Surotchu-kyz (08 Декабрь 2018 - 00:22) жазган:
Психологияда, пациент арыз айтып келгенде "Менде деле ошондой" деген теманы да орду келсе колдонушат экен. Бул жерде сизге берилген кеңештерден "Андай болгону эч нерсе эмес, менде деле ошондой" деген жооптор бар экен. Сиз муну окуп, "Ии баарында эле ушундай тура, демек бул маселе эмес" деп калышыныз мүмкүн. Бирок. Дагы кайсы бир күн жан дүйнөңүз кимдир бирөөгө керектигин билгиси келет. Бул жараныз дагы ырбалат. Демек бул маселе,жана муну чечүү керек. Биз аял заты кулагыбыз менен сүйөт экенбиз. "Мен сени сүйөм" деп айтуусуна ушунчалык муктажбыз. Ошону эле айтса дүйнө түгөлдөй. Ал сөздөн шык алып,жөн эле бутубуз жерге тийбей учуп, жуулбаган кирлер жуулуп, акталбаган там агарып, (вдохновения) эргүү алат экенбиз да ошол сөздөн. Ал сөздөн "Сен мага Керексиң. Мен сенсиз жашай албайм. Сен менин демимсин" дегендерди түшүнүп, өзүбүздү ошонун бүткүл керектигине жумшап жиберет экенбиз. Эркектерде дал эле ушунун "Мен сага ишенем" дегени. Эми өзүңүзгө суроо берин. Сиз куйоонузго "Мен сага ишенем" деп айтасызбы? "Прежде чем просить, научитесь отдавать" дейт беле. Сиз өзүңүз тартуулан биринчи. Анан сурап көрүн. "Сен мени сүйөсүңбү?" деп сурай берин. Анын эмнеси бар? Ал куйоонуз! Ал сиздин бир өмүр жаныныздай жакын адамыныз. Өлгөнчө жандап журоорунуз. Өзүңүз тийишип айта берин комплимент, мисалы бир жака жасап жөнөтүп жатсаныз "Кыздар тийишет экен эми," деп же "Суктанып кетем сулуулугундан" деп боло берет. Анын эмнеси бар? Сыйды деле өз ордунда жеке жашоону деле өз орду менен алып кете бериңиз. Анан, кадимки маселе чешчү көрүнүшүңүздөр кандай? Мисалы мен, күйөөмө досконально түшүндүрөм. Ал бирдемени каалап мага жакпай жаткан болсо. Бүт ойумду айтам ошондо да өз ойунда калса колдойм. Табитти тартыш жок. Демек ал ошону каалаптыр. Анын каалоосун сыйлап кийин мен да бирдеме каалаганымда каршы чыкпай турган кылып колдоо көрсөтөм. "Мен сени сүйөм" маселесин да ошентип чечкенбиз))) Бир жака жөнөп атканда сөзсүз айтып кетет. Себеби билип калган, кабагын бүркүп кеткен күнү, үйүм да жыйылбай маанайым да суз, тамагым да даярдалбай күтүп алам. Анан ошону айтып деп,"Сен эч качан менин маанайымды бузуп чыгып кетпе,мен кыйналам деп түшүндүргөм. Жылдар өткөн сайын, кантип, кандай сөздөр менен күйөөсүн ынандырышты ар бир эле аял билип калат деп ойлойм. Керектүү жерде кууланыңыз. Аялдан амал качып кутулбайт дейт. Бүт амалыныз ишке салың. Бактылуу болуу, бир гана өзүңүздүн колуңузда! !!



Сүйүп, сүйүлүп жашаңыз

Абдан таамай жазгансыз,рахмат эринбей кене ш бергенинизге, мен да сиздин метод менен коройун, сизге да чыныгы аялдык, энелик, пенделик бакыт каалайм