Ой кантип жоноп кеткенин билбей калдым. Синдим ушуга окшош жашоодо 6 жылдан бери жашайм, куду сеникиндей жашоо дегенден алысмын,бирок аябай окшоп кететкен. Сенин ордунда болсом эч кайтпайт болчум. 1.2,3 жылда деле ошо жашоон ошо бойдон уланат. Куйоон жакшы болсо баарына чыдасан отот демекмин. Сага айтарым ээч куйоону ойлобой озунду алаксытып ишке кирип ал, анан убакыт корсотот. Кайын журтун "озу тен келбеседа созу тен келет" дегендерденда.
Ушу ата эне балага жардам бербеседа,залакасын тийгизбей турса бираз уй жайлуу болгуча. Анын баарын туздоп ондоп койуш келиндин милдети эместа. Жакшылыктан умутун узбо ээч качан.
Артта калган издерим 123
#282 11 November 2018 - 10:43
Ушундай да жапайы болушабы. Кайненеңиздин кылыктарын окуп төбө чачым тик турду. Келини менен баласын пайлайт деген эмне деген шумдук? Бешикти тоссо үстүнөн тиктегени , түндө комнатаңардын астына туруп алганын элестетип эле жүрөк шуу дейт го. Кудайга тообо.
#283 11 November 2018 - 14:24
Ооба синдим андайды корот деп ким ойлоптур?.Кыздарга кенешим сурап суруштуруп анан турмушка чыккыла.Мага окшоп суйсом болду дебегиле.Суйуудон кийин, турмушту алып кетуу кыйын болот экен.Шартына карагыла демекмин.
#284 11 November 2018 - 16:18
"Чыныгы ашыктар баш кошушпайт.Балким,
ушул туура чыгар.Анткени,
уйлонгондон кийинки тиричиликтин туйшугу улуу,аруу сезимди жеп коёт.МАХАБАТТЫ никеге байлап эмне кылабыз..."
Ч.Айтматов "Аскада калган анчынын ыйы"....ушул созго дагы бир жолу ынандырчу баяныныз бар экен ((
Жакшы кундорунуз алдыда деп ишенем автор))
Ч.Айтматов "Аскада калган анчынын ыйы"....ушул созго дагы бир жолу ынандырчу баяныныз бар экен ((
Жакшы кундорунуз алдыда деп ишенем автор))
#286 15 November 2018 - 13:35
Автор, "Озун озу багат деп, оксутуп коет жакшыны, жалгыз калса олот деп, жаманга берет бактыны" деген созго дагы бир ирет ынандым. Кудайдын усталыгын карасаныз, Азаматты озу калса олот деп сизди бешенесине жазган экен, суйроп адам кылсын деп, бирок жогоруда бир юзер айткандай, "Эшекти Ажыга алып барып келсен деле эшек да". Болбогон турмушту башында эле, ушундайында эле токтотунуз,
кызынызды озунуз эле чырактай кылып багып аласыз. Атасыз оксубойт. Атасыз осуп жаткан бир эле сиздин кызыныз эмес, биздин кундо мындай жатып жемей эр соройлор толтура. Ден соолугунузду караныз, кызынызга жакшы тарбия, билим берууго бел байланыз. Азамат ушинтип журуп, акыры тугонот. Анын келечеги жок, ал ошондой чойрого конгон адам. Азаматты ээрчибениз.
Аны унутунуз. Эрктуу, сабырдуу, кучтуу аял экенсиз. Азаматты да унутууга озунуздо куч, эрк табыныз. Сиздин колунуздан келет.
Боло электи болжолдобой, отконго окунбой, учурду суйуп жаша....дейт. Ошентип жашаганга уйроткулочу. ..
#287 16 November 2018 - 02:01
Автор, "Озун озу багат деп, оксутуп коет жакшыны, жалгыз калса олот деп, жаманга берет бактыны" деген созго дагы бир ирет ынандым. Кудайдын усталыгын карасаныз, Азаматты озу калса олот деп сизди бешенесине жазган экен, суйроп адам кылсын деп, бирок жогоруда бир юзер айткандай, "Эшекти Ажыга алып барып келсен деле эшек да". Болбогон турмушту башында эле, ушундайында эле токтотунуз,
кызынызды озунуз эле чырактай кылып багып аласыз. Атасыз оксубойт. Атасыз осуп жаткан бир эле сиздин кызыныз эмес, биздин кундо мындай жатып жемей эр соройлор толтура. Ден соолугунузду караныз, кызынызга жакшы тарбия, билим берууго бел байланыз. Азамат ушинтип журуп, акыры тугонот. Анын келечеги жок, ал ошондой чойрого конгон адам. Азаматты ээрчибениз.
Аны унутунуз. Эрктуу, сабырдуу, кучтуу аял экенсиз. Азаматты да унутууга озунуздо куч, эрк табыныз. Сиздин колунуздан келет.
Кошулам сизге
#288 17 November 2018 - 22:27
"Чыныгы ашыктар баш кошушпайт.Балким,
ушул туура чыгар.Анткени,
уйлонгондон кийинки тиричиликтин туйшугу улуу,аруу сезимди жеп коёт.МАХАБАТТЫ никеге байлап эмне кылабыз..."
Ч.Айтматов "Аскада калган анчынын ыйы"....ушул созго дагы бир жолу ынандырчу баяныныз бар экен ((
Жакшы кундорунуз алдыда деп ишенем автор))
Ч.Айтматов "Аскада калган анчынын ыйы"....ушул созго дагы бир жолу ынандырчу баяныныз бар экен ((
Жакшы кундорунуз алдыда деп ишенем автор))
Бул соз Ч. Айтматов Бубусара Бейшеналиеваны катуу суйуп, алмакчы болгондо Бейшеналиеванын жообу. Суйгонуно жетпей калгандардын озуно-озу сооротууга айтчу учкай соз болуп калды окшойт. Мен автордун Азаматка сезимин чон суйуу деп деле сезбедим. Ото тарбияны жакшы коргон кыз, жигит жандабай же турмушка чыкпай журуп калып, конулго туура келбеген башка балдардын фонунда фантазиясы менен кучотуп жиберген сыяктуу Азаматтын жакшы жактарын. Кантсе да сиз тараптан куч-аракет аябай эле болуптур турмушту алып кеткенге, ачуу-таттууга чыдаганга. Озгочо торкунунуздун озуно татыктуу куда кутпой, ичи эншерилип калганы, апаныздын чыйпылыктап сизге жан тарткан сайын ичинен сызып кыйналганы кобуроок жан кейитти. Турмушка чыга элек кыздар коп эле жыйынтык ала турган тарбиясы бар суроттомо болуптур кантсе да. Автор, апаныз учун бактылуу болууга тийишсиз. Кыргыздын алмустактан бери айтылып келаткан макал-лакаптары мээни туздоп, текчелерге тизип койгон китептерден да жакшы тарбия берчу кучу бар ,конул эле бурбайбыз: тен-тени менен, тезек кабы менен. Азаматка анын кемчиликтерин, озу ондогусу келбеген орто кылымда калып кеткен турмушун оркойтуп козуно сая бербей турган конумуш чойродон кыз керек, менимче. Тоолуктар деп аябай баса белгилеп кетиптир деген комменттерди да козум чалды. Чыныгы тоолук мына мен, азыр го мейли, ысык-муздак сууну уйго алып кирип, тоо башында да заман качааан эле онолгон мезгил. Бут туугандарды кыдырып оюмда элестетип чыктым, суроттомодогудой жудоп жашаган кошуна колон, же айылдаш таппадым чынында. Демек, оздору озгорткусу келбеген жашооону автор барып ондоп ийе албайт. Бактылуу болунуз. Бул тарбияныз ,акыл-эсиниз менен, нарктуу торкунунуз менен эч качан бузулуп жаман жолго да барбайсыз. Ал эми кыздын чырагы кырк дейт, ата баркы менен дагы деле жуучу тушуп келчулор болсо намазкой, жашоого конулу туз эркек болсо кызынызды оз кызындай коруп асырап алаар. Болбосо ошондой тайларында билинбей кызыныз деле чоноюп кетет. Чокпонуз. Убагы келгенде кылчайып жылмайып гана эстейсиз артта калган кундорунузду.
#289 19 November 2018 - 00:13
Зико.Рахмат сизге кенешиниз учун.Мен да баарыныздарга бактылуулук каалап кетем.
#290 25 November 2018 - 14:42
Башыныздан откон нерселерди окуп сизди аяп кеттим бизда турмушубузду нольдон баштаганбыз куйом тырышып азыр Аллага шугур куйом экобузтен атасыз осконбуз апаларыбыз эле бар бир туугандарыбыз да жок колдой турган кайненемда жакшы бизди колдоп жардамдашат жашобузга апам болсо 73 жашта апамыда кошо карайт куйом жардам кылып анысына разымын рахмат айтам сиздин жолдошунузга соз жок экен сизди аяп турам эже мындан аркы жашоодо бактылуу болун жакшы инсанга жолугун.
#291 22 December 2018 - 13:20
Кудай менин кайын журтум начар турат десем сиздики олтурдуго? Шугур эле экен меники......
#292 22 December 2018 - 13:36
калоо тилектер конулумду жибитти.Ыраазычылык.
Азыр соодадамын.
Кудайга шугур кызымды бага ала турган иш таптым десем болот.Кеч киргенче ширинимди сагынып кетем.Уйго барып экоолоп жытташып болбой эле калып атабыз.Жанынан чыкпаганга бир топ ээрчип журду.Азыр тайэнеси экоо калганга кыйла конуп калды.Экоолоп ийгилик каалап жонотушот.Ансайын кызымды ойлоп,артка бир кылчайып караганда кучумо-куч кошулуп,алдыга кадам таштайм.Аллах Таала пендеси которо алчу сыноо берет.Андан ашыгын жуктобойт дегенди окуп калган элем.Демек бул кунду сыноо деп билип жашоого умтулуш керек.Калганы тагдырдын буйругу.
#293 22 December 2018 - 13:48
Ал эми сизге кааларым САБЫР ДЕН СООЛУК БАКЫТ.Артка кайрылбаныз алга алга.Жашоодо баары болот.Азыр аялдын колунан баары келет.Уй салып кызыныздын бактысын ойлонуз.Куйоонуз менен жаращпаныз.
Тушунгон ата эне бир тугандарыныз барда эч качан коркпонуз.ИЙГИЛИК.
#296 06 March 2019 - 20:26
Сиз башынан окунуз. Ошондо тушуносуз.
Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
#297 09 March 2019 - 22:25
Афтор азаматсын,ийгилик каалайм артка кылчайбаныз алга,сабыр менее, тажрыйба менен женин кыйынчылыкты .
#298 07 April 2019 - 18:58
Автор сизге балким менин кенешим азыр керек болбой калгандыр,менимче жолдошунуз жакшы эле адам окшойт.Сизди суйуп,коргоп турат экен.Сизге ботон адамдар анын ата-энеси,бир туугандары болсо анан кантсин.Дегеним жолдошунуз ичпесе,урбаса жарашып жашаганыныз туура болот го деп ойлодум.Ичпеген эле адам болсо аялдан амал качып кутулбайт дейт го бир амалын тапса болсо керек.Озунуз да сабырдуу пенде экенсиз сабырыныздын акыры туболук бакытты насип этсин
"Пустой карман- это не страшно,Страшно -когда пусто в сердце!
#299 08 April 2019 - 17:02
Автор сизге балким менин кенешим азыр керек болбой калгандыр,менимче жолдошунуз жакшы эле адам окшойт.Сизди суйуп,коргоп турат экен.Сизге ботон адамдар анын ата-энеси,бир туугандары болсо анан кантсин.Дегеним жолдошунуз ичпесе,урбаса жарашып жашаганыныз туура болот го деп ойлодум.Ичпеген эле адам болсо аялдан амал качып кутулбайт дейт го бир амалын тапса болсо керек.Озунуз да сабырдуу пенде экенсиз сабырыныздын акыры туболук бакытты насип этсин
"Ичпесе,чекпесе каоганын жондоп кетем"деген теманы окуп келуунузду сунуштайм
#300 30 April 2019 - 12:15
Мен уккам мындай уй було жана адам дар жонундо Чон Алайга куйоого чыктыныз беле менин да Эжем ошол жакка куйоого чыгып ошондой жашоодо жашаганын айтып берген эле
Азамат азыр Ошто журот.Мен озумдун уйумдомун.Азыркы тапта ушундай абалдабыз.Урматуу форумчулар мен сиздерге тушунуктууроок болсун учун кээ бир жерлерин кененирээк кылып жазып оттум.Себеп мен кечирген турмуштун абалын,ал уйдогулордун мамилесин,шартын тушундуруп беруу максатында. Уч жылдык омурум ушундай окуялар мн камтылып отту.Мындан ары эмне кылсам?-деп отурган чагым.Азамат эки жыл кут деген созун айтып кетти.Сиздерге маалым болгондой,убадасына бек адам эмес.Мунот сайын алмашып турат.Ушул уч жылдык омурумду арнаган адам дагы эки жыл саргайып кутууго арзыйбы?Мен озумчо кутпойм деген чечимге келип атам.Сиздер кандай ойлойсуздар? Кызым атасыз калбасын деген менен менин бир омурлук омурум кандай кундордо отот деп кайгырам.Ушундай уй-булоо кордунор беле,корбосонор уктунар беле?.Мен кайсыл жерден ката кетирдим.Эжелер синдилер ар бириниздердин оюунар мен учун абдан маанилуу.Оз пикир кенештериниздерди калтырып кетиниздер. Суроо жооп болсо да даярмын.Кандай чечимге келген туура.Кобуроок эмне кылышым керек?.Улуулардан Рая апа озгочо сиздин кенешинизди кутом.
[/quote]

Супер-Инфо
super.kg
видео