Суперстан: Тунгуюк сүйүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тунгуюк сүйүү Таякемдин уулун сүйүп калдым

#1 Пользователь офлайн   zhesika   16 Декабрь 2018 - 03:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06





Саламатсынарбы? Көптөн бери суперстанды окуп келем. Бүгүн катталып өзүмдүн жүрөктү өйүткөн көйгөйүм менен бөлүшкүм келди. Мен айылда өскөм. Кийин шаарга окууга тапшырып келгем. Эми ойлосом 11 ди бүткөнгө чейин көп деле жигиттер менен сүйлөшпөптүрмүн. Сөз айтып кат жазып артыман чуркагандар деле болду. Бирок апам катуу кармайт эле. Сабактан кийин үйдүн иштери менен алекболуп кеч кирди дегенче үйдөн чыкпайт болчумун. Отуруш дегенге өмүрү барыпкөргөн эмесмин. Ошентип окууга тапшырып шаарга келдим. Шаарда таекемдер турушат. Таекемдин менден эки жаш улуу баласы бар. Аты Аман. Башында жөн гана бир туугандай мамиле кылып сабактарыма жардам берип жүрчү. Эмнегедир экөөбүз бат эле тил табышып кеттик.Аны байке дечүмүн. Үй-бүлөөлөрү менен орус чалыш анча мынча каада салттарды сактай бербеген үй-бүлөө. Ошентип күндөр өтө берди Аман экөөбүз мурдагыдан да жакын болуп кеттик. Ал Бишкектеги белгилүү университеттердин биринде окуйт. Экөөбүз көп сырдашчубуз. Эмнегедир ичимден аны жактырып жүрдүм. Мындай ойлорум үчүн кээде өзүмдү өзүм жек көрүп ыйлаар элем. Бирок мен чынында аны биринчи сүйдүм. Анын жөн эле үйдө болушу эмнегедир мени бактылуу кыла берчи. Аман да мага адаттагысындай күлө карап,суйлөшүп койсо мен өзүнчө жан дүйнөм эргип телегейим тегиз болуп калчу. Аны менен чогу отурууну дайыма каалап анын сабактан келишин күтөөр элем. Бирок ал көбүнчө өтө кеч мен уктап калганда келээр эле. Ата-энеси аны өзгөчө деле контролго албайт. Өзүнө окшогон байдын балдары менен кыдырып эле жүргөнүн билем. Бирок антсе да анын ичкилик ичип келгенин эч көргөн жокмун. Бир билгеним достору менен клубка барып: кээде билиярд ойноп жүрчү. Ошондой күндөрдүн биринде сабактан келсем үйдө эч ким жок экен. Чай ичип бүткөн сон үйдүн ичин уборка кылууга кириштим. Ангыча болбой Аман келип калды. Эмнегедир ичимен абдан сүйүнүп кеттим. Ага чай берип, экөөбүз ар кайсыны сүйлөшүп отурдук. Мага кээде англисчеме жардам берип калчу. Бул негизи аны менен бир азда болсо чогуу отурууга себеп эле. Бул жолу да ошол себебимди колдонуп англисчени уланталы дедим. Аны укмуш түшүнүп жаткан кишидей берилип карап алгам. Мээме бири кирсе бири кирбейт. Анын коюу кара кашын кумарлуу көздөрүн карап өзүмөн кетем. Эмнегедир ал мага идеалдуу адамдай сезиле берчү. Кулгону, басканы, турганы жада калса тамак ичкени, ал сүйлөгөндө жүрөгүмдүн унун угуп жаткандай башкача болоор элем. Ошол күнү айрыкча бир-бирибизге өтө жакын болуп кеттик. Ортодогу баардык барерлер алынып салгандай болду. Бир убакта сүйлөшүп отуруп Аман мындай деди. Менин сүйлөшкөн кызым сен сыякту, сулуу жароокер болсо деп чекемен өөп жиберди. Ошол учурдагы менин ички сезимимди айтпай эле коеюн. Уйгу-туйгу сөз менен жеткире албайм. Бирок бир ой капыстан келген сезим учкундарын колуман сууруп алгандай жүрөгүм опкоолжуй түштү. Ал менин тууганым, таекемдин баласы, мен эмне кылып жатам?Бетим кызарып уялганымдан өзүмдүн бөлмөмө кирип кеттим. Ошол күнү Аман мага сүйөөрүн айтып. кечирим сурады. Мындан кийин эч нерсе болбойт, тууганымдай өзүмдүн карындашымдай мамиле кылам.Мен өзүмдү кармай албай калдым. Унут буларды деди. Ал айткандай унутуу оной болсо гана. Сүйүүнүн көзү көр белем, ал менин да сүйүп жүргөнүмдү кайдан билсин. Эртеси эч нерсе болбогондой таекем, тааженем жана Аман болуп чай ичип отурдук.Эмнегедир Аманда карай албай башкача болом. Ичип жаткан тамагым эмне экенин деле капарга албай маска кийген актрисага айландым. Адаттагысындай таекем ар кайсыны тамашалап күлдүрүп отурат. Күлүмүш болуп өзүмдү кыйнаган менен жүрөгүм ыйлап жатты. Анткени эч качан бирге боло албашыбыз белгилүү болгон тунгуюк тарткан сүйүү азабы башталган эле.

Бирине бири окшош күндөр өтүп жатты. Мен аны унутам деп өзүмө өзүм сөз берип аракет кылып жаттым.Аман да ошол окуядан кийин эмнегедир менден алыстап жаткандай сезилди. Бирок унутам деген нерсенди эч унута албайт экенсин. Айрыкча сен сүйүп жүргөн адам сен жашап жаткан үй-бүлөөнүн бир мүчөсү болсо өзүнчө бир азап экен. Бассам турсам көз алдымда аны кыялданам. Эмнеге мындай тагдырга туш болдум экен деп ойлоном да кайра өзүмө жок, бул тагдыр эмес сенин арсыз тандоон деп өзүмдү өзүм жемелейм. Арсыз эмей эмне, таякемдин баласы. Канчалык акылга сыйбаган нерсе экендигин кабыл алгым келсе да сүйүүнүн алдында алсыз болуп жаттым. Акылым мени эмес, жүрөгүм мени башкарып алгандай тыбырчылайм.

Кудай жалгап бат эле кышкы каникул келип экзамендерди тапшырып айылыма жөнөдүм. Жолдо карата эми мындан ары аны унутуп башкача жашоо баштайм. Мен айылдан өзгөрүп келем деп өзүмө өзүм сөз бердим. Бул чечимдеримдин арасында мага өзгөчө эрк берген кыздар менен квартирага чыгуу болду. Болду, алар менен жашабайм кыздар менен квартирага чыгам да арсыз сүйүүмдү унутам дедим ичимден. Айылга келсем апам барпалактап болгон ашын жайнатып тосуп алды. Апалардан айланайын балдары десе ичкен ашын жерге коет эмеспи. Чынында буга чейин ата-энемден алыста жашап көргөн эмесмин. Абдан сагынып калыптырмын. Айылга келип Аманды бир аз унутканым менен ал көп өтпөй смс жаза баштады. Мен сени сагынып жатам, Келишинди күтүп жатам деген сыякту адаттан тыш каттар... Адаттан тыш дегеним Ал мени сагынгандай кимим эле? Эмне жооп берээримди билбейм. Көп суроолорун жоопсуз калтырдым. Чынында жооп бербей коюу да жооп берүүнүн өтө татаал түрү экенин сездим...

Ошентип каникул да бат эле аягына чыгып Бишкекке жолго камынып калдым. Апам болгон ашын салып камдап жатты. Таякендерге салам айт; атан жакында шаарга барса дагы акча ала барат. Өзүнө жакшы кара,тааженендин женилин жерден оорун колдон ал. Тууган болсо да бирөөнүн үйүндө туруш оор деп болгон насааттарын айтып жаткан апамдын агарып бараткан чачтарын карап аяп кеттим. Апамдын жаш кезиндеги сүрөттөрүндө капкара узун чачы айрыкча көзгө урунат. Апанды тартып сулуусун деген сөздөр мага өтө жагымдуу угулат.

-Ооба, эч кам санабаныз, баары жакшы бирок.. деп андан ары уланта албай токтоп калдым.

Эмне бирок – деди апам кабагын чытып алда нени сезгендей.

-Мен кыздар менен башка квартирага чыгайын деп атам, бир аз акча керек дедим күнөөлүү кишидей.

-Эмне ал жак жакпай калдыбы? Бир жылча ошол жакта жашап тур, ана көрө жатаарбыз. Сен ал жакта болсон менин санаам тынч болот. Таеке,тааженендер жакшы кишилер, үйү кенен, бир эле баласы бар ашыкча деле киши жок.Анын үстүнө таекен муну укса таарынат деди. Апамды да жакшы түшүнүп турам. Себеби таекем анын жалгыз бир тууганы, экөө бири-бирин абдан жакшы көрүшөт. Таятам эрте эле көзү өтүп кеткен экен.Таенем эки баласы деп экинчи кайра турмуш курбаптыр. Таенемдин эмгеги акталып уулу жаштайынан эмгекчил билимге умтулган ынтызар бала болуп өсүптүр. Таенем апам менен таекемди кантип чонойтконун көп айтаар эле. Ошондуктан апамдын айтканынын жөнү бар. Апама башка эч нерсе дей алган жокмун.

-Макул апа, таекемдикинде эле жашап турайын, мен жөн эле кыздар менен чыксамбы дегем дедим. Андан башка эмне демек элем. Апа сенин карачечекей бир тууганындын уулун көзүм көр болуп сүйүп калдым деп айтмак белем. Айла жок жан дүйнөмдүн кыйкырыгын басып жалгандан жылмайып апамдын бетинен өөп, мага тааныш мээрим толо кучагына боюмду таштап кичине болсо да ушул көз ирмемди кармап калайын дедим. Атам адатынча тан азандан менин бетимден сүйүп жакынкы айылга иштери менен кеткен эле. Ошентип кайрадан Бишкекти көздөй жолго чыктым.Менде дайыма айылымдан кетип баратканымда ичим туз куйгандай ачыша берет. Качан гана апамдын карааны алыстап коншу айылга жеткенде ичимдеги уйгу –туйгу сезим менин ар түркүн ойлорума синип кетет. Бул жолу менин пландаган оюмдан артка кайтууга, таекемдикинде эле жашап турууга аргасыз көндүм. Ансыз да квартирага чыгууга апамдардын бере турган акчасы жок болчу.

Шаарга жете берээрде таекем чалып калды. Албина келгенинде чалып кой, Аман машина менен барып тосуп алат деди. Апам байкуш мен кетээр менен таекеме чалса керек да. Кечке жуук шаарга жете келдик. Таекеме чалдым. Азыр барат күтүп тур деди таекем. Автовокзал үйдөн анчалык деле алыс эмес . Бирок бул жолу жүгүм оор болгондуктан коомдук унаа менен кетүү мүмкүн эмес. Ушул жерден бир нерсени мойнума алышым керек, адам эч качан өзүн өзү алдай албайт. Амандын мени тосуп алаарын укканда ичимди бир жылуулук каптап кеткендей башкача бир сезим жан дүйнөмдү ээлеп алды. Жок, мен өзгөрөм дегем, токтотом болду. Мен сүйүүмдү таекем, алтыным апам үчүн курмандыкка чалам деп жаттым ичимден. Ангыча Кандайсын? деген Амандын үнүнөн чоочуп кеттим. Адаттындай өзүнө жарашыктуу кийинип алыптыр. Жакшы, өзүнүз кандайсыз байке дедим көзүнө тике карай албай. Сонун, сенин келүүндү абдан күттүм, сага абдан көнүп калыптырмын деп сөзүн ондоп кетти. Жүктөрүмдү машинасына салып жөнөп калдык. Алдыга эле отуруп ал деген менен болбой артка отуруп алгам.Күзгүдөн улам мени карап коюп келе жатат. Ал караса менин дүйнөм антарылып кетчүдөй корунам. Айылдагылар жакшыбы? Эжем кандай ден-соолугу дегенде гана өзүмдү эркин сезип жооп берип жаттым. Ангыча үйгө жете бербей машинаны жол жээкке токтотту. Эмнеге токтодунуз? -дедим. -Экөөбүз сүйлөшүп алышыбыз керек деди ынгайсыз абалда. Сен жаман ойлобо,бая күнкү окуядан кийин өзүмдү коерго жер таппай келем. Чын айтам менде жаман ой жок, мен сени жөн гана сүйөм. Ооба экөөбүз тууганбыз, бирок мени багып алышкан. Бул нерсе эч нерсени өзгөртпөйт деп жибердим өктөмүрөөк үн менен. Сен менин кандай болсо да таекемдин уулусун,эч качан сүйүүгө жол бербейм дедим. Сыртымдан буларды сүйлөп жатканым менен ичимде жүрөгүм өзүнөн өзү тилиним канап жаткандай сезилди. Тилим буулуп калгандай эмне дээримди билбей калдым. Кечирип кой, мени деген Аман машинаны айдап жөнөдү.

Ошентип кайрадан баягы күндөр башталды. Күндө жан дүйнө менен күрөш. Адамга өзүнүн жандүйнөсү менен күрөшүү өтө оор болот экен. Мындайда ичинде эки адам жашагандай, бирөөсү самап, күтүп, сагынып алоолонуп жанат, бирөөсү жанган отко май чачып,сезимдеринди муунтуп сыртка чыгуусуна жол бербейт. Мына сезим менен акылдын бүтпөс согушу. Аман болсо мындан кабары жок бир гана өзү сүйүп жүргөндөй ойлоп жатса керек. Айтмакчы Аман бакма бала экенин билгенине көп эле убакыт болуптур.

Ошондой күндөрдүн биринде тааженем менен таекем Сокулукка кетишти. Балким ошо күнү кетпегенде же ошол күндү аттап кете турган бир амалым болгондо мен эч качан мындай сүйүүнүн азабына кабылбас белем ким билет. Унутуп жаны жашоо баштап кетээр белем, айтор азыркыга чейин ошол күндү өзгөрткүм келет. Деген менен өткөн күн өкүнүүгө гана себеп болбосо аны кайтарып өзгөртүү мүмкүн эмес тура. Аман да ал күнү демейдегиден эрте келиптир. Кечки тамакты жедик, бул жолу ага мурдагыдай болбой ортодогу аралыкты сактоого аракет кылып жаттым. Бирок... Тамак ичип болуп идиштерди жууп бөлмөмө кирип кеттим. Аманды ойлоп жатып уктап кетипмин бир нерседен чоочуп ойгонуп кетээрим менен Амандын ысык эриндери эриндериме жабышты. Ачыгын айтайын эч каршылык көргөзө алган жокмун. Алсыз гана сымаптай ээрип бараттым. Ошол күнү кыздыгыман да айрылдым. Мен ойлогондон да баары тездик менен болуп кетти. Көрсө акыл деген нерсе сезим деген нерсени жене албайт тура. Болбосо эгер Аманга каршылык көргөзсөм ал эч качан мени зордомок эмес. Мен анте алган жокмун. Анткени мен аны акылдан адашып сүйдүм. Мына ушинтип Аманга байландым да калдым. Таяке, тааженелериме айтпай жыныстык катнашта болуп жүрөбүз. Бирок экөөбүз тен болгон чындыкты айта албай келебиз. Эми мындан ары эмне болот? Кантем? Кенеш күтөм. Кандай жол менен айтыш керек? Же айтпай эле мамилени токтотуп жашоомду улантайынбы? Урушпаныздарчы . Мен өз абийиримдин алдында кыйналып бүттүм. Аман айтабыз дейт, ал айткан күндө туугандар арасында эмне болот? Кандай кабыл алат? корком...









  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Merelisha   16 Декабрь 2018 - 10:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Эх,окунучтуу. Коп окуялар зынаа менен аяктаганы зээнинди кейитет. Болоор иш болгон сон эми боюнузга буткончо ата-эненерге билдиргенинер туура. Бакма бала экен дагы жакшы,демек ортонордо туугандык жок. Жеке оюм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Jamka2013   16 Декабрь 2018 - 11:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 01 Февраль 18
  • Соңку аракети: 09 Фев 2021 22:11
  • Жынысы:Белгисиз

Калпайтпасам .ушул окуяны мен бир жерде окуганмын.бул жарымы элего. Конец башка болчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   meDaline   16 Декабрь 2018 - 11:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Окуя чынбы, калппы оз оюмду жаза кетейин:
Бири-биринерди ошончолук суйуп туруп эмнеге озунорду кыйнадынар? Ата-эненерге айтсанар болмок, кантсе да тушунушмок. Тем более Аман таекендин оз уулу болбогон сон коп деле каршы болушмак эмес. Азыр да кеч эмес, эртерээк айтып, маселени чечип алганынар он.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   janymjamal   16 Декабрь 2018 - 11:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 19 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2021 15:37

Уйлонгуло бактылуу болгула айнанайындар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Rashka_99   16 Декабрь 2018 - 14:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 264
  • Катталган: 29 Август 18
  • Соңку аракети: 04 Фев 2021 11:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дагы жакшы бала экен,суйом деп туруп кыздыгынынды алып туруп анан суйбойм деп койсо даана ыйлап отурмаксын, суйом десе ата эненерге айтып батасын алып нике кыйдырып алгыла,бакыт каалайм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   zhesika   16 Декабрь 2018 - 14:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Просмотр сообщения Merelisha (16 Декабрь 2018 - 10:41) жазган:

Эх,окунучтуу. Коп окуялар зынаа менен аяктаганы зээнинди кейитет. Болоор иш болгон сон эми боюнузга буткончо ата-эненерге билдиргенинер туура. Бакма бала экен дагы жакшы,демек ортонордо туугандык жок. Жеке оюм.


Рахмат кенешинерге; боюмда жок бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуп келебиз. Бирок коркконум ата-энеси Амандын өзүнүн бакма бала экендигин билип алгандыгын билишпейт. Аман бул туурасында ата-энесин аяп эч нерсе дебептир. Ошондой эле менин ата-энем да аны ббагып алышканын билишпейт. Бир мен анан Аман эле билет экен. Кээде менде мындай ойлор да келет. Балким Аман мени өзүнө тартыш үчүн бакма баламын деп айтып койсо не кылам? Айтоор туман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   zhesika   16 Декабрь 2018 - 14:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Просмотр сообщения Rashka_99 (16 Декабрь 2018 - 14:23) жазган:

Дагы жакшы бала экен,суйом деп туруп кыздыгынынды алып туруп анан суйбойм деп койсо даана ыйлап отурмаксын, суйом десе ата эненерге айтып батасын алып нике кыйдырып алгыла,бакыт каалайм


Рахмат сизге, Ооба Амандын мени сүйөөрүн билем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   cholpon119966   16 Декабрь 2018 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 774
  • Катталган: 16 Февраль 16
  • Соңку аракети: 26 Июн 2025 21:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город 3722

Просмотр сообщения zhesika (16 Декабрь 2018 - 14:50) жазган:

Рахмат сизге, Ооба Амандын мени сүйөөрүн билем


Автор, силер ошондо 18-19дасынар а жигит 20-21де туура тушундумбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Merelisha   16 Декабрь 2018 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Просмотр сообщения zhesika (16 Декабрь 2018 - 14:49) жазган:

Рахмат кенешинерге; боюмда жок бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуп келебиз. Бирок коркконум ата-энеси Амандын өзүнүн бакма бала экендигин билип алгандыгын билишпейт. Аман бул туурасында ата-энесин аяп эч нерсе дебептир. Ошондой эле менин ата-энем да аны ббагып алышканын билишпейт. Бир мен анан Аман эле билет экен. Кээде менде мындай ойлор да келет. Балким Аман мени өзүнө тартыш үчүн бакма баламын деп айтып койсо не кылам? Айтоор туман...

Кызык, сиз каяктан билгенсиз? Ата-энесине окшойбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sagyn.91   16 Декабрь 2018 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Акмакчылык! Айбанчылык!
Дагы кенеш кутот имиш. Сен озундун тоок мээн мн алда качан кенешип бутупсун. Дагы кандай кенеш керек?

Апандын эл караган жузун жер каратып, ал болон мн ата-энесинин ортосуна кагылышуу алып келишин билесинби? Бул олуп кетсин, апан мн таякендин абалы эмне болот?

Кыскасы акмакчылык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Berliane123454   16 Декабрь 2018 - 16:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 142
  • Катталган: 10 Июль 17
  • Соңку аракети: 14 Авг 2019 21:16
  • Жынысы:Аялзаты

Эгер чындык болсо, болуп аткан окуя болсо, анда айтаарым жогоруда айткандай эле "бул жеткен акмакчылык" . Силер жашоону андып билбей, " эркек" кандай экенин, жигит жандоо кандай экенин билбей туруп(Аман учун наоборот, балким ал учун "шаардык" кыздардан айырмаланып турасынар) "жакшы" мамилени "Идеал" коруп суйууго "мас" болуп турган кезинерго. Биз кандай кенеш бербейли силер "акыл сезимди женгенде Гана, акылга сезим багынган кезде гана" туура чечим кабыл аласынарго. Баарын анализдеп,акыл калчап жазаганынар он. А балким бул "суйуу" эместир... "Эрктуу" болгулачы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Yago.limon   16 Декабрь 2018 - 17:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Болоор иш болуптур, уланып деле келатса...Аман бакма экени ЧЫН болсо,айта турганды эртерээк эле айтып баш кошуп алгыла да тем более суйот деп атасынар.Аманга тийбесениз башкасы мн кантип баш кошосуз???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   nura_01192   16 Декабрь 2018 - 19:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 29 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 12:48

Баардык жасалып жаткан Нерсе жакшылыка демекчим оорустар айткандай.Ачыка чыккыла эртерээк бул кундорда отот чыдап койсо.Ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   begim1002   16 Декабрь 2018 - 19:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 09 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 02 Дек 2019 10:42
  • Жынысы:Белгисиз

Ммммм тообооооо. Кудай сактай кор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Arinsa   16 Декабрь 2018 - 20:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Болор иш болгондон кийин айткыла да үйлөнүп алгыла.Арам жүрүп ата-эненерди да күнөөгө батырып жатасыңар.
Уялбай арам иши кылып,айтаарда уялып каласыңарбы.
Башкага тийип алып көңүлүңөр келбей дагы жүрөсүңөр,унуталбай атам деп.
Жолдошуң жүрсө анан биринчи баарибир биринчи да деп...
Же башканы алдап тийесиңерби.
Айткыла апаңарга.Апа байкуш түшүнөт баарын.
Кеңешим тез нике кыйып алгыла.Эгер жигит баш тартпаса.
Негизи ошол жигит эле өзү чечип койсо болмок да,жигит болсо.Бир кыздын абийрине тийгенден кийин,жоопкерчиликти да моюнга алыш керек.Сизге го сөз жок..Таарынбаңыз, чындык ачуу болот.Биз ушунча айтып жатабыз.Эми чындыкты айтканда жакын адамдарыңыздын көз карашына кантип туруштук береер экенсиз.
Жөн эле жүзүң жарык турмуш курса кыз деген.
Башкалардын сыйы дагы,ишеничи дагы болмок...

Билдирүүнү түзөткөн: Arinsa: 16 Декабрь 2018 - 20:52

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Rashka_99   16 Декабрь 2018 - 20:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 264
  • Катталган: 29 Август 18
  • Соңку аракети: 04 Фев 2021 11:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Sagyn.91 (16 Декабрь 2018 - 09:49) жазган:

Акмакчылык! Айбанчылык!
Дагы кенеш кутот имиш. Сен озундун тоок мээн мн алда качан кенешип бутупсун. Дагы кандай кенеш керек?
Не учун адамга окшоп кенеш бере албайсынар, жылуу создорду айтып дегендей,колунардан келгени эле негатив создор
Апандын эл караган жузун жер каратып, ал болон мн ата-энесинин ортосуна кагылышуу алып келишин билесинби? Бул олуп кетсин, апан мн таякендин абалы эмне болот?

Кыскасы акмакчылык!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Kominam   17 Декабрь 2018 - 11:35

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Жузунорду жарык кылып эле тийсенер олосунорбу ыя?! Шаарга келип эле бирөөнүн коюнунуна кире калбай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Defend.   17 Декабрь 2018 - 12:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 518
  • Катталган: 19 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2019 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мекен Чегинде

Бул чыгарманы каерден сүйрөп келдиң?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   zhesika   17 Декабрь 2018 - 14:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06


Эх кээ бирөөнөр айткандай бул чыгарма болуп калса гана.... Мындай күтүлбөгөн окуялар чыгармаларда гана болсо анда баарыбыз бактылуу болоор элек. Тилекке каршы андай эмес экен. Ооба баарына өзүм күнөөлүмүн. Силердин мени урушуп жатканынырды жакшы түшүнөм. Анткени менин кылганым акылга сыйбаган нерсе. Бирок... Мен Аманды сүйөм. Ал менден баш тартып кеткен күндө да сүйө бермекмин. Мындай сүйүүнү эч кимдин башына салбасын. Кээ бирөөнөр жазыпсынар бул сүйүү эмес чыгаар деп...
Мени апам өтө жакшы тарбиялаган. Мектепте да жакшы окудум. Өз күчүм менен окууга өттүм. Эч качан мындай абал үч уктасам түшүмө кирген эмес. Апама айтаар элем. Мен окуумду бүтүп анан турмушка чыгам деп. Айылда мени үлгү кылып кыздарына айтышаар эле. Эми болгон үмүттөрдү талкалап отурам. Бир эже жазган экен. Айылдан келип бүрөөнүн койнуна кирип кеттин деп. Ооба эже сиздики да туура. Бирок Аманга болгон сүйүүм, анын алоолонгон илеби мени өзүнө магниттей тартып арбап алды.
Менин жаш курагым тууралуу сурапсынар, мен 20 жаштамын. Ал эми Аман 22 жашта. Ал өзүн бакма бала экенин мага дайыма айтат. Ылайым эле ошондой болуп калса экен. Ата-энесине айтууга бир канча ирээт аракет кылды. Көбүнчө алардын жүрөгүн оорутуп аламбы деп коркот. Менде да ушундай сезим. Апамды ойлойм, менден көп нерсени үмүттөнүп Кудайдан менин амандыгым тилеп отурган апам, биртке тапкан ташыганын мага жөнөтүп, эртеден кечке кара жанын карч уруп жүргөн атамды ойлойм да айтпай койгон туура го деп да кетем. Бир жолу Аманга "Болду экөөбүздүн сүйүүбүздүн келечеги жок. Токтотолу ушундайда, сен мени унут, мен сени унутайын дедим. Аман эч нерсе дебей өз бөлмөсүнө кирип кетти. Жан дүйнөм эншерилип ал түнү уктаган жокмун. Капыстан келген сүйүүмдү ый менен төгүп жаттым. Бирок ошол күнү гана... Эртеси күнү дагы уктай албай жатсам бөлмөмө Аман кирип келди. Сени унут дедим го, мындан кийин менин бөлмөмө кирчү болбо, мени эркектик кызыкчылыгын үчүн колдонбо деп айтууга ойлор келгени менен кайрадан сүйүүмдү алдында алсыз болдум. Ал күнү да экөөбүз бирге болдук. Бүтүн кайгы-мунум тыптыйпыл жок болуп өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Бирок ушул мүнөттөр жылбай токтоп калса гана... (Аман саат түнкү экилерде үйдөгүлөр уктаганда мага келет да тан атпай өз бөлмөсүнө барып жатып калат. Экөөбүз буга көнүп баратабыз. Саат эки болушун ушунчалык чыдамсыздык менен күтөм. Сагынам, кусаланам, баарына кайыл болуп бир гана ал жанымда болсо ошол мага жетет дейм).

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 04:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: