Суперстан: Тунгуюк сүйүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тунгуюк сүйүү Таякемдин уулун сүйүп калдым

#101 Пользователь офлайн   ShaKe11   29 Декабрь 2018 - 17:03

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Просмотр сообщения salsation (29 Декабрь 2018 - 15:57) жазган:

Мунунар "издейм сени" абженер го. Жазуу стили точь в точь ошонуку. Мунун секси экенин билбей журуппуз))).

Точно ошо мен оо качан эле айтып отком.))
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   bema_bema   29 Декабрь 2018 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жон эле окуп койгулачы айланайындар, беш кол тен эмесда. Чын эле баардык жакшы жаман адамдар кайдан чыгат,бул жомок болсо .Жашоодо угуп эле журом туугандар бирин бири суйуп калып качып кетип уйлонуп алгандарды. Тообо кылдымго бирок, бир китептен окуганым бар эле кайненесине куйо баласы ойнош болуп экоо качып кеткен.Ошон учун китеп деле жашоодон алынып коркомдолуп жазылат болуш керек.Чын эле ичиндеги нерселерди бироого айталбай,бул жакта эч ким тааныбайт деп жазып жаткандыр.Жомокбу же жашоодон алынганбы окуп коюп кете берели тема аягына чыккыча,дайыма эле тема жарымдаганда беттен алып бутпой калат темалар.Ким калп айтса ,зынаа кылса баарыбыз эле билсек керек наркы дуйного барганда кандай жооп беришти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   AKKORD__2019   03 Январь 2019 - 02:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 02 Январь 19
  • Соңку аракети: 14 Июн 2020 16:03

Уландысын кутуудомун улам карап коем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   nazgul20   11 Январь 2019 - 11:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 06 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Дек 2019 16:51


Анан эмне болдунар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Bulak25   11 Январь 2019 - 12:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 04 Июнь 17
  • Соңку аракети: 18 Фев 2021 08:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Лондон

Менда кутуп жатам, жакшы жака чечишип алгыла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Jamka2013   11 Январь 2019 - 14:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 01 Февраль 18
  • Соңку аракети: 09 Фев 2021 22:11
  • Жынысы:Белгисиз

каникул буттуго , может чечишип атышат ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   zhesika   12 Январь 2019 - 23:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Салам досторум. Апам Башатаган нерсенди аягына чык , чала өлгөн жыландай калтырба деп коп эле айтып калат. Анын сынарындай мен да бул жакка жашоомдо эмнелер болуп жатканын, андан ары окуя кайсы нукка өзгөргөнүн жазып чыгууну туура көрдүм. Айылда жумуш көп бул жакка көптөн бери кире алган жокмун. Эмесе сөз башынан болсун. Ошентип айылды көздөй жол тарттым. Бир чети кубанып, бир чети кайгырып жан-дүйнөм менен келе жаттым. Кубанганым ата-энем менен жолугаарым болсо, кайгырганым мындан ары Аманды көрбөй калчудай ичим тызылдайт. Айнекти телмире тиктеп айланага көз салымыш болом. Аман эмне деп айтат болду экен? Ата-энеси кандай кабыл алат? Менин ата-энемчи? Башымда мин түркүн суроолор. Студенттер экзамендик суроолордон коркобуз го адатта, турмуштун сыноосунун суроолору мынчалык оор болоорун билбепмин. Түш ооп калганда айылыма жакындап калдык. Жакындаган сайын болгон чындык ачылып калгандай ичимден кызыктай болдум. Түйшөлүп, толкунданып келе жаттым. Биздин үй айылдын чет тарабында жайгашкан. Бирок чон жолго жакын болгондуктан маршуруткадан түшө калып эле эки үч минутада жетип келесин. Ар бир үйдөн коюу түтүн чыгып эмнегедир мен кичинемде таркан сүрөттөрдү элестетти. Анткени менн үйлөрдү тартып анан түтүн чыккычынан буралтып буралтып түтүн тартчумун. Үйдүн алдына келгенде апам сыртта жүрүптүр. Алтыным апам жалынып жалбарып тосуп алып, синдим чуркап чыкты. Атам иним үйдө жок экен. Апам бир нерсени сезгендей "Эмнеге өнүнөн асып кеткенсин карагым,Экзамен деп атып кыйналгансын го" деди. Эх ошол экзамендин айынан кыйналып атсам гана апа, бул көр сүйүүнүн азабы деп жибергим келди. Кеч киргенде баардык үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп бир дастаркондо отуруп бактылуу эле болуп отуруп калдык. Чынында бакыт ушунда эмеспи, атам апам бир туугандарым баарыбыз чоогубуз. Апам адаттагысындай болгон ашын жайнатып кубанып жүрөт. Атам болсо менин окуум боюнча сурап бүтө албай жатты. Үй-бүлөмө алаксып ичтеги көйгөйүмдү унута түшкөнүм менен тааженемдин чалышы жүрөгүмдү зырп эттирди. -Албина жакшы жеттинби? Үйдөгүлөр кандай жатышыптыр? дегенде жүрөгүм ылдыйлады. Амандын атасы келмейинче жаны жыл өтмөйүнчө айтпаарын билсем да эмнегедир чоочуп кеткениме ичимен күлкүм келди.
Аман болсо телефонумдун жанын койбой жазат. Чалбай жазышабыз деп сүйлөштүк эле. Түн бир оокумга чейин смс жазышып чыгабыз. Сени бир күн көрбөсөм сагынат экенмин дейт. Мен бул сөзүнө ишендим. Анткени мен да аны бир күн тургай айылга жолго чыккандан баштап сагынганымды эч жашыра албайм.
Эртен менен көзүмдү ачсам мени уктасын дегенби ойготпой апамдар оозгу бөлмөдө чай ичип атышыптыр. Өз үйүн өлөн төшөгүн деп айтылгандай жупуну болсо да ар бир адамдын өз үйү кандай жагымдуу, жылуулук тартуулайт эмеспи. Эртен мененки тамакты ичип болуп апам экөөбүз жаны жылдык дасторконго даярданууга кириштик. Таекемдин үйүндө жүргөндө үйрөнгөн салаттарымды жазасам апам сүйүнүп да сыймыктанып да калды. Мени сагынып калган синдим жанымдан чыкпайт. Ага атам кичинекей балаты коюп бериптир. Айтор баардыгы ойдогудай. Апам экөөбүз сүйлөшүп атып эле бир нерсени бат эле бүтүп коймой адатыбыз бар. Бул жолу да сөзүбүз бүтпөй. Сөзүбүз эле университет, шаар, студенттер, айылдагы жанылыктар анан албетте таекемдин үй-бүлөөсү. Менин максатым да сөз тизгинин таекемдикине буруу эле. Эмне кылам андан башка. Балким Амандын бакма бала экендигин апам билет чыгаар,. Бир убакта апама "апа, Аман таекемдин багып алган баласы беле?" десем, апам күтүүсүз берилген суроомо чоочуп кетти. -Эмне дейт, ким айтты сага деди кабагын чытый. -Аман өзү айтты дедим . Сага аны эмне болуп айтып жүрөт деп апам алда нени шекшигендей суроолор менен жаадырып жатты. Аман мага кээде сырларын айтып калат деп койдум. Максатым да ушул эле эптеп апамды жакынкы аралыкта угулчу ачуу чындыкка даядоо эле. - Байкуш иним эч эле балалуу боло албай жүрүп аргасыздан Аманды багып алышкан. Бирок бул жөнүндө Аманды билбейт деп ойлоп жүргөнбүз да, эми эмне болор экен? деди апам. Бир чети Амандан уктум дебей эле койбой деп өзүмдү күнөөлү сезип кеттим да апамды азда болсо тынчтандыруу максатында "Ой апа эч нерсе өзгөрбөйт, бакма бала болгон күндө да Амандын ата-энесин кандай гана жакшы көрөөрүн билем го дедим. Апамды дароо э ой басып кеткенин байкадым. Бир топко чейин унчукпай турду да "Амандын өзү туурасында билип калганын тааженене айтпай эле кой, алардын ички үй-бүлөөлүк маселесине аралашпа" деди. Байкуш апам мен алардын негизги үй-бүлөлүк көйгөйү экендигим кайдан билсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   zhesika   13 Январь 2019 - 00:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Жаны жылга да саналуу мүнөттөр калды. Өтүп бара жаткан жыл мен үчүн көп эле сюрприздерди көргөздү. Тагыраагы аларды мен өзүм тандап алгандаймын. Антсе да өзүмдүн тунук сүйүүм Аман менен түбөлүккө бирге болууга шерттештик. Бул мен үчүн маанилүү. Деген менен бир тараптан апам бир тараптан анын карачечекей иниси жан дүйнөмдү эншерип санаага тартат. Тагдыр мага бир колуна ар намысты бир колуна да тунук сүйүүмдү кармап келип "бирөөнү танда" деп жылмайып карап тургандай. ооба мен сүйүүмдү, тагыраагы Аманды тандадым.
Жаны жыл негизи үй-бүлөлүк майрам эмеспи, сыртта суук чыкыроон болуп турса да үй ичин атанын балага, эненин кызына , бир туугандарынын бири-бирине болгон сүйүүсү, мээрими жылуулукка бөлөп тургандай. Ооба эми жалысынан алганда ушундай, а бирок майрамдын шааниси менен ашкере арак шарапка тоюп алып ыпылас иштерди кылгандар да жок эмес денизчи. Ал эми бир четте калсын. Биздин үй-бүлөдө болсо апамдын берекелүү колунан жайылган дастаркондун чекесинде баарыбыз отуруп жакшы тилектерди айтып кубанып жаттык. Чачтарын ак басып келе жаткан ата апамды көрүп "убакыт токто шашпа, ата-апам көп жашаса экен,"дегим келет. Алардын амандыгын, ден-соолугун кудайдан тилеп жаттым. Инимдин да эр жетип келе жатканын, синдим эркем Алисанын боюунун өсүп калганын байкадым. Билбейм бул жолу негедир көп жылдардан бери аларды көрбөгөндөй болуп жаттым. Ошентип жаны жылды да тосуп алдык. Бардык үйлөрдө болгондой эле манты эн башкы тамактардын бири болду.
Аман экөөбүз болсо түн бир оокумга чейин жазышып бири бирибизди жаны жылыбыз менен куттукташып жаттык. Алар да үй-бұлөсү менен чогу тосушуптур. Таекем да шаарга барыптыр. Аман болсо "Коенум, коркогум, эртен мен сени сүйүп калганымды айтам" дегенде жанымды коерго жер таппай кеттим. Ал күнү ой басып уктаган жокмун. Адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Ыйлап жаткан апам, мени жаман көзү менен карап жаткан атам таекем деги койчу эмнелер гана. Бирок Аман болгон чындыкты айтпайт. Бир гана сүйүп калганын, менсиз жашай албасын айтат. Ортобузда болгондорду айтпай турган болгон. Антсе да кандай кабыл алаарын билбегенден кийин абдан кыйын экен. Мына ушул жерден мен өзүмдүн чон ката кетирип алганым сездим. Жыныстык катнашта болбосом мынчалык оор болбойт эле. Сүйүүм үчүн башка жол менен деле күрөшсөм болбойт беле....
Эртеси күнү апам бир нерсени сезгендей "жүрүчү бул жакка кызым деп төркү үйгө чакырып алды", не боду апа деп эч нерсе билбеген кишидей артына ээрчий бастым. Аман ата-энесине айткан го деп жүрөгүмдүн кагышы катуулап жатты. "Кызым мен кечээ сенин сөзүнөн кийин уктабай чыктым ар нерсени ойлоп, сенин Аман менен ортондо эч нерсе жокпу, эмнеге ал бир гана сага ал сырын айтыш керек, жаны жыл күнү ар нерсени айтпайын дедим деди. "Жок апа, эмнеге" деп туруп калдым. "Болду кызым сен шаарга жакшы эле көнүп калдын, шаарга барганда квартирага кыздар менен чыгып кет". деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Bulak25   13 Январь 2019 - 15:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 04 Июнь 17
  • Соңку аракети: 18 Фев 2021 08:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Лондон

Вааай анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Zaatulilm   13 Январь 2019 - 15:59

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 19 Июнь 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 17:31

Мурда эле чыгарып салса болбойт беле. Болоору болуп боёгу кангандан кийин " кыздар менен чыгып кет дебей" !!!!
Кыз бала эркек киши бар уйдо турбаш керек АТА ЭНЕЛЕР !!!!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Zaatulilm: 13 Январь 2019 - 16:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Lukman-Hakim   13 Январь 2019 - 16:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 09 Июл 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар өлкөсү!

Просмотр сообщения Zaatulilm (13 Январь 2019 - 15:59) жазган:

Мурда эле чыгарып салса болбойт беле. Болоору болуп боёгу кангандан кийин " кыздар менен чыгып кет дебей" !!!!
Кыз бала эркек киши бар уйдо тубаш керек АТА ЭНЕЛЕР !!!!! !

Бир тууган инисинин үйү болуп жатса кыжаалат болчу беле, баласы менен кызынын "арам ойлорун" ата-энелери, тагыраагы бир туугандар кайдан билишсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Zaatulilm   13 Январь 2019 - 16:09

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 19 Июнь 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 17:31

Бир тууган инисинин үйү болуп жатса кыжаалат болчу беле, баласы менен кызынын "арам ойлорун" ата-энелери, тагыраагы бир туугандар кайдан билишсин.

Эркек адамда да, аял кишиде дагы Кудай тарабынан берилген табият болот, бири бирине тартылат. Бир туугандын балдары уйлонсо деле арам эмес, шарият боюнча адал. Автор айтып жатат го: "сезимдерим башталганда чыгып кетейин десем ата энем болбой койду"- деп.
Тем более, ал бакма бала экенин билгенден кийин такыр жашатпаш керек болчу !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   zhesika   14 Январь 2019 - 20:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Ал күнү өзүмдү коерго жер таппай кызыктай абалда эле жүрдүм. Оюмдун баары Аманда, айтты беккен? Же ынгайлуу учурду таппай жүрдү бекен? Айтоор мин түркүн ойлор. Апамды караштан уялам . Биздин чындыкты билип алгансып ал деле мага башкача мамиле кылып жатты. Баары бир эненин жүрөгү сезет деген чын белем. Апамды бир заматта ой басып кеткенин байкадым. Бир гана менин айланчыктап жанымдан чыкпаган синдим арк айсыны сүйлөп көнүлүмдү көтөргөнн болот. Иним болсо кыйла бой жетип атамдын колуна кол бутуна бут болуп калыптыр. Алар көбүнчө малдарды тейлөө менен сырт жумуштар менен алек. Апама кичинемде ичимде эмне болсо төкпөй чачпай айтып берээр элем. Дайыма ушул боюнча калат деп ойлочумун. Эмне көйгөйүм болсо апама айтам, апам болсо атама айтып дипломатиялык жол менен жайгарып ийген жайы бар эле. Анда эмне мынчалык кыйналып түйшөлткөн деле көйгөй жок. Майда барат адатта баардык окуучуда болгон эле көйгөйлөр да. Бул жолу чындыкты сураган апама болгонун айтууга дитим барбады. Өтмүш өкүнүчкө гана себеп болот. Өзгөртө албаган сон капка ийнени каткандай кыжаалат болуп жаттым. Амандан болсо дайын жок. Жазсам да жооп жок. Окуп коюп жооп жазбайт. Ал сени колдонуп тыштап кетет деген сөздөр кулагыма жанырып жаткандай ыйлагым келди. Ардандым анын сүйүүсү бир эле кумар үчүн беле? Акмакмындеп өзүмдү өзүм жемелеп жаттым. Жок дегенде жооп жазып койсо болот эле го. Бирок ички туюмумда ал үйдө бир нерсе болуп жатканын сезип жаттым. Демек Амандын үй-бүлөсү каршы болгон. Же Аман мени таптакыр сүйбөйт. Бир гана кумар үчүн жүргөн. Ата-энесинин каршы болоору башында кадыресе көрүнүш го.
Ошол күнү кошуналар бир биринин үйүнө кирип жаны жылдык майрамдар да уланып жаткан. Бир убакта апам чалып "Кызым, дастарконду даярдай бер, кошуналар бир аздан кийин барышат" деди. Мурун ушундай берилүү менен дасторкон даярдоону жакшы көрөт элем. Апам да мага бул жаатта камчы салдырбасыма ишенип көп деле кийлигише берчү эмес. Бул жолу эмне коюп, эмне кылып даярдап жатканым менен ишим жок. Көнүлсүз аны коюп муну алып бөлмөдө басып жүрдүм. Мени менен кошо жарыша кубана күлгөн синдиме калп жылмайып койгонум бобосо анын суроолрунун бири кирсе мээме бири кирбейт. Ангыча кошуналар келип үй ичи жандана түштү. Алыскы туугандан жакынкы кошуна өтөт дп жөн жеринен айтылбаса керек. Баары өз кызындай менин чекемден сүйүп учурашып жатышты. Алардын арасында дайыма мени өз уулуна алып берем дей берген Бермет эже "Ой Албина күндөн күнгө кулпуруп супсулуу эле болуп баратасын, балам сени эле күтүп жүргөндөй үйлөнбөйт деди тамаша чыны аралаш. Анын сөзүн Каным апа улай " Апасын тарткан да, жаш кезинде келин болуп келгенде супсулуу болчу" деди. Алардын берген суроолоруна кыска жооп берип жаттым.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Bulak25   14 Январь 2019 - 21:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 04 Июнь 17
  • Соңку аракети: 18 Фев 2021 08:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Лондон

Дагы уланта кал каралдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   zhesika   14 Январь 2019 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06


Ошол учурда апамдын телефонуна кимдир бирөө чалып калды. Апам "кызым чай куюп тур " деп башка бөлмөгө кирип кетти. Тааженем чалганын болжолдодум да жүрөгүм зырп деп кетти. Апам улам көпкө чейин келбеген сайын сөз эмне жөнүндө болуп жатат. ой жаным ай, Аман чын эле айтканбы? Таженем кызынар мындан ары биздин үйдө жашабасын деп жатабы? Айтор жообун билбеген суроолор жана өзүм менен өзүм алпурушуп кыйналган мен. Балким беш мүнөт балким он мүнөт сүйлөштүбү билбейм бул мен үчүн жылга тете болду. Апам эшикти ачып кирип келгенде анын жүзүнөн болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнү байкадым. Бети куба тартып, маанайын билгизбегенге аракет кылганы менен кошуналарды карап калп күлгөнү байкалып турду. Алтын апам ушундай акылман аял, кандай абал болбосун үй-бүлөлүк маселелерди сыртка чыгарбай жашырып жайгарганга аракет кылат. Үй-бүлөдөгү аялдын орду да мына ушундадыр. Жаманды жашырып жакшыны ашырып турганындадыр. кызым кызым деп турчу апам бул жолу мени карап да койгон жок. Кошуналар менен сүйлөшүп кадыресе мурдагыдай абалга келип калды. Кошуналар чыгып кетээри менен апам мени аяп да жек көрүп да карап жаткандай сезилди. "Жүрү тигил үйгө сүйлөшөлү" деди апам өктөм үн менен. Сен бул жакта отуруп тур деди синдиме.
Бөлмөгө кирээрим менен ачуусу келип аран карманып турган апам "Эл караган бетимди жер караттын, бул эмне кылганын" деди. Апа, дегиче болбой жаактан ары тартып жиберди. Ишенесинерби? Бул апамдын алгачкы жолу мени чабышы эле. Кичинекейимде сөз менен айтып катуу эле кармаганы менен деги эле чапканын көрбөпмүн. Жаагым ысып ансыз да көптөн бери топтолуп турган жашым көзүмөн ылдый куюлуп жатты. Апамдын мени чабышы менин жарамды бир азда женилдеткендей болду. "Аман сени сүйүп калганын сен да аны сүйөөрүндү айтыпсын, ушул чынбы? Акмак, ал неме атасы менен урушуп машинасы менен үйдөн чыгып кетиптир. Ал жөн эле айтты туурабы? Сен муну билбейсин туурабы? Акмак ашыкча эркелетип тарбиялашкан да, мына жыйынтыгы деп байкуш апам менден күнөөнү алып коюга аракет кылып жатты. "Ачыгын айт ортонордо эч нерсе болгон жок туурабы" деп мага караганда " аргасыздан "ортобузда эч нерсе жок бирок апа мен аны жакшы көрөм деп жибердим. баятан бери мен тараптан мындай нерсе болбой турганын күтүп жаткан апам башына таяк жеген немедей селдейип туруп калды. "кызым сен ушуга татыктуу белен деди апам ыйламсырай. Сыймыктанчу элем го. Ал менин жалгыз бир тууганым го, эгер Аманга бир нерсе болсо кандай күн болот. Телефонуна жооп жазбай жатыптыр. Бул эмне деген шумдук. Ангыча эшик шарт ачылып атам кирип келип экөөбүздүн түрүбүздү көрүп "Тынччылыкпы силерге эмне болду?" деди, Мен ыйлаган боюнча өз бөлмөмө чуркап кирип кеттим. Атамды көрүп жерге кирип кетейин дедим го. Алтыным апама бул жолуда атам экөөбүзгө ортомчу болууга туура келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Ramina-malina   14 Январь 2019 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 09 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 20:27

ииий акмак,суйуп калсан мейли эле....бирок эрди-катындай кумарга батып жургонунчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   zhesika   14 Январь 2019 - 22:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Ошол боюнча бөлмөмдөн чыкпай бүк түшүп жаттым. Телефонумду карасам Аман дагы эле жазбаптыр. Эми баарына кайыл болуп Амандын амандыгын тилеп жаттым. Мейли экөөбүз бирге болбосок да бар болсо экен. Мен баарына кайылмын, бир гана сүйгөнүмө эч нерсе болбосо экен деп тиленип жаттым. Оюма ар кандай жаман нерселер келип туруп алды. Балким ачуусу менен машинаны катуу айдап авария болсо эмне болот. Мунун баары менин айыман деп ыйлап жаттым. Кайрадан Аманга жаза баштадым. "Аман өзүнө сак бол жаным, мейли бир болбосок да сага эч нерсе болбосун. Экөөбүздүн ортобузда болгондорду эч ким билбесин. Сенин бар экенин мага жетиштүү. Мен ошого ыраазымын, кайдасын? Үйүнө кайт, сага сарсанаа болуп жатышыптыр. " Аман бир топтон кийин "А мен сенсиз жашай албайм го, коенум, билесин го. Мен сенсиз ал үйдүн босогосун аттабайм. Атам биздин сүйүүбүзгө жол берген жок. Токтот деди. Буларды окуп ыйлап да жаттым кайра жооп да жазып жаттым. Андан башка жазгандарыма жооп берген жок. Аркы бөлмөдө болсо атамдар сүйлөшүп жатышты. Апамдын ыйлап жатканын угуп менин ошол арсыз сүйүүм алтыыным апакемдин бир тамчы жашына арзыйт беле? деген суроо келди. Аманга чалдым, алган жок. Экөөбүздүн сүйүүбүз биздин үй-бүлөөлүрүбүзгбө оор болоорун билгем бирок мынчалык оор болоорун билбеген экем.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Lukman-Hakim   14 Январь 2019 - 22:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 09 Июл 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар өлкөсү!

Фантазияң ушул элеби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   zhesika   14 Январь 2019 - 22:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Жанымда баятан бери мени аяп карап жаткан синдимди көрүп "Кичинекей жөжөм сага эжендикиндей сүйүү бербесе экен. Сен да апамды мен сыякту ыйлатпасан экен" дегим келди. Байкушум "Эже ыйлабанызчы" деп жашымды аарчып коет. Аркы бөлмөдө болсо атамдын апама кыйкырган үндөрү угулуп жатты. "Ининдин баласы эмне болсо ошо болсун, эси жок, менин кызым болду алардын үйүндө турбайт. Мындан жаман нерсе болсо эмне болмок, ошону ойлондунбу? Атасы менен урушуптур, чыгып кетиптир. Ал өздөрүнүн проблемасы" деп буркан шаркан түшүп жаткан атама "Кызын да аны сүйөм деп жатпайбы деп ыйлап жиберди апам. "Эмне дедин?" деп чоочуп кеткен атамдын үнү басандай түштү. Ах кызым эмне кылдын деп сүйлөндү атам. Чакыр кызынды дегенде жүрөгүм болк дей түштү. Эми аны эмне кыласын, менин таягымды жеп ансызда оор болуп турат. Атанын катуу сөзү тийбесин деди байкуш апам. "Сен аяп калкалап жүрүп ушу болду деди да эшиктер тарс жабылып сыртка чыккандай болду. Ызы-чуу болгон үй ичи бир заматтын ичинде кунарсыз тынчтыкка айланды. Жашоо токтоп калгандай болду. Эми мен баарына кайыл элем. Аман экөөбүздүн ортобуздагы нерселер ошол бойдон сыр бойдон калса да мейли. Бир гана анын амандыгы мага керек эле. Ал үчүн өмүр бою жарсыз өтүүгө даяр элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   General.kg   14 Январь 2019 - 22:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Бу секелек "ирасссакам" образга кирип кеттигоо.

- Өөөй чоң кыз ойгон))

Билдирүүнү түзөткөн: General.kg: 14 Январь 2019 - 22:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 06:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: