Суперстан: Өлүктөр ойгонот... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өлүктөр ойгонот... детектив криминал

#41 Пользователь офлайн   Kanykei_95   25 Июль 2018 - 12:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 20 Июнь 17
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 11:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ой жок гоооо,качан жазасыз автооор...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   MNK.88   26 Июль 2018 - 13:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 06 Февраль 18
  • Соңку аракети: 17 Апр 2020 19:02
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чала олгон жыландай болуп калып кетесинда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   maimylcha   26 Июль 2018 - 20:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 01 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Ноя 2019 00:32

Мумкунчулугунуз болсо улантыныз. Кызыгына келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Dimedra   26 Июль 2018 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Жайыма келип мындан ары жасай турган кадамдарымды ойлонуштура баштадым. Биринчи жактоочуга айтып катталбаган тапанча таптырайын кандай болсо да боло берет, денеден окту алышпагандан кийин тапанчанын улгусун да аныктай алышпаган, кийин аны окуя болгон жерден алыс эмес белгилуу бир жайга каттырайын, келинчегиме бут кийимдеримдеримди кийим кечемдин баарын текшерип уйдогу ашыкча буюмдардан кутул дейин, жакшысы балдарды алып атасынын уйуно барып турганы он эн коопсуз жай ошол, калган койгойлорду жаралуусуна карап чечебиз.
Ангыча мага Адам келгенин кабарлашып камерадан чыгарып кичине болмого алып келишти, ичкериде артын салып кымбат баалуу костюмун кийип озгочо чач жасалгасы менен Чырмашович турган экен. Мен бул жерге алып келгендерге, калгым келбегенин жайыма алып барып коюларын айттым. Сурак журуп жатпагандан кийин сырттан келген адамдар менен каалабасам жолукпай коюга акым бар, бирок алар мага кулак салышпай ичкериде калтырып каалганы шарактатып сыртынан жаап коюп кетип калышты. Мен эскилиги жеткен столдун эки тарабына коюлган боегу очкон катуу жыгач отургучтардын бирине барып отурдум. Колу бутум кишенде, мени кол салууга Жана качууга жондомду деп ушинтип алып чыгышып экоо коштоп журот.
-Кандай Батыр, деди Чырмашович шылдындагансып мандайымдагы отургучка отуруп жатып.
Мен жооб айтпадым жузуно да карабай башынын устунон белгисиз чекитти тиктеп отура бердим.
-карачы кандай абалга жеттин, бул башталышы гана, сен тандаган жол жакшылыкка алып келбейт. Сен мынтип кимди жазалап жатасын?
Мен ооз ачпадым, шылдындагысы келсе мейли ичиндегисин тогуп озун кучтуу сезип аласын деп мумкунчулук жаратып бердим.
-Батыр сен эмне кылып жатканынды андап жатасынбы? Эмне себеп болду сага, жасабаган кылмышты мойнуна алып алууга?
-кечиресиз жолдош подполковник, аяк алдыныздан чыгып тоскоол болгонум учун. Мен куроштон баш тарттым, сиздер менен алышып утукка жетпешимди билем, темирдей Эрки бар Алиевичти жер кучактаткан мен эмне болуп калыпмын, жакшысы ушундайында Колумду которуп женилип берейин, дедим какшыктай.
-Батыр жетишет! Мени душман катары эсептебе. Сен женилип бере тургандардан эмессин, акылында укмуштай план тузуп жатасын билем, бирок кайт! Оюн учун, бироо учун атынды булгаба, атына так калат, жабык жаса баарын, сен осчу баласын ачык курошко чыкпа, комускодо бол. Ожорлор оспойт бул чойродо, болбосо Каныбек азыр тируу гана эмес жок эле дегенде подполковник болуп калмак.
-ошону учун силердин чойронордон кеттим, тируу калгым келип. Мен Эми жанынарда эмес каршынардамын, эми мен кылмышкермин.
-Батыр сен билесин, Адам милиция болот милиция Адам болбойт дегенди, сен Эми жонокой Адам боло албайсын. Пагон, тагынган адамдын терисине жабышып осот.
-Анда мени ошол тери менен бирге жулуп салды деп эсептен.
-макул кандай кылсан оз Эркин, бирок азыр мени болбой ук, кийин чечим чыгар. Биз Каныбек экообуз тагдыр кошкон дос болдук, экообуз эки башка ойлонсок да чыныгы достордон элек. Тагыраак айтканда экообуздун максатыбыз бир, бирок ага жетчуу жолдорубуз башка. Ал ачык курошот, ожорлонот, кээде мени тушунбойт. А мен алардын жанында журуп менден шек санабагандай кылып башка жолдор, башка колдор менен бутуром. Каныбек издеген олукторду мен да издеп келем, досума жардам беруу учун. Канча эскерттим, ал мени угушу керек экендигин, ага каршы чыкпашымды бир гана сабыр менен жете турганыбызды, жакшы эле ынангандай болгон. Коп папканы алдына таштап, каалаганынды танда максатына жетууго жардам берчуу дегенимде баарын окуп таанышып чыгып сени тандады. Сени коруп Каныбектин озун коргондой болдум, баардык жактан окшошсунар, экоон бирдей ойлоносунар, ожорсунор. Ошондо тушундум ал менден эмне каалаарын, озундой ойлонушумду каалаган экен. Акыркы жолу конгуроо чалып сенин Авангард менен бирге отурганынды ал озунун "делосун" суратып жатканын айтты, мен ага андай болбой калды арыздарды карап Авангардка иш козго жогору жактын буйругу ушундай дедим. Анын мага Берген жообунан тушунгом бир нерсени ойлонуштуруп жатканын, аны менден жакшы билнген Адам болбос. Бирок аттин ошондо акыркы ирет суйлошуп жатканыбызды билсем кана, оюмдагыны айтып улгурбой калдым, ал телефондо суйлошуунун баарын жаздырып журо турган, ошону учун ачык айта албадым. Ал иш козгой берсе биз Авангардды качырып жибермекпиз, тескерисинче иш тездемек. Каныбек менден капа болуп кетти, башка тарапка ото качты деп да ойлогон чыгаар.
Айтайынбы, Каныбек озуно кол салуу болоорун сезген, ал жыландын кыймылдаганын билген бул нерсени билбей калмак эмес, ал созсуз бироого мындан кийинки кыла турган иштерин калтырып кеткен, мына ошону учун сен табышмактуу кадамдарга барып жатасын, Авангардды сактайм деп озунду отко таштап. Ооба унаана Нуржигитти мен жонотком, полковниктин мындан кабары жок эле, менин айткандарымды туз тушунуп алып полковниктин алдына "делону" которуп кирип келбесин, анда Каныбектин ою ишке ашпай калат деп ушуну уюштурдум. Бирок сен аз да болсо Каныбектен сабак алып калган оз ишин мыкты билген тергооч экенинди унуткан экенмин. Сен бизди оной эле алдап койдун. Айтчы сен ушундай болоорун алдын ала билген Каныбек олоорун сезбей калмак беле. Батыр папка кайда бер да бул жерден бошон, жумушуна кайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   vikidiki   27 Июль 2018 - 05:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Алиевич олгон жок окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Dimedra   27 Июль 2018 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Демек бул жетишпеген "делону" алганга. Кайнатам алганбы, анда эмнеге бербей жатты болду экен, деп оз ойлорум менен Алек болуп кетипмин эн маанилуу нерсени Эстен чыгарып.
-шайтан алгыр! Ал сенде эмес. Качан? Сен бизге карай жоногонундо бар беле? Деп коп суроолорду берип жиберди шашып.
Демейде оюмду окутуп койгонума капа болуп калчуу мен азыр тескерисинче оз учурунда кетирген катама ыраазы болуп турдум. Кутуусуздук деп коет муну. Кутуусуздуктон Адам чыныгы каалоосун билдирип алат, кудум азыркы Чырмашович сынары. Шашканданбы же жашырууга аракет да кылбадыбы айтоор бул жерге келген чыныгы максаты мага боору ооруп куткаруу учун эмес эле озуно керектууну алууга келгенин билдирип алды.
Мен эч нерсе байкабаган болуп кулуп койдум.
-менде подполковник, менде. Бербейм аны эч кимге, болгондо да мага кол салган адамдарга. Айтпадымбы мен Эми каршынардамын деп, билесиз каршылаштарыныз бири бирин оною менен сатпайт сиздерден айрымаланып.
-озундон кор, турмодогулор сени кучак жайып гул менен тосуп албайт. "Мент" келди деп зоопарктагы маймылга карагандай карашат андан аркысы белгилуу.
-мен раазымын.
-сен кучуно ишенип жатасынбы? Алар копчулук.
-мен раазымын дебедиби , демек баарына раазымын. Силерден коргончо алардан корсом анчалык конулум калаарлык болбойт.
-сержант! Деп ачуу кыйкырды да эшик ачылары менен мен тарапты карап да койбой тез басып чыгып кетти.
Мени шагыратып чынжырларым менен кайра жайыма алып жоношту. Тообо мени Тим эле Адам жегич элестетип алышкан го, ушуга чейин адамдын эти менен тамактанып келгендей. Бутум чынжырда колум кишенде баратып тайып кетип эки тарапка тенселе тушсом жанымда бараткан экоо эки Тарапака качып журушот. Боорум эзилгенче жыргап кулупмун,
-сержанттар качпагыла, силерди атайын мени качырбай карашсын деп кузотчу койсо силер озунор качып журосунор.
Туштон кийин эсине келгенсип корсулдап коет бириси.
-ашыкча кыймыл жасаба, бат баттан жур! деп.
Алардын кылыгына кулуп бир сыйра жыргап алдым, коп кундон бери кулкулуу окуяга туш боло элек элем. Камерага киргизип буту Колумду чечип шарактатып кулпулап коюп кетип калышты. Дагы жалгыз калдым. Жогоруда аталган болумдун жер толосундо утурумдук кармоочу жайда болгонум учун азырынча жакын туугандарымды да киргизбейт жактоочумдан болок, анан жанагынтип керексиз адамдар кирип келгени кыжырынды кайнатат, бийлигин кучун бар адамсын болбосо айбанчалык баркын жок. Баса Чырмашовичтин создорунун канчалык денгээлде чындыгы бар, майор жеткиргенби чындап эле тескерисинче эмес, андай болсо угуучу аспаб акыркы гана бут кийимде болгон, табышмактуу, эмне учун Алиевич андай кылмак. Майордун олумуно Чырмашовичтин катышы болушу мумкунбу. Чындап эле Алиевич кол салуу болоорун сезгенби, анда эмнеге коргонуу чарасын корбогон же пайда бербестигин билди бекен. Суроолор коп эч бирине жооб таба алар эмесмин.
Ангыча мага дагы конок бар экенин айтышып, кишендеп алып жоношту. Кичине болмодо кайнатам кутуп отурган экен, мени коро сала ордунан тура калды. Эки эле Кундо ушундай акыбалга жеткениме ишене албай отурду окшойт.
-Батыр бул эмне кылгандары? Кантип? Эмнеге сен мындайга жол берип жатасын? Сен али кылмышкер атала элексин, деди коздорунун каарын чача.
-менин созум отчу жайда эмесмин ата.
-эмне себеп болду сен баарына ынанып ыраазы болушуно же...
-жок ата коркутуу уркутуу, ур токмок болгон жок, мен озум. Уйдогулор тынчпы? Кабар табышкандыр.
-акыркы жанылыктан кабар табыша элек, бугун эртен акталып келет сурак берип деп кутуп отурушат. Мен да азыр уктум, дароо бул жакка жонодум оз оозунан угууга.
-ата бул утурумдук гана, ушундай болгону жакшы, албетте жакын арада мунун баары бутот.
-демек сен уурдаткан эмессин, ал озундо. А эмнеге берип койбойсун?
Менин коздорум чанагынан чыгып кетейин деди окшойт, ордумдан тура калдым.
-ата эмнени айтып жатасыз?
-ишенимдуу баары жайында деп атпайсынбы, демек кырдаал козомолундо.
Бул чындап эле алган эмеспи, анда Ким же.. . андан аркысын ойлоодон баш тарттым, азыр ойлонуу да коопту, сол козун он козуно душман болуп турганда.
-ата жоноткон жактоочунуз келди, ал оз ишинин чебери эмеспи созсуз бир нерсе ойлоп табат.
-Жапарбы?
-а эмнеге Жапар, Садыр эмеспи.
-мен Жапарды жонотком.
-а демек Жапар мен адаштырып алдым окшойт, дедим бир нерсе эстеп жаткансып.
Кайнатам ишенбеген коздору менен карап туруп созду буруп кетти.
-балдарды алдырайын дегем конбой койду, сени келсе уйдо бололу деп.
-мен да ошону айтайын дегем, аларды алып кеткениниз он, бул иштер буткончо ошондо болушса конулум ток болмок.
-Эгер консо созсуз алып кетем, келинчегинди билесин кандай ожорлугун.
Бул жерине ынанбай кое албадым, эгер ал каалабаса эч ким зордой албайт.
Ошону менен созубуз тугонгондой ундобой отуруп калдык.
-анда мен барайын, озунду жакшы карма, деди бир убакта кайнатам.
-рахмат ата, мен жакшымын, деп жылмайган болдум.
Эшик ачылып экообуз коздорубуз менен коштошуп, ичинде сыры калып кеткен аялдай болуп буулугуп кала бердик. Анын козундо да сыр бар эле, айтайын деп барып токтотуп калды, мен да дал ошондой кылдым, эч кимибиз батынып биринчи баштай албадык.
Камерага келип жыгачтан жасалган, тошончусу жок керебетке кыйшая кеттим. Садыр-Жапар, кайсынысы туура, албетте экоо эки башка Адам, сырдын бары жактоочуда, ал менин камалашымды каалады, бирок эмнеге, Ким жоноткон? Албетте Жапар жонотот, ал кимден буйрук Алды, полковниктен да кучтуу кучтор аралашканбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 27 Июль 2018 - 23:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Dimedra   28 Июль 2018 - 02:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сыз камерада дагы бир тунду откоруп, эртеси да болду. Туштон кийин гана жактоочум кирип келди кичине болмого мени чакыртып. Маркумду жайына берип келишкенин, жакындары сыздап, энеси боздоп жатканын айтып менин абалым ага Караганда бир топ эле жакшы экенин эскертти.
-тируу болуунун озу Бакыт, баарын ондоого болот, олумдун гана аргасы жок, сен кейибе тандап алган жолун учун, мага ишен.
Мен ундобой гана угуп отурдум, ушинтип эле кете берет экенбизда, эртен эле бизди болуп корбогондой унутушат, откон чакта суйлой башташат. Мен эмнеге эрегишип жатам, эч ким тубуно жетпеген чындыккабы.
-Батыр, эмнелерди ойлоп жатасын? Деген жактоочунун суроосу оюмду болуп жиберди.
-сиз кимден келдиниз?
-аа ошонубу, тиги Жапар кесиптешим мага дайындады сени аябай, озу азыр жегичтерди коргоп улгурбой жатат, аларын да чекесинен кармалып жатпайбы, Жапардын шаштысын бир топ эле кетирип жиберишти окшойт.
Бул адамга тан калам, жактоочуга окшобойт создору, жегичтер деп, актагандын оордуна куноо тагып, мени да куткаргандын оордуна ушунда калуумду каалап. Бирок эмнегедир ишенгим келип туруп алды, балким эч кандай жасалмасы жок жонокой болгону учундур. Эмнеси болсо да мындан аркы тагдырымды тапшырып койдум.
-Батыр, иним, сен кутуласын болгондо да кандай, баарын тан калтырып, башчыларды баш ийдирип, бирок...
-эмне бирок?
-сен ал учурда ошону каалайт бекенсин?
-мен ал учурду эмес азыркымды билбейм, эмне каалап жатканымды да билбейм. Болгону конулум калып баратат, жасаган ишибиздин манызы барбы озу? Мен ушуну Алиевич каалагандай эргуу менен каалай аламынбы же жон гана бироолорго очошуп жатамынбы?
-албетте манызы бар. Бут дитин менен каалап жатасын, муну эн жакшы тушунуп турасын. Сага окшош ойлонгон бир адамды билчуумун, ал да адамдарга байкуш, аргасы тугонгон адамдай болуп корунуп сырын тартчуу, аябай окшойт экенсин, деп коздорун кулмундотуп жылмайып койду.
-сен карман Батыр, сага айып тагып тергоо башталса сени "сизого" которот, ал жакта жакындарын менен жолугушууга мумкунчулук аласын, ошондо суроолорунду берип аласын. Айтмакчы сурак болсо куралды коргозуп бере алам депсин, аны кандай кылдын.
-ал жагы сиздин маселениз, окуя болгон жерден алыс эмес жайга катыныз жана табуучу тапанчанын улгусун кабарлап коюнуз мага алдын ала.
-макул, бирок бул жагы ашыкчалык кылып кетпедиби.
-жок, эмне кылып жатканымды андап турам.
-анда ук да эсине туй, Каныбек унаасын уйдун артына токтотуп уйду сол капталынан айланып келе жаткан, сен уйдун алдынан келип мандайынан чыккансын, бурчта эч ким байкаганга улгурбогондой кылып унсуз акыркы улгудогу АПБ тапанчасы менен атып кеттин, андай жакын аралыктан тийбей калуусу же олбой калуусу мумкун эмес эле. Тапанча кийинки кабат уйдун жер толосундо болот.
-тушундум.
-бизди азыр суракка чакырат, тергоо кандай болоорун жакшы билесин, актансан каралашат, мойнуна алып берсен ишенбоочулук коргозушот. Сага кобуроок басым болот, мыйзам адамы болгонун учун. Туруштук бер, салмактуу бол, кызуу кандуулукка алдырба, тергоочуну басмырлаба.
-ушул жагы жетиштуу, калганын эптейм, деп кулуп калдым.
-кечир албетте, Эми бул тергоочунун тажрыйбасы сеникинен томон, кийин катачылык кетирсе аларын ондоп отурба дегеним.
-айтканыныздай болот жолдош сактоочум, деп далысынан таптамакчы болуп кишенделген колдорумду карап айласыз жылмайдым.
-эч нерсе эмес, "сизодо" мындан эркинирээк болобуз деп тамашага салып койду.
Болобуз деген созу мага аябай жакты, кадимкидей дем берип. Жалгыз калтырбайм дегени эмеспи, колдоом бар али бир адам болсо да, демек мен жениле элекмин.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 28 Июль 2018 - 03:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   vikidiki   28 Июль 2018 - 15:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул адвокатты авангард жиберген го дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   ASA79   28 Июль 2018 - 19:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Бат баттан жазып бутурчу.

Билдирүүнү түзөткөн: ASA79: 28 Июль 2018 - 19:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Bagdagul   28 Июль 2018 - 23:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 10 Май 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2018 12:42

Режим "Хатико" болдумго куто берип
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   maimylcha   29 Июль 2018 - 00:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 01 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Ноя 2019 00:32

Кутуудобуз.. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Dimedra   29 Июль 2018 - 19:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Баары жактоочу айткандай болуп жатты. Куноону оз ыктыярым менен мойнума алып тергоого жардам коргозгонум учун Кылмыш жаза кодексинин 97- беренесинин 2- болугу 1-болук менен алмаштырылып женилдетилип кылмыш иши козголуп сот отурумун кутууго сизого которушту, жонокой айтканда 20 жылдын оордуна ашып барса 8 жыл камак берилет. Бул жак тиги утурумдук кармоочу жайга караганда тузугуроок экен, шагыратып кишендеп койбойт, адамдар менен суйлоштурот, кунуно бир маал сыртка да чыгарат. Коп тагдырларды уктум, Чырмашович айткандай болгон жок, кадимкидей эле кабыл алышты ошентсе да жактоочум жеке камера суранган, коопсуздук каралсын деп. Уйдогудой болбосо да чыдаса болот. Балээнин баары зонага барганда башталат дечи, бирок умут кылып жаттым ал жакка жетпей кутулам бул жаман туштон деп. Келинчегим да келип кеткен жолугушууга, бир да кийимден, бут кийимимден шектуу эч нерсе таппадым дейт, уйдо ашыкча буюмдун озу болбошун айтып кулдуруп эч кайда барбайм уйдо гана кутом, мага коргонуш учун башканын кереги жок балдарымды менден артык эч Ким коргой албайт деп когоруп айтканыма конбой кетти.
Жалгыздыктан, тынчтыктан да жадайт экенсин, жаныма адам киргизуусун сурансам бир жаш баланы кошушкан, дубалдын аркы тарабы менен гана эмес болмонун ичинде да баарлашып калат экенмин деп ойлоп кубангам бирок аз отпой окунуп калдым. Ал жигит жаш болгону менен ото эле ачуулу экен, бул менин учунчу "ходкам" деп бир топ нерселерди суйлоп кыжырыма тийе турган болуп алды. Ага конул болбогонго аракет кылам бирок ал тынчыбайт, акыры чыдамым кеткенде туруп барып кекиртектен алып жогору которуп,
-мени сенин эрдигин кызыктырбайт, турмонун жашоосу баатырдыгы сага эле буйрусун, милиция кызматкерлеринин дарегине дагы бир ирет сасык соз таштасан ондурбайм! деп жерге таштаганымда шарактап эшик ачылып сыртка чыккыла деп калды.
Биз сыртта басып жургонбуз, жаныма бул жердин "смотрящийи" аталган арык чырай чап жаак жашы 40тарга барып калган адам басып келип,
-кандай Батыр, бул жердин жашоосу жудотуп жиберген жокпу? деп сурап калды.
-чыдаса болот, деп жооб берип баарына даяр туруп калдым, тиги жигит арызданып улгургон экен деген ойдо.
-озунду бош кой жигит, мен сага жамандык кылбайм, жанына адам киргизип бекер кылдын, Эми чыда, ал жигитти атайын киргизишти сени бул жайдан кутултурбаш учун, ал сенин ачууна тийип озундон чыгарганга аракет жасайт, сен ачууга алдырып ага кол которчу болбо, алардын каалаганын бербе, деди шыбырап.
-сен кайдан кабар таптын?
-менин жашым бир топ улуу сенден, конгон адат боюнча эле сенсилеп жатасын, эсинден чыгарба сен бул жерде тергоочу мен кылмышкер эмес экообуз бирдейбиз бул акыркысы болсун, деп кабак буркуп алып суроомо жооб бере баштады. Сени аз убакыттын ичинде кутулуп кетет бир амалын таап деп коркуп жатышат, анткени эн жакшы билишет сенин куноосуз экенинди. Ошон учун устуно кылмыш кошуу аракетинде журушот, сен урганда тиги майда жигит онбой калат ал учун сага жаны кылмыш козгошот ошентип сен бул жерден чыкпай турган болуп каласын, арган тугонгондо тигилердин сунушуна конуп бересин. Тушундунбу? Эми этият бол, бул жерде сага эч Ким кол салбайт, бирок тиги жигитке кол салышы мумкун Эми аны да коргой жур, болбосо сен куноокор болуп каласын, ал бугун эле баарына сенин коргозгон эрдигини "менттерди" коргоп жатканынды сайрап берди, ага бир нерсе болсо баары сенден корот.
-эмнеге мунун баарын мага айтып жатасыз? дедим тан кала.
-Сырттан тапшырма болгон сени коздун карегиндей сактоого. Эгер сен озун сактанбасан биз сактай албай калабыз.
-Демек Авангард баарынан кабардар.
Ал менин бул суроомду жообсуз калтырып басып кетти.
Мына эми дагы бир койгой ал жигитти коргоп журуш, мага эмне жетишпейт озу акыркы кундору бир гана койгойдун устундо журуп калдым.
Кудай жалгап жактоочум аралашып жаш жигитти чыгарып жалгыз калтырды, катуу эскертип жатты ото этият болушумду, бул жайда копко кармалышым мумкун экенин.
-эмнеге?
-сот журуму узакка созулат, Жогорку сотко чейин созобуз, бир жыл же андан да коп убакыт кетет.
-кийин кантип куткарасыз? Же башкача болуп кетуу мумкунчулугу да барбы?
-Батыр сен озун мойнуна алып алдын, мен сунуштаган жокмун. Эгер ошол учурда чыгам десен бир саатка калтырбай алып чыкмакмын, тандаган жолун татаал экенин билип туруп ушул жолго журдун, эми чыда.
-бул менен эмне дегиниз келип турат.
-эч нерсе, ар кандай кырдаал болуп кетиши мумкун, баарына даяр болушубуз керек. Эгер эркиндик гана кааласан ал койгой эмес биринчи сот отурумунан алып чыгып кетем, Эгер жашашты кааласан утурумдук эркиндикти садака чап.
Анын жузуно карап туруп баары мен ойлогондон да татаал экенин тушундум.
-мен сизге тагдырымды тапшыргам. Толугу менен сизге ишендим коп тааныбасам да, эми бир суроо берсем жооб бересизби?
-жок, жооб бере албайм деп ойлойм, шашпа баары оз учуру менен, негизгиси бул жай сен учун коопсуз, омуруно кол салуу болбойт, бирок сени озундон чыгарууга кылмыш жасоого мажбурлаганга аракет кылышат, уй булоон жонундо да кеп айтыштары мумкун алардан кыжаалат болбо озунду карма, ачууга алдырба, калганын мага коюп бер.
Менин макул болуштан башка аргам жок эле. Берилуучу суроом жонокой гана болчу, кеткен чыгымдарды Ким толоп жатканын билейин дегем, кимден карыздар болуп жаттым экен. Учуру келсе аны да билээрмин, азыркы маселе сактыкта. Денени тартипке салганга караганда кыял жорукту тарбиялаш бир кыйла эле оор экен. Ар кандай кырдаалдар болуп жатты, он колумду сол колум менен кармап, тилимди тишиме тиштеп озумду аран кармаган учурлар да болду. Утуру сотко чакырганда жактоочум ооруп калып же мен ооруп калып жатып арадан 3 ай откондо биринчи сот отуруму болуп 10 жылга эркинен ажыратылсын деген окум чыгарылды. Создуктуруп жатып акыркы мооноттордо онунчу кун дегенде облустук сотко апиляция арызын тапшырды жактоочум. 2 ай дегенде облустук сот ишимди карап биринчи сот чыгарган чечимди кучундо калтырды. Жогорку сотко арыз таштап кутуп жаткан учурда, жаны жагдайлар пайда болуп, майордун олумун коргон кубо табылып жоголгон "делонун" дайыны чыкты.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 29 Июль 2018 - 19:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Dimedra   29 Июль 2018 - 20:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Жаны жагдайлар менен ишти кайра кароо башталды, баары башынан катйаланып. Кубо суроттогон жигит Нуржигит болуп чыкты козмо коз келгенде даана танып, кандай абалда атканын баарын суроттоп берди. Ал учурда куйосу менен урушуп уйдон качып чыгып окуя болгон жайдан алыс эмес жерде дарактын артында жашынып отурган экен куболукко откон келин.
Нуржигитти суракка чакырганда баарын мойнуна алып тапшырманы мени оперлерге салып берген полковниктен алганын айтыптыр. Кабинетке кирип Алиевичтин столунун тартмасынан "делону" алып чыгып полковникке бергенин да моюндаптыр. Тинтуу болгон учурда "дело" полковниктин жумуш ордунан чыгат. Бул иш Биринчи май райондук ички иштер болумундо каралып жатканга байланыштуу, табылган иш кагаздар аларга дайындалып Авангарддын устунон да уч берене менен кылмыш ишин козгошту. Бул учурда Авангард олкодон чыгып улгургон экен. Суракта полковник эч кандай куноосу жок экенин, бул жон гана бироолор тараптан уюштурулган иш экенин айтып танып туруп алды. Албетте сот болуп, полковникке куноо тагылмайынча мага актоо болбойт. Коп отпой Чырмашович оз арызын жазып ден соолугуна байланыштуу жумуштан кетти. Ушундай кырдаалдар менен сизодогу жашоом уланып жатты. Акыркы окуялар ушундай тездикте болуп жатканына байланыштуу мен эч нерсени андап улгурбой калдым, бирин Эми талдап баштасан экинчиси башталып. Мунун баарына Авангарддын тиешеси бар экени билинип эле турат дечи, Нуржигит агасын сакташ учун полковникти жайгарды же тескерисинче, Чырмашович инисинин омурун сактап калуу учун ушундай кылды, бирок эмне учун аларды мындай кылууга мажбур кылды? Мени куткарыш учунбу? Анда башынан эле бул жерге салбай коймок. Чындап "делону" ким алган болду экен, даана Нуржигит эмес, андай болсо акыркы жолугушууда Чырмашовичтин жузунон байкамакмын же ал да кабарсыз калып кеткенби. Эмнеси болсо да сыртка чыкканда билээрмин, эми ал кунду гана кутуу керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 29 Июль 2018 - 20:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   vikidiki   30 Июль 2018 - 10:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Нуржигит бат эле моюнга алып жибергени кызык болуп атат че то.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   UrmatbuAzambekova   30 Июль 2018 - 22:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 75
  • Катталган: 02 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Июн 2019 20:32

Эмнесии болсо да жакшы жазылган авторго ийгилик дагы да кызыктуу чыгармаларын менен болушуп тур.кутуудобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Dimedra   31 Июль 2018 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сот отуруму болуучу кунго аз калганда келинчегим жолугушууга келди, дайымкыдай шайыр шатман озуно ишенимдуу эмес, конулу чогункуу.
-билем сен да чарчадын, аз калды сабыр кыл баары бутот, дедим чачынан сылай.
-мен чарчабайм, анан калса сен атайлаган жоксун. Кыжаалаттыгымдын себеби башка, Атам кан басымы которулуп ооруканага тушту, деп укмуш кабар угузду.
Ушул кунго чейин бир да жолу укпагам кан басымы которулгонун анан калса жашы деле жаш эле болчу. Ушунча кабарлардан кийин эч нерсени жон эле кабыл ала албай калат экенсин. Анын да катышы барбы, эмнеден улам андай болду, айныкса ушундай кундордо деп кумондорум кучоп жатты.
-ээй, сага эмне болду, эки кун болду атам ооруканага тушконуно, азыр баары жакшы, деп колдорумду кармап калды. Ошондо байкадым колдорум бети башымды мыкчып жатканын.
-А, ооба билем.
-сен кайдан билесин?
-Эгер башкача болгондо сен мында келмек эмессин, рас бул жерде турасын демек баары артта калган.
-ошондой, биз да тушунбой калдык эмне болгонун.
-кыжаалат боло бербе, мындай кундор ар бир адамдын башына тушушу мумкун, чыдашыбыз керек. Сен бар балдарга, атама салам айт деп коштошуп кетирип жиберип, озум жайыма кайттым.
"Сен кутуласын, болгондо да кандай, баарын тан калтырып, башчыларды баш ийдирип" деген жактоочунун качандыр айткан созу кулагыма жанырып жатты. "Бирок, сен ошону каалайт бекенсин" мына ушул создун сыры балким ушундадыр. Буларды ойлоп жактоочуну чыдамсыздык менен кутуп жаттым, ал да кашайып караанын корсотпойт. Эртен сот деген куну гана келди.
-Батыр эртен биздин кочодо да майрам болот, даярсынбы?
-кайнатам ооруканада.
Эми эле жайылып турган оозу жыйылып, жузунун жылмайуусу очо тушту.
-мен сага эмне деп жатам, сен эмнени ойлоп турасын.
-билесиз, сиз баарын билесиз.
-ооба уктум, кан басымы которулуп ооруканага тушуптур деп уктум. Кадимки толкундоо болсо керек, бир айдын ары Жак бери жагында генерал аталат деп атышпайбы.
-ошентип жатышат, бирок сиз гана билесиз чыныгы себеби эмне экенин.
-Батыр сен чындап эле ошондой ойлойсунбу?
-кандай?
-кайнатандын да катышы бар деп?
-аны сиз айтасыз.
-жок Батыр таппадын. Мен эч нерсе айтпайм, жакында майор болчу Адам озу ойлонуш керек. Тергоочудо билимден сырткары туюм да болуш керек.
-менби? Майор Белеков, жакшы угулат экен. Капитан олтурулду дегенге караганда майорго кол салуу болду деген таасирдуу сезим калтырат ээ?
-бул башка соз, Эми озуно келдин, башталышы жаман эмес, деп ыраазы боло кулуп калды.
-айтынызчы эмнеге сиз жактоочулукту тандадыныз.
-сатуучу болгонуму элестете албайм.
-сиздин мурунузго 3 жылдызча куп жарашмак, акылын жондому толуктаган полковник болмоксуз.
-эмнеге генерал эмес?
-кечиресиз табитиниз анчалык кучтуу экенин билбепмин.
-мага жылдызчалар кызыктырбайт, генералдын табышы гана менин азыркы денгээлиме жетмек.
-а мен сизди акысыз эле иштей берет экен десе.
-муну кайдан алдын?
-мен сизге жарты тыйын берген жокмун.
-сен учун толонгон акчага Лондондон там сатып алсам болот.
Мен дагы суйлойун деп оозумду ачаарда, улгуртпой жаап койду.
-тилиндин мийизин мокотпо, эртен курч боюнча керек болот.
Башымды ийкеп гана Тим болдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Mydearzh   01 Август 2018 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Dimedra   01 Август 2018 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сот залында кичинекей темир тордун ичинде отура берип конуп да калгандаймын, биринчилеринде озумду жаман сезип уялып жургон болсом азыр кадимки эле корунуштой кабыл алып калыпмын. Тообо Адам деген ушул экен да, башка келгенди коз корот деп баарына конуп кете берет экенбиз.

-айтынызчы, сиз эмне учун озунузго каршы корсотмо бердиниз?
-ал учурда мага тандоо беришкен эмес.
-тактап кетсениз.
-тактап кетсем, тергоого каршылык корсотуп акыр аягы 20 жыл камак алуу же суракты эрте бутуруп айткандарына конуп моонотту 2 эсе кыскартуу. Мен албетте женилин тандадым.
-жер толоодон табылган тапанча боюнча эмне айта аласыз.
-бул дал келуучулук. Мен жон гана оюма келген жайды атай салгам. Корсотуу учун алып барганымда ал жайда тергоочу тапкан тапанча жаткан эле. Эске сала кетчуу жагдай ал тапанчадан менин кол издерим табылган эмес, ошентсе да материалга тиркелип коюлган, бул тергоонун кам ишмердуулугунон.
-тапанча кандайча ал жайга барып калуусу мумкун?
-ал жайды мен атап жатканда угуп тургандар жок эмес эле.
-тушунуктуу, тергоочу таштаган демекчисиз.
Мамлекеттик Айыптоочунун бул созу жактоочуга жакпай калды ондуу, тура калып,
-Урматту сот отурумуна торагалык кылуучу айыптоочу озунун жоромолун тануулап жатат, деди.
-акыркы суроо алынып салынды, деди коз айнегин ондоп жатып торагалык кылуучу.
-макул анда башкача берейин суроомду. Эмнеге ушул кунго чейин куноосуз экенинизди айтпадыныз.
-урматту прокурор, мен куноосуз экенимди айтып же далилдешим кажет эмес, жазык жоромолу деген бар. Менин куноом бар экенин сиздер далилдешиниздер керек, Эгер сиздердин далил жетишсиз болсо мен куноосуз деп табылаарым анык.
Жактоочум жазып жаткан жеринен тык токтоп башын которбой туруп козунун тобосу менен айыптоочуга карап калды. Прокурор ундобой мага карап туруп калды, акылында кийинки берилуучу суроосун иреттеп жатса керек. Жактоочум оордунан туруп калемин колуна айландырып жай гана соз баштады.
-Урматту торагалык кылуучу, мен айыптоочунун берилген суроолорунун манызына тушуно албай турам. Бул тураалу ушуга чейин айтылып буткон, азыркы тапта чыныгы куноокор табылып камакта отурат. Биз азыр окуя тураалу эмес менин жакталуучумдун акталышы жана баардык укуктарынын сакталышы тууралуу маселени карап жатабыз.
-урматту кесиптеш Садыр Камбарович, жалган корсотмо берип тергоону чаташтырган адамды кандай кылып актап укуктарын кайтарабыз, деп айыптоочу аралаша кетти.
-мен сизден суранат элем айыптоочуга эскертуу беруунузду, маселе боюнча суроо берсин же суракты токтотсун, деди жактоочу прокурордун айткандарын укпагандай созун улап.
-пикир эске алынды. Урматту айыптоочу жагдайга байланыштуу суроолорунуз жок болсо суракты токтотунуз, деди сот прокурорго карап.
-менин суроолорумдун баары жагдайга байланыштуу. Эмне учун жалган корсотмо берип тергоону чаташтырганын аныктагым келип турат.
-аны аныктоонун пайдасы барбы, деди жактоочу аны Эми гана байкагандай.
-албетте, жалган корсотмо бергени учун жаза алыш керек.
-мен бугунку каралып жаткан маселеден андай беренени коро албадым. Андай болсо материалды тактап жазып келсениз болмок. Эсинизге сала кетсек, бугун менин жакталуучум кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 1- болугу менен куноолубу же куноосузбу ошону аныктап жатабыз, калган корсотмого башка берене иштетилсе керек менимче.
Айыптоочу менен жактоочу талашты тартышты акыры соттун окуган окуму менен биз женишке жетиштик.
"Кыргыз Республикасынын атынан Окум чыгарылды. Белеков Батыр Капарович, 3-август 1981-жылы туулган, Бишкек шаары Жибек-Жолу кочосу 3-уйунун тургуну адам олтуруу боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 1-болугу менен куноосуз деп табылып, дароо эркиндикке чыгарылсын. Ушул кунго чейинки коомдогу ээлеген абалы калыбына келтирилип, кетирген материалдык Жана моралдык чыгымдары мамлекет тарабынан толонуп берилсин".

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 01 Август 2018 - 16:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Muslim1990   01 Август 2018 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эми эмне болуп кетер экен??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Disease   01 Август 2018 - 02:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 26 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 26 Сен 2019 22:44

Ушуну карай берип уйкудан да кала турган болдук жолдошум экөөбүз бири-бирибизден калышпай окуп атабыз не болот экен деп)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 18:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: