- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Адабий чыгарма жана чыгарма... Кандай болушу керек жана максаты эмне...
#1 03 Июль 2013 - 19:14
#2 03 Июль 2013 - 19:38
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#3 03 Июль 2013 - 19:43
#4 03 Июль 2013 - 21:36
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#5 03 Июль 2013 - 23:09
#6 06 Июль 2013 - 10:31
#7 08 Июль 2013 - 10:14
Дагы кандай ойлор бар???
#8 19 Август 2013 - 18:11
#9 19 Август 2013 - 18:26
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#10 27 Август 2013 - 19:51
КӨРКӨМ АДАБИЯТ- ИСКУССТВОНУН БИР ТҮРҮ. Жогоруда айтылгандай, искусство дегенибиз коомдукаң-сезимдин бардык түрлөрүнөн: гуманитардык илимдерден жана философиядан, моралдык жол-жобо жана укуктук нормалардан, социалдык көрсөтмөлөрдөн жана саясий теориялардан өзүнө гана таандык бөтөнчөлүгү менен айырмаланат. Эгерде гуманитардык илимдер жана философия, моралдык жол-жобо жана укуктук нормалар, социалдык көрсөтмөлөр жана саясий теориялар турмуштук көрүнүштөрдү, окуяларды логикалык ой- жүгүртүү, далилдөө, жыйынтыктар натыйжасында таанып -билсе, ошол эле турмуштук көрүнүштөрдү, окуяларды таанып-билүүдө искусствонун бирден-бир каражаты образ болуп эсептелет. Болгондо да, турмуштук окуялардын жекече индивидуалдуулугун жандандырып, күчөтүп, аларды кайрадан башка касиет-сапатка жараткан образ болуп эсептелет. Мына ушул жагдайдан алып караганда көркөм адабият искусствонун өзүнчө бир түрү катары өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөргө ээ.Эгерде жалпы жонунан мүнөздөп айтсак, бул бөтөнчөлүк, баарынан мурда, образды жаратып, көз алдыга тирүү жандай келтирген материалдык каражатка байланыштуу. Көркөм адабияттын андай материалдык каражаты эмнеден турат? Белгилүү го, образ түзүүдө, маселен, композитор- үндү, художник-боёкту, скульптор-таштын ар кандай түрлөрүн, архитектор не бир түркүн курулуш материалдарын пайдаланышат. Демек, искусствонун бул ишмерлеринин колдонгон нерселери, заттары алардын образ жаратуудагы неизги каражаттары. Ал эми акындыкычы, жазуучунукучу? Көркөм адабият эң оболу жаралгандан эле сөз искусствосу болгондуктан, образ жаратуудагы анын негизги каражаты, бул элдин тили, улуттун тили, тагыраак айтканда, адамдар бири-бири менен байланышканда сүйлөгөн сөз. Ошондой болсо да өтө маанилүү бир учурду эстен чыгарбоо керек. Кадыресе турмушта сүйлөгөн сөз менен атайы, уюшулгандык түрдө бир максатка багытталып кагазга түшкөн сөздүн ортосунда асман-жердей айырма бар. Кадимки оозеки сөздө так элестүү, өткүр айтылган сөз курулмалары кездешпей койбойт. Бирок, анын мазмунун бузбай туруп эле, айрым сөздөрүн же кыскартып, же орун алмаштырып жиберишке болот. Ал эми накта көркөм чыгарманын сөздүк курулмаларына кол тийгизип, оңдоп түзөп жиберишке эч мүмкүн эмес. Бул маселе жөнүндө англис романтик акыны С.Т.Колридждин авторитетине кайрылсак болот. Акын мындайча жазат: «Шекспир менен Мильтондун ыр сабынан бир сөздү алмаштырып, же ордунан которуп жибергенге караганда, Египет пирамидасынын астынан куралсыз кол менен таш сууруп чыгуу алда канча жеңил» . Романтикалык акындын гиперболизациялык образы так жана таамай. Чынында Египет пирамидасынын астынан куралсыз кол менен таш сууруп чыгыш мүмкүн эмес, ойго келбеген иш. Ал эми гиперболизациялык образ мындай чындыкты түздөн-түз жокко чыгарат. Бир ыр сабынын бир сөзүн Египет пирамидасына салыштыруу чыныгы поэзия өзү кандай «пирамидалардан» жаралганын далилдеп турат. Демек, нукура поэзия өзүнүн туруш-турпаты боюнча бир бүтүн монолиттей көрүнүш, анын татаал түзүлүш организиминен кандайдыр бир «мүчөсүн» алып таштоого, оңдоого болбойт. Анткенде эле көркөм чыгарманын мааниси дароо бузулат. Бул жерде сөз, дагы бир жолу кайталайбыз, нукура көркөм чыгарма жөнүндө баратат. Кашкардын тоосу кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш. Кайрылып мага келе кет, Алымкан, Карыпка салбай кыйын иш. Азыркы скульптордун ташка чегип жасаганындай нык жасалган бул төрт сап ырдын кайсы сөзүн жулуп таштап, же кайсы сөзүн оңдоп-түзөп коюшка болот. Эч мүмкүн эмес. Ташкындаган эргүү менен буулуккан сезимдин бириккен жеринен жаралган бул төрт сап ыр көркөм сөз өнөрүнүн эң бийик үлгүсү катары түбөлүккө калат десек болот. Көрүнүп тургандай, сүйлөө речинде (оозеки сөздө) артыкбаш, кокусунан кирип кеткен сөздөр кездеше берет. Аны угуучу анчейин этибарга албайт. Мааниси жетсе болду. Ал эми кагазга түшкөн сөз эч кандай кокус кирген, артык баш сөздөргө жол бербейт, мында баары иргелет, ар бир сөз өз-өз ордуна коюлат. Мына ушунун баары көркөм сөздү жараткан жазуучунун, акындын,драматургдун кесиптик деңгээлине, табиятынан бүткөн талантына жараша болот. Искусствонун башка түрлөрүнө, маселен, сүрөт, же скульптурага караганда, көркөм сөздүн дагы бир негизги айырмачылыгы мындай:сүрөтчү, же скульптор, айталы, адамдын портретин тартса, анда биз холстко түшкөн, же таштан чегилген адамдын элесин өз көзүбүз менен көрөбүз.Демек, искусствонун бул түрлөрү баарынан мурда көрсөтмөлүүлүк (наглядность) касиети менен айырмаланат. Ал эми жазуучу адамдын портретин кантип кагазга сөз менен түшүрөт? Ал баарынан мурда адамдын мүнөздүү учурларын сөз менен сүрөттөйт. Маселен, сырткы келбетин, көзүн, мурдун, бет түзүлүшүн жана башка. Натыйжада сөздүн сыйкырдуу күчү аркылуу адамдын жандуу портрети тартылат. Демек кѳркөм адабият искусствонун башка түрлөрөнөн өзүнүн сүрөтөөчүлүк (изобразительность) касиети менен өзгөчөлөнөт.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 27 Август 2013 - 20:03
#11 27 Август 2013 - 20:05
Искусство түрлөрүнүн арасынан көркөм адабият сүрөттөөдөгү өзүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү, мындайча айтсак, универсалдуулугу менен обочо турат. Универсалдуулук дегенибиз эмне? Биринчиден, бул жанрдык ар түрдүүлүк. Лирикадан тартып эпоско чейин. Бул жанрларда адамдын жан дүйнөсүндөгү билинбеген сезимдерден тартып, турмуштук кеңири полотнолорго чейин камтылат. Экинчиден, бул көркөм адабияттын сүрөттөө масштабы Мейкиндик жана Мезгилдик жагынан учу-кыйыры жок десек болот. Мындагы сүрөттөлгөн окуя азыркы учурдан-байыркы доорго чейин, жерден-космоско чейин уланышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, бул көркөм адабияттын негизги сүрөттөө предмети адам болгондон бери дүйнөлүк адабиятта эмне деген адамдар, мүнөздөр, типтер сүрөттөлбөдү. Бир эле Оноре де Бальзактын «Адамдар комедиясы» деген атактуу романдар жана повесттер жыйнагында сүрөттөлгөн адамдардын турмушу жана тагдыры Франциянын бүтүндөй бир доорун күзгүдөй чагылдырат десек болот. Ал эми Л.Толстойдун «Согуш жана Тынчтык» эпопеясында сүрөттөлгөн адамдардын образынан ХYIII к. орус чындыгы өзүнүн бүтүндөй панорамасы менен көз алдыга келет. Кыргыз адабиятынын алдынкы өкүлдөрүнүн ичинен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы ушундай универсалдуулук касиет-сапатка ээ десек толук негиз бар. Бул жазуучунун аңгемелеринде жана повестеринде, романдарында жана драмаларында ар түрдүү элдердин турмушу, кыргыздар менен орустардын, казактар менен нивхлердин, немецтер менен англичандардын жана башкалардын турмушу сүрөттөлөт, баяндоо аймагы кыргыз жеринен Охот деңизине,казак талаасынан Европага,& nbsp; темир жол бекетинен космоско чейин созулат, жазуучунун чыгармаларында ар түрдүү каармандардын образдары жөнөкөй дыйкан аялдан тартып, атактуу окумуштууга чейин камтылат. Көркөм адабияттын ушундай универсалдуулугу эң биринчи иретте жазуучу таянган элдин, улуттун тилине байланыштуу келип чыгат. Ал эми тил, бул эң татаал көрүнүш экени белгилүү. Анын татаалдыгы тил аткарган кызматка, функцияга гана шартталбайт. Анын татаалдыгы - эң ириде дүйнө жүзүндөгү «элдик», «улуттук» деп аталган тилдердин көп түрдүүлүгүндө. Кандай гана тил болбосун, ал баарынан мурда, адамдар арасындагы байланыш каражаты иретинде коммуникативдик кызмат өтөйт. Сөз аркылуу адамдар кандайдыр бир нерселер, кубулуштар туурасында маалымат берет, кандайдыр бир окуялар жөнүндө ой бөлүшөт, өздөрүнүн ар түрдүү абалындагы, кайгылуубу- шаттуубу, ички сезимдерин билдирет, жана башка. Демек турмуштун ар кандай жагдайларында, ар башка кырдаалдарында сөздүн аткарган милдети, кызматы да ар башка мүнөздө болот. Көркөм адабиятта улуттук тилдин дал ушундай көп түрдүү функционалдуулугу сөзсүз түрдө пайдаланылат жана ар бир жазуучунун жекече мүмкүнчүлүгүнө жараша андан ары өнүктүрүлөт. Эгерде дүйнөлүк тилдин көп түрдүүлүгүн эске алсак, алардын ичинде кээ бир тилдердин эрте өнүгүп, эл аралык тилге айланып кеткенин, ошондой эле кээ бир тилдердин кечигип өнүгө баштаганын, ал эми айрымдарынын «токтоп» калганын эске алсак, анда ошол ар түркүн тилдерге негизделген улуттук адабияттар да ар түркүн деңгээлде болорун жана алардын ар биринин өзүнчө өзгөчөлүгү болору талашсыз. Бөтөнчө мүнөздүү мисалга кайрылып көрөлү:өнүккөн англис тилинде-өнүккөн адабият, ал дүйнөлүк маданиятка Шекспирди, Диккенсти, Байронду берди; өнүккөн француз тилинде-өнүккөн адабият, ал дүйнөлүк маданиятка Мольерди, Оноре де Бальзакты, Ги де Мопассанды берди; өнүккөн орус тилинде-өнүккөн адабият, ал дүйнөлүк маданиятка Пушкинди, Толстойду, Достоевскийди берди. Албетте таланттын жаралышы табиятка, коомдук жана маданий өнүгүштүн жалпы деңгээлине жана башка факторлорго байланыштуу, бирок кандай болсо да өзүндөгү чыгармачылык потенцияны толугураак ачыш үчүн жазуучунун тагдырына туш келген улуттук тилдин өнүгүш динамикасы чечүүчү шарттардан болуп эсептелет. Улуттук тил менен улуттук көрөм адабияттын, андан да тактап айтканда, сөз менен образдын ортосундагы тикелей байланышты түшүнүү үчүн немец окумуштуусу В.Гумбольд, орус окумуштуусу А.А.Потебня атайын изилдөө эмгектерин арнаганын эскертсек жетиштүү эле болот. Бирок көркөм адабият нукура эстетикалык таасирдүүлүкө жана автордук дааналыкка дароо эле жетише албайт. Бул айтылган сөздөр айрыкча жазуу өнөрүн жаңыдан баштап, жаңыча жолго түшө баштаган жаш адабиятка тиешелүү. Баштаганда эле жазылган драма-драма болуп, роман-роман болуп калбайт. Жазылган чыгарма дефинициясы боюнча драма, же роман деген жанрдын эстетикалык принциптерине жооп бериш үчүн, ал, эң болбоду дегенде,«балалык доорду» баштан өткөрүш керек. Ушул мааниде алганда орус адабиятынын жети жүз жылдык жолун изилдеп чыккан орус филологу Д.С.Лихачёвдун төмөнкүдөй жыйынтыкка келиши деле кокусунан эмес: «Байыркы орус адабиятынында гениалдуулуктун илеби сезилбейт, анын үнү бийик эмес. Автордук башталыш да анчалык ачык чыкпайт. Анда Шекспр да, Данте да болгон эмес…Байыркы орус адабияты индивидуалдуу чыгармачылыкка караганда, фольклорго жакын…Анда Джотто сыяктуу реформаторлор, Леанардо да Винчи өңдөнгөн индивидуалдуу чыгармачылыктын генийлери жок». Орус окумуштуусунун бул жыйынтыгынан эмнелерди баамдоого болот? Мындайынан, үстүртөн алганда өзүнүн улуттук адабиятына өтө эле сын көз менен мамиле жасаганы байкалат. Бирок, бул өзүн-өзү карандай басмырлоо эмес, өзүн башкаларга салыштырып, өзүндөгү болгон рухий мурасты жөнөкөйлөштүрүү, же жупунулоо эмес. Бул баарынан мурда өзүнүн адабияты жөнүндө өтө терең ойлонулган жана талашсыз чындыктан келип чыккан көз караш. Ушундан улам окумуштуунун бул даанышман сөздөрүнөн жыйынтык чыгарса болот: ар бир элдин адабияты өзүнчө жол, өзүнчө багыт менен өнүгөт. Маселен, англис адабияты Шекспирди жаратат, байыркы Рим дүйнөгө Дантени берет. Ал эми мындай көрүнүштөр байыркы орус адабиятында болбойт. Эмне, ушундай деп айтууда орус адабиятынын кадыр-баркын кетирүү, же анын бийик мартабасына кол салуу барбы. Эч кандай.Д.С.Лихачёв өзүнүн темирдей аргументтелген оюн андан ары улантып, Байыркы орус адабиятын жараткандардын реалдуу образын түзөт. Окумуштуунун салыштыруусу менен айтканда, Байыркы орус адабиятындагы жазуучулар кандайдыр бир шаардын ичинде өзүнчө бөлүнүп турган жекече имараттарды жараткан архитекторлор (Зодчий) эмес, алар кадимки эле катардагы шаардын үй куруучулары болгон. Архитекорлор (Зодчий) шаардын Эйфель мунарасын, же Кышкы Дворецин, башкача айтканда, адабияттын «Адамдар комедиясын», же «Бир тууган Карамазовдорун» жаратат. Ал эми куруучулар болсо, андай жекече чыгармачылык бийиктикке көтөрүлбөйт, алар шаардын жалпы негизин түптөйт, пайдубалын тургузат. Ушул сыңары Байыркы орус адабиятынын жазуучулары кийин келген ХVIII-XIX кылымдардагы улуу орус адабиятынын түпкү тегин негиздейт, кыртышын даярдайт. Демек ар бир улуттук адабият өзү жашаган коомдун, тарыхый мезгилдин шартына жана өзгөчөлүгүнө карата өзүнүн гана руханий дүйнөсүн, өзүнүн гана байлык мурасы менен пайда болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 27 Август 2013 - 20:36
#12 27 Август 2013 - 21:44
Ар түркүн речтердин арасында көркөм речь өзүнүн бөтөнчөлүктөрү менен айырмаланат, адабий тилдин калыптанышында жана өркүндөшүндө аткарган кызматы менен айрыкча мааниге ээ. Көркөм речтин жардамы менен жазуучулар ар түркүн персонаждардын жекече адамдык касиет-сапатын ачат. Ошондуктан улуттук тилдин сөз байлыгы өзүнүн ар түркүн оттенкалары, ар түркүн боёктору менен кайталангыс образдык мааниге ээ болот. Дал ушул образдык маани-маңызы көркөм речтин башка речтерден, илимий, философиялык, гуманитардык речтерден, принципиалдуу айырмачылыгы болуп эсептелет. Көркөм речь улуттук адабий тилдин нормасына дайыма эле туура келе бербейт. Бардык эле элдердин сөз искусствосу фольклор түрүндө, адабий тил калыптанганга чейин, алда качан эле мурда пайда болгон. Демек, адабий тил кандайдыр бир эл улуттук маданияттын дүйнөлүк кербен жолуна түшкөндө гана калыптана баштайт, бул татаал жана узак процессте кагазга түшкөн көркөм речтин мааниси да, аткарган кызматы да айрыкча зор. Маселен Россияда адабий тил XVIII кылымдын ортосунан тартып тороло баштаган. Бул тарыхый ишти баштоодо Ломоносовдун, кийинчерээк Карамзиндин чыгармалары өтө маанилүү этапты түздү. Ал эми бул процессти өзүнүн бийик деңгээлине жеткирген Пушкин болду.Ушундай улуу методологиялык сабактан кийин кыргыз адабий тили кантип, качан калыптана баштады, өзүнүн өнүгүү жолунда кандай тоскоолдуктарга, кедергилерге учурады, аларды кандайча басып өттү, ушу сыяктуу суроолордун түрмөгүнө жооп берүү кыргыз филологиясынын кезектеги милдети
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 27 Август 2013 - 21:55
#13 27 Август 2013 - 21:59
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 27 Август 2013 - 22:51
#14 27 Август 2013 - 22:53
С.Эралиевдин бир ырынан мисал:
Тагдырым,
Буга чейин көптү берди,
Тилеймин,
Дагы ошончо нерсе көптү:
Мисалы,
Эчен жылга ушул Жерди,
Мисалы,
Эчен жылга ушул Көктү,
Алдымда
Күнүм бүтүп калмайынча,
Желгиче
Насибиме келген каным.
Ыр жазып
Ырга моокум канмайынча
Жашаймын
Жалын окшоп, күйүп-жаным!
Бул өтө жөнөкөй жазылган ырда акын узак өмүр жөнүндө айтып жатат. Бирок мында «өмүр» деген сөз жок. Билгичтик менен табылган жана өз-өз ордуна коюлган эки образ «Жер» жана «Көк» акындын оюна философиялык доош берип, аны даана, так берип жатат. А эми «драмалык» дегенде көбүнчө адамдардын ортосундагы кагылыштарды, карама-каршылыктарды күчөтүп, чыңап көрсөтүүнү түшүнөбүз. Маселен, Шекспирдин трагедиясында Отелло-Яго-Кассионун арасындагы чиеленишкен драмалык күрөштү көрсөтүү, же К.Жантөшевдин элдик эпостун негизинде жазган драмасында Тейитбек, Канышай, Курманбектин ортосундагы конфликтини сүрөттөө. Бул айтылгандардан «драматизм» бир гана драмалык чыгармаларга, «лиризм» бир гана лирикага, «эпикалык» бир гана көлөмдүү романдарга тиешелүү касиет-сапат деген корутунду чыкпоого тийиш. Анткени бул аныктамалар адабий көркөм чыгарманын стилдик маанайына карата өтмө катары өтүп кете турган көрүнүштөрдөн. А.Осмоновдун лирикалык ырларынан (мисалы, «Менин үйүм») эпикалык чабытты, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан (Мисалы, «Ак кеме») күчтүү драматизмди ачык эле сезебиз. А.Осмонов «Менин үйүм» деген ырында жаңы турмуш менен эски турмушту антитезалык планда сүрөттөйт. Ал үчүн анын «учук» оору менен «жакырчылыкты» кадим тирүү жандай кылып жандандырып сүрөттөйт. Жандандыруу лирикалык ырдын мезгилдик жана мейкиндик аралыгын кеңитип,чыгармага эпикалык мүнөз киргизет. Ч.Айтматов «Ак кеме» повестинде Баланын трагедиясын ишенимдүү жана далилдүү сүрөттөө үчүн сюжеттик окуяны улам чырмалыштырып, улам чыңап отурат. Натыйжада зомбулук, менен келише албаган Бала Орозкулдар менен жашаганча деп «балык болуп» сүзүп кетет. Демек, эпос, драма, лирика, бул адабий түр, ал эми эпикалык, драмалык, лирикалык деген туюнтмалар баарынан мурда, ар бир конкреттүү чыгарманын жаралыш турпатын мүнөздөгөн стилдик касиет-сапаттар, структуралык белгилер. Жогоруда белгиленгендей, көркөм форманын негизги үч жагы, үч деңгээли бар: предметтик сүрөттөө, көркөм речь жана композиция. Көркөм форманы мындайча аныктоо кечээ эле чыга калган жок, ал байыркы Антикалык риторикадан бери жашап келатат. Арийне, биздин күнгө чейин көркөм адабияттын өнүгүш тарыхына байланыштуу улам такталып, өзгөрүп, жаңыланып отурду. Бирок, өзүнүн түпкү негизин сактап келди. Жыйынтыктап айтканда, мазмун өзүнчө бөлүнүп алынган кандайдыр бир сөздө, сөз тизмектеринде, фразаларда эмес, чыгарманын бүтүндөй тулку боюн түзүп, «кармап турган ушул» үч деңгээлдин эриш-аркак биримдигинин натыйжасынан келип чыгат.
Р.КЫДЫРБАЕВА, К.АСАНАЛИЕВ. Кыргызадабий илиминин терминдер сөздүгү. - Б., 2004-ж.
P.S. Чыгарма жазган форумчуларга жардамы тиет деген ниетте жүктөдүм.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 27 Август 2013 - 23:08
#15 31 Август 2013 - 23:26
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 01 Сентябрь 2013 - 00:24
#16 22 Сентябрь 2013 - 20:27
Жаштык күндүн жалындарын бүрккүлөп
Күндөй жашайм.
Күтүрөймүн ар кандай
Жаштыгыма карашат жарданышып…
…Май кучагына балбыраган дүйнөдө
Жашаймын мен кучак жайып,
Жаш толкундай ары-бери чайкалам.
Эбегейсиз кайнайт менде ишеним.
Мындай турмуш, болсо керек, болбогон.
Көрүнүп тургандай, мындагы ыр саптарынын аягы үндөшпөйт, уйкашпайт ыр саптарынын муун өлчөмдөрү да ар түрдүү, мына ошондуктан бул ыр саптары ички ыргактын ( ритмдин) негизинде түзүлгөн. Ак ырды кыргыз поэзиясына калыптандырып, өнүктүрүүдө С.Эралиевдин адабий ишмердиги айрыкча мааниге ээ. Акындын «Жылдыздарга саякат», «Жол», «Ак жыттар» деген поэмасы ак ыр менен жазылган. «Ак жыттар» поэмасынын башталышы:
Эркин таштап денени,
Денем менен күн ичип,
Көк тулаңда жатам жуушап мен эми.
Колдорум – жыйнап алган канат өңдүү,
Жатат эки лыптамда.
Денем менен сезем жашыл чөп жытын ,
Беде менен жалбыздардын аңкышын
Жаш кезден үйрү алышкан табиятым,
Мына эми мени менен
Коюндашып бир жатты.
Ойлорума серептетип ыраакты.
Саал ары жагымда,
Жатты дайра , күркүрөгөн агымда
Ак жыттанып.
Равелдин «Болеро» күүсүнүн ыргагында акын өзүнүн бул поэмасында дүйнөнүн, жашоонун чексиздиги, мааниликтүүлүгү баяндалат. Адабият үчүн бул жаңылык тема эмес, бирок акын ак ырдын кеңири көркөмдүк мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу натыйжасында мааниликтүү идеянын тереңдиктеги өз «катмарларын» ачууга жетише алган.
Р.КЫДЫРБАЕВА, К.АСАНАЛИЕВ. Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү. - Б., 2004-ж.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 22 Сентябрь 2013 - 20:37
#17 22 Сентябрь 2013 - 22:22
Менин айтайын дегеним:
Ушу "ак ыр" деген термин боюнча талаш бар. Биздин акындардын жазгандары "эркин ыр" (свободный стих) дегенге туура келет. Ал эми ак ыр биздин кыргыз тилинин мүнөзүнө туура келбейт деген да илимий көз караштар бар экенине кулак кагыш кылып коеюн дедим эле...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#18 23 Сентябрь 2013 - 17:00
Ал эми ак ырга келе турган болсок, традициялуу кыргыз поэзиясына мүнөздүү болбогон ыр түзүлүшүн жогорку акындар алып келгенин тана албасак керек.
ЭРКИН ЫР. (ВЕРЛИБР, или свободный стих, - "СЛТ".,1974). Ыр саптары бирдей эмес, ар түрдүү муундардан турган ырды эркин ыр деп аташат. Мындай ырлар сүйлөшүү речине жакын турат да, ар түрдүү интонацияны берүүгө өтө ийкемдүү келет. Эркин ырды айрыкча тамсилчилер кеңири колдонушат. Ушуга байланыштуу аны тамсилдик ыр деп да коюшат. Маселен, М.Борбугуловдун тамсилдери эркин ыр формасында жазылган. "Кагаздагы куйрук" деген тамсилдин жыйынтык бөлүкчөсүн келтирели:
Мындагы жазылган куйрук гана?
Болуш керек боор жана
Ошол керек мага.
Келтирилген үч сап ыр сыртынан караганда уйкашып турганы менен ыр түзүлүшү, ыргагы, ритмикасы боюнча үч башка.
Р.Кыдырбаева, К.Асаналиев. Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү. - Б., 2004, 567-б.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 23 Сентябрь 2013 - 17:02
#19 26 Сентябрь 2013 - 23:03
Ошону менен катар кайсы бир сөздөргө өзгөчө көңүл бурулуп, көтөрүңкү басым коюлуу менен айтылат да, алардын көркөмдүк таасирлүүлүгү артат.
«Ах кудурет, бул не деген ыракат,
Тулку бою туташ таштан турат ат!..»
( С.Эралиев. «Ак мөөр»).
Ысык-Көл кээде тынч да, кээдетолкун
Жарга уруп, жаркылдаткан жаштык отун.
Турмушта канча курдаш күтсөм дагы,
Бир кыял мындай курдаш күткөн жокмун.
(А.Осмонов. «Жеңишбек»).
Биринчи мисалда “т'', экинчи мисалда “т” тыбыштарынын кайталанышы а.түзүп жатат.
А.кыргыз поэзиясында көбүнчө ыр саптарынын башталышында кездешет.
Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты,
Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп.
Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек.
(А.Осмонов).
Бул ыр саптарында “ж” тыбышы тиешелүү аллитерацияны түзүп гана чектелбейт, ал ошону менен бир ыр сабынын башындагы уйкаштыкты жаратып, ырдын кооздугун, ыргагын күчөтүп жатат.
А. кыргыз поэзиясындагы эң байыркы архаикалык көрүнүш. Анын бул касиет-сапаттары Т. Квальский менен Ф. Корштун, И. Фалев менен В. Радловдун, К. Рысалиев менен Р.Кыдырбаеванын илимий изилдөөлөрүндө далилденип көрсөтүлгөн. Окумуштуулардын далилдөөсү боюнча а. 5-8 кылымдардын аралыгындагы таштагы жазууларда, 8-9 кылымдардагы жалпы түрктөргө тиешелүү “Төлгө китепте” (“Книга гаданий”), Махмуд Кашгаринин “Сөздүгүндө” кеңири кездешет.
Демек, азыркы мезгилдеги кыргыз поэзиясында, К. Тыныстанов менен А.Осмонов, А.Токомбаев менен С.Эралиев, О.Султанов менен Б.Сарногоевдин ырларында аллитерациянын кеңири колдонулушу кокустук эмес, ал кыргыз поэзиясынын улуттук өзгөчөлүгүнүн мүнөздүү белгисине жатат. Мисал катарында акын
Т. Мамеевдин төмөнкү ыр саптарын келтирели:
Талаада опсуз бурганак,
Тал, терек башын жулмалап
Кар жааса чыгып үйүнөн
Карт жоокер ойлуу сурданат.
Келтирилген ыр саптарындагы “тал''-“талаада”, “кар”-“карт” деген сөздөр тыбыштык үндөштүктү, ички гармониянын гана эмес, ошону менен бирге строфанын ыр башындагы уйкаштыкты түзүп, чыгарманын бүтүндөй структурасынын уккулуктуулугуна айрыкча шарт жаратып жатат. Акын мындай өзүнөн-өзү куюлган ыр саптарын атайы көзөмөлдөп издөөнүн натыйжасында эмес, кандайдыр бир ички дилден табийгы түрдө кагазга келип түшкөнү ачык көрүнөт. Анткени, азыркы акын элдик поэзия менен тамырлаш, киндиктеш. Ушул ыңгайда дагы бир мисал:
Калган- каткан карды шамал кубалап,
Карга да жок, аңыз дырдай жылаңач,
Жыртык тонун кийип алып кыйкайган
Жылгадагы кырдын жалгыз тумагы ак.
Таргыл уйдун так өзүндөй күйпөйүп,
Талаалар да жүдөө, жүдөө түйтөйүп,
Тарай албай жадагалса канатын
Таранчылар араң турат үрпөйүп.
Бул ыр саптары акын Шайлообек Дүйшеевдин “Жаз” деген ырынан алынды. Акындын бул ырынан жаздын көрүнүшү өтө элестүү жана образдуу берилип жатат. Мындай так, даана образ жалаң гана таамай табылган салыштыруулардын (“жыртык тон”, “таргыл уй”, “аңыз” ж.б.), келишкен уйкаштыктардын (“кубалап”- “тумагыак”, ”күйпөйүп”- “түйтөйүп” ж.б.)негизинде гана эмес, дал ошондой эле ыр башындагы аллитерациянын (“калган-каткан' ', “карга”, “жыртык”,“жылга”, “таргыл”, “талаа”, “тарай”, “таранчы”) тикеден-тике аткарган функциянын натыйжасында жаралып жатат.
Ошентип, а. кыргыз поэзиясынын байыркы доорунда жаралган, калыптанган жана муундан-муунга өтүп азыркы профессионалдуу системасында кеңири өнүктүрүлгөн көркөм сөз каражаттарынан болуп саналат.
Р.Кыдырбаева, К.Асаналиев.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 26 Сентябрь 2013 - 23:07
#20 26 Сентябрь 2013 - 23:10
XVIIIкылымдын экинчи жарымында жана XIX кылымдын биринчи жарымында анакреонтикалык ырлар батыш жана орус поэзиясында көп кезигүүчү. Аларды М.В. Ломоносов, Г.Р.Державин, К.Н.Батюшков ж.б. акындар жазышкан. А.С. Пушкин дагы алгачкы мезгилинде бир нече анакреонтикалык ырлардыжазган жана которгон.
Кыргыз поэзиясындагы анакреонтикалык ырлардын үлгүсүнө А.Осмоновдун“Үйлөнүү ырын” көрсөтүүгө болот. Албетте, бул ыр өзүнүн мазмуну жагынан мурдагы а. п. айырмаланат. Мында жаңы советтик адамдардын турмушу сүрөттөлүп, алардын тунук сүйүүсү даңазаланат.
“Сөз меники.Ордуңардан туруңар
Карындаштар, теңтуш, курдаш, курбулар.
Мына, мына алдыбызда эки ашык,
Ичели, ичели !
Тунук суудан бир жутум
Ичели, ичели курдаштар
Дал ушундай тунук болсун турмушуң”.
“Тунуксуу”, бул метафора. Жөн эле метафора эмес, адамдын келечек таза, тунук жашоо турмушу дал ушул “тунук сууга” катар коюлуп, адам тагдыры менен “тунук сууну” бирдей маанилеш көрүнүш катарында даңазалаган, романтизациялаган метафора. Тагыраак айтканда, даңазалоо, романтизациялоо үйлөнүп жаткан жаштарга кандай тиешелүү дал ошондой эле маанида ичимдикке, шарапка (“тунук сууга”) да тиешелүү.
Кыргыз акыны дүйнөлүк адабияттагы анакреонтикалык поэзиянынын салттарын өздөштүргөн жок, абалким тааныш да болгон эместир. Бирок сүйүү сезимин даңазалаган лирикалык ырларда кандай болбосун анакреонтикалык поэзиянын айкын, даана көрүнүштөрү болбой койбойт. Алыкул Осмоновдун сүйүү лирикаларында кайгылуу, өкүнүчтүү мотивдердин кездешкенине карабастан, акындын ырларында аялды даңазалоо, сүйүү сезимин даңазалоо, сүйүү сезимин адам турмушундагы эң негизги касиет катарында көрсөтүү эң күчтүү.
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп,
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан,
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман, жерге түшсө жарылып,
Кыян түшсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөөр элем кыйналбай
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
Көпкөк асманжерге түшүп, кыян жүргөндөн ашкан адам баласы үчүн дагы кандай коркунуч, дагы кандай мүшкүл болушу мүмкүн. Жетээр жерине жеткирилип, күчөтүлүп, гиперболизацияланган бул кыяматтан кыйналдырбай өткөрүп ийчү күч, бул аялдын “бир көз караш кубаты”. Өзүнүн мазмуну боюнча да, аткарылыш формасы боюнча дүйнөлүк лирикалык шедеврлердин катарында турган бул ыр, албетте, анакреонтикалык поэзия эмес, бирок улуу акын жараткан ыр сапаттарына сүйүү сезиминин даңазаланышы ошондой дүйнөлүк поэзиянын үлгүлөрүнүн бир катарына коёт. Дал ушул жагдайда Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэма” деген “арзуу ырларын” келтирсек болот. Сүйүү сезимин даңазалаган бул ыр түрмөктөрү мазмуну боюнча да, көркөмдүк-структуралык түзүлүшү боюнча да ушул темада жазылган бир да акындын чыгармасына окшобогон өтө оригиналдуу поэтикалык окуялардан. Мына поэмага мүнөздүү болгон сюжет, же персонаждын сүрөттөлгөн жеке тагдыры жок. Көлөм жагынан бир кыйла эле жетишерликтей болгон бул ыр түрмөктөрүндө адамдын бир гана сезими, аялга болгон жан сезими сүрөттөлөт. Сүйүү сезимин сүрөттөө мүмкүн эмес, аны айтып, түшүндүрүп берүүгө гана болот. Бирок, акындын сүйүүгө болгон мамилеси өзгөчө, башкача:
Уктаганда сенин уйкуң менде бар
Ойлоруң да ойлорума киришкен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
Акын сүйүү сезиминин не бир көрүнбөгөн ''булуң- бурчтарына” кирип барат, анын ачуу-таттуусуна, ысык-суугуна чейин “изилдейт”, бирокбаары бир сүйүү сезими үчүн жан берүүгө даяр, ал ошого акыр-аягына чейин турат. Сүйүүнү ушундай даражада даңазалоо анакреонт поэзиясынан башталган экен. Андан соң дүйнөлүк поэзияда сүйүү лирикасынын чокусун түзгөн Пушкин менен Лермонтовдун, Тютчев менен Феттин, Гете менен Шекспирдин, Гюго менен Шиллердин ырлары жаралган. Мына дал ушул анакреонттук поэзиянын мотивтери кыргыз акындарынын айрым чыгармаларында байкалбай койбойт. Мисалы О.Султановдун ушул эле ырынан төмөнкү саптар.
Сенин сүйүүң мага кандай ак эле
Менин сүйүүм андан дагы агыраак.
Сенин сүйүүң мага кандай жаңы эле
Менин сүйүүм жаңыдан да жаңыраак.
Сенин сүйүүң жаштыгыңдан жаш эле
Менин сүйүүм көп- көк эле көктөмдөй.
Сенин сүйүүң тазадан да таза эле
Жаштык өттү өткүн жаан өткөндөй.
Сүйүү жөнүндөгү бул эки строфанын жаңылыгы тек гана салыштырууга, гиперболизацияга гана байланыштуу эмес, баарынын мурда адам сезиминин башкача сүрөттөлүп (көнүмүштөрдөн таптакыр тышкары), башкача жаратылган ыр саптарынын башкача бир касиет- сапатында.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 26 Сентябрь 2013 - 23:27
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »