Бекболот Абдуллаев жетектеген "Жаш калемгер"
акын-жазуучуларды колдоо максатында ачылган мектеби мыкты окуучусу Баяман Базарбаевдин ырларын "Суперстанга"
чыгарууну чечти. Бул акынга колдоо корсотууну каалагандар мектептин 0774804556 whatsapp номерине байланышса Баяман Базарбаев менен байланыштырат.
Жаш калемгер мектеби мындай талантуу балдар осуп жатканына абдан кубанып жатат.
Баракча 1 - 1
Жаш акын Баяман Базарбаев "Жаш калемгер" мектеби
#2 13 Декабрь 2018 - 20:18
Колдон учуп алыс кеттиң балапаным,
Сен сүйүүмдү четке кактың баалабадың.
Бир-бирине ашыгышкан жүрөктөрдүн,
Түбөлүккө бир согуусун каалабадың.
Сен конбодуң бутагына дарагымдын,
Сени ойлоп сан ойлорго батаарым чын.
Сени эстеп, ырым жазсам эгерде мен,
Жетпей калат көлөмүда барагымдын.
Сен түшпөдүң ак сүйүүмдүн капасына,
Балким мага сен ичиңден капасың а.
Көзүм жетет, балапаным, бул өмүрдөн,
Өзүңдөйдү башка кайра таппасыма.
Биз экөөбүз учкан жокпуз көккө бийик,
Башка болдук бөлөк жандын кейпин кийип.
Тагдыр бизге айрылууну жазып койсо,
Аргабыз жок коштошобуз башты ийип.
Автор: Базарбаев Баяман 16 жашта
Сен сүйүүмдү четке кактың баалабадың.
Бир-бирине ашыгышкан жүрөктөрдүн,
Түбөлүккө бир согуусун каалабадың.
Сен конбодуң бутагына дарагымдын,
Сени ойлоп сан ойлорго батаарым чын.
Сени эстеп, ырым жазсам эгерде мен,
Жетпей калат көлөмүда барагымдын.
Сен түшпөдүң ак сүйүүмдүн капасына,
Балким мага сен ичиңден капасың а.
Көзүм жетет, балапаным, бул өмүрдөн,
Өзүңдөйдү башка кайра таппасыма.
Биз экөөбүз учкан жокпуз көккө бийик,
Башка болдук бөлөк жандын кейпин кийип.
Тагдыр бизге айрылууну жазып койсо,
Аргабыз жок коштошобуз башты ийип.
Автор: Базарбаев Баяман 16 жашта
#3 13 Декабрь 2018 - 20:18
"СҮЙҮҮМ КАЛДЫ НАРИСТЕДЕЙ"
Берилип, мен өзүңө ашык болдум,
Ичтеги бүт сырымды ачып койдум.
Жүрөгүң сезбедиби ак сүйүүмдү,
Жүзүңдү менден буруп качып койдуң.
Бөксөрдүм төгүлдүмбү, кемидимби,
Сүйүүнүн билбей баркын кетирдимби.
Ашыктык сокур кылып көздөрүмдү,
Калп сүйүп жүргөнүңдү кеч билдимби.
Ишенгем күмөн санап көрбөптүрмүн,
Баш бербей айткан сөзгө көнбөптүрмүн.
Сүйүүмдү сендей жанга арнаганча,
Жашырып, жерге бекем көмбөптүрмүн.
Магдырап, жыпар жытың мен искебей,
Жаш бойдон калды сүйүүм наристедей.
Жалганын билдирбедиң сезимиңдин,
Сыйкырлап,жасап койгон периштедей.
Чын сүйөт ашыктар деп ойлоптурмун,
Сүйөм деп жүз айтсамда тойбоптурмун.
Көңүлүм калгычакты махабаттан,
Мен сени сүйбөй эле койбоптурмун.
Жылдызсыз көктө калган жалгыз аймын.
Үлбүрөп өчүп жаткан жарыктаймын.
Көрөсүң унутамын бир күн сени,
Сагынып, бир көрүүгө зарыкпаймын,
Автор: Базарбаев Баяман 16 жашта
Берилип, мен өзүңө ашык болдум,
Ичтеги бүт сырымды ачып койдум.
Жүрөгүң сезбедиби ак сүйүүмдү,
Жүзүңдү менден буруп качып койдуң.
Бөксөрдүм төгүлдүмбү, кемидимби,
Сүйүүнүн билбей баркын кетирдимби.
Ашыктык сокур кылып көздөрүмдү,
Калп сүйүп жүргөнүңдү кеч билдимби.
Ишенгем күмөн санап көрбөптүрмүн,
Баш бербей айткан сөзгө көнбөптүрмүн.
Сүйүүмдү сендей жанга арнаганча,
Жашырып, жерге бекем көмбөптүрмүн.
Магдырап, жыпар жытың мен искебей,
Жаш бойдон калды сүйүүм наристедей.
Жалганын билдирбедиң сезимиңдин,
Сыйкырлап,жасап койгон периштедей.
Чын сүйөт ашыктар деп ойлоптурмун,
Сүйөм деп жүз айтсамда тойбоптурмун.
Көңүлүм калгычакты махабаттан,
Мен сени сүйбөй эле койбоптурмун.
Жылдызсыз көктө калган жалгыз аймын.
Үлбүрөп өчүп жаткан жарыктаймын.
Көрөсүң унутамын бир күн сени,
Сагынып, бир көрүүгө зарыкпаймын,
Автор: Базарбаев Баяман 16 жашта
#4 13 Декабрь 2018 - 20:20
Токтобостон жетелешип кармашып.
Өтүп кетти күндөр-күнгө алмашып.
Кетээриңди айтып койсоң болмокта,
Кайда кеттиң балалыгым адашып.
Кайда шаштың балалыктын кемеси,
Эч токтобой убакыттын жебеси.
Бүгүн кетсе эртең кайра кайрылбайт,
Белгилүүда өткөн күндүн келбеси.
Байкабапмын, сезбептирмин эч эле,
Балалыкда кеткен тура тез эле.
Эй убакыт, токтоп турсаң болмокта,
Апакеме эркелечү кез эле.
Автор:Базарбаев
Өтүп кетти күндөр-күнгө алмашып.
Кетээриңди айтып койсоң болмокта,
Кайда кеттиң балалыгым адашып.
Кайда шаштың балалыктын кемеси,
Эч токтобой убакыттын жебеси.
Бүгүн кетсе эртең кайра кайрылбайт,
Белгилүүда өткөн күндүн келбеси.
Байкабапмын, сезбептирмин эч эле,
Балалыкда кеткен тура тез эле.
Эй убакыт, токтоп турсаң болмокта,
Апакеме эркелечү кез эле.
Автор:Базарбаев
Билдирүүнү түзөткөн: jashkalemger: 13 Декабрь 2018 - 20:29
#5 13 Декабрь 2018 - 20:29
Чын сүйүүнүн айткылачы дарегин,
Издеп-издеп таалып барат карегим.
Табайынчы махабатым чыныгы,
Кайда жүрөт менин сулуу данегим.
Менин сүйүүм өз жеримде Оштобу.
Жаратканым экөөбүздү кошобу.
Азыр кайда жүрөсүң сен ким менен,
Ак сүйүүнүн адашканы ошобу.
Жүрөсүңбү махабатым Баткенде.
Сага деген ак сүйүүлөр бар менде.
Сактап коём жүрөгүмүн төрүнө,
Жүрөгүмдүн ачкычы да бир сенде.
Ыр жазайын эргүүлөрдүн барында,
Балким жүрөт менин сүйүүм Нарында.
Арнап алсам башкасына сүйүүмдү,
Суранаарым мага жаным тарынба.
Жүрөгүмө калтырбайын тактарды,
Издейинчи гүл-бакчаны, бактарды.
Убактымды уурдатпастан мезгилге,
Издесемби Жалал-Абад жактарды.
Эгер жүрсөң Ысык-Көлдүн жээгинде,
Кабарыңды айтып койчу ээринбе.
Минип алып ак сүйүүнүн кемесин,
Барайынчы чалкыган көл бетинде.
Сезип турам жолугасың кыргыздан.
Саламымды айтам сага жылдыздан.
Менин дагы абалымды түшүнчү,
Кантип сени таба алам көп кыздан.
Автор:Базарбаев Баяман.
Издеп-издеп таалып барат карегим.
Табайынчы махабатым чыныгы,
Кайда жүрөт менин сулуу данегим.
Менин сүйүүм өз жеримде Оштобу.
Жаратканым экөөбүздү кошобу.
Азыр кайда жүрөсүң сен ким менен,
Ак сүйүүнүн адашканы ошобу.
Жүрөсүңбү махабатым Баткенде.
Сага деген ак сүйүүлөр бар менде.
Сактап коём жүрөгүмүн төрүнө,
Жүрөгүмдүн ачкычы да бир сенде.
Ыр жазайын эргүүлөрдүн барында,
Балким жүрөт менин сүйүүм Нарында.
Арнап алсам башкасына сүйүүмдү,
Суранаарым мага жаным тарынба.
Жүрөгүмө калтырбайын тактарды,
Издейинчи гүл-бакчаны, бактарды.
Убактымды уурдатпастан мезгилге,
Издесемби Жалал-Абад жактарды.
Эгер жүрсөң Ысык-Көлдүн жээгинде,
Кабарыңды айтып койчу ээринбе.
Минип алып ак сүйүүнүн кемесин,
Барайынчы чалкыган көл бетинде.
Сезип турам жолугасың кыргыздан.
Саламымды айтам сага жылдыздан.
Менин дагы абалымды түшүнчү,
Кантип сени таба алам көп кыздан.
Автор:Базарбаев Баяман.
#6 13 Декабрь 2018 - 20:31
Кара чачың майда-майда өрүлүп,
Кеттим сүйүү деңизиңе чөмүлүп.
Сүйүү сезим мени бүтүн каптады,
Бара жатам ашыктыкка көмүлүп.
Жазындагы гүл өңдөнүп буруксуп,
Арбайт күндө өзүңдөгү сулуулук.
Көп кыйнаба болду мени садага,
Мындан ары бере албайм туруштук.
Сезимимди араң жүрөм жашырып,
Калсаң гана сенда мага ашыгып,
Ойдогудай болбойт экен баарысы,
Сүйүү деген болот тура азгырык.
Сүйүү чиркин кылып койду оорулу,
Сагынычтан жүрөк байкуш ооруду.
Айта албай бир өзүңө сүйүүмдү,
Азап, кайгы жолдоруму тооруду.
Билсең жүрөм жете албай сүйүүмө,
Чыдам калбайт бара-бара күтүүгө.
Сен сүйбөсөң кандай болот абалым,
Ойлорумдан кетпейт ошол күнүгө.
Мүнкүн сени кызыктырбайт абалым,
Кыялымда сенин сүйкүм жамалың.
Сүйбөсөңда түшүнмөкмүн билдирсең,
Башка үчүн балким баскан кадамың.
Чын жүрөктөн жазылдыго ыр саптар,
Жообуң айты күттүрбөчү бул сапар.
Талкалаба гүлдөй назик сезимим,
Сүйөм десең ошол сөзүң куп жагар.
Сага сүйүүм күндөн-күнгө тутанып,
Азгырылам жипсиз эле тушалып.
Сүйбөсөңда жылуу сүйлөп жубатсаң,
Калат элем жаш балача кубанып.
Ав:Базарбаев
Кеттим сүйүү деңизиңе чөмүлүп.
Сүйүү сезим мени бүтүн каптады,
Бара жатам ашыктыкка көмүлүп.
Жазындагы гүл өңдөнүп буруксуп,
Арбайт күндө өзүңдөгү сулуулук.
Көп кыйнаба болду мени садага,
Мындан ары бере албайм туруштук.
Сезимимди араң жүрөм жашырып,
Калсаң гана сенда мага ашыгып,
Ойдогудай болбойт экен баарысы,
Сүйүү деген болот тура азгырык.
Сүйүү чиркин кылып койду оорулу,
Сагынычтан жүрөк байкуш ооруду.
Айта албай бир өзүңө сүйүүмдү,
Азап, кайгы жолдоруму тооруду.
Билсең жүрөм жете албай сүйүүмө,
Чыдам калбайт бара-бара күтүүгө.
Сен сүйбөсөң кандай болот абалым,
Ойлорумдан кетпейт ошол күнүгө.
Мүнкүн сени кызыктырбайт абалым,
Кыялымда сенин сүйкүм жамалың.
Сүйбөсөңда түшүнмөкмүн билдирсең,
Башка үчүн балким баскан кадамың.
Чын жүрөктөн жазылдыго ыр саптар,
Жообуң айты күттүрбөчү бул сапар.
Талкалаба гүлдөй назик сезимим,
Сүйөм десең ошол сөзүң куп жагар.
Сага сүйүүм күндөн-күнгө тутанып,
Азгырылам жипсиз эле тушалып.
Сүйбөсөңда жылуу сүйлөп жубатсаң,
Калат элем жаш балача кубанып.
Ав:Базарбаев
#7 13 Декабрь 2018 - 20:33
Көздөрүңдөн сулуулугуң чачылып,
Кара көзүң мени өзүнө чакырып.
Кетсе гана сүйөм деген сөздөрүм,
Бүт дүйнөгө, бүт ааламга жаңырып.
Ой, кыялым бир сен жака жетелеп,
Алдың сулуу жүрөгүмдү сен ээлеп.
Ошол сенин уялыңкы карашың,
Али дагы көз алдыман кетелек.
Мен сен үчүн көл бетинде кемемин,
Сени издеп дүйнөнүда кеземин.
Тиктешкенде сенин көзүң көзүмө,
Мен өзүмдү бактылуудай сеземин.
Мен сен үчүн көк асманда учамын,
Жалгыз сага кенен ачам кучагым.
Сүйөм деген сөзүң менен карындаш,
Байлап алдың, мени жипсиз тушадың.
Автор:Б.Базарбаев.
Кара көзүң мени өзүнө чакырып.
Кетсе гана сүйөм деген сөздөрүм,
Бүт дүйнөгө, бүт ааламга жаңырып.
Ой, кыялым бир сен жака жетелеп,
Алдың сулуу жүрөгүмдү сен ээлеп.
Ошол сенин уялыңкы карашың,
Али дагы көз алдыман кетелек.
Мен сен үчүн көл бетинде кемемин,
Сени издеп дүйнөнүда кеземин.
Тиктешкенде сенин көзүң көзүмө,
Мен өзүмдү бактылуудай сеземин.
Мен сен үчүн көк асманда учамын,
Жалгыз сага кенен ачам кучагым.
Сүйөм деген сөзүң менен карындаш,
Байлап алдың, мени жипсиз тушадың.
Автор:Б.Базарбаев.
#8 13 Декабрь 2018 - 20:34
Сүйөм дечи... Эгер сүйсөң сен чындап,
Угайынчы кулак салып мен тыңдап.
Ачыгын айт мүмкүн жоктур көңүлүң,
Андай болсо эмне пайда жакындап.
Сүйүктүүм де... Сүйүү оту тутансын,
Сага сүйүүм баштагыдан күч алсын.
Көңүл бөлүп, жылуу сүйлөп койсоңчу,
Жылуу сөзгө жүрөк жибип кубансын.
Алчы менин жүрөгүмдү коруктап,
Жүрсөң гана кучагымда колтуктап.
Бирок билем куру кыял баарысы,
Кантип сени сүйдүрөмүн зордуктап.
Жактырбасын мени сенден башка жан,
Сүйчү гүлүм...Кызган мени башкадан,
Ажырашкыс болуп бирге экөөбүз,
Бул турмушка таштайлычы чоң кадам.
Ав:Базарбаев Баяман.
Угайынчы кулак салып мен тыңдап.
Ачыгын айт мүмкүн жоктур көңүлүң,
Андай болсо эмне пайда жакындап.
Сүйүктүүм де... Сүйүү оту тутансын,
Сага сүйүүм баштагыдан күч алсын.
Көңүл бөлүп, жылуу сүйлөп койсоңчу,
Жылуу сөзгө жүрөк жибип кубансын.
Алчы менин жүрөгүмдү коруктап,
Жүрсөң гана кучагымда колтуктап.
Бирок билем куру кыял баарысы,
Кантип сени сүйдүрөмүн зордуктап.
Жактырбасын мени сенден башка жан,
Сүйчү гүлүм...Кызган мени башкадан,
Ажырашкыс болуп бирге экөөбүз,
Бул турмушка таштайлычы чоң кадам.
Ав:Базарбаев Баяман.
#9 13 Декабрь 2018 - 20:36
Конок болуп келдиң беле жүрөккө,
Убактылуу жашап кеттиң сүйдүрүп.
Ашык болгом ааламда жок чүрөккө.
Кетмек белең жалыныңа күйдүрүп.
Аз убакыт сагындырдың өзүңдү,
Кетип калдың арт жагыңа карабай.
Унуттуңбу сүйөм деген сөзүңдү,
Кеттиң алыс кош дегенге жарабай.
Кантсе дагы сүйгөн элем сагынып,
Мынтип бир күн кетээриңди билбегем.
Сенин сүйүүң тумар кылып тагынып,
Бөлөк кызды мен көзүмө илбегем.
Коркчу элем аламбы деп жоготуп.
Сендей сулуу жомоктогу перимди,
Койгон жоксуң коркконумду тоготуп.
Жазчу элем сени ойлоп черимди.
Ав:Базарбаев
Убактылуу жашап кеттиң сүйдүрүп.
Ашык болгом ааламда жок чүрөккө.
Кетмек белең жалыныңа күйдүрүп.
Аз убакыт сагындырдың өзүңдү,
Кетип калдың арт жагыңа карабай.
Унуттуңбу сүйөм деген сөзүңдү,
Кеттиң алыс кош дегенге жарабай.
Кантсе дагы сүйгөн элем сагынып,
Мынтип бир күн кетээриңди билбегем.
Сенин сүйүүң тумар кылып тагынып,
Бөлөк кызды мен көзүмө илбегем.
Коркчу элем аламбы деп жоготуп.
Сендей сулуу жомоктогу перимди,
Койгон жоксуң коркконумду тоготуп.
Жазчу элем сени ойлоп черимди.
Ав:Базарбаев
#10 13 Декабрь 2018 - 20:39
Түшүп калып ак сүйүүнүн тузагына,
Кирип алып сезимдердин кучагына.
Махабатты баардыгынан бийик көрүп,
Канат кагып көк асманга учамында.
Куш өңдөнүп көк асманга учуп барам,
Махабатка баардык ойду буруп алам.
Өмүрүмдө бир жолуккан бул сүйүүнү,
Бекем кармап жоготпостон тутуп жатам.
Билбейм мүмкүн мен жоготуп аламынбы,
Махабатты кармай албай каламынбы.
Кандай болот бул сүйүүнүн келечеги,
Чын эместир азырынча баламынбы.
Чын сүйүүдүр балким сүйүүм жалган эмес,
Жоголсо да жүрөгүмдө калат элес.
Жаш чагымда колдон учкан махабат деп,
Өмүрүмдө унутпастан жүрөм эстеп.
Автор:Базарбаев
Кирип алып сезимдердин кучагына.
Махабатты баардыгынан бийик көрүп,
Канат кагып көк асманга учамында.
Куш өңдөнүп көк асманга учуп барам,
Махабатка баардык ойду буруп алам.
Өмүрүмдө бир жолуккан бул сүйүүнү,
Бекем кармап жоготпостон тутуп жатам.
Билбейм мүмкүн мен жоготуп аламынбы,
Махабатты кармай албай каламынбы.
Кандай болот бул сүйүүнүн келечеги,
Чын эместир азырынча баламынбы.
Чын сүйүүдүр балким сүйүүм жалган эмес,
Жоголсо да жүрөгүмдө калат элес.
Жаш чагымда колдон учкан махабат деп,
Өмүрүмдө унутпастан жүрөм эстеп.
Автор:Базарбаев
#11 13 Декабрь 2018 - 20:40
Жолуктуңбу ак сүйүүнүн асманынан,
Жактың өзүң, көп сулуунун арасынан.
Ашык болгом, айыктыраар дегем сени,
Жүрөгүмдүн ырбап кеткен жарасынан.
Кезиктиңби махабаттын талаасынан,
Же таптымбы периштелер калаасынан.
Сени сүйдүм, куткараттыр деген элем,
Акыл жетпес ашыктыктын азабынан.
Каала түшүн,калаабасаң эч түшүнбө.
Таптым эле эң алгачкы жаз күнүндө.
Жүрөгүмө келгин куштай келген белең,
Азыр жоксуң жалгыз турам күз түнүндө.
Келдиң эле жазындагы жамгыр менен,
Түбөлүктүү махабатты күткөм сенен.
Эркелетип,сылап кеткен салкын желдей,
Кайра кеттиң күзүндөгү нөшөр менен.
Автор:Базарбаев Б.
Жактың өзүң, көп сулуунун арасынан.
Ашык болгом, айыктыраар дегем сени,
Жүрөгүмдүн ырбап кеткен жарасынан.
Кезиктиңби махабаттын талаасынан,
Же таптымбы периштелер калаасынан.
Сени сүйдүм, куткараттыр деген элем,
Акыл жетпес ашыктыктын азабынан.
Каала түшүн,калаабасаң эч түшүнбө.
Таптым эле эң алгачкы жаз күнүндө.
Жүрөгүмө келгин куштай келген белең,
Азыр жоксуң жалгыз турам күз түнүндө.
Келдиң эле жазындагы жамгыр менен,
Түбөлүктүү махабатты күткөм сенен.
Эркелетип,сылап кеткен салкын желдей,
Кайра кеттиң күзүндөгү нөшөр менен.
Автор:Базарбаев Б.
#12 13 Декабрь 2018 - 20:41
Көрүп калсам мен өзүңдү кокусунан,
Арыламго кусалыктын оорусунан.
Кыялымда сен тарапты көздөй басып,
Түбөлүктүү бир болууга колум сунам.
Көрүп калсам капыс жерден кезиктирип ,
Жүрөгүмдү жаралайсың эзип тилип.
Билсең гана жалгыз сени сүйөрүмдү,
Байкасаңчы көздөрүмдөн сезип билип.
Көрүп калсам жакын жерден алыс эмес,
Акылымдан адаштырат сүйкүм элес.
Назданганың, куйкалайтко жүрөгүмдү,
Балким ошол көз-ирмемдер кайра келбес.
Сан ойлорум сен жактарга учат дайым,
Кыялымда асмандагы учактаймын,
Деги билбейм качан сени жароокерим,
Кучагыма бекем кысып кучактаймын.
Өзүң болдуң күндө көрчү түштөрүмдө,
Түшүмдөда суктандымго түспөлүңө.
Эгер мени куткарып сен ,кетер белең,
Кусалыктын камагына түшкөнүмдө.
Автор:Баяман Базарбаев.
Арыламго кусалыктын оорусунан.
Кыялымда сен тарапты көздөй басып,
Түбөлүктүү бир болууга колум сунам.
Көрүп калсам капыс жерден кезиктирип ,
Жүрөгүмдү жаралайсың эзип тилип.
Билсең гана жалгыз сени сүйөрүмдү,
Байкасаңчы көздөрүмдөн сезип билип.
Көрүп калсам жакын жерден алыс эмес,
Акылымдан адаштырат сүйкүм элес.
Назданганың, куйкалайтко жүрөгүмдү,
Балким ошол көз-ирмемдер кайра келбес.
Сан ойлорум сен жактарга учат дайым,
Кыялымда асмандагы учактаймын,
Деги билбейм качан сени жароокерим,
Кучагыма бекем кысып кучактаймын.
Өзүң болдуң күндө көрчү түштөрүмдө,
Түшүмдөда суктандымго түспөлүңө.
Эгер мени куткарып сен ,кетер белең,
Кусалыктын камагына түшкөнүмдө.
Автор:Баяман Базарбаев.
Билдирүүнү түзөткөн: jashkalemger: 13 Декабрь 2018 - 20:46
#14 13 Декабрь 2018 - 20:45
Жалбырактай саргайдым күзүндөгү,
Жылмаюлар алыстайт жүзүмдөгү.
Жүрөгүмдү сүйдүрүп алгандайсың,
Үмүт деген бир сенден үзүлбөдү.
Суусап турат сүйүүгө жүрөк деген,
Сен таптаза суу болчу мүрөк деген.
Кубанмакмын бактылуу адам болуп,
Башкалардан кеп уксам сүйөт деген.
Ээрип барам ээритет ысык аптап,
Жан сууруган кусалык мени каптап.
Адамым жок сооротор ыйлаганда,
Жубатамын өзүмдү өзүм таптап.
Автор: Базарбаев Баяман
Жылмаюлар алыстайт жүзүмдөгү.
Жүрөгүмдү сүйдүрүп алгандайсың,
Үмүт деген бир сенден үзүлбөдү.
Суусап турат сүйүүгө жүрөк деген,
Сен таптаза суу болчу мүрөк деген.
Кубанмакмын бактылуу адам болуп,
Башкалардан кеп уксам сүйөт деген.
Ээрип барам ээритет ысык аптап,
Жан сууруган кусалык мени каптап.
Адамым жок сооротор ыйлаганда,
Жубатамын өзүмдү өзүм таптап.
Автор: Базарбаев Баяман
#15 13 Декабрь 2018 - 20:48
"Жаш калемгер"
жаш-акын жазуучуларга колдоо корсотуу максатында ачылган мектеп. 2018-жылдын сентябрь айларынан тартып жаш-жазуучу Бекболот Абдуллаев мектеп ачууну коздогон кыялын ишке ашыра баштаган. Алгач мектептин логотиби, жарнамалык ролик, коммисия шайлоо, керектуу материалдар,
окуу усулдарын иштеп чыгып, 1-декабрдан баштап ишке кирген. Бекболот озу "Бул убака чейин мен озумду мыкты акын сезчумун, а бирок мектепке кабыл алынган акындар менден да кыйын болуп чыкты. Демек биздин элибизде да таланттуу акындар бар. Биз алар менен сыймыктаналы.
Биздин 16 жаштан ылдыйкы балдарды тандап алуубуздун себеби алар жан дуйосу таза адам болушат. Ошондой эле алардын келечеги алдыда. Келечектеги кыргыз искусствосуна,
кыргыз адабиятына чон салым кошчу инсандар болушуна тилектешмин"
деп откон. Демек, элибизде да талантуу инсандар бар. Болгону аларды колдоо жок экендиги окундурот. Бирок анткенде да заман ушунчалык мыкты болуп, чын конулдон аракет кылган калемгерлер кыялына жетип жатат.
Баракча 1 - 1