Озумду жоготуп кое жаздадым .Баарынан баш тартып жугуруп барып мойнуна асылгым келди .Бугумду чыгара кокурогуно башымды жолой тааныш жытты магдырап жыттагым келди. Буттарым шилтенбей шалдай болуп туруп калдым .Алты жети кадам бассам жетем .Бирок бутум ал тарапка шилтенбеди . Жин тийген кишидей таптакыр эле башка тарапка бурула кете бердим .Жолдошум кайда барабыз деп артымдан жетпей келе жатат .Журу уйго кетебиз озумду жаман сезип жатам башым ооруп деп когордум.Дагы жумуштар буто элек го эртен да убара болобузбу бутуро кетели деп ал болбойт. Мага эч нерсенин кереги жок деп ай ааламды жанырта бакыргым келди бакыра да албадым бирок козумо ээ боло албай тамчылар тоголонуп кетишти. Жолдошум тушунбой эле макул катуу ооруса кетели деп уйго кеттик.Бардым да болмого кирип тошогумо куладым .Бугумду чыгарганча ыйладым бирок боксорбодум .Эмнеге эмне учун деген суроого жооп таппадым .Жан дуйном жанчылып журогум мин санга тилинди.Эх кыстаган турмуш турмуш. Жан дилин менен берилип суйбогон киши менен кандай омур отот эми жакында той.... Мен эми Сулаймандын суйгон жарымын .А бирок денем солокотум эле ошол статусту албаса журогум менен жан дуйном башканы дегдеп каалап суйуп атпайбы. Тагдырдын тамашасы. Келечек жашоом эми кандай болот.Тойду токтотуп баарына коз жумуп кетип калсамбы ата энемдин бетин жер каратамбы .Жолдошум кандай кундо калат анда .Аял заты алсыз экенбиз мен эч бир жолду тутуна албадым озумду курмандык чалдым . Той да болуп отту .Мен эч бир кубана албадым . Бирок менден башка баарынын кубанычында чек жок эле .Козум жерден которулбоду.
Негедир бир коз караш мени кара козумо тигиле кара дегендей мен акырын кабагымды котордум эки жыл энсеп куткон тааныш коздор козумо чагылды алыстан карап туруптур. Бир аз карады да чыгып кетти . Эми баары бутту. Онум бозоро мен кала бердим . Бирок тагдыр экообуздун жолду дагы бир жолу бириктиргенче мен аны оюмдан коп болсо бир эки саатка ган унутчумун .Тагыраагы жети жыл менин бир да кунум аны ойлобой откон жок .
Өтүмүш жана бул күндөр Өтүмүш жана бул күндөр
#24 14 Июль 2018 - 21:45
Ошентип бар жоктун ортосунда кун отуп жатты .Сентябрь келип окуум да башталып калды .Мен окуумду улантайын десем акча менен бутуруп берем уйдо эле боло бер деп конбой койду Сулайман . Туугандарынын тааныштары бар экен ошолорго суйлошом а биз москвага кетебиз деди . Мен чынымды айтсам алыска барып коро элек болчумун. Мен учун кызыктай эле болду баргым келбеди. Мен барбай эле коеюн озун барып эле иштеп келе берчи мен окуумду улантып ата энене кызмат кылып эле ушул жерде болоюн десем эч конбоду .Сен мени жалгыз жонотуп коюп кызганбайсынбы сагынбайсынбы мени деп сурады . Мен чын эле ал жонундо ойлогон деле жокмун . Ал болсо сени зорго таап уйлонсом жаны эле кантип тыштап кетем кантип журом сен жок сагынам анан да кызганам сени тыштабайм чогуу кетебиз деп болбой койду. Бутум тартпайт эч эле баргым да келген жок .Кайненеме айтсам барбаймын деп кудай жалгасын кала бер деди .Аны жолдошум угуп кетет мени менен соз бутту деди.
#26 15 Июль 2018 - 11:43
Эки кайним москвада .Уч кайнежем ошол айылга эле тушушкан .Чону менен кичуу кайнежемдер характерлери менен экен ортончусу менен бир аз ынакпыз .Мага жан тарта анча мынча колдоо корсотуп турат .Дагы бир эки каршылык кылып барбайм десем уруш чыкчуудай макул деп чемодан чогулта баштадым.Туну кайнежемдер келишти дасторкон жайып тамак берди алар чай устундо биздин кетерибизди обсуждение кылып олтурушту .Гулжанды ишке киргизип кой барганда дешти Сулайманга .Иштетпейм уйдо эле болот аялымды бага албай калыпмынбы мне деп бир тийди эжелерине.Иштетпесен кала берсин апама кызмат кылат дешсе аялымды озум билем калтырамбы жок киришпегиле деп туруп кетти .Ал чыккандан кийин сен калам дебейт белен иштетпесе эмне кыласын сенин да чыгымын бар квартплата жеген ичкенин кийим кечен баскан турганын ойлондунарбы ошону деп мага ажылдашты. Мен бул жерде анын айтканын жасап жатам башка эч нерсе дей албаймын бул анын чечими дедим. Ортончу кайнеже эмне эле болуп атасынар жаны уйлонушсо болуп жарбай чогуу жоноткуло деп ал да туруп кетти. Ошентип эки кундон кийин Бишкеке жолго чыктык андан ары поезд менен москвага кетет экенбиз
#29 16 Июль 2018 - 00:25
Алыс жолго чыкпаган жаным ото эле жудодум .Сулайман жолду катар тааныштырып келетты .Тун жарымында жд вокзалга келип тушуп калдык тан атканча ошол жерде олтурдук .Эртеси туш ченде поездге туштук да москваны коздой жол уладык .Сентябрь айы кун ыссык аябай эле жудодук .Жудоп какап уч жарым кун дегенде москвада болдук ортончу кайни тосуп алды .Бир болмолуу кв да турушат экен.Биз эки кайним алар менен чогуу иштеген орус улутундагы дагы бир киши чогуу жашап калдык.Биз кухняга чыгып жатабыз калганы залда .Эки кундон кийин жолдошум жумушка чыгып кетти .Мен деле иштейин десем конбоду .Баары кетишет торт дубалдын арасында бир озум калам .Алардын кирлерин жууйм тамагын кылам ошо кылган ишим. Эч жака чыкпайм чыкканда деле билбейм эч жагын. Ошентип кун отуп жатты .Сулайман жумуштан келгенде сыртка чыгып айланып келебиз .Нике ыссык деген чын экен суйо албасам да ага конуп камкордугуна ичим жылып журду .Бирок кызгана баштады .Инилери суйлоп койсо деле кызганат .Бир куну уктап жаткам алар жумуштан эртерээк келип калышты шашылып туруп кеткем тамак берейин деп. Дивандын аркы кычыгына жоолугум сыйдаланып тушуп калыптыр .Аны таап алып эле ким келди уйго деп кыйкырып суйлоно баштады . Эч ким десем тушунбойт. Коздору кызара калчылдап. Коркконуман ыйлап жибердим . Корсо аталаш агасынын аялы бироо менен жаткан жеринен ушинтип жоолугу тушуп калган экен эле аны агасы кармап алып ажырашып кетишкен экен. Ошондой элестетиптир.
Кайра кечирим сурады .Корсо ашынган кызганчаактыгы бар экен жолдошумдун.
Аны байкаган жаным кайнилерден да качып калдым .Алар суро берсе жооп берем болбосо жок суйлобойм.
#35 18 Июль 2018 - 18:33