Суперстан: Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт Драма

#81 Пользователь офлайн   ASA79   20 Декабрь 2018 - 20:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Эми баардыгы Назиктен коз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   kakukani   20 Декабрь 2018 - 20:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Назик кимге ишенип кимди тандайт болду экен
:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   bond0202   20 Декабрь 2018 - 22:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   himi   20 Декабрь 2018 - 23:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 28 Март 16
  • Соңку аракети: 10 Ноя 2019 20:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:раша

Бул жакта дагы ушул темаго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Aidajan   21 Декабрь 2018 - 20:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 18 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 23 Сен 2020 00:17
  • Жынысы:Аялзаты

дагы кутуу,эх Улан бактысыз болуу бул оору сыяктуу деп ойлойм,ар кимге залакасы тийет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   kakukani   22 Декабрь 2018 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Автор качан жазасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Aliennik   22 Декабрь 2018 - 22:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 06 Июль 18
  • Соңку аракети: 28 Мар 2020 12:52

автор улантыныз,карай берип көз тешилди гооо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   ASA79   23 Декабрь 2018 - 13:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Автор барсызбы деги.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   rafo80   23 Декабрь 2018 - 20:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 01 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2025 22:14
  • Жынысы:Эркек

Дем алышпы автор ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Dimedra   23 Декабрь 2018 - 20:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Колунан телефону ыргып өзү полго шылк жыгыла отуруп калды. Эмне кылат, ыйлайбы, же мекенге кайтууга шылтоо табылганына кубанабы. Биринчи жолу өзүнчө чечим чыгара албай турганын мойнуна алды. Мындай учурда эмне кылышты билбейт экен, дайым ал үчүн күйүп баарын даярдап койгон адамдар боло турган жанында. "Али да алар бар эмеспи" деди да, полдо чачылып жаткан телефонун чогултуп калтыраган колдору менен тизмеден атасынын номурун издеп кирди, көзүндө молтур жашы тургандыктан жазууну да көрбөй утуру өткөрүп жиберип жатып акыры араң токтолуп жашыл баскычты басып кулагына такап калды.
-Ата, муну кандай түшүнөм? Эмнеге менден жашырдынар?
Кадыр азыр эле Улан Америкага байланышка чыккандыгы тууралуу маалымат алып Назик менен суйлошкондугун боолгоп түшүнгөн, бирок эмне тууралуу суйлошкондугун тактап биле элек эле, ошондуктан азыр кызына кандай жооп айтаарын билбей турду, Уландын тузагына түшүп бериштен сактанып. Анткени Улан да өзүнүн ар бир кыймылы көзөмөлдө экендигин билип туруп ушул кадамга барбадыбы, демек анын ойлогону бар. Ата баланы уруштурмакчыбы. Келбе баары жайында Жанар тез арада жанына барат десе Уландын айткандарына ишенуусуно жол ачып берет, кел дейин десе ал үчүн кооптуу болуп калат, ар убак кызын үйдө камап отура албасын билет. Тиги ачык эле айтпадыбы "кызын кетеби ордуна" деп, менин унаама жетип Советтин чычкан өтө албачуудай үйүнө кирген адамдан баарын кутсо болот. Кызыма сакчы койгон ченде да коркунучтуу, эгер Назик өзү ал менен жолугушууну каалап турса эч нерсе тоскоол боло албайт. Шайтан алгыр кайдагы бир чычкандай баладан ушунча сестенип жатамынбы, деп ачууланып жатып телефонду кандай катуу күч менен кыса кармап турганын да байкабай калыптыр. Ага карап турган Жамила жетип келип телефонду колунан алып өчүрүп койду.
-Жами, бекер кылдың. Эми тиги кыз...
-биринчи өзүңдү ойло. Сен бар үчүн ал кыз экөөбүз баш көтөрүп басып жүрөбүз. Биздин мындан ары да ошондой журушубузду кааласан жаша, тузол. Кыз эч жакка кетпейт, ачууланса басылат, таарынса жазылат.
-жок дегенде кайра телефон чалып сүйлөшүп кой.
-жок Кадыр, азыр мен да ачуулумун, жаман сөздөрдү айтып жүрөгүн оорутуп алуум мүмкүн. Ал да ачууланып жаткан болсо эмне сүйлөгөнүн билбеген акыбалдадыр, бир аз өзүнө келсин.
-Назик мени тартты десе, көрсө сенин эле өзүн тура. Карачы айтканынан кайтпаган, сүйүүнү эң жогору койгон, ишенимдүү көз караштын ээси болгону менен өзүнүн алсыздыгын жашырбаган. Ошон үчүн айланасын кучтуулор ороп алыптыр да коргогусу келип. Болгону менде Жанардыкындай жакшы гана эмес, Уландай озумчулдук сапат да бар болгондуктан сага башка жол коюлбаган экен. Кызым өзүнө керек сапатты бир адамдан таппай, эки адамдан издеп жаткан тура. Ал билгенде эле, апасынын капа болгон муноттору атасынын ошол озумчулдук сапатынын айынан жаралганын, атасы өзүн ал муноттор үчүн кечире албай кээде өзүнөн өзү жийиркенгенин, деди Кадыр күлө.
Жамила жолдошун ойлуу карап туруп,
-атасы билсе эле апасы эч качан андан капа болбогонун, андай муноттор эсинде калбаганын, атасынын ал мүнөзүн чечкиндүүлүк деп санаганын, деп жооп берди.
Бул сөздөрдөн кийин Кадыр катуу ушкуруп алды, оюнда андай болгон болсо кыздын абалы мен ойлогондон да татаалыраак деп жатты. Демек ал Уланды чечкиндүү, Жанардын жумшактыгын чечкинсиздик деп түшүнүп жаткан тура.

Бул учурда Назик колуна киргенин ыргытып жинденип жаткан. Эмнеге көбүрөөк ачууланып жатат, Жанардын абакта экенинеби, Уландын кыйынчылык алдында турганынабы, курбусунун өлүмүнөбу же ушунча убакыт өзүнүн жалган жашоодо жашаганынабы. Баарына, чынына жалганына баарына. Эми эмне кылат, кимге ишенет? Жанар андай кылбайт Улан жалган айтты дейин десе, атасычы? Эмне эч нерсе дебей суроосуна жооп бербей коюп койду. Кийин Уландын жалганын мурда кийин кармап алган эмес. Жанар жасады дейин десе, андан да жалган көргөн эмес, көздөрүндо өзүнө болгон сүйүүнүн чын, чексиз экенине нечен ирет күбө болгон. Баарын ачыктоонун бир гана жолу бар, ал окуя болуп жаткан жерде болуу, Уландын айткандарын текшерүү, териштирүү. Ойлонуп отурбай авиа компанияга телефон чалып чыпта буюртма берип жолго аттанды. Ушул тапта аны Жанардын абактагы абалы ойлондурбады, атасына ишенип жатса керек. Уландын айткандарынын бири талашсыз туура эле атасынын колунан баары келет, бул анын атасы болгондугу үчүн элестетип алган образы эмес, ал чындап эле коздогонунун баарын жасайт, бирин эрте бирин кеч болсо да. Жанарды ал жерде калтырбасы анык маалым.

Улан тааныштары аркылуу кабар тапкан го Назик аэропорттон чыгышына барып ооздо күтүп турган экен, сүйүктүүсүн көрүп эми жете берейин дегенде ары жактан атасы жиберген жигит келип жетелеген чемоданын колдон алып унаага баштап кетти. Улан көтөргөн бутун кайда таштаарын билбей эле туруп калды жалдырай тиктеп. Назик да аны көрүп улгургон эле, жанындагы жигиттин ал тарапты карай кытмыр жылмайып койгонун да байкап калган, жолдо келе жатып анын кызыл көк болгон жүзү, жалдыраган көздөрү көз алдына тартыла берди. Менин атам ушундай кылуусу мүмкүнбу? А балким, ал кээде мен күтпөгөн кадамдарга барып коёт эмеспи, айрыкча Жанар дегенде өзү да эмне жасап жатканын билбей калчуу, менин көз жашыма карабай ага кармата берген Улан кеп болуп калыппы деген ойлор аралап өтүп жатты акылын.

Кадыр кызынын жүрөгүн тушурбойун деп үйүнө чыгып келип күтүп отурган экен, кызы келишине дарбазадан чыгып жолун карап турган.
Назик үйүнө жеткенче эмнелерди гана ойлоп, эмнелерди гана акылынан откорбоду дейсиң, үйүнө жетип келип атасынын сунган колун көргөндө эле мурду менен бир тийди.
-ата бул колдор тигини сабагандан башка мен билбеген дагы эмнелерди жасады. Ачык айт ата, мен эмне кылышым керек жайыма коюшун үчүн. Эмнеге мени күзөтуп жүрдүн. Андай эмес дебе, мен келе жатканымды айтпагам эч кимге.
Ал атасынын абалын кайдан билди дейсиң.
Кадыр турган жеринде катты да калды, сүйлөөр сөзүн жоготуп койду, мына эң катуу коркуп күткөну келип отурат башына. Жанына жакын келейин десе буту шилтенбейт, кызым дейин десе тили күрмөөгө келбейт. Көп болсо үч мүнөт тургандыр ордунда, бирок ал үчүн үч өмүр өткөндөй болуп кетти, анан эле жерге бүт салмагын таштай кулап жыгылды.
Назиктен биринчи жете келген жигит башын жоолоп ордунан жылдырганда көздөрү антарылып артка карай кетип бара жаткан экен. Аталаган Назиктин кыйкырыгынан үйдө болгон тирүү жандын баары чыга келишкен, Кадырдын жерде жатканын көргөн Жамила аттап буттап жетип келип кучактап калды.
Бул аялдын кайратындай кайрат болбос, өзүн жоготуп шашкалактабай баарын кылдат жасап жатты, же ушунча жылдан бери даярдыктан өтүп бүткөнбү. Жигиттин өзүбүз эле алып баралы дегенине конбоду.
-тез жардам чакыр, ордунан козгобо, жүзү кубарып кетти башын ылдый карма, деди да үйдү көздөй чуркап дарысын көтөрүп жетип келди.
Кудай жалгап Кадырдай адамдар үчүн тез жардам чындап эле тез иштейт экен бат эле ооруканага жеткирип улгурушту. Балким анын тирүү калганы жубайынын мээнетидир, балким тез жардамдын, айтоор "инфаркт миокарда" деген диагноз коюлуп кыймылсыз жатса да тирүү дем алып жатты.
Дарыгер менен сүйлөшүп жолдошунун жанына кирип келген Жамила, "ата ойгон, мен акмакты кечир, бизди коркутпа, тур" деп ыйлап атасынын колун кармап отурган кызын көрүп жакын келип чачтарынан ооп, эки далысынан кармап өйдө тургузуп ал жерден алып чыгып кетти. Жолдошу тынч жатсын дегени го. Сыртка чыгып каалга жабылганда гана кызы менен көрүшуп көзүнүн жашына эркиндик берип ыйлап жиберди. Эне бала сагынычтын, кусалыктын, тарынычтын, өкүнүчтүн көз жаштарын төгүп көпкө турушкан соң ары карай орундукка өтүштү.
-чышш, андай дебе, атаң сага эч качан капа болбойт, сен андан баш тартып кетсен да. Болгону сен туура эмес убакытка туш келип калдын, атаң ооруп жүргөн. Өзүңдү жемелебе, андан көрө өзүңдү колго алып аякка тик тур. Анын бар үмүтү сенде, бактынды көрүп, кубанычына күбө болууда. Сен да андан үмүт кыл, бактымды көрүп кубанычыма күбө болсун деп тиле, бул зор бактынды баркта балам. Сенин бактын башкада эмес, артында таяп алаар адамдардын бардыгында деп сооротуп жатты.
-сен үйгө барып эс ал, деп кызын жөнөтүп жиберип өзү ооруканада калган, андан бери үч күн өтүп Назиктин мен алмашып карап турам бир күн үйгө барып эс алыныз дегенине да көнбөй жолдошунун жанында жүрөт. "Менин үйүм бул жерде дейт Кадырдын жүрөк тушун коргозуп.
Күнү менен ооруканада ата энеси менен болуп түнү үйдө жалгыз калган учурда Назик титиреп коркуп жатты. Ар түнү ушул, ошон үчүн да жалгыз калбай атасынын жанында болууну кааласа керек, төшөктө жатса да опол тоодой күч берип турат эмеспи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   kakukani   23 Декабрь 2018 - 20:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Атасынын абалы кандай болот экен эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   asefsa   24 Декабрь 2018 - 11:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Ошондо Жанардын ата энесинда Улан олтургон болобу,анда ото эле коркунучтуу экен Улан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   kakukani   24 Декабрь 2018 - 13:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения asefsa (24 Декабрь 2018 - 11:34) жазган:

Ошондо Жанардын ата энесинда Улан олтургон болобу,анда ото эле коркунучтуу экен Улан

Ал белгисиз бирок авария болушкан болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   24 Декабрь 2018 - 13:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения asefsa (24 Декабрь 2018 - 11:34) жазган:

Ошондо Жанардын ата энесинда Улан олтургон болобу,анда ото эле коркунучтуу экен Улан

Автордун айтышына караганда ошондой имиш го))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Koenek93   24 Декабрь 2018 - 17:18

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 06 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2024 04:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад шаары

Просмотр сообщения kakukani (24 Декабрь 2018 - 13:10) жазган:

Ал белгисиз бирок авария болушкан болот

Назиктин атасынын машинасына тузак койгон Улан болуп жатпайбы атасын олтуруу максатында. Тормоз иштебей калып авария болушкан да ошол маалда Жанардын ата энеси.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   kakukani   24 Декабрь 2018 - 17:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Koenek93 (24 Декабрь 2018 - 17:18) жазган:

Назиктин атасынын машинасына тузак койгон Улан болуп жатпайбы атасын олтуруу максатында. Тормоз иштебей калып авария болушкан да ошол маалда Жанардын ата энеси.

Аа оба туура айтасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   bema_bema   24 Декабрь 2018 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Качан жазасыз автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Dimedra   25 Декабрь 2018 - 03:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Инфарктан жаңы чыгып келе жатканда инсультка кабылып Кадырды оору тооруп туруп алды. Эгер анын абалына жакшылап саякат жасай алган адам болгондо тушунмок, ал өзү билбеген абалда оору артына жашырынып жатканын. Ойгонсо, жакшы болуп бутуна турса эле жакын адамынын бири кете тургандай сезилип, андай болтурбоо үчүн бар күчүн жумшап жарык жашоого кайтууга каршылык коргозуп жаткандай.

Ары тур бери жүр менен күндөр өтүп Назиктин келгенине да бир айдын жүзү болуп баратат, а ал болсо жакындарына жардам бергенди кой өзүн эптей албай араң дем алып соолуп эле бараткандай. Ага кеңеш берип жол көрсөткөн адам жок, өзү эмнени каалап жатканын да билбейт, жан дүйнөсү жалгыздайт да турат. Ким билет дагы канчага чейин уланмак мындай абалы, атасынын жанында журчуу жигит аны эсине келтирчүү сөздөрдү айтпаганда.
Адаттагыдай ооруканага атасынын жанына келип кечке үйгө кайтып бараткан, ал отурган унааны башкарып бара жаткан адам өзүн аэропорттон тосуп үйгө алып келген жигит эле. Ал Кадыр ооруканага түшкөндөн бери бул үй бүлөнун коопсуздугун көзөмөлдөп анын ар бир мүчөсүн саксактап жүрүүнү милдет кылып алгандай алардын айланысынан чыкпайт. Ошол жигит жанатан бери аркада ойлуу, кимдендир жардам күтүп, эмнедендир үмүт эткендей терезеден сырттагы белгисиздикти тиктеп бара жаткан кызды күзгүдөн кузотуп бара жатып бир убакта,
-Назик эмнеден үмүт кылып жатасың? деп үн катты.
Өмүрү атынан айтып кайрылмак түгүл түз карап суйлобогон бул жигиттин өзүнө кайрылып жатканына таң калып, жаңылыш угуп алдымбы кайталачы дегендей Назик ага суроолу карап калган.
-кимден жардам күтүп жатасың? Оору менен алышып бошой албай жаткан атанданбы? же жашоосунун маңызы үчүн жанын үрөп башка нерсе көзүнө көрүнбөй жаткан апанданбы? А балким абакта колу буту байланып өзүн коргой албай жарым жан жаткан Жанардандыр? Токтой турчу, сага жөн гана бул абал жагып жаткан болбосун. Белгилүү сен атаңдын жалгыз мураскерисин, атаңа бир нерсе болсо апан да дем алуусун токтотот, баары сенин колуна өтөт. Атаңдын байлыгы канча экенин билесинби, мен да билбейм, бирок Улан билет, ал атаң өзү билбеген нерсесинен да кабардар. Экөөң бириксен тоонун чокусун багындырасыңар деп ойлойм, ал кече Жанардын үйүнө ээ болду, деп айтып жатканда Назик бөлүп жиберди сөзүн.
-кандайча?
-ал банкка күрөөгө коюлган үй да. Ар айда үстөк пайызы толонуп жылына бир жолу негизги сумманын белгилүү өлчөмү жабыла турган келишим менен юридикалык компаниянын атына алынган насыянын биринчи алты айы гана толонуп, кийин компания банкротко учурады деген шылтоо менен утурумдук токтотулуп коюлган экен. Акыркы эки айда компаниянын иштеп жатканын билип калган банк сотко берип утуп алыптыр, эми күрөөгө коюлган мүлктүн баарын саттыкка коюшка акылуу алар. Улан ошол банктан сатып алды кече.
Назик жүзүн басып башын энкейте отуруп калды.
Бир азга ундобой калган жигит андан ары сөзүн улап,
-эң кызыгы насыянын төлөнбөй жаткандыгы тууралуу Жанардын кабары болбогон, ал да кечээ үйү сатыкка коюлганда баарынан кабардар болуп отурат. Анын ишенген жумушчуларын Улан эчаак эле сатып алып койгон экен.
-сен эмне мунун баарын Улан кылды дегени турасыңбы?
-билбейм. Бирок сенде баарын билүүгө гана эмес баарын оңдоп өз жайына койууга да мүмкүнчүлүк бар.
-кантип? жана эмне үчүн? Ким үчүн?
-Назик мен сенин бул суроолорго жооп таба албай жатканына ишене албайм. Акыйкатты ачык көрө албай жатам деген оюнду сууга айт, сен баарын коруп билип, туюп жашайсын. Турмуштун бир мушуна эле жыгылып мункуроп калчуу сен эмессин, мындай болушу мүмкүн да эмес, сенде арстандай атаңдын каны айкөлдой апандын каны бар. Жашоо артын салган учурда да сен алдына өтүп жалбарып жаша, сен таарынып жатып алсаң кайрылып келип жетелеп кетчүү ал сага муктаж эмес, сенсиз да ал жолун улап кете берет. Сендейден канчоо жолугат ага алдыда, жашоо үчүн эч ким өзгөчө эмес, жада калса атаң Кадыр Ысманов болсо да. Жалбарсан жетелейт, таарынсан тепселейт да кете берет.
-токто! деди Назик өктөм.
-мени борбордук аянтчага алып барынызчы.
Жигит кыздын октом үнүн укканда үнсүз айткан жайына алып жөнөдү.

Аянтка келип түшкөндө гана Назик жашоонун даамын сезди. Аянт баягысындай эле жайылып жатат, желек да ошол бойдон сайылып кайтарууда турат, топураган аягы узулбогон келди кетти адамдар, жашоо дайынкысындай кайнап жатат, бир жылда эмне да өзгөрүү болмок эле. А өзүнүн жашоосундачы, эки жагында журчуу кайтаруучунун бири жок, жан дүйнөсүнө саякат жасайм деп кызыккан жандын өзү жок. "Кайсы жан дүйнөнү айтып жатам, өзү менде андай нерсе барбы, эгер болсо ал жерде эмне бар? Эгер азыр бул аянттагы кооздукту бутун алып жыйыштырып бош калтырса бирөө жарым атайын көрүү үчүн келмек беле. Жоок, бош жайдын эмнесин көрмөк эле, жылдар өтүп качандыр бул жайда майрамдар өтүп топураган эл топтолгондору да унутулат. Ушундай кен талаа, көп кыймыл унутулган мен эмне болуп калыпмын, эчаак унутта калгандырмын. " деп ар ойго чомулуп бара жатып, жүрөгүнүн тыбырап ал ойлор менен макул эмес экенин билдирип жатканын байкап токтой калды. Ал али да тирүү, жүрөгү согуп гана эмес сезип да жатыптыр. Ушул нерсе жетишпей жаткан экен, өзүн сырттан кароо. "Токточу, мен эмнеден улам аянттын кооздугун жыйыштырдым, чын эле эмне үчүн бул жай бош калышы керек. Бул үчүн канча адамдар аракет кылып күч жумшашты, аянтты кудум ушундай абалда коргулору элге корсоткулору келишпедиби. Мендей инсандын ар бири келип өзү каалагандай кылып өзгөртө берсе бул жай эмнеге айланып калат. Андай болтурбоо үчүн ар затка ар кимди ээ кылып койсо керек Жаратканым, менин жан дүйнөмдүн ээси да бардыр. Мен эмне деп турам, ал өзүм эмесминби. Сырттагы адамдар аны көрө алмак беле, демек өзгөртө да албашы керек. Ах Назик сен жеткен жалганчы экенсиң го, баардык жасап жаткан ишин өзүңдүн гана каалоон менен болуп жатканын тан албай ар кимге шылтооп басып жүрөсүң. Эгер сен каалабасан эч нерсе болбойт экен, мына көрүп турбайсынбы бир айдан бери эч кандай кыймыл болгону жок." деп өзү менен өзү сүйлөшүп, бирде урушуп, бирде жоошутуп бара жатты. Азыр ал жан дүйнөсүн кооздогусу, баштагыдай өзүн бактылуу сезгиси келип жатты, бирок билбейт жан дүйнөсүн эмне кооздоп турганын, качан эң бактылуу болгонун. Ооба, тапты, жан дүйнөсүн сүйүү кооздоп турчу, коркунуч эмес. Ата энесин, кийин Уланды акыркы күндөрү Жанарды. Азыр баарынан коркот, атасын жоготуудан, ал үчүн апасы кызын күнөөлөп жашоосунан, Жанардын абакта отурганы чындык болгонунан, Уландын баштап жаткан иштеринин аягынан, жалгандан чындан баарынан коркот. Бир өзгөрүү болсо баары ойрон болчудай, кино плёнканы токтотуп койгонсуп жашоосун бир чекитте байлап алган, ашыкча кыймыл жасоодон коркот. Бирок бул абалда дайым кармоого да мүмкүн эмес, плёнканы жылдырып кыймылга келтирбесе экран карайып өчүп калуусу анык. Бирок эмнеден баштайт, жан дүйнөсү эмнени каалап жатат? Ойлонуп ойго чомулуп басып жүрүп акыры жүрөгүн капастан чыгарууну туура көрүп, ал эмне каалаганын жакшы билет, кайда баштаса артынан жүрөм деп чечим чыгарып, денесин бош койду эле колу телефонуна жабышып Уландын номурун терип кирди. Ал да ушуну эле күтүп отурса керек дароо эле жооп бере калды, дем алганынан билди го кимдигин.
-Назик, жалгызым, кай жердесин? Мен сени сагындым, деп жиберди.
Назик тараптан эч жооп болбой, узакка созулган унсуздуктон ал кыздын ыйлап жатканын билди.
-макул айтпа өзүм таап барам, болгону турган жайындан жылба.
Назик көзүнүн жашын сүртүп, аста үн менен токтоо унчугуп,
-жок келбе, мен өзүм барам жаңы алган үйүндө бол, деп телефонду очурду.
Унаага келип айдоочуга октом эмес сураныч иретинде кайрылып, алдын Жанар экөө жашаган азыркы Уландын үйүнө алып баруусун өтүндү. Айдоочу бул ирет кеңешчинин эмес накта өзүнүн ролун аткарып буйрукка баш ийе кожейкеси айткан жайды карай багыт алды.

Ах кандай керемет! Бул короого кирип бара жатканда өзүн ааламдын ханышасындай сезээр эле. Бул үйдүн ичинде баары кыбыр эткен жан, кыймылсыз буюм, баары түгөл өзүнүн кареги менен тең айлана турган, ал тургай абадагы жел да ал тарапты карай сокчу эмес беле. Азырчы деди ал, дарбазанын алдында туруп, азыр бул жай аны кандай тосуп алмакчы, ким катары.
Босогону аттай берип мурункудай эле бейкуттукту, коргоону сезе алды. Балким бул дубалдар улуу адамдардын дубалары менен курулгандыр, эч качан эч ким бул жайга зыян алып келе албагандай кылып.
Аңгыча Улан аны алдынан тосуп чыга калды, качандыр өзү кыялданып сүрөттөп айткандай көк боз костюм кызымтыл көйнөк көк галстукта. Өзүнүн Уланы, бул адамды эч ким Назиктей жакшы билбесе керек жада калса ал өзү да.
Жигит жетип келип көзүндө толгон сүйүү менен карап, колдорун сунуп жүзүнө жакындай бергенде Назик бир кадам артка кетенчиктей берди.
-жалгызым, бул мен эмесминби, өзүңдүн жалгызын, Уланын. Карачы эми бул үйдө сүйбөгөн адам менен жашоого мажбур эмессин, бул үй эми сеники, кимди кааласан кийиресин каалабасан жок. Эми биздин ортону бөлчүү тепкичтер жок, тегиз жайдабыз. Эми башкалар бизди бөлүүгө себеп жок, сен көнгөн жашоонду өзгөртүүгө муктаж эмессин.
Эрксизден кыздын көзүнөн молтур жашы кулап кетти, жигитке жакын келип колун жүзүнө тийгизе сылап, энеси баласын карагандай элжирей карап сөзүн баштады. Жигит болсо анын оозу ачылышын каалабай турду ушул тапта, жүрөгү бир демени сезип жаткансып. Бул мүнөттор бутпосо экен деп тилеп ушундай абалда түбөлүк катууга да даяр болуп магдырап турган, унчукпа дегендей баш чайкады. Назик аны аягандай бир азга үнсүз карап турду да баары бир сөзүн улады.
-Улан, жашоонду жалгыз гана мага арнаган алгыр кушум менин. Эркектин баары сендей болсун, эч тоскоолдукка карабай өз каалаганына жете билген, баардык кыйынчылыкты жеңе билген. Ким эмне дебесин сен мен үчүн эң күчтүү, эмне каалаганын анык билген көрөгөч адамсын, сен ушундай жалгыз инсансын башка сендей болгон эмес болбойт да. Күчтүүм, алгырым, мага ушунча кылып далилдешиндин кажети да жок эле, ансыз да билем сенин сүйүүндү. Мен үчүн тоону томкоруп, дөөнү өлтүргөнгө даярсын, мунун баарынын сага кереги жок экенин да билем, бирок бул нерсе мага да керек эмес эле. Сен мени биле албадын мен сени билгендей. Мен жүрөгүмө каршы чыгып бул үйдө калбаган экенмин, болгону ал учурда жүрөгүмдү тыншай албапмын. Кантип айтам сен деп сыздап, жашымды жаздыкка катканым жалган деп. Сенден ажыраганда бир бөлүгүм үзүлүп түшкөнү, жүрөгүм оорукчан болгону да чын. Бирок бүгүнкү көрүнүшүм да жалган эмес, азыр бир бөлүгүм эмес бүтүндөй өзүмдү жоготуп турам, анткени кулак түрүп тыншасам жүрөгүм оорулуу гана эмес өлүм алдында турган экен. Сен жүрөгүмдүн бир бөлүгүн ээлей алсаң Жанар бүтүндөй кирип болгон тура. Анын кандай экенин айтпа, мага айырмасы жок, сенин кандай экенинди билип бүт турушун менен жактыргандай эле аны да билип ошондой боюнча кабыл алам. Ал менин жашоом, мен азыр жашоого абдан муктажмын. Башкалар десе десин, мен билем сен азыркы жетишкендиктерине татыктуусун, эч кимдин сөзүнө кулак салба, баары өзүңдүку. Сен мындан да өткөн бийиктиктерди багындырасын, себеби мен билген Улан өзү ойлогондон да бийик турат, ал бийиктик мына бул жерде деп көкүрөгүнө соомойу менен сайып коргозуп, жүзүнөн сылап жалооруй карап артка бурула берди.
Аякта турганы эле болбосо эчаак өзүн жоготуп койгон Улан кыздын артынан эрчууго же оозун ачып сүйлөөгө дарман таба албады өзүнөн. Болгону ичинде гана бир үн кетпе деп жалынып жатты. Качан Назик чыгып карааны көрүнбөй калганда, сулк түшө боюн таштап полго жыгыла берди. Бүттү, баары бүттү, жашоосу ушул жерден узулмок беле. Ушул күнгө даярданып канча күндү суусуз түндү уйкусуз откоруп жашаганы бекер экен да. Ал кай жерден жанылды эле, ага канчалаган арстандар кол салышты бирок мындай эч ким коркута албаган, бир эле кызды түбөлүк жоготуп кою деген ой коркутуп келген. Анын сүйүүсүнун очушунон коркуп жашады, эми мынтип ал келип өз оозу менен айтып бир сөз менен өлтүрүп кетпедиби, сүйүүм сендик эмес дебедиби. Мындай болтурбоо үчүн ал эмнелер кылбады, атасы каршы чыгып жолун тосот деп аны да жолдон алууга кам корбоду беле, бирок анын убактысы эмес экен досу кете берди. Андан кийинки жасагандары да Назик үчүн эле, бирок ал ар бир алдыга койгон кадамы менен өзүнүн өмүрүнүн кыскарышына көмөк көрсөтүп жаткан тура. Анан эмне, Назиксиз жашоо жашообу, андан үмүт этпей кутпой, аны ойлобой дем ала алабы.

Назик чыгып келгенде коргоочу жигит каалганын артында турган экен, жамандыкты күтүп баарына даяр болуп турса керек кыз чыгаары менен мойнун созуп анын артын карап жатты.
-жаныласыз, деди Назик алдыга басып баратып.
Артынан ээрчий келген жигит,
-мындан баарын кутсо болот, сен билбеген жактары көп, деп айтып келе жатканда,
-билем, деди кыз кыска. Ал өзү каалаган учурда да мага зыян келтире албайт, жүрөгү андай кылууга жол бербейт.
Жигит оозун таптап сүйлөөгө камынып барып токтоп калды, ооба өз учурунда токтоно билүү керек, ашыкча акыл баш жарат дегендей Назикке азыр ашык сөздүн кереги жок.
Алар үйүнө жетип Назик унаадан түшүп баратып жигитке кайрылды.
-Эми тынч үйүнузго барып эс ала берсеңиз болот, корбодунузбу сиз корко тургандай жагдай жок.
Жигиттин таң калганы Кадыр Ысмановдун өзү билген назик кызы бир саамда эле чоное түштү деген ою акталбай калганы болду, көрсө бул кыз ал ойлогондон алда канча акылдуу экен. Ар күн үйүнө узатып келип артка кайткан тур коргозуп айланып келип түнү менен үйдүн сыртынан коруктап отурганын байкап жүргөн тура. Бул саам да анын кызга айтаар сөзү жок эле, коштошуп бейпил түн каалап кете берди, эртең эрте менен күндөгүдөй дарбазадан күтүп алыш үчүн. Бирок адамдын эртеңи белгисиз экен да, ал келген учурда Назиктин үйдө жок болоорун кайдан билди.

Эрте мененки телефондун кыйкырыгынан чочуп ойгонгон Назик уккан жанылыгынан башы айланып телефону колунан ыргып шалдая отура калды. Бир аздан соң өзүнө келе ордунан шаша туруп короодо токтоп турган атасынын унаасын айдап түндө болуп келген жайына жөнөп кеткен. Жигит аны издеп таппай калган учурда ал Уландын үйүндө анын башын кучактап ыйлап отурган эле. Корсо эрте менен болгон конгуроодон улам бул үйгө келген милиция кызматкери ачык калган дарбазадан кирип бара жатып атылган октун үнүн угуп үйгө кирип келип, Уланды кире бериштеги чоң залда жайгашкан столдун устунон табат экен. Чакырыгына жооп болбогондо жанына басып келген милиция анын башы жолонуп турган жердин кан болгонун байкап башын которсо ок атылган. Биринчи эч нерсени байкабаган кызматкер айланасын карап ок аткан адамды издеген, экинчи шериги кирип келип анын колундагы тапанчаны жана ак кагазды байкап кабарлаганга чейин. Алардын артынан келген ыкчам изилдөө тобу келип кагаздагы жазууну окуганда гана баары белгилүү болгон. Көрсө Улан өз жанына өзү кас уруптур, колундагы кагазга бар болгонун жазып кеткен экен. Ушуга чейин жасаган бардык ишин, аны кимге арнаганын жазып, ачык жабык кылган күнөөсүн толук мойнуна алып Жанар күнөөсүз экенин айтыптыр. Бар мүлкүн Назикке таштаарын белгилеп анын аты жонун калтырып акырында " Жалгызым, сенин чоң сүйүү менен мага кайтышын менин акталбаган умутум болду, мен жаныма өзүн келип турган муноттордогу бактымды барктап кала албаган бир бечара болдум. Чын эле сен мени өзүмдөн да жакшы билген экенсиң, көрсө мен жашоомду сага арнап коюпмун, кечинде ал жашоону өзүн менен бирге алып кеттиң. Кош менин жашоом! " деп бадырайта жазылыптыр.

Арадан көп өтпөй Жанардын күнөөсүз экени далилденип боштондукка чыгарылды. Аны сыртта күтүп турган Назик азыр жашоосу ордуна келе турганына ишенип колдорун учкаштырып ары бери басып тынчтана албай толкунданып жатты. Ананчы, бул үчүн ал өз колу менен жүрөгүнүн бир бөлүгүн үзүп таштабадыбы.
Мына келе жатат, бир аз арыктап жудой түшкөнү болбосо көздөрү баштагыдай эле нурдуу, мээримдүү. Анын жанына жетиш тозок болду Назик үчүн, эки аттам жерди басып өтө албай буттары калчылдап. Ах, кучагы мынча жагымдуу болбосо, жылуу болбосо.
-Мынтеринди билгенде эчаак эле ушундай кылмак экенмин эркем, деген кулакка жагымдуу тааныш үн.
Экөө ээрчишип ооруканага кирип келишкенде Жамила Кадырды ордунан тургузуп бастырып жүргөн экен. "Мына, жашоого таарынып мункуроп отуруп албай башта эле күрөшүп баштасам болмок, азыр атамды кучактап эркелеп алсам бактым толукталып жүрөгүм бүтүндөлөт" деп атасынын алсыз экенине карабай кучагына бой урду. Жок атасы кыйла күч топтоп койгон экен, кызынын куу менен келгенине туруштук бере алды.
Бирок, бирок Назик үмүт эткендей бул жылуулук да бактысын бүтүндөп жүрөк дартын баса албады.
Эх чиркин, ар бакыттын орду ар башка экен го. Кай жерде болбосун бул жашоодо сени өзүнөн да артык сүйө алчуу бир инсан бар экенин билүү да бул бакыт тура. Мына эми Назик ал бакыттын даамын экинчи ирет татпайт, жок дегенде анын кайтып келүүсүнон үмүт да кыла албайт...

Аягы...

Урматту менин сүйүктүү окурмандарым, рахмат баарыныздарга күтүп окуганыныздар учун. Бул чыгарма ушинтип аяктады. Сиздерге өз убагында баркталчуу бакыт жана узулбос үмүт каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   kakukani   25 Декабрь 2018 - 04:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 27 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2023 09:38
  • Жынысы:Аялзаты

Акыркы баардык чындыкты айтып кете бериптир да Улан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Akkyz2017   25 Декабрь 2018 - 09:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Эх Назик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 13:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: