Экинчи ирет эне болдум, экинчи ширин кызымы жарыкка алып келдим. Мен учун ушунусу менен эсте калды?))
2018-жыл эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?
#22 07 January 2019 - 09:20
Love is a game. The first to say love, he lost...
#25 09 January 2019 - 15:29
Мм, кийимден 1 штук өтүк, 1 көйнөк, 1 жемпир, 1 шым алыпмын. Калганы мурунку жылдардын көрөңгүсү) жеке жашоо каккан казыктай турат жылбай
#26 09 January 2019 - 16:13
#27 09 January 2019 - 17:52
Жакшы жылдардан болду 2018. Эң башкысы башта аманчылык болду, тууган-урук,
ата-эне аман. Бул жылы кызматка көтөрүлдүм,
кайра түштүм
Анан башка кызматка барып, андан да кайра түштүм. Ишигылып чыгып-түшүп жүрдүм да. Ошол кызыктуу экен. Сууга болгон фобиямды жойдум, пристандан секирдим. Чөгүп кете жаздап араң калдым дегендей... 2019-жылга романтикалуу эстафета бердим
#28 09 January 2019 - 18:02
Белимде грыжа бар экенин билдим(( Квартира котордум, издеп аран таптым арзанын
Эч ким менен деле урушкан жокмун, ырас. Жакшы сөз көп уктум. Кабырга кайыштырган жоготуу болгон жок, шүгур. Байлык топтогон жокмун, бир күндүк менен жашаганга туура келип жатат... Ошо, башка эсте каларлыгы жок.
#29 09 January 2019 - 18:17
2018-жыл жакшы жылдардан болду деп айтсам жарашат. Бир нече максат, тилектерим ишке ашты. Бирок, сүйүү жаатында ийгиликсиз жыл болду. чогуу иштеген сулуу кызга ашык болуп, кесиптештердин арасында тамаша иретинде болсо да чакан "той" өткөрдүк эле. Тилекке каршы мен ашык болгон кыз өзүнүн Санкт-Петербургда иштеген жигитин тандап кетти. 2019-жылы чыныгы сүйүүнү кезиктерем деген үмүттөмүн.
#30 09 January 2019 - 22:26
Эн эле эсте калган жыл болду. Болгондо да монотонный кундору мн омуру эсимден кетпейт го бул жыл. Бирок ушуга да шугур дейин. 2019 ийгиликтуу жыл болсо экен, буйурса.
#31 09 January 2019 - 23:34
Мен учун эсте каларлык эч нерсе деле болгон жок
Эн негизгиси тынч отту.
Кун отуп, айлар жылга алмашты.
Эн негизгиси тынч отту.
Кун отуп, айлар жылга алмашты.
#32 10 January 2019 - 09:46
Эх менин эсте калган күнүм чомунам деп өлүп кала жаздадымго.
өлүмдөн коркподум паланчинин айалы, кызы агып өлүптүр деген сөздөн корктум
#33 10 January 2019 - 10:44
Шугур, кээ бир кыялдарым орундалды. Ыраазымын.Ата энем, Жакындарым,
уй булом аман эсен. Келээрки жылкыга койгон пландарым ишке ашса экен эми. Баарынарга ийгилик, бекем ден соолук каалайм!
#36 08 February 2019 - 04:21
Кош бойлуу болгонум,таксикозум,
москваны биринчи корушум,торотум,
кыйынчылыктарым,
эн коп ыйлаган жылым болду ,о,э эн бактылуу кундорумда ушул жылда катылган.
#37 09 February 2019 - 00:59
Кудайга шүгүр ар бир күнүм ийгиликтүү эле өтүп жатат көздөгөн максатыма жеткирип. 2018-жылдын аягына аял алдым албетте төрт дөңгөлөктүү ошонусу менен эсте калды окшойт
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#38 25 February 2019 - 17:54
Иштеп, иштеп кайра иштеп откордум эски жылды. Быйыл да ошол эле темп менен баратам, бир куну тиштеп калаарбыз.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#40 24 January 2020 - 16:32
2019-жыл силер учун кандай жыл болду, эмне эсинерде калды, кандай озгоруулор болду?

Супер-Инфо
super.kg
видео


















