Суперстан: Артта калган издерим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Артта калган издерим 123

#341 Пользователь офлайн   Royal55   09 Май 2020 - 16:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Соодага чыгып журдум.Сезону келип,жакшы эле болу аткан.Негедир конулум ачылбай чогуп бараттым.Кундор жылга алмашкандай узун жана корксуз сезиле берди.Ал арада Азамат мн телефон аркылуу урушуп кеттим.Баягы эле тема,мен жакшы эмесмин.Башымды оорутпа,жаман болсом жакшысын таап ал дедим да такыр байланышты узуп салдым.Бул абалымды апакем дароо сезип,сурай баштады.Азамат мн кайрале эски создор козголуп урушуп кеткенибизди айттым.Апам да ойлуу отуруп калды.Коп кун отпой тайкем кызы мн келип калды.Кызы дагы кетип жатыптыр Москвага.Дайымгыдай биздин уйго конуп,базарлыгын кылып,кийим- кече алып кетишмек экен.Тайкемдин кыздары уч-торт жылдан бери каттап кыйла конуп калган.Апам алар мн суйлошуп,мени да аларга кошмой болду.Коп отпой барат артынардан. Синдисине барайын десе ал да тороп бул жакка келип калбадыбы?.Кичуу акеси бар,бирок кыз киши силер мн эле бирге журсун.Кайтканынарда кайтат деп калды.Айтканча ал синдимдин Москвага барып иштешине апамдын салымы чон.Анткени тайкем конбой жургондо,кондуруп, уул балдарын али жаш,алар чонойгуча качан, кыз киши деле иштеп ата-энеге кол кабыш кылса болот деп кондургон.Карайлап акча да жок эже дегенде-Мен берем деп озу кошо барып,билет алып,жоноткон эле.Андан бери 3 жылдай иштеп,синдисин кошо чакырып,уйлоруно кыйла жардам кылып,тайкем жер тилке,унаа сатып алды.Эски уйун ремонттоп жашоолоору оноло баштады.Куйоо бала мн ошол жакта табышып,кеч куздо той откорушмок экен.Кр га келип сойко салдысын откоруп,кузго тоюн белгилешиптир. Ошентип кузго чейин иштеп туралы деп кетип жаткан жери экен.Ага кошуп мени да ал жакка бара турган кылып мени суйлошушту. Мен да бараар-барбас болуп кошумчалап отурдум жандарында. А мен эч эле кыйылып баргым келбейт же жок деп жооп кайтара алсам кана апама?Бир чети кызымды таштагым келбеди.Бир куну апам аныма да карабай,акемди кошуп билет алып келгиле деп жонотту.Жолдо буркан-шаркан болуп коз жашымды аарчыганча бараткан акем мени тан кала карап,
-Сага эмне болду?.
-Эмне эле,баргым келбей атат.Азыр мен ушул жерделе болсом дейм.Эч нерсе кылгым деле жок.
-Анда апама барып айт да билет албай эле.Кызымды таштап кеталбайм,барбайм деп эле айтсан болбойбу же мен айтайынбы айталбасан? .
-Ооба,айтмакмын, сиз айтпай жле коюунуз,бирок апамды билесиз гоо айтканы айткандай болушу керек.Антпесек болбойт гоо.Жаштыгыбыздан ушинтип чонойбодук беле?.
-Анын да туура бир чети.Апамды аяш керек.Ансызда баарыбыздын туйшугубуз жалгыз апамдын колунда.Барсан бар да,жакса иштейсин,болбосо коруп келгенин калат.Айланып эс алып келесин.Созсуз иштеп акча табышын шарт эмес.Биз турабыз гоо?- деп конулумду которгонсуду.
-Чын эле барбайм деп айтканда не?.Андан коро барсам барыпмында деп калдым озумчо.Аз эле убакытка кетип жатпаймынбы? -деп озумду жубаттым.Бардык. Билет алып каттык.30-июльга. Ал кун да тез эле келип калды.Кызыма кетээримди айтып,тушундуруп аттым.Ал да бир нерсе тушунгондой созумду макулдап коет.Танга жуук акем,апам учообуз болуп аэропортту коздой жонодук.Келбей калчудан бетер,апамды акемди бекем кучактап,ыйлап алдым.Корунбой калганча кол булгап,кете бердим.Текшеруудон отуп,самолетко чыгып кеттик.Орундуктардан орун алдык.Самолет жогоруну коздой которулуп,булуттарга аралаш кирип кетти.Ичиндеги толгон мигрант ар кандай тагдырлар мн кетип жатат.Мен да чыныгы мигранттын жашоо даамын татканы желкеме ары жооптуу,ары коопту жукту алып жоноп кеттим.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 09 Май 2020 - 16:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#342 Пользователь офлайн   Royal55   10 Май 2020 - 08:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Аэропорт Домодедового кондук.Тушуп эле эл аккан тарапты коздой кетип жаттым.Жолду катар жанымдагы эже менен таанышып алдым.Коп жолу барып келип жургон эже экен.Озумчо ботон жерде адашып калбайын деп аны коздон качырбай ээрчип алам.Карайлап телефонумдун кубаты тугонуп калды акеме келгенимди билдирейин десем.Эжеден телефонун сурасам,менин телефонумдуку да тугонуп калды дебеспи?.Келип кетип жургон адам баардык нерсени билгени учун шуулдап ары-берисине отуп,самолеттон тушуп эле автобуска бара коюп атты.Артынан чуркаганча эжелеп ээрчиген мени элге адаштырып,озу алды жакка отуп алды.Самолетто чогуу жакшы эле келатып,эми такыр озгоргону эмнеси?.Кыргыз аттуунун баарынан эле сурадым окшойт.Эч кимиси берген жок.-Гудок эле кетирип алам,оздору чалат десем да эч ким конгон жок.Омуру мындай учурга чалдыкпаган жаным таныркап эле кала бердим.Бир чети иренжидим.Ушундай да мамиле болобу?Азыр менде болгондо аянбай баарына берип чыкмакмын.Бул не деген ичи тардык?
Бул корунуш кийинки коргондорумдун алдында тыйынчалык да болбоорун билсем кана?.Жукторубузду алуучу жерге келип,сумкамды кутуп туруп алдым.Бирок алып кеткени араба жок издеп журдум.Кыргыздардан сурасам дале жооп жок.Оздорунчо суйлошуп,кулак да салбай карап коюп кете беришти.Адашып калбайын деп чыйпылыктаганым ай!.Ошол жерде иштеген орус аялдан сурасам ал да усту-башымды бир тиктеп алып-Билбейм деп чекчейип койду.Ичимде оло суйлонуп алдым.Жерге киргир мисирейген сары чач десе!.Биринчи жолу келип атканга аландап эле журдум.Чыгуучу жолду таптым да элендеп акемди издей баштадым.Алды жакта тайкемдин кызы экоо кол булгалап чакырып калышты.Суйунгонумду айтпа.Барып эле кучактап учураштым.Аман- соолук сурашып,Крдагы тууган-уруктун баарын бирден сурап атышты.Шугур баары тынч-аман отурушат дедим аптыга.Унаага отурдукда уйду коздой бет алдык.Акелерим бул жакта жеке унаалары мн айдоочулук кылышат коп жылдан бери.Ары туйшуктуу жумуш.Жандарын уучтап алып,ботон элде журуу деле оор.Айла канча тирилик деген дангыр жол,ырыскы кайда чачылса ошол жакка барып терип жемей экен да.Чон шаар.Тирелген имараттар,чон катарлаш жолдо,тизилген унаалар.Тыгынды коруп эле баш айланалат.Байкуш акелерим,ушундай учу-кыйыры корунбогон жолдо канчалаган туйшук тартып,жан уучтап журуп даалай кундорду,даалай тундорду откорушту экен?.Кээдеси чалып калганда эки же торт саат суткасына дем алаарын айтканда аябай кое албайсын.Боорун ооруйт.Озумчо ич-ичимден ар бир Кыргыз жараанын ушундай аяп,ичим ачыша кетип жаттым.Эх,аттин ,озубуздо ушундай эле жумуштун маянасы бир аз кобуроок болгондо эч ким мынтип тентимек эмес!.Ботон жерде,ботон элде ата-энесин,уул- кызын сагынып куса болмок эмес.Кайран гана жаштыгы кучу сарпталган жаштар!Канчалаган ата-эне балдарынан алыста мээрим корбой,канча бала куса бул жакта.Канчалаган адамдын тагдыры,омуру, жаштыгы сарпталган Москва.Канчалаган эр азаматтар ботон элде омурун откоруудо.Канчалаган коз жаштар тогулду экен бул жерге?.Москва коз жашка ишенбейт дегендерин угуп калчу элем.Демек,бул жерде даалайдын тагдырын озгортуучу кенебес Москва жатат.Мени да кандай сюрприздуу кундор кучагын ачып тосуп жатты экен?.-деген тумон туйшуктуу ойлор менен кетип жаттым.Ангычале кубур-шыбыр кулкудон озумо келе синдимди карасам,акем экоо мени карап жылмайганча суйлоп атышыптыр.Сыягы, Москваны коруп эси ооп атат дешти гоо?.Анча деле таныркаганым жок тааныш жолдой эле кетип бараттым.Апамдын мурда бул жакка келгенде ар бир кадамын сурот,видео кылып жоноткондо Аиии,ушундай шаар турбайбы?-деп ошол маалда таныркабасам, азыр ошол суроттогу жерлер.Коруп жургондой эле элес калтырган экен.Уйго да жетип калыптырбыз. Негизи тайкемдин уулунукуна бармакмын синдим мн.Акем биз жашаган жакка бар биринчи деп болбой алып келди.Кирдик. Тогуз кабаттуу уйдун экинчи кабаты экен.Уч болмолуу,ашкана, залы мн экен.Кенен жана да таптаза, иреттуу.Оздору квартира алып жашагандары учун баардык нерсени сатып алып келип,уйго чапташат.Уйго кирип бир аз отуруп бата кылдык да акеме аталган нерселерин бердим да синдим мн мени тайкемдин улуунун уйуно жеткирип койд.Ал жакка барбайле ушул жактале калбайсынбы, не кыласын ал жакты,жаныбызда магазин бар ошого киресин,Мээрим деле (синдим)куйоо бала экоо ушул жерде иштеп анан кетишпедиби? -деп мага шыбырайт синдиме угузбай.Айтканча анын аты Арзыгул.-Жок, апам ошол жакка жоноткон эле да,барайынчы болбосо анан келем деп койдум.Макул деп калды.Апамдарга дароо видео чалуу аркылуу келгенимди кабарлап,бул жактагы жанылыктар мн болуштум.Алтын кызым да уйкудан турган экен,мени коруп эле,жанымдагы тайкесин коруп тушунду окшойт-Ээк десе,апооу мен уктап атканда сени тайкем Москвага алып кетип калдыбы?-деп чойтулдайт шириним.Азыр эле жанынан келсем да сагынып турдум.Билбейм. Бул убакыт канчага созулаар экен.Дагы канча жолу кызымды сагынаар экенмин ээх!.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 10 Май 2020 - 09:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#343 Пользователь офлайн   Merelisha   10 Май 2020 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Ээх баарынан да апан мн оз канындан жаралган кызынды сагынбай кое албайсын. Эчкимге каалабайм мындай кусалыкты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#344 Пользователь офлайн   Sofiya98   11 Май 2020 - 03:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 21 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июл 2021 01:42

Улантыныз автор...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#345 Пользователь офлайн   Royal55   11 Май 2020 - 04:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Кандайсыздар суперчилер! Кармаган орозонуздар кабыл болсун.Бир аздан кийин тириликтен кол бошогондо жазам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#346 Пользователь офлайн   Aimani   11 Май 2020 - 12:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 02 Июль 19
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:52

Кутуудобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 22:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: