Суперстан: Алданган айымдар. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Алданган айымдар. Телефондон жазганыма байланыштуу куттурбой жазганга аракет кылам.

#1 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   09 Ноябрь 2018 - 19:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Келбеттери келишкен, он десе ону бар, бой десе бою бар уч-торт бийкеч бир болмолуу квартиранын ичин баштарына которо ызы-чуу тушуп жатышты.
-Алдамчы! Бети жок афферист! !!
-Уу-уу блин... Эки ай! Эки ай убакыт деген эмне!
- Баары текке кетти...
- Жок, аны бул бойдон калтырбаш керек! Оч алыш керек же акчаны таптырыш керек!
Кыздар оз ара ар кайсыны айтышып, айрымдары ачуусуна чыдабай согунуп, ыйлапда алышты. Эки айдан бери куткон умут-тилеги бугун капыстан бырын-чырыны чыга талкаланып, куйбогон жери кул болуп ыйлап жатышкан бул кыздар- кадимки "кополоктор" эле.
- Эй, Мая, сен жооп бересин баарына уктунбу? Сен!!!
Бул ундон арыда олтурган сулуучумак келген кыз "селт" дей тушту.
- Туура! Сен болбосон биз бул жака келип иштебейт элек ×××! Керек болсо, Мурик экоолоп алдашты бизди. Эми эч нерсе билмексен болуп отурат!
- Тап Мурикти!! !
Эки кыз Маяга кол салчудай жакындап келди Алардын турпатынан кандайдыр жамандыктын жышаанын сезген Мая чый-пыйы чыгып жалынып жиберди.
-Асел, Гуличка! Канча жолу айттым силерге, мен да силер сыяктуу эле алданып отурам! Ал сволочь баарыбызды алдады... Мен кайдан билдим ушундай болоорун!
- Коп былжырабачы! - деп Асел бет талаштыра тээп ийди. Берки Гуля ошону эле кутуп тургансып, Маяны чачынан аткый кармап, полго суйроп жыкты.
Алданып калып, кимден оч алаарын, кимден ачуумун чыгарып алышаарын билбей турган кыздардан бир топ токмок жеген Мая коз жашын колдотуп, денесинин ооруганына чыдай албай онтоп жатып, ошол адамга жолуккан кунду эстеди. Адаттагыдай эле цирктин айланасында клиент кутуп кеч киргизишти. Кыздардын мамасы бугун кабагы буркоо, себеби кундогудой иш жакшы эмес... Анысы аз келгенсип аз-аздан жаан тамчылары себелей баштады. Карангы кирип калган учурда гана бир машина келип токтоду. Кыздар жабыла жугурушуп, бирок машинаны салонунда оздору ойлогондой уч-торт эркек эмес, жалгыз эле салабаттуу, сымбаттуу бир гана киши отурганын корушуп,демдери сууй тушту.
- Кандайсынар сулуулар! - деди тиги киши.
- Байке отурайынбы машинага?!
- Эй жуоунбачы, озунун деле козу барго! Тандайт азыр...
- Байке арзан эле... Плюс восточный танец!
- Соничка! Олуп баратсан да оозуну жаба турчу...
- Балким бул маньяктыр... Восточный бийлетип туруп анан Фу... Калганын айткымда келбейт!! !
Кыздар оз ара каткырышып, ой келди суйлошту. Салондогу сымбаттуу адам аларды оголе мээримдуу тиктеп, кулумсуроду да Маяга баш ийкеди.
- Чон кыз сизге мумкунбу...
- Албетте байкеси!- Кыз шынк эте, машинага кирип, лып отурдуда жылып кетишти. "... Буюрса жакшы жакшы эле адам окшойт, жакшы кызматта иштесе керек,мындай кишилер коп зоокурлонбойт" , - деп ойлоду оюнда. Бара турган жерге жеткенчекти бир оозда суйлошушкон жок. Качан гана шаар ичиндеги квартиралардын бирине жетип, ичкери киришкенде ун катты:
- Атын ким бийкеч?
- Мая.
- Оо-уу, абдан жарашыктуу заманбап ат экен...
Болмодо чакан стол даярдалып коюлган экен. Экоо аны-муну суйлошкон болуп, чай ичип, тамактанып отурушту. Мая дагы кубанды. Ким эле буларды мынтип каадалуу коноктон бетер дасторкон жая кутуп, чай бериптир... Коп учурда бараар замат эле ичимдик... Анан тошок... Аягы кээде чыр- чатак менен да бутушу мумкун... А бул адам андай эмес экенине шугур!

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 22 Январь 2019 - 13:08
Түзөтүүнүн себеби: Коомдук адепке туура келбеген айрым создорду "кагазга ороп"жазыныз!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   mega777   10 Ноябрь 2018 - 16:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Albinoc.piratium , чыгарманын авторун жазыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   LunaSun   11 Ноябрь 2018 - 15:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 16:05

Ой кана уландысы берекем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   11 Ноябрь 2018 - 22:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Кечиресиздер айылга келе бергениме байланыштуу китебим шаарда калып кетиптир эки кундон кийн китеп келет, ошондо жазам жаны эле баштаганда шашылып келе берип китебим калып кетиптир. Кечирим сурайм баарынардан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   16 Ноябрь 2018 - 10:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Просмотр сообщения Albinoc.piratium (09 Ноябрь 2018 - 19:32) жазган:

Автору: Махабат Нарын.



Келбеттери келишкен, он десе ону бар, бой десе бою бар уч-торт бийкеч бир болмолуу квартиранын ичин баштарына которо ызы-чуу тушуп жатышты.
-Алдамчы! Бети жок афферист! !!
-Уу-уу блин... Эки ай! Эки ай убакыт деген эмне!
- Баары текке кетти...
- Жок, аны бул бойдон калтырбаш керек! Оч алыш керек же акчаны таптырыш керек!
Кыздар оз ара ар кайсыны айтышып, айрымдары ачуусуна чыдабай согунуп, ыйлапда алышты. Эки айдан бери куткон умут-тилеги бугун капыстан бырын-чырыны чыга талкаланып, куйбогон жери кул болуп ыйлап жатышкан бул кыздар- кадимки "кополоктор" эле.
- Эй, Мая, сен жооп бересин баарына уктунбу? Сен!!!
Бул ундон арыда олтурган сулуучумак келген кыз "селт" дей тушту.
- Туура! Сен болбосон биз бул жака келип иштебейт элек сучка! Керек болсо, Мурик экоолоп алдашты бизди. Эми эч нерсе билмексен болуп отурат!
- Тап Мурикти!! !
Эки кыз Маяга кол салчудай жакындап келди Алардын турпатынан кандайдыр жамандыктын жышаанын сезген Мая чый-пыйы чыгып жалынып жиберди.
-Асел, Гуличка! Канча жолу айттым силерге, мен да силер сыяктуу эле алданып отурам! Ал сволочь баарыбызды алдады... Мен кайдан билдим ушундай болоорун!
- Коп былжырабачы! - деп Асел бет талаштыра тээп ийди. Берки Гуля ошону эле кутуп тургансып, Маяны чачынан аткый кармап, полго суйроп жыкты.
Алданып калып, кимден оч алаарын, кимден ачуумун чыгарып алышаарын билбей турган кыздардан бир топ токмок жеген Мая коз жашын колдотуп, денесинин ооруганына чыдай албай онтоп жатып, ошол адамга жолуккан кунду эстеди. Адаттагыдай эле цирктин айланасында клиент кутуп кеч киргизишти. Кыздардын мамасы бугун кабагы буркоо, себеби кундогудой иш жакшы эмес... Анысы аз келгенсип аз-аздан жаан тамчылары себелей баштады. Карангы кирип калган учурда гана бир машина келип токтоду. Кыздар жабыла жугурушуп, бирок машинаны салонунда оздору ойлогондой уч-торт эркек эмес, жалгыз эле салабаттуу, сымбаттуу бир гана киши отурганын корушуп,демдери сууй тушту.
- Кандайсынар сулуулар! - деди тиги киши.
- Байке отурайынбы машинага?!
- Эй жуоунбачы, озунун деле козу барго! Тандайт азыр...
- Байке арзан эле... Плюс восточный танец!
- Соничка! Олуп баратсан да оозуну жаба турчу...
- Балким бул маньяктыр... Восточный бийлетип туруп анан Фу... Калганын айткымда келбейт!! !
Кыздар оз ара каткырышып, ой келди суйлошту. Салондогу сымбаттуу адам аларды оголе мээримдуу тиктеп, кулумсуроду да Маяга баш ийкеди.
- Чон кыз сизге мумкунбу...
- Албетте байкеси!- Кыз шынк эте, машинага кирип, лып отурдуда жылып кетишти. "... Буюрса жакшы жакшы эле адам окшойт, жакшы кызматта иштесе керек,мындай кишилер коп зоокурлонбойт" , - деп ойлоду оюнда. Бара турган жерге жеткенчекти бир оозда суйлошушкон жок. Качан гана шаар ичиндеги квартиралардын бирине жетип, ичкери киришкенде ун катты:
- Атын ким бийкеч?
- Мая.
- Оо-уу, абдан жарашыктуу заманбап ат экен...
Болмодо чакан стол даярдалып коюлган экен. Экоо аны-муну суйлошкон болуп, чай ичип, тамактанып отурушту. Мая дагы кубанды. Ким эле буларды мынтип каадалуу коноктон бетер дасторкон жая кутуп, чай бериптир... Коп учурда бараар замат эле ичимдик... Анан тошок... Аягы кээде чыр- чатак менен да бутушу мумкун... А бул адам андай эмес экенине шугур!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   16 Ноябрь 2018 - 11:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

- Коп болдубу ушул иште жургонуно? - Маяга бул суроо эчен ирет берилген. Сыр бербей туруп:
-Аз эле... Жарым жыл боло элек, - деди.
- Мм... Да-аа! Эч нерсе эмес, азыр баары заманга жараша да, жумуш жок болсо эмне кылмак элен анан...
Бул кишинин ушул создору кызга майдай жага тушту. Эч ким минтчу эмес. Баары эле бекер кыласын, озун жаш, татынакай кыз болсон... Андан коро адал эмгек кылбайсынбы- деген сыяктуу создорду айтышып, Маянын кыжырына тийишчу. Аларга:
-Эгер ошондой болсо сен эмне келдин бул жерге? - деп кыжырлана суроо узатчу кайра. Баарынан кызыгы бул кишинин тошокту коздой шашылбаганы болду. Жайбаракат пиво ичип, ар кайсыдан соз козгоп , дегеле козголчу туру жок.
-Айына канча табасынар примерно?-деди.
-Кандай десем... Он он беш миндей болсо керек, бирок анын баары чогулбайт, кунумдук жашоого, "мамабызга" , карыздарбызга берип эле жок болот.
-эх байкуштар десе...
Кейий баш чайкады тиги киши.
- Эгер кааласан мен сага жардам берем, - деди анан капыстан, кызга жалт карай
- Кантип?
- Айына мин доллардан толосо иштейт беленер?
Бул кишинин созуно Мая чындап эле кызыга тушту. Акча, байлык кимди кызыктырбайт дейсин...
- Кандайча? Тушундуро айтынызчы...
Кыздын кызыгып калганын коргон тиги да жанданып созун улады. Буйруса колдун сезону башталып жатпайбы, менин чет жактык достррум коп келишет,ошолор менен суйлошуп берем, сен озундон башка да уч-торт сулуу, фигурный кыздардан тапсан...
- Чын элеби? А сиз...
- Мен жакшылык гана каалап жатам сендей сулууга. Чолпон-Атада бир уй бар, ошондо жашап турасынар, ар биринерге айына мин доллардан озум алып берип турам силерди суратпай, эгер кааласанар, эки айда бир алсанарда болот. Болгону жакшы тейлеш керек...
Мая чын дилинен ишенди бул адамга. Ал туну озун ага бут бойдон арнап, болгон онору менен тейлеп чыктыда эртеси эч нерсе албай эле кетмей болду. Коштошуп жатып тиги киши андан бугун кечинде тундогу суйлошкон боюнча сурамай болуп телефон номерин алып калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   16 Ноябрь 2018 - 22:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

- баса атыныз ким?
- Мурик десен болот. - Кетип баратып гана атын сурады. Ошол эле куну озу менен кошо Аселди, Соняны, Гуляны макул кылып, Мурикке жолугушту. Кыздар да абдан кубанышып, эки ай иштеп, эки мин доллардан бир эле жолу аягында алмай болуп убадалашып, уч кун отуп отпой колго келишти. Мурик аларды колдон тосуп алып, баардык шарты бар, бирок эски эки болмолуу квартирага киргизди. Ошол кундон бери илгери умут менен Казагын да, Орусун да, ар турдуу улуттун эркектерин тейлеп, эки айдын бачым эле бутушун кутуп иштешти. Качан гана эки ай буткондо эки мин доллар тугул Муриктин озу да жок. Аты-жыты белгисиз жоголуп, кыздар бар кучун Маядан чыгарышууда. .. Мая ошол кара баскан туну шылуундардын эн шылууну менен бирге болгонун кайдан билсин...
Ал озгочо эле... Ооба, шылуундардан да ботончолонгон эн кыйын шылуун эле. Анын торунан эчен адамдар жон гана кутулуп кете алышкан эмес, азыр да ошондой. Ысымы коп турдуу... Кээ бир жерде Нурик, деп чакырышат, а башка жерде Мурик дешет, Мура дешет. Чыныгы аты-жонун озу анан ошол ысымды ыйгарган ата-энеси гана билбесе, башка киши билбейт. Ал тугул анын кай жерде иштегенин да толук билбейт эч ким. Эгер ал кааласа таксист болуп алат, кааласа сопусунуп башына топу, колуна теспе алып, молдо болуп корунот, а кааласа кайсы бир мамлекеттик мекеменин бир кызматчысы болуп тааныщат. Бул нерсе эми анын алдай турган адамына байланыщтууда! Ошого карата иш кылбаса болбойт ага... Биз азырынча аны "Мура" деген ысымы менен атай туралы.
Жашоодо кунумдук откоргон кундордон айырмаланган шаан-шокоттуу бир тойлор болот эмесби. Эртен менен Мурага алыскы бир тууганы телефон чалып, ушул жуманын алтынчы куну тойго, уул келинини уйлонуу тоюна чакыраарын кабарлады. Бул кабарды уккан сон бир топко ойлонду жатып алып.
"Так-ак, тойго дейби? Демек акча керек"! Копко чейин козу жумулуу бойдон ойлонуп жатып, акырында ошол жумулган козун ачпаган бойдон онуно жылмаюу аралады. Демек анын кезектеги курмандыгы даяр эле. Кайра мээсин башка бир ой удургутту. Эч нерсе менен иши жок, аркы ашканада идиш-аягын калдыратып жургон келинчеги Зейнени ойлоп озунчо нааразыланып жатты.
" Ээрчитип баруудан да уялам ушуну клпчулукко. Же бир ондон жок, же бир келбеттен жок. Атангору, Нурийланы ээрчитип барса ошондой той ашка. Коргондордун козу агып калбайт беле. Конулдош деген аты эле болбосо, аялым эле болуп калды. Бир жаман жери, эч ким билбейтда ушуну.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   16 Ноябрь 2018 - 23:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Озунон озу кыжаалаттана берди Нурийланы ойлогон сайын. Бир чон арманы- аялы Зейненин коркомсуздугу эле... Эмне кылсын анан байкуш, уч баланы тороп остурду, улуусу мектепти бутойун деп калган, жашына байланыштуубу, Зейне бир топ толуп, семирип да алды акыркы жылдары. Бирок оз жашоосуна ото деле нааразылана бербеген, куйоосу коп таап келсе кубанып, тапппай калса чокпогон, бир алпейим, жакшы аял болчу. Мураны "таксист" деп гана тушуноор эле. А эми куйоосу озу менен чоогу эчендеген окуяларды жасап жургондугу менен иши жок эле бечара алпейим аялзат...
-Зейне! -Куйоосу капыстан чакырды.
-Оов! Эмне болду?
Жетип келген аялын дагы бир ирет конулсуз тиктеп алып суйлоду:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   17 Ноябрь 2018 - 19:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

-Жуман таякем тойго чакырып жатат ушул жуманын алтынчы куну. Кандай кылабыз?
-Кандай кылмак элек, барабызда!
-Ээ... Сенден ошону сурап жатамбы? Эмне алып барыш керек? Канча мин сом коройт? Ошону суйлошолу...
-Ошондой дебейсинби анан?
Эрди-катын бир саатка чукул талкуулашты, тойго ким менен эмне алып барыша тургандыктарын Мура "жумушка кеттим"- деп уйдон чыгып кетти андан сон.



***
Жийдеш ушул жашка келгени дегеле терен ойлонуп коргон жан эмес. Аны билгендер тан калышчу, ушул кемпирдин короо-жайы келишкен, зангыраган уйдо эч нерсеге кейибей, жападан жалгыз гана конулдуу жашай бергеничи.
-Эмне бала чакасы жокпу?-деп сураша турган аны алгач билген адамдар.
-Бар. Кыздары турмушта, бала-чакалуу болуп калышкан. Уулу болсо озунчо иштеп журот.
-Ал эмнеге энесин жалгыз калтырышкан?
-Ээ жерге кирсин. Жийдеш кемпир озу куноолу. Баарынан артык аракты корот. Аябай ичет, атасы арактан олгонсуп... Уулу жакшы эле бала болчу. Уйлонуп, келинчеги экоо бир кыздуу болгондо Жийдеш кубалап ийген келинин. Озу болсо арактан башы чыкпай жатып, уулун да тажатты корунот, ал да уйдон чыгып кетти.
-Атаны кокуй ай!...
Аялдар бул уйдогу кемпир жонундо ушинтишип щыпшына соз кылышчу. Жийдешке баары бир эле. Болгон артык онору уй ичин тазалап, кайра-кайра жышып жууй берчу. Анан дуконго чуркачу, бир ботолко алып келуу учун... Бугун анын уйундо жанылык! Экинчи кызы куйоодон чыгып келиптир, атаганат! Берки эки кызы атасын тартканбы, эстуу чыгышып, барган жерлеринде тын оокат кылып кетишти. Мунусу Жийдештин дал озун тартып ичкиликке жакын чыгып, куйоосу канча жолу"кой! " десе да болбой арактын артына тушуп калганда, кайын-журту жылуу-жумшак гана торкунуно жеткирип келишти. Эки баласы калды куйоосундо мончоктой болгон. Жийдеш жаны эле дукондон койнуна бир ботолкону катып алып, уйуно кирген. Кызы отурат соксоюп.
-Ии Айзатсынбы ботом? - Кемпир оз козуно озу ишенбегендей тордо, бурчта отурган кызына унуройо тиктеди.
- Мен. - Кызы шалкы бош унчукту.
-Эмне тынчылыкбы? Же дагы эрин менен урушуп кеттинби?
-Ооба, дагы уруштук. Мени биротоло алып келип таштап кетишти. Эми барсам да уйго киргизишпейт.
Айзат шолоктоп ыйлап кирди. Жийдеш ыйлап жаткан кызына конулкош карап, андан артык эч нерсе сурабады. Болгону оз алдынча суйлонду:
-Боуптурда эми, келсен келипсин. Менин жанымда жашай бересин. Балдарынды алып келбегенин жакшы болду баарынан да! Мен алардын ызы-чуусуна, уйду чачканына чыдай албайм... Урматтын келинчеги менен кызы кеткенден кийин кулак-мээм тынч, уйда жыйналуу таза бойдон...
"Урмат" деп ал озунун жалгыз, жападан жалгыз уулун айтып жаткан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   18 Ноябрь 2018 - 12:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Жийдештин куйоосу, Урматтардын атасы жаш кезинде, тируу кезинде башкарма болуп иштеп, зор кадыр-баркка ээ болгон адам эле. Омуру кыска экен, балдары чонойгуча эле оорудан улам дуйно менен кош айтышып кете берген. Аялы Жийдеш болсо сулуу болгону менен акылы тайкы, алысты коро билбеген, барга эсирип копкон бироо эле ал кезде. Куйоосунон жаш эле бойдон, толгон дуйно-мулкко ээ болуп кала берди. Балдарына деле жарытып тарбия бере алган жок. Дээринде барлары оз алдынча оокат кылып кетишти, дээринде жок Айзаты апасын жазбай тартып сулуунун акылы кыскасы...
Эне-кыз тамак жасашып, жанагы бир ботолкону тартып отурганда эшик тыкылдады. Кемпир барып эшигин ачса зынкыя кийинген, сымбаттуу бир жигит турат.
-Саламатсызбы эне.
-Ии кел?.- Кемпир суроолу тиктеди.
-Мен учетчигинерди текшерейин деп келдим.
Электирикмин. -Тиги киши кандайдыр бир куболукту тош чонтогунон сууруп чыгып корсотту. Кемпир козу жетпесе да карап коргон киши болуп, башын ийкей четке чыга берди. Электирик оз ишин аткарып жатты. Капыстан кабагын буркой урушуп кирди.
-Ой жарыктык! Озунуз жалгыз эле жашайт экенсиз, сизге ууру точканын эмне кереги бар?
-Кайдагы ууру точка? Андайыбыз жок уулум
Кемпир эч нерсе билмексен бодуп мостойду. А чынында бир жылдан бери ууру свет койдуруп, колдонуп жургондугу чын болчу.
-"Жок" деп... Мына, мобул апарат менен текшерип эле билип жатпаймынбы.
Электирик колундагы тушунуксуз бир буюмду кемпирге корсотту да, опурула берди.
-Бутту, бугундон баштап светинер кыркылат. Экинчиден канча бир убакыттан бери уурдап жатканынар учун олчойгон суммадагы штраф толойсунор.
Кемпир чындап эле коркуп, чый-пыйы чыгып кетти.
-Кой антпе балам. Болгону бир жылдан бери гана....
-Оо-уу, бир жыл! Бир жыл бою бекер электр энергиясы! Иш чатак энекеси! А жак, бер жагы менен отуз-кырк мин...
-Анча акчаны кайдан табам балам? Кагазынды жзбай эле тур, балким сен чечээрсин?
-Болуптур. Жыйырма мин, бере аласынарбы?
-Антпе балам. Колдон келгенин берели.
-Та-ак, анда мындай апасы, эртен кечинде келем, он беш минден кемибесин.
-Мейли, аракет кылайын уулум.
Электрик уй ичинин жетиштуу буюмдарына суктана коз жугуртуп алды да кетууго камынды. Бирок козу бир нерсеге уруна тушту. Келбети келишкен. Ажарлуу келин аны жалдырай карап, ички уйдун терезесинде турган экен. Кантип да болсо аны менен суйлошуп коргусу келди электрик. Папкесинен кандайдыр бир кагаздарды убап-чубап чыгып, сылык ун менен:
-Сизге мумкунбу?-деди козу менен жутуп ийчудой болуп.
-Магабы?-тигида ушуну эле кутуп тургансып жанына жетип келди. Келинден арактын жыты "бур" дей тушту. Тиги киши бир аз жийиркене тушсо да, арактын жытынан улам бул ургаачы менен оной эле сулошсо боло тургандыгын баамдап, тийише ун катты:
- Келиниз сулуу, бул жерге кол коюнуз.
-Мына.
Кереги жок эле, капкайдагы бир кагаздын четине кол кодуруп алды да, акырын суроосун жылдырдв.
-Сиз бул жерге конокко келдинизби?
-Бул жер менин ата-энемдин уйу?- деди Айзат мына бул келишкен сымбаттуу кишиге мактангандай.
-Демек ар дайым ушул жердесизби?
-Мындан ары ар дайым ушул жердемин.
-мм... Жакшы жакшы, мен эртен келем, акчаны даярдап койгула.
Электрик жанагыкелинди козу менен арбап, коз кысып коюп чыгып кетти. Эне-кыз кайрадан чайга олтурушту. Айзат негедир эртенки кундун ылдамыраак эле келишин, жанагы сымбаттуу кишиин шок коздорун тез эле корууну самап, кыялы алып учту...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   18 Ноябрь 2018 - 12:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

****
Нурийла бугун да кутту Мураны. Кечке куту. Зарыгып. Негедир келген жок. Кайсы куну, кайсы сааттан баштап байланып калганын билбейт ушул адамга. Ишенген адамы, жашоодо жападан жалгыз суйгон адамы ошол гана! Куйоосун коргусу да келбейт азыр. Беш жыл мурун чон чыр-чатак менен ажырашып кетишкен. Озу колдун кызы. Жаштык-масыткта капкара кашы менен бажырайган козуно байланып, эч нерсеге карабай туруп турмушка чыгып алган эле. Экоо уйлонуп, жаныдан уй кутуп жашай баштаган кундон тартып, эшиги тыйылбай койду булардын. Кудайдын куттуу куну куйоосунун жыты эле тууган болгон жакындарынан баштап, жердеш-айылдаштарына чейин опур-топур болуп жашашчу булардын бир болмолуу квартирасында. Ал учун куйоосу экоо канча жолу урушуп, талашышты. Баары бир эч нерсе чыккан жок. Кун отуп, Нурийланын айы-куну жетип, коз жарганда гана бир аз азайгансыды булардын уйундогу "жашоочулар" . Бирок эми да андан откон оор кундор башталды келинге. "бала багышып, жардам беришет" деп кайненеси Нурийланын уйуно эки бирдей кыздарын жиберди. Шаар корууну дегдеп келген бойго жеткен кайынсиндилери келинге кыйратып деле жардам кылышкан жок. Кайра оорчулук келтирди.... Тажаганда куйоосуно айтып корду:
-Канат карындаштарын айылга кете беришсин, мен баланы озум эле багып алам.
-Кызык... Бул эмнен, менин бир туугандарымы уйдон кубалаганынбы?
-Жок. Сага кантип тушундурсом. ..
-Убара болбо, мага баары тушунуктуу, "баягынды" баштаган экенсинда!
-Эмне баягынды! !!
-Келген-кеткендерди жактырбаган адатыняы...
-Уу-фф! Кандай келесоосун деги? Мага болбосо да балана тынчтык керекго акыры! Качан болсо эле...
Нурийла андан аркысын суйлогусу келбей чыгып кетти. Ушунчалык тагдырына таарынып, куйоосуно кыжыры кайнап чыкты. Акыркы кундору эки кайынсиндисинин кылыктары жанына батып бараткан. Женесинин болгон кийимдерин талашып кийишип, капкайдагы бир ийкемсиз, тартипсиз балдар менен мамиле тузушуп, кочолоп журууну адат кылып алышты. Бирдеме деп акыл-кенеш айтуунун да кажети жоктой... Ийменбей, женесинин козуно тик каяша айтышат экоо тен. Откондо улуу кайынсиндиси Сурмаканга:
-Менин чемоданымды антарбай журчу, - десе анысы акшыя карап:
-эмне, антарганда бирдемениз жоголуп жатабы?-десе болобу...
-Жо-ок алтыным, кеп бирдемени жоготкондо эмес, жон гана бир адамдын жакшы коруп кийген кийимин экинчи бироо суроо сопкутсуз эле кийе берсе болбойтда! -деди аргасы тугонгон Нурийла.
-Аа, ошондойбу жене? Кызык... А ошол кийимдерди сизге "ким" алып берип жургонун унуттунузбу?
-Эмнеге унутуш керек экен! Оз бир туугандары бизден аяп, бечара байкем алып беретда!-деп кичуусу Зинакан туурадан чыкты.
-Силердин эмне ишинер бар! Сага байке болсо, ал мага куйоо! Эмне алдырып кийсем озум билем! Деп кыйкырды Нурийла да баш бербей.
-Кордунбу Зинакан, женемдин копконун! Шашпаныз, Канат акеме айтып желинизди чыгартпасам элеби?
Сурмакан албууттанып, токтоно албай ажылдап жатты, Нурийла болсо юул ажаандаган эки кызга жалгыз тутпосун билип, ымыркайын которуп алып сыртка чыгып кетти. Ал да кутту, Канаттын жумуштан келишин, келсе эле бугунку окуяны айтып, бир жансыл кылууну ойлоп жатты. Бул арада уйдо калган кайынсиндилери оз ара женеси тууралуу кызуу таклуудап жатыщты.
-Кордунбу, ал биздин бул жерде жашап жатканыбызды дегеле жактырбай жатат.
-Ал ким болуп калыптыр, ошонун уйу бекен, журсок оз бир тууганыбыздын уйундо журобузда!
-Ошону айтсан... Карап тур, апама кандай гана айтаар экенмин "суйуктуу" келини тууралуу.
-Уксан Зинакан, мен бир демеден шектенип журом...
-Эмне? Айт...
Зинакан эжеси Сурмакан качып кетчудой, жанына жетип барып, козун тостото, этегин баса отурду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   sumaika   18 Ноябрь 2018 - 13:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Дагы жаза салгыла.Сонун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   19 Ноябрь 2018 - 18:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

-Билесинби... -Сурмакан акылдуусуна суйлоду. Менин баамымда Канат байкемди Нурийла женем башын айлантып алса керек, дубалатып... Байкасам аялынын козун карап эле, созунон чыкпайт экен тообо!
-Чын эле эже... Болбосо Канат байкем орой эле болчу...
-Бирдеме ойлонуштуруш керек!
-Эмне?...
-Тескерисинче жасаш керек баарын...
-Тушундум... Ай-иий, акылдуусун ээ, Сурма эже!
Экоо ансыз деле кылаар иши жок отурган эле, эжрчишип, кошоктошкон бойдон козу ачык, бакшы сыяктуу бироолорду издешип, Ош базарына жоношту. Албетте жасанып алышып...
*****
.... Эки кыздын суутма дубасысыз эле, акврындык менен жубайлардын мамилеси жаман жагына оой баштаган чынында. Нурийла коп нерсеге тушунду акыркы кундору. Ушул жигитке турмушка чыгып, эн чон жалыштык кетиргенинда тушунду. "Конулдун кири айтса кетет"-дешет эмеспи, журогундогу букту кимдир бироого айткысы келип, акыры шаардын четинде жашаган таякесинин уйуно барды. Тааженеси экоонун мамилеси жакшы эле башынан бери. Чай ичимищ болуп, аркы беркини кеп кылып отурушуп, качан гана тааженеси экоо калганда, ичиндеги сырын тогуп, бир сыйра ыйлар алды.
-Ээ алтыным десе, " чыны менен эле абалын оор турбайбы" ...-деп тааженеда бушайманданып, озунчо маанайы чого отуруп калды. Анан башын которун, астейдил суроо катты.
-Эмне мындан ары деле чыдай берейин деген оюн барбы? Же?
-Билбейм жене...
Нурийла уктап жаткан кызын карап, ойлуу тедмирди. Анын бул турунон женеси коп нерсени тушунду. Демек ал кичинекей кызын атасыз калтыргысы келбей, мойнунан байланган иттей болуп, аран жашап журот. Каап... Мындайда чечкиндуурок болбосо, омур бою ушинтип эзилип журуп ототда!
-Нурийла!
-Угуп жатам жене...
-Эмне ойлоносун? Ушунчасында баарына чекит кой!
-Кантип жене?
-Ботом, кайраттуурак болбойсунбу, болбурап эле ыйлай бербей!
-Журсон журо бересин омур бою, ошол куйоо сооройуно кор болуп!
-Кызым... Атасы жок осуп калабы...
-Эмне болмок эле. Ошо кызы менен сенин кадырынды азыр билбегенде кийин билмек беле! Сен жашсын, билимдуу десе билимдуу, сулуу десе сулуусун. О кокуй! Неге мынча озунду кор кыласын? Сени киши ордуна корбосо, сабаса... Озу аз келгенсип карндаштары тебелеп-тепсесе. ..
-Мен ойлоноюн жене.
-Ошент, олйон да, эгер жашагын келбесе ажыраш! Уйго кел туз эле, кызын экоон. Баса, мага телефон чалып кой, озум барып кочуруп келем. Андан да сен айта албаган коп создоржу мен айтам ошол балага!
-жене чыны менен эле албууттанды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   20 Ноябрь 2018 - 15:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Анан кантсин, ай десе айдай, кун десе кундой болгон татына кайынсиндисин куйоо бала ошончо кордосо! Талаада жатыптырбы Нурийладай болгон кыздар. Керек болсо озуно ылайыктуу бироону таап куйоого да узатып ийуусу мумкун эле кайран таажене!
Нурийла уйуно келген сон ажырашуу тууралуу унутуп деле койду. Кунумдук тиричилик менен алпурушуп, уй жыйнап, тамак жасамай, баласын багып, кир жуумай ондуу бутпогон жумуштар менен алектенип, тан атып, кеч киришин байкабай журо берди кун откоруп. Анын устуно эки кайынсиндисинин айылга кеткени да ондой берди болду окшойт. Куйоосу да унчукпай, же жакшы же жаман мамилесин корсотпой жумушан кетет, кайра келет кайра кетет... Кундор ото берди. Ажырашуу жонундо биротоло унутуп калган кундордун биринде айылдан кайненеси келди, кабак-кашы буркоо... Сыягы кайран эки кыз апасын "даярдап" туруп жиберишсе керек. Кацненесинин келгенин коруп Нурийле жетине албаган тур коргозуп, булунуп эле калды.
-Ии апа, келиниз! Ырас келген турбайсызбы? Кандай, куулу-кучтуу эле журосузбу? Айылдагылар жакшыбы?- деген ондуу бир топ суроолорду жаадырып, кабак-кашын жайнатып, болгон сый масилесин жасады. Бирок кайнененин кабагы озгорулбогон бойдон калды... Келиндин эбиреп жебиреп берген суроолоруна бир гана:
-Жакшы,- деген жооп болду.
Уул келининин бир болмолуу батирин жактырбаган кыязда айландыра бир сыйра коз жугурьуп коюп, чайга отурду. Анан копто эсине келгенсип, небересин сурады. Сыягы ичинде "кыз",- экен деп ирэжнжип турса керек. Бул учурда Нурийланвн да кабагы салынып, озунон-озу маанайы чогуп калган эле.
-Кызыныз уктап жатат тиги манежде-деди конулсуз
-Аа,мейли. Ойгонсун, шашпай коромда!
Ошол бойдон кечинде Канат келгенче коп деле соз уланбады экоонун ортосунда. Уулун коргондо гана бир аз маанайы ачылгансыды кайненесинин. Небере кызын жакшы коруп, эркелетимиш болуп, алдына алып отурду. Апасынын келгенине жетине албай, Канат да аябай катуу кубандв.
-Апа, кетпей эле коюнуз, Нурийла да жалгыз зээригип жатат окшойт- деди чын пейилден.
-Кой балам. Мен шашып эле келип калдым, силердин ал-абалынарды билейин деп эле. Эртен эле ктем. Сени менен да суйлошот элем балам.
-Ии айта бериниз азыр эле. -Канат суроолк тиктеди апасын.
-Жоо-жок. Шашпай киийн... Эртен...
Кемпир чынында эле эртеси эле кетууго камынды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   22 Ноябрь 2018 - 08:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Уулу автовокзалга алып барып, таксиге салып келди. Баарынан жаманы, апасын айылга узатып ийери менен эле уйуно келип жанжал салды Канат.
-Нурийла!! !- Куйоосунун болгон ачуусу менен кыйкырган унунон келин "селт"! Эте тушту. Журогу алда-нени сезип, кызын бурчка какадап жаткыра койдуда, сыртка жугурду.
-Нурийла дейм!- Канаттын окум уну угулду.
-Баратам, эмне болду?
-Атандын чокусу болду, уктунбу?
Нурийла тан кала тушту заматта озгоргон куйоосунуе озгоргон турпотуно. Анан да жон урушпай, атасын кошуп согунгонуно ачуусу келип чыкты.
-Атамдын мээнетин ал акмак! Эмне асыласын атама!
-Асылганды эми коруп ал энедурайын! Сен эмне менин карындашарымы ууру тутуп журосун? Эмнеге эле эрте кетип калышты деймда? Корсо сенде жаткан турбайбы баары...
-Токто! Токточу, эмне дейсин?- Нурийла озу кулагына озу ишенбей селдейе тушту.
-Сенби? Сенин карындаштарыны " ууру" тутуптурмунбу?
-Эмне билмексен болосун туштон кийин! Керек болсо апам тээ айылдан ошол учун келиптир, экоо тен бетинди карабайбыз деп жатышыптыр. Бечара апам ыйлады. "Жардам берип келишсин деп жиберсем кыздарымды ууру дептир Нурийлан" -, дейт.
-Ай кудай ай... Чындап балээге калган турбаймынбы. Ишенсен ишен, ищенбесен озун бил, мен аларды бир оозда " уурусунар" деген эмесмин. Окунучтуу... Абдан окунучтуу...
Нурийла чыны менен эле кейий баш чайкады. Баарынан да кайненесинин тээ айылдан " небере коруу" келбей, уул-келининин ортосуна чагым салып, от коюу учун келгенине чындап жаны кашайып, журогу муздай тушту. Анысы аз келгенсин Канат бир топ ойлонуп отурган сон
-Мен сага ишенбейм Нурийла дебеспи.
-Мен сага ишене албайм Нурийла, сен уйго эч кимди келтирбей учун баарын кыласвн. Менин карындаштарымда апамда калп айтпайт. Алар туура айытшат, сен менин башымды айлантып, дубалатып салсан керек, неге эле сенин созундон чыкпай жашайм деймда!...
Мына ушул жерден жарылып кетти Нурийла. Кыжыры башына тээп, уят-сыйыттв, коркууну да жыцышырып салып, оюундагы нерсесин бут тогуп алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   22 Ноябрь 2018 - 11:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

-Мага ишенбесен менден айланып кет келесоо! Тим жле жыргатып, кыйратып койгонсуп суйлоп турганын мунун! Башы иштебеген же эр албаган, же жэр албаган карындаштарын олуп кетсин маа демектен! Аларын уурубу, сойкубу ишим да жок! Небере коруп келген экен десем, тээ алыстан мени сага жамандап келген апана да баракелде! Кыйын аял турбайбы. Деги сага турмушка чыкканв жакшы жашоо коро элекмин,силерден жакшылык кутуунун да кереги жок турбайбы акмактар! !!
Деги койчу, Нурийла озунун тили ушунчалык ачуу экендигине озу да тан калды. Же чын эле жетээр чегине жете ачуусуна тийиштиби, айтор ыйлап да жатты, суйлоп да жатты. Женесине телефон да чалып ийди ачуу устундо.
-Жене, жене дейм, бул мен Нурийла! Тезинен такси жалдап келе калыныз. Кетпесем болбой калды!
Келинчегинин бул созу Канатты селт эттирди. Уккан кулагына ишенбей, буюм-тайымдарын чогултуп жаткан аялын дендароо боло карап турдуда, бир саамдан сон гана эсине келе тушту. Нурийланын эсине келе турган туру жок экенин коруп турсада, заманасы куурулуп, жалынып ийди:
- Нурийла, алтыным кечирчи мени... Кетпечи...
-Мен сени коп жолу кечирип, коп жолу кеткен эмесмин Канат. А бул жолу андай болбойт.
Кесе айтты ал. Демек бутту! Баары бутту эми... Чынында эле буга чейин Канатты коп жолу кечирген эле. Уруп-сабаганда да, конулуно тиер ачуу создорду айтканда да... Торот уйуно "Кыз торопсун" - деп барбай коюп, Нурийла байкуш озу чыгып келгенде да... Ушул саам озун-озу аябай жектеп, жек коруп турду Канат. Умуту узулбой дагы суранды.
-Нурийлаш, алтыным, мындан ары баары сен айткандай эле болсун! Кызымдан ажыратпа мени... Суранам сенден...
Нурийла эч нерсе укпаган дулой сымал, анын созуно конул деле бургпн жок. Ангыча эле анын тааженесида келип калды. Кайын синдисинин ыйлагпн, ыза болгон турун корур, булкулдап, суйлонуп койо берди.
-Олда кокуй кызыкем ай! Дагы шорун катып ыйладынбы? Деги турмушка чыккандан бери кабагындын ачылганын коро элекмин байкушум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   22 Ноябрь 2018 - 11:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Жакшылап бага албаган сон биронун айдай кызынын убалынакалып неге уйлонушот деймда азыркынын эркектери! Уйлонгондун балакетин алабы деймда! Ыйлаба, керек болсо Канаттан беш жсе артык эркектер жугурот артындан. Же бир кыйратып калын толой албаса, де бир кыйратып бага албаса, колокондон айланып кетсин акмак!
Атацын эле арыда турган Канатка угуза угуза бакылдады. Жети омуру жерге киргендей эле болду анын. Кебез менен гана муздагандай кылды окшойт кайнежеси. Бир заматта Нурийлага тиешелуу буюм-тацымдарды таксиге жуктошту да, коздон кайым болуп кете беришти.
Оз тагдырын оз колу менен талкала алган Канат эмне кылаар айласын таппай, карындаштары менен энесине ишенгенине окунуп, баарына, бут баарына кол шилтеди. Кимгедир очошуп, мынданда жаман мындан да оор тагдырга туш келгиси келдида, ошо кундон баштап ботолконун айныгыс, ажырашкыс досуна айланып баратты.
Куйоосу менен ажврашкан сон кичинекей кызы экоо таекесинин уйундо жашай башташты. Кызынын ал абалын угуп, ыйлай-сыктай апасы да келди айылдан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   23 Ноябрь 2018 - 10:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

-Мен сага ошол жигитке турмушка чыкпа дебедим беле кызым, байкуш журогум сезген ошондо эле ушундай болоорун.
-Болду апа! Болоор иш болду...
-Ошондо эле тил алсан азыр мындай болбойт эле катыгун...
Баары бир копко чейин кейип-кепчидм байкуш эне. Анвн тагдырдын бул жазмышына да кондубу, шуу ушкурунуп тим болду. Кетжжринде Нурийлага:
-Сен эми жашсын, кызынды мен эле багып алацын, мага бер. Ансызда жалгызмын, жаныма эрмек болсун-деди. Кимге бермек элем. Азыр кичинекей, кыйналып каласыз деди кызы мунайым.
Апасы жоноп кетти. Кийин кызы бир жаштан отуп калган сон таенесине берди кызды. Озу болсо кесиби боюнча медсестра болуп иштей баштады. Ошондой кундордун биринде Муранын торуна илинген эле. Алгач Мура аны да алдап кетейин деп ойлогон. Бирок бечаранын алданып, алдырып жибере турган дуйносу деле жок экенин коруп, жаш татына келиндин озуно суугу тушуп калды. Нурийла кайдан билсин, бул жашы кырктарга жаны эле барган, зангыраган сымбаттуу кишинин кандай адам экенин. Тез эле анын бал тилине арбалып, ыгына конуп баратканын озуда билбей калды. Азыр болсо Муранын тилине кирип, таякесинен кочуп, озунчо бир болмолуу квартирага чыгып алган. Кундо болбосо да эки кундун биринде Мура ушул жерде жашайт. Нурийлс озун анын аялындай эле сезип, баарынан да ага озунун болгон ишеничин артып, чын дилден берилип суйуп калган кези эле. Негедир эки-уч кундон бери жок ал... Зарыга кутту. Ушул кутуулор, ушул кундор, умуттуу ойлор менен тан атып, кеч кирип, озунун алтындай жаштыгы уурдалып баратканын сезбеди жаш келин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   23 Ноябрь 2018 - 10:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

***
Мура болсо бул учурда "электрик" болуп барып, Жийдеш кемпирдин он беш мин сом акчасын "сындырып" кеткенине маашырланып, уйбулосу менен тойго барып келди. Эмки ою ошол эле Жийдештин эрден чыгып келген кызы Айзатта болуп, аны кантип "Керекке жаратуу" тууралуу план тузуп жаткан. Сулуу болгону менен акыля тайкы, ичикликке жакын экенин коруп, ою аябай бузулду.
Таксист болумуш этип, ошол уйду айланчыктапжуруп, эбин таап ага да жолукту да, тез эле эпке келтирип, жасантып алып машинасына салып кетти. Айзатка да бул киши абдан жагып турду. Сымбаттуу, сылык-сыпаа. .. Куйоого тие электе эле ушундай адамга жолукпаганына окунду ичинен. Ошол куну алар Муранын эч ким билбеген Чолпон-Атадагы квартирасында ойдогудай чардашты. Айзаттан ичкиликтин ьурун аяган жок Мура. Коньягы... Виносу, вискиси... Анын ою- Айзатты байкап коруу эле, ичкенден сон кандай абалда болот... "Жакшы... Эн сонун!" ,- деп кымындады оз ичинен шылуун " Ичине бир деме кирген сон эч нерсе тууралуу ойлонбой, шалактаган бир куурчака окшоп калат экен... Сулуулугу болсо бул! Вкырындап созго тартьы.
-Куйоон менен не себептен ажыраштын эле? Сендей сулуу периштенин баркына жете албаган кандай неме ал?
-Ошону айтпайсызбы? -Айзатка ушул мактоо гана жетишпей тургансып эреркеп ыйлап жиберди. Шолоктоп жатты."...
Ии буга мактоода аябай жагат тура!"-деп ойлоду Мура, келиндин талуу жерин сезип. Ан сайын кучоду:
-Аттин арман! Бироого бар дуйно, бироого жок дуйно... Менин сендей аялым болгондо бополоп гана багат элем...
Тилекке каршы менин бактыма сендей сулуу буюрган эмес...
Охх...-Калп болсода окунучтуу ушкурунду.
Ушундай таттуу созу, жылуу пикири учун Айзат бул кишиге чын дилден ыраазы бодуп делбиреп, керек болсо андан озу тугул жаныг да садага чабууга даяр эле ушу саамда. Мура ордунан туруп келип магнитофонго кайсы бир чыгыш музыкасын койдуда:
-Айзатка! Фигуран да укмуш сонун экен, менин оюмча жакшы да бийлесен керек ээ! Сенден сураныч, мага бийлеп берчи...
Ансызда ичимдикке алдырып, кызуу болуп, урунаарша тоо таппай турган келинге Муранын бул сунушу аябай жага тушту. Кыз кезинде бийдин сазайын берип, дискотекалардын гулу болуп жургондугу чында... Бийлеп кирди. Жин урган немедей каткырып кулуп, стриптиз, бийлеген кыздврды туурап улам бир кийимин чечип ыргытып... Мурага бул жага бербей калды. Кубаттаганын билдирип, кол чаап, озу да кошо бийлкди. Жарым саат отуп-отпой бул уйдун жарыгы очту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Albinoc.piratium   23 Ноябрь 2018 - 11:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 15:49

Тоолтруа жазсам очуп кетти. Илхомда да кошо очуп кетти щайтан алгырдыкы десе!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: