Таенемдин насааты
#1 18 November 2018 - 17:07
ТАЙЭНЕМДИН НАСААТЫ... Тайэнем мага айтаар эле:
Кыз абийириң сакта деп,
Түн жамынып баспа деп,
Тышка чыксаң жоолук салын,
Караңгыда суу алба деп.
Сырайтып саның ачпа дейт,
Катуу сүйлөп, какпа дейт.
Кашты терип, чачты кеспе,
Күл төбөдөн баспа дейт.
Дагы тайэнем айтаар эле:
Каадасыз эле каткырба деп,
Күлүп эркек азгырба деп.
Кыз адеби илбериңки,
Энеңе наалат айттырба деп.
Бөйрөк таяп, кол жаңсаба,
Бой-аягың тыкан карма.
Жасалмалуу, чайпалбастан,
Майда-майда кадам ташта.
Ашык салмак сактаба дейт
Арыктан кең аттаба дейт.
Төштү ачып, желпий басып,
Кечте көчө таптаба дейт.
Тайэнем дагы айтаар эле:
Даамдуу аш белендегин,
Үй тирлигин тыңдап билгин.
Эркек киймин тебелебей,
Баш кийимди өйдө илгин.
Чачты жазба, экилеп өргүн,
Эрди сыйла,улуудай көргүн.
Ата-эне улук, түшурбө баркын,
Кайын журтка өзүңдөй көнгүн.
Таракка кылды калтырба деген,
Жалган сүйлөп, жашырба деген.
Кыз кадыры баарынан кымбат,
Этегиң жаап,ачтырба деген.
Тайэнем тектүү, болуштун кызы:
Керилип бас маралдай деген,
Кыздуу үйдө, кыл жатпайт экен.
Улуулардын жолун кеспей,
Ийилип кой, арданбай деген.
Адебиң сакта жашыңдан эле,
Уяттуу, барктуу болосуң эне.
Жер тиктебей, намысың карма,
Төркүнгө тез-тез түйүнүп келбе.
Сөз үлгүдө калет жок экен,
Насааты кызга адеп жол экен.
Кулагымда күмүш сырга,
Кызыма такчу белегим экен.
Индира Мырзадөөлөтова.

Супер-Инфо
super.kg
видео







