Тээ илгеринчи жылдары, жашоонун ачыла электе сырлары, жүзүмдө жокто сакалым, сөзүмдө жокто макалым (азыр деле жок дечи) Байдылда Сарногоев аттуу куудул чалыш (сатирик деп коёт экен) акындын “Ашуудан берген отчётум” деген китебин кезиктирип калдым. Бир ырын окудум, экинчисин окудум, ошентип терең сүңгүп отуруп далай бетин барактап койгонго жетиштим. Айрымдары күлдүрсө, кээ бирлери күйдүрдү. Тең жарымына таң берсем, калганына баа бердим. Кыскасы чоң таасир калтырды. Калтырбагандачы,
Алиппеден кийинки эле окуп көргөн биринчи китебим болуп жатса. Андан соң форумга катталдым, далайын окудум каттардын. Форумдаш акындардын өздүк тема ачып, ырларын чачып, талантын ташкындатып жаткандарына күбө болдум. Spartak0001 (Historic дагы болсо керек, балким башкадыр), USSR, Sweet-like, Барсагай, Kaitpas, Likvidator ж.б. ырларын аздыр-көптүр окуп жүрдүм, эмнем кем деп мен деле токуп жүрдүм. Бирок, окшошподу, ыр деп айтканга эч коошподу.
Азыр деле кыйын болуп кеткеним жок, акын тургай сөзмөрлүккө жеткеним жок, антсе дагы мааниси тайыз болгон, уйкашка карыз болгон, ыр десем окшошобу ким билет, кыскасы, жазып турсам ыр сымал бир нерсени, азилди, сүйүүнү, ар нерсени, балким, үйрөнүп да кетээрмин ыр жазганды, сөз казганды.
Анан да, каада күтүп тойго барып калганда, калжаңдап бийлеп, жалжалым деп ырдап уят болгончо бул жерди карап, сакалым тарап ыр окуп кутулуп кетүү жеңилирээк.
Өзүмдүкү болбосо да жогорудагы өзгөнүкүн окуп койсом ким туят, плагиат экен деп кулагыма ким куят?
Жакчу болсо бата берип койгула, какчу болсо ката берип койгула.
Анда эмесе "быссмылда"
, аракети менден берекети Алладан.
- (2 )
-
- 1
- 2
"Форумдан берген отчётум" Көңүлдөн чыккан ырлар, көөдөндөн чыккан сырлар
#2 22 Апрель 2019 - 00:04
Бисмилля деп баштай турсам мен эгер
Жаратканым жакшы сөздөн бере көр.
Жакшы ниет жарым ырыс чынында
Жарашыктуу, салмактуу сөз келе көр.
Мейли кээде кычкыл сөздөр кошулса
Айтаарсыңар "Акын имиш деле көр".
Жаратканым жакшы сөздөн бере көр.
Жакшы ниет жарым ырыс чынында
Жарашыктуу, салмактуу сөз келе көр.
Мейли кээде кычкыл сөздөр кошулса
Айтаарсыңар "Акын имиш деле көр".
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#3 22 Апрель 2019 - 00:11
Алыс жолго чыкканда кошуналарды көп эле жаздык кылабыз
Сүйлөйсүң го орусчалап назданып
Сүлөөсүндөй башка чыккан аз калып.
Уктайм десең уялбастан шап эле
Түптүз эле ийинимди жазданып.
Уялсаңчы үчөө да болсо жүрөгүң
Уяң болсоң чырайланат гүл өңүң.
Жарыма деп сен уктаган жаздыкка
Жамгыр тургай жатпай өзүм жүрөмүн.
Сүйлөйсүң го орусчалап назданып
Сүлөөсүндөй башка чыккан аз калып.
Уктайм десең уялбастан шап эле
Түптүз эле ийинимди жазданып.
Уялсаңчы үчөө да болсо жүрөгүң
Уяң болсоң чырайланат гүл өңүң.
Жарыма деп сен уктаган жаздыкка
Жамгыр тургай жатпай өзүм жүрөмүн.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5 22 Апрель 2019 - 11:49
Суши жасап жүргөндүрсүз Маскөөдө
Азаматсыз
Ар нерсени үйрөнүш керек жаш кезде.
Аял үчүн тамак жасоо сонун иш
Эт терип жеп кампаңар толот ач кезде.
Анан, көзүңөрдөн агып жаш, айтасыңар "керек эле арыкташ"
Азаматсыз
Ар нерсени үйрөнүш керек жаш кезде.
Аял үчүн тамак жасоо сонун иш
Эт терип жеп кампаңар толот ач кезде.
Анан, көзүңөрдөн агып жаш, айтасыңар "керек эле арыкташ"
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#7 22 Апрель 2019 - 13:04
Сизге окшоп жамай албайм жамакты,
Бирок,сиз айткандай жакшы жасайм тамакты.
Сушиден да аял киши семирчубу,
Акыркы создорунуз дарегинен адашты.
.
Бирок,сиз айткандай жакшы жасайм тамакты.
Сушиден да аял киши семирчубу,
Акыркы создорунуз дарегинен адашты.
#8 22 Апрель 2019 - 13:27
Эй арык кыз арык кыз
Жүзү сулуу жарык кыз
Сушиден башка тамакты
Билбегендей жазыпсыз
Киломун деп кырк тогуз
Бийлегендей жазыпсыз
Курсактагы камырды
Ийлегендей жазыпсыз.
Жүзү сулуу жарык кыз
Сушиден башка тамакты
Билбегендей жазыпсыз
Киломун деп кырк тогуз
Бийлегендей жазыпсыз
Курсактагы камырды
Ийлегендей жазыпсыз.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#9 22 Апрель 2019 - 14:31
Эркектер ачка жатсак да
Сабырды ичке катсак да
Сарысанаа болбой аялдар
Сапсайып алып күлмүңдөп
Отурасыңар ватсапта
Ашкана, ашүй боорунда
Аялдар жүргөн орунда
Жүрсөк да ойлоп карынды
Жыртык шым кийип аялдар
Жылмыңдайсыңар форумда.


Сабырды ичке катсак да
Сарысанаа болбой аялдар
Сапсайып алып күлмүңдөп
Отурасыңар ватсапта
Ашкана, ашүй боорунда
Аялдар жүргөн орунда
Жүрсөк да ойлоп карынды
Жыртык шым кийип аялдар
Жылмыңдайсыңар форумда.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#10 22 Апрель 2019 - 14:55
Болуп кетем кээде жуз тогуз,
Ошого да адам кейийби?
Кээде болот кырк тогуз,
Анда деле калбайм суйунуп,
Кубаныч бийлеп денемди.
Жамакчы десе жамакчы,
Курсактууларга жармашты.
Маган окшогон "камырлар"
Унчугушпай калышты.
"Суши эми нетээр"деп,
Ичтеринен тынышты.
"Форумдан берген отчету",
Кандай болоор экен дегендер,
Кол шилтеп нары басышты.
Андан коро нарктуу кеп,
Баштасаныз болбойбу?
"Оо озуно келди" деп,
Сизди сыйлаган инсандар,
Ошондо,
Болушунча колдойбу?
Ошого да адам кейийби?
Кээде болот кырк тогуз,
Анда деле калбайм суйунуп,
Кубаныч бийлеп денемди.
Жамакчы десе жамакчы,
Курсактууларга жармашты.
Маган окшогон "камырлар"
Унчугушпай калышты.
"Суши эми нетээр"деп,
Ичтеринен тынышты.
"Форумдан берген отчету",
Кандай болоор экен дегендер,
Кол шилтеп нары басышты.
Андан коро нарктуу кеп,
Баштасаныз болбойбу?
"Оо озуно келди" деп,
Сизди сыйлаган инсандар,
Ошондо,
Болушунча колдойбу?
#11 22 Апрель 2019 - 14:57
Капырай женем кайда журот,
Байкемди ачка калтырып?
Аргасыздан ал байкуш,
Намек кылып журу женеме,
Форумдун баарын уркутуп.
Байкемди ачка калтырып?
Аргасыздан ал байкуш,
Намек кылып журу женеме,
Форумдун баарын уркутуп.
#13 23 Апрель 2019 - 00:31
Кыргыздан абал сурасаң жакшыдан башка сөз айтпайт. Бул дагы Аллага жаккан сапаттарыбыздын бири болсо керек.
Оорусам деле жакшымын,
Дөөрүсөм деле жакшымын,
Ден-соолук мени өгөйлөп
Жээрисе деле жакшымын.
Кайгырсам деле жакшымын,
Кайрылсам деле жакшымын,
Ай-жылым өтүп "жер" жакка
Жай жылсам деле жакшымын.
Антсем деле жакшымын,
Минтсем деле жакшымын,
Жараткан мага жар болуп
Жакасы кылсын жакшынын.
Оорусам деле жакшымын,
Дөөрүсөм деле жакшымын,
Ден-соолук мени өгөйлөп
Жээрисе деле жакшымын.
Кайгырсам деле жакшымын,
Кайрылсам деле жакшымын,
Ай-жылым өтүп "жер" жакка
Жай жылсам деле жакшымын.
Антсем деле жакшымын,
Минтсем деле жакшымын,
Жараткан мага жар болуп
Жакасы кылсын жакшынын.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#14 23 Апрель 2019 - 11:06
Жакшы деп айтуу да жакшы кеп,
Бугунку коргон кунго каниет.
Бирок кээде болот жаман жак,
Анда да "жакшы" дей берсе,
Анда бул алдамчылык касиет.
Денсоолук сизди жээрисе,
Аны, олум кылат ашкере.
Жараткан андан сактасын,
Жашагын келе берет адамзат,
Канчалык коп жаш берсе.
Бирокчу,
"Жакшы" эле болунуз ар дайым,
Бактысына балдардын.
Аман болунуз ар дайым,
Мандайына,сизди суйгон жандардын.
Бугунку коргон кунго каниет.
Бирок кээде болот жаман жак,
Анда да "жакшы" дей берсе,
Анда бул алдамчылык касиет.
Денсоолук сизди жээрисе,
Аны, олум кылат ашкере.
Жараткан андан сактасын,
Жашагын келе берет адамзат,
Канчалык коп жаш берсе.
Бирокчу,
"Жакшы" эле болунуз ар дайым,
Бактысына балдардын.
Аман болунуз ар дайым,
Мандайына,сизди суйгон жандардын.
#15 23 Апрель 2019 - 12:24
"Эң жаман акындын поэзияга кошкон салымы анын ыр жазбай коюусу"-деген экен бирө авторун билбейм.
#16 23 Апрель 2019 - 13:12
Азаматсың, ачык сөздү тик айткан
Ар нерсени кайталабай бир айткан
Аңдай албай жүрөм десең, а бирок
"Акын элем" деп жигитке ким айткан?
Өнөм десең кам көргүнүң бешиктен
Өнөрүңдү туура болбос бекиткен
Оңой акын көрүнбөйсүн сен деле
Оюң кандай Кыргызжигит чекит ком?
Ар нерсени кайталабай бир айткан
Аңдай албай жүрөм десең, а бирок
"Акын элем" деп жигитке ким айткан?
Өнөм десең кам көргүнүң бешиктен
Өнөрүңдү туура болбос бекиткен
Оңой акын көрүнбөйсүн сен деле
Оюң кандай Кыргызжигит чекит ком?
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#18 23 Апрель 2019 - 15:41
Э-ээй Сушигүл
Алдамчылык касиет
Аялдарда көп келет
"Эркекти алдаш керекпи"
Далилге тема төп келет.
Алдамчылык касиет
Аялдарда көп келет
"Эркекти алдаш керекпи"
Далилге тема төп келет.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#19 23 Апрель 2019 - 15:47
Сага болгон кыйрылуу
Жакшы сөз айтчы, эгер келсе колундан,
Жылуу пикир чыгабы деги сенин оозундан?
Соз кыйытып, жетип келээрсин көп болсо,
Канааттанбай калсан эгер жообумдан.
Ошончолук кыйын сезсен өзүндү,
Кете берчи, эч калбачы жолундан!
Жакшы сөз айтчы, эгер келсе колундан,
Жылуу пикир чыгабы деги сенин оозундан?
Соз кыйытып, жетип келээрсин көп болсо,
Канааттанбай калсан эгер жообумдан.
Ошончолук кыйын сезсен өзүндү,
Кете берчи, эч калбачы жолундан!
#20 23 Апрель 2019 - 15:52
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия