Суперстан: Тунгуюк сүйүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тунгуюк сүйүү Таякемдин уулун сүйүп калдым

#21 Пользователь офлайн   Defend.   17 Декабрь 2018 - 14:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 518
  • Катталган: 19 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2019 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мекен Чегинде

Жакшы тарбия алган кыздын кылганы ушул болсо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   zhesika   17 Декабрь 2018 - 15:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Тааженем экөөбүз өтө жакынбыз. Балким кызы болбогондуктанбы айтор мени апамдай эле эркелетип турат. Мен да ага жан дилим менен жардам берем. Үйдү тазалоо, кир жуу, идиш аяктар, дээрлик үй иштери менин милдетим. Бая күнү тааженем менен сүйлөшүп отуруп Аман жөнүндө сөз болуп кетти. Тааженем айтат. -Аман негизи чет мамлекеттен окугусу келген. Бирок таякен экөөбүз каршы болдук. Жалгыз балабыз болсо аны чет элге жиберип жалгыз калмак белек. Кыргызстандан деле жакшы билим алууга болот го. Мен ичимден чет мамлекетке кетип калганда мындай абалга туш болбойт белем деп ойлоп кеттим. -Анан жене качан келиндүү болоюн деп атасынар дедим сыр алдырбай. - Аны мен көптөн бери эле ойлонуп келе жатам. Тилегеним да ошол жакшы жерден келиндүү болсом деген. Аман качан алып келем десе биз даярбыз. Бирок билбейм деги анын сүйлөшкөн кызы бар болду бекен? деди тааженем ойлуу. Билбейм дедим. Ичим от менен жалын. Тааженем мени кабыл албачудай туюм калтырды.
Эх Аман Аман мени кынадын го, же сени таштап кете албайм, же ата-энеме айта албайм. Анда да мендегидей эле абал. Сүйөөрүн көздөрүнөн сезип турам. Ал көбүнчө коенум деп эркелет, мен болсо ага окшоштуруп арстаным деп коем. Бирок сүйүүбүз көпкө узабаарын билем. Азырынча бактылуу боло туралы. Анын кучагында өзүмдү алсыз сезе турайын. Анын кен далысына башымды жөлөп эркелеп алайын. Өзүмдү ага тапшыра турайын. Анын ысык эриндерине эриндеримди тийгизип мас боло турайын.. Кумарлуу көздөрүнө тигилип мен сени сүйөм арстаным дей турайын....
Билесинерби, болгон чындыкты айткан күндө эле андан айрылып калчудай корком. Ошондуктан өзүмдү өзүм алдап, бул бакытты бир азда узартуунун амалын ойлоп келем. Бир күнү аны менен кош айтышып өз жолума түшсөмбү дейм. Балким башка бирөөнү Аманчалык сүйө албасам да мени сүйгөн бирөөнө турмушка чыгаармын деп ойлоп кетем да өз оюмдан өзүм жиркенип кетем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   zhesika   17 Декабрь 2018 - 15:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Аманды унутуунун башка жолдорун да карап көрдүм. Атайы балдар менен сүйлөшүп көрдүм. Бакыт аттуу группалашым бар, менин али күнгө чейин артымдан чуркап жүрөт. Эмнегедир ага көнүлүм эч чаппай койду. Өтө жакшы бала, ыймандуу, акылдуу... Бирок Амандын алдында ал эч нерсеге татыбайт. Балким Бакытты сүйүп кетээрмин деген ой менен да сүйлөшүп көрдүм. Сабактан чыкканда чогуу көнүл ачуучу жайларга барып жүрдүк. Жаман ойлобонуздар аны менен ортобузда эч нерсе болгон жок. Бакыт мага арбалып калды көрүнөт. Күндө сабактан кийин менин кабак кашымды карап кай жакка барып келели деп турат. Чынында ага болгон эч кандай сезимим ойгонбой койду. Бакыт алтыным мен сени бирөөнү унутуш үчүн колдонуп жүрөм деп кантип айтам. Ал сен жан дүйнөсү таза кызсын; акылдуусун мени сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын деген сөздөрүн укканда аны аяп кетем. Менин теним ушул болуп жүрбөсүн дейм. бирок үйгө келгенде Аманды көргөндө ал сөзүм жөн гана өзүмдү сооротуум экенин түшүнөм. Аман бөлмөмө кирип келгенде Бакыттын б тамгасы да эсимде калбайт.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Rolly   17 Декабрь 2018 - 17:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 09 Февраль 18
  • Соңку аракети: 03 Апр 2020 15:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Пекин

Автор, Бакыт деген жигиттин убалына калба, аны эртерээк бошот. Сен азыркы турпатында сулуусун жана жашсын ошон үчүн Бакыт дагы сенден баш айланып сокур сезим менен жүрөт жанында. Ал дагы бир күнү сенин колдонуп жатканынды түшүнсө өтө оор болот. Биринчи кезекте бүт аялзатын сендей көрүп, оор сокку урулат жан дүйнөсүнө. Ошон үчүн үмүт бербей бошот. Злоупотребление болуп жатат сен тараптан. Ал эми Аман болсо болгону 22 жашта экен. Бул куракта олуттуу турмуштук ойжүгүрткөн, толук кандуу турмашка быша турган адам катары баалоого болбойт. Тем более ал даяр үй, даяр аштын үстүндө чонойгон жигит экен. Силердин жашынар эле айтып турат азыр только сезим менеен жашап жатканынарды, качан акыл калчаганда өз абийиринердин алдында өтө уят болосунар. Ошондуктан болору болуптур, тезирээк чечкиле. Ата-эненерге бир убакта билдирип айткыла. Антпесе, сенин дагы Амандын дагы ата-энеси түгөй издеп башташат, Амандыкы точно издешет, анткени ал жалгыз бала. Эгер алар тапса абалын азыркыдан да оор болот. Түшүнөм, сүйүү, кумар азыр өтө күчтүү болуп турган чак, бирок бул көз ирмем гана. Эгер ушул бойдон жүрө берсенер, Төмөнкүдөй варианттар болот: 1. Аман экоондун кылыгын билинет, уят болуп, экоон эле эмес, ата-эненерда бет карашпай калат и биринчи кезекте сенин абийир төгүлөт апан уят болот сен үчүн))) 2. Амандын ата-энеси башканы таап үйлөнтөбүз дейт, анан Амандын үйбүлөсүндө конфликт болоот.)))3. Амандын сенден кызыгы тарап, сени таштайт (эгер сен ушинтип үлдүрөп поцелуй менен постелге башын айланып жүргөндө, башкалар деле аны карайт, Кыргызстанда азыр кыз толтура, ошоентип, сүйүүдөн да жок, күйөөдөн да жок каласын, психикан бузулуп, эркек аттуунун баарын жек көрүп))) 4.Все таки надеюсь, что Аман эркектик кылып, тез реакция кылып, ата-энесине айтып сага үйлөнөт жана мен дагы сүйүүнү баалаган адам катары ушундай happy endди каалайт элем. Туугандык мамиле тоскоол болот деген менен сенин канын башка Чисто Амандардын үйбүлөсү үчүн, анткени сен жээнсин, тарыхта жээн менен таякенин балдары үйлонгон учур көп. Эгер генден чочуласанар, сөзсүз резус-фактор кан анализ тапшыргыла. Анан автор , кийин эмне блгонун форумга калтырып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   n.nurzina   17 Декабрь 2018 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 882
  • Катталган: 23 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Фев 2022 19:12
  • Жынысы:Аялзаты

Болосу менен болгон суйуубу. Адашпасам инстограммдан кордум окшойт.
Болом менен суйушуп кеттик кенеш кутом деппи кордум окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Berliane123454   17 Декабрь 2018 - 17:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 142
  • Катталган: 10 Июль 17
  • Соңку аракети: 14 Авг 2019 21:16
  • Жынысы:Аялзаты

Кыныр иш кырк жылда билинет дейт, ошондуктан эртерээк убакытты уттурбай ата-энеге айткан он го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Lukman-Hakim   17 Декабрь 2018 - 17:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 17 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 09 Июл 2019 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мусулмандар өлкөсү!

Просмотр сообщения zhesika (17 Декабрь 2018 - 15:46) жазган:

Аманды унутуунун башка жолдорун да карап көрдүм. Атайы балдар менен сүйлөшүп көрдүм. Бакыт аттуу группалашым бар, менин али күнгө чейин артымдан чуркап жүрөт. Эмнегедир ага көнүлүм эч чаппай койду. Өтө жакшы бала, ыймандуу, акылдуу... Бирок Амандын алдында ал эч нерсеге татыбайт. Балким Бакытты сүйүп кетээрмин деген ой менен да сүйлөшүп көрдүм. Сабактан чыкканда чогуу көнүл ачуучу жайларга барып жүрдүк. Жаман ойлобонуздар аны менен ортобузда эч нерсе болгон жок. Бакыт мага арбалып калды көрүнөт. Күндө сабактан кийин менин кабак кашымды карап кай жакка барып келели деп турат. Чынында ага болгон эч кандай сезимим ойгонбой койду. Бакыт алтыным мен сени бирөөнү унутуш үчүн колдонуп жүрөм деп кантип айтам. Ал сен жан дүйнөсү таза кызсын; акылдуусун мени сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын деген сөздөрүн укканда аны аяп кетем. Менин теним ушул болуп жүрбөсүн дейм. бирок үйгө келгенде Аманды көргөндө ал сөзүм жөн гана өзүмдү сооротуум экенин түшүнөм. Аман бөлмөмө кирип келгенде Бакыттын б тамгасы да эсимде калбайт.

Аял киши ар намысын кайсы эркекке арнаса ошол эркек эсинен кетпейт, өмүр бою унутпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   bikusim   17 Декабрь 2018 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Болосу менен турмуш кургандар бар. Менин байкелерим болосун алган бир тууган эле. Тайкелери менен болобу жокбу билбейт экем. Айтып кенешип коргуло ата эненер менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Makain   17 Декабрь 2018 - 18:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 25 Май 2021 23:32

Ачык айтыңыз бетиңерди ачып алгыла эч ким каршы болбойт деген ойдомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   bessmertiy   17 Декабрь 2018 - 18:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 862
  • Катталган: 07 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Дек 2023 15:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кемпиримдин журогу

Бакыт менен жүргөнүңдү Аман билсе бактылуу күндөрүңдүн бүткөнү ошол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   meDaline   17 Декабрь 2018 - 19:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 18 Июль 18
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы

Амандын эрки кучтуу болсо айтмак, ачыктамак ушул маалга чейин. Айткан кундо да сени коргоп кетуусуно козум жетпейт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Feriha   17 Декабрь 2018 - 20:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 170
  • Катталган: 03 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Янв 2019 01:00

Боло эмес экен булар таеке жээндер экен.Таеке жээндер уйлонуп жашап аткандар бар го.Бирок Аман бакма бала экен ойлонбой айтып ата эненерге уйлонуп ала бергиле.Туурасын болгондой айтсанар эле алар деле уйлондургонго шашылса керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Arinsa   17 Декабрь 2018 - 20:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өз убалың өзүңө да.
Ушул сүйүү деп аттаган көр сезимиң өмүр бою адамдык абийриңди кыйнайт.Чын эле абийриң болсо.Кийин түшүнөсүң,өкүнөсүң.
Айтаарым өзүңөр бышыргын ашты өзүңөр жегиле.
Эртең Бакытка окшогон бирөөнү сыздатпа.Бактылуу кылганга көзүң жетсе башка адамга турмушка чык.Ошол Бакытты да бир ата-эне жакшы үмүт менен Бакыт койгон!
Өзүңө өзүң эркиң жетпесе,биздин айткандан пайда жок.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Yago.limon   17 Декабрь 2018 - 22:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 827
  • Катталган: 17 Май 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыстамын

Сиз ата-эненизди аяп нетпей эле,коркуп атасыз го дейм.Аяп атам дегениз бул шылтоо,жуйолуу шылтоо.Эртеби кечпи айтчу нерсе,билинчу нерсекен эми эзилгенден пайда жок.Устоко-босток окунуп калалекте ачыка чыккыла демекмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   begim1002   18 Декабрь 2018 - 09:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 09 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 02 Дек 2019 10:42
  • Жынысы:Белгисиз

Таба эмес тооообоооо. Кыз баланы турмушка узаткыча жанында болот окшойбуз. Эми темага келсем силер ото жаш экенсинер. Азыр жон гана кумарга азгырылып жатасынар. Турмуш деген бул ТУР анан МУШ деген соз. Апана айт тушунот. Кантседа эне.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   zhesika   19 Декабрь 2018 - 01:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Акыл айтып кенеш бергендерге чоон рахмат. Урушуп сөккөндөрдү да туура кабыл алдым. Мен бул жакка кирип бат баттан карап атам. Жакшыраак бир кенеш болуп калабы деп акмалайм. Ар бириниздердин жазганыныздардан ар кандай сабак алып жатам. Кичине болсо да чыйралып бул нерсеге өзүм гана күнөөлүү экендигин түшүндүм. Мен эми чечкиндүү кадам жазайын деп чечтим. Антпесе Ооруну жашырсан өлүм ашкерелейт болуп калаарына көзүм жетти. Жогоруда жазган Бакыт аттуу группалашым менен бүгүн сүйлөштүм. Ага менин аны сүйбөөрүмдү; менин турмушка чыга турган адамым бар экенин айттым. Бул жакты окуп кандай гана өзүмө күч топтодум. Бакыт түшүндү деп ойлойм. Анткени мен акыркы чекитти айттым. Мен башка менен жарандык никеде жашап жүрөм деп. Шок болгон абалда калды. Бул менин биринчи кадамым болду. Өзүм ушундай женилдеп калдым. Рахмат силерге. Кимге айтаарымды билбей дендароо болуп эле жүргөм. И баса кечээ түнү Аман дагы бөлмөмө кирип келиптир. Кумарга өлүп бараткан кишидей болбой өзүмдү токтотуп ага мынтип жүрө албайбыз. Сен айтпасан мына аен айтам десем; Сага эмне болгон деп коет. Аманда айтууга даяр болуп калды көрүнөт. Бир ынгайын ойлоп жатабыз. Силерден дагы кенеш күтөм. Кайсы убакта; кимге биринчи айтышыбыз керек, Экөөбүз чоогу айткан туурабы же өз өзүнчөбү?
Акырында айтаарым ооба мен ката кетирдим. Бирок ал катанын үстүнөн дагы ката кетирип албаш үчүн Аманга турмушка чыгышым керек экенин түшүндүм. Ага силер жардам бердинер дем бердинер. Жалпы синдилериме; деги эле турмушка чыга элек кыздарга эч качан мыйзамдуу түрдө үйлөнбөй туруп жыныстык катнашка барбагыла. Мен мунун азабын көп эле тартып келетам. Ата энердин үмүтүн тепселеген өтө жаман оор болот экен. Айрыкча өзүндүн абийириндин алдында кыйналасын. Ар биринерге тунук сүйүү каалайм.
Менин алдымда дагы көптөгөн сыноолор күтүп тураарын билем. Апам атам таекем тааженем кандай кабыл алаары сыр... Антсе да менин эртенки күндөн бир жакшылыктар күтүп тургандай өзүмдү бактылуу сезип кетем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   zhesika   19 Декабрь 2018 - 03:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Аманга

Сүйдүм сени, алсыз болдум багындым.
Сыноосуна чыдай албай жанылдым.
Билсен эгер самап, күтүп сагынып,
Бир сен үчүн мен баарына кайылмын.

Күлдүм кээде сыр алдырбай жалгандан,
Күздү күттүм үмүтүмө байланган.
Келип калаар биз самаган ошол күн,
Эми үмүтүм аппак карга айланган.


Карагандай туш тарабым жек көрүп,
Карбаластайм баарын ичтен өткөрүп.
Кайда биздин келечектүү жолубуз,
Кол кармашып чоогу издейли күчтөнүп.

Мен тандаган жолду сен да тандадын,
Моюнума алам сүйөөрүндөн танбадын.
Мерчемдүү күн келет улам жакындап,
Мезгил бизге даагы эмненди камдадын.

Апама
Алтын апам, балким сезди жүрөгүн,
Ара жолдо айлам таппай жүрөмүн.
Капысынан баспай турган жол бастым,
Кантем эми ошол болсо сүйөөрүм.

Алтын апам, арсыз кызын жанылды,
Аздык кылат берсем дагы жанымды.
Таякемдин уулун сүйүп көр болдум,
Тагдырыма балким ушул жазылды.

Алтын апам, актабадым үмүтүн.
Азап берген менин ушул күйүтүм.
Сүйүү, күтүү, кусалануу, сагынуу,
Айтчы апа, мунун баары ким үчүн!

Сүйлөшкөндө үнүндү угуп тайсалдайм,
Бул түйшөлүү качан бүтөт айталбайм.
Анткен менен, түшүнчү апа аргам жок,
Арнап койгон ак сүйүүмдөн кайталбайм.



Кээде ушинтип ыр жазып калам. Аман менен Апама арнаган ыррымды силер менен бөлүшкүм келди. Чынында буга чейин бугумду ырдан чыгарып, ырлар менен сырдашып келдим. Качан ыр жазганда женилдеп калам. Кудай буюрса Аман менен баш кошуп бактылуулуктун ырларын да жазып калаармын.










  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   bikusim   19 Декабрь 2018 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жашоодо Ким жанылбайт. Аман экоон бир чечимге келген сон. Аман ата энесине айтсын биринчи. Анын Ата энеси эмне деп жооп берет. Сени кабыл алабы жокбу. Эгер алар каршы туруп алышса, бул теманы жабууга туура келет. Сен ал уйдон кетишин керек. Алар макул болсо оздору сенин Ата энене айтып кондуруп алышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   zhesika   19 Декабрь 2018 - 14:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 15 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 01 Июн 2020 19:06

Азыр университеттин китепканасында отурам. Ооба китеп окуюн деп киргем. Алган китептерим мандайымда мени ачып качан окуйсун деген өндүү жабылган боюнча турат. А мен болсо ар кайсыны ойлонуп түйшөлүп, эртеним жөнүндө кабатырланып отурам. Мен кичинекейимден бери журналист болгум келчү. Өзгөчө карапайым элдин көйгөйүн чагылдырып алардын чечилишине аз да болсо салымымды кошкум келчү. Анткени мен Кыргызстандын эн четки айылдарында өстүм. Биздин айылдын көйгөйү таза суу маселеси. Али күнгө чейин чечилбей келет. Кыштын күндөрү чакабызды көтөрүп алып айылдагы жалгыз суу түтүгүнөн кезекке туруп суу ташыр элек. Сыналгыдан канчалаган миллиондордун жемкорлордун чөнтөгүнө кетип жаткандыгын чагылдырган теле берүүлөрдү көргөн сайын мен журналист болушум керек дечүмүн.
Ушул тилектерим мени калааны көздөй жетелеп келди. Кыйналбастан журналистика бөлүмүнө өтүп кеттим. Бирок силер билген тунгуюк сүйүүнүн торуна чалындым. Элдин көйгөйүн чагылдырмак тургай өз көйгөйүмдү жөндөй албай калдым.
Биздин коомубузда элдик көзөмөл болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Эл эмне дейт деген сөз биздин ар бир кадамыбызга таасир берип турат. Бул нерсенин жакшы да жаман да тарабы бар. Жакшы тарабы өзүндү коомго карап түздөп алардын сызган нравалык чегинен ашпай жүрүүнө себеп болонунда. Ал эми жаман тарабы адамды ашыры чектеп коет. Адам өзү үчүн эмес башкалар үчүн жашап калат. Муну менен эмне айткым келет. Аман экөөбүздүн, айрыкча менин коркконум биздин ата-энелерибиз Эл эмне дейт деген нерсеге катуу сугарылган.
Саат 14 ; 40 болду, Китепканада адаттагыдай студенттер өтө көп. Мени ушул сүйүндүрөт. Айрыкча биздин университетте . Бүгүн бул китептерди окуй албайт окшойм. Өзүмдү алдабай үйгө барып тааженеме жардам берейин. Калганын көрө жатаарбыз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Merelisha   19 Декабрь 2018 - 17:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Ушул теманы коргон сайын"Кантип шаштылары кетпейт?" -деп ойлоно берем да. Шарт шарт бутурчуу нерсени бутургуло да,бугун айттынар не,эртен айттынар не, бары бир кыныр билине турган иш. Ыссыгында чечишкиле тезирээк.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Июл 2025 09:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: