Суперстан: Артроз деген оору кандай? Сураныч сиздерден билсеңиздер айтып коюңуздарчы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Ортопедия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Артроз деген оору кандай? Сураныч сиздерден билсеңиздер айтып коюңуздарчы артроз

#1 Пользователь офлайн   Eli.91   24 Июль 2018 - 13:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 05 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2024 16:25
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсызадарбы форумчулар, сиздерден суранайын дегеним Артроз деген оору кандай?биринчи баламды торогондо тазым ажырап кетип аперетсия болгон элем,андан кийин ошол эле таздан 3 жолу аперетсия болдум,ооруп кайра сакайып журуп кайрада ооруп калдым,томаграфия ортроз деп чыгарды,врачтар антип чыгара берет деп жакшы конул бурбай жатышат,чындыгында кимисине ишенсе болот?ортроз бул кандай оору?бул оорудан сакайса болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Eli.91   24 Июль 2018 - 13:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 05 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2024 16:25
  • Жынысы:Аялзаты

Менин окуям эмес,кайнежем сурап бер деди эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Janyla   24 Июль 2018 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Муун оорулары эмнеден улам пайда болот?

Адамдар жаракат алган кезде, оор нерселерди көтөргөндө муун аралык кемирчек жарылып кетет. Андагы нерв тамырлары менен кан тамырлар кысылып калат. Натыйжасында, зат алмашуунун бузулусунан муун оорулары пайда болот.


Муун ооруларын дарылоодон мурун анын эмнеден улам пайда болоорун аныктап алуу керек. Ал үчүн кан анализдери, ренген текшерүүлөрү жүргүзүлөт. Жыйынтыгында, текшерүүнүн натыйжасына шайкеш дарылоо жүргүзүлөт.



Муун ооруларынын түрлөрү кандай?

Артрит. Бул муун оорусунун сөөкө тийгизген зыяны. Натыйжасында, муундардын калыптуу жумушу бузулуп, кыйшайып, тарамыштар менен булчуң эттери жабыркайт.

Артроз. Организмди азыктандыруучу заттын сиңбей калуусунан улам артроз пайда болот. Бул 55 жаштан ашкан адамдарда көп кездешет. Ооруган адамдын муундары кечке маал кырсылдап, оору күчөйт.

Коксартроз. Муун ооруларынын бул түрү жамбаш муундарынын закымдашы, муун кемирчектеринин бузулушанын пайда болот. Натыйжасында, улам барган сайын оору улгайып, муундун кыймылы кыйындай баштайт.

Остеоартроз. Сөөк түзүлүшүнүн бузулушунан келип чыккан остеоартроз сөөктүн тыгыздыгын азайтат. Ал эми анын тыгыздыгы кемиген сайын сөөк борпоң болуп калат.

Подагра. Бул организмдеги туз жана заара кычкылынын бузулушунан улам пайда болот. Подагра учурунда бейтаптын муундары шишип, катуу ооруйт.



Муун оорулары эмнеден улам пайда болот?

Муун оорулары адам организминде тукум куучулуктан жана улгайган сайын пайда болот. Убакыт өткөн сайын пайда болгон муун оорулары менен ооругандарга тамеки чегүү, ашыкча салмак жана түрдүү аллергиялар таасир берет. Ошондой эле, муундардын оорушуна төмөнкү нерселер себеп болот:

Сөөктүн сынышы;

инфекция;

иммундукоорулар, муун кызматынын начарлашы;

муундардагы кемирчек майынын түгөнүшү;

жаракаттын кесепетинен сынган сөөктөрдүн туура бүтпөй калуусу;

ревмотологиялык оорулар;

остеартроздон улам;

экологиялык абалдын начарлыгы;

жеген тамак аш менен ичкен суунун сапатсыздыгы;

кыймыл-аракеттин аздыгы менен ашыкча салмак.



Муун ооруларын бул белгилер аркылуу билүүгө болот:

муундардын какшап оорусу;

муундардын шишип кетүүсү;

муун айланасындагы теринин кызаруусу;

муундардын кыймыл-аракетинин чектелүүсү (бүгүлбөй же жазылбай калуусу);

оорлоп кеткенде безгек, алсыздык жана лейкоциттердин көбөйүп кетүүсү мүмкүн.

Алдын алу үчүн ...




Организмде кальций менен натрийдин жетишпөөсүнөн муундун кыймылдоосу төмөндөйт. Ошол үчүн үй жагдайында эчкинин сүтү, капуста ширеси менен муунга пайдалуу ыкмаларды колдонууга болот.

Ооруган муунду бал менен сүйкөп, капустанын жалбырагын жумшартып, 3-4 саатка ороп таштайңыз. Бул ыкманы 10 күн аралыгында жасоого болот.

1 сарымсакты эзип, 100 г лимон ширесин кошосуз. Лимон менен сарымсак калдыгын кайнаган сууга салып, жылуулап жаап коюңуз. Күнүнө уктаар алдында ушул аралашманы ичсеңиз болот. Дарылоо ыкмасы 10 күнгө созулат.

Муун ооруса, омуртканын кызматына таасир берет, организм чарчайт. Адистердин айтуусу боюнча, бул ооруну дарылабаса, майып болуп калуу кокунучу жаралат.

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 24 Июль 2018 - 16:13

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Janyla   24 Июль 2018 - 16:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Хронический болсо улам кармай берет.Оор которбош керек,адамдын озунун ашыкча салмагы да ооруну кучотот.Муун ооруларына мармелад,холодец жакшы жардам берет.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ортопедия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: