Суперстан: Ажыдаардын үңкүрү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ажыдаардын үңкүрү Ажыдаардын үңкүрү

#1 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Ажыдаардын үңкүрү

Бердикожо Бийназаров

"Ааламга жол айылдан башталат" -дегендей, айыл жеринин таза суусун ичип, таза абасын жутуп, эне тилди улуу тутуп, элибиздин каада салтын , үрп-адатын бийик сактаган элет жеринен кандай таза таланттар чыгып, белгилүү инсандар кыргызды кыйырга таанылтты. Буга мисал катары жүрөккө алгачкы жолу операция жасаган маркум Иса Ахунбаевди, аты ааламга таанылган Чыңгыз Айтматовду жана башка ысмы тарыхта калган инсандарыбызды эле алалы. Кайсы бир акылга дыйкан адам айтты эле "айылдын, тактап айтканда тоо суусунун чийки суусун ичип чоңойгон адамдын ден-соолугу эле эмес, ой-тилеги дагы Ата Мекен үчүн таза болот"-деп. Анысысыңары, тоо булагы чоң дайрага кошулганга чейин кандай таза дагы, анан дайрага кошулганда бир топко чейин таза болуп агып, ылай сууга кошула албай барып акыры айласы жок шартка байланыштуу кошулуп, ылайланып кеткен сымал, адам баласы дагы көпчүлүккө келгенде гана тазалыктан кол жууп, булганыч жашоодо жашап калганына турмуш өзү күбө. "Турмуштан өткөн сабак жок"-демекчи сөз өңүтү турмуш багытындагы негизги окуяда. Марат, учурунда келечектен чоңду үмүт кылган. Мектепти жакшы баада бүтүрүп, жогорку окуу жайга өткөндө "элимдин керегине жарайм" деп, сабакка баш оту менен киришип, көз кыскан кыздарга дагы көңүл бурбай, эмне деген гана китептерди окуп чыгып өзүн билимге сугарып, китептердерден жана окуу жайдан турмуш сабактарына байланыштуу жакшы нерселерди үйрөнүп, беш жыл ичинде өз чөйрөсүндө көзгө көрүнгөн, оозго алынган адам болду. Окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, алгачкы тилеги кабыл болуп айылга келгенде атасы Токтоболот, чоң куйруктуу коюн көтөрүп чаап, айыл аксакалдарын чакырып өз оюн ортого салды.
-Менин ишенген уулум Марат, минтип бойго жетип, окуу жайды бүтүрүп, бир кездеги кыялымда тилегенимдей бала болду. Өз күчү менен чоң окуу жайга өтүп, ал окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрүп, эми ишке орношкону турат. "Баланын жакшы чыкканы, атанын атын чыгарат"- дегендей, менин атымды ушул балам чыгарганы калды көрүнөт. Өткөндө шаарга барып мугалимине жолуксам " Балаң жакшы окуйт, аспирантурада калсын"-деп айтты. Бирок Мараттын ойлогон оюн, алдыга койгон максатын уксам, алда канча жогору-экен. Кыскасы мен баламдан көптү үмүт кылып калдым Ошол себептен сиздерден бата алып берейин деп, тасмалымды кенен жайып башыңарды кошуп, кеп-кеңешиңерди угуп, оюңарды билейин дедим эле, деп, сөз учугун баштаганда, төрдө олтурган Стам карыя, кеп учугун мага бергиле дегенсип, үнүн жасап жөтөлүп алып:
-Темирболот, сен абдан жүйөөлү сөз козгодуң. Ар бир ата кыз баладан эмес, өзгөчө эркек уулдан көптү үмүт кылат. Уулдун жакшы чыкканы бир эле ата менен эненин багы эмес, жаамы журттун багы. Эл керегине жараган уул бала керек болсо эл-жер үчүн ак кызматын кылып, жанын дагы аябайт. Уул бала мекендин сыймыгы. Баланын жакшы чыкканы атанын эле эмес жаамы журттун атын чыгарат эмеспи.
Тээ илгери бир киши бала көрбөй жүрүп жашы өйдөлөгөндө балалуу болуп, сендей элдин башын чогултуп, уулунун өмүрүн тилеп, тасмалын жайып, тамагын кенен жайнатып бата сураганда, көптү көргөн карыя мындай деп бата берген -экен "Уулуң ара-жол ач-белде өлсүн"-деп. Тиги киши айтылган сөзгө анча түшүнө албай калып, колун жүзүнөн алып "кандай дейсиз"-дегенде, аксакал берген батасын мындай деп чечмелеп берген-экен.
- Кандай уул бала ач бел, ара жолдо өлөт, билесиңби?-деп, кайра суроо берип анын жообун күтпөй сөзүн кайра улап. Баатыр уул гана жоо беттеп катылган жоонун колунан талаа түз, ач белде эл-жердин келечеги үчүн көз жумат. Учурунда баатырлар арман кылчу экен, "найзанын учунан өлсөк"-деп. Атаганат уул бала үчүн душмандын колунан найза жеп же окко учуп каза болгон кандай барктуу өлүм, түшүнгөн адамга. Азыр заман өсүп-өнүп жашоонун нугу такыр башка нукка түшүп кетти көрүнөт. Менин айтайын дегеним, нарктуу сөздөргө баа берилбей адамдар жукасына тартып, барган сайын батыш элинин салтына ык коюп, жеңил жашоону көздөп, ылайланып баратат-деп, угуп жатасыңарбы дегенсип, олтургандарды аяр карап алды. Марат ооз жакта сөзгө кулак салып олтургандыктан ынтызары күч алып, сөз улансын үчүн оозунуп:
-Стам ата сөзүңүздү улай бериңиз- деди эле, Стам кабагы көтөрүңкү:
- Марат уулум, булар укпаса койсун, эң негизгиси сен уксаң болду. Деңгээли бийик айтылган сөздү, аны түшүнө билген гана киши угат. Сен минтип атаң Темирболоттун ишеничине татып, көптү үмүттөндүрүп койгондон соң, мындан кийин дагы ушунуңдан жазбай өсүп-өнгөндүн үстүндө бол! Эл-журттун, ата мекендин келечеги сага окшогон жаштардын колунда. Өлкөбүз жетимиш жыл орус элинин башкаруусунда жакшы жашады.Эми минтип "өз алдынча мамлекет болдук"- деп, калпагыбызды асманга ыргытып сүйүнгөнүбүз менен аягы кандай болот болду-экен?. .. Ай аттиң, менин такыр эле жанагы жаңы шайланган ажобузга ичим жылыбай койду.Эл башы,эл эгеси деген сүрдүү, жалжайып көп күлбөгөн, сырын ичине каткан,бир сырдуу адам болуш керек эле-деп, сөздү такыр башка нукка буруп жиберди да, кайра сөзүн алып:
-Кой, ажого тил тийгизбейинчи. Эл эгеси, улуу Алланын көзү түшкөн адам болот. Балким элдин жашоосун оң жолго салып, өзүнө артылган жүктү көтөрүп кетээр. Бирок, кыргыз калкы тээ илгертен бери, биринин сөзүн бири укпаган, уруу-урууга бөлүнүп, ынтымагы жогураак калк болгонун мойунга алышыбыз керек.Буга мисал катары Бугу менен Сарыбагыш уруусунун чабышын эле алалы. Канчалаган бей күнөө адамдар ортодон каза болгон. Андан кийинки эле болгон үркүндү эске салсак. Эгер, ынтымак болгондо эл билермандары чогулуп, орустар менен тил табышып сөзгө келгенде, үркүн болмок эмес дагы,эл кыргынга учурамак эмес. Мунун баары биримдиктин жоктугунун кесепети. Эми бул ажобуздун жолу кандай болот аны убакыт өзү калыстайт. Кыскасы жаңы жашоо башталды. "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы"-демекчи, жашоо жаңыланып турганы жакшы, эгер келечектүү болсо. Баары бир эмне болгон күндө дагы ата салтынан кайтпаш керек. Эч качан өңгөнү сыйлап, өйдө өскөн өлкөнү укканым жок. Марат мунун баарын сени уксун деп айтып жатам. Анткени, мен сенден кандайдыр бир сырды байкап, сага ишеним арткан үчүн ушул сөздөр ооздон чыгып жатат. "Иштин бүтөр учуру бар" дегендей айтыла турган сөздүн дагы өз учуру келет. Сен, булакка окшоп азыр таза жол менен аккан суусуң. Тазалык көпчүлүккө барганда кирдейт. Бир кезде менин ушул айткан сөздөрүмдү эстеген учур да алдыда.
Мына, мен дагы карылыктын айылына баш багып, жашоодогу сапрым карып, бул дүйнөнүн оюнунан четтеп, кемпирден көзүн карап, анын тун баласындай бергенин ичип, кий дегенин кийип минтип карылык доорду сүрүп, төрдөн орун алып олтуруп калдым. Мен дагы бир кезде сендей болуп ооздо олтуруп, карылардын сөзүн уккам. "Сөздү уккан жерге айт,сууну сиңген жерге куй"-дегендей, сен сөзгө кулак салган үчүн чечилип сүйлөп жатам-деп, чай ууртап оозу бошогондо:
-Мен, көп жашадым, ошону менен бирге көптү көрдүм. Бийлик секисине чыгып эл менен дагы иштеп, кимдин-ким экенин билдим. Бирок, калп айткан менен болобу, менден дагы чекилик иштер кетти. Көп сүйлөп баратат окшойм, элди тажатып.Сөздү кыскартайын. Кыскасы сен ушунуңдан жазбасаң, чоң кызматта иштейсиң. Мен сенден чоң атаң Байболоттун сыймыгын байкап турам. Ал киши учурунда укмуш кыйын адам болгон. Байлыкка азгырылбаган, кыз-келинден алыс,ачкыл сууну татпаган, абдан таза ишине берилген чыныгы "кыргыз" деп жүрөгү соккон патириот адам эле, ыраматылык. Андай адамдардын өмүрү кыска болот турбайбы. Жанагы, абак даамын таткан криминалдар аркылуу эле каза болду көрүнөт. Болбосо өлө турган адам эмес болучу.Эгер андай адамдан үчөө болсо эле элди багып кетет болучу-деп, Стам карыя сөзүнө чекит койгондо, Марат өзүнө артылган ишеничти берилген бааны жогору тутуп, кадимкидей жоопкерчилик Стам карыянын айткан сөзү менен мойнуна жүктөлгөндөй денеси оор тартып, беш жыл окуп билим алганынан азыркы уккан сөздүн күчү алда канча таазирлүү болуп, өзүнө-өзү ант берди " элдин жана жердин келечеги үчүн ак кызмат кылам"-деп. Аңгыча колго суу куюлуп куйруктуу кара койдун эти алдыга келгенде Акмат карыя:
-Токтоболот ?-деди, маанилүү сөз айтчуудай. Сырттан жаңы кирген Токтоболот:
- Кулак сизде-деп, калдастай түштү да, ката кетип калдыбы дегенсип тасмалдагы устукандарды карады эле, Акмат карыя ээгин жапкан сакалын сылап:
-Жанатан бери Стам курдашым көп сөздүн башын айтты.Эми мен дагы бир болгон окуяны айтып берейин, уулуң экөөң биз менен тамакка бирге отургулачы. "Сөздү учурунда айтпаса атасы өлөт"дегендей, сөз удулу келип калды-деп, өтүнүч менен кайрылды да, катар олтургандарды сыдыра карап:
-Менин айта турган сөзүм кыска, бирок нуска. Ириде Стам айтты го "өзгөнү сыйлап, өйдө өскөн өлкөнү көргөн жокмун"-деп. Өсө турган адам алгач өзүн сыйлайт,анан өзгөнү сыйлайт.Биздин элдики такыр тетири кетти. Айтайын дегеним азыр борбордо аялынын сөзүнөн чыга албаган сайпана, эркек деген атка доо кетирген атанын атын булгап аялдын баласы болуп алгандар, балдарын орус мектептен окутуп, кайирдин кылып өстүрүп каада-салттан алыс кылып өстүрүп жатышат. Орус мекткептен окуган баланын ой жүгүртүүсү орусча болуп, ойлогон оюу, кыял-жоругу, дити орус болуп калат-экен. Мен буга тээ жетимишинчи жылдан бери анализ жүргүзүп, баам салып келатам. Бала орус тилинде эркин сүйлөгөнү менен анын мекенге жана ата-эне, бир тууганга карата тоң моюн мамиле жасап, тилди булгап сүйлөп калганы мени абдан кыжаалат кылып келет. Эки кыргыз өз мекенинде башка тилде сүйлөшкөнү, кандай жагымсыз. Муну мен эмне үчүн айтып жатам. Жанагы биздин эл билермандары орус тилин билем деп мактанганыбы, дайыма эле теледен же радиодон орусча акылдуу сунуп сүйлөшөт. Ушул мекенди, жер- сууну бизге мураска калтырган ата-бабанын арбактарын сыйлагандыкка жатабы. Албетте орус тилинде сүйлөчү учур келет, бирок алар такыр эле эне тилди басынтканы кантип болсун. Алардын иш бүтүрүп жарытпаган немелер экенин көрүп эле турам.
Марат, сен өсөм десең алгач элиңдин тилин жана дилин сыйла. Ошондо сага бир Алла эле эмес ата-бабалардын арбагы дагы ыраазы болот. Бул айта турган биринчи сөзүм.Экинчиси бул.
- Тээ илгери бир ажыдаар болгон экен. Анын үңкүрүнө кирген киши ажыдаардай алдым- жуттум болуп, ач көздүккө берилип баарынан көр оокатты бийик баалап, убададан байлыкты жогору тутуп, эл-журтун каратып туруп алдап, өз гана кызыкчылыгын ойлоп калчу- экен. Бир күнү сага окшогон жаш бала "ажыдаарды өлтүрөм"- деп анын үңкүрүнө кирип, көз жоосун алган алтын буюмдарды көрүп, азга алым сынбай көпкө кызыгып жатып, өзү дагы кантип ажыдаарга айланганын билбей калыптыр.
- Азыр биздин ат үркүтөр төбөлдөрүбүз алдым-жуттумга баш оту менен кирип, ач көздүккө берилип бараткандай. Анысысыңары сен дагы мансапка жетип калсаң, байлыкка азгырылба жана өзүңдүн адамдык абийириңди баарынан бийик тут. Бул жерден акыл айтайын деген деле ниетим жок. Болгону бир келген жашоодо, атанын атына доо кетирбей таза абийирлүү жашап өтсөң, ошол сага бакыт. Барган сайын эмнегедир адамдык сапаттан, акча бийик болуп баратат. Байлардын сөзү-сөз болуп туура жана калыс айтылган кеп көмүскөдө калып баратканы ушул айтылган сөздөрдү айтканга түрткү берди. Негизи атаң Токтоболотко мен азыр ыраазы болуп турам. Керек болсо беш кишинин башын кошуп тамак бергенге дагы адамдын духу жетиш керек-деп, тартылган устукандан кесип оозуна салды да, тиши жок экенин билгизип, кемшеңдеп чайнаган болду.



Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 10:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Марат нарктуу айтылган сөздүн тереңине баа берип, айыл көркү акылдын асылы кары адамдарда экенине таң калып, ушуга чейин эмнеге буларга көңүл бурбай жүрдүм деп, ойго алдырып жиберди. Андан дагы келечекти көрүп тургансып сүйлөгөн сөздөрү ушундай түбү жок ойго салып салды. Бул жакка чыгарда ак үйдө иштеген бир чиновник менен убадалашып чыккан.Ал киши "өзүнө жардамчы кылып алам, сени өстүрөм, сен өсө турган баласың" деп ишеничтүү айткан эле. Бирок бул сырды жада калса атасына дагы ачык айта элек болучу. Айтыла элек сырдын баарын ачык билип тургансып, ишеничтүү айткан эки карыянын сөздөрү, кадимки алдыны көрө билген олуянын айтканындай төп келгени Маратты дагы таң калтырып, тарых сабагынан берген мугалиминин айткан сөзүн эс салды.
Ал агайы бир жолку сабакта кеп кылып өткөн. Биздин элдин нарктуу карыялары адамдын көзүн карап сынап, анын келечегин так айтып койгон сапаттарга ээ болгон. Буга мисал катары алыс барбай эле кадимки Калыгул олуяны алалы. Учурунда, ал киши азыр боло турган жашоону так жана кыска айткан экен -дегенде, агайга суроо берилген. "Азыр андай алдыны көрө билген карыялар барбы"-деп. Ошондо Болсунбек агай. "Айыл жеринде кездешет, бирок алардын айткандары көпчүлүккө жетпейт. Андыктан андай карыяларды байкап, айткан сөздөрүн алып калыш керек"-деп жооп берген эле. Эт желип ортолоп калган кезде сырттан бакылдап сүйлөгөн,мектепте мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан жашы жетимишке таяп калган Жолдош карыя келип калды. Олтуруп орун алып калган кезде,сөз кезегин келтирип Маратка кайрылды:
- Марат, мен кээде сенин жазгандарыңды газета бетинен окуп калам. Жазганың жакшы, бирок кийин такшалгандан соң сага айтып койгонум оң, өзгөчө кыргыздын сакалдуу кишилерин сындап жаза көрбө. "Демократия" деген бир жаман нерсе -экен. Ушундай заманга жеткирген Ленинден бери жаман жагын чукуп жазып, айып тапканга маш болуп киришти. Бул жамандыктын эле белгизи. Көрөсүң, кийин айтты койду дебе, убагы келгенде ишенесиң жыйырма беш жыл эл башкарган Усубалиевди дагы сындап жазып жатышат, ал кишиге тийишкендер учурунда жакшы болбойт. Алар дагы оюндан четтегенде жаш балдар аларды катуу сындап жазып, алардын абирин ачат. Жанагы тили тапан бир жазмакер бар. Ал, Усубалиев менен Масалиевге тийишпей эле койсо болмок. Кантсе да экөө эл эгеси болуп, элге ак кызматтарын кылышты, Москванын жетеги менен. Эми өзүн-өзү билген кийинки такка келгендер, алардай таза элге кызмат кылышынан менин күмөнүм аз. Башка жаза турган нерсе жокпу. Албетте сындасын, эби менен.Негизи эле айтылган кеп бар эмеспи "бүткөн ишке сынчы көп,бышкан ашты жеген көп"-деген, анысысыңары сындап койгондон өткөн оңой эч нерсе жок, бирок бирөөнүн ишин жана таланттын баалай билүү кыйын. Кайран гана союз, бекер гана кулады, убалы Горьбачевко гана жетсин -деп, сөзүнүн аягына чыкпай бышкан эттен кесип, оозуна салды да, кемшеңдеп чайнаган болду. Ортодо бир саамга сөз үзүлүп, ар ким өз ойлору менен алек болуп, тамак жеп алаксып калды. Тасмалдын көркү көпчүлүк менен эмеспи. Жашыраак муундагылар эт туурап болуп калганда, камыр келип, беш бармак тартылды. Бул учурда эч деле кулакка илинер сөз козголгон жок. Марат, ар бир айтылган сөзгө терең маани берип, дагы сөз күттү. Бирок, Стам карыя айткандай Марат, жакшы сөз дагы учуру келгенде гана ооздон чыгарына нак ишенип калды. Тамак желип болгондо бата тиленди. Негизи кандай шарт болбосун батаны төрдө олтурган сакалдуу киши берет эмеспи. Баары Стам ак сакалды карап калышты эле, Стам карыя арык колун жүзүнө жакындатып, үй ээсин карап, бир саамга туруп, оюн топтоп алып
- Оомийин, тилегиңер кабыл болсун. Мараттын мындан аркы жашоодогу сапары байсалдуу болуп, иштей турган ишинен баар таап, эл-жердин алдында жүзү жарык болуп, ата-энесинин эле эмес, бизге дагы кайрымдуу бала болуп, биздин ишенген сыймыктанган уулубуз болсун.
Марат сен үчүн жашоонун оюну жаңы башталды. Баскан кадамыңдан жазба. Дайыма тасмалыңар ушундай жакшы тилек үчүн жайылсын " оомийин"- деп колун жүзүнө тарканда, жалпы тасмал четиндегилер бата кылышты да, колдорун жууп ордуларынан турушту. Марат, салмактуу айтылган сөздөрдү жүрөгүнө абдан жакын кабыл алып алганын сезген атасы Токтоболот, эл кеткенден кийин.
-Марат, сен алиги айтылган сөздөргө туура түшүн. Ал карыялар дагы учурунда пендечилик менен кетирген каталарын ачык айта алышкан жок. Бирок, ал каталарды сени кайталап калбасын деген гана таисте айтышты. Мен канча жерде бул адамдар менен конокто бирге болдум, бүгүнкүдөй чечилип сүйлөгөндөрү болгон эмес. Баары эле саясаттан кеп кылышып, талаш -тартыш менен тарачубуз. Калп айткан менен болобу, азыр биздин айылдан баш көтөргөн бала жок. Баары эле байлык кубалап, көр оокаттын артынан түшүштү. Сенин жакшы окуп жатканыңды айыл эли баары билишчү. Сенден үмүт кылып акыл кеңештерин айткандары мени дагы ойго салып койду- балам. Эми сен менин эле эмес айылдын сыймыгын сактап, ак иште. Байлыкка азгырыла көрбө, сенден өтүнүч. Бирок чөйрөңө жараша дагы иш кыл-деп, алдыны көрө билгенсип, сөзүн чолок бүтүрдү.

****************** ****************** *****************
Эртең ак үйгө кирем деген түнү Марат уктай албай чыкты. Анан кантет. Ак үйгө кандай киши даап кире алат. Ал жакка жөн адам кирбейт. Өзгөчө элеттен келгендер үчүн ак үй жөн эле ыйык жердей сезилет. Чынында эле ал жакта иштегендерге кызыккандар канча. Шаарда өмүр бою жашап туруп, ак үйдүн ичин көрө элек кишилер четтен чыгат.Ошол себептен өзгөчө карапайым эл үчүн ак үй касиеттүү жана ыйык имараттай көрүнөт. Бирок эл ыйык туткан ал жерде кандай адамдар иштейт бир Маратка эле эмес, көпчүлүккө табышмак экенин жашырганга негиз жок. Марат канча жолу ак үйдүн алдынан өтүп баратып, ал жакты кызыгып карады. Анткени ал жерде жаамы кыргыз элинин тагдырын чечкен, эл камын ойлогон, эл ишенген, билимдүү иш көзүн билген, чет элден келген коноктор менен алака түзгөн чыныгы билермандар олтурганын ким тана алат. Алиги, ишке алам деген чиновник, атайын окуу жайга келип ошончо студенттин ичинен Маратты тандаганда, мугалим айткан эле да. "Сиз жаңылышкан жоксуз. Бул бала алдыңкы студент. Кантсе дагы сиздер иштин көзүн билип, кимдин-ким экенин анализдей аласыздар" -деп айтканда алиги чиновник. "Бизге билимдүү жана иштеп кете алган адам суудай керек"деп, маданияттуу сүйлөп, студенттердин алдында өзүнүн жогорку сапатын көргөзгөнгө үлгүргөн. Ошол себептен Мараттын ишеничи дагы бекемдеп, ак үйдө иштегендерге кызыгып калган болучу.
Таттуу кыялга батып,ак үйдө эл үчүн ак кызмат кылууну ойлоп жатып, Марат эмнегедир Таңсулуунун кылгыра караган көз карашын эстеп, мыйыгынан жылмайып алды. Кантсе дагы эркек эмеспи. Эркек адам канчалык такыба болом деген күндө дагы сулуунун көз карашына жасаган мамилесине азгырылып келгенине улуу карт тарых күбө. Канчалаган баатырлар,кайраттуу сүрү менен душмандын мизин кайтарып, жоого көз ирмебей тик карагандары менен сулуунун алдында алсыз болушканын ким тана алат. Марат чынында ушул жашка чыкканы кыздарга, деги эле аял затына кызыккан эмес. Баарынан өзүнүн алдыга койгон максатын бийик тутуп, окуу менен гана алек болгон, бирок эмнегедир Таңсулуу менен таанышканы кандайдыр бир ойго келбеген сезим, акыл эсин башкара баштады. Балким, окуу жайды ийгиликтүү аяктаганы дагы буга себеп болдубу же чын эле элге эрте келген сүйүү эми башына келдиби, аны өзү дагы билбейт. Эмнегедир ойлогон оюнун аягы түз эле Таңсулууга барып такалып, акыркы кездерде аны оюнан чыгарып койгонго, күчү жетпей баратты. Төшөктө ооналактап жатып, түн ортосунда гана эптеп уктап кеткен Марат эртең менен сааттын чырылдаганынан улам ойгонуп,уйкудан көзүн ачып көргөн түшүн эстеди.Түшү жаман эмес. Буйруса иши алдыга жылчудай. Эшекке жүк артып тоого чыгып бараткан экен. Бала кезинде дагы ушул сыяктуу түш көрүп атасынан сураган. " Ата, түшүндө эшек минип, тоого чыкса эмне болот"деп. Ошондо Темирболот айткан. "эшек түшкө кирген жакшы. Аны минип тоого чыкканың зоболоңдун өскөнү, балам. Жакшы түш көргөн турбайсыңбы" -деген болучу. Марат жылуу төшөктөн тургусу келбей жатып дагы эмнегедир Таңсулууну эстеп алды. Бул белгисиз сыр адатка айланып баратканын моюнга алып, анан ак үйдөн чыккандан кийин ага жолугуп койбосом деп ойлоп койду.
Жуунуп келип тамактанган соң, тасмалга бата кылып, кыңкылдап ырдап ички үйгө кирди да, кечинде даярдап койгон кара кастюм шымды кийип, галстукту тагынып,үйлөнө турган баладай кычырап кийинген Марат, айтылган учурда жолугуша турган дарекке келип, кадимкидей экзаменге кире тургансып сүрдөп, өзүнө- өзү ишене албай турду. Ал турсун баасы кымбат иномарка машиналар менен келип ак үйгө кирген кишилерди кызыгуусу арта карап, аларды чыныгы бактылуу адамдардай сезип, алар менен иштешип калсам кандай жакшы болот эле деп, дагы таттуу кыялга батып, өзү жолукчу чиновникти күтүп турду. Бирок ал Марат ишенген чиновник айтылган учурда келген жок .Убакыт өткөн сайын Мараттын оюу бузулду "Чоң эле киши дагы калп айтабы"-деп. Бул учурда убада берген Азим Капарович түнү конокто болуп, алигиден көп ичип койгон үчүн бул кезде төшөктөн али турбай уктап жаткан болучу. Марат убакыт өткөн сайын мүдөөсүнө жетпей калган эркек жандай чыдамы кетип, эмнегедир эки жакты элеңдеп карап, сабыры түгөнүп, кыш мезгилиндеги табы жок күндүн илебиндей үмүтү өчүп баратты. Аңгыча эле оңдой берди болуп бир жаш кыз келип:
-Сиз Азим Капаровичти күтүп жаткан жоксузбу?-деди эле, ушул эле сөздүн айтылышын күтүп тургансып Марат башын ийкеп:
-Күтүп жатам. "Эртең менен тогузда ушул жерде бол" деген эле. Кыз сурмалуу көзүн ирмеп, сын көз менен карап, назик үнү менен:
-Кечирип койсоңуз. Ал киши иштери менен кармалып калды. Саат экиде келем деп, телефон чалды. Мүмкүн болсо анан келиңиз-деди эле Марат:
-Ыракмат сизге, эскертип айтып койгонуңузга, болбосо чыдамым кетип баратты эле - деп, ашыкча сөз айтып алды да, кызды узата карап, анан ал жерден караанын үздү. Бул көрүнүш ак үйдөгү иштегендердин жоопкерчилиги жоктугунун бир үзүмү болучу.
Тоо булагындай таза сезим, таза ой, көлдүн тереңидей терең максат, ала- тоодой бийик ой менен келген Мараттын эмнегедир көңүлү сууп, кандайдыр бир чоң байгеге жетпей калган адамдай умсуну кайт болуп,кабагы суз тартып жакын жердеги кафеге кирип өзөк жалгап алды да, кол саатын карап, убакыт али эрте экенине көзү жетип,Таңсулуунун окуган жерине барууну чечти.
Бул учурда убакыт чоң шашке болуп калган. Марат, Таңсулууну окуу жайдан оңой эле таап, ага жолукту. Чынында эле Таңсулуу ак жуумалдын сулуусу, маңдайы жарык, дайыма жайдары жана шайдоот жүргөн өзүнө тың кыз. Маратты келет деп күтпөгүндүктөн музоо кирпик, карагаттай көздөрү менен жагымдуу карап:
-Марат, сен кайдан?-деди. Бул суроо берилүү менен айтылгандыктан Маратка таасирлүү сезилди. Ал турсун бул берилген суроо менен Таңсулуунун өзүнө көңүлү бар экенини жүрөгү менен сезип, ушул жерден дагы бир жолу анын сулуу чырайына суктана карап, болор болбос кабагын түйүп:
-Ак үйгө баргам. Бир чиновник чакырган "ишке алам"-деп. Барсам иштери менен кармалып калып, эми саат экиде бармай- болдум. Анан сен эсиме келип, жолуга кетейин деген илгери үмүт менен келдим эле. Эмнегедир сага жолуккум келди...-деп сөзүнүн аягын таппай калды эле Таңсулуу:
-Марат, билесиңби?-деп, маанилүү сөз айтчуудай сыр берип:
- Сен ал кишиге капа болбо. Айтылган кеп бар эмеспи "начальниктер кечикпейт, кармалат иштери менен"-деген. Сен дагы кийин чоң болуп иштеп калсаң, бирөөлөрдү күттүрөсүң. Бул көрүнүш буга чейин эле жашап келген жана дагы жашай берет. Айткандай менин кулагым чалган сени Азим Капарович ишке алат экен деген сөздү. Айтмакчы, мен сен жөнүндө дагы бир кабар уктум "жакында үйлөнөт экен"-деген. Ушул сөз чынбы?- деп, Марат күтпөгөн суроону берип алып туура эмес сөз айтып алгансып, Таңсулуу уялып кетти. Бул эми оозго ал келбей калган учурда ооздон сөз чыгып кеткен көрүнүш болучу. Марат таң калып:
-Ал сөздү кайдан уктуң? Мага азыр үйлөнгөнгө али эрте. Үйлөнгөндөр эле жыргап жашап жатышыптырбы. Мен алгач ишке орношуп, анан, үй сатып алган соң гана үйлөнөм. Деги кыздар укмуш сөздөрдү кайдан угасыңар?-деп актанган болду.Таңсулуу ушул саам өзүнөн кеткен кемчиликти уяң мүнөзү менен жууп:
-Марат, сен мени кечирип койчу. Аны коюп ак үйдө иштеп калсаң, мени унутуп калбай, анда санда келип турсаң. Деги кандай адам ак үйдө иштейт болду- экен? Андай жерде иштеген бактылуу адамдарга суктанам деп, сөздүн нугун башка жакка бурду эле Марат:
-Аны мен дагы ойлогом. Аны коюп кечинде жолугуп киного кирип келели. Мен ишке орношконумду жууп берейин. Айткандай Ала-Тоо кино театрында эмне кино бар экенин билген жоксуңбу? Таңсулуу башын чайкап:
-Жок. Баса мен бүгүн бошой албай калам го. Айылдан апам келип таякемдердикине бармакбыз. Ыракмат киного чакырып койгонуңа. Марат, Таңсулууну биринчи жолу көрүп жаткансып тигиле карап:
-Жагдайыңа кара. Менин милдетим сени киного чакыруу болучу. Ал эми сенин ишиң баш тартуу-деп, жер караган болду.Таңсулуу шашкан түр көргөзүп:
-Макул анда дагы жолугушабыз да. Мен сабактан кечиктим. Ыракмат келип кеткениң үчүн деп, кыз балага таандык кылык менен наздана Мараттын кызыгуусун артыра карап, тетири бурулду. Марат ушул саам дагы билди Таңсулуунун сулуулугун. Башын ийкеп коштошуп, ак үйдү көздөй кадамын жай таштап баратып, эмнегедир Таңсулууну бирөөлөрдөн кысканып кетти. Бирок кимден кысканганын өзү дагы билген жок. Ойго алаксып баратып гана билди сүйүү бар жерде гана кыскануу бар экенин. Мараттын ак үйгө жакындаган сайын эмнегедир буттары чалыштап, кайрадан сүрдөө сезими пайда болуп, оюу башкага бурулду.

******************** **********************

Кыпкызыл килем салынган ак үйдүн узун калидору. Маңдайынан чыпылдап чыккан терди сүрткөнгө алы келбеген Марат, жөн эле бул килемдин үстү менен басып баратып бут киймин чечип көтөрүп алгысы келди. Азим Капаровичтин жардамчы кызынын артынан калбай кадам таштап баратып, такыр башка чөйрөгө түшүп калгансып, андан калып калбас үчүн эки жакты дагы караганга үлгүргөн жок.
Шыпылдап баскан Айданек бул чөйрөнүн баардык жагын өздөштүрүп калганын жана ишине берилгенин шайдоот кыймылынан билгизди. Аңгыча орто жашка барып калган эле галстукчан адам, Айданекке жандай басып тийишкенин көргөн Марат таң калып эле калды. "Ушундай жерде иштеп туруп, жаш кызга эмне тийишет"- деп. Айданек дагы анын тийишкенине кош көңүл мамиле жасап:
-Самаган Токторович, сизди жана шеф издеди эле жолуктуңузбу? -деп кайра эч нерсе болбогондой суроо менен кайрылды. Алиги киши жакын жердеги кабинеттке кирип баратып:
-Ооба, кечээки иштер боюнча чакырыптыр- деп жооп берип, калып калды. Маратка ал кишинин кыймыл аракети, кызындай болгон кызга тийишкени такыр эле жаккан жок. Алтынчы этажга лифт менен көтөрүлгөн экөө көз жоосун алган жасалгасы ооз толо айткандай кооз кабинетке киришкенде, түнү менен уктабай чыккан адамдай шишик тарткан Азим Капарович өзү тосуп алды. Анткен менен ал киши Маратты жакшы маанай менен кабыл алып:
-Марат мен бир аз иштерим менен кармалып калдым.Эми сен мындай кыл. Азыр кеч болуп калды. Эртең болгон документтериңди алып кел. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз. Айтмакчы бул жактын чөйрөсүнө көнгөнгө чейин кыйналасың го... деп ашыкча сөз айтып алды да, анан көзүн жалтактатып кандайдыр бир белгисиз сөз менен айтып жеткизе алгыс белги менен сыр алдырып койду да, кагазга көз жүгүртүмүш болуп, бир саамга күттүрүп анан, чечкинсиз үн менен:
- Бүгүнчө бара берсең болот. Калган сөздү кийин сүйлөшөбүз. Айданекке жолуксаң бул жакка кирип чыкканга сага документ жасап берет-деди. Марат тиги киши менен сыпаа коштошуп сыртка чыгып, өзүнүн боюна жарашыксыз кийинген алиги кызга кайрылды:
-Мен азыр эмне кылсам болот?-деп. Жайлоодогу кепшеген уйдай сагыз чайнаган Айданек көзү менен сүзө карап:
- Кете берсең болот. Эртең, эрте келип мени алиги жерден күт. Калган сөздү өзүң угасың, шефтен. Кыскасы сен жасай турган азыр иш деле жок болучу. Шеф эмнеге сени ишке алып алды, ага такыр башым жеткен жок-деп, болор болбос кабагын түйүп:
-Бара берсең болот-дегенде гана Марат иш бөлмөдөн кысынып кетти да, аба жетишпегенсип ал жерден чыкканча шашты. Бир жагынан Айданектин кысканыч ирээтинде акыркы айткан сөзү жана Азим Капаровичтин чечкинсиз мамилеси көңүлүн көлөкө түшүрүп, кабагы суз сыртка чыкты. Ак үйдөн чыгып элүү метрдей узап, артын карады да "Эмнеге мен ушул убакка чейин толкундандым" -деп ойлоп,мүдөсү толук канбай калган эркек жандай кабагы салыңкы, сапарын улады.



Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 10:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Жай аккан чүй каналындай билинбей убакыт өз нугу менен агып өтүп, арадан эки ай тактап айтканда алтымыш күн артта калды. Бул учурда Марат көп нерсени үйрөнүп, абадан акча жасаган ак үйдөгү билермандардын жоосунсуз жорутарына күбө болду. Жакшы эле бул ишти таштап кеткиси келди, бирок "баягынын баласы ак үйдө иштей албай кетип калыптыр" -деген сөздүн чыгышынан коркуп, ичинен гана түтөп, эч кимге эч нерсе айта албай иштеп жүргөнгө туура келди. Күнгө бейшенби эле. Ишине так Марат кабинетинде олтураса күндө көзүнүн төбөсү менен караган Айданек сырттан баш багып, кадимки кандек иттей жойпуланып, Маратка жагынуу үчүнбү же кандайдыр бир ишин бүтүрүүнүн аракетиби кыскасы сөздү алыстан баштап анан, негизги сөздү айтты:
Марат Токтоболотович. Мени сизге шеф өзү жиберди. Кыскасы бул жалган документке кол коюп берсин -деп. Мында андай деле маанилүү иш каралган эмес. Болгону сен Ошко командировкага барып келдиң. Акчаны ушунтип жасабасак болбой калды-деди. Марат дароо түшүндү, бирок эч нерсе кыла алган жок. Жалган докметке кол коюп бергенге чейин чекесинен тер чыпылдап чыгып, денесин майда калтырак басып, ачуусу келгени жүзүнөн билинип, мурду кыпчыла түштү. Айданек кагазды алып, жамбашын чайпап басып сыртка чыгып кеткенде гана Марат өзүнө келип, алгачкы арам ишке кадам таштаганы үчүн өзүн-өзү жек көрүп турганда, оңдой берди болуп Таңсулуу телефон чалып калды. Марат трубканы кулагына такап, тааныш үндү укканда туңгуюктан жол табылгансып көңүлү өсүп, сүйүнүп кетти. Анан эмне кылат. Болбосо мээсине кан куюлуп кетет беле.Таңсулуу сөз арасында эбин келтирип:
-Марат кыскасы мындай. Бүгүн бизде информатика сабагынан экзамен болду. Агай баа койбой жатат "беш жүз сомдон чогултуп бергиле"- деп. Мүмкүн болсо акча таап бере аласыңбы-деди. Бул сөздү Таңсулуу абдан кыйналып жатып айтканын Марат билди. Бир саамга жооп бербей туруп:
-Таңсулуу эмне экзаменге даярданган эмес белең?-деди эле Таңсулуу актанып:
-Даярданганда эмне, баарын бир гана акча чечип калган соң. Сураганын бериш гана керек. Болбосо агайды душман кылып алам. Сөз ушул жерге келгенде Айданек сырттан кирип элүү сомдук акчадан бир пачканы столдун үстүнө коюп "сенин доляң"-дегенсип таштап кетти. Акчаны көргөндө Марат чын ниетинен сүйүнүп кетти. Дароо аны суурмага салып, сөздү аягына чейин угуп, анан үнүн ишенимдүү чыгарып:
-Таңсулуу сен үчүн акча табылат, деги экөөбүз качан жолугабыз? -деди үнүн ишенимдүү чыгарып. Бул алгачкы табылган арам акчанын азгырыгы учурунда керекке жараганы, Мараттын таза иштейм деген убадасынын мизин кайтаргандагы бир учур болду. Таңсулуунун назик жана кыз балага таандык жагымдуу үнү менен азыр мен ак үйдүн алдына барып калам деп, трубканы койгондо Марат, акчаны колуна алып, кайра суурмага салды. Акча менен аял затынын азгырыгы Маратты ушунтип баштады, өзүнүн чөлкөмүнө сүйрөп.
Акчаны берип кеткен соң Айданек сынамакка кайра кабинеттке баш багып:
-Марат Токтоболотович, жарым сааттан кийин шеф кирсин деди.Эч жакка кетип калбасаң-деп жагымдуу жылмайып койду. Бул жылмаюга арам акчанын күчү дем бергенин танып болбойт эле.
Марат үчүн жарым саат убакыт, бир кылымга тете болуп, өтпөй койду. Санаа чегип "Шеф эмнеге чакыртты болду экен"-деген гана суроого жооп таба албай, бирөөнү күткөн адамдай, улам-улам сааты карай берди. Андайда кычашкансып сааттын жебеси дагы ордунан жылбай калат эмеспи.
Акыры күткөн учур келип Марат, чакырык менен кабинеттке кирди, денесин майда калтырак басып жатып.
"Жырткычты сүрдүү кылган тырмагы, адамды сүрдүү кылган кызматы"- дегендей, Азим Капарович, Мараттын көзүнө укмуш сүрдүү көрүнүп, оозунан сөзү түшүп босогодон жылбай туруп калды. Маңдайы кашка, көз айнеги өзүнө жарашкан, курсагы чедирейген Азим Капарович жазып жаткан кагазын токтотуп, Маратты карап, көзү менен "олтур" деп белги берди. Ушул эле буйрукту күтүп тургансып Марат алдыга кадам таштап көрсөтүлгөн жерге келип олтурду да, суроолу карады. Азим Капарович күттүрүп, өзүнчө каада күтүп, анан болор- болбос жөтөлүп үнүн жасап алып:
-Марат кыскасы мындай. "Колдон келип турганда түштүгүңө жорго мин"- дегендей, азыр биз учурдан пайдаланып акча жасап алыш керек болуп турат. Сен кийинки аптада көздөн далдоо айылыңа барып, бир апта жүрүп кел. "Мен сени командировкага жибердим" - деп коём. Сен Киев шаарына барып келген болосуң. Анан сен менин калпымды чыгарбагандай бол. Кыскасы сага дагы өзүңдүн доляң тиет. Азыр бул жөнүндө экөөбүз гана билгендей бололу. Тиги Айданек дагы билбейт. Марат башын ийкеп макул экенин билгизди. Азим Капарович сөзүнүн аягын жымсалдап бүтүрдү да, анан оң көзүн кысып койду.Бул анын бала кезден бери келе жаткан адаты. Марат чоң сыноодон чыккан студенттей кабинеттен чыкканда өзүн кыйла жеңил сезип, үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгансып кенен-кенен дем алып алды. Бир жагынан калп айтып көнбөгөнү өз өкүмүн жүргүзүп, кабинетине келип бир топко ойлонуп олтурду "эмне кылсам" -деп. Чынында эле акырындык менен акчанын азгырыгы күчтүү экенин ушуга чейин сезген эмес эле. Ушул жерден дароо ойлогонго үлгүрдү "канча акча берет болду экен"-деген ойду. Мына бул жарык дүйнөдөгү эң алгачкы жаңылыштык жана пендечилик. Аңгыча эле телефон шыңгырап кулакка жагымдуу Таңсулуунун үнүн укту. Марат иш убактысы аяктап калгандыктан шашыла жыйналып, суурмага салган акчаны алып сыртка чыкты.
Бул учурда эркек адам суктангандай бой мүчөсү келишкен, жарашыктуу ак көйнөк кийген Таңсулуу, ак үйдүн алды жагында ары-бери басып, алгачкы жолу Маратты күтүп турган. Аны алыстан көрүп эле Марат сулуулукка суктанып, ушундай сулуу өзүн күтүп турганга ичинен ыраазы болуп, бир жагынан чөнтөгүндөгү акчанын деми демине -дем кошуп, кадамын тездетти. Таңсулууну акча маселеси ушундай бир кыйнап жаткан үчүн, бир орунга тура албай калган. Ошол себептен кыз башы менен Маратты күтүп, жол карап жатканын танып болбойт болучу. Марат жакын келип эле Таңсулууну оң бетинен өөп учурашып:
-Көпкө күтүп калган жоксуңбу?-деп сыпаалыгын көргөздү. Кантсе да чоң окуу жайдан окуп, билим алып калган да. Сөз учуру келгенде Таңсулуу карегин тартып алып, өзүнө жарашыктуу кыял менен:
-Марат, менин өтүнүчүмдү кандай кыласың? Ишенесиңби, азыр окубай эле акчанын күчү менен билим алыш керек болуп калды көрүнөт. Эки күн уктабай окуп даярданганым суу кечпей калды -деп,актангансып жер тиктеди эле, Марат ушул жерден өзүнүн шар мүнөзүн карматып:
-Канча акча керек болуп жатат?-деди. Таңсулуу үнүн жай чыгарып:
-Беш жүз сом болсо, маселе чечилет болучу. Марат күлүп:
-Анда анын жарасы жеңил- экен. Жүрү кафеге кирип алгач курсакты тойгузуп алалычы. Анан калган маселени чечебиз. Таңсулуу кабагын түйүп:
-Марат мени ал жакта агай күтүп жатат. Аны кетирип жибереличи, калган сөздү кийин улайлы. Марат чөнтөгүнөн акчаны алып чыгып санап туруп, Таңсулууга берди. Акча колуна тийгенде Таңсулуу ушундай бир болуп көрбөгөндөй сүйүндү белем, кабагы кышында жааган карга чагылышкан күн нурундай жаркылдай түштү. Бул көрүнүш алгач Мараттын көңүлүн абдан көтөрдү. Түшүнгөн кишиге кыйналып турган адамды сүйүнткөн кандай жакшы.
Таңсулуу, алдыга кадам таштап, окуу жайды көздөй шашылган болду. Бул учурда чын эле убада боюнча агайы чыдамы кетип күтүп турган. Кайран кыз агайынан кутулган соң, Мараттын оюу менен болуп, көзүнүн кареги менен тең айланып калганын өзү дагы билбей калды.
Ушул күнү Марат дагы Таңсулуу да өбүшүүнүн даамын татып, сүйүүнүн керемети кайда жатканын билишти. Арам акчанын күчү Мараттын катылып жаткан сүйүүсүн аз убакыттын ичинде эле ачыкка чыгарды. Ушул жашка келгени кыз балага ачылып көрбөгөн Марат, эмнегдир чоң байгеден куру калып жүргөн адамдай, бул бакыттын даамын татпай жүргөнүнө өкүндү. Таттуу өбүшүү эки жашты түн ортосуна чейин кармады, бирок чектен ары чыкканга экөө тең жол беришкен жок. Таң жаңы гана атып келе жатканда Марат, Таңсулууну үйүнө жеткизип коюп, жолдо келатып бир кезедги атасынын айткан сөзүн эстеди "Балам, акча менен аялзатынын азгырыгына бериле көрбө, биздин тукумга арамдык жакпайт"- деген.
Жашаган жерине келип төшөккө жатканда көз алдына Таңсулуунун элеси тартылып, анын кыңкыстаган кумарлуу үнү "сени сүйөм" деген сөзү, чын ниеттен берилип жасаган мамилеси, Мараттын оюн ээлеп алып, уктап калганга чейин тынчын алды. Бул алгачкы келген сүйүүнүн түйшүгү жана аял затына азгырылуунун алгачкы кадамы экенин танып болбойт болучу. Ал эми Таңсулуунун бул жолку абалын айтуу албетте көп эмгети талап кылат. Биринчи жолу эркек жанга өптүргөн жаш кыздын бул кылыгы өмүр бою эсинде каларында эч шек жок. Бети кызарып, жигит өпкөн жерлери от болуп күйгөнсүп албырганы, бир топко чейин кетпей, улам болгон окуяны эске сала берди.
Ошонтип эки жаш, эки жакта бирин-бири эңсеп жатып уктап кетишкени менен экөө тең болжогон убакыттан кеч ойгонушуп, бири иштен, бири сабактан кечигип калышты.
*********************** ***********************
Убакыт баарын дарылайт жана өз өкүмү менен кимдин ким экенин билгизип коёт эмеспи. Анысысыңары Марат дагы бир кезде өзүнө берген убуданын өтөсүнө чыкмак турсун ал убаданы унутуп, акырындык менен акчанын азгырыгына баш оту менен кирип, кадимки эки жүздү адамдын кейпин кийип баратты. Андан дагы сыртынан кооз көрүнгөн бирок, ичи ыплас жана арам ишке белчесинен баткан ак үйдүн ички эл билбеген жашыруун дүйнөсүнө кадимкидей аралашып, ал турсун күбө болгонго да жашоо таразасы көргөздү.
Убакыт чоң шашкеден өтүп калган. Марат эч жаман ой жок алтынчы этаждын калидору менен келатып, кесиптеши Айданек курсагы салаңдаган атасындай болгон киши менен кучакташып турганын, эшиктин ачык кичинекей жылчыгынан көрүп калып, кадимкидей денеси чыйрыга түштү. Өзүн токто кармап, шырп алдырбай жакын басып келип, кызыгуусу арта аларды аңдыганга өттү. Тиги киши кечинде эле телевизордон акылдуусунуп, эл үчүн кам көрө сүйлөгөн. Телевизорду карап олтуруп сөзгө маани берген Марат, бул кишиге ичинен ыраазы болгон эле "Азамат, ушундай адамдар көбүрөөк болсо, жашоо оңолот эле" - деп. Ал турсун эртең менен эле тиги кишини чын ниетинен куттуктаган болучу "абдан жашы сүйлөдүңүз" -деп.
Тил менен иш бүтүргөнгө көнгөн билермандардын жоруктарына, ичинен бышып жүргөн Мараттка бул көрүнүш дагы өз күчүндө сабак болду. Андан дагы эки күн илгери эле Айданекти, Азим Капарович менен кыйшаңдашып жатканын байкап калган болучу. Айданек назик үнү менен кылыктанып, шыңкылдап:
-Аскар Эркинбаевич мага эң негизигиси бүгүн үч жүз доллар таап бериңиз. Калган сөздү кечинде баягы жерден сүйлөшөлү. Мен сиздин оюңуз менен эле болуп келатам го - деп айткан сөзүн Марат даана укту. Аңгыча эле лифттен чыккан Азим Капаровичти көрө коюп, ыңгайсыз абалда калды да, үнүн чыгарып жөтөлүп, нары басты. Бул Мараттын тиги экөөнө сактануу үчүн берген белгиси эле. Антпегенде Айданекке эле оор болуп калат болучу. Марат кабинетине келип газетага жазган макаласына көз жүгүтүмүш болду, бирок Айданек менен тиги министрдин жоругу эмнегедир эле оюнун төрүнөн орун алып, бүт дити ак үйдөгү булганыч жашоо ээлеп, бир топко чейин бир жерди теше тиктеп, тазалык жоголуп баратканына ичинен сызып, күрсүнүп алды. Акчаны алдап жасагандары бир жагынан көңүлүн оорутса, минтип кары жашына карабай "сүйүү" - деген улуу сезимди тигинтип соодалап калгандарына арданып "бул иштен кетип калсамбы" - деп да ойлогонго үлгүрдү. Ою чаржайыт болуп, кабагы суз тартып олтурганда, эч нерсе болбогондой Айданек кирип келип, жасалма мүнөзүн карматып орус тилинде, өзүн маданияттуу тутуп:
-Марат Темирболотович, сизди шеф "кирсин" - деп жатат. Анан дагы баягы иштердин документин даярдап барсеңиз болот эле. И, баса телефондун акчасын да төлөчү учур келип калды-деди, көздөрүн кымыңдатып. Марат эч сыр бербей ордунан туруп:
-Айданек, бир иш кыларда эшикти жакшылап жаап алып жүрчү. Болбосо Аскар Эркинбаевич экөөңөр, алиги кылыгыңар менен шефке кармалып калат элеңер. Деги сен ким менен мамиледе болсоң дагы байкап иш кылбайсыңбы! -деп көзү менен билгизди, баарынан "уят" деген нерсени бийик тутушту. Мараттан чукул жерден бул темада сөз угам деп күтпөгөн Айданек башка чапкандай эле өңү бопбос боло түштү да, кабинетке кандай кирсе, так ошондой сыртка чыкканча шашты, уурусун карматкан кишидей. "Кыңыр иш кырк жылда да билинет"- дегендей Айданек үчүн Мараттын айткан сөздөрү ушундай бир катуу тийди. Анткени буга чейин Азим Капарович менен дагы мамиледе экенин өзүнүн калпыс кыймыл аракети менен Маратка билдирип алган болучу. Булут күндүн бетин ээлеп алгандай, кабагы ачык Айданектин кабагына кар жаап, түнөргөн тейде иш бөлмөсүнө келди да, бир жерди теше тиктеп, ойго алдырып жиберди. Бул да болсо булганычтын тайыстыгынын бир белгиси экенинин жана улуу жерди булгагандын учурунда айтылганы эле. Айданек ушул саам билди, баарынан намыс менен ардын улуулугун.
Бир жерде болгондо дагы жаамы кыргыз элинин тагдырын чечкен ак үйдө иштеп жатып, канча чогуу иштешкен кесиптештери менен мамиле түзүп жүргөнү үчүн Айданек өзүн-өзү жек көрүп кетти. Андан дагы айылдагы атасы менен энеси, туугандары "кызыбыз ак үйдө иштейт"-деп мактангандарычы. Эгер алар азыркы Марат күбө болгон ишти өз көздөрү менен көрсө эмне болот болучу. Эшик ачылып сыйда кийинген Марат кирип келди да, ойго чөмүлүп олтурган Айданекке көңүл бурбастан жаңгак жыгачынан жасалган эшикти чертип, Азим Капаровичтин иш бөлмөсүнө кирип эле билди, шефинин Айданек менен Аскар Эркинбаевич жөнүндө сураарын. Анткени анын жүзүнөн байкады, кандайдыр бир капачылыктын белгизин. Мунун себеби ал дагы Мараттай болуп тиги экөөнүн мамилеси бар экенин байкап калган болучу. Тактап, аныгын билүү үчүн атайын Маратты чакырткан. Бирок ыгын келтирип сурай албай Азим бир топко буйдала түштү да, кагазга үңүлгөн болуп убакытты созду. Кантсе да чиновник деген аты бар эмеспи. Сөз улансын үчүн Азим:
-Марат, иштер кандай, баягы тапшырманын өтөсүнө чыктыңбы?-деди Бул суроо жөн гана ыңгайсыз абалдан чыгуу үчүн берилгенин Марат билди. Кабагы салыңкы, үнүн жай чыгарып:
-Ал иш бүткөн, бир гана бухгальтер кол койсо болду. Азим учурун келтирип:
-Жанагы Айденек деген кыз аны бүтүрүп коюм дебеди беле? Бул айтылган сөз менен Азим өзүнүн негизги айта турган сөзүнүн учугун чыгарып алды. Көз айнегин алып, башын жогору көтөрүп, көзү менен сүрдүү карап:
-Я, Марат, сен тиги Айданекти кандай кыз деп ойлойсуң? Ал деги жеңил ой кыздардын катарын толуктаган кыз эмеспи?... Эмнегедир эле министр Эркинбаевич менен шынарлашып калыптыр-деп, сөз учугун алыстан баштады. Сөз кезеги келгенде Марат эски адатын карматып башын сылап:
-Азим Капарович чынын айтсам Айданектин андай деле осол ишин байкай алганым жок, бирок жаш кезде ар кандай учур болуп кетет эмеспи. Эң негизгиси сизге карата Айданектин ою абдан түз. Кыскасы, сизди мактагандан тажабайт-деп, Азим күтпөгөн сөздү айтты. Кантсе дагы бул жолу Марат эркек ушактан алыс экенин өзүнүн бийиктиги менен билгизе алды. Сөздөн жаңылып калбаш үчүн абдан тилине сак болду. Азим өзүнө карата Айданектин ою түз экенин ушуну менен үч кишиден угушу. Бирок анын бүгүнкү жоругу аз да болсо көңүлүнө көлөкө түшүрүп, кандайдыр бир шектенүүнү пайда кылды. Мараттан өзү күткөн сөздү уга албаган соң кабагын чытып:
-Марат, кыскасы мындай. Сен эртең мен жөнүндө "Асаба" газетасына иштин ийгилиги жөнүндө макала жаз. Бирок, башка бирөөнүн аты менен. Мени жогору жак унутуп баратат өңдөнөт. Андан дагы эл менин ишимди билип турганы оң. Антпесең эртең эле иш ордумду сатып ала тургандар толуп жатат. Алар тарп аңдыган жорудай баскан изимди аңдып гана араң турушат. Бир шылтоо табылса эле хан айымга берчүүсүн берип, кызматымды алып коёт. Өзүң деле байкап жаткандырсың, тиги кожоюн эмес анын аялы баарын билип, акимдин ордунан бери кийлигишип калганын. Сөз эмне жөнүндө болуп жатканын илгиртпей түшүнгөн Марат башын ийкеп сөз удулу келгенде, суроо менен кайрылды:
-Азим Капарович, макалага кайсы иш жөнүндө кененирээк токтолоюн. Балким сиздин түштүк жергесине иш сапарыңыз менен барганыңызды жазсам кандай болот?
Азим калем сабы менен столду черткилеп, ойлонгондой түр көргөзүп:
-Жок, ал жакка барганымды эмес, казакстанга барганда жасаган докладым жөнүндө жаз. Аны өзүң даярдабадың беле. Айткандай колуңдан келишинче калпты чынды аралаштырып бир мактасаң, тиги ажо баш болуп, аялы төш болуп менин иштеп жатканым жөнүндө кабардар болушсун. Антпесек өзү билген хан айымдын туугандары, иш ордума жуучу түшүп жатканын кулагым чалып калды. Калганын өзүң түшүнгөн чыгарсың-деп, темадан башка ашыкча сөздү оозунан чыгарып жиберди. Аңгыча эле телефон шыңгырап калды. Азим телефонду албай туруп, Маратка кайрылды:
-Бар, бара бер. Ортодогу болгон сөз оозуңдан чыкпасын. Анан Айданекке дагы эскертип койчу, өзүңдүн сөзүң кылып, ар ким менен шынарлашпасын- деп, трубканы кулагына такады. Бул учурда Марат кабинеттен чыгып кеткендиктен, ким менен сүйлөшкөнүн ачык биле албады.



Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 10:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Таңсулуу канчалык өзүнүн тазалыгын сактаганга аракет кылган менен бара -бара күчүнөн тайган өгүздөй акыркы убактарда болгон күчүн жыйып, эптеп гана жашаганга өттү. Акча деген балакет баарын бийлеп калган соң, канчалык окуп билим алгысы келсе дагы экзамендерден мугалимдердин көзүн кызартып "акча" деп кыйнаганы көкөйүнө көк таштай тийди. Ал турсун информатика сабагынан берген мугалими ачык эле этегине асылып, көзүн сүзгөн букадай торуп караганы барган сайын күч алды. Анын сураган акчасы бир тең, сугун артып караганы бир тең болуп, окуу жайга батпай да баратты. Андан дагы акчага көпкөн чоңдун балдары иномарка машиналар менен келип жасалма мүнөз менен, эшигин сагалагандарын көрүп, алардын арам оюн айтырбай билген Таңсулуу сулуу болуп жаралып калганына өкүндү.Сулууга суктанбаган ким бар. Сулуу кыз көздүн көркү болгону менен дайыма кайтарууда жана ар бир эркек жандын көз кырында болоорун Таңсулуу бойго жетип, жетилгенде гана билди. Илгерки союз учурундагыдай тартип күчүндө болсо да көчөгө ээн-эркин басат беле... Колдорунан эч нерсе келбеген акчанын күчү менен өздөрүн кыйын сезген чоңдун жана байлардын балдарын эбак сынынан өткөрүп, алардан жаа бою качып, акыркы учурда жашынганга дагы туура келди. Сыртынан сыр бербегени менен ичинен сызган Таңсулуу кээде таң атканча кирпик ирмебей ойлонуп чыккан адат дагы, таап алды. Элди ушундайда, кыйынчылыктан алып чыккан чыныгы эркек жок экенине арданды. Мараттан эл ишенген ак үйдөгү билермандардын жоруктарын укканда, төбө чачы тик тургандай таң калып, канча күн өзүнө келе албай жүрдү. Секелек кезинен кыргыздын баатырлык эпосторунан не бир түркүн баатырлардын эл-жер үчүн жасаган эрдиктерин окуган Таңсулуу, кээде көз алдына чыныгы баатырды элестетип гана тим болот. Билим берген мугалимдер тигинтип тайыздыкка барып жаткан соң, алардан окуган окуучу кандай болот. Акыркы кездерде атасындай болгон кишилердин тийишкени кадыресе көрүнүшкө айланып, баарына кол шилтеп калганы бул да болсо тазалыктын жана бийиктиктин акчага алмашылганы деп билди. Күнгө жума. Аптанын акыркы күнү. Бул күн иштеги адамдар үчүн күндөгүдөн бир-эки саатка кыска. Таңсулуу өзүнө жарашкан аппак көйнөгүн кийип Марат менен жолугу үчүн ак үй тарапты көздөй кадамын жай таштап келатты. Марат кыйналып турганда керекке жарагандан бери аны өзүнө абдан жакын сезип калган. Андан дагы аны менен алгачкы жолу өбүшүп бети ачылып калгангабы же чын эле аны сүйөбү ал маселени өзү дагы толук билбейт. Билимге сугарылган Мараттын адамкерчиликтүү жана тайыздыкка жол бербеген сапатын Таңсулуу баалап калган үчүнбү эмнегедир Мараттын жанында өзүн эркин сезет. Убадалашкан учурдан бир азга кечигип калган Марат келип эле кечирим сурады:Таңсулуу, кечирип койчу, бир азга кармалып калдым. Шеф бир ишти тапшырды эле, анын аягына чыкканга чейин ушул убакыт болуп кетти. Таңсулуу карагаттай көздөрүн бар-бар ирмеп, жагымдуу жылмайып: Албетте болочоктогу чиновник кечикпейт, кармалат иштер менен. Бул эми жашоонун жасылбаган мыйзамы экенин ким танат-деп, сынай карады эле Марат күлүп:-Таңсулуу сен абдан туура сөз айттың. Бир чети кыз баланы күттүргөн бул чекилик иш- деп актанып келатканда, Таңсулуу оозунан сөздү жулуп алып:-Болду эми актанба, аны коюп негизги план кандай?-деп жадыраган жүз менен карады. Сулуунун бул көз карашы,наристенин күлкүсүндөй таза эч жасалмасыз жасаган мамилеси Мараттын ичин жылытып жиберди. Эгер, Мараттын ордунда башка эркек болгондо, ушул жерден эч кимди көзгө илбей сулууну бек кучактап денесинен бек кысып өөп жиберет беле... Таңсулуу сурмалуу кирпиги менен жер карап, ашыкча сөз айтып алдым дегенсип уяла түшкөнү дагы өзүнө кадимкидей жарашып турду. Марат жаңы эле алган ыплас акчаны күчү менен өзүн аз болсо да бийик сезип, шар жооп берди:-Сен кайда десең, мен ошол жакка барганга даярмын!-деди эле Таңсулуу учурдан пайдаланып: -Эмне дагы чоң акчага ээ болдуңбу?-деди. Бул айтылган сөздүн артында "ак үйдөгү табакташтарың менен элдин акчасын тең бөлүштүңбү" - деген сөз жатканын Марат дароо түшүнүп :-Таңсулуу аны өзүң деле билесиң да. Эң негизгиси мен уурдаган жокмун. Бергенин гана алдым. Эгер уурдай турган болсом сага ачыгын айтам деп, көзүн ала качып, жалтаңдап күнөөлү кишидей жер карады да, анан сөздү башкага буруп:-Жүрү бир жерге барып өзөк жалгап алалы, анан калганын көрө жатабыз деп чечкиндүү кайрылды. Ак мрамор таш менен кооздолуп салынган бул ак үй баам салган адамга тышы көрктүү, ичи чириген чоң теректин кейпин кийгени байкалат. Эгер, көп эмгек жумшалып салынган бул имараттын ичинде сыйда кийинип иштегендер таза болгондо, анда, сөз башкача айтылат беле... Канчалаган ички оюу арам чиновниктер акчага азгырылып, ак үйдү булгап бүтүштү.Марат өзүнүн иш бөлмөсүндө олтуруп ойго батты "кантип бул жердеги иштеген адамдарды оң жолго салса болот?"-деп. Мунун себеби, азыр эле төртүнчү этажда олтурган министрдин жардамчысы оңбогон акча сунуш кылып, жасалма документке кол койгонго сунуш айтып келгени болду. Бул эми бери жактагы майда билермандардын жасаган жоругу экенин Марат билип туруп ушул ойду ойлогонго мажбур болду. Ал эми жогору жактагы чиновниктердин эки жүздүүлүк менен жасаган акчасын эсептегиси да келбейт. Жан дүйнөсү таарып, терезеден сыртты карады. Эч нерседен бей капа элдер ак үй тарапты суктануу менен карап өтүп жатышат. Ал эми бул жакта эмне деген элдин ырыскысы чачылып жатат аны билишбейт да. Эгер билишкенде суктануу менен эмес, жийиркенүү менен карашмак беле, ким билет. Убакыт чоң шашке болуп калган кезде, кылыктана басып Айданек кирип келип, маанилүү сөз айтчуудай ирегеден бери өтпөй, сынай карап туруп калды. Бул Айданектин сунуш айтканы келгендеги адаты. Марат кош көңүл мамиле жасап, ал турсун "кел" деп дагы айткан жок. Мунун тереңи Айданектин эркектерди ылгабай акча үчүн баары менен эле кыйшаңдаша бергени. Айданек ушул жолу Мараттын өзүнө карата ою бузулганын байкап калып, жагалдана басып келип, ийнине колун коюп:-Мырза, сага эмне болгон? Мынчалык муздак мамиле жасагандай эмне жаман иш кылдым?-деди, өзүн сабырлуу тутуп. Марат мындай сөздү күткөн эмес эле. Тетири караган тейде:-Айданек, өзүң билип туруп сурабачы. Сенин жоругуң мага эле эмес, Азим Капаровичке дагы жакпай калган өңдү. Иш жасай турган учурда алгач эки жакты караш керек да. Мен сени кары, жашы өтүп калган кишилерге ыраа көрбөйм. Акча үчүн ылгабай эле эркектер менен мамиле түзө берген кантип болсун. Азыр эле тиги төртүнчү этаждагы Кылыч Сапарович дагы мага акча сунуш кылып "жалган документке кол кой" деп келиптир, албетте сен аркылуу. Минтип олтурсак биз элди сызга олтургусабыз го... Дагы бир топ сөз айтайын деди эле, эмнегедир ага оозу барбады. Айданек калп күлүп:- Марат Токтоболотович, ошол дагы кеп бекен! Билесиңби, азыр заман такыр башка. Колдон келип турганда, акча жасап алыш керек. Ушул күндөр дагы өтүп кетет. Эмне тиги жогору жактагы билермандардын көчүгү таза дейсиңби, баарын кылган ошолор. Алгач ишке келгенде мен дагы сендей болуп ак жүрөктөнүп, элди аяган болчумун. Азыр минтип бул чөйрөнүн кухниясын өздөштүрүп, баарына кол шилтеп калдым. Эгер сен алдагынтип илгерки коммунисттердей ак жүрөк болгуң келсе, сени толкун сүрүп салган чамындыдай гана бул жердегилер иштен сүрүп салышат. Керек болсо сот, прокурордун баары көк акчанын көзүн карап калган. Эч кимге бул жактагы болуп жаткан былыкты жеткире албайсың. Аз күндө алиги тапансынган "Асаба" газетасы дагы жабылып тынат. Кыскасы, азыр өз гана көмөчкө күл тарткан учур. Марат, айтылган сөздү кунт коюп угуп, сөз кезеги келгенде үшкүрүнүп:< br style="color: rgb(40, 40, 40); font-family: helvetica, arial, sans-serif;"> -Айданек, бир чети сен дагы туура айтасың. Бирок, ар бир иштин аягы болот. Ушул алдым жуттумдардын жооп берчү кези алдыда. Ал жагын да ойлош керек. Менин дитим чыдабай баратат, эки жүздүүлүккө. Ажо баш болуп акылдуу сунуп сүйлөгөндөрү менен кылган иштери такыр эле теңирден тескери чыкканы менин көңүлүмдү абдан сындырып, жакшы ой тилегиме суу сээп, муздатып салышты. Бекер табылган ар бир нерседен коркуш керек. Тиги Кылыч Сапарович "үч миң бакс берем"- дейт. Ал акча мен үчүн чоң акча. Иштегениме үч айдын жүзү боло элек жатып, паракорлукка барганым болбойт го... Айданек күлүп:<br style="color: rgb(40, 40, 40); font-family: helvetica, arial, sans-serif;"> -Марат, сен али бала бойдон турбайсыңбы. Ага сенин эмнең кетип жатат. Берген акчасын алгын да, кол коюп берип кой. Эгер мен сенин ордуңда болсом кадимкидей соодалашмакмын. Керек болсо сага эртең "беш миң бакс берем" деп келиши толук мүмкүн. Чынын айтканда сен иштин көзүн жакшы билет экенсиң. Ошонуңду билген үчүн Азим Капарович ишке алды да. Өткөндө сени башка ишке котору жөнүндө да сөз болгон. Бирок эмне иш экенин укпай калдым. Кыскасы сен шефтин көңүлүнө жагып калыптырсың. Бул айтылган сөз Маратка чоң жаңылык болду. "Жакшы сөз жан эргитет"дегендей, Мараттын бүркө кабагы жазгы күнкү тийген күндүн нурундай жадырай түштү. Учурдан пайдаланым Айданек айтчу сөзүн айтып алды. -Марат, кыскасы мындай, бул сөз экөөбүздүн гана ортобузда болсун. Эртең мен сага бир иш тапшырам. Ал иш сенин колуңдан келет. Эгер сен ал ишти бүтүрүп берсең мен сенин каалоң менен болом-деди, кумарлуу көз караш менен карап. Бул жерден Марат айтырбай түшүндү,сөз эмне жөнүндө болоорун. Айданек жооп күтпөстөн сыртка чыгып кеткенде, Марат мыйыгынан күлүп "карыган текелерди кылыгы менен гана азгырып, ишин бүтүрүп жүргөн тура"-деп, кобуранып алды да, столундагы иш кагазга карады.Токтоболот эмнегедир ишенген уулу баскан жолунан адашып баратканын баамдап, айтканга учурун келтире албай жүрдү. Негизи эле иштин дагы бүтө турган учуру, айта турган сөздүн да убагы келет эмеспи. Бирок кандайдыр бир себептер менен Токтоболот убакытка уттуруп, уулуна айтчу сөзүн айта албай кечиктире берди. Барган сайын жүрөгүн өйүгөн маселе улам тереңдеп баратканын таназар алса дагы, өзүн сабырлуу тутту. Мунун себеби бар болучу. Анткени атасы дайыма айтар эле "Маанилүү нерсенин учурун гана күт"-деп. Ошол себептен уулуна айтчу маанилүү сөздүн учурун күтүп, ичинен гана сызып, сырын ичине катып жүрдү. Күнгө жума. Бул күн атысынын каза болгон күнү болучу. Ушул күнү Марат шаардан келип калды, сүйлөшүлгөн сөз боюнча. Мал союулуп, эт казанга түшкөндөн кийин кеминеде эки сааттай убакыт өткөндөн соң жума намазы окулуп болгондо гана алгач аксакалдар келди, куран окуганы. Баары текши тасмал четинен орун алып олтурганда Токтоболот, бир чыныдан чай алдыга келген кезде, атайын сөз учугун саясатка бурду.-Бул, азыркы эл билермандары жыргатпай калды өңдөнөт. Баамымда тиги эл эгеси абдан жумшак киши болуп калды. Негедир үй-бүлөөсү бийликке киришип, ар ким өз көмөчүнө күл тартып, карапайым элге убал болду го...-деп, сөз баштады эле, бурч тарапта олтурган жашы алтымышка таяп калган Султан:-Туура айттың, Токтоболот. Бул ажо элди жыргатпай эле эзгени калды. Азыр биздин эл дыйкан чарба деген немеге даяр эмес болучу. Кайран гана союз салып берген сарайлардан бери талкалап салдык, ушул жакшыбы. Бүтүндү бүлдүргөн кантип болсун. Сөз кезеги келгенде Стам карыя чокчо сакалын сылап:- Я, Марат, сен эл аралап жүрөсүң, деги сен бир нерсе байкадыңбы. Азыр аял ушак менен эркек ушакты угуп жатып, кимисине ишеничти да билбей калдык. Өз оозуңдан угалычы, жашоо деги оңолобу же...Марат ушул саам гана билди арам акчанын аягы кандай экенин. Мындай чукул жерден суроо берилет деп күтпөгөнгө бир азга тайсалдай түштү да, анан өзүн колго алып:- Мен аны ачык айта албайм. Негизи эле баарына эрте анализ берген болбойт. Балким жашоо оңолуп кетээр. "Көч бара-бара түзөлөт"- деп айтылат эмеспи. Бирок, ажонун дарегине карата жаман сөздүн айтылышына жанындагы ишти бүлүнткөн чиновниктер- күнөөлү. Мен бир-эки жолу президент менен бирге болдум. Анын элге деген жүрөгү таза. Силер баамдагандай үй-бүлөөсү менен бузуку чиновниктер баардык ыплас иштерди кылып жатканы, менин дагы көңүлүмдү оорутуп келет. Стам карыя сөз кезегин күтүп туруп:-Марат уулум, сен абдан туура сөз айттың. Тээ илгертен бери айтылган кеп бар "Аял жакшы, эр жакшы, вазир жакшы, хан жакшы"-деген. Ханыбыздын маңдайы жарык,жакшы адам экенин мен алгач көргөндө эле байкагам. Вазир жаман болуп жатканы анын ишине кедерин тийгизип жатпайбы-деп, эки жакты аяр карап алып маанилүү сөз айтчудай адатынча сакалын сылап, сөз баштады: -Илгери, өткөн заманда бир элдин ханы болгон- экен. Анын алган аялы жана ишенген башкы вазири барган сайын такыр эле хандын көңүлүнө жакпай калат. Бирок, алардын айткан сөздөрү ушунчалык ишенимдүү болгон соң аларга ишенип, элдин жашоосуна көңүл бурбай жүрө берет. "Ак көңүл киши жарыбайт" -деген кеп бар эмеспи. Ал хан дагы, биздин ажодой болуп ак көңүл болсо керек. Бир күнү хан эмнегедир элинин жашоосу кандай экенин билгиси келип, түнү думананын кийимин кийип алып, алгач мал базарга барат. Мал базар түнкү саат экиде эле башталып, айылдардан келген малдарды ортомчулар арзан баада сатып алышып, эртең менен эки эсе кымбат сатканын байкайт. Андан соң жер- жемиш саткан базарга барса, ал жакта дагы ошол эле көрүнүш. Бир-эки кишиден "хан элди кандай башкарып жатат"-деп сураса. "Хан эмес, бизди аялы менен вазири эле башкарып жатат. Хан курсагы тойгонго сүйүнүп жүрөт. "Хан"-деген эле аты болбосо эптеп эле огожо"- деген сөздү угуп, ушунчалык арданат. Азык-түлүк эмнеге кымбат экенин дагы баамдап, ошол күнү абдан ачуусу келип,аялы менен вазирин өзүнө чакырып алып болгон ишти түшүндүрүп айтып, экөөнү тең шаардан алыс чыгарып салып, анан ишти колуна алып, жаңыча баштаган экен. Убакыт алдыга жылган сайын кимдин ким экенин, ким кандай ишке жөндөмдү, кимдин колунан иш келет баарын билип, чын ыкласы менен ишке берилип, элдин жашоосун оңдогондо, эл дагы хандын ишине аялы менен вазири кедергисин тийгизип жүргөнүн билген экен. Өзгөчө азыр бир көз, бир көзгө жоо болуп турганда, ашык сөз дагы сүйлөбөш керек. Биз билип- билбей аны-муну айтканыбыз менен ажонун жасаган иштерин, убакыт гана таразалап коёт. Айткандай,Марат, биздин айылдан баш көтөргөн сенсиң. Таза иштеп, таза жүр. "Акча деген азгырык" -деп, сөзүнө чекит койгондо, Токтоболот "уктуңбу" дегенсип Маратты карады эле, Марат атасынын көз карашынан эле түшүндү, арам акчанын жетегине тереңдеп кирип баратканын. "Адамды, адам бузат"-дегендей, канчалык мааниси терең сөздөр айтылганы менен адамдык сапаттан, акчанын кадыры чоң болуп баратканы, андан дагы батыш элинин идиалогиясы тамырын жайып, сөздүн күчү кетип "уят-ар" деген неме тепселип, кошоматчылардын жана алдамчы- шылуундардын айткандары, эки жүздүү адамдардын канаты кенен жайылып баратканын эл аралап баамдап калган Марат калыс ой жүгүртүп көрүп, ичинен ойлоду "менин ордумда силер болсоңор деле, мен жасаган ишке бармаксыңар" -деп. Андан дагы эл бийлеген чиновниктер эле эмес, алардын кол алдында иштеген катчы кыздар дагы очойто акча жасап жатканын көрүп, билип туруп кантип арам жолго адам түшпөйт. Эл тарап, кеч кирип калган кезде, Марат атасына болгон ишти түшүндүрүп айтты да, анан сөз учугун шаардан үй алыш керек экенин учкай кеп кылды. Бул айтылган сөздүн артында "үйлөнүш керек"-деген сөз жатканын Токтоболот айттырбай билди да, башын жерге салган тейде бир топко үнсүз олтуруп, анан кабагы салыңкы;-Балам, бир мен эмес, бүт айыл сага ишенич артты эле, сен дагы байлыктын артынан түшкөн экенсиң!-деп, сөзүн кыска бүтүрүп кайра ойго алдырып жиберди. Кап, кайран гана кыргыз элим. Эми оңолушуң оорлоп калган- экен. Жоош деп ишенген уулумдан ушул кепти күткөн эмес -элем. Канчалык айткан менен баары бир аягы тайыз акча кубалагандардын саны өсө берет турбайбы-деп ичинен сызып, Мараттын "ата"-деп кайрылган сөзүн укпастан, тагдырына тарынган адамдай бет алды басып баратып "Кайран гана карапайым эл, эми болбой калды"деп кобуранып алды. Бул жерден Токтоболот аксакал, кыргыз элинин жыйырма жыл кийинки жашоосун көрүп билгендей, абдан өкүндү. Мунун негизине, ишенген уулу Мараттан өзү күтпөгөн сөздү укканы себеп болду. Атасы жана чоң атасы дайыма айтчу "Балам, жеңил табылган олжодон алыс бол, арам оокат аш болбойт" деген сөз бекер жерден айтылган эмес. Биздин тукумга арам оокат жакпайт. Жеке эле биздин тукум эмес, элдин баарына эле арам оокат жакпайт.Ар нерсенин жооп берген учуру келет. Ушул сөздү сен балаңа дагы айт"-деп бир эмес бир нече жолу эскерткен болучу. Эми минтип ишенген уулу, акылдуу сунуп айткан сөзүнө нааразы болуп, маңдайкы бөксө тоону көздөй эч максатсыз басып баратып ойго чөмүлдү.

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 09:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Ак үйдөгү баш аламандык барган сайын кулачын жайып, ар ким өзбилгенинкылып, алдамчылыктын арааны кыскарбай эле кайра кулачын кенен жайыпбаратканы, Марат үчүн көнүмүш адатка айлангандай таасир берди. Күнү кур эмесакча агылыпчөнтөгүнө түшкөнү, кайран баланын бир кездеги таза ой максаттынайылынаналыстатып, "мен гана жашасам"- деген ач көздөрдүн арасынаакырындыкменен сүйрөп баратты. Азгырык бар жерде калыстыктын карааныалыстаганын ушунданулам билсек болот, бир кезде элди ойлогон Марат эмибашкалардай эле өз арбайынсогу менен алек болуп, сыйда кийинген уурулардынтабакташы болуп чыга келди."Курсагыток бала сүйкүмдүү" -демекчи, суу кенен жайылып, көркүнөчыккан беде чөптөй,Марат дагы баштагыдан кыйла ачылып, кийген кийми оңолуп,сөзү дагы чоң чыгып,кадыресе чоң кишилердей акыл айткан адат дагы таап алды.Айтмакчы "атабалага сынчы"-дегендей Токтоболот, алгач эле байкагануулунун ак жолдонадашканын. Андан дагы бала болуп туруп акыл айтканда, кайранТоктоболот тээ биркезде айткан Калыгул олуянын "атасынан баласы тапанчыгат, этеги жок жеңижок чапан чыгат"-деген сөзүн эстеп, уулунун жоругунаназары сынып, бөксөтоого чыгып, алыскы жайы кышы кар кетпеген, аскасы бийиктоолорго көз чаптырып" эми кайран тоолорду бул жаңы өсүп келе жаткантилди, каада салт, үрп адаттычанган манкурттар сатып жибербесеболду- "деп, кабагы салыңкы жер тиктепойго алаксып, бир топко турду.Ичтеги арманын айткысы келди, бирок кимге айтат.Өзү менен өзү сүйлөшүп, заманэмне болуп баратканына акылы жетпей илкий басып үйтарапка жөнөдү.Марат, эмнеге атасы нааразы болгонуна акылы жетпей, апасынакайрылды- Апа, атама эмне болгон, эч сөз айта электе эле жаш баладайтаарынып, басып кетти-деди эле, Сайнап идиши менен алек болуп жатып-Атаңэмнегедир эле акыркы күндөрү элдин жашоосун ойлоп, санаа тарткан адат таапалды. Андан дагы сенин берекелүү тапкан акчаңа сүйүнбөй элекайра өкүнөт"элдин ырыскысына кол салгандардын катарынтолуктады" -деп. Билбейм, дегиакыркы күндөрү такыр эле кабагы ачылбайкалды, бир билгени бар адамдай.Марат, учурданпайдаланып- Апа, азыр илгерки заман жок. Ал кезде элди орус башкарган . Азыр алдымжуттумдар , ач көз көз боёмчулар башкарып жатат . Мен эми иштешкендер менен тилтабышпасам кандай болот . Кыскасы , жакында үйлөнөм . Анан өзүмчө жашабасам ,атамдын жетегинде жүрсөм анда жашоо болбой калчудай . Марат дагы бир топ сөзайтат беле, кошуна келин келип калып , сөз үзүлүп калды .Сайнап , кечки тамакка олтурганда сөз кезегин келтирип Токтоболотко кепучугун чыгарды ,Марат жоктон пайдаланып -Абышка , тиги уулуң жакын арада үйлөнөм дегендей айтты го. Аз-аздандаярдана берсеккандай болот? Токтоболотко ушул эле сөз жетпей турган. Башынжерге салган тейде-Акчагаазгырылганы аз келгенсип балаң эми аял затына дагы көз агытыпкалган тура.Мейли, үйлөнсө үйлөнө берсин. Мен андан көптү үмүт кылдым эле.Кап, болбойкалды. Катын менен байлык кайда качат эле, эгер ал акча эмес, элдиалганда. Менбир кезде жаштыкка салып жолдон адашкан элем, эми балам дагы менинжолума түшкөнтура. Кийин өкүнөт. Азыр жаштык кылып жатат. Бир кездеКарабалтадагы Сабыр сынчыайтты эле "Ушул уулуңдан бир нерсе чыгат, эгеракча менен аялгаазгырылбаса" -деп. Болбой калды-деп, ичине каткан сырдынтүйүнүн ачып алды.Сайнап, айтылган сөзгө анча маани берген жок. Ага баласынынкөп акча тапканыолжо болуп,учуру келгенде-Абышка, деги сен эмне деп эле кайдагы сөздү айтыпжатасың. Азырилгеркидей сынчы дегенге ишенген -болбойт. Мезгилдин агымынажараша иш кылышкерек. Аны коюп балаңдын элге аралашканына сүйүнбөйсүңбү. Кимдинэле баласы акүйдө иштеп, акча таап жатыптыр. Керек болсо балаң машина алам деп,сенденуруксаат ала албай жүрөт. Ушундай да болосуңбу? Андан көрө уулуңаакылкеңешиңди айтып, биргелешип иш кылсаң боло! Токтоболот эч сөз укпаганкишидей, кош көңүл мамиле жасап, бир топко үнсүз олтуруп-Кемпир, сен эмненибилесиң. Аялдарга эмне,кооз кийим менен көр оокатболсо болду. Мени түйшөлткөнмаселе кыргыз элинин келечеги. Мен алдыда эмнекүтүп турат, көрүп-билип турупкантип өкүнбөйм! Балаңдын аял аларын эбак элебилгем. Ал экөөбүздүн ой-тилегибизтакыр бөлөк, эки башка. Ал азыр"акча" деген утурумдук азгырыктынжетегинде жүрөт. Кийин өкүнүп,бармагын тиштебесе мага кел. Айтты, койду дебе,азыркы бийликтегилер эле эмес,кийинки бийликке келе тургандар дагы элдижыргатып жибербейт. Эгер аман болсок,мен айткан сөз келгенде гана балаң экөөңөрмага түшүнөсүңөр. Азыр, силер канчаайткан менен өз көзүңөр менен көрмөйүн ишенбей,адашкан жолдо жүрөбересиңер- деп, сөзүнүн аягын чолок бүтүрүп, адатынча биржерди тиктеп, дагыойго алдырып жиберди.







Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 10:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Алыскы Ала-тоонун башынанкүндүн нуру жерге тегиз чачкан кезде Токтоболот карыя сарай бузганы, он чактыадамдын трактордун тележкасына олтуруп бараткандарды көрүп, кабагы түнөрөтүштү. Кечиде уккан эле "Өрдөштөгү сарайды бузуп, бөлүп алганыжатышыптыр" деген сөздү . Ошол укканы эми чын экенини билип кадамын жайташтап, кетип бараткандардын карааны үзүлгөнчө карап туруп"Аттиң, эмиболбой калды, бүтүндү бүлдүргөн кантип болсун"-деп үнүн чыгарып кобураныпалды да, канча эмгек коротуп салынган сарайдын кыйрашын ниетинде каалабайтурду. Эл баштаган адамдын алдыны көрө билбегенине дагы бир жолу көзү жетип,мындан аркы жашоону көргүзү келбей, жашоонун кунары качканына көзү жетип, эртерээрекэле бул дүйнө менен кош айтышкысы келип кетти. Эч нерсеге көңүлү чаппай, дааратсындырып келип, бети колун сууга чайыды да, таңкы насипке олтурду. Самооргокайнаган чайдан ууртап, оозу бошогондо аялына кайрылды-Сайнап, жармакачыптырбы. Ачыса мага конистирге куюп берчи. Атты минип Сар-Жыгач тарапка барыпкелбесем болбой калды. Эмнегедир эле атам түшүмө кирип, такыр өзүмө келе албайжатам. Деги азыркы эл эмне болуп баратат. Тиги Өрдөштөгү сарайды бузганыкетишти. Өткөндө ал сарайды буздурбай сатып алсамбы деп, Орозбек кобурады эле.Тигилер көнбөй койсо керек. Бүтүн нерсени бүлүнтүп, эмне табышат. Ал сарайданэми эмненин алса болот. Ай, азыркы билермандарга түшүнүп болбойт. Элетөнүкмөйүн, эл өспөйт. Баары эле базарчы болуп, сатынып эле калышты. Ушулжашоону көрбөй кетсем болот эле. Эми мындан ары жашоо оңолбой эле кайра артынанкеткени калды-деп, чайдан ууртап, нанга кол сунду. Сайнап, жактырбаганын билгизип-Дегисен акыркы күндөрү эмне эле болуп баратсың. Эл көргөндү көрөбүз да. Ага башыңдыоорутуп не кыласың. Андан көрө кийинки аптада уулуң келет, ала турган кызынбизге тааныштырганы. Бул сөздү укканда Токтоболот карыя чочуп кетти. Колундагычыныны жерге коюп-Эмне дедиң!?-деп, үнүн өктөм чыгарып, көзүн алайта карап калды.Сайнап, эч нерсе болбогондой- Кечинде уулуң менен сүйлөштүм. Жакын арада үйлөнөмдегендей кылды. Алгач кыз менен бизди тааныштырып кетет, өңдөнөт. Эгер алатурган кызы бизге жакпай кала турган болсо, албайт имиш. Токтоболот таңкалганынан келме келтирип жиберди да,айта турган сөзүн таппай калды. Сайнаптынакыркы айткан сөздөрү кулагына кирбей, эми дагы эмне балээси башталды дегенсип,үнсүз бир топко олтуруп-Я, Сайнап, балаңдын башы ордунда эле бекен. Тиги акүйдө иштегендердин мээси такыр эле иштебей калганбы деп, ойлоп калдым. Я,айланайын, ала турган кызын ала электе үйгө ээрчитип келген салтта жок эмеспи.Андай иш тиги батыш элинин салтын кармаган шаардыктарга эле жарашпаса, эл эмнедеп айтат. Али ала элек кызын, тастаңдатып үйүнө ээрчитип келиптир дебейби! Алатурган кызы өзүнө жакса болду да. Азыр мага кыз эмес, алиги эл билермандар дагыжакпай турган учур. Деги заман кайда баратат. Аял ала турган киши дагы ушундайболобу! -деп, катуу кетип барып токтоду. Сайнап, абышкасынан мындай сөздү күткөнэмес, бирок, көп жыл бирге жашап, сырын беш колдой билген үчүн, ашыкча сөзсүйлөгөндөн алыс болуп, сунулган чыныга чай куюп берип-Абышка, азыр баягы сенэкөөбүздүн учур жок. Убакыт өткөн сайын баары эле жаңыланып жатпайбы. Билесиңби,өткөн жылы Сапарбайдын уулу деле ала турган кызын алгач апасына сынатыпкеткенин. Анын эмнеси бар экен. Болбогон нерсеге эле опурулуп, капа болобергендин эмне кереги бер. Аны коюп, кыздын ата-тегин сурап, бүлө боло турганкыз кандай жердин кызы экенин билип, алганыбыз оң эмеспи. "Катын албай,кайын ал" деген сөз бекер жерден чыккан эмес. Андан көрө кызды көрүпбилели. "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк жок"-дегендей, уулуң дагы бизменен кеңешип, иш кылгысы келип жатса керек. Эгер, кыз жакпай калса түшүндүрүп, азыр шартыбыз жок деп, кийинкиге калтырып коёбуз.>Токтоболот карыя жөндүүайтылган сөзгө муюп, бир топко үнсүз олтуруп- Кемпир, мен аттанайын. Аны- мунудаярдап бер. Сыртка чыгып алаксып келбесем болбой калды...-деп кыска сүйлөп,ордунан турду да, короону көздөй басты. >- Чапдар атты токуп, атасынанкалган кооз өрмө камчыны колуна алып, даяр болгон азыкты канжыгага байлап, аттыжалдан кармап бутун үсөнгүгө салып тартынып минди да, адатынча сөз күткөнСайнапка эч үн дебестен бастырып чыгып, теңирең таскак жүрүш менен чоң атасынынсөөгү коюлган тоо арасындагы мүрзөнү көздөй жөнөдү. >- Токтоболот карыядайыма жан дүйнөсү ооруганда чоң атасынын мүрзөсүнө барып олтуруп, келгендиадатка айланткан. Мунун себеби, чоңойгонго чейин чоң атасынын жанында жүрүп, өзатасы Байболоттон алыс болуп, ал кишини " ата дебей байке"-деп атапкалган. Илгери атанын көзүнчө бала өз атасын "ата" деп айта алышчуэмес эле го. Бул да болсо атаны сыйлагандын бир белгиси эмей... - Токтоболоткарыя жолдо келатып сарай бузуп жатышкандарды көрүп, зээни кейиди. Кандай ганамал багууга ылайыктуу бетон, бышкан кирпич менен салынган сарайды кыйратыпжатышкансып, барскандар менен талкалап жатканы эле эмне деген жагымсыз көрүнүш.Токтоболот карыя бир кезде ушул сарайды салган учурду эстеди. Ал кезжетимишинчи жылдардын башы болсо керек эле. Атайын шаардан студенттер келип,жайлата иштешкен. Анда союздун күркүрөп өсүп турган учуру. Көчөдө бош жүргөнкиши жокко эсе болуп, элетте ишке эл жетишпегендиктен шаардан жардамга кишилеркелишчү эле го. Токтоболот карыянын оюн алдынан чыккан Жетимиш аксакал бузду. >--Кандай, Токтоболот, эмне ойго алаксып... Кайда бастырдың?-деди. Башын өйдөкөтөргөн Токтоболот- -Өзүңүз кайдан, таң атпай. Мен түндө түшүмө атамкиргенинен мүрзөсүнө барып куран окуп келсемби дедим эле. Жетимиш карыя көкэшегинен түшүп, басмайылын бекем тартып- -Кечээ, балам менен барып карагайкырккан элек. Түндө ал жакка түнөп калгам. Эми тиги Сыртпайга баратам,тракторуң менен тартып бер деп айтканы. Токтоболот кабагы салыңкы- -Сыртпайдыэртең менен Өрдөшкө айдатып баратышты эле, сарай бузганы. Эл эмне болуп калган,бүтүндү бүлдүрүшүп. Ошол эми "нап береби" деп,нааразы болгонунбилгизип кеп козгоду эле, Жетимиш карыя сакалын сылап, алды жакка көз жүгүртүп-Чоңдордун баштары иштебей калганбы деп калдым. Эки күн илгери тиги шаардагыулуу кызымдын ак үйдө иштеген баласы келиптир. Ал айтат"таята, колуңузданкелсе, көзүңүзгө эмне көрүнсө баарын менчикке чыгарганга аракет кылыңыз,акчасын мына мен төлөйм"-деп. Борбор жактагы билермандар эмне болупкалышкан. Жанагы, биздин "ажо" деген немебиз эмнени карап жатат.Шаардагы болгон завод-фабрикалар таланып жок болуп бүттү- дейт. Сенин уулуңдагы ак үйдө иштейт эмеспи, я Токтоболот, өзүң киришип бир нерсени менчиккечыгарганга аракет кылсаң болчудай. Антпесең, башкалар кыргызстанды талапкетчүүдөй. Тиги кытай эли каптап келатат, деги кандай күн болот болду экен. Булсөздү укканда Токтоболот үн чыгарып үшкүрүнүп жиберди. Чын эле бир кезде атасыайтпады беле "Кытай эзелтен бери келе жаткан жоо"-деп. Эми алар башбакса, алда кандай күн болот деп, ойго жетеленип, Жетимиш карыянын бергенсуроосун укпай калды. Ушул жолу Токтоболоттун ички жан дүйнөсү такыр башкачаболуп ооруп, көзү караңгылашып кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 10:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

************* **************** ****************
Ишинен көңүлдүү чыккан Марат чүй көчөсү менен келатып, чукул жерден ойлоно калды да, Таңсулууга телефон чалды. Эки күн катары телефон чалып, аны менен телефон аркылуу байланыша албай койгон. Бул жолу эмнегедир чын ниетинен тилеп жиберди, анын телефонду көтөрүшүн. Узакка созулган телефондун үнүнөн улам, кулакка жагымдуу "ало"деген үндү укканда Марат чын ниетинен сүйүнүп кетип оозунуп:
-Таңсулуу, барсыңбы?! -деги деп, күч менен сурап жиберди. Таңсулуу кабагы салыңкы:
-Марат, капа болбосоң мындан кийин мага телефон чалбай эле койчу. Кыз башым менен сенин берген убадаңа ишенип, мен өткөндө канча күттүм. Сени күтүп туруп суук тийип калыптыр. Али үйлөнө электе ушунча алдап жатасың, кийин кандай күн болот. Жок дегенде дайыныңды билгизип телефон чалып койсоң болмок. Мен эми сени менен жолукпайм жана менден күдөрүңдү үзүп кой. Деги эле ак үйдө иштегендер эмне мынча сөз эмизип алдайсыңар. Телевизордон акылдуу сунуп сүйлөйсүңөр дагы, иш үстүндө такыр башка адам болот экенсиңер. Сен ал жакта иштей электе убадага бекем элең, чөйрөңдүн таалимин жакшы алып жатасың. Эми мен, сенин эч бир сөзүңө ишенбейм. Айткандай, колуңдан келсе сен мага жолукпай деле койсоң боло турган болуп калды көрүнөт. Сөздүн ачыгы, мейманканага барып жүргөн кыздарың менен каалашыңча, кенен кесир жүрө берсең болот. "Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа"-дегендей мен, сен эмне менен дем алып, ким менен жүргөнүңдүн баарын билдим. Болуптур анда, сөз бүттү-деп, айтып телефонду өчүрүп салды.
Жаңы эле чоң акчага ээ болуп, кабагы ачык келе жаткан Мараттын көңүлү чөгүп, кара булут каптан алай-дүлөй болгон бороон чапкындай, бир заматта жан дүйнөсү түнөрүп чыкты. Андан дагы бир саатан ашык убакыт олтуруп, Айданек менен ачык сүйлөшүп, аны сүйбөй турганын айтып, анын үмүтүн өчүрүп чыкканына сүйүнүп келе жаткан. Таяктын уусунан дагы сөздүн уусуна туруштук берүү эмне деген баатырлык. Бир чети Таңсулуу абдан туура сөз айтты. Аны канча алдап, күттүрүп койду. Андан дагы ак үйдүн терезесинен күтүп турганын карап, өзүн-өзү кыйын сезген учуру дагы болбоду беле. Эми минтип ал болгон өчүн бир гана ооз сөз менен алып, кабагына кар жаадырганы абдан эле Мараттка катуу тийди. Ушул аптада апасына дагы убада берип койбоду беле Таңсулууга кеңешпей туруп "сүйлөшкөн кызымды ээрчитип барам"-деп. Ойлогон эле "акчанын күчү менен баарын жасайм"- деп. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет"- деген ушул эмей...Марат, кабагы салыңкы кадамын жай таштап келе жатып, ойлоду "менин кыздар менен жүргөнүмдү Таңсулуу кайдан билди"-деп. Ага ким жеткирди бул суроого жооп таба албай абдан убара болуп, ойго алдырып келе жатып, аз жерден машинанын астында калып кала жаздады. Аңгыча эле оңдой берди болуп, чөнтөк телефону шыңгырап калды. Чогуу иштеген, кыргыз эли ишенген, аттуу баштуу, үлкөн кызматтын столун кучактап олтурган Майсалбек Иминовдун шафёру Турганбек :
-Марат, сен кайдасың? Бол тез кайра ишке келип кал. Шеф, Россиядан келген эки конокту саунага алып баралы деп, сени таппай жатат. Тиги эки конокко мастыгы менен убада берип коюп, эми ал убаданын өтөсүнө чыгыш керек болуп калды көрүнөт. Аны коюп сен арзаныраак сауна тапкандай бол-деди да, сөзүнүн аягына чыкпай, телфонду өчүрүп койду. Бул кабарды укканда Мараттын дароо кабагы ачыла түштү. "Кыз" дегенде кым дей түшкөн Марат үчүн, бул сунуш асмандан издегени жерден табылгандай эле болду. Убактылуу жыргалчылыкка азгырылган адамдын аягы кандай ыплас жолго барат, ал белгилүү иш эмеспи. Кечки саат сегиздер чамасында Күрөңкеев көчөсүндөгү саунага келишкен бешөө, орто кызуу абалда болучу. Марат, бул жерге ат тезегин кургатпай келип турган үчүн ал жердеги иштегендер жакшы таанып калышкан. Андан дагы бул жерде Таңсулуунун айылдашы, өзүнөн эки жашка улуу Света деген кыз иштейт.
Эки күн илгери Таңсулуу көчөдөн Светага жолугуп калып, аны менен бул жакка келип, сөздөн-сөз чыгып "кимдер көп келет"-деп сураганда, эч жаман ою жок ал. " Ак үйдө иштегендер, күн алыс эле жаш кыздар менен келип турушат. Аларга ишенген кайран эл. Элдин ырыскысын ушундай жаман, терс жакка чачышат. Андан дагы бир жаш бала бар, Марат деген. Ал өсчү бала, бирок ал дагы ыплас жолго түшүп баратат. Алгач аны бир киши, эки кыз менен ээрчитип келгенде ал, кадимкидей капа болгон болучу. Эми ал бала турмуштун шартына баш ийип, тез-тез келип турат. Ал балага ишенген сүйлөшкөн кызына боорум ооруйт. Бул айтылган сөздү укканда Таңсулуунун кабагы бүркөлгөнү менен сыр бербей, суроо узатып, чыдамы кетти.
-Ал баланын сүрөтү барбы?-деп. Света башын чайкап:
-Жок, эмне ал баланы тааныйсыңбы? Эгер көргүң келсе бизде видео камера бар. Жүрү кызыктын баарын көрсөң болот деп, видео камераны көргөзгөндө, Таңсулуу, Мараттын накта жүзүн ошондо көрүп, андан көңүлү көк таштай калган. Адамдын көңүлү назик гүлдөй эмеспи. Таңсулуу канчалык ишенгиси келбесе дагы, өз көзү менен көргөн окуя жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, кыйнай берди. Эч качан ойлогон эмес, Мараттын мындай жолго барарын. Ошол себебтен эки күн телефонун өчүрүп койгон. Бул эки күндө ойлоно берип, башы дагы ооруп чыккан. Кантип эле чоң окуу жайды жакшы баада бүтүргөн, түшүнүктүү бала ошондой жолго барды, чын эле эл ишенген ак үйдөгүлөр алдамчы, эки жүздүү болушабы?-деп ойлоп,ал оюна жооп таба албай, жаңы гана телефонун жандырганда Марат чалып калды. Аны менен сүйлөшүп, өз оюн ачык айтып алганына аз да болсо жеңилдей түшкөн Таңсулуу, кечирээк Светага телефон чалып калды, эмнеге чалды өзү деле билбейт. Сөз-сөзгө уланып:
-Эмне кылып жатасың?-деп сурап калды. Эч жаман ой жок Света:
-Клиенттер келген. Сага көргөзгөн ак үйдө иштеген бала жана дагы үч киши жаңы эле киришти, саунага. Байкаганыма караганда тиги эки орусту сыйлашканы келишсе керек. Бул жолу эмнегедир алиги Марат деген бала катуу кызуу окшойт. "Мени кимиңер сатып койдуңар" - деп, нааразы болот. Аны биз кимге сатмак элек. Айткан сөзүнө караганда сүйлөшкөн кызы анын бул жакка келип жүргөнүн билип калган өңдүү. Бирок ал бала абдан жакшы бала, иштеген иши ушул ишке түртсө кантип келбейт. Адамды адам, жакшыны жаман бузат эмеспи. Сөз ушул жерге келгенде Света:
-Таңсулуу, мени чакырып жатышат,тигилердин заказ кылган кыздары келип калды көрүнөт. Сага анан өзүм чалайынчы-деп, телефонду өчүрдү. Таңсулуу кайрадан Маратты ойлоп, кабагы бүркөлүп, аны кимдендир кысканып кетти.



Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 09:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол


Мараттын акыркы жолку жазган макаласы асаба газетасына чыкканы, кадыры иштешкендеринин арасында кадимкидей өстү. Бир кезде атайын суранып убадасын алган Жолдош карыянын "аксакалдарга асылып, газетага макала жазба"-деп айтканы орундалган жок. Бирөөнү жамандап, өзүнө кадыр топтогон айыңчы аялдардын жолуна түшкөнүн Марат али таназар албады. Кайра өзүнө-өзү ыраазы болуп, дагы кимди сындап жазсам болот деп, шыктанып алды. "Кол чабуулар бирөөлөр үчүн сөөлөт болсо, бирөөлөр үчүн камчы"-деп айтылгандай, Марат үчүн дагы аксакал адамды сындап жазганы, сөөлөт күткөнгө тете эле иш болуп,өз кызыкчылыгын жогоруу тутту. Эгер, бир кезде атайын эскертип айткан Жолдош карыянын сөзүн эске алганда,анда атасынан улуу кишини сындап макала жазып, өзүнө кадыр топтомок эмес. Бул да болсо жасалма мүнөз күтүүнүн жана өзүн гана ойлогондун, өзүмчүлдүктүн бир белгиси болучу. Эмнегедир, Марат акыркы күндөрү чектен чыгып баратканын өзү анча таназар ала бербеди. Андан дагы эки жолу Азим Капаровичтен сыйлык алганы, өзүн асманда калкып жүргөндөй эле сезип калды.
Күнгө жума эле. Иш ортолоп калган кезде Азим Капарович, Маратты өзүнө чакырып, маанилүү сөз айтчуудай, сын көз менен карап, анан айтчуу сөзүн айтты:
-Марат, сен эртең Минск шаарына ажо менен барып келбейсиңби? - деп, сунуш кылып айтып калды. Марат күтүүсүз келген бакытка туш болгонсуп, оозуна сөз келбей, башын гана ийкеп жооп берип, каршы эмес экенин көз карашынан билгизип, азыраак ыңгайсыз абалда калды да, анан;
-Мен, сиз кандай айтсаңыз макулмун. Айтмакчы, ал жакка барганда мен эмне иш кылам?-деп кайра суроо менен кайрылды. Азим бул берилген суроого жооп бергенге шашылган жок, кабагы салыңкы;
- Эмне кылмак элең, ажо менен бараткан соң, аны газетага мактап жазып, өзүңө аброй топто, эл көрүп ал жактагылар менен пикир алыш. Эми ошонун баарын айтып олтурайынбы? -деп жактыра бербеген түр менен карады эле, Марат туура эмес суроо берип алганын билип;
-Мен сиздин бул сунушуңузду колдойм жана кошулам деп, ыңгайсыз абалдан чыгуу үчүн эпилдеп жиберди. Бирок, ушул жерден билди кошоматчы болуп баратканын. Акча менен мансапка жетүү үчүн бул жол аба менен суудай керек экенин ким тана алат. Марат кабинеттен энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп чыкты да, иш бөлмөсүнө келип эле жыйналып кирди. Анткени сапарга даярданыш керек болучу. Мындайда Мараттын фантазиясы укмуш иштеп, эмне керек жана эмне кылыш керек ушундай бир берилүү менен ойлонуп иш кылганы өзүнө дагы жагат. Студент кезинде дагы уюштуруу жагын жибине чейин аткарып, жеке эле группалаштарынын эле эмес, мугалимдердин дагы көңүлүн алган жайы бар. "Минск шаарына барасың" деген сөздү укканы Марат дароо бүт дитин коюп даярдана баштады. Андан дагы ажонун көзүнө көрүнүү керек экенин эсинен чыгарган жок. Бул түнү таң күлөөнөк атканга чейин уктай албай жатты, ар нерсени ойлоп. Акыры уйку гана Маратты чаржайыт ойдун кучагынан бошотту.
"Уйку жарым өлүк"-деп айтылгандай, эч нерсени сезбей уктаган Маратты телефондун үнү ойготту. Эгер телефондун үнү болбогондо дагы канча убакыт уктайт эле ким билет. Уйкудан ойгонуп жатып дароо, телефон чалган адамга ыраазы болуп кетти, уйкудан ойготкону үчүн. Уйкулуу көзү менен терезени карап, убакыт чоң шашке болгонун билип, көзү умачтай ачылды. Дароо телефонду кулагына такап:
-Мен, угуп жатам-деди. Телефон чалган Айданек болучу.
-Ало, Марат, сени шеф издеп жатат. Тез ишке келип кал. Айткандай бүгүнкү командировка болбой калыптыр. Кыскасы калган сөздү келгенде угасың, эмне сен али төшөктөн тура элек белең?-деди. Марат жооп бергенге шашылбаганга аракет кылып:
-Жок, эбак эле туруп, телевизор көрүп олтургам. Айданек, эгер табышмак болбосо шеф эмнеге шашылыш чакырып жатат, билген жоксуңбу?
-Качан мага ал иши жөнүндө айтчу эле, менин баамымда бүгүн чет элден конок келет имиш, ошого чакырып жатса керек. Кой,мени чакырып жатат келип кал-деп, трубканы коюп койду.
Марат кечинде жакшы тилек менен жаткан эле. Анткени ажо менен бирге сапарга жөн адам чыга бербейт эмеспи. Ушул жолку сапарда ажого көрүнгөндөй иш кылсам деген изги оюу ишке ашпай кала турганын эстегенде Мараттын кабагы бүркөлө түштү. Баам салып караган кишиге, бул мансап деген неме өзүнчө бир азгырык белем, ким билет. Жаш туруп Марат дагы ажого жагынып, кызматынан көтөрүлүүнү максат кылып алганы эле эмне деген сөздү ичине камтыйт. Көрсө адам баласы азга алым сынбай жатып, абийиринен кетет белем. Марат шашылыш ишине келип эле, шефтин кабинетинин алдындагы күзгүгө бир сыйра каранып алып, анан эшикти чертип ичкери кирди. Бул учурда Азим Капарович адатынча кагазына тигилип, бир нерсе жазып олтурган. Маратты көргөндө эч үн катпай, көзү менен белги берди "олтур" деп, анан кайра ишине алаксыган болду. Марат олтургучка олтуруп жатып, шефин сын көз менен карап алды да, купуя ичинен ойлонду "Буга эмне болгон, мен жөнүндө жаман сөз уккан го"деп. Андайда адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Өзгөчө эки жүздүүлүктүн доору жүрүп, кирпикке карап мамиле жасап турган учурда, кожоюндун көзүн ким карабайт. Марат ичинен эзилип, санаа тартып, өз оюу менен алаксып олтурганда, капыстан Азим Капарович үн салды:
-Коош, Марат мырза. Кыскасы, бүгүн биз Польшадан келген конок менен жолугушабыз. Мени ойлонткон маселе аларга эмне маселени айтабыз дагы, кандай иштерди бүтүрдүк ошону кеп кылабыз. Кыскасы иштеп жатканыбызды көргөзүшүбүз керек. Мага жогору жактан телефон чалышты "конокторду кабыл ал"- деп. Марат мындайда туңгуюктан жол таба калган ишмерлиги бар. Сөз кезеги келгенде, маанилүү сөз айтчудай ордунан копшолуп алды да:
-Азим Капарович, ал жагынан эч кам санабаңыз. Менде болгон документтер катылуу бойдон. Командировкага барган ал жактан сиздин жасаган докладдардын көчүрмөсү, эл менен жолугушкан сүрөттөр бар. Аларды көргөзөбүз дагы "эл менен бирге иш алып барып жатабыз" деп айтабыз. Аны коюп мени бошотсоңуз. Мен болгон кагаздарды карап таап, анан азыраак даярданып алайын. Айтмакчы, сиз эч нерсе сүйлөбөңүз, баарын мен айтам. Анткени, сиз өзүңүз айтсаңыз мактангандай болуп каласыз деп, оюн ортого салды эле, Азимдин жүзүндө кандайдыр бир жагымдуулук пайда болуп:
-Баяле айтпайт белең, мен кайрадан баарын жазып чыгыш керек деп, баш катырып жаттып эле. Жөнө, тез кыймылда. Мен Айданекти стол даярда дейин-деп, Мараттын иш билгилигине жана тапкычтыгына ыраазы болуп, ордунан козголду. Марат бүгүн дагы шефине көрүнүүчү учур келгенин билип кабинетине келип, болгон кагаздарды алып чыгып, катуу даярдыкка киришти.
Түшкү тамактан кийин сыйда кийинген, көзгө сүрдүү көрүнгөн эки эркек жана бир аял Азим Капаровичтин кабинетинде болушту. Алгач ортодо учурашуу аземи болду. Анан сөз учугу ишке такалганда Марат орус тилинде кадимки дикторлордой, эч бир сөзгө такалбай, алгач кагаздарды алып чыгып, анан ара-чолодо сүрөттөрдү көргөзүп, деле эч тыным албай иштеп жаткан адамдай тили тилине тийбей, сөздү эби менен сүйлөп, сөз удулун келтирип Азим Капаровичтин иш билгилиги жөнүндө да кошо айтып, келген коноктордун көңүлүн көтөрдү. Алар менен бирге кирген теле журналисттер дагы камерага тартып, суроо бергенге үлгүрүп жатты. Марат берилген суроолорго так жана маанилүү жооп берип, жолугушу абдан жогорку деңгээлде өттү. Азим ушул жерден дагы бир жолу Маратка ыраазы болуп, ага көңүлү толуп турду. Андан дагы келген коноктордун бирөө:
-Жардамчыңыз абдан тың экен, мындай адамдарды колдош керек -деп, учурун келтирип айтканда, Мараттын эмгеги кандайдыр бир деңгээлде кайткандай эле болду. Коноктор кеткенден кийин Азим Капарович, Мараттын колун кысып:
-Ыракмат, бир мүшкүлдөн кутулттуң. Эми бул жолугушууну кечинде жаңылыктардан берет. Мына "вазир жакшы, хан жакшы"-деген ушул. Чоң керекке жарадың. Айтмакчы, ажонун иш сапары кийинки аптага жылып калыптыр. Мен сени сөзсүз ал жакка жибергенге аракет кылам. Эми бошсуң, өз ишиңди жасай бер. И, баса, ме, бул акчага досторуң менен кафеге кирип кой-деп, беш жүз доллар берди. Марат акчаны албаска айласы дагы жок болучу. Анткени шефи ушундай ыраазычылык менен берип жаткан соң, андан баш тарткан осолдук эле. Акчаны алып, кабинетине келип, иш кагаздарын салыштырган соң Марат ак үйдөн чыгып, түз эле Таңсулууга жолугуу үчүн окуу жайды көздөй бет алды. "Убакыт баарын дарылайт" -дегендей, убакыттын өтүшү менен Мараттын алгачкы ууз сүйүүсү жанын жай алдырбай, кандай иш кылбасын аягы барып эле Таңсулууга такала берди. Андан дагы канча кыз менен таанышты, биринен дагы өзү күткөндөй мамилени алардан байкай алган жок. Таңсулуунун башка кыздардай болуп жеңилдикке бара бербеген адаты Мараттын дитин ээлеп алганы, аны менен сүйлөшкөндө кадимкидей жеңилдей түшкөнү, жасалма эмес, чын ниетинен жасаган мамилеси, тоо булагынын үнүндөй шаңк эткизип таза күлгөнү, өзүнө жарашыктуу кийген кийми деги койчу, Марат үчүн өзгөчө сезилип, анын алдында булганып алганы, акыркы кездерде жанын жай алдырбады.Эмнегедир эле бир капшыты эңшерилип калгансып, өзүн кандайдыр бир белгисиз жалгыздык ээлеп алгандай, сабыры түгөнүп баратты.
Марат, окуу жайга келип алып, эми анын астанасын аттай албай, алгач келген абутуриенттей сүрдөп, бир саамга туруп калды. Аңгыча эле Таңсулуу бир бала менен сүйлөшүп келатканын көзү чалды да, боюн жашырганча шашып, тетири карап өңүн жашырды. Таңсулуу, Маратты байкаган жок. Жанындагы бала менен бир маселени талкууга алып келатканы, алардын сөзүнөн улам билинди. Мараттын ушул саам кызгануу сезими күч алып, алиги баланы ушундай бир көз караш менен карап, аны таанып калганга аракет кылды. Эгер, Марат учурунда Таңсулуунун көңүлүн оорутпаганда, минтип андан боюн жашырбайт эле. Узап бараткан экөөнү карап туруп, ушундай бир чоң бакыттан куру калгансып, күч менен үшкүрүнүп жиберди. Андан дагы апасына келечектеги келиниңерди алып барам деп, айткандан бери апасы, телефон чалган сайын сураган адатка айланганын танып болбойт эле. Марат бир топко тиги экөөнү аңдып басты да, алар маршуруткага түшүп кеткенде гана чоң жеңиштен куру калгансып, шаабайы сууп изине кайтты. Ишинен жетишкендикке жеткени менен Таңсулууга жолуга албай калганына өкүнүп, квартирасына капа болуп келди. Болгон ой максатын алиги Таңсулууну жандап бараткан бала ээлеп алып, кыскануу сезими күч алды. Ушул жерден тээ бала кезинде атасынын айткан бир икаясы эсине келди.
Анда Марат тогузунчу класста окуп жатса керек эле. Атасы огороттогу чөптү чаап, эс алганы олтурганда айтып берген.
-Тээ илгери бир байдын баласы болгон экен-деп сөздү баштаганда, Марат берилүү менен уккан. Атасы сөз учурун келтирип укулуктуу кылып айткандыктан ушул кезге чейин аны унутпай эстеп келет.
Байдын баласы, бир кедейдин кызын жактырып калып, ал кызды байлык менен сүйдүрүп алам деген ойдо, күндө ага белек берип, бир жеңесин жиберип турат. Кыз акылдуу кыз болгон үчүн, анын берген белектерин эч коротпой катып жүрөт. Бирок, кыздын көңүлү байдын баласына карата такыр эле жок болот. Анткен менен анын көңүлүн оорутуп албайын деп, бергенинен баш тартпайт. Арадан күндөр өтүп, эл жайлоого жөнөй турган учурда, байдын баласы кыз менен бир баланын сүйлөшүп турганын көрөт да, бастырып келип кызга бир тийет:
-Сен эмне, мени чанганга жарап калдыңбы?-деп. Кыз учуру эми келди деп, эч тайманбай туруп минтип айтат:
-Жүрөккө тынчтык бербеген сүйүү, байлык менен чектелбейт. Адамдын көңүлү гүлдөй назик. Берген белектериңизди милдет кылбаңыз, сиз алгач менин жүрөгүмдү багындырсаңыз болмок. Ушунча белек бердиңиз бирок сиз, өзүңүз бир басып келип жолукканга жарабадыңыз. Эгер мен сиз менен пикир алышып, сиздин кандай адам экениңизди билгенимде, аз да болсо сиз жөнүндө ойлонотон элем го. Кааласаңыз, жеңеңизди жибериңиз, берген белектериңиз чыпчыргасы коробой катылуу бойдон турат. "Тең-теңи менен, тезек кабы менен" дегендей, сиз мага берген белектерди сүйүүнү эмес, байлыкты бийик туткан кыздарга бериңиз-деп айтканда гана байдын баласы сөзгө жыгылып, өзүнөн кеткен күнөөнү моюнга алган экен. Анысысыңары, уулум, сен дагы бой тиреп, кыз жандоочу кезге келип калдың. Эч качан кызды "байлык менен же берген белек менен өзүмө имерип алам"- деп ойлобо. Каадалуу жердин кызы менен гана сүйлөш. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат"-деген кеп бар. Кайын журтун жамандаган келин эч качан баркка жетпейт. Кыскасы, ала турган кызың болсо анын сөзүнө кара, анан ишине кара-деп, сөз улап келе жатканда, кошуна Тентигул карыя келип калып сөз үзүлүп калган.
Ошол кезде атасы айткан сөз, башына келээрин анда билген эмес. Таңсулууну "акчанын күчү менен болсо дагы имерип алам" деген оюу тетирисинен чыкканын эми гана билип туру.
Марат, үйүнө келип киймин чечип, душка жуунуп чыккан соң муздаткычтан бир шише аракты алып чыгып, чоң стаканга куюп туруп бастырып жиберди да, анан алигинин күчүн пайдаланып, Таңсулууга телефон чалды, башка номер менен. Болбосо, Таңсулуу Мараттын телефонунан барган чакырыкка жооп бербей, өчүрүп койгонго өткөн. Анткени,анын акыркы учурда Мараттан ушундай бир көңүлү калган болучу.
Кулакка тааныш үндү укканда Марат;
-Таңсулуу, суранам сенден, телефонду өчүрбөчү. Сага айта турган сөзүм бар. Билесиңби, мен сени чын ниетимден берилип сүйөм. Жолугуп сүйлөшөлүчү, жок дебечи!-деди, ушундай бир терең өтүнүч менен. Таңсулуу сөз кезеги келгенде:
-Марат, сага окшогон булганыч адамдар менен жолукпай эле койгонум оң. И, баса, баягы берген акчаларыңды жакын арада берем. Билген эмесмин, сени ушундай бала экениңди. Көрсө алдамчылык жагын эле эмес, саунага сатылып барган кыздардын дагы көңүлүн алганды жакшы өздөштүрүптүрсүң, аны көрдүм. Кайран гана сага ишенген атаң менен энең жана силерге ишенген кыргыз элим. Мен эми сенин бир дагы айткан сөзүңө ишенбейм. Билесиңби, мен сени кандай берилип ууз сүйүмдү арнап сүйгөнүмдү. Сени ойлоп узун түндө уктабай чыкканымды. Көрсө мен сенин накта жүзүңдү көрбөй эле, берилип сүйүп жүргөн турбаймынбы. Кыскасы Марат эми экөөбүз такыр башка, бири-бирибиз үчүн чоочун адамбыз. Мага эми убактымды алып, телефон чалбай эле койсоң болот. Билем, сен мага эмне деп айта турган сөзүңдү. Эгер мен сага турмушка чыккан күнү дагы "сени кайсы сойку менен эзилишип жүрөт" деп күткөнгө, менин дитим барбайт. Марат, Таңсулуудан мындай таамай айтылган сөздү угам деп ойлогон эмес. Анын өзгөчө "сага ишеним жүргөн кайран гана атаң менен энең"-деген сөзү жөн эле жүлүнүнө жете түштү да, дароо ичкен арагы кайда кеткенин билбей калды. "Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа"-дегендей, Марат атасы менен апасы жанында Таңсулуунун айткандарын угуп тургансып, кысынып кетти. "Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло"-дегендей акча тапканына сүйүнүп, өзүн баатыр сезип, Таңсулуу менен эми чечишем деген тилеги таш каап, ушул жолу билди, өзүнүн жана чогуу иштешкендеринин жүзүн. Адам баласы бир нерсеге өзү күбө болмоюн эч нерсени моюнга албаган адаты бар эмеспи. Ушуга чейин атасынын айткан сөздөрүнүн тереңи кайда жатканына маани бербеген Марат, Таңсулуунун сөзүнөн улам билип, башын мыкчып, бир топко бир жерди теше тиктеп олтурду. Ушундайда акылдаша турган ишеничтүү досу дагы жок экенин моюнга алды. Курсташтары менен классташ балдарынын алдында дагы кадыры кете түшкөн. Буга дагы акчанын көптүгү жана келген дөөлөттү көтөрө албагыны себеп болгон.
Бир курдай классташы Алымбек үйлөнгөндө аракты ашыкча ичип алып, боюн көтөрүп сүйлөй коём деп, кагуу жеп мушташа кеткен, Эмил деген досу менен. Ал жерден көпчүлүк Маратты күнөөлөп, ошол окуядан кийин алар андай той- топурга Маратты чакырбай калышкан "Сен эми чиновниктер менен табакташ эмессиңби" деп, какшыктап. Бул айтылган сөзгө дагы өзү күнөөлү болгон, тилине алы келбей, ашыкча сөз сүйлөп алып.
Ал эми курсташтарынын чакырган жерине "барам" деп убада берип коюп, эки-үч жолу барбай койгон соң, алар дагы далысын салып калышкан.
Марат, кеминде бир чай кайнам убакыт эч кыймылсыз бир жерди теше тиктеп олтуруп анан эч нерсеге көңүлү чаппай жаздыкка баш койду. Анткен менен бүт дитин бир гана Таңсулуу ээлеп алып, анын көңүлүн кантип жибитүүнү ойлоно баштады. Андан дагы ушакчы жана айыңчыларга таң берди "менин саунага барып жүргөнүмдү ага ким жеткизди, ал жоругумду атам менен апам укса эмне дешет"-деп дагы ойлогонго үлгүрдү. Ыпыластык ар качан билинип калаарын өзүнүн тагдырынан улам билди. Ушул жерден англис филасофу Френсис Бэконун "адам маймылга окшош,өргө тырмышкан сайын көчүгү көрүнөт"- деген таамай айткан сөзүн эстеп, азыркы эл билермандарынын жана өзүнүн көчүгү таза эмес экенин аны эл эбак эле билип койгонун билип, өзүнөн-өзү уялып кетти. Андан дагы эл эгеси аталган ажонун аялынын көзүн караган чиновниктеридин жоосунсуз жоруктарын өз көзү менен көрүп, мунун аягы кандайча аяктайт болду экен деп, дагы ойлоп койду. Чалкасынан шыпты карап жатып уктап кеткен Марат, түш көрдү.
Түшүндө ак үйдү кара нерселер басып алып, ар ким өз арбайын согуп жүргөнүн көрүп, түшүнөн катуу чочуп ойгонду. Ойгонсо таңдайы катып суусап калыптыр. Көргөн түшүн эстеп, бийликтегилер элдин камын ойлобой эле баары жапырт өздөрүнүн гана кызыкчылыгына тартып, жан талашып жатканын түшүнөн дагы аян бергенин билип, бул жолдон кантип тазаланыш керек экенине баш катырып ойлонгон болду.
Эртең менен таң эрте Марат ишине эмес, айылын көздөй сапар тартты. Анткени булганычтын сазынан кутулуш үчүн эми бир гана атасы менен гана сүйлөшпөсө, башка ким менен сүйлөшөт. Кесиптештери бүт жапырт алдамчылык менен дүнүйө топтонун артынан түшкөндөр, алардан ылайыктуу акыл чыкпай турган үчүн таза суу ичип, таза ой жүгүрткөн атасынан башка ой бөлүшө турган адам жок болгондуктан ишине дагы бир ооз сөз айтпастан, айылды эңсеп жолго чыкты.




<


Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 09:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол


"Жакшы кабар ташбакадай, жаман кабар учкан куштай жетет"-деп айтылгандай, Мараттын болгон кыймылы, эмне менен алек болуп, эмне менен дем алып, кантип акча таап жатканы айылга эбак желдей тарап жеткенине, Марат үйүнө келип угуп таң калып эле калды. Атасы Токтоболот баштагыдай жаркылдап кабыл албай өтө муздак жана суз мамиле жасап, ал турсун жанына турбай боюн оолак тутту. Ан сайын Мараттын сабыры түгөнүп, атасы сыртка чыгып кеткенде апасынан сурады; -Апа, атама эмне болгон деги?-деп, андан ары сөзүн таппай калды эле, апасы Сайнап, кабагын чытып;
-Азыр катын ушактан дагы эркек ушак алда канча күч алган заман болбодубу. Атаңа ким жеткиргенин билбейм, сенин ал жакта арам акча таап, андан дагы газетага жазган макалаларыңдын маңызын башкача түшүнүк менен жеткизгенби акыркы учурда "сенин балаң"-деп, сени жеке мага оодарып салды. Айткандай алиги аксакал киши жөнүндө газетага бекер жазгансың. Ал кишини атаң абдан сыйлаган киши. Эл алдында жана мекен алдында ак иштеген үчүн узак жашап, карылык сөөлөтүнөн жазбай келатат. И, баса, сен айттың эле го "сүйлөшкөн кызымды алып келип тааныштырам" -деп. Аны качан алып келесиң?-деди, ички жарасын козгоп. Марат тайсалдап, көзүн тартып алды да, мектеп окуучусундай башын тырмап;
-Апа, аны кийинчерээе алып келем. Азыр ал кыз менин сунушумдан баш тартып койду. Андан дагы быйыл үйлөнбөй турган болуп калдым. Ошол маселени сиздерге билдирип, анан кеңешкени келгем. Айткандай, мен жөнүндө дагы кандай ушак кептер айылга тарады. Деги эле элеттиктерге жаңылык бат жетет. Мен, эч кандай арам акча тапкан жокмун. Эми элдин оозун ким тыят-деп, сөзүн жай бүтүрүп, апасына тигилди эле, Сайнап эки жакты карап;
-Я балам, жанагы сауна дегенине барбачы. Сени ал жактан мас абалыңда жүргөнүңдү көргөндөр бар экен. Атаңды ошол сөз катуу капа кылды. "Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа"-демекчи, сенин ар бир кыймылың бизге жетип турат. Марат апасынын айткандарын угуп, уялганынан жердин катуусунан гана турду. Таяктын уусунан дагы сөздүн уусу катуу экенине Марат ушул жолу кабылып, шаардан келгенине өкүнүп алды. Таңсулуунун айтканы тиги, апасынын айтканы бул "деги менин ар бир кыймылымды аңдыган бирөө барбы?"-деп дагы ойлоп жиберди. Сөздүн күчүнө туруштук бере албаган Марат, эч сөзгө келбей, тоону көздөй бет алды. Үйдөн анча алыс эмес бөксө тоого чыгып, айылды карады. Эч кандай ызы-чуусу жок тынч айыл жерине көз чаптырып, анан ушул кенедей айылга шаардагы жаңылыктар кандайча жетет болду экен деп ойлоп ага жооп таба албай, сай ылдый агып жаткан сууну жээктеп келе жаткан атасын көрүп, аны аяп кетти. Анын ишеничин актамак турсун, ага каршы иш жасаганына ичинен өкүндү, бирок кесиптеши Алымбек Сыйдановичтин айткан сөзүн эстеди "Ушул заманда кантип албайсың дагы кантип, кантип таза иштейсиң, айылдагы атам мени жаман көрөт, "силер өкмөтү алдаган, алдым жуттумсуңар" -деп. Эгер ошол эле атамды ушул жерге иштетип койсо көрмөкмүн таза иштегенин" -деген сөзү, Мараттын көңүлүнө кандайдыр бир чындыкты тартуулап, болор болбос кабагын көтөрдү. Кеминде чай кайнам убакыт айылды карап олтурган соң Марат жалгыз аяк жол менен ылдыйлап түшүп, короо четине келип, уйдун жампасын күрөк менен алып дубалдын кырына жайып койду да, анан бала кезин эстеп кык жыттанган короонун ичиндеги акырга көчүк басып олтуруп, көң сайган кезин көз алдына элестетти. Ар бир адам бала кезин эстегенде, ошол өтүп кеткен кези кандай бактылуу күндөрдөй сезилет. Маратка дагы ошол кездер таза жана көңүлдүү сезилип, кайра ошол күндөрдү кайрып алгысы келип кетти. Аңгыча эле үй жактан апасынын үнү угулду,Марат- деген.
Марат олтурган ордунан туруп, короодон чыгып ашкананы көздөй басты. Бул учурда тамак бышып калган болучу.
Негизги сөз тамак алдыга келгенде башталды. Марат;
-Ата, мени кечинде телевизордон көрдүңөрбү? Ошол ишим үчүн мына алган акчам. Бул акча эч кандай арам акча эмес. Өз эмгегим менен таптым-деп беш жүз долларды атасынын алдына коюп;
-Ушул акчага мал сатып алып коюңуз. Эгер бул акча арам болсо сатып алган мал арам өлүп калат. Адал акча болсо ошол мал тукумдуу болот. Айыл эли бул жакта олтуруп алышып эле ар кимдин ишин талдап, анализ жүргүзө беришет экен. Ата, сиз мага туура түшүнүңүз. Тээ илгертен бери эле эл оозуна алынып калган адамдардын артынан ар түрдүү сөз ээрчип келген жана ээрчий берет. Эгер сиз менин ордумда иштесеңиз сиз мага түшүнөт болчусуз. Азыр элди илгеркидей орус эмес, кыргыз башкарып жатат. Качан эле кыргыз эли биринин жакшы жагын көрө алчу эле. Бугу менен Сарыбагыш урушу дагы ынтымактын жоктугунан улам келип чыккан. Азыр борбордо, тактап айтканда бийликтегилер түндүк-түштүк болуп бөлүнүшүп, министирлик орун дагы ошого жараша бөлүнүп калган. Баарын койдум мен ак үйдө иштегенимди сиздин туугандарыңыз эле көрө албай жатканы жалганбы. Ал эми болгон кыргыз элинин тагдырын чечкен Ак үйдө бирин-бири сатып, ажонун аялына жагынып, акча берип чоң кызматтарды сатып алуу кадыресе көрүнүшкө айланганын айтсам узун сабак кеп болот. Кимдин эмне менен дем алып жатканын мага караганда айыл жериндеги чалдар жакшы билишет экен. Темирболот уулунун сөзүн угуп олтуруп, оор дем алып, үшкүрүнүп жиберди, капа болгонун билгизип.
-Балам, мен эми эмне деп айтчу сөздү дагы билбей калдым. Бирөөнү жамандап, бирөөнө жакшы көрүнүү кадыресе көнүмүш адатка айланып калган кезде, кимге ишеничти дагы аңдабай, башым жетпей баратат. Сен айтсаң сенин айтканың эп, энең айтса энең айткан сөз эп, деги азыр сөз узарып, илимдин дагы жолу кеңейди. Жанагы илимпоз ажодон мен такыр жакшылык күтпөй калдым. Аның эми өз каалоосу менен тактан кетсе го жакшы, кетпей кадырын кетирбесе болду. Бул Абыланын тукумунан падыша чыгат деген ойго келген эмес эле... Ай, таң билбейм, бийдин тукуму бийликке келсе, эл камын ойломок, каяктагы илимпозду алып келишти, илимпоз менен профессорлор көп сүйлөгөндөн башка эмне иш кыла алышат. Иштин көзүн билген адам такка келбегени, элдин шору эмей. Андан дагы улуту кыпчак тилин жаланып сүйлөгөн, өңүнөн жакшылык келээринен ишеним аз акимди, чоң кызматка көтөргөнүнө ичинен эзилип, кыйналып жүргөн Токтоболот уулун сынай карап;
-Балам, өзүңө кара. Сен айткандай азыр алдамчы менен кара өзгөйлөрдүн заманы келип, элдин эмес өз кызыкчылыктын камын жогору туткандардын учуру. Мынчалыкка барбасаң болмок, эми баары кеч болуп калды. Акыры сен эле эмес, табакташтарың дагы өкүнүшөт.
Тээ илгери Калыгул олуя "жаңы заман келет, ошондо кул бий болот, атасынан баласы тапан чыгат катындан молдо, аттан жорго чыгат"деп көп сөздүн башын айткан экен. Ошол заман келип, батыш элин туурап жашап, элдин бара турган жери акыры туңгуюкка такалбаса болду...
-Ай, абышка карыганда жакшы карыш керек. Ар нерсени ойлоп эмне кыласың. Эл көргөндү көрөбүз да. Андан көрө Майсалбектин баласы кечээ иномарка машина алып келиптир. Кечинде конокко чакырып кетти. Алардыкына эмне алып барабыз. Айтмакчы, сенин оозуң жаман эле. Дароо эле бир козу дебей, акчалай эле көрүндүк берип койсоң.
-Ал баласы каякта иштейт болду экен?- деп Темирболот кызыгуусу арта сурады эле Сайнап;
-Каякта иштемек эле. Дордой базарында эле соода кылат. Баягыда эле балаң машина алам деди эле, сенден жазганып албай жүрөт.
-Албай коётурсун. Эл деген жаман "Ак үйдө иштеп туруп машина алды" деп кеп кылып жиберишет. Ар нерсенин учуру келет. Марат сөзгө аралашты;
-Ата, сиз жашоого такыр эскиче көз караш менен карап жатасыз. Азыр деген алдым-жуттумдун заманы. Ким күчтүү болсо ошол бай болот. Бай болгон адам ак сөөк болуп илгерки байлардай таза кийинип, төргө олтуруп, жашоонун маңызын көрөт. Сиз ойлогон баягы заман кеткен. Азыр шаарда эмне деген тамдар салынып жатат. Ал тамдар эмне маңдай тер менен табылган акчага салынып жатыптырбы. Чоңдор баш болуп нарко бизнес менен алп урушуп калган. Тажикстан аркылуу келген алиги наркозатты Россия аркылуу батыш өлкөлөрүнө жеткирип, чоң акчага марып, байып жатканын жашырганга эч негиз жок. Андан дагы жаш кыздарды араб өлкөлөрүнө саткандардын жоругун айтсам чыдап угуп турууга дитиңиз жол бербейт. Азыр эл булганган.Ушуга байланыштуу убагы келип турганда, ар нерсени учурунда пайдаланып калыш да керек болуп жатпайбы.
-Ооба, мен дагы кээде өкүнүп калам "учурунда пайдаланып калбай"- деп. Азыр ойлосом көп нерседен куру калыптырмын. Бирок мен жетпегенге сен жетип, жогору жакта иштеп жатканың дагы мен үчүн олжо. Деги балам, өз ыгыңа карачы.
Кичинекей булак эмне үчүн тунук, анткени түбү көрүнүп турат, айыл жери дагы булактай таза. Айылда шаардагыдай эмес, эл аз жашайт. Азчылык болгон жерде тазалык дагы болот. Ал эми шаарда көпчүлүк, ыпластык дагы кеңири кулач жайганын билем. Азыр ойлосом сенин дагы айтканың туура.
Атасы менен бир пикирге келген Мараттын кабагы ачыла түштү. Андан дагы атасынын ойлогон оюунун аягы турмуш агымына карай ыктап калганы көңүлүн көтөрдү. Токтоболот ушул жашка келгени доллар кармап көргөн жан эмес болучу. Уулу берген акчаны акырын алып кемпирине сунуп;
-Катып кой. Базар күнү бир торпок, калганына кой сатып алып коёлу-деп, акчага кызыкканын билгизип алды. Бул дагы болсо пендечиликке алдыргандын бир белгизи болучу.

****************** *******************
Короосу кара темир менен курчалган Ак Үйдүн бешинчи этажы. Бүгүнкү күн ак үйдөгү билермандар үчүн күндөгүдөн башкача күн болду. Хан айым кадимки кожоюндай өзүм билемдигин карматып, бийликтегилерге тактап айтканда ак үйдөгү мыкчыгерлерге сез көргөзүп кетти. "Иштегиле, болбосо ордуңарды бошоткула" -деп. Анын минтип айтканы "доляны бергиле"- дегени экенин, кантип эле чоң кызматтагылар түшүнбөй калсын. Бул талапты хан айымга кошоматчылар көндүргөнүн жашырганда эмне. Керек болсо адам сатып калган бул заман, мындан дагы башка жолго алып барышынан эч күмөн жок. Марат ушул жолу ханайымды биринчи жолу жакын жерден көрдү. Күлүмүш болуп, жайдары жакшы маанай менен келип, кетээринде кабагы суз кеткенине таң калып эле калды. Бул көрүнүшү жеке эле Маратка эмес, ак үйдө иштегендерге дагы жаккан жок. Кимдир бирөө иш ордунан кол жуучудай абал тартуулап кеткен хан айым, эч кимге сырын айткан жок. Балким кимдир бирөө жалган жалаа тараткан же чоң акча сунуш кылган. Ошонун эбин таба албай кеттиби, ал азырынча жашыруун сыр.
Марат иш ордуна келип кагаздарына көз жүгүртүп олтурганда эмнегедир жүрөгү
опкоолжуп, өзүнчө эле кара көңүл болуп, көзү караңгылашып кетти. Бул белги жаман жышаандын белгизи экенин көңүлүнө алган жок. Арадан аз убакыт өтпөй эле чөнтөк телефону шыңгырап, эзели чалбаган классташы Эрмек;
-Кандай досум, иштериң жакшыбы. Менин сага телефон чалганымдын себеби сенин ,бизге жардамың керек болуп калды. Баягы классташыбыз Турдалыны билесиң да, ал бүгүн үйлөнөм деп, жатат. Айткандай сен тааныган Таңсулуу деген кызга. Ал кызды бүгүн эмне болгон күндө да ала качып болсо дагы алыш керек болуп калды. Эптеп эбин таап ал кызды колго салып бербейсиңби. Бул сөздү укканда Мараттын денесин майда калтырак басып, ушул саам билди Таңсулууну нак сүйөрүн. Ушул жолу аны чегинен ашык кысканып, берилген суроону бир топко жоопсуз калтырып, качан гана Эрмектин үнү угулганда;
- Марат, азыр менин колум бошобой жатты эле, жарым сааттан кийин чалчы. Айтмакчы, Турдалынын ал кыз менен тааныштыгы бар экенби же сыртынан көрүп эле ала качканы жатыптырбы?
-Тааныштыгы бар го "бирок ал кызга сага үйлөнөм" деп айта элек экен. Ошол себеп менен сени керекке жара деп, суранып жатпайбызбы. Мараттын мындан ары чыдай тургандай абалы калбай бараткан. Үнүн акырын чыгарып, өзүн сабырлуу тутуп;
-Эрмек, мен азыр ал кыз менен байланышканга аракет кылып көрөм. Анан сага байланышам- деп, телефонду өчүргөнчө шашты. Эмнегедир өңү өзгөрүлүп, бакыт кушу колунан учуп кетчүдөй айласы куруп, эмне кылышты билбей турганда, телефон дагы шыңгырап калды. Бул жолу Азимбек Капарович чалыптыр. Марат кабагы суз.
-Угуп жатам-деди эле, ал;
-Марат, тез келип калчы, зарыл иш чыгып калды-деп, трубканы коюп койду. Марат;
-Эми ушул эле жетишпей турду эле деп, өкүнгөндөн үнүн чыгарып сүйлөнүп алганын өзү дагы билбей калды. Дароо, илгери үмүт менен, кабинетинен Таңсулууга телефон чалды, шефине барганга шашылбай. Ушул жерден билди, өзүнө иши эмес, алгач Таңсулуу керек экенин. Таңсулуу бир топто гана телефонду алып;
-Марат, сага эмне болду? Айтпадым беле чалба-деп. Марат шашып;
-Таңсулуу, сени менин класташым Турдалы алакачып болсо дагы алганы жатыптыр, деги өзүңө сак бол. Эгер сен ага турмушка чыгып кетсең, мен бел жашоодо жашабайм деле. Мен азыр ушундай бир жаман акыбалда турам. Макул болсоң мага жолукчу, суранам сенден! Керек болсо сен үчүн ушул ишимди деле таштаганга даярмын. Мен, сени сүйгөндөй, сени эч ким сүйө албайт. Мени кечирип койчу, алтыным!
-Таңсулуу ойлуу;
-Аны сага ким айтты, мен Турдалыны бир эле жолу көргөм да.
-Азыр эле мага Эрмек деген досум чалды, бүгүн ала качып болсо дагы алып кетебиз-деп. Таңсулуу кабагы салыңкы;
-Эмне анда мени бүгүн окууга барбай эле кой деген турасыңбы? Бүгүн зачёт тапшырмакбыз да, тарых сабагынан;
-Сабакка барбай эле кой, зачётуңду мен койдуруп берем, берекем, тилимди алып кой. Сени мен эч кимге ыраа көрбөйм. Кааласаң бир кафеге барып тамак ичип тур, мен барып калам. Эң негизгиси сен тигилердин көзүнө чалдыга көрбө. Таңсулуу жапыс үнү менен;
-Дагы алдап кетпейсиңби, зачёт коюлбай калса окуудан айдалам-деди эле, Марат ишенимден кеткенин ушул жолу билип;
-Азыр барып, зачётуңду койдуруп коём. Ал жагынан кам санаба. Анан сага байланышам. Эң негизгеси өзүңө сак бол!-деп, чоң жетишкендикке жеткенсип кабинетинен чыкты да, шефтин бөлмөсүнө кабагы ачык баш бакты. Азим Капарович;
-Марат, мындай, кыскасы сен бүгүн мени мактап башка ат менен газетага макала жаз. Канча акча сураса да макул бол. Бүгүн тиги Хан айымдын түрү бузулуп калыптыр. Газетадан окуса мага туура түшүнөр. Ага барып актангандан көрө газета аркылуу эле ишибизди билгизгенибиз оң. Андан дагы анын сураганын бериш да керек болуп жатат. Жанагы ал ачкан фондго акча которуш керек. Эртең он миң долларды банк аркылуу которуп койчу. Марат сөз келгенде;
-Андан көрө, акчаны өз колуна бергенибиз оң. Эртең мен ага интервью алганы барып эле өз колуна берип койсом, кандай болот? Анын жеке ишмери менен мамилем бар. Ал аркылуу байланышып, суранып көрөйүн. Балким дагы башка сунуштар чыгып калар. Азыр элдин баары банк аркылуу,анын фондуна акча которуп жаткан кездери. Биз өзгөчө көзгө көрүнгөндөй кылып беришибиз керек. Азим көзүн жүлжүйтүп, бир нерсени ойлонгондой, митаам көз караш менен Маратты карап;
-Туура кеп айттың. Андан көрө сен өзүнө жолугууга аракет кыл. Анан калганын көрө жатабыз. Бүгүн сен бошсуң. Ушул ишти гана бүтүрсөң болду. Марат учурдан пайдаланып;
-Азим Капарович, ал жагынан кам санабаңыз. Мен өткөндө сиз жөнүндө макала жазып даярдап койгом. Аны сиз окуп таанышып чыгыңыз. Анан газетага чыгаруу оңой иш эмеспи. Азыр акча төлөнсө болду болуп калбадыбы. Бул айтылган сөздүн артында "акча болсо эшекти деле мактап жазса болот"деген сөз жаткан эле. "Эркиндиктин баркын көлөкөдөгү гүлдөр менен абактагылар гана билет"демечи, акчанын баркын карапайым калк билип, ак үйдөгүлөр кайдан билсин. Алар үчүн акча жасоо оңой экенин Марат билип, ал турсун бала бакчадан бери ак үйдөгүлөр киришип калган соң, алардан эч кандай жакшылык күтүү болбосун түшүнүп туруп, эч нерсе кыла албаганына өкүнүп, бир чети атасынын айткандарын туура көрүп, чындык менен калыстык такыр таманга түшүп, кончко түшкөн таш бутту өйкөгөндөй, ак үйдөгү билермандардын ишине ичи чыкпаган Марат баарына кол шилтеп, акча жасоонун артынан берилип баратканын анча таназар албай баратты. Эки күн илгери эле бир бизнесмендин ишин бүтүрүп берип, жакшы акча сындырган. Бул анын жасаган акчасынын бери эле жагы болучу. Ушундайлардын көптүгүнөн элдин жашоосуна бөлүнгөн ырыскы чачылып жатканын алиги илимпоз, ишенчээк неме элдин жашоосун такыр башка нукка буруп салбадыбы.
Марат, шефинен чыгып түз эле Таңсулуунун окуган жерине келип, анын зачёт алчу мугалимине жолугуп, четке чакырып чыгып миң сомдуктан үчтү сунуп;
-Казиеванын ишин бүтүрүп коёсузбу. Ал бүгүн окууга келе албай калат го. Мугалим Маратты тааныган үчүн акчаны алып;
-Атайын келип калыптырсыз, чиновник башыңызды кичүү кылып деп, тамашалай сүйлөп, көзүн кысып койду. Бул анын бара бер деген белгиси болучу. Марат дароо окуу жайдан чыгып эле Таңсулууга телефон чалды.Ушуну эле күтүп тургансып, ал телефонду дароо алды да;
-Угуп жатам-деди, назик кулакка жагымдуу, тоо булагынын үнүндөй кулакка жагымдуу үнү менен. Марат өзүн бактылуу сезип, кабагы ачык жана шаңдуу үнүн бийик чыгарып;
-Таңсулуу, иш бүттү. Аны коюп курсак ачты, бир жерге барып тамак ичеличи. Калган сөздү анан сүйлөшөлү деди эле Таңсулуу;
-Марат, мен дагы байкап калдым, сыртта мени күтүп машина турат. Сен үйдүн артына келчи. Чын эле мени алакачып кетчүүлөрдөн коркуп жатам. Марат ишеничтүү;
-Азыр мен сага милиция кызматкерлерин жиберем. Алар сени ВДНКка жакка алып келишет. Ысык-Көл ресторанынан күтөм сени. Сен үйдөн чыкпай туруп тур. Аз убакыт илгери эле ал классташтарым мага телефон чалышканынан "колум бошобой жатат" деп койдум. Кыскасы, милициядан сезгенишип, сага жакын жолой алышпайт. Мен барсам, аларга менин кадырым сынып калат. Таңсулуу бул сунушту туура көрүп:
-Тез келишисинчи, эмнегедир коркуп жатам. Үйдө дагы жалгыз элем. Менин баамымда тиги окуу жай жакта дагы анын балдары бар өңдөнөт. Марат;
-Макул эптеп чыдап тура тур. Азыр ашып кетсе он мүнөттө барып калышат деп, телефонду өчүрүп, милиция тармагында иштеген досу менен байланышып, болгон ишти болгондой түшүндүрүп айтып, эки милицияны тез жөнөтүүнү суранып, даректи берди. Оозунан сөз чыга электе аткаруу тиги баланын милдети эле. Анткени анын чоң ишин бүтүрүп берип, аны өзүнө жипсиз байлап койгон. Мелис мырза убадага бекем жана колунан бир нерсе келе турган адам.
Айтылган убакта эки милиция атайын машина менен келип Таңсулууну салып кетишти. Аны аңдып турган балдар, көргөн көздөрүнө ишене беришпей таң калып эле калышты. Ал турсун кайда алып кетти бир көчөгө чейин ээрчип айдап келишти да, анан ал машинадан адашып калып калышты. Бул учурда шаштысы кетип Марат, улам телефон менен байланышып турду. Качан гана үйдөн чыгып келе жатабыз дегенде өзүнө келип, ресторандын ичине кирип орун алып олтурду.
Таңсулуу ушул саам Мараттын кадыры укмуш экенине баа берип, өзүнчө ойлонуп келе жатты.
Айткандай ага алгач таанышканда эле Турдалы жакпай калган. Оозуна алы келбеген, кийген кийми дагы өзүнө жарашыксыз, ооздон сөздү жулуп алган адаты бар, мактанчаак, чылымды көп чеккен, узун бойлуу кара бала. Эки жолу аны менен жолуккан. Экөөндө тең айткан "Сендей сулуу бул дүйнөдө жок, деги сени кандай мырза алат болду экен"деп. Ошондо эле билген ал өзүн жактырып калганын. Ошол баланын торунан куткарып калган үчүн бүгүн Маратты жактырып, аны кечирип, керек болсо ага азыр болсо дагы турмушка чыкканга даяр экенин ичинен анализдеп,ой жүгүртүп келе жатты. Машина Манас көчөсү менен түз өйдө көтөрүлүп, катар тизилип тигилген ак теретерди улам артка калтырып, президенттин көчөсү менен тез ылдамдыкта кадимки президентти салып бараткандай зуулдап баратты. Таңсулуу, Мараттка жолукчу учур улам жакындаган сайын жүрөгү бат-бат согуп, сүрдөгөнү күч алды. Андан дагы чын жүрөктөн чыккан сөздүн күчү кантип адамды толкундантып, сүрдөтпөйт. Мараттын чын ниетинен кам көрүп " Сени мен эч кимге ыраа көрбөйм"деп айткан сөзү кулагына жаңырып, аны көргүсү келип, жада калса аны дале болсо сүйөрүн тана албайт эле. Жүрөгүнүн төрүндө дале болсо Марат орун алганын өзүнөн башка жан адам билбейт. Өз ою менен алаксып келе жаткан Таңсулуу айтылган дарекке келгенде гана учу жок ойдун кучагынан бошонуп, машинадан түштү. Бирок Маратты көрө алган жок. Эки милиция коштоп, ресторандын ичине киргенде Марат утурлап тосуп чыгып, Таңсулуунун бетинен сүйдү. Таңсулуу эрэркеп кеттиби, башын анын көкүрөгүнө жөлөп, ыйлап жиберди. Эмнеге ыйлады аны өзү дагы билген жок. Марат эки милициядан көз караш менен сурады " арта аңдыгандар жокпу"-деген сөздү. Алар бир ооздон ;
-Биз аларды адаштырып келдик. Эч кам санабаңыз. Эгер бир нерсе болсо бизге телефон чалып коюңуз-деп, телефон номерлерин калтырышты да, издерине кайтышты.
Сөз столго олтурганда уланды. Алгач Марат;
-Таңсулуу, мен ал баланы жакшы билем. Мектепте деле начар окуган. Койчунун баласы. Ал сенин теңиң эмес болучу. Баарынан дагы алар менден жардам сурап чалганы жакшы болбодубу. Таңсулуу сурмалуу көздөрүндөгү келген жашты аарчып, бир саамга унчукпай туруп;
-Мен деле ал баланы жакшы билбейм. Өткөндө кыздар менен келе жатып таанышып калганбыз. Таанышканда эле ал бала мага жаккан эмес. Ошондо мен андан сен жөнүндө сурагам. Анткени ал сенин айылыңдан экенин айткан эле да. Дароо сени ал "менин классташым, ак үйдө иштейт"-деп мактанган. Ал эми Эрмекти элестете албай калдым, кандай бала экенин. Сөз-сөзгө уланып, кенен эки саат сүйлөшүп олтурушкан экөөнүн сөзү бир нукка түшүп Марат, Таңсулууну убактылуу өзүнүн үйүнө алып барып турууну эп көрдү. Ушунча аңдып калышкан тигилер баары бир ала качып кетиши толук мүмкүн деген тыянакка келишип, ал жерден кеч киргенге чейин караанды үзө турууну эп көрүшүп, такси чакырышты да тоону көздөй бет алышты. Таңсулуу, Мараттын кучагында баратып, эмнегедир өзүн бактылуу сезип кетти да, анан эч күтүүсүз жерден эле Марат күтпөгөн суроону берип калды;
-Марат, эгер сен чындап мага үйлөнө турган болсоң, сенден өтүнүч ишиңди алмаштырчы. Сен иштеген жер алдамчылардын жана булгангандардын уюгу экенин мен, сен ал жакта иштеп баштаганы байкадым. Сенден, мен көп жакшы нерселерди үмүт кылдым эле. Ишенесиңби. Азыр дагы мен, сага баягыдай боюмду бере албай, кысынып жатам. Сен, эми алиги "сауна" - деген балакетке барбачы. Эч ким сени ал жакка барат деп ойлобойт. Марат, Таңсулуунун башынан шуу-шуу жыттап;
-Туура айттың, ак үй булгангандардын очогу. Ал жактагылар элдин алдында беттери күйгөндөр. Мен, сенин бул сунушуңду кабыл алдым. Керек болсо эртеңден баштап башка жактан иш караштырбасам болбой калды. Сөз ушул жерге келгенде телфон чалынып калып, сөз үзүлүп калды. Марат, телефон чалган Эрмек экенин билип, колу менен Таңсулууга акырын деген белгини берип ;
-Угуп жатам-деди. Эрмек кабагы суз;
-Марат, иш чатагына айланды. Алиги Турдалы алам деген кыз шексип калып, аны колдон чыгарып жибердик, сен аны менен байланыштыңбы?
-Телефону өчүк болуп жатат. Үйүнүн дагы телефону албай койду. Баса, ал эмне андан башка кызды албайм деп жатабы?
-Тиги көк бет ал кызды албасам болбойт деп, бизге догурунуп жатат. Эптеп жардам бербесең болбой калды. Марат кабагы суз;
-Менин ал кыз менен деле мамилем жок болучу. Бир эки жолу конокто бир болгонбуз. Билбейм, кандай кылышты.
-Ал кыздын колдогону чоң окшойт, эки милиция менен үйүнөн чыгып кетиптир.
-Анда эмне убара болуп жатасыңар. Башка эле кызды ала качып бериш керек. Кыз деген неме толуп жатпайбы. Марат ушул жерден сөзүнөн жаңылып алды. Бирок дароо ойлоно калды да;
-Эрмек, мен азыр барып калам. Силердин маселелериңерди мен чечип бербесем болбой калды көрүнөт. Күтүп тургула, барып калам-деп, таксини кайра артка айдатты. Таңсулуу суроолуу караганда;
-Ал бала сенден башка кызды албайм деп, догурунуп жатыптыр. Мен барып аны айнытпасам, болбойт. Сен, бүгүн менин үйүмдө болуп тур. Экөөбүздүн дагы алдыда сүйлөшө турган сөзүбүз көп. Сен абдан туура сөз айттың, мен ишимди которбосом болбойт. Ушул ой эмнеге мурда эсиме келген жок билбейм-деп, алдыны ойлуу карады. Оюнда, Турдалыдан кантип кутулуу керек жөнүндө ойлоп баратканын Таңсулуу айтырбай билип, катарында үнсүз ал дагы ойго алаксып кетти. Асфальт жолдо машина бир калыпта баратты. Шафёр орус улутундагы адам болгон үчүн, сөз эмне жөнүндө болгонун түшүнгөн жок.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол


Турдалы, ушул жашка келени мынчалык сүйүүгө кабылып көргөн эмес. Таңсулууну көргөндө эле биринчи көз караштан аны берилип сүйүп калды. Сүйгөнү менен башы менен кете турчу өзүнө дагы жакпаган адаты жалжаңкелиги, сөздү аңдабай сүйлөгөнү Таңсулууга жакпай калганын жүрөгү менен сезди. Канчалык өзүн теңтуштарынын алдында баатыр сезип, оюн ачык айтканы менен Таңсулуунун алдына келгенде мокок болуп, ага жарытылуу жакшы сөз айта албай, жаман адаты кармап, оозуна алы келбей, сөздөн жаңылып, катуу уят болгонун өзү дагы моюнга алып, анын өзүнө карата сезими жок экенин сезген үчүн күч колдонуп, ала качып болсо дагы алууну алдына максат кылып коюп, анан балдары менен бул маселени кеминде эки жума талкууга алышты. Акыры минтип ойлогон ою ордунан чыкпай, жада калса кызды ала качуу дагы колунан келбесин билип, башын мыкчып олтурган учуру. Марат келгенде ал жердегилерге жан кирди. Марат канчалык Турдалыны жаман көрүп турса дагы сыр бербей аны менен учурашкан соң, алардан сөз күттү. Сөздү Эрмек баштады; -Марат, эми бир эрдик кылып кызды колго салып бер. Болбосо иш чатагына айланды. Ал кыз чынында эле сулуу анан жогорку деңгээлдеги кыз-деп, андан ары сөзүн таппай калды. Марат сөз кезеги келгенде;
-Силер ал кызды бекер чочутуп алгансыңар. Эгер аны милиция кызматкерлери салып кетсе, иш чатак. Андан көрө менде бир кыз бар, окууну бүткөн. Ошол кыз менен жолугуп, байкап көрөлү. Балким силерге жагып калышы мүмкүн. Бирок аны ала качпай, машинаны жасап, эл сыяктуу эле алып кетиш керек. Бул сунуш, баарына жага түштү. Бирок бир гана Турдалыга жаккан жок.
-Жок, мага Таңсулуудан башка кыздын кереги жок. Алсам Таңсулууну гана алышым керек!-деди эле, Марат өзүн сабырлуу кармап;
-Ал эми сенин колуңдагы иш эмес да. Кыз буйруган жердин бүлөсү, ал эми тиги мен тааныштырган кызды көрүп көргүлө. Балким экөөңөрдүн мамилеңер келишип калар. Таңсулуу сени каалабаса, аны менен кантип жашайсың. Айткандай биз бүгүнкү күн менен эмес, эртеңки күн менен жашашыбыз керек да. Макул сен Таңсулууну ала качып алдың. Ал олтурбай чыр салса кандай болот? Тигинтип аны эмтеден эле милиция кайтарып калыптыр, аны ала качабыз деп, сот жообуна тартылып жүргөн кимге жакшы болсун. Маанилүү айтылган сөз кантсе дагы Турдалыны сездентип койду. Учурдан пайдаланып, Марат;
-Сен ал кыз менен жакындан таанышсыңбы? Деги ал кызга жок дегенде гүл берип көңүлүн алдың беле? Аял алган оюнчук эмес, азыр илгерки заман жок, ала качып алса олтуруп калган. Биринчиден ал олтурбай койсо өзүң эле айыл-апага уят болосуң. Экинчиден сот жообуна тартыласың. Андан көрө мен азыр сени бир кыз менен тааныштырам, жакса аны менен сүйлөшүп көр. Мен дагы аны эпке келтиргенге аракет кылам.
Классташтар ары кетип, бери кетип жатышып акыры Мараттын сунушун тура көрүштү. Мараттын алиги тааныштыра турган кызы, өзү менен чогу окуган Назми деген кыз болучу. Назми, жетим өскөн, үй оокатына тың, мектепте мугалим болуп иштеген, кара торунун сулуусу, сөз баккан, сөз көтөрүмдүү, башы оор кыз. Ал окууну бүткөндөн бери эле "Эптеп турмушка чыгып алсам болот эле, карадалы болбой"-деп айткан сөздөрүн көп жолу эшиткен үчүн аны, Турдалыга алып берүүнү туура көргөн. Турдалы Назмини көргөндө анча жактыра берген жок. Бирок анын ачык мүнөзү өзүнө тартып турду. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле Марат, сунуш айтты;
-Жүрүгүлө, таанышканыбыз үчүн бир кафеге кирип, олтуралы. Калган сөздү ошол жерден сүйлөшөбүз- деди. Бул сунуш баарына жакты. Жакын жердеги кафеге келишкенде күн уясына батып баратты "Бүгүнкү сапарым да карыды"дегенсип. Негизги сөздү Марат баштады;
-Назми, кыскасы мындай. Сени карадалы болуп кетпесин деп, классташ балама алып берсемби деген оюм бар. Сен бул сунушту кандай карайсың? Назми, шаңк эткисе күлүп;
-"Күйөө келсе кыз даяр"-деп тамашага салып, күлүп жооп берди да, анан ;
-Тамаша, биринчиден дароо эле макул тийем деп айтууга менин жеке "кыз" деген намысым жол бербейт. Экинчиден мен ал бала менен жакындан таанышып, анын баш терисин билейин. Аны менен жашап кеткенге көзүм жетеби, мен да сынап көрөйүн. Ал жөнүндө ойлонуп, аз да болсо түйшүк тартсам жакшы болот эле. Түйшүгү жок иштин келечеги тайыз деп айтылган кеп бар эмеспи. Турдалыга бул айтылган сөз абдан жакты. Марат учуру келгенде;
-Сени ала турган мырза бул. Өзү оокатка тың, беттегинин бербеген өжөр, мектепте окуп жүргөндө атаман болучу. Техниканы чагат. Иштин көзүн билген айылда фермасы бар-деп мактап келе жатканда эле Назми, Турдалына уурдана карап алды. Ушул саам экөөнүн көздөрү чагылыш түштү да, алгач Назми көзүн тартып алды. Баятан бери анча көңүл бурбай олтурган Турдалы эмнегедир Назмиден кандайдыр бир сырды байкап, аны кызыгуусу арта сүрдөтө карап, жүдөтүп жиберди. Кыз балага уялган кандай жакшы жарашат. Назми уялган сайын Турдалынын көзүнө сулуу көрүнүп, ага карата ою оңолуп, андан жакшы сөз күттү. Ортодо эмне сөздөр сүйлөндү аны уккан да жок. Болгон дити, ой тилеги Назмиге арналды да калды. Анткени анын дагы өзүнө карата ою түз экенин, кылыктана караган көз карашынан улам билип, таттуу кыялга жетеленип кетти. Аңгыча берилген заказ келип, тамакка карашты. Тамак ичилип жатканда сөзгө чечен Таалай өзүнүн тамаш сөзүн агытты;
-Я, Назми, эмне Турдалынын атын атаганда эле баштагыдай сөзүң чыкпай калды. Баамымда "любов первого взгляда"болуп калдыңар го. Экөөңөр тең эле момпосуйдай болуп эле момурап калдыңар. Марат сөзгө аралашты;
-Таалай, сен али жаш турбайсыңбы. Адамга алгач сүйүү келгенде айта турган сөз дагы ооздон чыкпай калат. Мен дагы баятан бери байкап жатам. Экөө бири-бирине жакканын. Бул айтылган сөз тамаша ирээтинде айтылганы менен ортодо чындыктын бир үзүмү бар эле. Айткандай Турдалы сыр алдырып албайын деп. оозуна сак болуп, сүйлөбөгөнгө аракети күч болду. Мыйыгынан жылмайып;
-Бизди сүрдөтпөгүлөчү, жок дегенде тамак желип бүткөнчө-деди, ыңгайсыз абалдан чыгыш үчүн. Чынында эле Назми кара тору болгону менен анын жылдыздуу көз карашы, ачык мүнөзү акырындык менен Турдалынын жүрөгүн жибитип, өзүнө баш ийдирип баратты. Ал эми Турдалыны, Назми улам-улам сын көз менен карап, анын сүрдүү караган көз карашына көңүлү толуп, аны адам катарына кошуп кетүүгө көзү жетип турган үчүн өткүр мүнөзү мокоп, баштагыдай тамашадан алыстап, уяң тарта түштү.
Чоң апасы дайыма;
-Көзүндө сүрү бар эркек аял затынын кадырына жете алат. Аял заты күйөөдөн жазганып турганы жакшы. Аялдын эркек менен тең айтышканга эмне себеп. Биринчиден күйөөнүн эркектик сүрүнүн жоктугу, экинчиден кайратынын боштугу, үчүнчүдөн сабырсыздыгы аялдын каяша сөз айтканга түрткү берет. Жаш кезинде көпчүлүк эркектер оозуна алы келбей, тилден көп жаңылышыт. Ал оңолучу нерсе. Эң негизгиси, аял киши күйөөсүнөн коркуп, сестенип турганы жакшы жышаан -деген эле. Назми ошол себептен Турдалынын көз карашынан кандайдыр бир сырды байкап, аны менен жашап кетишинен эч күмөн санаган жок. Чоң апасынын айткан сөздөрү, берген тарбиясы, акыл кеңеши Назмини сынчы дагы кылып салды. Бир жолу шаарда туулуп өскөн Нурлан деген бала менен таанышып, аны менен бир жумадай кыз-жигит болуп жүрүп, акыры жактырбай койгон.
Анда эч кандай эркектик касиет жок эле. Керек болсо көзүн жалтаңдатып, тик карай албай, оюн ачык айтмак турсун жер караганы көңүлүн кирдетип, аны менен жолукпай калган "кийин сен мени бакпай эле, мен сени багып калышым мүмкүн"-деп. Бир учурда сөз улансын үчүн Таалай;
- Назми сага эркектин кайсы сапаты жакпайт?-деди эле, Назми жагымдуу карап;
-Менин эң жаман көргөнүм, эркектин ичимдикке берилип кеткени анан байлык кубалап, сараң болгону. Сараңдык бул адамды чүлүктөп жетелеп алган төө сымал. Анткени байлыкты дагы пайдалана билүү чоң өнөр. Кээ бир адамдар акчасы туруп ачка жүрүшөт. Мисалы мага кытай эли анча жакпайт, алар сараң келишет. Андан көрө орустар берекелүү анан калыс, эмгекти баалай билет. Эмгекти баалаган адам эч качан жерде калбайт. Аны бирде болбосо бирде бирөө сыйлап алат. Ал эми бирөөнүн эмгегин жеген адам каргыштын үстүндө жүрөт. Мага элет жериндеги келиндердин эмгегинин бааланбаганы абдан түйшөлтөт. Келин дагы бирөөнүн алпештеп өстүргөн кызы да. Ал бала төрөп берип, тукумду өстүргөнү үчүн күнөөлүбү. "Келин жаман эмес, келген жер жаман"-деген сөз бекер жерден чыккан эмес. Мен дагы жакшы жерге турмушка чыгып, алгач кайын ата менен кайын энеге кызмат кылгым келет. Бирок, келиндин таза оюн, баалуу тилегин кээ бир ата-энелер барктай алышпайт. Менин бир курбу кызым дайыма тилек кылчу "кайын энем менен кайын атамдын батасын алсам"-деп. Анын ойлогон ою ишке ашпай калды. Анткени тийген күйөөсү жакшы бала болгону менен кайын энеси ичкиликке жакын экен да, чагымчыл ана ушак айткандан канагат алган аял экен. Ичкилик ичкен аял заты кантип келиндин баркын билмек эле. Сөз- сөзгө уланып, Назминин маанилүү айткан сөздөрү тигилердин көңүлүнүн төрүнөн орун алып, кеминде эки сааттан ашык убакыт олтурушту. Турдаалы улам барган сайын Назминин уккулуктуу айткан сөздөрүнө баа берип, ага карата болгон ою оң жагына ооп "ушул эле кызды алып алсам эмне болот"деп дагы ойлогонго үлгүрдү. Сөз учугу уланып Назми;
-Тээ илгери бир кедейдин кызы болгон экен. Ал кыз дайыма кечинде жаздыкка баш койгондо тилек кылчу экен "Мен эмес, мени сүйгөн бала турмушка чыксам"-деп. Анткени кыз баланын сүйүүсү алсыз жана келечексиз экени баарыбызга маалым эмеспи. Кыз бала алгач сүйүүсүн билдиргени, анын баркынын кеткени. Эгер кыз бала өзү сүйбөй, өзүн сүйгөн балага турмушка чыкса, бала баары бир кыздын жүрөгүн жибитип алат. Эгер жибите албаса андан төрөлгөн бала жибитет. Ортодо бала турган соң эне болгон кыз баласы үчүн, кантип күйөөсүнө жүрөгүн арнабайт. Ал эми кыз сүйүп, бала сүйбөсө бала баары бир өзүнүн сүйгөнүнө барып, никени булгайт. Же ортодо мамиле муздак бойдон калат. Андыктан балдар кыздардын жүрөгүнүн ачкычын ачканды биле жүргүлө. Сөздү Марат алды;
-Назми сен абдан жакшы сөз айттың. Бирок азыр заман өзгөрүлүп, кыздар менен балдардын орду алмашып калды өңдөнөт. Назми көзүн Турдалыдан тартып алып;
-Ооба, азыр батыш элинин салты кулачын жайып кетпедиби. Ошон үчүн ажырашуулар көбөйүп баратат. Эмне болгон күндө дагы кыздын сүйүүсү алсыз.
Бул айтылган сөз Турдалыга жага бербей калды. Ушул жерден эмне болсо дагы Таңсулууну алыш керек деген ойду чукул ойлоп жиберди эле, анын оюн билгенсип Марат тамаша ирээтинде;
-Турдалы, эмне Назми сага жакпай калдыбы?-деп сөз жаңыртты. Баятан бери үнсүз олтурган Турдалы;
-Жанатан бери абдан жакшы сөздөр айтылды. Мен Назмини жакпай калды деген сөздөн алысмын. Бирок биз өз алдынча дагы сүйлөшүп алсак болот эле...-деп, айтып алып, уялып кетти. Ушул эле сөз керек белем. Балдар ордуларынан тура калышты "туура айттың"-дешип. Экөө жалгыз калганда Турдалы;
-Назми, мен, сен жөнүндө Мараттан жакшы маалымат алдым. Чынын айтсам үйлөнөйүн деген элем. Бирок сүйлөшкөн кызым жок болучу. Мен чынын айтсам кыздардан алысмын. Менин мүнөзүм мектепте окуп жүргөндө эле чоң балдар менен аралашып калып, кыздардан алыс өстүм. Ошол себептен ала турган кызым жок, минтип сага келип турган кербезибиз. Назми уялыңкы жүз менен карап;
-Турдалы, мен сени чангандан алысмын. Бирок, турмуш куру деген оюнчук эмес да. Эгер макул көрсөң бир ай убакыт бири-бирибизди сынап көрсөк кандай болот? Мен сенин абалыңды түшүнүп турам-деп дагы бир жолу уурдана уяң көз караш менен караганда, Назмиден, Таңсулуунун окшош сапатын көрүп;
-Назми, мен дагы сага туура түшүнөм. Кыз бала дароо эле макул деп, бир көргөн бала менен жетелешип кете бергени да одоно иш. Бирок мени үйдөгүлөр күтүп жатат. Ал жагын кандай кылыш керек, өзүң бир жакшы ой ойлоп тапчы-деди. Чынын айтканда Турдалы биринчи жолу кыз менен маңдай тескей олтуруп, оолутуу сөз козгоп, өзүн кадыр эсе салабаттуу тутуп, жашоого туура көз караш менен карап турган учуру. Ушул жерден атасынын " жакшы аял затынан, келечектүү акыл чыгат"-деп айткан сөзүн эстеп, андан дагы кыз менен биринчи жолу маанилүү сөз сүйлөшүп жатканына ишене албай, Назмиден жакшы сөз күттү. Назми эмне деп кеңеш айтууну билбей, ойлуу бир жерди теше тиктеп туруп;
-Сени тааныган классташ кыздарың жок беле. Ошолордун бирин ала кычып алсаң кандай болот. Бир эл, бир жер болгондон кийин олтуруп калар. Турдалы ушул жерден классташы Айнашты эстеди. Айнаш экөө бир кезде жакшы мамиледе жүрүшкөн. Аны эмнеге ушуга чейин эстеген жок. Чын эле ага балалык ууз сүйүүсүн арнабады беле. Мына кызык тамаша. Назминин айткан кеңеши майдай жакты, бирок аны дагы таба албай калса эмне болот. Ушул жерден Турдалы;
-Назми, сен абдан жакшы кеңеш айттың. Бирок, менин сага көңүлүм имерилип калды. Сен эртеңкиге чейин ойлонуп көрчү. Мен сага убада берем, эркекче. Сени эч нерседен кем карычы жок, бөпөлөп багып алганга. Назми кабагы салыңкы;
-Турдалы, айттым го. Биз азыр бири-бирибиздин жакындан тааныбаган соң, үйлөнүп бекер. Андан көрө шашылбай күтө тур. Убакыт баарын дарылап, баарын өз ордуна коёт. Турдалы, ушул саам Назминин олутту айткан сөздөрүнөн, анын чын ниетинен кам көрө жасаган мамилесинен өзүнө кайрат-күч алып,ушунчалык өзүн жеңил сезип кетти. "Жакшы адамдын оозунан жакшы сөз чыгат"-демекчи, туура жана маанилүү айтылган кеп кеңеш, Турдалыны бир топ жеңилдетип койду. Экөө кеминде чай кайнам убакыт сүйлөшүп олтурушту да. Акыры бир кеңешке келише албай олтурушканда сыртта күтүп тургандар тажап кетиштиби, айтор чыдамдары кетип кирип келишти. Таалай куудулдана;
-Эмне болдуңар деги?! Жогорку кеңештин депутаттары дагы силердей кеңешпейт. Алар бир өлкөнүн тагдыры жөнүндө кеңеш курушса, силер бир үй-бүлөнүн маселесин чече албай койдуңар го...-деди тамашалагансып. Анда Марат;
-Бир өлкөнүн тагдырынын чечилиши оңой, ал эми үй-бүлөөнүн тагдырын чечүү чоң азап, деги силердин маегиңер оң жагына чечилчүүдөйбү? -деди. Турдалы жаш баладай башын тырмам.
-Биз али бир чечимге келе албай койдук. Аны коюп баягы биздин классташ Айнаш кайда болду экен?-деп, ойдо жок сөздү айтты эле Эрмек;
-Аны эмне кыласың, ал деген бир ай болбодубу турмушка чыкканына. Деги сен каяктагы сөздү айтып жатасың, биз Назмини көндүрө албай жатканда. Турдалы чочуп, ашыкча сөз сүйлөп алганына өкүнүп;
-Мен аны кайдан билип коюптурмун. Кыскасы Назми сен, эртеңкиге чейин ойлонуп көр. Болбосо сени ала качып кетебиз деп, дагы ашыкча сөздү балп эткизе айтып салды. Назми мыйыгынан күлүп;
-Эртең менен азыркынын кандай айрымасы бар. Андан көрө жок дегенде бир апта күт. Мен кабыргам менен кеңешип, өз каалом менен баргандай болоюн. Марат чыдап тура албай, андан дагы чогуу окугандык кылып;
-Назми, сен бизди эми дагы бир апта кыйнагың келип турабы. Анан сен башка жакка качып кетип, биз дагы башка кыздын эшигин сагалап баргыча, азыр эле алакачып кетебиз. Олтурбасаң мына мен олтургузам. Сени менен беш жыл бекер окуптурмунбу. Буларды го тааныбайт экенсиң, мына мени тааныйсың да.Назми күлүп, сөз келгенде;
-Эмне мени сен алганы жатасыңбы. Эгер сен алсаң азыр деле макул болмокмун. Анткени мен сени жакшы тааныйм, сенин кылык жоругуңду билем. Ал эми Турдалы кандай бала экенин мен кайдан билем, жаңы көрүп жатсам. Талаш бир топко узарды. Акыры баары кафеден сыртка чыкканда, Назмини жеткизип коёлу деген шылтоо менен машинага алдып салышты да, анан ала качып жөнөштү. Алар, айылды көздөй кеткенде гана Марат, оор жүктөн кутулганына сүйүнүп үйүнө келди да, алдынан тосуп чыккан Таңсулууга;
-Сүйүнчү, ал бала эми сага эч тийишпейт. Менин бир группалаш кызым бар болучу. Ошол кызды эптеп салып бердим, ала качып кетишти. Таңсулуу кабагын бүркөп, таарынган түр менен;
-Бекер кылгансың. Эми ал кыздын убалы кимге. Тиги бала аял сыйлай турган түрү жок эле. Марат, Таңсулууну кучактап;
-Андан башка жол жок болуп калды. Ал бала бир гана сени "бир ай болсо дагы аңдып жүрүп ала качам"- деп туруп алган соң, ошол ишке бардым. Алгач мен тиги кызды тааныштырдым. Ал кыз "эптеп турмушка чыгып алсам болот эле"-деп, жүргөн. Кыскасы экөөнүн жылдыздар келишти. Назми айтып жатпайбы, бир апта убакыт бергиле, анан тийем-деп. Бир апта менен бүгүнкү күндүн кандай айрымасы бар. Эң негизгиси сени алып калганым мага олжо болду. Аны коюп мен эми, сени ала качам. Болбосо дагы бир классташымдын сага көзү түшүп калыптыр. Кыскасы эмки аптада сени ала качуунун жолун ойлонуштуруп, анан алып кетүү керек болуп жатат. Ал жагын экөөбүз пландаштырыбыз керек, тигилер шекшип калбас үчүн. Таңсулуу ушул жолу дагы кыз болуп жаралып калганына өкүнүп, жакында келин болорун эстегенде, жаш кези артта калганына нак ишенди. Бир чети Маратка эле тийгени дурус болгону турат. Болбосо бешинчи курстта окуган Темир деген бала дагы ала качам деп, тамаша чыны аралаш айткан дагы ойго салып;
-Марат, мени дагы бир бала жакында ала качканы даярданып жатат. Ал бала бешинчи курстта окуган бала. Чынын айтсам сесиянын бүтөрүн эле күтүп жатат болуш керек. Марат кабагы салыңкы;
-Таңсулуу, мен чынын айтсам жашоомду сенсиз элестете албайм. Ишенесиңби, мен сага арнаган ак сезимимдин өтөсүнө чыгам. Сага кийин баарын түшүндүрүп берем. Мен сени менен гана бактылуу боло алам. Жакшы сөз, жакшы мамиле, жакшы маанай тартуулайт эмеспи, Таңсулуу эле эмес, болгон аял заты үчүн көңүл көтөргөн сөз угуу эмне деген бакыт. Кээ бир аялдар тийген күйөөсүнүн жылуу сөзүнө кандай муктаж. Аны түркөй эркектер кайдан түшүнсүн. Таңсулуу, кабагы ачык Маратты аппак, назик колдору менен мойнунан кучактап:
-Марат, анан сен мени алдабайсыңбы? -деди. Кыска жана маанилүү айтылган сөздүн күчү Мараттын ички жарасын козгоду. Ушул жерден дагы өзүнүн кандай адам экенин жана сөз менен жеткизип айта алгыс жүзүн байкады. Марат ойдон алаксыш үчүн;
-Эртең мен ажонун аялы менен жолугушам, бүрсүгүнү экөөбүз үйлөнүп айылга кетпейлиби. Сен, мени аябай санаага салып салдың. И, баса, сен кандай акыл кошо аласың, Турдалы күмөн санабагандай. Таңсулуу ойлуу жер тиктеп:
-Билбейм, чынын айтсам мен, сени алиги досуңдан куткарганың үчүн гана кечирдим. Ишенесиңби, мени кандай гана санаага салып, эмне деген гана ойду ойлонтконуңду. Дагы жакшы Гүлайым деген курбу кызым мага жакшы кеңешин берди. Ал турмушка чыкканга чейин эле жолдошу ар ким менен ойном жүргөнүн билим, аны оң жолго салуу үчүн, ага теңелбей баарына көз жумуп, тийип алганы мага чоң сабак болду.
-Таңсулуу, суранам сенден, андан көрө баарын унутуп, кел артка кылчайып карабайбыз. Айткандай сен эртең дагы үйдөн чыкпа. Болгон сабактарыңды мен өзүм бүтүрөм. Болбосо мени менен бирге болосуң. Таңсулуу бул сунушту четке кагып, өз оюн айтты:
-Жок, Марат. Аны коюп сен мени Фрунзе совхозундагы таяэжемдикине жеткизип кой. Сенин иштериң бүткөнчө мен ал жакта болуп турайын, балдарына каралашып. Ал жак мага абдан ыйгайлуу. Кечке мен бул жерден эринип, жалгыз олтуруп жинди болуп кетпейминби. Менин зачётторум ушул аптанын аягында бүтөт. Ага чейин шаарда эле болуп турганым оң. Марат бул сунушту туура кабыл алып, үйлөнүүнү аптанын аягына калтырмай болушту.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол


Назми алгач ишене берген жок, эч сөзгө келбей өзүн ала качып бараткандарга. Эки машина менен шаардан чыгып, ээн жерге келип токтогондо, Назми кабагынтүйүп: -Балдар бул кылыгыңар жарабайт. Мен аз болсо дагы өзүмдү даярдашым керекболучу. Ушул кантип болсун, бир көргөн кызды эле ала качып, баса берген.Ичимдиктин оозу ачылып, сөзгө келбеген балдар жөн эле кыйратып жоо сайып кележатышкансып ызы-чуу болуп алышкан. Алгач сөздү Таалай баштады-Назми биз сенинабалыңды түшүнөбүз. Бирок баары шартка байланыштуу болуп калды. Эң негизгисиТурдалы экөөңөр бактылуу болсоңор болгону. Тээ илгертен бери айтылган кеп барэмеспи "кыз бара турган жерине ыйлап барат"-деген. Сен дагы азырбиздин жоругубузду жактырбай турасың. Эгер сен эркек болуп калсаң, анда түшүнөтэлең. Кыскасы мындай. Мынчалыкка барбасак болот эле, эми иштин аягына чыгып,сен бизге жакшы аяш болуп бер. Баятан бери сен өзгөчө мага абдан жактың.Чоңдордун обу жок кыздарындай чоёктобогонуң жана түшүнө билгениң, андан дагысөз бакканың биздин көңүлдүн төрүнөн орун алды. Сен жаман эркекти жакшы кылган сапаткаээ экениңди дагы билип турам. Ылайым Турдалы экөөңөрдүн кармашкан колуңарүзүлбөсүн- деп, каалоо тилек айтып куюлган ичимдикти тартып жиберди. Назми эмиичимдик ичилип калган соң, сөзү эч кимге өтпөсүн билип, баштагыдай чыр салбайкалды. Анткени ичимдик ичилген жерде баары бир калыстык жана адилеттик өкүмсүрбөйт эмеспи. Кадырымды кетирбейин деп, тилин тишине катып, сөзгө кошулбайолтура берди. Жолдо эле эки саатай убакыт кармалышкан соң, келе турган үйгөабдан кеч келишти. Бул учурда келин келе жатат деп, айыл эли күтүп турушканэкен. Машина менен жөн эле жоо чаап келгенсип, уйкудагы элдин тынчын бузуп,сигналды катуу берип айылды бир айланып чыгышты да, анан эшиктин алдына келиптоктоду. Назми эми гана чындап билди, келин болгонун. Кыз каадасы кылып,машинадан түшпөй кылыктанды. Төркү үйдөгү илинген кызыл көшөгөнү көргөндөжүрөгү бат-бат согуп, сүрдөгөнү күч алды. Эч кимдин сөзү кулагына кирген жок.Кемпир-кезек келип ар бири бир нерсени кобурап, бетинен өөп кетип жатышты. Акжоолук салган аял кайын энеси экенин билгени менен аны тик карай албаган соң,өңүн жакшы көрө алган жок. Келин алгандагы шаан шөкөт өзгөчө элет жериндекандай шаңдуу. Убакыт кеч болсо дагы элдин саны көп. Ал эми шаарда бул учурдакелин келсе эч ким басып келмек эмес. Назмиге өзүн тегеректеп олтурган майдакыздардын кылыгы абдан жакты. Улам сырттан "келин кут болсун"-дегенсөздөр угулуп, Назми кыргыз элинин ушул салтын абдан баалап, өзү бир кездекыялдангандай көшөгөгө барктуу болуп киргенине, ыраазы болуп турду. Улам бираял кирип бетинен өөп жоолук салып кеткени, бир келген бактылуу мүнөтттөрдөнбелги берип турду. Түн ортосунда гана эл аягы суюлуп калган кезде Турдалыкөшөгөгө баш багып, ак жоолук салынып, иймене олтурган Назмини көрүп, анын ушултурпатына суктанып, жакшы аял затына туш болгонуна ичинен ыраазы болуп кеттида, жанаша олтуруп,Назминин бетинен сүйүп-Ыракмат сага, мени уят кылбай олтурупкалганыңа. Мен эми сага өмүр бою карызмын жана сенин алдыңда күнөөкөрмүн. Буйруса кадырыңа жетем. Сени мен эле эмес, сени көрүп чыккан ар бир адам айтыпжатат "жакшы кыз экен"-деп. Экөөбүздү табыштырган тагдырга жанаМаратка абдан ыраазымын. Назми үйдүн эшигин аттаганда эле билген жетиштүүжашаган үй-бүлөөгө келин болуп келгенин.Андан дагы Турдалы өзүн жана келгенэлди сыйлап ичимдик ичпегени дагы жакшы ойду пайда кылды. Көшөгөдө таң күлөөнөкатканга чейин эки жаш сөздөрү түгөнбөй сүйлөшүп олтурушту. Качан гана корозкыйкырганда бир жаздыкка баш коюп, экөө кийимчен уктап кетишти. Эртең мененалгач Турдалынын апасы келип Назмини сөзгө тартты. Нурайым элүү эки жашта.Биринчи жакшылыгы. Келинин көрүп эле жактырган "маңдайы жарык жакшы кызэкен"- деп. Кайын эне менен келин кеминде эт кайнар убак сүйлөшүполтурушту. Назминин жетим өскөнүн укканда эле Нурайымдын айоо сезими козголуп,ичинен абдан аяды. Узун сөзгө кирген экөөнүн сөзүн келин көрүп келгендербузбаса дагы канча убакыт олтурушат эле, аны так кесе айтып болбойт. Назмикайын энеси менен ачык сүйлөшүп алганга абдан жеңилденип, өзүн кыйла жеңилсезип калды. Андан дагы бул үйгө бүлөө болуп кетишине нак ишенип,ушул жерденкыргыздын ала качкан салты дагы бир четинен жакшы экенине баа берип турду. Эгербул салт жок болсо, анда турмушка качан чыгат эле. Канчалаган кыздар турмушкачыга албай, атасынын төрүндө олтурушат. Эки күн илгери эле группалаш кызы келипайтып кеткен "Эптеп турмушка чыгыш керек болуп калды. Өзгөчө окуунубүткөнү үйгө батпай калдым" деп. Чоң апасы айтып калчу "Барганжериңди чанба, кыз буйруган жердин бүлөөсү"- деп. Турдалынын тигинтип көзүнкарап турганы, кайын энесинин түшүнүктүүлүгү кантип терс ойду ойлогонго түрткүберет. Айткандай Турдалынын кээ бир терс сапаттарын дагы алгач көргөндө элебайкаган. Бирок, алгач жолукканда анын аял затын сыйлай билээринен күмөн ойдоболучу. Эми тийген күйөөсүн оңдоп алууга ишеними артып, көңүлү өсүп, ак жоолуктукыйгач салынып, келин көрүп келгендерге жүгүнүп, алгачкы парзын аткарып жатты.

***************** ******************

Хан айымдын каарына калган чиновниктер учурунда бере турганын береалбагандары үчүн иштеринен айдалып, алардын ордун жаңы кишилер толуктады. Булокуя боюнча жеке менчик теле каналдын ачык, адилет айткандары кайра хан айымдынкабагына кар жадырып, ал теле каналга уулу ханзааданы жумшады. Айткандай ажонунбул баласы жаамы журттун эркесине айланып, аюудай болгон күрсүйгөн жигитерименен баш көтөргөн чакан менчик ишканалардын ээлерине ачык эле " ишканаңдысат, болбосо башка чара көрөбүз"- деп коркута баштаган. Бул жаман адатты элэгеси алиги илимпоз ажо, көрүп билип туруп "кой"- деп койгонгожарабады. Баласы менен күйөө баласы, ашыкча чалчактап баратканын көрбөгөн амир,башка эмнени көрмөк эле. Берчүүсүн берип коюшуп, талап тоноого баш оту мененкиришкен ат үйкүтөрлөргө, эч ким эч нерсе дей албайт сот, прокурорлор башболуп. Анткени алардын колунан эмне келмек эле, ажого билгизбей ханайым алчусуналып коюп, аларга тоногонго жол ачып койсо.Ажо, күлүп жайнап чет элге барып гумжардмадарды алып келгенин койбойт, аны бери жактагы ажыдаарлар жалмаганынкойбой жатса,жашоо кайдан оңолот эле. Эл ишенген билермандар иштеген алиги акмромордон салынган ак үй, ажыдардын үңкүрүнө айланып, ал жакта көр дүнүйөнүнсоргоктору элдин ырыскысн соруп жатканын, Марат эле эмес, эл билип турса дагыэч нерсе кыла албай, куру сөз менен гана айтылып кала берди.Марат, хан айымменен жакшы маанайда сүйлөшүп, андан дагы өз колуна Азим Капарович бергенакчаны берип чыкканы, өзгөрүү абдан болду. Аны уккан ак үйдөгүлөр башкача көзкараш менен карашып, мамилелери өзгөрө түшкөнү даана байкалып, калды. Кирпиккекарам мамиле жасаганды кынына жеткизе үйрөнүшкөн мансаптын кулдары Марат мененболгон мамиленени өзгөртүшүп, башкача көз карашта карап, такыр башка жол мененсүйлөшкөнгө өткөнү таң калтырбай койгон жок.Таңсулуунун кеңеши менен Марат акүйдөн, кайсы бир министрликке которулганы камына баштаганда, Азим Капаровичтинбир ыплас ишине күбө болуп, айласы жок жерге түкүрүп, атасынын айткан сөзүнөчындап баа берди. Түшкү тамактануу учурунда шефине келген Марат, ачык турганэшиктен даана укту, Азим Капаовичтин телефон менен сүйлөшүп жатканын;-Менайттым эле го, он кыздын жасалма документин даярдатып койдум. Эми калганынаравиядан бүтүрөт. Эми ал кыздар сатылып баратканын билбесе болду да, эңнегизгиси. Аны коёп паспорт жасаткан акчаны алып кел, калганын анан сүйлөшөлү.Менин азыр иштерим чачтан көп. И, баса, мен бир саатан кийин жардамчы баламдыжиберем. Ал калган ишиңерди бүтүрүп берет. Калган сөздөрүн Мараттын уккангаички дүйнөсүнүн күчү жетпей сыртка чыгып кетти да, Таңсулуу айткан сөздү эстеди"Мени аравияга жакшы жумушка чакырып жатат, документтерди өздөрү бүтүрөтэкен, айлыгы жакшы деп айтышты. Дос кызым макул болду, ал кеткени калды.Айтмакчы, ал ишти ак үйдө иштеген бир чиновник көзөмөлгө алат экен. Мен да барсамбыдеп ойлоп, окуумдан калбайын деп, ал сунушка каршы болуп койдум"-депайтканда Марат "ак үйдө ким болду экен"-деп ойлоп койгон. Дароосыртка чыкты да Таңсулууга телефон чалды. -Таңсулуу, сенде алиги аравияга баратурган кызыңдын телефону барбы. Болсо ага айт. Тез арада мага жолуксун. Мен агаболгон ишти түшүндүрүп айтам. Кыскасы алар сатылганы барганы жатыптыр. Сөздүугуп, ал жакка бара турган оюнан кайтсын. Кыскасы мен баарын билдим. Таңсулуутаң калып;-Макул, анда биз сага качан жолугалы. -Мен бүгүн иштен эрте чыгам. Өзүм силер менен байланышам- деп, кайра иш бөлмөсүнө келди да, эч нерсе билбеген киши болуп олтуруп калды. Бирок ичинен кимдир бирөөгө жини келип "акча үчүн бирөөлөрдүн алпештеп өстүргөн кыздарын, каяктагы арабдарга сатууну көздөгөн акмактар" -деп, сүйлөнүп да алды.Аңгыча эле Азим Капарович телефон чалып-Марат мага келип кетчи, иштер чыгып калды. Марат ушул эле чакырыкты күтүп турган. Анткени алиги өзү уккан иштин аягы каякка барып такалат ошону билүү кызыктырып жаткан. Марат сырттан киргенде эле Азим-Марат, азыр тышкы иштер министрлигине барыпкел. Сен ал жакка барып, Жазира деген келинге жолугасың. Ал сага болгон ишти түшүндүрүп айтып берет. Калганын ал жактан угасың. Марат эч сыр бербей айтылган дарекке келсе, чыштай жасанган орто бойлуу, каратору, жасалма мүнөз күткөн, жүзүнөн акча гана керек деген жазуу окулган келин тосуп алды. Бул келинди эч ким"адам сатып жан багат" деп ойлобойт эле. Эгер Марат алиги сөздөрдүукпаганда бул аялды жаман деле көрбөйт болучу. Сүйлөсө тилинен чаң чыкканЖазира, өзүн колдон келишинче маданиятуу тутуп, жасалма үн менен-МаратТоктоболотович, кыскасы сиз бул документтерди алып барып жеке нотариустан печать койдурасыз да,анан Азим Капаровичке алып барып бересиз. Анан ал киши кол коюп берет, кайрамага алып келиңиз-деди. Марат эч шек берген жок. Башын ийкеп гана тим болду, алаялды качалык жек көрүп турса дагы. Жолдон атайын токтоп, аял берген документтикараса, баягы он кыздын документи туралуу кагазадар экен. Марат эмне кылыштыбилбей, бул документтерди жок кылуунун амалын ойлонуштурду. Бирок эч кандайамал ойлоп таба алган жок. Ал документтерди ксерокопиядан өткөрдү да, ананайтылган дарекке барып печать койдуруп, ишине келди. Азим Капарович эч нерсебилбеген адамдай ал кагаздарды алды да, анан-Марат сен бара берсең болот-деп,чоң иш бүтүргөн адамдай,кетирип жиберди.Марат бир шылтоо таап, ишинен чыкканчашашты, шефи кайра кармап калбасын деген ойдо. Дароо телефонун өчүрүп, сырткачыгып эле такси кармады. Бул учурда Таңсулуу үйдөн чыкпай олтурган кези болучу.Бул анын ала качабыз дегендердин көзүнө чалдыкпоонун аракети эле. Ал эмисабактарын Марат акчанын күчүнө салып бүтүрүп койгон.. Таңсулуу менен анын доскызы чыдамдары кетип, бул учурда үйдө олтурушкан, Маратты күтүп. Шашып келип,ал жайды сурап учурашкан соң, Марат алиги аравияга барам деген кыздынсулуулугуна суктана карап, аны ичинен аяп, каңырыгы түтөп,болгон ишти болгондойайтып түшүндүрүп берди да, анан аны ким ал жакка ишке чакырганын сурады. Боймүчөсү келишкен ак жуумалынан келген, чырайлуу, бир караган кишинин көңүлүнөзүнө бурган Жамила карагаттай көздөрүн жайнатып-Эжемдердин мурдагыкошунасы, жеке менчик ишкананда иштеген Айжан деген эже сунуштаган. Ал эже бугачейин дагы көп кыздарды ал жакка кетириптир. Андан дагы ал эженин ак үйдөиштеген таанышы бар экен. Кантип эле ал, эжем экөөбүздү алдаганга дити барсындеп, ойлогом. Марат бул жерден акыл токтотуп, алиги милицияда иштеген досунчакырды, анын дагы акыл сөзүн укмакка. Бирок дале болсо Жамила ишене берген жок,Мараттын сөзүнө "кантип эле Айжан эже мени сойкулукка сатканга ыраакөрсүн" - деп. Не бир түркүн ойлорду ойлогон Жамила, аравияга барам депөзүн даярдап алып, эми ал сапары болбой калганга ичинен өкүнүп турганда,Мараттын досу келип калды. Марат ага дагы болгон ишти түшүндүрүп айтып берип,алиги документтин көчүрмөсүн көргөздү. Жамила ал документтерден өзүнүн жанажакын курбу кызынын аты жөнү жок экенин билген соң гана ишенип, дос кызынателефон чалды "мага сөзсүз жолук"-деп. Кеминде эки сааттан ашык булмаселени, талкууга алган төртө алгач алиги Айжан деген келинди колго түшүрүп,андан баарын сурап билүүнү планга коюшту. Марат бул иштин аягына чыгуу үчүн жанүрөп киришүү үчүн тымызын киришип, ишин которо министрликке келди. Ал жердегитаанышы бир апта күтүү керек экенин айтып, өз сунушун билгизди. Бирок, ал кишиМараттын иш билгилигин жакшы билген үчүн, иш орду белен деп, ишеничтүү жоопберди. Айткандай Азим Капарович, алиги документтерге Мараттын дагы аты жөнүнкиргизип койгон. Аны Марат кайдан билип коюптур. Билсе баары башкача болмок.



****************** *********************

Мелис, ишти так аткарган балдарын жиберип, Айжанды иш бөлмөсүнө алдырды да,аны сын көз менен карап-Кош, Айжан эже. Биз, сизди бул жакка эмне максат мененчакырганыбызды билип жаткан чыгарсыз? Канча жыл болду бирөөлөрдүн көз жашынанакча жасаганыңызга? Айжан милицияга сурак берип көрбөгөнү үчүн, калдастап шашыпкалды. Көздөрү корккондон алайып-Сиз эмне жөнүндө айтып жатасыз деги?-дегенгеараң жарады. Мелис сынай карап, сүрдүү көзүн чакчайтып-Канча кызды аравиягасатканыңызды эмне биз билбейт деп жататсызбы? ! Сиздин эле кызды бирөө акча үчүнсатса, сиз кандай абалада калат элеңиз. -Кайдагы кыз, мен ал жакка иштегенгеэле сунуш айткам. -Сиз сунуштаган кыздардын бул тизмеде аты жөнү бар экенинекөзүңүз жетеби, карап чыгыңызчы-деп, он кыздын тизмеси бар кагазды сунду. Айжанкалтыраган колдору менен кагазды карап чыгып-Жок, аларды балким башка тизмеменен кетирет чыгар. -Эже, сизди азыр биз камап салабыз, эгер болгонунболгондой айтып бербесеңиз. Балким сиз бул жерден күнөөлү эмес болуп чыгышыңызмүмкүн. Айтмакчы алиги ак үйдө иштеген кишиңиз дагы сурак берет. Ал суракберген учурда анда адам саткандар деп, чогууңар менен сот жообунатартыласыздар. Эч ким эч нерсе биле электе жабылуу ишти ушул бойдонкалтырганыбыз эле оң болот, болучу. Азыр мен бир журналистти эле чакырып,сиздин сүрөтүңүздү берип, адам саткан деп жаздырып койсом эле ишиңиз бүтөт.Айжандын долулугу кармап. Эч нерсе айтпай койду, ал турсун "колуңардан эчнерсе келбейт"- деп,телефонуна асылды эле, телефонун тартып алып,оюунакойбой каматып салды. Чынында эле Айжан, сулуу кыз таап бергени үчүн Жазираданакча алып турчу. Болгондо дагы американын көк акчасынан. Бул ишке киришкенижашоосу оңолуп, жакында эле чакан дүкөн ачкан. Ал жетишкендиктерге албеттеЖазиранын эмгеги зор. Негизи эле алдамчылар тилдин учу менен гана акча таапкелген эмеспи. Жамилага окшогон элеттик байоо кыздар алданып, ал жакка барып алышыпалдангандарын билип, кийинки тагдырларына баш ийип, турмуштан аксап калгандарыжүзү кара алдмачылар үчүн чымын чаккандай дагы күчкө ээ эмес экенин кимбилбейт. Айжан убактылуу камакта олтуруп ойлонду "ким бизди сатыпкойду" -деп. Оюна дароо Жамила келди. Бирок ал эртең менен эле телефончалып сурабады беле "качан кеткени калдык"-деп. Эгер ал бир нерсенибилип калса ошондо эле айтмак. Жок ал мени сата турган кыз эмес. Балким Жазираөзү саттыбы. Биз эмне деп сүйлөштүк эле. Оюна бир заматта не бир түркүн ойлоркелди. Балким Азим Капаровичтен ката кетип калдыбы. Жок, ал тескерисинче өзаброюн сактап калуунун амалын ойлойт. Кап, эми деги иш оң жагына оосо экен.Кап, мени камынтпай дагы алып келип калышпадыбы, болбосо Жазирага кабарымдыбилдирип коёт элем деп, түбү жок санаанын кучагында ар нерсени ойлоп дагыүлгүрдү. Мелис, Айжанды каматкандан соң дароо Жазираны карматып келип, аны дагыөзүнчө суракка алды. Алчы таасын жеген Жазира иш чатагына айланганын дарообилди да, бул жерден кутулуп чыгып кетүү үчүн ачык эле акча сунуштады. Эңнегизгиси Азим Капарович жөнүндө эч ким эч нерсе билбегени оң. Анткени ал эмнеболгон күндө дагы бул жерден камырдан кыл сууругандай гана сууруп чыгарыпкетээрине ишеними чоң. Мелис кабагын түйүп-Ай, эжеке, сиздин кызыңызды элеата-бабам көрбөгөн арабдарга саткан адамды сиз кандай кабыл алат элеңиз.Кайпактабай эле койсоңуз болот. Бизде жетишээрлик далил бар. Азыр сиз ачыгынайтпасаңыз ак үйдө иштеген Марат менен Азим Капаровичти дагы бул жакка алдырыпкелем. Бул сөздөрдү укканда Жазира мык басып алгансып чочуп кетти да-АлигиМарат менен Азим Капаровичтин бул ишке эч кандай тиешеси жок. Кыскасы канчасурайсың, ачыгын айт. Мындан кийин мен бул ишти таштайм. Аны коюпсүйлөшөлү- деди эле Мелис-Сиздин алыңыз келеби? Мында камалып Айжан Кадиева дагыжатат. Бул сөздү укканда Жазиранын оюна дароо "ал бизди саткантура" -деген ой пайда болду. Мелис тигинин оюн дароо билип-Сиз ойлогондойал сиздерди саткан жок. Алгач аны кармап сурасак, эч нерсе айтпай койгон үчүнкамап салдык. Азыр сизди дагы ал жакка камап салуу керек, эгер ачыгынайтпасаңыз. Жазира болгон күчүн жыйып кутулуунун амалын кылды. Алдап дагы көрдү.Бирок Мелис эч бир сунушуна макул болгон жок. Болгон талабы, канча кызды саттыжана канча кызга жалган документ даярдады ушул теманын тегерегинде такып сурап,Жазиранын алты амалын кетирди. Акыры Жазира "ишти жап, он миң долларберем" - деген сунуш киргизди эле, Мелис мынча сумманы сунуш кылат депкүткөн эмес. Ойлонуп калды да, анан дежурный милицияны чакырып, муну дагыкаматып салды. Эч сөзгө келген жок. Экөөнү эки башка бөлмөгө камап, дагы суракжүргүзкүсү келди. Бирок, Марат менен дагы бир ооз кеңешип алуу үчүн, сурактытоктотуп койду. Кеч кирип, караңгылык пардасы тартылып калган кезде Марат мененМелис катуу талкууга олтурушту. Сөз кезеги келгенде Марат-Ушул ак үйдө иштепжүрүп, ал жактагы адамдардын жада калса бала бакчадан бери киришип, акчаөндүргөндөрүн байкагам бирок, "адам сатып, акча жасайт" деген оюмакелбептир. Жакында дагы бир иштин бетин ачуу керек болуп жатат. Жанагымединиститутта иштеген кээ бир билермандары, адамдын органдарын Германиягасатып, акча жасап жаткандары бар экенин кулагым чалды. Алардын дагы жөлөнгөнүак үйдө иштеген бир билерман имиш. Бул ак үй "ажыдаардын үңкүрү"-дегенге ишенген эмес элем. Ажыдаардын үңкүрү бул жакта эле кала тургандай... Кыскасымындай Мелис сен мени дагы кармап, тигилер менен камап сал. Туура көрсөң аларменен чогуу таң эртең мененкиге чейин олтурайын. Экөөнү сөзгө тартып болгонсырларын билейин. Болбосо менден шек санап калышат. Акчаны өндүргөнгө жараша,өндүрөлү. Мелис бул сунушту туура кабыл алып, башын ийкеп жооп берди. Андандагы Марат, учурдан пайдаланып, иштен кеткенге оңтойлуу учур келип турганынэске алды.Кеч кирип, эбак айлананы караңгылык каптаганда Маратты алып келиштиэле, Жазира үнүн өктөм чыгарып-Бул ак, эч күнөөсү жок. Мени камасаңар мейлимуну эмне камап жатасыңар?! -деп үнүн өктөм чыгарып кыйкырды эле, бул сөз жөнгана абага айтылгандай таасир берип кара тору, толугураак келген милция анынсөзүнө эч көңүл дагы бурган жок. Ушул жерден дагы бир жолу билди милиция ташбоор болоорун. Сөз кезеги келгенде Марат башын мыкчып-Эже, булар эмне деп элежатышат. Арабияга кыз сатканга сенин дагы тиешең бар дешти го? Эмне менбүтүргөн докуметтин туура эмес жагы бар беле? Ал кагаздарга көз жүгүртүп койсоманда, иштин жөн жайын түшүнөт элем. Кап, ал документтин чатагы бар экенинбилгенимде, башкача иш кылат болчумун да. Эми Азим Капаровичти дагы камапсалышпаса болду. Бул сөздү укканда Жазира башын мыкчып, өкүнгөнүн билгизип-" Баардыкиштин аягы бар"- деген чын экен. Биз эки жылдан бери жалган документжасап, кыздарды арабияга сатып, акча таап иш кылчубуз. Азим Капарович жакшы элеайткан "токтотолу" -деп. Мен болбой койбодумбу. Андан дагы бул саамжаш кыздарды таап, жакшы баада сүйлөшүп койгом. Баарынан да бул кете турганкыздардын сүрөттөрү эбак ал жакка жетип, ал жактагы кардарларга жаккан болучу.Эми минтип тузакка илиндик. Коркпо, эртең эле Азим Капарович бизди бул жерденбошотот. Бирок, жаманы ал жакка калп болуп калганыбыз чатак болуп жатпайбы.Марат тиги аялдын өзү колго түшкөнүнө, жаш кыздарды сатканына эмес, ал жаккакалп болуп калганына өкүнгөнү, жинин келтирди. Аңгыча эле эшик ачылып Айжандыдагы бул бөлмөгө алып келишти да, кайра сыртынан камап салышты. Айжан мененЖазира көптөн бери көрүшпөгөн адамдардай тим эле кучакташып көрүшкөнү, Мараттытаң калтырды. Экөө бир топко үнсүз турушуп анан, Айжан-Бул кайсы бала?-деди.Жазира кабагын түйүп-Азим Капаровичтин жардамчысы. Баягы документтерди бүтүргөнушул бала. Муну дагы ким сатып койду билбейм, камап салышпадыбы. -Анда өз кишитурбайбы. Мен ойлогон элем, милицияга сени сатып койгон го-деп. Айтмакчы тилдитишке катып эптеп жашап жатканда, эми бул балакети кайдан чыкты болду экен?-депоор дем алып, үшкүрүнгөн болду. Жазира бир жерди теше тиктеген калыбында, бирсаамга үнсүз туруп-Кайсы жерден ката кетирдик. Балким Азим Капаровичтин оозунанашыкча сөз чыгып кеттиби. Андай болсо сени кантип билип алышты. Же бизди аңдыпжүргөн бирөө болбосун. Марат сөз кезегин келтирип-Болсо болот. Мүмкүн силерсаткан кыздардын бирөө ал жактан эбин таап, бошонуп келди дагы, анан буларменен байланышып, аңдып жүрүшүп бизди кармады. Болбосо мен силерди кайдан билетэлем. Мен ушунча иштеп жүрүп, Азим Капаровичтин адам сатып жан сактаганын оюмадагы албаптырмын. Жазира кайраттанган түр көргөзүп, өзүн сабырлуу тутуп-Марат, эми бул иштин баары ичиңде эле болсун. Сени өзүм ыраазы кылып алам. Эңнегизгиси оозуңа сак бол. Айжан сен жок дегенде миң доллар тап, буларды акчаменен гана сатып албасак, элге шерменде болобуз. Абийирибиз ачыла электе иштибүтүрөлү. Антпесек иш чатагына айланып, башка күнөөлөрдү дагы бизге үйүп коюшат.Азыр жоголгон, турцияга жана башка өлкөлөргө сатылган кыздар толтура, анынбаарын бизден көрүшү толук мүмкүн. Бул менттерге эптеп эле бир илинчээк табылсаболду да, күч колдонсо дагы моюнга коюп коёт. Андан ары жарытылуу деле сөзболгон жок. Марат, жакшы эле сөз учугун чыгарып сөзгө тартымыш болду, алчытаасын жеген экөө жакшы ачылып сүйлөп беришпеди. Түн ортосу болуп калган кездекүзөттө турган милиция, эшикти ачып, үнүн өктөм чыгарып-Марат Токтоболотович, сизди суракка чакырып жатат. Марат кара күчкө-Түн ортосунда дагысурайсыңарбы? -деген болду, жанындагы экөө шек алып калбас үчүн. Милиция чоң кылмышкерлергемамиле жасагансып- Ал биздин иш. Барганда баарына түшүнөсүз. Балким сиздин булиште, күнөөңүз жок болуп дагы калышы мүмкүн деп, жооп берип эшикти кайра жапты.Марат, Мелистин кабинетине келгенде-Абдан туура иш кылбадыңбы. Ал жагың муздактурбайбы. Чыйрыга баштадым эле. Мелис креслосуна чалкалай олтуруп-Эмне кылалы.Кандай сөздөр болду?-деп кызыктар экенин билгизди эле Марат-Акча өндүргөндөнбашка айла жок. Буларды камаганыбыз менен Азим Капарович турганда, акчадан дагыбашка нерседен жана биз күткөндүн баарынан куру жалак калабыз. Тигилердинсөзүнө карасак эки жыл болуптур, адам саткан иш менен алектенгендерине. Кыскасымындай кылылы деп, Марат башын тырмап ойлонгон болуп, маанилүү сөз айтчудай бирсаамга үнсүз туруп- Алиги Жазира деген келинди алдырып келип өзүнө ачык эле"Акчаны нак бер, анда биз Азим Капаровичке дагы бул иш жөнүндө айтпайбыз.Ал киши бул ишке кийлигишсе, биздин чоңдор дагы билип калып, анда чоң акчагакириптер болосуңар" -деп, тузакты алыстан таштап айт.

-Канча сурайын анда?-Өзү он миң сунуш кылса, сен дагы бешти кош деп, айтыпкөр. Анан калганын соодалашасың да. Мелис ойлонгон түр көргөзүп-Дагы эки күн кармаптуруп анан соодалашайын. Болбосо алар шек алып калышат го. И, баса, алигикыздарды качан кетиргени жатты эле. Ошол күн жакындаганда ишти баштасак кандайболот? -Мелис, ал ишти биз болтурбашыбыз керек. Байкуш кыздар бекер сатылыпкетпесин. Ал жагын дагы ойлонушубуз абзел. Экөө дагы чай кайнам убакыт кеңешкурушту да анан Маратты кайра алып келип камап, Жазираны суракка чакырды. Мелисаны жакшы эле сөз менен басынтып, үйүнөн Марат аркылуу он беш миң доллардыалдырмай болушту. Бул дагы кеминде, бир саатан ашык убакыт талаш тартышты талапкылды. Акыры Мелистин сунушу ишке ашып, Маратты кайра бөлмөгө алып келгендеЖазира- Марат, сен бул жерден аксың. Андан дагы бекер бул ишке кириптер болдуң.Сураныч эми эч кимге айтпа. Менин үйүмө баргын дагы кызыма айтсаң, ал сага акчаберет. Мен азыр эле аны менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Бул кылыгыбызды АзимКапарович билбесин, билсе анда иш чатагына айланат. Ага сен дагы эч нерсе айтакөрбө. Сен убакытка уттурбай, үйгө барып акчаны алып кел. Булар мага ишенбейжатышат, алдап кетесиз-деп. -Мен сиздин үйдү билбейм да. Аны коюп кызыңыз мененмени сүйлөштүрүңүз, анан барайын. Баары ийне жибине чейин ойлонуштурулган соң,иш ойдогудай баратты. Марат, Мелис экөө бир милицияны ээрчитип, айтылган дарекменен барып, кудум Жазирага окшош кыздан ооздон чыккан сумманы алып келди да,анан Жазиранын көзүнчө акчаны берип, Марат тиги экөө менен кошо бошонуп чыкты.Мелис, өзүнүн ишин так аткарып,ошондо дагы анын убадасын алганды унуткан жок"мындан кийин адам сатпайм"- деген. Жазира менен Айжан үйлөрүнөкеткенде, Марат менен Мелис бир жерден жолугушту дагы, акчаны тең экиге бөлүп,ишти так аткаргандарына кубанып алышты. Эмки кезек алиги жаны жок адамдардындене мүчөлөрүн саткандарды колго түшүрүүнү планга коюшту.





Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 10:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   25 Декабрь 2018 - 09:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Таңсулууну, Марат аптанын аягында алакачты болуп алды. Бул жерден дагы абдан жакшы план түзүлүп, Марат классташ балдарынын алдында ак бойдон калды. Жума күнү "аял алам"-деп, алиги Таңсулуунун курбу кызы Жамиланы алдына ала классташтарына тааныштырды да, эртеси күнү Жамила атайын түзүлгөн план менен караанын үзүп, тигилердин көзүнчө телефон чалды. "Марат, менин азыр турмушка чыга тургандай учурум болбой калды, эгер макул көрсөң дагы эки ай күт. Эжемди кечинде ала качып кетишти"- деген шылтоону айтып, телефонун өчөрүп койду. Бул иш атайын жасалганын тиги балдар баамдай алышпады. Марат кара күчкө капа болуп, Жамилага таарынып, досторуна:
-Башка кыз тапкыла, эмне болгон күндө дагы мен бүгүн үйлөнүшүм керек!-деди. Даярданып алышкан балдар дароо кабактары бүркөлүп, баштарын жерге салып туруп калышканда, оңдой берди болуп, Эрмек
-Кел анда баягы Турдалы ала албай койгон кызды, ала качабыз-деген сунушту киргизип калды. Марат башын мыкчып:
-Ал кызды мен жакшы тааныйм. Аны ала качпай эле сүйлөшүп көрөйүн. Чын эле андан башка бизде эч кандай айла амал жок. Үйдөгүлөр дагы күтүп жатат-деди эле. Баары бир ооздон:
-Эртели күндү кеч кылбай аракет кылалы. Марат учурдан пайдаланып:
-Турдалы эмне -дейт болду экен? Таалай ичкен арактын күчү менен:
-Аны мага кой! Ал ансыз деле алган аялы менен бактылуу жашап жатат. Бир чети сен ошондо абдан туура иш кылдың. Сенин жакшылыгыңды ал эч качан унутпайт деле болушу керек. Кеттик анда, алиги кызга. Марат башын чулгуп алды, өкүнгөн түр көргөзүп. Эрмек:
-Марат капа болбо, Жамилаңа караганда, Таңсулуу жакшы аял болуп берет. Баары буйруктан болот эмеспи. Турдалы жетпеген кызга эми сен жет, сен жетпеген алиги кызды өзүм ала качсам дагы алам. Алдаган кандай экенин билсин. Марат, кабагын бүркөп:
-Ага дагы туура түшүнүү керек. Өзүң айткандай ал буйруган жок да. Аны коюп силер даяр болгула. Мен Таңсулууну алдап чакырып чыгам. Анан жолдон күч менен болсо дагы машинага салгандай болгула-деп, Таңсулуу жашаган үйгө жакын келгенде Марат өзү телефон чалды:
-Таңсулуу, мен Маратмын, сага жолугуш керек болуп калды. Шашылыш иштер менен. Таңсулуу каршы экенин билгизип:
-Марат, сен жалгыз элесиңби, мени ала качабыз дегендер чыгып жатат. Баягы күнү аз жерден калдым. Эгер жалгыз болсоң үйгө эле келчи-деди. Марат атайын телефондун үнүн чыгарып койгон, тигилер уксун үчүн. Баары чын эле ишенип калышты. Марат машинадан түшүп:
-Кыскасы мындай, өзүңөр уктуңар, эмне дегенин. Эми силер мени күткүлө, мен ал кызды алып чыгам дагы такси менен ЦУМ жакты көздөй алып барам. Калганын ошол жактан ыгына жараша иш кылалы. Балким, баягыдай кафеге кирип сүйлөшөбүзбү, аны учурунда көрөлү деп, үйдү көздөй кадамын жай таштады.
Үйгө киргенде эле Таңсулуу алдынан тосуп:
-Иш кандай?- деди. Марат оң көзүн кызып:
-Ойдогудай. Кечээ ырас тигилерди Жамила менен тааныштырып койгонум туура иш болуптур. Азыр экөөбүз такси менен ЦУМ жакты көздөй барабыз. Тигилер артыбыздан келет. Анан кафеге кирип сүйлөшмөй болдук. Сен эми баарын жакшылап, эч сыр алдырбай, нак артисттердей аткарсаң- деп, бетинен акырын сүйдү.
Экөө бир топкпо кармалган болушту да, анан ээрчишип сыртка чыгышканын күтүп тургандар көргөндө эле, иш оң жагына оогонун билишип, экөө олтурган таксинин артынан жөнөштү.
Негизги сөз айтылгандай эле кафеден башталды. Марат досторунун көзүнчө:
-Таңсулуу, эмне кылсаң ошо кыл. Мен, сени бүгүн ала качам. Сүйлөшкөн кызым, даярдантып коюп алдап койду. Үйдөгүлөр мени күтүп жатат. Бул сөздү укканда Таңсулуу, кабагын түйүп:
-Марат, болбойт. Менин сүйлөшкөн жигитим бар. Сен эмнеге мени алдап келдиң-деди. Марат, кабагын түйүп:
-Кечирип кой. Эгер сен мени чана турган болсоң, анда башка кыз издеш керек болот.Бирок сен абдан жакшы кызсың. Таңсулуу айтылган сөзгө муюган болуп:
-Марат, мен сени чангандан алысмын. Мага дагы туура түшүн. Аны коюп мени жеткизип койгула. Үйдөгүлөр күтүп калышты го. Марат, Таалайга көз кысып:
-Мейли анда, мени чансаң сени жеткизип коюшсун-деп:
-Таалай, макул көрсөңөр машина менен жеткизип койгулачы. Мен ушул жерден күтөм, силерди -деди. Ошонтип, эч сыр бербеген жол менен Таңсулууну алып келгенде, кыз каадасы кылып, Таңсулуу каршылык көргөзгөн болду. Бирок олтуруп калды. Келин келип, той шааниси башталганда, Турдалы досторунан угуп эле жетип келип, Маратты куттуктап:
-Сен дагы мендей болгон турбайсыңбы. Баары алдыда, бактылуу бол!-деди эле Марат күлүп:
-Эң негизгиси сен капа болбосоң болду. Балдар болбой ушул кызды алабыз дегенинен, мен дагы намыстанып алып келе бердим. Турдалы күлүп:
-Баары буйруктан да-деп, көшөгөгө кирип, Таңсулуу менен учурашты. Ак жоолук салынганда баштагыдан дагы чырайына чыккан Таңсулуу, жөн эле үрдүн кызындай көрүндү, Турдалынын көзүнө. Ушул жерден чынында эле ичи ачышкансып кетти, кантсе дагы берилип ага сүйүүсүн арнаган да. Таңсулуу, уяң жүзүн жашырып, жер караган болду. Жаш келиндин уялганы, тартынганы баам салган кишиге эмне деген сөз менен айтып жеткизе алгыз кооз көрүнүш. Ошондуктан айтылган да "кыз кылыгы менен, келин келбети менен барктуу"- деп. Турдалы көп кармалбай сытка, ойлуу чыкты да:
-Марат, куш бооң бек болсун, мен сага ыраазымын. Сен болбосоң дагы, баары бир башка бирөө болсо деле Таңсулууну алмак да-деди. Марат, Турдалынын ар бир кыймыланан, айткан сөзүнөн баарын байкап, оңтойлуу сөз таап айта албай, башын гана ийкеп тим болду. Бул эми оңтойсуз абалдан чыгуунун бир себеби эле. Ошонтип көптөн күткөн той шааниси түн ортосуна чейин уланып, элдер тарады. Өзгөчө элет жеридеги берилген той кандай жакшы өтөт. Кечке чарчаган үй ээлери, эл аягы тараганын эле күтүп турушкансып, уйкуга баш коюшту.
Эртеси гана келинин көргөн Токтоболот, Таңсулууну сынынан өткөрүп, ичинен ыраазы болуп, дагы бир тилеги кабыл болгон эле. "Баламдын жаманын жашырып, жакшысын чыгарган, тарбиялуу жердин кызы экен"- деп . Ушул жолу Токтоболот уулу Маратка ыраазы болду "Жакшы кызды тандаптыр" - деп. Анткени Токтоболоттун өзгөчө аял затын сынай билген өнөрү бар эле. "Аял жакшы чыкса үйдүн куту"-деп чоң атасы көп айтар эле. Атасынын кээ бир өнөрлөрү, адаттары Токтоболотто бар болучу. Ошол себептен келинин көрүп эле сынынан өткөрүп, ичинен келинине ичи толду.
"Той болот, тойдун эртеси дагы болот"-демекчи, эки апта айылда болгон Марат, кетээринде тасмал четинен кеп козгоду:
-Ата, эми мен алиги ажыдаардын үңкүрү аталган ак үйдө иштебейм. Башка жакка ишке орношуп, анан бул жакка чыккам. Бул кеңешти мага алгач келиниңиз айтты эле. Сиз бир кезде айткан кептин төркүнү кайда жатканын мен кеч билдим. Ак үй тазаланмайын элдин жашоосу оңолбосуна нак көзүм жетти. Токтоболот:
-Туура иш кылгансың. Аз күндө көтөрүлүш болуп, ак үйдү башкалар ээлейт. Алар дагы жыргатып жибербейт. "Мен дагы сага ак үйдү ташта" деген оюмду айтайын деп жаттым эле, менден оозунуп, ырас келиним айткан тура. Ал дагы бир нерсеге көзү жеткен үчүн айтты да. Айтмакчы мен түш көрдүм. Ак үй тарап ызы-чуу эле болуп жатыптыр. Жакында чоң өзгөрү болот. Ырас ага жетпей иш которгонуң дурус мени да кубантты. Эми ишиңе жана өзүңө сак бол-деп, сөзүн кыска бүтүрүп, Таңсулууга дагы бир жолу ыраазы болду, анын илгиртпей бир нерсе билгенине.

***************** ****************
Ак үйдүн ичи. Кыпкызыл килем төшөлгөн узун калидор менен басып келе жатып Марат, эң алгачкы жолу келген күндү эстеди. Анда "ушул жерде кандай бактылуу адамдар иштейт"-деген жакшы ой, таттуу кыял менен бут менен баскандан жасканган килемдерди басып өтсө, эми ушул килемде басып келе жатып такыр башка ойду ойлоду. Алтынчы катарга лифт менен көтөрүлүп чыгып, алдынан чыккан Бакыт Булатов менен учурашкан болду да, анан түз эле өзүнүн кабинетине келип, арызын жазды. Аны эки сыйра карап чыгып анан Азим Капаровичтин кабинетине келип,учурашкан соң арызын берди. Мындайды күтпөгөн Азим таң калып, суроолу көз караш менен карап:
-Сага эмне болду?-деди эле Марат эч тайманбай:
-Азим Капарович, мен эми мындан ары сиз менен иштеше албай калдым. Өзүм айтсам, сиздин көңүлүңүз ооруйт. Аны эми айтпасам деле билет болушуңуз керек. Эң негизги сөздү алиги Жазира деген келинден угарсыз. Менин оозумдан чыкса ушак болуп калышы мүмкүн. Азбы, көпбү чогу иштештик, сый бойдон калалы. Анан сизден өтүнүч. Алиги жаш кыздарды пулдаган ишиңизди эми токтотуп эле коюңузчу-деди, кыска гана. Сөздүн тереңи кайда жатканын түшүнгөн Азим Капарович дароо арызга кол коюп берди да, ачуусу келгенин жүзүнөн билгизип, эч сөз сүйлөбөй, туттугуп тетири карады. Марат ушуну эле күтүп тургансып, кол коёлган кагазын алды да, жай басып сыртка чыгып баратып, акыркы жолу булганыч уялаган кабинетти жийиркене карап алды. Азим Капарович, Марат чыгып кеткенде аны менен бирге кут кеткенсип, ичи эңшерилгендей кабинеттин ичи ээн боло түштү. Кантсе дагы ал жаштык жана курчтук кылып, көп иштерди бүтүрүп бергенин кантип эсинен чыгарат. Бир ката кетиргени Маратты алиги ишке бекер жумшаганы болду. Дароо Жазирага телефон чалып, аны менен байланышты. Жазира ушуну эле күтүп тургасып, шашып жооп берди:
-Азим Капарович, иш жаман. Баягы иш чатагына айланды. Он кыздын документти даяр болгону менен аны менттер билип калышып, кечинде сурак берип чыктым. Эң негизгиси кыздар сатылып бара жатканын билип калышып, чыр салып жатышат-деди эле Азим:
-Маратка эмне болгон? Ал бүгүн иштен бошонуп кетти. Сурасам, негизги сөздү сенден угасың деп, жарытылуу сөз айтпай койду.
-Мен азыр сизге барам, калган сөздү анан сүйлөшөлүчү- деп, трубканы коюп койду. Бир нерсе болгонун айттырбай түшүнгөн Азим, чырылдаган телефонун көтөрдү эле, жакын теңтушу жагымсыз үнү менен:
-Азим, деги силер жак тынч элеби? Бул жакта эл көтөрүлүп, жаман болуп жатат. Деги өзүңө сак болчу. Макул көрсөң бир, эки күн больнычный алып, үйдө эле болгонуң оң го -дейм. Элдин үйрөйү жаман болуп турат, бул көтөрүлүш баштагыдай эмес-деди, Аксыдагы досу. Бул кезде ажо дагы чет элде командировкада болучу. Ал эми примьер министр Жалал-Абадга кетти деп уккан. Азимдин кабагына кар жаап, кара креслосуна чалкалай олтуруп, ооматы ооп баратканын астыртан сезди. Болбосо, мындай абалда калып көргөн эмес. Адам баласынын баары бир бир нерсени жүрөгү сезет эмеспи, Азимдин дагы жүрөгү опколжуп, түшкү дем алууга жетпей, ак үйдү таштап сыртка чыкты да, телефон аркылуу Жазираны үйүнө чакырды. Болбосо аны менен бул жерден жарытылуу эч сөз сүйлөшө албасын ички туйу сезими менен сезип, машинасына ойлуу кадам таштап келип олтурду да, кылчак-кылчак жети кабат ак үйдү карап алып, үйүн көздөй кабагы суз жөнөдү.
Арадан туура бир саат өткөндө, Жазира убада боюнча эч сыр бербей үйдүн астананы аттады. Анын сырткелбетинен эле иш чатагына айланганын жаземдебей билген Азим сыр берген жок. Экөө кадимкидей учурашкан соң, бир чыныдан кофе ичип, жабык эшик артында узун сөзгө киришти. Жазира болгон ишти болгондой айтты, бирок акча бергенин айткан жок. Мараттын дагы суракка алынганын уккан соң гана маселенин түйүнү кайда жатканын билип, өкүнгөнүнөн "Кап"-деп алды. Кимдин эле жакшы иштеген адамынан ажырагысы келсин. Азим акырындык менен адам саткан ишин Маратка өткөрүп берсем, мен четтен гана көзөмөл жүргүзүп турсам деп, ойлогон болучу. Бирок, эми баары тетирисинен чыгып, иш чатагына айланганына кантип өкүнбөйт. Ушул жерден Азим үнүн өктөм чыгарып:
-Айтпадым беле, азырынча токтотуп туралы- деп. Тиги кызыл шапкечендер четин билди болду, эми агып келип жаткан акча булагы токтоду дей бер. Экөө кеминде эки сааттан ашык сүйлөшүп олтурушту да, анан бир пикирге келишкен соң Жазира сыпаа коштошуп, сыртка чыкты. Бул сүйлөшүүнүн аягы келишпестикти пайда кылган соң Азимдин өңү өзгөрүлүп, сабыры түгөнүп баратканда муздаткычтан ичимдик алып чыкты да, чоң стаканга куюп туруп тартып жиберип "аялдар баары бир алсыздык кылат экен"-деп, кобуранып алды. Бирок бул айткан сөзүн эч ким уккан жок. Ичимдик аз убакыт өтпөй таасирин берип, Азим ишиндегилерге телефон чалды, акыркы кабарларды билиш үчүн. Бул учурда саатын жебеси төрттү көргөзүп калган болучу. Ак үйдөн Бекиш Жалгазынов үнүн акырын чыгарып, күнөөлү кишидей:
-Азим Капарович, иш жаман. Аксыдан милициялар элге ок атып, дүрбөтүп салыптыр. Мунун аягы эмне менен бүтөт аны эч ким бидбейт. Кыскасы азыр ак үйдөгүлөр дүрбөлөң түшүп жатышат. Ажо түнү менен же эртең келип өзү элди теске салбаса, билбейм... Ал эми ханайымдын каары жаман. Элди атканга ким буйрук берди, эч ким билбейт. Кыскасы биздеги болгон жаңылык ушул. Деги аягы жакшылык менен аяктаса болгону. Жанагы тилин жаланган немени эмнеге бул ишке алып келди, билбейм. Балким баарын ошол кылдыбы, аны так айтуу да эртелик кылат. Ошол жеткени калды көрүнөт, шефтин түбүнө. Балким ал Жалал-Абадга барып өзү берди болуш керек ок атканга буйрукту. Аны эми ким билет, көз менен көрбөгөнднө кийин так кесе да айтып болбойт. Бул ажонун деле иш сапары аяктап калды көрүнөт. Оппозициядагылардын чырагына май таамп, алардын кадыры өстү, бул жагымсыз окуя менен. Аксы эли хан көргөн эл. Жанагы чырылдаган Аксылык депутатты бекер каматты. Баары ошонун айынан чыкты. Сөз андан ары уланбай калды. Анткени Бекишти бирөө чакырып калып, шашылыш:
-Мени чакырып жатат, анан сүйлөшөлүчү- деп, трубканы коюп койду. Азим ойлуу бир жерди тиктеп "Кап, элге жакшы башчы келсе, тез эле көтөрүлөт эле, Кыргызстан" -деп, кобуранып алып, телевизорду сайды. Анда Аксы окуясы жөнүндө берип жаткан экен. Азим бир топко ойлуу телевизорду тиктегени менен оюнун баары Жазиранын айткандарында болду. Ал "эгер ушул саам кыздарды бир партия кетирип алганыбызды, бери жагы жүз миң доллар пайда көрөт элек. Анткени жалаң жаш жана сулуу кыздарды таап, алардын сүрөтүн интернет менен аларга жөнөткөм. Арабдар дагы абдан жактырып, мен сураган суммага макул болушкан" -деген сөзү дагы Азимди ойго салып, кайсы жерден ката кетиргенин ойлоп олтуруп, анан эстеди "Балким Марат менин айткан сөздөрүмдү ачык эшиктен угуп койдубу, анда аны эмнеге менттер камашты, жок башка бирөө эле сатты. Марат сатып кете турган бала эмес"-деп, көзү телевизордо болгону менен оюу менен такыр башканы ойлоп олтурганда, телефон шыңгырап калды. Азим улуу кызына:
-Мени сураса жаңы эле дары ичип, төшөккө жатты деп айтып койчу-деди, бир нерседен шек алгансып. Ушул жерден эстеди, бир акылмандын "кулаалыча каалгып учуп миң жыл жашаганча, бүркүттөй бийик учуп, бир жыл жашаган артык"-деп айткан сөзүн. Азыр өзүн ошол кулаалыга теңеп, айласы жок барып ички үйгө кирип жаздыкка баш койду.

************************** ***************************

Арадан эч билинбей бир топ жыл өтүп, эл бир эмес эки ажону кыргызстандан кууп чыгып, экинчи революция болгондо Марат айылга келди, үй-бүлөөсү менен. Бул кезде Токтоболот карыя карылыкка моюн сунуп, жашоонун оюнуна кызыкпай дагы калган. Уулу Марат келгенде төл башы көзусун союп, казанга салдырып өзү көрпө төшөктүн үстүндө олтуруп, анан тамак бышканга чейин улуу сөздөн кеп кылып баштады:
-Балам, бул мусулман өлкөсү хандыкка катуу келет. Уктуң беле бир мусулман өлкөсүнүн башчысы, өз каалоосу менен бийликтен сый менен кеткенин. Ал эми орус элин эле алалы. Мына, Ельсин такты өз каалоосу менен өткөрүп берди, анан Путин берди. Американын ажосун алалы, конститутцияны жана мыйзамды алар сыйлаган үчүн сыйы менен такты өткөрүп берип жатышат. Бизде мусулман өлкөлөрү мыйзымды сыйлабайт, сыйласа кана?
Түркмөн башы өлүп кутулду, биздин эки ажо качып кутулду, казак менен өзүбектин ажолору канча жылдан бери жылбай олтурат, такты бербей. Эми бул алыскы араб өлкөлөрүн алалы. Эгипеттин ажосу мен билгенден кырк эки жылдан бери такта олтурат. Алар дагы көтөрүлүш менен гана такты бербесе, өз ыктыярлары менен такты бербейт. Бир кезде мен айтсам энең экөөңөр менин сөзүмө каршы болуп койдуңар эле. "Бийликтегилер бирди көрөт"- десем
Тээ илгери деп, Токтоболот карыя чыныга куюлган суудан ууртап, маанилүү сөз айтчудай сөздү алыстан кайра баштады. Таңсулуу дагы сөз тыңшап кызыгуусу арта кайын атасынын сөөлөттүү карыганына суктанып олтурду. Кайын атасынын маанилүү айткан сөздөрүн келген сайын уккан үчүн, аны абдан сыйлайт жана келини катары абдан баалайт.
Тээ алыскы бир өлкөнүн ханы болуптур. Ал хандын кулагы эшектикине окшош болуп, абдан узун экен. Бирок ал хандын кулагы эшектикиндей экенин жан адам билбептир. Ал турсун алган аялдарына дагы кулагын көргөзгөн эмес-экен.
Андан дагы ал хандын чачын алган баланы ошол жерден гана башын алып салчу тура, кулагы жөнүндө элге айтып салбасын деп. Анткен менен ал хан элге карамдуу адилет болгону, айтылат. Ошончо жыл эл бийлеп кулагын эч кимге көргөзмөк турсун, билдирбептир.
Бир күнү чач алуу кезеги бир кемпирдин жалгыз баласына келет. Хандын чачын алган өлүмгө барганга тете экенин эл дагы билип калган экен. Кемпир, кезек баласына келгенин угуп, кабагы чөгүп абдан ыйлайт. Ошондо бала таң калат "эмнеге хан чачын алгандардын жанын кошо алат"-деп. Анткен менен бала акылдуу болот да, эртең хандын чачын алам деген күнү, апасына кайрылат:
-Апа, эгер мени аман калсын десеңиз, эмчегиңизден сүт чыгарып, ага бир үзүм нан жасап бериңиз. Сиз, менин бул сунушумду аткарсаңыз анда мен аман калам дейт. Эне үчүн баладан кымбат эмне бар. Эне байкуш макул болуп, ушундай бир күч менен санаа тарткандыктан эмчеги ийип кадимкидей сүт чыгат. Ал сүткө бир үзүм нан жасап берип, эртеси баласын хандын чачын алганы узатат.
Бала хандын үйүнө келип,чачын алганы бир бөлмөдө жалгыз калат. Аңгыча эле хан келип баланы аянычтуу көз караш менен карап, башындагы таажысын чечет. Токтоболот карыя угуп жатасыңарбы дегенсип сөз угуп олтургандарды кыдырата карап алып, анан сөзүн улады:
Бала, хан таажысын алганда анын кулагы эшектикине окшош экенин көрүп, ушундай бир болуп көрбөгөндөй таң калып калат. Хандын чачын алып бүткөнчө ар нерсени ойлоп, эмнеге хан чачын алган балдардын жанын алып жатканынын сыры кайда жатканын билип, эптеп коркуп атып чачын алып бүтөт. Хан таажысын кийип, желдеттерин чакырганда бала:
-Ханым датым бар, эгер сиз менин акыркы айткан сөзүмө көңүл бурсаңыз, мен өлүмгө коркпой барат элем- дейт. Хан баланы карап:
-Айтып көр -дейт. Бала чөнтөгүнөн нанды алып чыгып:
-Ханым нанда эмне күнөө. Атайын апам сизге берип жиберди эле, жок дегенде ооз тийип койсун деп, бул нандан жок дегенде ооз тийип коюңузчу деп, өтүнөт. Хан макул болуп нандан ооз тийгенде бала, ушуну эле күтүп тургансып:
-Ханым, экөөбүз эмчектеш болуп калдык. Бул нан апамдын эмчегинин сүтүнө жуурулган. Эми мени кантип өлүмгө буйруйсуз -дейт. Хан баланын акылдуулугуна баш ийип, желдеттерин чыгарып жиберип:
-Сен менин кулагымды көрдүң. Менин кулагым эшектикиндей экенин бир гана сен жана мен билем. Эч кимге оозуңдан чыкпасын. Мындан кийин сен гана менин чачымды алып жүрөсүң деп, убадалашып, баланы үйүнө жиберет. Ошонтип бала хандын чачын алган сайын таң калып, аны бирөөнө айтса эле эс алчуудай сезилип, кыйналып кетет. Арадан эки-үч жыл өткөндөн кийин бала чыдамы кетип, чытырман токойго келип, ичтеги бугун чыгарыш үчүн "хандын кулагы эшектикиндей экен"-деп болгону үч жолу айтат да, анан үйүнө келет. Ошол сөз жел менен элге тарап, хан убадага турбаганы үчүн баланын башын алып тыныптыр. Муну менен эмнени айтат элем.
Марат уулум, сен эми эл аралап, эл менен иштешип калдың. Өзгөчө тилиңе сак бол. Азыр аял ушактан дагы эркек ушак күч алып бир көз, бир көзгө жоо болуп турганда, ишиңен дагы тилиңе сак бол. Баягы күнү сенин оозуңдан чыккан сөз мага келип жетти. Аны сен сөз кезеги келгенде жаман ой жок эле айтканыңды билип турам. Андай сөздөрдү көркөмдөп жеткирген ушак айткандан канагат алган жүзү кара кишилердин азыр арааны жүрүп турган учуру-деди эле, Марат:
-Эгер капа болбосоңуз мен эмне деп айтканымды айтсаңыз-деди эле Токтоболот карыя:
-Аны айтсам мен ушакчы болуп калам. Айткан киши эмес, айтып келген киши ушакчы. Баятан бери мен алиги икаяны эмне максат менен айттым, аны туура түшүнүп, туура талдап ал. Мага эң негизгиси келиним Таңсуулу абдан жакты. Эмнеге дегенде Таңсулуу төркүнүнө сөз ташыбай, ал жактан төш ташып келген үчүн, кудам экөөбүз сындашкан эмес, сырдашкан куда болуп калдык. "Аялдын жакшы чыкканы үйдүн куту"- деген ушул. Бул аптанын аягында кудам чакырды эле "тамак ичип кеткиле"- деп. Ичке толгон букту кудам мене сүйлөшүп чыгарып келбесем болбой калды. Минтип карылардын аягы суюлуп, сырдашкан курдаш дагы калбай баратат. Таңсулуу өзүнө карата айтылган жакшы сөзгө ыраазы болуп, сөз кезеги келгенде айтып калды:
-Ата "бирөөнү сынаган оңой, бирок баалаган кыйын"- деп айтылган сөз бар. Ушунча жашап, Марат айтат деген кепти сизден уктум. Мага апам айтты эле "барган жериңдин оту менен кирип, күлү менен чык, чыккан кыз чийден сырткары, барган жериңди мага жамандап келбе, биз алардын жаман сапатын билбегендей бололу дагы, сый мамилебиз менен катышалы" - деп. Сиздин атам менен сырдаш куда болгонуңузду угуп, өзүмө батпай сүйүнүп турам-деди, айтылган сөз кулагында калганын билгизип. Токтоболот учурун келгенин билип таамай сөздү айтып калды:
-Келиним, мен сага ыраазымын. Уулумду учурунда алиги ажыдаардын үңкүрүнөн бошотконуңа. Болбосо, артынан "баягы качкан ажонун куйругу"- деген сөз калат эле. Эң негизгиси эми жашоо силерде. Келечегиңер кең болсун. Марат сен анда- санда келинчегиңдин сөзүн угуп, анын айткан кеңешин дагы туура кабыл алып жүр. Мен дагы бир кезде ката кетиргем. Болбосо мен деле чоң кызматтарда иштейт элем. Өткөнгө өкүнгөн менен эч пайда жок. Аны коюп эми элдин жашоосу оңолсо болгону. Ач көздүктүн кесепетин эки ажо сабак катары жаамы журтка калтырып кетти. Ач көз боло көрбөгүлө. Акча албагыла андан көрө элдин көңүлүн алсаңар, элге эмгек сиңирсеңер артыңардын жакшы сөз ээрчийт "Баягынын баласы"-деген. Аңгыча Сайнап ордунан козголуп:
-Ай абышка, болду эми сөзүндү токтот. Тамак эзилип кетти го. Таңсулуу сен тасмалыңды даярда, Марат сен тамакты чыгарып кел-деди. Токтоболот карыя сыртка чыгып, сапары карып бара жаткан күндү карап туруп, өзүнүн дагы жашоодогу сапары карып, күндүн ылдыйлап бараткандагы табы алсыз нуруна, өзүнүн баскан турганы баштагыдай шайдоот болбой, алдан тайып баратканын салыштырып күч менен үшкүрүнүп алды. Бул үшүкүрүктүн артында кайрылып келбес жаштык, бир келген өмүрдүн ачылган барактары, кайра кайрып алалбаган эсте калган күндөр жатканын ким билбейт. Убакыт өз нугу менен өткөнү менен канчалаган өмүрлөр, канчалаган эл эгеси аталган хандардын жүргүзгөн өкүмдөрү арта калбады. Токтболот карыя кызарып батып бара жаткан күндү моокуму канбай карап туруп, күндүн бата турганындай эле өмүрдүн дагы кайтып, бата турганына ишенип, өтүп кеткен курдаштарын эстеп турду.
Бул учурда ажыдардын үңкүрү аталган ак үйдүн алдындагы ажыдардын огунан аккан жаш балдардын канын, эл суу менен жууп жаткан болучу. Көрсө баардык нерсени бир гана суу жууп кетирип, бир гана жер эне эрки жетип көтөрүп турарына турмуш өзү күбө болду.
Токтоболот карыя дагы канча убакыт, батып бараткан күндү карап турат эле. Эгер эки небереси келип колунан тартпаганда.
Марат түнү менен уктай албай жатып, атасына жана жанында жаткан жары Таңсулууга ыраазы болуп, алар булганычтан сууруп алганына моюн сунуп, ажыдардын үңкүрүнө кирип, өзү дагы бала ажыдаар болуп барып кайтканын эстеп, эми алиги ак үй кандайча тазаланат болду экен деп, ойлоп жатып уктап кетти.
Элет жеринин таңкы таза абасы, таза суусу Маратты эрте ойготту да, жаңы идея жаңы ой, жаңы кыялга жетеледи. Аны ишке ашырууга эми гана убакыт жетти.

Аягы. 2011-жыл 14-март.
Менин бүгүн 43- жазым.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 15:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: