Суперстан: Чын эле гений - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чын эле гений Детектив, комедия.

#41 Пользователь офлайн   Dimedra   21 Октябрь 2018 - 11:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Эшикти ачып эле ооздо турган Асылбекти женден тарта уйго киргизди.
-сен бул жерде эмне карап журосун? Мен сени чакырган жокмун, билесинби алар менин артымдан андуу койуусу да мумкун.
-келишкен сумманы берууго келдим. А эмнеге андуу коет, же алардын да мазасын алдынбы.
Кыз анын колундагы акчага колун созо бергенде Асылбек бираз кетенчиктей берип
-мынчалык тез эмес, деди мыйыгынан жылмая.
-эмне? Сен экообуз келишкенбиз, сени эркектерче созуно турат экен десе.
-ооба келишкенбиз, а сен келишимди бузуп жатасын. Сен мен айтканды гана жасашын керек эле, андай кылбай башка жолду тутуп озундун гана камынды жеп жатсан сага эмне учун бул акчаны беришим керек айтчы. Мени алдап кеткенин учунбу?
-сени алдап кеткендей эмне миллионунду алдым беле, биртике садаканды бербесен бербей эле кой озуно буйрусун, сенин садакандын эми мага кереги тийбейт. А баса кокустан жолдо коруп калсан тааныйм деп учурашууга келип алба жаныма убара болуп, мен Орозбаева болсом сендейлерге кол сунуп учараша албай калам, тушуносун да менин ар бир кадамым кабарчылардын козомолундо болуп калат.
Анын ишенимдуу мынтип айтып жатканы кызыктырды Асылбекти, бир эле кундо мынча ишеничке ээ болуп алганына жол болсун деп ойлоно, андан тактап сурап калды.
-а сен миллионер менен суйлоштунбу?
-озун кандай ойлойсун?
-ал сени карабайт, байкуш кыздын конулу калбасын деп бир чайханага чакырып койсо озунду анын жубайы катары элестетип алган турбайсынбы. Ал учун чайхананын акысы экообуздун 100 сомубуздай эле кеп да, деди кыздын кыжырына тийе, антпесе ал дегеле тенине алып созго келээр эмес абал бираз ылдый тушуруп алуусу керек.
-ха, чайханага де, эгер анын Дубайга чакырганын айтсам эмне дейсин?
-демек Дубайга. Качан?
-мен чакырды дей элекмин, кийин сага эмне кызыгы бар, сен оз жолун менен мен оз жолум менен. Асылбек мага жакын жолоочу болбо, менин жолумду тоспо мен оюндан чыктым. Алардын талабын аткарышым керек, менин Бекмамат мырза менен байланышым бар экенин эч Ким билбеши керек.
-сенин эсин жайындабы? Ойлоп корчу эмнеге сен баарынан жашыруун керек?
-жопжонокой, ал киши эл оозуна алынып калган Адам ар бир кадамы саналуу, олко ичинде жолугушуу откоро албайт ошондуктан чет олкого жолугушууга чакырат, баары дайын болмой сайын эч Ким билбеши керек, эл оозунда элек жок ушак бат тарап абройуна доо кетишин каалабайт. Эгер баары жакшы аяктаса, а мен андай болушуна 100 пайыз кепилдик берем анткени мен озуно ишенбей турган кыздардан эмесмин, баардык кабарчыларды чакырып бирге экенибизди ОЗУ жарыялайт.
Кымча белдин берилуу менен суйлоп жатканын угуп туруп азыр ашыкча создун кереги жок экенин тушунду.
-качан жолго аттанасын, учакка чыпта алганга жардам берейин.
-ал сенин денгээлиндеги маселе эмес, бул иштер эчаак чечилген, Эми бар да башка менин алдымдан чыкпа, деп мизирейип эшикти ачып чыгарып койду.
Кабаттан тушуп сыртка чыгып алып ойлонуп башы катты Асылбектин, Эми кандай кылышы керек, бул жерде бир мандем бар бирок кантип аныктайт. Шефинен жардам сырасабы, жоок болбойт. Ал тушунуктуу так айтпадыбы биринчи тапшырман мага таап кел деп, сырттан караганда эн жонокой иш, ушуну да бутуро албаса мындан ары ал жайда калып иштоосу кумон болуп калат. Кымча белдин учакка отураар кунун билиш керек биринчи калганын да коро жатаар. Барып эле аба жолдор компанияларынан сурай койгонго ыйгарым укугу болсо кана, кимден сурап билет. Оюна баардык иш колунан келчуу эжеси келди, бир келсе жардамга ошол келет, телефон номурун терип жолугушууга келишип дароо эле жоноп кетти. Эжеси белгиленген ашканада кутуп отурган экен, болгон окуяны угуп болуп кулуп жиберди.
-ай иним ай, анчалык башынды катырбай чек ара кызматына кайрылып катчы кызындын аты жонун айтып эле издебейт белен, чек арадан чыкканы же олко ичинде экени билинмек да. Кайдагы жорукту баштап озунду "нюхач" элестетип албай.
Асылбек чындап эле уялып кетти эжесинин алдында озунун бул жонокой нерсеге башы жетпегенине, бирок азыр артка кайтуунун учуру эмес кымча белдин коктугуно карабай анын омуру коркунучта калышын каалабай турду.
-андай болсо эже ушул эки кызды бирдей суруштуруп берсениз.
-макул детектив, бирок айтып койоюн озуно тиешелуу эмес ишке мурдунду тыкпа, жалгыз адамды жон эле сапырып коюшат.
-жок эже, озумо тиешелуу ишти бутуро албай жатып башкасына балээ барбы.
-ошондой болсун, деди да кунумдук жашоодогу башка кепке отушту.
Ал жайдан чыгып таркагандан кийин коп отпой эле эжеси телефон чалып кымча белдин эртен Москва шаарына учаарын айтты кара козу болсо эки кун алдын ал шаарга учкан экен.
Телефонду очуруп болуп ушкурунуп алды Асылбек, кымча белдин жалган айтканыбы бул, менин башымды айландыргысы келген экен кайдагы Дубайды айтып деп. Демек жашыруун жолугушуусу Москвада болот экен тезинен камынбаса болбойт, эртен озу да кымча бел менен бирге учат антпесе кара козун табуу кыйын, Ким билет кыздарды ал шаарга топтоп алып эмне кылып жатканын.
Жумушуна барып отурбай эле шефине телефондон кат жонотуп уч торт кунго жооп сурап койду да кымча белге берчуу акчага учакка чыпта алып жоноп кетти.
Учактагы орундуктардын кобун эле жаштар ээлептир, кырчындай курактагы эне суту оозунан кете элек он сегиз жыйырма жаштагы кыздарды айтпайсынбы, тиргилик десе эле баарынын башына кара тун тушкондой бул жакка жоноп калышат экен.
Кымча белдин отурган орундугунан козун албай баратат, анын жанында эч Ким жок жалгыз озу ганага окшойт жанындагылар менен да суйлошпой ОЗУ менен озу Алек болуп отурат. Тообо ушунчалык да бейгам адам болобу тааныбаган адам чакырса эле омуру энеси корбогон шаарга учуп кете бергидей, жузунон же журум турумунан бир кыжаалаттыктын дайыны билинбейт. Учактан тушкондо да эч Ким тосуп алган жок, телефон менен гана бироолор менен байланышканга окшоду да сыртка чыгып кутуп турган сары таксиге отуруп жоноп кетти. Анын артынан жетишпей калуудан коркуп биринчи эле турган таксилердин бирине отуруп Асылбек да жоноп калды. Аэропорттон кыйла узакта жайгашкан "Космос" мейманканасына жетип тушуп калды кыз, албетте Асылбек да анын артынан жетип келген. Такси менен эсептешип койоюн деп баасын сураса алты мин рубль дебеспи, эси оогон Асылбек озу кымбат баалуу онбогон таксиге отуруп алганын билбей бул шаардын баалары ушундай экен деп толоп тушуп кала берди. Мейманканын баасычы, жер чапчыйт бир тунго жети мин деп. Эгер мындай жайга жайгаштырып тигинтип кымбатына карабай такси чакыртып жатса чындап эле бул миллионерин акчасын кайда чачышты билбей калган экен же жыланга тенелем деп баканын буту сыныптыр болуп миллионерге арзыйм деп тиги кежир кыз озунун чонтогунон коротуп жатты болду бекен деп ойлоно аргасыз бир каана алып кузотчунун жанында турса артынан эле жанакы учакта коргон жаш кыздардын дагы бири кирип келе жатат. Биздин кыргыздар ото байып калганга окшойт деп ойлонуп болгончо артынан эле дагы бири келбеспи. Дагы копко турду бирок башка кыргыз кыздары киришпеди. Учоо уч каанага жайгашып болушту, калгандарын да Орозбаев чакыртканбы, албетте бир кыз учун убара тартып отурмак беле, андай болсо эмнеге бир таксиге отургузбады деп тан. Кайра озуно ОЗУ жооп берип алар бири бирин билбеши керек да дейт. Туну менен уйку бетин деле корбоду, кире бериштеги залда отуруп чыгуучу эшикти коруктап. Тан атып баратканда уйку озуно чакырып болбой калганынан кыйшайып алмакка оз каанасына бараткан, лифтти чакырып кутуп турса лифт менен бирге кечээки кыздардын бири тушуп келсе болобу. Уйкусу умачтай эле ачыла тушту, дагы жакшы кымча бел болбой калганына андай болсо олмок. Азыр уйкунун убактысы эмес экенин тушунуп чыйрала тушту. Ал кыз да жалдырай тиктеп,
-сиз? деп туруп калды.
Асылбек анын эмне тууралуу айтып жатканын дароо тушунду, демек мен адашпагам бул да менин окшошумдун чакыруусу менен келген кыз деп ойлоно сыр билдирбей жылмайып эки сомойун оозуна такап ооп уйлоп койду.
-азыр кайда барабыз?
-Санкт-Петербург, деп унун аран чыгарды.
-Азамат, демек жолугушканча, деди да ал тушуп келген лифтке чыгып жогоруга которулуп буюмдарын жыйнап жолго шашылды, каап кайсы транспорт менен бараарын сурап албаптырмын деп башына ургулап дароо эле артына жугурду кете элекпи деген умут менен. Жок кетип болгон экен, таба албай кайра ичкери кирип барып кабылдамада отурган жигитке келип кымча белдин аты жонун айтып сурап калды. Ал али болмосундо экен, ал жайгашкан болмонун номурун сурап алып жогору которулду эмне болсо болсун ушунча келип изин жоготуп кое албайт, сураган акчасын берип бараар дарегин билуусу керек.
Конгуроо кагып кыйла кутуп туруп калды, ичкериден эч ким ачпайт. Сырттан туруп эле суйлоп кирди,
-ач, акыркы жолу мени корушун болот ушул соз берем, сенин омурун коркунучта экенин билесинби? Азыр сени куткарчуу жалгыз адамын менмин, кеч боло электе эсине кел.
Ал жолонуп турган каалга дароо ачылып Асылбек кутуусуздон кулап кетейин деп аран дубалды кармап туруп калды. Бутту, кымча белдин кулкусуно калдым деп башын которсо кыздын кулойун деген ою жок, коздору кызарып ыйлап чыкканы билинип турду.
-мен эмне жасап койдум, деди кыз биринчи эле.
-эч нерсе эмес али да кеч эмес кайтабыз артка деп жоошутуп алып кайра озу чочуп кетти, негизги максаты бул эмес башка адам эмес беле. Ичкери кирип суйлошолу, деди баштапкы созун аягына чыгарбай туруп.
-жок болбойт, сыртка чыгышыбыз керек.
-эмнеге? Ичкериде бироо барбы?
-видео козомол орнотулган болуусу мумкун.
-андай болсо сырттан да кароол койгондур, журу менин болмомо.
Кымча бел болгон буюмун жыйнап алып анын артынан жоноп, ичкери аяк аттаганда эле буркурап ыйлап жиберди.
-мен коркуп жатам.
-эмнеден.
-озумдун акылсыздыгымдан, мен тандаган жол туура эмеспи деп коркуп жатам.
-ушул жерден баштап тактап айта кой, эмне болгон жол жана кайда бара жатасынар.
-эмнеге бара жатасынар ал жок мен озум эле, деп коз жашын суртуп отуруп калды.
-сен бул жерде жалгыз эмессин, мен билгенден учоонор бул мейманканадасынар, ким билет мен билбегенден дагы канчоо. Бири азыр эле Санкт-Петербургга жоноп кетти.
-ошондой де, сен аларды кайдан билип журосун?
-мен деген детективмин жумушум ушул, деп мойнун которуп койду Асылбек.
-мен билгем, туурасы кумон санай баштагам. Келишим боюнча бул Шаар аркылуу Дубайга учмакмын, кечээ келип тушконумдо эсе чыпта жок эртенге калды деп бул жерге алып келишип документимди учакка чыпта сатып алабыз деп алып калышкан, таксинин айдоочусунан берип жибер дешип. Бугун эртелеп телефон кылышып авто унаа менен Санкт-Петербург шаарына жетип андан ары Дубайга учаарабызды кабарлашты. Москвадан Дубайга жакын арага чыпта калбай калган имиш. Демек мен алардын жалгыз туткуну эмесмин, унаа менен бул жерден алып чыгып кетишип эмне кылышаарын Ким билет. Мен ошондон коркуп жатам. Артка кайтууга документим да акчам да жок эмне кылышты билбей башым катып жаткам. Сен менин куткаруучумсун, суранам куткар, деп жалбарып жиберди.
-кантип?
-детектив сенсин да мен эмес, ойлон бир жолун тап. Жергиликтуу укук коргоо органдарына кайрылсак кантет, документ жоголду деп арыз жазып жанысын алабыз.
Кайра озун куноолоп, догурунуп турган кызды карап озунун гана камын жеген башкага оз кызыкчылыгына пайдаланыш учун гана кайрылган сапаты учун бир чети ачуусу келип катуу айтып салгысы келип кайра абалга башка коз караш менен карап корууну чечти. Байкуш кыз жардам сурап жатпайбы, ОЗУ айткандай азыр анын жалгыз куткаручуусу болуп жатса, анан кантип уруша алат азыр андай кылуунун учуру эмес. Мандайындагы кыздын коктугун да билет, азыр бирдеме десе очошуп да кетип калуусу мумкун, Эгер ага бир нерсе болсо кийин озун кечире алабы. Буларды ойлонуп отуруп бираздан кийин ун катты.
-сен мага ишенесинби? Мен сага жардам берем созсуз, сени жамандыкка кыйбайм, дегеле эч кимди.
-эмне дегин келип турат? Кымча бел да кыйла эле барга окшойт Асылбектин олутту нерсе айтаарын сезип тургандай.
-бир гана сен бул жолдун акырына жетишин керек кийин окунбой тургандай болуп. Сени аз да болсо билип калдым, эгер азыркы кыздардын бири маарага жетип барганын уксан мага тынч жашоо бербейсин, жердин жети тубунон болсо да таап моралдык чыгымды толо деп док кыласын. Анан да балким бул чындап эле тандоодур, миллионер мырза ушундай жол менен татыктуу кыйынчылыктан качпаган туруктууну издеп жаткандыр. Артка кайтууга эч качан кеч эмес, билгин мен ар дайым жанында жанаша болоорумду, эгер биздин жоромолдогудай болуп баратса сени куткарып чыгам, сени эле эмес баарын. Ук биз ушундай кылышыбыз шарт, чындап сыноо болсо андан отууго тийишсин бул сенин акыркы мумкунчулугун, жок оюн болсо анда калган бейкуноо кыздарды да куткаруубуз керек. Билем сен озунду гана ойлогон жансын башкалар менен жумушун да болбойт, болгону мен да ошондой дей албайм мага баары бир эмес.
Акыркы создорун кымча белдин айтаар жообун билип алдын ала жооп иретинде кошумчалап койгон.
Кыз да бираз ойлонгон болуп макул болду, аял киши кулагына ишенет экен да, алдында турган мырза жигиттин создоруно ишендиби же чындап эле жакшылыктан умут кылдыбы айтоор аягына чыкмай болду. Кыздын озунун созуно муюп калганын коруп андан ары созун улады Асылбек.
-сен азыр алар айткан унаага тушуп жолго чык, мен силердин артынардан журуп отурам, деп айтышы айтып алып озу журчуу таксинин баасы канча болоорун ойлогондо жузу кутуусуздон озгоруп колдору озунон озу чачына жабышып манжалары кычышпаган эле башты тырмап киришти.
Ага сырдуу шектуу коздору менен караган кыз,
-демек сенде акча бар экен да, деди.
Ушундай учурда да кимден акча ондурууну ойлоп турганына тан берип бутпойт, балким ушундай болгону жакшыдыр, озунун камын жебесе Ким мунун камын жемек эле байкуш кыз деп алды.
-ооба менде акча бар, эгер айтканымды аткарганында ошол акчалар сеники болмок.
Экоо коп тартышып отурганга убакыт болбоду, кымча белдин телефонуна конгура келип ылдыйда унаа кутуп турганын айтышты. Асылбек али унаа тапкан эмес биразга буйдала тушуп аран бир жолун таап,
-сен отурган унаандын улгусун Жана номурун телефондон жазып жибер, кийин айдоочунун жайыраак айдашын отун бир айлысын таап, арада токтоп сыртка чыгып келуун керек экенин айтып убакытты созуп журуп отур, мен унаа таап артынардан жетип барганымча, деп шаша тушундуруп эки колун кыса кармап жузунон суйуп койду. Кыз бир башкача назик жылмайып алсыз коргоо издеген байоо коздору менен карап сумкасын колуна которо чыгып кетти. Анын артынан коп турбай эле Асылбек да жоной берди. Кабылдамада отурган жигитке Санкт-Петербург шаарына барчуу таксилер тууралуу сурап корду эле мандайына жакшы Адам туш келген экен, жалгыз бара турган болсо унаа ижарага алып озу айдап барганы он болоорун айтып кенеш берди. Андай кылып отурууга убактысы да мумкунчулугу да жоктугун айтып кымбатына карабай ал айткан бир унааны жалдап жолго аттанды. Кымча бел анын создорун мыкты тушунгон экен айткандарын толук аткарып убакыттан кыйла утуптур. 200 кмге чукул жол журуп кымча бел телефондон жазып жоноткон унаага жетип келишти. Жолду ката шек санай турган эч кандай иш болгон жок баары тынч ал шаарда да бир тун туногондон кийин чындап эле Дубайга уча турган болушту. Мунун баарын кымча бел телефондон айтып турду, документтерин кайра эле эрте менен келген унаадан берип жиберишкен экен. Кыздын конулу куунак болуп жок нерседен кумон кылганына кулуп телефонду очургон. Асылбек да ал уча турган учакка чыпта алып даярданып болуп кымча белге телефон чалып алдыра албай бираздан кийин кайталап чалуу жонотсо очук болуп ошол бойдон байланыш узулду. Кыз бул шаарда мейманканада эмес менчик батирде болгону учун анын уйдо же сыртта экенин текшерип болбойт эле, кыжаалаттыктан тандын атышы тозок болду Асылбек учун. Айтылган убакта аэропортко баруудан башка арга корбой уча турган убакыттан Алда канча эрте жетип келип алып ар бир кирген чыкканды санап отура берди. Кудай жалгап издегени табылып кирип келе жаткандардын арасынан кымча бел корунуп кирип келе жатып эле экоонун коздору чагылыша тушту. Асылбек кубанганын билдире оозун кере ачып жылмайып калды эле кыз болсо байкабаган адам болуп козун башка тарапка буруп кетти. Ынгайсыз абалга калганына бир чети тегеректегилерден уялса бир чети Эми чындап кымча белге ачуусу келип кабагын туйо отуруп калды. Жаман учурда чакырып абалы бираз жакшырса туртуп кое бергендей эмне мен ага жаш бала белем, мындан ары менин да сени менен жумушум болбойт деп кекенген боюнча Дубайга келип тушту. Ал жерден эле тынчып калбай кыздарды кадимкидей эле ар башка адамдар тосуп алып андан ары Шарджа шаарына бет алышты. Бул ирет учакта учтон коп кыргыз кыздары келген, Ким билет кимиси кандай максатта келгенин бирок азыр Асылбек алардын ар биринен кумон санай баштаган, дагы бири окшоштуруп келип албасы учун башына кепканы баса кийип алып журот. Кымча белдин артынан журуп отуруп ал кирип кеткен коп кабаттуу имараттын алдына келип тушуп калып не кылышын билбей ары бери басып имаратты айланып журо берди. Кирип барайын десе мейманканага окшобойт, жеке менчик уйлор болсо ал издегени канчанчы кабатта кайсы батирде болушу мумкун экенин билбей башы катат. Бирок азыр бул жерден кетууго болбойт, Эгер туну менен кызды бул жайдан чыгарып жиберсе ушунча кылган мээнети текке кетип анын изин жоготуп алаары турган кеп. Антпейин десе ушунча уйкусуз кун тундордон кийин аяктак тик туруу да кыйынга туруп баратат. Тун ортосунан ооп алдан тайып шайы кача баштаганда эмне кылаар айласын таппай акыры ичкери кирип корууну чечти максатсыз эле, балким ичкериде отуруп шам шум этчуу жай табылабы деген ойдо, учакта тамактанган боюнча наар ала элек карды дагы ач эле. Мындай кооз имараттын ичине момундай кейипим менен кирип барсам болбос деп устуно карап алып жолдун четине отуп кийимин алмаштыра баштады. Сумкасынан бир койногун чубап чыгып кийип жатып бир убакта кымча белдин "кытай жыттанбай" деп айтканын эстеп кайра чечип салып койду да жонокой болсо да экоонун биринчи таанышканда кийип жургон майкасын таап кийип алды. Ким учун эмне себептен анткенин деле ойлогон жок, болгону ушундай оор учурда озун ишенимдуу сезгиси келди корунот, кымбаттан кемчилик издегенден коро арзандын жакшы жагын коро билген жакшы эмеспи. Так ошондой деди оз оюна озу кубанып, канчалык аракет кылган сайын кемчилигинди таап турушат, качан адамдарга конул болбой озун менен озун болуп калганда сенден оздоруно керектуу мыкты сапатты коро алышат. Ичкери карай астананы аттаганда эле полдун сыйгалагынан тайып жыгыла жаздады, ушул онуккон олкодо да ынгайсыз материал колдонуп полду жабышкан экен да деп ойлоно колунан тушуп калган сумкасын алганы жатса арыдан бир эркек адам жетип келди.
-кечиресиз мырза, азыр эле полду жууп кетишкен, деп сумканы полдон ыкчам которо сунуп калды.
Тируу жанды жолуктурганына кубана бул эмне болгон жай деп сурайын деп башын которуп ооз ачарда тиги жапалдаш бойлуу сары чач адам, сумканы кайра озуно тартып,
-сиз? Деди тан кала.
Асылбек бир алдын тушунбой бул мени кайдан тааныйт деп туруп калып анан эсине келди, бул жайга кимдин айынан келип отурганы. Демек биздин миллионерди бул да жакшы тааныйт. Каап ушул убакка чейин бир да жолу окшошуна кызыгып ал жонундо сурап суруштуруп койбогонун кара, азыр бул сары чачка кантип суйлоп кайсы тилде жооп беришин билбей кыйналмак эмес. Бирок аны Асылбек деп коет эмеспи, тунгуюкка капталып калбай кандай кырдаал болсо да жол табууга аракет кылат, окшошпой калса чыныгы болгонун суйлоп коет, кана Ким айып тага алат жалганчы деп, ал жалган айтпайт болгону маектешинин оюна конуп берет каяша суйлобой. Кудай жалгап англис тилин мектептен бери эле жакшы оздоштуруп келген, эмнеси болсо да бул жерде копчулук колдонуучу тил менен суйлогону жакшы анан да кабагын бираз чытып койсо ашыкчалык кылбайт. Кабагы буркоо адамга эч ким батынып ашыкча суроо бере албайт Жана анын доошунун озгоруп калганына да маани берилбейт, ачууланганда Адам ар кандай озгорушу мумкун.
-жашоо кандай, пол куноолу эмес озум катуу чарчап турам деп кунк этти ооз учунан.
-жакшы сиздин дубаларыныз менен, бул ирет озунуз келген экенсиз да ото бериниз, деди.
Бул ыкма иштегенине суйунуп андан ото берип онго кенен тепкичтер тарапка бурулду, бул адамдан кайда бараарын суроо тура эмес болмок анда шек алдырып койуусу мумкун. Эптеп андан алыстамакчы болуп шашып баратканда артынан чыккан ун токтотту.
-Мырзам! деди орусчалап.
Эн алдын анын орус тилдуу адам экенин тушунуп болуп гана, олду деди ичинен байкап калганга окшойт Эми эмне дейт болду экен деп ,
-мага кайрылдынбы деп англисчелеп жооп берди артын карабай туруп башын чалкалата ото катуу чарчаган Адам болуп.
-мырзам сиз 13-кабатка тепкич менен чыкмакчысызбы? Чындан катуу чарчаган коруносуз ачкычты да алган жоксуз деп жетип келип ачкычты колуна карматып койду. Колуна тийген ачкычты башына уруп алаканын жая кордунбу чарчаганымды дегендей артка басып лифтти чакырып чыгып кетти. Качан гана лифттин эшиги жабылганда далыларын тушуро женилдеп журогун ылдыйлата дем алып алды. Ачкычта каананын номуру жазылган экен, кубана 13-кабатка чыгып келип тан кала айланасын карап жатты, аралары алыс-алыс жайгашкан жабык ак жалюзилер экен. Асылбек кинодон коргондой алтынга жуулган эшикти элестетпесе да кадимки мейманканада, батирлерде орнотулган каалгадай эле ойлогон, бул эмнеси? Эмне болгон жалюзилер деп ээси оой озуно керектуу номурду издеп журуп аран тапты. Колундагы ачкычы да банкоматка салчуу картадай, Москваларда мейманканаг туноп журуп аны кандай колдонушту да уйронуп алганы жакшы болгон экен дароо эле кызыл куйгон жарыкка такай коюп ачып алды. Кызыл жарык жашылга алмашып жалюзи жогору которуло бергенде ичкериде жарык жанып кубур шыбыр боло тушту. Каананын ичи аябагандай эле кенен болуп ондон ашуун керебет коюлуптур, терезе деген жок сырттан жарык кирбейт экен. Ал озун карап катар тизилип турган кыздарга карабай эле бул эмне болгон жай деп ар бир бурчту тегеренип карай берди. Эч нерсени тушуно албасын андап жардам куткондой кыздарга карап калды, козу менен айткыла бул эмне болгон жай дегендей тушундуро. Кыздар ага жооп бермек тугул жакындаштан корккондой бужуроп турушат, арасынан кымча бел гана бир кыйла карап тургандан кийин жугуруп келип мойнуна асыла кучактап шолоктоп ыйлап кирди.
-болду бутту, ыйлаба мен жанындамын карачы деп аны сооротуп жатты, ага болгон таарынычын унутуп калып.
Калгандары дагы да ордуларынан жылайын дешпейт катып турушкан бойдон.
-кыздар жургуло кеттик шашылышыбыз керек, деди эми эсине келгендей. Чындап эле шашылбаса болбойт, кайсыл учурда кирип келишет ким билет. Кыздар анын созун укпагандай тура беришти жакындагандын ордуна тескерисинче артка кетенчиктей. Кымча бел козунун жашын сурто кыздарга карап,
-кыздар бул Бекмамат эмес Асылбек, детектив, айтканын аткаргыла кутулабыз десенер тезинен шашылгыла, деп озу сумкасын которо жоноп калды. Калгандары ишенкиребей кээ бирлери кымча белди туурай жоношсо беш алтоо кетенчиктей беришти. Асылбек алардын жоруктарына тушунбой эмне болгонун билууго жакындай берсе алар андан оолак качышат.
-кыздар бизде убакыт тар бул жайда калууну кааласанар анда оз эркинер, деди колун жая чын созу ак тилеги экенин билдире жай суйлоп ар бирине карап.
-бирок, биздин уйдогулорубузчу, деди арасынан бири ыйламсырап.
-аларга эмне кылды.
-биз качууга аракет кылсак аларды жок кылышат.
Маселенин чоо жайын тушунгон Асылбек ишенимдуу,
-хы, ошондой де, алардын коопсуздугу толук каралган. Озунор ойлоп коргулочу мен силерди кантип таап келдим, мамлекеттик коопсуздук кызматынан жонотулгон адаммын, силерди коопсуз жайга кочурушум керек, деп бир сыйра кыдыра карап алып кыздардын коздорундо ишнич пайда болгонун коруп андан да ишеничтуу суйлоп кыздарды толук коопсуздукка ишендирип алып чыгып баратты. Оозго жеткенде жанакы сары чач орус тилдуу адам турган ордунан чыгып келип,
-мырзам эмне кылганына жатасыз? деди.
-башка жайга которбосом болбойт бул жай коопту текшеруу болуп калса озун билесин, деп ачкычын сунду.
Тиги шектуу карап ачкычты алып жатып,
-сиз эн жакшы билесиз бул жайга эч ким текшеруу жонотпосун, жук койуучу жайды Ким текшермек эле деди жузуно унуло карап.
Асылбек жообун даярдап оозун ачканча тиги аркасын сыйпалап тапанча алып чыгып такап калды.
-сен кимсин? Эмне максатта кирдин? Кыздарды тезинен ордуна алып барып кой.
-озун Ким деп ойлойсун? Бир паста тааныбай калдынбы? Мен Бекмамат, деди Асылбек колун которуп жатып.
-мен андайды тааныбайм, мен айткан киши эмессин. Билесинби ал адам ачкыч менен 100 доллардык кагаздан экини сунат ар дайым, кийин анын аты Босс.
Асылбек Эми ал жонундо суруштурбогонуно окунбой калды, баары бир мындай маалыматты эч ким бере алмак эмес кайсы кыз анын бул шаарда кандай журоорун билмек эле, а кабарчылар билишсе да айтышмак эмес, анын жалган адаттарын эстейм деп негизги максатынан алыстап кетмек. Демек кандай кылса да ушул жерден жолу тугонмок экен, эми тезинен жолун таппаса озу да бул кыздарга кошулуп туткун болуп калат. Ал кутуусуз эле каткырып жиберди,
-менин чыныгы атым Бекмамат да, азыр кайда экенимди да андай албай турган учурум баары башаламан болуп, ар шаарда мени ар кандай аташат. Толтура койгой менен журуп сенин акынды да унутупмун, ме деп 200доллар сунду. Сары чач кайрадан бир сыйра карап алып акчаны колуна алып тапанчасын тушурбой туруп артка бурула бергенде Асылбек эшикти коздой кыздардын ээрчитип жоноп калган.
-токто! деди артынан.
-мен телефон кылып сурайын.
Асылбектин аргасы тугонуп туруп калды, аны коргон кыздар корко башташкан. Жок азыр мунун кереги жок, кыздар коркуп аны менен журбой коюшса эмне кылат. Сары чач тийиштуу адамдарга телефон кылса баары бутту дей бер. Козун жуумп бир акылын ойлоп тапканча тиги дагы - токто! атам! деп кыйкырып кыздар кыйкырып калышты, корсо кымча бел сыртка карай качып бараткан экен, артында кыйкырганына карабай жугуруп чыгып кетти. Артка жол жок экенин тушунгон Асылбек да анын артынан жугурду.
-кыздар качтык!
Кутуусуз кыйкырыктан алар да карап турбастан сыртка бет алышты. Тиги эч кимисине ок ата алган жок, жолго чыгып артынан беш алты кадам таштап эле артка кайтты. Кымча белдин артынан жете келген Асылбек,
-бул эмне кылганын, озундун камынды жейм деп калган он кыздын омурун коркунучка койгонунду сезип жатасынбы? деп ачуу кыйкырды.
-Эгер мен мындай кылбаганымда баарыбыз коркунучта калмакпыз, рахмат де сага жардам берип кырдаалдан жол тапканым учун, деди кыз да катуу унун чыгарып.
-ок атып бироо жарым ок жесе эмне болмок.
-сен чыныгы келесоосун, бул жер сага Бишкек эмес милиция чакырсан эки саатта келгендей бул шаарда ар бир бурчта полиция бар, жолго чыгып ок ата алмак эмес тиги кодо деди ачуусун жашырбай кымча бел.
Асылбек анын сары чачка койгон атына кулкусу келип жоошуй тушту.
-сен бул жонундо кайдан билип журосун.
-эмне мени да озундой келесоо ойлойсунбу чакырса эле тааныбаган олкого кете бергендей, алдын баарын ойлонуштуруп бул олко тууралуу окуп чыкканмын.
-ошондой де, андай болсо жергиликтуу элдер бай болушат эмеспи, кимден кантип акча ондурушту да ойлоп койгон болсон керек, антпесе мен баарынарды бул жерден алып чыгып кетмек турсун бир кунго тунок таап берууго да акчам калбады.
-чынбы? Сен жеткен келесоосун, тигиге 200 долларды эмнеге бере салдын анда.
-а эмне ошол акча менен бир нерсе чечилмек беле, башынарга тартсам бутунарга жетпейт эле баары бир.
Алардын тартышы бутоор беле Ким билет кыздардын арасынан бириси ыйлап жибербегенде.
-менде документ да акча да жок, жакшысы ордубузда калганыбыз он беле, балким Бекмамат мырза келип куткармак.
-балким бул жон гана оюн болгондур, деди дагы бири аны коштоп.
Кымча бел чыдабай кетти ондонот.
-силер эмне деп жатасынар, документинерди алып акчасыз жук сакталчуу жайга камап койгон адамдан жакшылык кутуп отурасынарбы али, кутулганынарга шугур дебей. Андан коро кимде канча акча болсо чыгаргыла, Дубайга жетип баруубуз керек, азыр тиги тийиштуу адамдарга телефон чалып болгондур, бул Шаар биз учун коопту, деди унун октом чыгарып. Мындай кыз менен Африканын чолундо чоорлордун арасында калып кетсен да коркпой журсон болот, бир айласын таап куткарып кеткидей деп ойлонуп карап калган Асылбек чонтогун чукулап акыркы 100 долаарын чыгарды.
-менде болгону ушул.
Кыздардын биринен да кыпындай тыйын чыкпай ошондо алардын эч кимиснде документ да акча жок экени аныкталды.
Анын колундагы акчаны жулуп алып беш кызды болуп кымча бел болунуп кетти.
-сен эркек эмессинби калган бешоону ээрчитип тезинен унаа таап жолго чык, кантип сураба. Дубайдын Дейра районуна жеткир, ал жерде Кыргызстандын элчилиги жайгашкан ошол жайдан жолугабыз, деп басып кетип баратып артка бурулуп, А баса издеген чурогунду таптындынбы? деди мыскыл.
Ал Асылбектин оюнан такыр чыккан экен, анан калса ушундай учурда келген максатын эмес озунун атын да унутуп калгыдай болду да. Ону бозоруп илептери кыймылга келбей унсуз туруп калды. Кымча белдин алдын торой,
-сен билесинби? Булардан башка да кыздар болушу мумкунбу жанакы жайда?
-мен кайдан билмек элем, мага айтып коюшту дейсинби. Эй артка кайтып барам деп ойлобо жанындан тойбосон, Эми ал жерден тируу чыга албайсын, деди да басып кетти.
Чындап эле кымча бел туура айтат эмдигиче ал жайда миллионердин адамдарды тизилип калган болсо керек.
-Токточу, деди чечкиндуу. Келе акчаны, сен эч кайда барбайсын азыр биз барчуу жолду тосуп турушкандыр, сен айткандай кылсак туура алардын колуна тушуп беребиз. Силер коопсуз жайда туруп тургула, мен бир айласын таап Кыргызстан менен байланышам, алардан жардам болбосо озубуз эптей албайбыз. Элчиликке кабарды алар берсин, биз аларга эмес алар бизге келишет.
-кайда бармаксын байланыш издеп, бизди кайда калтырасын?
Айланасын карай салса занкайган имараттардын биринде соода уйу деп жазылып турат, энеси эгиз туугандай кубанып кетти, ананчы андан откон коопсуз жай болобу.
-тиги соода уйуно кирип турабыз ачыкка окшойт, ал жерде созсуз интернет болот деп байланыш маселеси да чечилип калганына суйунуп алдыга тушуп жетип келсе ал жай аялдар учун гана экен, баары кирип болуп ОЗУ жалгыз кала берди сыртта. Кымча бел кайрылып келип,
- келе акчаны биз шам шум этип туралы антпесе кыздардын карды ач, деп колун сунду. Бул ОЗУ кандай адам, боор ачуу деген болобу мында деп ачуулана,
-сен озундон башканы эч бир ойлойсунбу, ачтан олбойсун мен бул акчаны байланышка жумшайм деди.
-кайдан байланышмак Элен, келе бери мен ичкериден байланышам, деп колун сунган бойдон турат кымча бел эч бир камырап койбой.
Асылбек бул ирет да анын айтканына конбой кое албады, анан калса чындап эле ал ар дайымкыдай туура суйлоп турбайбы. Коп ойлонбой колундагы акчаны кызга карматып тескери карап туруп калды.
-аялга окшоп тултундабай ушул ордунда тур, мен бир кабарын айтып чыгам, деп кирип кетти.
Менде башка арга барбы деп суйлогон боюнча кала Берген Асылбек шалдайып жерге эле отура калды, азыр ушул аябай чарчап карды ачканынан ичегилери жабышып баратканын сезди. Бул уйку дегенде ар да болбойт тура, кандай Кундо жашап жатканындан айрымасы жок жанды тооруп келе берет экен, козу жумулуп баратты, болбосо азыр уктай турган убакпы.
-эй деген ундон чочуп кетип караса кымча бел турган экен колуна азык кармап.
-тур ордундан журу чекеге тамактанабыз, сен да ач болсон керек.
Анын айтканын аткарып артынан журду, азыр каяша айта турган абалда эмес. Алар жайгашып ундобой ар ким оз ою менен алек болуп тапкан аз тамакты жеп отурган мезгилде бир саат отуп отпой жандарына торт кыргыз жигити басып келишти. Аларды коро сала Асылбек анын артынан калгандары кымча белден башкасы ордуларынан тура калышты, баарынын оюнда таап келишкен экен деген ой. Кымча бел гана адатынча камырабай ширеден жутуп коюп отурат. Алар жакын келгенде гана
-жолдош майор кечиктинер го, деди ордунан туруп.
-капитан эсен соосунарбы, Азамат деп кол алыша учурашып, силердин изинерди Дубайдан жоготуп алдык, ал шаарды кыдырбаган жайыбыз калбады силерди издеп, деди калгандарын кыдыра карап.
-жолдош майор кечиресиз тапшырманын акырына чыгара албаганым учун.
-эч нерсе эмес, кыздарды аман алып чыкканын ОЗУ чон иш аларды биз кармадык кубо жетишпей жаткан, сенин жардамын менен куболор да камсыз болду.
-ал алкышка бул мырза арзыйт, а баса жанакы айткан кызды таба алдыныздарбы, бул кыздардын арасында жок экен деди.
Жанатан алардын оозуна алмак салмак карап ундобой турган Асылбек соз Ким тууралуу кетип жатканын сезип созго аралашты.
-мындан алдын да кетирген болушу мукунбу кыздарды.?
-жок, демек сен Асылбексин, кыжаалат болбо издеген кызын Бишкекте сени кучак толо гулу менен кутуп жатат.
Андан ары суйлой турган созу да жок эле, ааламдын баарын ойлонсо да кымча белди атайын жонотулгон тынчы деп ойлобоптур. Кызык ал башынан эле Асылбектин Ким экенин билгенби же чындап эле миллионер менен алмаштырып алганбы.
Учакта бара жатып кымча белге жакын келип кызыктырган суроосун берип калды.
-сен панорамада эле билгенсин да ээ?
-жок ал учурда сен алдагансын андан аркысында мен алдадым. Мени кондурдум деп ойлоп жургон учурунда мен сени кондуруп жургом , эмнеге кызыкпы? Сенин ойлоп тапкычтыгын, кырдаалдан жол таап чыгып кетуу жондомун керек болгон.
-сен ар дайым озундун пайданды ойлоп журосунбу? деп экоо дагы тартыша кетти.
Аларга карап отурган майор созго аралашып,
-жок, ал сенин камынды ойлоп журду, жумушка чыкканча даяр болсун деп. Сенин ордун даяр УКМКда, качан даяр болгондо чыксан болот, деп жылмайып койду.
Алар учактан тушккондо жерде коп адамдар кутуп турушкан экен, алардын арасында шефи менен кара козу да журушот кол кармашып. Учакта бирге келген кыздардын арасында кара коздун курбусу да бар экен, эки курбу
Коз жаш кыла кучакташып корушуп болуп кара коз Асылбекке келип мойнунан кучактай, рахматын айтып
-сиз чын эле Генийсиз, деп шыбырап жатты. Корсо ал Москвага иштегени кетип миллионерди курбусуна таап берген экен.
Шефи издеп барып озу таап келген тура, жакында баш кошкону жатышыптыр. Шефи адатынча тилдебей колун бекем кысып,
-кетирген чыгымын толук кайтарылып берилет, азаматсын тиги редакциянын ээси Орозбаев менен жумушчуларынын артынан тушушуп коптон бери колго тушуро албай журушкон эми сыйда чыгып кете албай калышты деп мактап койду.
Азыр гана Асылбек тушунуп турду ал озунун жумушунда гана калгысы келгенин, конулчооктугу учун эмес ушул мандайында колун кысып турган адам менен бирге иштешкиси келип.

Аягы.

Кечиктиргенге жараша бутуро жазайын деп аракет кылдым, грамматикалык катасы коп болушу мумкун урушкандардан кечирим сурайм. Рахмат баарыныздарга кутуп окуганыныздар учун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Supsuluu   21 Октябрь 2018 - 12:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Ваай. Сонун чыгарма болуптур эй. Азаматсыз автор. дагы күтөбүз мыкты чыгармаларды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   baiazat   21 Октябрь 2018 - 16:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 10:48

Тойбой калдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   21 Октябрь 2018 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Сиз чын эле генийсиз автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Nazka29.07.91.   21 Октябрь 2018 - 23:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 09 Август 18
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2018 12:56

Сонон жазыптырсыз. Чооон рахмат.Дагы жаны чыгарма кутуп калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   maimylcha   22 Октябрь 2018 - 00:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 01 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Ноя 2019 00:32

Чоон рахмат автор! Калеминиз курчуй берсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   aitowa11   03 Ноябрь 2018 - 04:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 03 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Калеминиз курчуй берсин автор!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Polumna   05 Ноябрь 2018 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 15 Август 16
  • Соңку аракети: 06 Дек 2019 01:36

Керемет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   ASA79   09 Ноябрь 2018 - 18:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Жакшы жазыптырсыз чоон рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   30 Декабрь 2018 - 10:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Охх иийй кандай сонун чыгарма
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Bazana   03 Январь 2019 - 02:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Автор качан жаны чыгарма жазасыз кутуучулордун катарындамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 23:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: