Бул баян мен үчүн баалуу инсанга арналат.
Баракча 1 - 1
Түбөлүк сагынычым. Жакшысыз, жакшы көрөм.
#2 15 Июль 2019 - 18:04
Өзүңдү кантсем кармап калаар экем,
Сен мага чексиз талаа закымысың.
Мен өтөөрмүн, өтөөрмүн, өтөөрмүн мен.
Түбөлүк сен каласың сагынычым.
Сен мага чексиз талаа закымысың.
Мен өтөөрмүн, өтөөрмүн, өтөөрмүн мен.
Түбөлүк сен каласың сагынычым.
#3 15 Июль 2019 - 18:22
Сиз экөөбүздүн таанышуубуз кызык болгон ,ээ...
Жүрөгүм сезчү, бир убак мен бирөөнү тымызын сүйөөрүмдү. Бирок, акылсыздык. Аны билем.
2014-жыл, кыш айлары.Уюлдук телефонума келген чалууну көрүп алдым.
Сиздин атыңызды айтып сурап калды. Дароо байкадым, диалект башка. Адашып түшүп калганын жана бул номер көптөн бери меники экенин айтып өчүрдүм. Ошол эле күнү кечке маал сиз чалдыңыз. Көрсө, мен көтөрүп жүргөн номер сиздин мурунку номериңиз экен. Ошентип таанышып кеттик.

#4 15 Июль 2019 - 18:33
Башында баары башкача жана жөнөкөй болчу. Убакыттын өтүшү мн минтип татаалдашып кетти.
Менин сагынычыма айланганыңызга көп болду жана улана берет. Башка аргам жок.
Мен бардык нерседе туруктуу экенимди сиз экөөбүздүн мамиледе да көрсөтүп жатам.
Менин сагынычыма айланганыңызга көп болду жана улана берет. Башка аргам жок.
Мен бардык нерседе туруктуу экенимди сиз экөөбүздүн мамиледе да көрсөтүп жатам.
#5 15 Июль 2019 - 18:35
Кечиресиздер,
билдирүү калтырбай жөн эле окуп коюшуңуздарды суранам.
#6 15 Июль 2019 - 20:14
Уйку качты, жүрөктү удургуган ойлор басты.
Санаамды сан миң тогуз түйшүк тепсеп,
Жатамын " чыкылдаган" карап саатты...
Аңгыча эске түштү,
Жалгыздык жан дүйнөмдө ойногону,
Ыр кылып жазып жүрөм,
Сагынчым сизге болгон "тоо" болгонун....
Санаамды сан миң тогуз түйшүк тепсеп,
Жатамын " чыкылдаган" карап саатты...
Аңгыча эске түштү,
Жалгыздык жан дүйнөмдө ойногону,
Ыр кылып жазып жүрөм,
Сагынчым сизге болгон "тоо" болгонун....
#7 15 Июль 2019 - 22:13
Кадыр салып сырын айтып жан дүйнөм,
Камын көрөт карапайым көңүлдүн.
Караганым, самаганым сиз болуп,
Каалайт жүрөк азыгындай өмүрдүн.
Камын көрөт карапайым көңүлдүн.
Караганым, самаганым сиз болуп,
Каалайт жүрөк азыгындай өмүрдүн.
#8 15 Июль 2019 - 22:41
Жашоодо мени баары "өтө күчтүү аялсың" дешип баалап турушат, ушунумдан жазбайын. Негедир сиздин жаныңызда мышыктын мыймыйындай эркелеп алам да. Эң жаманы ошол мүнөттөрдүн узак убакытта бир келгени. Ушу 5 жылдын ичинде 4 жолу гана жолуктук... Жүрөк толо сагыныч, көңүл толо кусалык , көздөр толо мээрим мн жолугуп жаттык. Ар жолкусунда сизди ар түрдүү сагынам.
#9 15 Июль 2019 - 23:10
Бу жолку келишимди 1 ай мурда айтып алып, убакыттын өтүшү мага кыйын эле болду. Дайыма келгенимде " курсагым ачты" деп келем))) Кызыгы, баарында тең эртең мн конгонум. Анан берекелүү, ордолуу Ошту кыдырып тамак издейбиз.Ээринбей жакшы деген чайханалардын баарына алып барасыз, баарында окшош жооп. Тамак- аш даяр эмес.Бу сапар жумуштарды бүтөрүп, тамактаналы деп " Туран" деген чайханага баш бактык. Сиздин жаныңызда өзүмдү алсыз, назик аялзаты сезип алдым да, жыргап салатты тамшана жеп алдым...
Эми ал жер менин баалуу жерлеримдин бирине айланды.Кечээ жанынан өтүп баратып айдоочу мырзага: "Токтоп коюңузчу "-десем, "сиз Кара-Сууга бармакчы элеңизго" -дейт... "Тамактанам" деп түшүп калдым. Экөөбүз отурган жайга отурдум. Сиз мн жеген тамак даамдуу болот окшойт, бул ирет салаттын даамын сезе албадым. Көзүмдөн жашым кылгырып атты. Сагынычтын көз жашы.

#11 16 Июль 2019 - 10:47
JENTLEMAN
, кимдир-бирөөнү мазактоого,
кемсинтүүгө,
анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. БАН!
#12 16 Июль 2019 - 13:31
Мүнөзүңүз кебезден жумшак, а менчи ...эркелигимденби же бала кыялдыгымданбы билбейм, айтор атайын урушкум келе берет...))) Ушунун баарын жутуп алганыңызды өзгөчө сыйлайм.
#13 16 Июль 2019 - 20:52
Сый күтүп сизден эркелейм сизге башкача,
Сыр катпайм сизден, жүрөгүм сизге таптаза.
Башканы эмес, бир сиз деп турат көңүлүм.
Бакытым тоодой ырымды сизге арнасам.
Сыр катпайм сизден, жүрөгүм сизге таптаза.
Башканы эмес, бир сиз деп турат көңүлүм.
Бакытым тоодой ырымды сизге арнасам.
#14 06 Август 2019 - 10:02
Жакшы көрөм! Сагындым!
Такыр тойбойм! Аалам айланган космикалык саякатта жүрүп, эркек кишинин образын сиздин образыңыз аркылуу элестетээрим бышык. Махабатка катуу масмын...Жүрөгүм от мн жалын. Дене табым бир аз төмөн, сиздин демиңиз жетишпей турат. Кучагыңызга бой урган күнү менден өткөн бактылуу жан жок. Бирок, таң эрте кучагымдан суурулуп кетээриңизди эстегенде, жанымды коёрго жер таппайм, тыпырайм, кыйналам. Кызык, бакытты ошол айрылуудан жаралган сагынычтан сеземин. Билем, тандап алган жолум ары татаал, ары катаал, ары түйшүктүү. Ошондон ырахаттанып жашаган өзүмө жагат окшойт. Бирден бир тилегеним өзгөрүшүңүздү такыр каалабайм, ушул бойдон калыңыз. Сагындым.❤
Баракча 1 - 1