-Манка деп да атайбы, тапкан атын карасан?
Кабагын буркой, керебетине кулады. Азыр эле коштошсо да, эмнегедир кайра коргусу келди жигитти. Сагынып турду!
Эми бул сезимден кутулуунун бир гана айласы, ар дайым анын жанында болуусу керек, андан башка жолу жок!
****
-Жылдызбек оорубай, жакшы журот бекен?
Атасынын биринчи суроосу ушул болду:
-Ооба, жумушу жакшы, жашоосу тынч экен! Женем..
-Жененди сураган жокмун! Озундун практикан эмне болду?
-Бутту! Эми ушул жерден жумуш караштырам!
-Жакшы болуптур анда, эртен тоодон малдарды айдап келиш керек, бугун эс ал!
-Макул!
Адилеттин атасы кыска суйлочу. Анын айтканы бул уйдо, экинчи жолу кайталанчу эмес. Абдан катуу адам. Адилет да кичинесинен бул тарбияга конуп чонойгон. Каяша айтуу, болбосо анын пикирине каршы чыгуу, эч качан болбойт эле.
Апасы уйдо корунбойт, каякадыр кетиптир.
Кызды эстеп конулу которуло тушту.
Азыр эмне кылып жатты болду экен?
Убакыт аларды бат эле бирин'бири сагынууга мажбур кылды. Тынбай суйлошуп, кунуго кат алышып турушса да, баарыбир коргулору келе беришчу.
Ал аралыкта, Адилеттин шаарга каттоосу кобоё баштады. Маралды коруу учун, атайын жол басып келчу. Бирок кызга жолуккандан кийин, Жылдызбектин уйуно кирбей эле кетип калат. Марал канча суранса да барбайт, балким кыздын козу жокто ортолорунда ич'ара маселе откондур?
Анысын айтпайт.
Сагынышкан кундор, эркелешип, бир да жаман соз айтпай, бири'бирине бейпилдик каалаган тундордун нечени отту.
Марал сабагын шылтоо кылып, кечке эки козу компьютерде. Башында анча конул бурбаганы менен, апасы акыркы кундору кызынын озгоргонун байкады.
Ушул эле озгоруу, Адилеттин ата'энесине да байкалбай калган жок.
Канчалык тескеп, ар бир кадамын карап олтурушса да, жок шылтоолор менен, Адилет кызга келгенин койбоду. Мунун айынан уйбулодо канча жолу ызычуу болду.
Апасы кызынын жоктугунан пайдаланып, болмосуно кирди. Марал озунон башка эч ким пайдаланбагандыктан, эч нерсени жашырып, же бекитчу эмес.
Апасы чукулап олтуруп, каттарын таап алды:
-Манка, сагындым сени?
-Манка дегенинизди токтотунузчу!
-Эмне жинин келдиби?
-Жок, ачуум келди!
-Ачууланганынан гоо ушу кичинекейимдин, сабактарынан кечикпей барып жатасынбы?
-Кечээ кечигип калдым!(
-Уйкучу десе, азыраак уктасан?
-Уктаайм!
- Уктаба дебедим, сергек бол дедим, жаным!
-Адикоов?
-Ии шириним менин!
Башына бироо чапкандай эле отуруп калды апасы:
-Кайсы куну кашайып корбой калдым эле?
..
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 26 Июль 2018 - 17:30