Суперстан: Артта калган издерим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Артта калган издерим 123

#1 Пользователь офлайн   Royal55   17 Сентябрь 2018 - 12:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Тан эрте сыртка чыктым.Узелдин уну кулакты тунжуратат. Ар кайсы квартиранын даректерин айтып жаныртууда. Мындан уч жыл мурун так ушул айлары,мен да куйоом менен узелдин алдында,тизмектелген баракчаларды карап журом.Мурда кийин квартира эмне экенин корбогон жаным,элейип эле карап турам.Куйоом жашап жургон учун мындайды жакшы билет экен.Ар кайсы жерге барып,уйдун шарттарын коруп келебиз.Акыры бироосуно токтолдук.Уй уч болмолуу.Бироосундо биз куйоом экообуз.Башка экоосундо студенттер экен.Куйоом келгиче сагынып да коркуп да кетем.Студенттер бар учунбу билбейм кобунесе коркуу ээлейт.Уйдон чыкпай айнектин наркы ойузу менен берки ойузуно отуп,жодошумду кутуу менен куч кечтетем.Ал Баатырым экообуз,суйуубуз учун курошуп,баш кошкон жандарданбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Royal55   17 Сентябрь 2018 - 12:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Оо,Кудай!Учоо болуп кетиптир.Админ экоосун очуруп коюунузчу суранам.Каталык кетти деп аттыле гоо.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 17 Сентябрь 2018 - 12:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Royal55   17 Сентябрь 2018 - 12:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Ал убакта мен соода сатык менен алектенем.Жашым келип калса да уй булоо жонундо ойлонбопмун. Тандап калган убагым.Балким жашыраак болсом мындайча болбойт беле ким билет?.Баары Кудурети кучтуу Аллахтын мага жазып койгон тагдыры.Мен буга моюн сунам.Ошентип тандап журуп,кыйла убакытты артта калтырыпмын. Эми эле базарга келип отурсам,тааныш жердеш кыз келип калды.Ал абал сурашып отурдук.Арада турмушка чыкканын, коптон бери балалуу болбой жургонун.Озун айыптуу сезип,ден соолугу бала тороого туура келбесин айтып отту.Мен 27 28 ге чыгып калгам. А мен дале журом ошол бойдон дедим.Мен ал кезде ата энем тапкан бироого макулдугумду бергем.Сойко да салып кетишкен эле.Той белгиленбей узакка журуп калып,чыккынчылар ал тойду да жокко чыгарышкан. Конулсуз элем жашоого.Апам байкуш алдыма кабар алганы келип калган эле,эмнегедир туталанып ыйлап жибердим.Эмне кылайын андан башка аргам да жок.Чындап эле мунозун жактырып калган элем.Эл коптугуно карабай коз жашымды агыздым.Апам топ элден уялдыбы билбейм.Ан сайын мени жоошутууга аракет кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Royal55   17 Сентябрь 2018 - 14:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Арадан коп кун отту.Баягы жердешим айланып кайра келип калды.
-Сени менен бироону тааныштырайын. Куйоом менен бирге иштеген адам экен.Экоо тен базарда бироого сатуучу болуп иштешет.Жакшы бала, мурда уйлонгон.Номеринди бер,суйлошуп коросунор.Макул келсе болоор,болбосо тагдыры башк эки адам болосунар да коп болсо деп калды.
-:Макул деп койдум конулсуз эле.Жон гана тааныш кызымдын конулун оорутпайын дегем.Ал кыздын аты Жайнагул(озгортулду). Ошентип Жайнагул когтошуп кетти.Арадан уч торт кун отуп,белгисиз номер чалып калды.Дароо билдим Жайнагул тааныштырам деген адам деп.Анткени мага бейтааныш номурдан чалуу келбейт эле.Алдым. Суйлоштук.Аты Мурат экен.Бирок озун бойдокмун деп тааныштырды. Билдим.Бирок озу айтмайынча эч нерсе дебедим.Бир куну дагы башка бир номерден ватсапка смс келип калды.
-:Салам эже кандайсыз?.
-:Жакшы.Озун кандайсын?.Бул ким болду экен?-деп жаздым.
-:Эже мен Мурат аке менен иштеген Самат деген бала болом.Мурат аке сиз мн эмне деп таанышты эле?Уй.булоосу мн таарынышып жургонун,ортосунда уч уулу бар экенин айттыбы?
-:Бойдокмун деп таанышкан.Уйлонуп ажырашканын билет элем.Балдары бар экенин билбептирмин.
-:Эже мен сизге жакшы бир ини катары айтып коеюн.Ал жон эле таарынышып журот.Ажырашкан чакта деле уч уулу бар аялы келип отуруп алса сиз каякта каласыз?Сизди турмушка чыгалек кыз дешкенинен сизге боорум ооруп,эжем деп элестетип жаман болтам.
-:Рахмат укам айтып койгонуна.Муну билгенимде звоногун албайт элем деп смсти аяктадым.Коп деле конул бурган жокмун.Бирок балдары бар адам экенин укканда чын эле жиним келди.Бир маалда Мурат чалып калды.Алган жокмун.Жанымдагы эжеге айткан элем ал жонундо.Телефонду эжеге бердим.Мен эжесимин,балдарын бар турбайбы,мындан кийин чалба деп айтып коюнузчу деп сурандым.Суранычымды эже дароо орундатты.Бир тууган эжемдин ролун аткарып чын эле урушуп берди.Копко чалбай журуп дагы чалды.Кара тизмеге кошуп койдум.Бейтааныш номерлерден чалып журду жооп кылбадым.Бир кезде ватсапка баягы озун Самат деп тааныштырган бала смс жазып калды.Ден соолук,ал жайды сурап бутуп-:Эже сизге созум бар эле.Мени менен кошо коптон бери иштеп жургон бир аке бар.Алар копко балалуу болбой ажырашып кетишкен.Акемдин ден соолугу,мамилеси баары жайында.Мен келгенде кандай болсо азыр да ошондой жонокой кичи пейил адам.Аялы гана торобой калганынан эки ажырым жолго тушушкон.Таанышып корбойсузбу? Тагдырынар бир болуп калса ажеп эмес.Аллах таала эки адамды бири- бирине табыштырып койгон адамды соопко болойт экен.Мен да чоон соопко калсам экен деп тилеп атам.Макул болсонуз суйлошуп корунуз.Ватсап номеринизди берейин деди.
Дароо жнымдагы кошуна Наргиза эжеге айттым.Ал ватсабы болсо суротун кор,суйлошуп жолугуп кор,кандай адам экени ошондо билинет деди.Анан
-:Макул деп жазып койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Royal55   17 Сентябрь 2018 - 14:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Аты Азамат(озгортулду)экен. Суйлоштук.Тааныштык. Баягы Саматка ишендимби башкабы ,айтоор баланын суротун кордум жакты.Самат смстен жазып коет.
-:Кандайсыз эжем жактыбы деп.
-:Жакты дедим.Ошентип бири-бирибизди кордук,жакындан таанып билууго оттук.Чынында жакты. Кылам,берем ,коем деп октом ишеничтуу айткан создору,мунозу мени озуно тарта алды.Динди тушунгон экени, ансайын идеалымдагы адамга тушполдош болуп кетип атат.Ватсаптан жазышып,ар жума кундору жоолугуп турдук.Ошентип отуруп алты айды откоруп жибериппиз. Жазында башка бироодон жуучу келип аткан.Менден бир жашка кичуу.Кузундо дал ошол адамдан кайра келди.Жоолугуп коргом.Жаккан эмес.Эмнегедир сулуу болсо экен дечулем.Ал андай эмес.Озум жоолугуп жургон бала мага кобуроок туура келет.Озум ошентип болжоп койдум.Чырай туболук тура тургансып.Баягы иенден кичуу бала алып качам деп базар аралап кыйла шаштымды кетирди.Андан бекинип,кээде чыксам кээде чыкпай журдум.Айтмакчы аты Рустам.Улам- улам апасын жонотот.Апам мен жоолугуп жургон баладан кабардар.Бирок апам тааныш билиш жакшы,кимдин кандай экенин билесин,сени Рустамга эле узатам деп калды.Ыйлап сыктап макул болдум.Апасы кайра келип,эртеси сойко салышмай болуп кетишти.Уйдон чыкпай журдум.Анда санда Азамат менен жазышам.Болгонун айттым.
-:Эртен сойко салганы келатышат,мага жакпайт, уйдогулордун эле калоосу мн болгон атат деп.
-:Сени анда ала качып кетейинби?Макулсунбу? дейт.
Конбой койдум.Ата энемдин каалоосу мн батаасы мн чыгам дедим.
Анда ата-энене барайын дейт.Апама Азамат келем дейт.Эмне дейсинер десем конбой койду.Азамат апам конбой атат келбей эле кой деп айттым.Ал болсо кежирленип барам дейт.Кежир немеге уктуруш да кыйын экен.Эмнеге экенин билбейм адресимди толук берип койдум.Озумчоле ага ишенип алгам.Эмнегедир ак атта келип, куткарып кете турган Ханзаада элестетип кеттим окшойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 17 Сентябрь 2018 - 15:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Akniet_kg96   17 Сентябрь 2018 - 15:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 22 Январь 18
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 12:48

Анан??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Nazka29.07.91.   17 Сентябрь 2018 - 17:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 09 Август 18
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2018 12:56

Жакшы жазылып жатат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Royal55   17 Сентябрь 2018 - 18:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Апам келип,болду эми тигининди жыйна,тааныган билген адамдан отоору жок.Ким билет дейсин ал тоолукту,эч кимисин тааныбасам. Карым катнаш бар,бала элемес,ата-энеси да билги каттоого жакшы болуш керек.А мен бул сени берип жаткан адамдар баары тегиз жакшы.Озубузго туура келе турган адамдар деп калды.Макул апа тойду баштай бериниз дейм.Нары карап ыйлайм.Апама карап кулуп коем кайра.Тан атканча апам жаныма келип кетет.Кээде макул десем,кээде тийбейм деп ыйлайм.Апам экооз кыйла тартыштык.Акелерим атам мн суйлошот кайра жаныма келет.Бир ыйлайм бир кулом.Туну мн ватсапта Азамат мн жазышып чыктым.Ал да кээде бакыт тилесе,бир туруп алып качам дейт. Бир маалда
-Гулум менин,эгер тиги бала чындап эле сага жакпаса ,макул ага турмушка чык.Кыркын чыккыча жашап кор.Кандай экенин коросун.Бирок боюнда болтурба.Козун жетпесе келе бер.Кайра он беш кундун ичинде той кылып алып кетем деди.
-:Мен созду угуп отуруп, чыдай алган жокмун.Ал да чындап мени деген адам тура деп,эми бир жыйынтыкка келишимди тушундум.
Танга жуук апам келди болмомо.Апама баарын ыйлап кулуп атып айтып бердим.Апам- :Тообо,бул эмне деген шумдук.Эмне эрге тийип чык анан алам анан экооз иен болобуз дегениби бул?Кандай гана акмактык.Анда сени экооно тен бербейм.Эч кандай той болбойт деди да сыртка чыгып кетти.Бир аздан кийин келип,тиги бала чон той кылып,калынын берип,ак койнок кийгизип алып чыгып кете алат бекен сурачы.Эгер анте албаса сен тынч койсун.Булар ошентем деп атат.Сен кайдагыны баштап алып.Уйлонгон немеге.Деги башын иштейби сенин? Сура деп атам тигининден. Макул деп смс жаздым.Азамат аке апам той кылып,калынын берип,ак койнок кийгизип алып кете алабы деп сурап атат.Шартыныз кандай? Буларга кучунуз жетеби?.Дээрин деп алып уялдым чынында.
-:Макул калын берем.Бирок чон той кылганга кучум жетпейт.деди.
Апам кордунбу?Озу квартиралап журсо.Той кылалбаса.Эртенкинди ойлондунбу? Мени жакшы жерден калтырып атасын деп ыйлап алды.Тандын атышы азап болду чынында.Тан атпай смс жазыштым Азамат мн.Танкы намазды окуп буттум,жолго чыккан атам.Сага баратам дейт.Кой келбе дегениме карабай,бироону заказ кылып,уч киши сала келиптир ичине.Бироо тайкеси,калганы тааныштары экен.Тан атып,кун чыгып калган эле.Апам экооз кудалар келишине,базарга майда-чуйдого кетип атканбыз.Туштон кийин келишмек.Эшикте машина токтоп эле,апам сыртка чыгышы мн ызы-чуу болуп аткан.Анан эле токтоп калды.Бир болсо Азамат келди болуш керек деп коем ичимде.Эшикке чыга алган жокмун.Бир аз туруп чыксам эч ким жок.Апам дагы корунбойт.Чалсам жолдомун,келе бер деп очуруп койду.Анан эле Азамат смс жазып калды.Апан бизди уйго киргизген жок.Жооп берчу адам менмин,кызымды тоого бере албайм.Тоолуктар мн катыша албайм.Мен азыр тойго даярданып атам.Тоюмду бузбагыла.Каерден келсенер ошол жакка жолунарга тушкуло деди дейт.Анан тааныш билишсе чалып атып,сенин жакын аяш атан тайкемдин акеси болуп чыга келип,кичине кондургонсудук. Макул ойлонуп королу деди акыры деди.Апама жетелек мен булардан кабардар болуп буттум.Апам кыйла жол басып коюптур.Артынан чуркап, энтиге аран жетип бардым.Кабагы буркоо.Суйлогусу келген жок.Мен да эмне деп кеп баштаарымды билбей,улам- улам апамды карап коем.Желкелеш, ийиндерибиз бири-бирибизге тийип баратат.Базарыбыз жакын болгон учун жоо эле ото коебуз.Жеткиче унчуккан жок.Бир маалда соз баштап калды.Тигинин келди.Ойлонуп кором дедим.Уйго барып акелерин мн масилет кылам анан бир жыйынтыкка келебиз деди.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 17 Сентябрь 2018 - 18:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Royal55   17 Сентябрь 2018 - 21:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Базарды айландык.Эч нерсе деле алган жокпуз.Апама эмне болду билбейм.Бир маалда жоошуй тушконсуду. Абежем бизди коро калып келди жаныбызга.
Апам-:Кыыз мынооу синдиниз капкаяктагы ишти баштап атат.Анан бироону айтат анын жашоого шарты жок экен.Анар эженин баласына берейин десем тук конбойт.Абежем да апама кошулду.Азыр жок болсо ал жигитинде кийин да жок менен отуп кетет.Пайдубал болбосо нолдон баштоо кыйын.Ойлонуп иш кыл синдим деди.Эжем кетти.Апамды суранып атып эки жигитти тен чакырып салыштырып коруусун сурандым.Берки балага чалып чакырдым.Азыр барып калам деп,тез эле жетип келди.Апам алыстан коруп эле, корумсуз экен,кой,кеч тийгенге жараша жакшынараагына тий деди.Суйунуп алгам. Азаматты коргону барабыз эми.Чалдым.Алды. Баарын айттым.Азаматка айткан жокмун мындан айнып анан сага кетип атабыз деп.Апамды кондурдум азыр барабыз дедим.Макул деп ал да камынып,аркы Беркиге чалып,келсе эмне дейм деп кутуп туруптур.Келдик дароо эле.Кулумсуроп чыгып келатат.Аны коруп жузумдон кулку тыйылбай ийинимди ары бери кыймылдатып эркелеп атыпмын озумо назар салсам.Уялганыман дароо токтодум,кулкум да тыйыла калдым.Келдинби деп коет.Башымды ийкедим да экообуз тен апамдын жанына бардык.Азамат токтоо адамдын кейпин кийип-: Апам мн ал абал сурашып буткондон кийин,Эне(дароо эле:))менин жашаганга уйум жок.Квартирада турам.Соз берем, биз Тоодо эмес Оштун озундо жашайбыз.Буюрса уйлуу болуп калсак дагы ушул жактан караштырабыз. Мен озум коргоп ,багып алам кызынызды.Ал жагынан кабатыр болбонуз.Он, он беш кундун ичинде,той кылып алып чыгып кетем.Эки уч кундо атамды жонотом,той кунун белгилеп кетет.Кызыныз менен созсуз бактылуу болууга бактылуу кылууга соз берем деди.Коз алдымда Ханзаада суйлоп аткандай,создоруно телмирип,суктанып турам.Апамдын алдында жузум жарык болду.
Апам да тууган урук, тааныш билишке уят кылбасан болгону балам.Сага ишенип баягы тигиге ишенип жок калдым деген макалдан болбосун ээ?Калганын озун улап тушунуп алаарсын.
-:Азамат кулумсурогон тейде башын ийкегилеп, мага карап кулуп койду.Мен эринимди тиштеп тек гана карап турдум.Апам
-:Балам мен тойду токтотуп,кылып аткан ишимди жыйнадым.Уйдо келиндерим самса,боорсок бышырып камдап атышат конокторго. Алар гоо мейли кийинки жашоонор кандай болоор экен.Уятка калтырбасанар болду.Элди билесин, намыска калгым келбейт.Мен энемин кызымдын ыйлаганын коруп.сенин эшигиме келип бозоргон жузунду коруп,ордуна балдарымы коюп,сага боорум ооруду,кызыма ичим ачышты.Бул да бир жактан мени корсотуп, кыйнап бутту.Бирде кулсо бирде ыйлап тан аттырдык.Сага ишенейин ээ?
-:Эне,мага ишениниз.Мен соз берем.Албетте созумдун устунон чыга турган адаммын.Эч кабатырланбай тойду токтото бериниз.Соз берем баары жакшы болот деди.Акыры
созго, эпке келип бир жыйынтык чыгармак болдук баарыбыз.Жолго чыктык. Азамат бизди таксиге салаарда кулумсуроп, козун кыса-:Биз уттук!!- деп кыйкырды.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 17 Сентябрь 2018 - 21:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Merelisha   18 Сентябрь 2018 - 01:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Royal55   18 Сентябрь 2018 - 13:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Уйго кайттык апам экоолоп.Жолду катар мандайым жарыла суйунуп келаттым.Баары мен ойлогондой. Бакыттын кучагында калкып келаттым.Эртенки кунду элестетип озумчо бактылуумун. Суйгон адамым жанымда,баардык жакшы кундор гана кутуп тургандай сезилчу.Уйго келдик да женелерим даярдаган боорсоктон, татуулардан оузубуз тое жеп жатып алдык.Апам коноктордун келуусу кийинкиге жылдырылды деп койду уйдогулорго. Акелерим атам да апама озуно жаккан адам туриушка чыга берсин,бирок деген жери бар алыс кетип атат деп окунушуптур. Ошто жашайм деген мн бара турган ата конушу тоо да,айланып кайта барбаса эле дешиптир.Арадан эки уч кун отту.Азаматтын атасы келди досун ээрчитип жуучулукка. Ал жакта аялдар эмес эркектер келет экен.Келишти. Жакшылап мейман кылып,коноктоп тосуп алдык.Атасы кызынарды сурап келдик.Балам экоо бир жыйынтыкка келиптир.Ошолордун башын биориктирели деп келдим дептир.Апамдар да макул.Ошентип той он беш кундон кийинкиге белгиленди. Акелерим шопур,апам экообуз алчууларыбызды алып аларга беребиз.Таштап келишет,кайра апарат.Ошентип он беш кун тынбай баарын даярдадык.Апам ууз аял болгон учун,эчак эле корпо тошоктун баарын тигип камдап койгон.Ал жагы бизге кыйла женил болду.Той куну да келди.Эки кун элге ата-энем чон той кылып берди.Той куну тууган урук мн куйоо балдар гана келмек.Эрте туруп,синдим экооз койнокту алып(озум камдап койгон),салонго бардык.Ал жактан сулууланып чыктык.Аппапак койногумду кийдим.Куйоо балдар уйдо отурушат.Алар да чыгаар маал болуп калды.Азаматым уйдон чыгып мени алып кеткени келип калды достору мн.Ал жактан нике окутуп кайра чыгып,ата энемден батаа алып,коштошуп, жолго узадым.Кайра келбечудой, баары артта калып,эми бул уй мен учун жат болуп кала тургандай окунуп ыйладым.Мен учун ушул мезгил озунчо рахат тартуулады. Анткени мен Ак батаа мн чыгып кетип атам босогодон.Бир областтан экинчи областка кетип атам.Жанымда женем мн синдим эле.Калганын кийин сыйлайбыз деген.Эртеле чыккан элек.Кун кечтесе да жетелекпиз. Озумо суроо салып коем.Ушунчалык да узакка кетип жатамынбы деп?Тунго жакын кирип бардык.Куйоом жук салынган камаз мн келатат.Озунун ордуна апасын отургузуп койгон эле.Уйго келдик.Эч нерсе корунбойт.Капкарангы ийме чийме донсоолор.Тан калып бутпойм.Баары машинеден тушушту.Женем тушту биринчи.Эч нерседен кабары жок адамдай баары элейип карап турушат.Же чачыла же ооз тийчу шириндик жок.Женем:-Тоодо келинди ушинтип кутуп алабы? Кана паяндоз( келиндин алдына салынчу килем)?Кана чачыла?Кана шириндигинер? Тообо??.Ии айтканча Ооба,ооба дешип эле,эки уч аял уйго кирип эч нерсе табышпайт.Акыры биз куйоо балага берген паяндозду кайра мага салышты.Оозума майдан салып коюшту.Женем дуба кылып уйго алып кирди мени.Жупуну жайылган дастаркон,кирдеген тошоктор.Айланасында уч торт аял отурат.Кире бериште аялдар:-ии келинибиз келди деп чекемден ооп коюп атышты.Кичинекей кыздар тамшанып карап турушат келин келди дешип.Жузумду ачып аларды ооп корушсом,бири козумдун боегун суйлосо,экинчиси коногумду айтып,келечегин салыштырып суктанып отурушту.Коопко отурдук дастаркон четинде.Чайдан ичтик.Бирок жол алыс чарчап келгенибизге, эч нерсе жегибиз келбей чарчап турдук.Баары жогум жанчылып калгандай,жатып алгым гана келет.Айласыз отурдум.Болочок куйоом дагы деле келелек.Перевалда жол тайгалак камаз чыгалбай атыптыр суйлошсок.Кутуп отуруп тан атып кетти.Танга жуук салам айтып кирип келди Азамат.Бир аз откондон кийин куйоо бала эс алып калгандыр эми женелик милдетимди аткарып,кутуп отургандарга суйунчумду жеткирейин да кетели деп калды.Тошоктордон калын кылып салып,устуно шейшепти аппак кылып жаап койду.Азамат кирип келди.Той койногумду чечип ,мен да жалтыраган аппапак койногумду кийип алып кутуп отургам.Кирээр замат ордумдан чочуп туруп кеттим.Ал жайбаракат жаныма келип,коркпо алтыным,биз эми бир жастыкка баш койгон бир адам болобуз.Бирок сенден бир нерсени отунуп сураганы кирдим эле.Айт дегендей ишара кылып жузуно тигилдим.
:-Гулум менин биз бугун эч кандай жакындык кылбайбыз.Мен бугун алыс жолдон чарчадым.Сенде да жене менде да.Бирок мен буларга соз болуп андай мындай болду дедиргим келбейт.Суйунчусун берип эле кетирип жиберели женелерди.Эмне дейсин?.
:-Билбейм.Кандай болоор экен.Мен женемдердин алдында эмне деген адам болом.Жузум жер карап калбайбы?.
:-Жок,алтыным. Баарын мага коюп бер.Азыр чыгам да шариятта мындай жене кубо болчу жери жок.Баарына ыраазымын.кете бергиле деп айтам деди.
:-Эмне дээримди билалбай калдым.Жок бугун демек белем.Эрк озундо да деп коем ичимден.Башка унчуккан жокмун.Сыртка чыгып кетти.Баары болду.сен кабатыр алба деди.Макул деп башымды ийкегилегеним мн ичимде кыжаалаттанып турдум.Тан атты.Кийимдеримди ондоп,женемди кутуп отурдум.Сыртка алып чыгып келинизчи дедим.Сыртка чыктык.Сыртта сергип бир аз турдук.Созду баштай албай туруп,акыры айттым.:-Жене бул Азамат мн жоолукканда жон гана суйлошуп,коп болсо бирге тамактангандан башкага откон эмеспиз.Кечээки создорун мен да сиз уккан маалда уктум.Эмне деп айтаарымды билген жокмун.Эрк озундо деп жайына койдум дедим.Озумчо туура экенимди дадилдегим келди окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   samsungc3   18 Сентябрь 2018 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

Уланта берин
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Royal55   18 Сентябрь 2018 - 15:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Уйго кирдик.Чай ичтик.Келиндин каада салты деп баарына жугунтуп салам салдырып атты женем.Салт санаа,конгон алды бердилер баары бутту.Тошокторду жыйнаштырып. Баарын иретке салып коюп,женем мн синдим жолго чыкты.Келиндик милдет башталды.Тан эрте турмай,баарына жугунуп анан чай бермей кечки тамак.Адаттагыдай тирилик.Бир жума откондон кийин да жугунуп журдум.Кайнатам: -мен ыраазымын кызым.Жугунгонду жон кое бер.Жон эле кунумдук иштеринди жасай бер деди.Бир эки кун салтты кылып анан токтоттум.Азаматым жанымда менден откон бактылук инсан барбы?.Кундуз нары бери жумуш кылып журуп,кезигип калсак,жымындап тимеле коздорубуз башкача болот калат.Уйго келин коргону меймандар,кошуна колондор келип кетип атты.Баарына саламымды салып,дастаркон жайнатып,тамагымды бере салам.Меймандар тамак ичип буткучо, баарынын бут кийимин жууп тазалап коем.Алтын апам ошентчиле келген адамды.Мен да апамдын жолун жолдосом,апамдай ийгиликке жетип,кадыр барктуу адам болсом деп тилечумун.Келиндик доорундагы жасаган нерселерин айтып берген болчу.Чон энемди кочого чыгаарда кийимин жууп тазалап,колуна аппак туйунун карматып,колунан келишинче мантыбы,оромобу айтоор тамагын белендеп берчукен.Бут кийимин кийээрде,эне сиз ылдый карабай тик тура бериниз,колочунузду озум жукп коем дечукен.Мен да баарын жаттап алгам.Кайненем бир жерге бараар замат,апамдын кылган ишин кайталайм.Колуна туйунун карматып,кийимин жууп утуктоп,тик абалда турганча бутун аарчып жонотчу болдум.Апам: -Биринчи келин ийилиш керек анан кайнене сенин ишинди карап туруп,мамиленди карап туруп ал да жакшы жакка жибийт дечуле.Жакшы келин атыгыш учун баардык жакшы мамилемди пейилимди жада калса кайненени кайнене эмес апамдай коргум келчу.Келген куну эртеси баардык жаш балдарга сулгу,кайнилериме сулгу,келген женелерге тошончу берип аттым.Иштетиле турган буюмдарды чекеден чыгардым.Чакаларды идишке,кир жуугучту,деги койчу баары ортодо болот дедим.Себеп кичуу женем келгенде,эч нерсесин чыгарбаган учун,бизге башкача сезилген.Келгенине сегиз жылга аяк басса да бир кол аарчы кошподу.Аны коруп келтн коргон кыз кандай болоорун тушундум.Мен антпейм деп койгом ичимден.Барган куну уйдогулордун баарына тошоктор берилсе да,кайталап бир бирден дагы башка майда чуйдодон берип чыктым.Бул буюм,а мага бакыт керек дедим ичимден.Кайын синдим келген сайын жоолук койнок берип аттым.Озумчо жакшы инсан болгум келди окшойт.Бир гана кайненемдин авысыны гана метирейип турду.Салам салып учурашсам деле унчукпайт,суйлосом деле конулго алган жокмун.Ал менин конулумду тушуро алган жок.Келди кетти болуп отуруп,арадан он беш кун отту.Ал он беш кун ичинде,тан атпай кайнем бмз жаткан болмого кирип отуруп алат же эшикти ачып жаап тарсылдатып чыгып кирип журо берет.Декабрь айлары.Тан атып жер жарышы танкы 7 ден откондо агарат.А кайненем саат 4 5 терде кирип алат жаныбызга.Туну 2 3 то чыгып кетет.Эртеден бери тынбаганга тун киргенде чарчап калам.Кайнене кайнатамдын тошогун салып берип,озум эс алууга кирсем,кайненем кайнатам эки иниси чогуу биз жаткан болмодо отура беришет.Кирээриме кайнатам чыгып кетип атып-:Кемпир бас эми балдарыбыз эс алсын.Келин байкуш эртеден бери жаны тынбай чарчады жатып эс алсын-десе.Кайненем: -Озум билем сен кетебер-дейт эле.Уйкум келип тун бир оокум болуп калса да суйлошуулору токтобой менин уйку келип бурчта же жыйылган тошокко суйонуп уктап калганымда чыгып кетет.Бугун да ире ширеде кирип келди.Тан аталек.Эшикти тарсылдатып кирип чыгып журот.Сатты карасам беш да бололек.Же намаз окушпаса.Акыры куйоомдон сурадым.Эмнеге апаныз мындай кылып атат?Мурда да ошондой беле?Тан атсын баардык ишти жасайм.Жанале учтон откондо жатпадыкпы деп таныркайм.Куйоомдун апасы да :-Билбейм,мурда мындай адаты жок болчу деп кутулду.Таныркоом бутпойт.Эптеп эки жумадан ашык жашадым.Куйоом иштен он беш кунго гана жооп алганын,барбаса болбосун айтып калды.Менчи? :-десем,сен каласын кичине туруп тур дейт.Ыйлап сыктаганыма карабай таштап кетти.Эртеси такси суйлошуп,Ошко кетти.Жетип алдым деп чалды.Узатып кала бердим артынан.Дуйнодо озум жалгыз калгандай,дуйно жузу бопбош калгандай,жан дуйном ангырап калды.Айла барбы?.Мейли. барып калаармын деп кала бердим.Кайненем бар гоо зээрикпейм да деп коем.Чуркап энеме кирдим.:-Энооу келиниз экооз чай ичели?.Курсагыныз ачтыбы?Эмне иамак кылсам экен ?деп конулундогудой оокатты кылвп берип жаттым.Кайнатам жакшы эле киши.Тик карап суйлобойт.Кызым кызым деп турат ошол.Кайнилерим бар.Бири женелеп турат.Бирисине эмне кылдым билбейм,козунун кыйыгы мн карап,жене аны апкел муну апкел дейт.Макул деп айткандарын жасайм.Кундуз иш мн убарамын.Тун киргенде карангыдан корком.Энемди жаныма чакырып алдым.Экообуз жатабыз.Энооу, энооу,деп апама эркелегендей улам-улам белинен кучактап созумду улап суйлой берем.Тан аткыча суйлойм.Энем козун жумуп алып ыы ыы деп коюп уктай берет.Эгер кошунага же айылга кетсе сагынып кетем.Узаактан караанын корсом,энтиге алдына чуркап барам.Энекеем менин сиз келгиче сагынып кетпедимби? деп мойнуна асылам.ии деп коюп кулумсуроп коет.Оюмда келин гана мамилени жакшы кылыш керек дечумун.Арадан дагы он беш кун отту.Эрдин орду башка экен.Куса болуп,сагындым. Баргым келди.Коргум келди.Жанында болуп татуу создорун уккум келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Bazana   18 Сентябрь 2018 - 15:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Автор ула
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Royal55   18 Сентябрь 2018 - 16:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Ватсап мн жазышабыз жолдошум мн.Бир куну статуска ыйлаган быйтыкчаны коюп койдум.Озумчо зээригип.Аз убакыт отпойле Азамат чалып калды.
:-Алоо Гулум менин,эмне болду сага?Ыйлап атасынбы?Зээриктинби? Сага эмне болду.Сыр берген жокмун.Адатымча чыдамкай болойун деп жакшымын дедим.Макул деп ишин улай берди.Бир кун акелерим мени коргону артымдан,сыналгы, муздаткыч алып дагы коп майда чуйло кылып келгени жатышыптыр. Бир жумага калбай кайра Орусияга кетмекчи эле акелерим.Дагы эки уч жылда келебизби ким билет?Карындашыбызды коруп кетели дешип.Бир гана ошолорду алалек болчумунАзаматка айтсам конбой койду.Кой айтып кой сен келбей кое турушсун.Уйдун ахывалын кордун озун.Алар келсе мен уялам.Мындай абалда жашап атканыбызды корсо алардын конулу чогот.Коруп турасын,сыры кеткен айнек эшик,сыны кеткен уй жай.Намыс кылам.Кийин келсин айтып койчу деди.Чынында келген кунум коргом отоле жупуну экенин.Эрдимди кырча тиштеп копко ойлонгом.Келечегимди, бугунумду,эртенимди. Босогосун аттабай туруп кетип калганым мн ата энем элге жарыя кылып койду да.Ата-энем жер карабасын дегем.Женем мн синдим таныркап,бири- бирине суйлоп айткан экен.Анан женем акылдуулук кылып.Эжем(апамды айтып келини болот женем)оз козу мн коргондо гана озу бир жыйынтыкка келсин.Бмз азыр барып баары жакшы дегенден нарыга отпойбуз деп келишишиптир. Азамат бир аздан кийин чалып калды.Акелеринди токтоттунбу? -деп.:-Ооба десем.Анда сен коштошуп кел акелерин мн деди.Апамдарга айтсам,(Азаматтын ахвалын айткан жокмун)тан калып эле макул деп эле калышты.Апа эки кундон кийин барып калабыз деп чалдым.Апам анда сенин чакырдынды дагы откоруп алайын.Кайнене, Кайнатана айтып кой биротоло сени кошо чакырам.Акелериндин барында откоруп алайын деди.Айттым. Эки кундон кийин жолго чыктык.Уйго келдик.Уй толо адам.Мындайды кутпогон кайнене кайнатам таныркап эле отуруп калды.Эч нерсе алып келишкен жок эле.Кой союп коноктоп,мейман достуктун жакшысын колдорунан келишинче корсотушту атамдар.Кетээр маалы болгондо,Азаматтан бир эки кун туруп турайынчы,Акемдерди узатып анан барам дедим.Макул деп Оштогу квартирага кетишти.Акемдер кетти.Мен да Ошко сапар алдым Азамат мн.Апакем колума акча,туйун,кийим кече кылып жонотуп койду.Бардым. Кайненем мн кайнатам кеткен экен уйлоруно.Жолдошум экообуз тириликти баштадык.Кун сайын келээрин кутуп бир уйдун бурчунда отуруп кун откором.Ээн эркин басып жургон жаным,камалып калгандай кысылып турдум. Же убакыт отсочу.Кундон кунго озумо тушунбой бараттым.Алым кетет,башым айланат,эч нерсе жегим келбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Bazana   19 Сентябрь 2018 - 14:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Беременна окшойсузда , теманы улантыныз .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Royal55   20 Сентябрь 2018 - 14:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Поликлиникага бардык.Врачка корундук.Тест алып текшертти.Эки сызыкча.Оо,Кудай. Кандай гана бакыт?.Бири- бирибизге карап,бирде ишенсек,бирде ишене албай жаттык.Азамат дароо эле экиленип кетти бейм,агай кайрадан текшерип корбойлубу? дей салды.:-Жок балам,бул анык корсоткуч.Ата болушун менен!Бактылуу болгула деди да,мага карап-:Кызым кош бойлуу адам озун-озу этияттап журуш керек.Оор иш кылба,кылалбай калсан жанындагы баатырга айткын.Торош эмне оюнчук бекен.Макулбу деди.:-Ооба.айтканыныздай жасайбыз деп жарыша суйлодук.Сыртка чыгып,бири-бирибизди куттуктап жаттык.Чон жолдун ортосунда,дуйного батпачудай зор бакыттын кучагында калкып суйунучубузду болушуп жаттык.Ал арада жолдошум,уйдогулорго да суйунчулогонго жетишти.А мен апама айталган жокмун,негедир тартындым.Жаны- жылга жакындап калган эле.Чон аянтчага барып,жасалгаланган арчаны коруп,жанында бир аз сейилдедик. Кечки суук.Ага карабай экообуз копко айландык.Узак жол баскандыктан, буттарым талый баштады.Уйго кетели дедим Азаматка.Уйго келип эле,аз убакыт отпой устумдон кан аралаш суюктук келип атты.Коркконумдан апама чалып айттым.Апам да суйунду эми уккандыктан. Бирок оор келиптир сага кызым,эс ал деди.Бир жумача эс алып жаттым уйдо.Эч жакка барган да корунгон да жокмун.Бир кун негедир этту нерсе жегим келди.Жолдошум иштен келээр убакытка карап:-Асылым менин эттуу жегенге бирээр нерсе ала келинчи деп смс жазаарым мн эшиктин конгуроосу басылып калды.Ачсам жан шеригим турат.Смсти эми окуп турам дежи.Макул деп кийген кийимин колума алып жатканымды билем,Азамат кайра:-Иии чын эле алып келбесем болбойт окшойт деп,курткасын колумдан алып сыртты коздой басты.Эмнеге? десем.Онун озгоруп кетти.Чын эле аябай каалап турат окшойсун деп кулумсуроп, сыртка чыгып алып келди.Ырас эле каалоом абдан куч болду гоо.Ошол кундон баштап таксикоз деген неме кыйла эле шайымды кетирди.Жегенимди кайтарам.Басканга алым келбей,эстен танган учурлар да болуп атты.Тим эле тик тура албай наркоман адамдай калчылдайм. Азаматка болбой калдым деп смс жазып жибердим.Суйлогонго мумкунчулук жок.Конулум айланып чуркап журом.Дарооле келип калды.Клиникага алып жоноду тезинен.Бардык корундук.Кусуп жатып баланар тушуп калбасын,угроза жаткырыш керек деди.Ашказанга блакада кылды.Кичине аппетитим ачылып калды.Куспай да калдым.Сыртка чыгып фанта мн сэндвич жегим келди.Апкелди. Коп кундон бери тамак курсагымда турбаган учун,бирде суук фантаны ичип, бирде сэндвичтен сугунуп аттым.Байкушумдун эн биринчи койгойу акча.же тезирээк эле табылсачы?.Накталай толой албайбыз.Врач да толосон анан жаткырабыз деген эле.Уйдогулор мн суйлошуп жатты.Ангыча карындашы чалып:-Аке эмнеле конулу айланган адамгале ушунча он эки мин кетирип дейм да?.Мен деле убагында кыйналып кусуп ошентчим,олбойле учту тородум гоо.Эч нерсе болбойт.Уйуго апарып жаткырып коюунуз.Убагы келгенде айыгып калат.Бул создор телефондон даана угулуп жатты.Жолдогу шуулдаган ундордон Азамат телефонунун унун бийиктетип алган окшойт.
:-Карындашым, мен женендин абалын коруп турам,а сен алыстасын билбейсин.Муну жаткырбаса чын эле болбочудай.
:-Эмне?эки уч койду жоготкону турат ко мунунуз.Акча кетип атат.Туякты кайта ордуна коюш кыйын.
:-Сен унчукпай коебер карындашым, мен озум билем макулбу.деп коюп койду акеси.
Эртеси кел орун бошогондо чакырам деди врач.Эртеге чейин апама барып турайынчы десем ,макул болуп таксиге салып жиберди.Апам байкуш кучак жайып тосуп алды.Бейкапар неберелерин ойнотуп отурган экен.Чочуп кетти окшойт чынында.:-Эмнеге келдин? дей салды.Апа жон эле.Таксикоз деген кучтуу имиш менде 1 чи баскыч экен-:Аа балам аа-дегенден башкага отподу.Эртеси апам тан заарда туруп,шейшептерди даярдап колума беш мин сунду.Кое бериниз апа,куйоо баланызда бар деп коем.(чынында алгандан уялдым):-Кой кызым,жалгыз куйоо бала эле иштесе аздык кылат баарына жеткириш.Бизде эки акен иштеп атса бир жагынан кой,алагой,ашыкча болбойт кайра жардам болот. Ошентип келдик кайра клиникага.Азамат да тан заарда ошол жерде мени кутуп туруптур.Бардым да беш минди Азаматтын колуна сундум.Ал да каерден деп сураган жок.Унчукпай колундагы аз суммадагы акчага кошту да врачтын алдына чуркап кирип кетти.Жата турган болдум.Ал жерде жатып чыктым.Бирок айыккан жокмун.Апамдын уйундо да коп кун журуп анан 4 айлык болгондо баары артта калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Royal55   20 Сентябрь 2018 - 16:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Квартирадан квартирага кочуп журобуз.Мунусу баары сыртта экен.Бир гана болмо(Общага). Жарымын жатакана кылдым да,жарымын ашкана кылып койдум.Келип келелек кошуналар ызы-чуу.Наркыны сен жууйсун,берикини карайсын,тигини болсо тогуп келесин.Макул баарын жасайм дедим.Кен жерде жашаган мага,бул чымчыктын уясындай жер эч нерсемес.Кундо жууп жыйнап коем.Очурутко карабайм.Анысы кылсвн анан мен деп отурбайм.Бул мен учун жон гана ойноп,кулуп кылып койчу нерсе.Жанымдагы кошуна татар экен.Кош бойлуу экенсин деп сылык мамиле кылат. Ичим чонойуп калган билинип.А биздин кыргызбайларга амал тийбей да калсын дедим ичимден.Чопчон эле кыргыз эже,кирип чыкканым сайын карганат :-Оолугунду коройун.кай жактан келген булар,ар кай жактан келип алып,сага окшогондун сан минин коргом.Квартирант десе.Хее,буга эмне кылдым билбейм.Квартирант деп озунчо бир комнаталуу уйу бар адам болтат ко менимче.Бир куну жалгыз кызы бар экен.Телефонун менден коруп жулкунуп чыкса.:-Эже,чоопчон эле аял экенсиз.Мен сиздин буга чейинки создорунузду кыйла эле котордум окшойт.Эми бул тоомотунузга чыдай албайм.Менде телефондун туру бар,бироо бекер берсе да албайм.Андан коро жолумду тоспой нары турунуз да экинчи келбениз деп жаап койдум.Кыйлага чейин сыртта корсо да карганып журду.Укмаксан болуп коем.Бир кун ызама чыдабай Азаматка айтсам.:-Кой эмне кыласын.Итке тенелип,ал тиштесе сен да барып итти тиштемек белен.Суйлоп суйлоп кала берет унчукпа дейт.Кочуп кетели десем же ашыкча акча жок.Алган айлыгы чын эле жетпейт.Ата- энесине жонотот,эки иниси,карындашы. Андан артса анан бизге.Кээдеси квартплатага жетпей калбасын деп, таштап кеткен анча, мынча акчасын да, иштетпей сактап коет элем.Кээде акем жолдон нары бери отоордо,мага келип акча таштап кетет.Уйго кирбейт.кээде ачык эле самса же шашлык ала келинизчи дечилем.Куйоомдун абройун ачуу учун эмес ,акем мени тушунот,анда акча маселеси козголбойт деп билем.Ошон учун кенири айта берчилем.Байкушум акем.Жолдо кутуп турам.Келип машинесинен тушоор замат чонтогун чукулап,Колунда акчасы мн учурашканча пешенемден ооп коет.Бир туугандын бар экени жакшы да.Апам да нары бери отсо,тойго барабы ,базаргабы пакетин таштап отот.Сыягы апамдын тамагынан отпойт ко.Бир кун варьение кылам деп жапкыч таппай апамдан алдырттым.Таксиден салып жибериптир. Чоон пакет.Жапкыч мынча чон болбочуле гоо деп коем.Ичин ачып карасам,жаны бышып сатыкка чыккан анделек экен.Анделек эмес оокатты да аран таап жеп аткан жаныма чын эле башкача корунуп кетти.Жаздын кыйласы отсо да ооз тийелек болчумун.Алтыным апам аай!.Жокчулуктан кыйналганыма озумо боорум ооруй эчкирип ыйлап жибердим.Копко ыйладым.Апама чалдым да:-Апооу,алтын апам менин.Унум кырылдап ,кээде ыйлап, кээде соороп суйлоп аттым.Озунуз жебей,дагыле мени ойлогонунузга чоон рахмат.Чынын айтсам ото кубанычта болдум.Бул анделек чынында сизге болгон сыйымды дагы арттырды.Жон гана бул жейилчуу нерсе учун эмес,сизди камкордугунузда апакем.
:-Канчада болсон да мен учун кичинекей кызымсын.Аш болсун.Сени ойлогонумдун белгиси баары.дейт асылым.
:-Рахмаат сизге деп.ыраазычыгымды билдирдим.Арадан коп кун отуп,айым кирип калды.Куйоом озунчо чочулап апама жеткирип берди.Ээрчишип уйго барсак,уй толо мейман экен.Азамат сыртта турган учун,журу ичкериге десем конбойт.Баары мн жоолугуп учурашып чыктым.Кетейин эми деп конбойт.Ошентип калып,меймандар мн аралаша отуруп калдым.Азамат кетти.Кыйла убакыт отту ал кундордон А мен дале журом.Берилген сроктон он уч кун оттум.Уул торойт окшойм деп Уулга ысым тандап журобуз.Апам экооз базарга барып, балага керектуулорду баарын алып даярданып койдук.Ошол куну апам айылчылап кеткен.Уйдо атамдан башка эч ким жок.Же бироого айталбайм.Апама чалып сурап коем.Кайра мени сураса, кыжаалат кылбайын деп жакшылемин дейм.Азаматка чалбадым.Иштей берсин ойлонбой дегеним гоо.Апакем кечке жуук келди.Ал убакта ордумдан туралбай жатып калдым.Тайженемди анын уулун чакыртып,роддомго жонодук апам мн кошо.Уйдон чыгаарда ырымдап коп нерсе жасашты.Бардык эки палец экен.Танга жакын торойсун деген.Танда деле жок.Же убакыт отсочу.Ар эки уч минутта ооруса тура калам,басылса уктап алам.Женемдин да айласын кетирип ар нерсе болом Кээде жолоно калам,кээде юелимди укала дейм.Кундузгу 11 лер чамасында балам жарык дуйного келди.Жанымдын кыйналганына карабай:-Уулбу, кызбы деп шыкаалайм..Кыз экен.Аллахка шугур.Мага жардамчы экен деп коем оюмда.Сыртта куйоом апам экоо турушат.Башка эч ким келген жок.Суйунчулодук. Куттуктаган куттуктап атты.Баарына чыгып кирип журуп,эртеси ооруп калдым.Басалбай калдым.Кыйналдым. Бирок кызымды коргондо баарына кайылмын.Жаны жашоом,суймончугум. Аты Раййан.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 20 Сентябрь 2018 - 16:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Royal55   20 Сентябрь 2018 - 17:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Баарыбыз уйго келип,кубанычтуу отуруп калдык. Кызымдын таятасы батаа кылды.Атасы кулагына азан айтты.Сары май оозантып.салттарды апам жасап атты. Босогодон кирээримде паяндоз тошоду алтын апам.Балага арнап.Суйунучум чексиз.Бир гана Азаматтын ата-энесинен кабар жок.Апам суйунчулосо ии дегенден нары отпоптур куйдагыйы.Ошол убакта куйоом мн ата-энесинин ортосунда кандай чык чатактар болгон билбейм,эч ким куттуктаган да суйлогон да жок.Куйоомдун капалуу экенин кордум.Бирок суйунумуш болуп кызыбызды айлантыктайт. Апам кызымдын атасына белек бечкегин акчасын берип куттуктады. Озунун туугандары жоктугуна уялдыбы билбейм.Ата- энесин жонотту.Уйун алыс экенин айтып актанып отту.Эчкини муздап,торт наны,бир аз акчасы кармап келишиптир. куйоом озу да келди.Ата-энем меймандос учун баарын жайнатты.Кой союп коноктоду.Эртеси тууган урук чакырылды.Кыркыбызда чыгайын деп калды.Кайнатам тоого кетиптир.Кайненем биз жашачу бир болмолуу квартирада калыптыр.Апам ал кундор ичинде мага бешик жасады.Келиндин себин тиккендей турдуу корпо, тошок тигип берди.Кырк кундугубуз да чыкты.Ошко кетээрибизде нан,боорсок, татуулардан бери жасап туйуп берди апам.Чыгаарында кеээринде деп кызым экоозго да баш аяк сарпай.Атабыз бирге иштеген шериги мн келиптир.Меймандадык. кун кечтеп калганда жолго камындык.Ал шериги да он жылга жакын балалуу болбой жатыптыр.Ошол озум жеткирип берем деп кызыгып келиптир.Сыягы жугуш болсун деген гоо.Ата-энем да билгендей бизге батаа кылганча, Ильяз(шериги)акеге кооп балалуу бол деп дуба кылышты.Жолго чыктык.Эч канча алыс эмес жол.Бир чай кайнамга да жетпейт сааты.Квартирага келдик.Келсек энем отуруптур.Колуна баланы карматып, майда-чуйдолорду ташыдык сырттан.Досу келип эле кетти кайра.Озубуз калдык.Атабыз: -апа, неберелуу болдунуз мына,омурун багын кошо тилеп дуба кылып бериниз.Тилине тушунбойм.Булдуруктап аран суйлойт.Коптон бери ооруйт дешет энемди.Тили гана айланбай калбаса,дени карды соо эле.Куз келип,саар, кеч суук тушуп калды.Уйду жылуулап ыссык кылып алам.эмнеге билбейм,кызым ыйлаганы ыйлаган.Озум да тердеп кетем.Кантсе да кызыма жылуу болсун дегем.Кошуна келин кире калып,болмону салкындат отоле ыссык экен.Кызын ошого ыйлаган жокпу дейт.Билюбейм ошеетейинби деп коем.Ал келин мен тендуу эле.Бирок балдары чоноюп калган учун билет туура баарын.Уйду желдетип салкындаттым. Кызым бир аз уктап ыйлабай калды.Ыссыктан экенда деп тушунуп калдым.Мындан кийин жылуулукту орточо температурада сактайм.Шарты жок жер болгон мн,болгон курт кумурска ыссыкка чыгып кетти уйго.Коз коруно ар кандай курттар чуркап журот.Кызыл тазыл кылып чагып кетет.Куйоомду бир аз шарты бар жерге кочолу,эртен эле суук тушуп,кыш келсе кыйналабыз гоо дедим курттарды корсотуп.Макул болуп бешинчи кабаттан квартира тапты.Кембагалды кочкондо кор деп бекер айтпаптыр.Суук кундо кочкон кыйын экен.Мынтип корбогон жанга азап эле болот экен.Дагы жакшы душу бар.Баары ичинде.Уч болмолуу квартиранын бироосуно кирдик.Учко торт эсептеп койдум коз чамамда.Тар экен бирок айла барбы?.Кыштан эсен -аман чыгып алсак болгону.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   shirinim0817   20 Сентябрь 2018 - 17:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 04 Май 15
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 21:07

Уландысы....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 23:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: