 2018 - 22:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Шеф товарды алып келишиптир, сизди кутуп жатышат!
-Качан келишти?
-Тун жарымда!
-Жандар озу келет эле го, эмне болуптур ага?
-Ал келбептир?
Шеф ордунан тура калды:
-Эмнеге келбейт?
-Аны айтышпады!
Мына сага кызык!
Шеф жоноткон адамдары менен жолугууга шашып жоноду. Келсе баары тугол, Жандар жок. Кебетелери суук баарынын:
-Жандарга эмне болду?

-Шеф, ал бизди укпай койду!
-Эмне болду, ток этээр жерин айт!
-Колго тушурмокчу болушту. Чек арадан кыйла алыстаганыбыздан кийин артыбыздан тушушту. Атышуу болду, биз да жооп кайтардык,бизде эки унаа , аларда бироо болчу. Жандар "мен тосом, силер товарды алып кете бергиле" деди.
-Кийинчи?
-Биз алыстап кеттик. Жандар унаада озу эле болчу, аны аткылап, унаа токтоп калды. Алар жетишти, биз артыбызды караганга шартыбыз жок болчу! Товарды таза бойдон алып келдик.
Шефи жин тийгендей, тамекисин дембе'дем соро берди:
-Чунак бала, ушуну коздоп кеттин беле?
А силер болсо онун туруп,бир анын ордун баса албайсынар, уктунарбы?
Баса албайсынар!
Жинин кимден чыгарышын билбей турду.

Бул убакта Жандар, казактын кумдуу таласында чала жан болуп, омур менен олумдун ортосунда жаткан эле!





Маржандын чайноосу токтоп калды:
-Эмнеге, эмне учун?
-Озунду карма кызым! Баламдын куноосу жок, эгер туура чечим чыгарышса, балам акталат!
Маржандын оюна биринчи Жандар келди.
Сезди! Бул жерде анын колу бар экенин, аялдык сезиминде билип турду.Ал досуна кыянаттык кылды!
Кекенип турду ичинен.
Шайырлыгы жоголуп, тунт болуп баратты.
Саматка да каалаганда жолуктура коюшпайт. Ичинен эзилип, арыктап кетти.
Апасынын айтканынан гана тамак жеп жатты. Жебесе балага кыйын да?
Самат бар эле эркелеп жургон экен, эч нерсеге табити жок болуп калды.
Тууган урук ызылдашып, акча да сунушташып, Самат учун, ал камалган мекеменин алдынан кетпей калышты. Бирок пайдасы болбой жатты.
Самат менен жолуктурганга уруксат берген куну,Маржан тан эрте жоноду.
Самат Маржанды коруп эле бооруна басты:
-Кичинекейим, эмне арыктап кеткенсин, тамак жебей жатасынбы?
Маржан коз жашын тыя албайт:
-Жеп жатам, баланызды аман'эсен жарыкка алып келейин деп, озумду зордоп жеп жатам!
-Ыйлабачы? Коросун баары жакшы болот, ыйлаба, балама да зыян!
Маржан, ук мени, озунду жакшы алып жур, коп сыгыла бербе, сага азыр сыгылганы болбойт да.? Менден кабатыр болбо, менде баары жакшы! Апамдын айткандарын ук макулбу?
Ал анткени менен, жузу кубарып, эки шилиси чыга тушуптур. Ананчы, абактын жашоосу оной беле?
Маржан куйоосунун мойнуна асылып, ыйлагандан башкага жарабады:
-Макул, айтканыныздай журом, мен сизди жакшы кором Самат байке!
Самат аялынын жаактарынан кармап, эриндеринен аймалай опту:
-Мен да сени жакшы кором жаным, аз калды буйруса баары жакшы болот, сен сабыр кыл !
Мындайда убакыт тез отот эмеспи? Экоо ажырашкысы келбесе да эки тарапка болунууго аргасыз!

Уйдо апасы экоону жалгыз койбой, улам бири келип тамак ашын жасап, каралашып турушту. Эне кундо жумушка кетет, ал да барбай койсо, ушунча жылдык мээнеттери куйуп, кул болбойбу?
Кайрадан ишти колго алып, жургузуп жатты эне!
Баласы учун энедей эч ким куйбостур! Ичинен амандыгын тилеп, келинине коргозбой коз жашын тогуп журду!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Июнь 2018 - 22:20

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   Sushi_wok   20 Июнь 2018 - 22:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Озуно келип калдыбы?
-Азырынча жок!
Жандар козун ачты. Боз уйдо жатканын билди. Колу бутунун бар экенин сезбегендей, жон эле жанчылып оорутат.
Тамагы кургап, тили оозуна батпайт.
-Кайра торолушун менен уулум!деди жанында отурган киши казакча.
Чала бучук тушунду:
-Суу!
Уну чыкпайт, жон эле оозун кыбыратып жатты.
Окуя мындайча болгон!
Ал чабан кой бакчу, ал кумдуу талаа, уйуно барып келчу жолдун озогун тузот эле.
Адатынча айылдан, куржундун эки козун толтура тамак'ашын, кем карчын салып, жайытына бараткан. Жандардын канга чыланган денесин коро сала, астындагы аты кошкуруп жиберди. Аттан тушуп, абайлап барып, оодарды. Жаны бар окшойт, тамыры билинээр' билинбес болуп согуп турду. Боордош эл эмеспи, "эмнеси болсо да" деп, атына бокторуп, ушул турган боз уйуно алып келген.
Колуна, кокурок тушка тийген окторун алып, мынтип даарылап отурат. Уйдо аялы, бир уулу менен турчу.
Жандар аран бир ай дегенде бутуна турду. Бар болсун, бир ооз ашыкча кеп сурабай, керектуу дарысын берип, карады.
Жашоонун калыстыгы да ушунда болсо керек, жамандар аралаган бул омурдо, жакшыларга до созсуз орун табылат. Анткени,турмуш таразасын тен салмакта кармап турган дагы, ушул жакшы адамдар!
Ишенгиле!





..

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 20 Июнь 2018 - 22:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   Nuri1988Elim2010   20 Июнь 2018 - 22:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 183
  • Катталган: 15 Август 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 12:09
  • Жынысы:Белгисиз

Ой журогум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Июнь 2018 - 22:56

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Ишендим :гезит: анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   PUM.PUM.KG   20 Июнь 2018 - 23:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 04 Июль 17
  • Соңку аракети: 06 Июл 2020 22:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва шаары

Просмотр сообщения Tansuluu09 (20 Июнь 2018 - 22:56) жазган:

Ишендим :гезит: анан

Колундагы китебинди берип турчу, биз дагын окуйлу. Эч кимге корсотпой бизден алдын окуп алгандыгын калыссыздык болуп калатко укам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (20 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 35 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 35, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 05:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: