Суперстан: Каргыш - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Каргыш Детектив, триллер, мистика, мелодрама.

#61 Пользователь офлайн   Bazana   17 Февраль 2019 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Просмотр сообщения asefsa (17 Февраль 2019 - 01:13) жазган:

Ааууу автор каяктасыз, кутуудон эки козубуз торттоо болойун деп калды.

Меники тортоо болду эле (
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Julien1212   17 Февраль 2019 - 17:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2021 15:59

Качан жазасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Dimedra   17 Февраль 2019 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Айпери кирген мрамордун артында кенен жарык узун коридор бар экен, башынан караса акыры араң корунгудой, дубал боорлорунда адам бою баткыдай чоң кузгулор илинген. Бирок ал жерден Азат эмес анын элесин да таба албай кайра артка бурулуп кайтканы жатып полдон ылдый көтөрүлгөн чоң күзгүдөн өзүнүн элесин көрүп баарын унутуп суктанып туруп калды. Мындай сулуулук алдында эч бир жан акылын жыйып тура алмак эмес, жада калса Азат да сүйө жаздабадыбы, деп келе жатып эсине келди. Чын эле тиги кызыл көйнөкчон караан пайда болбогондо баары жакшы болмок. Бирок кандайча өзү бир саамда эле Азатка бериле тушкондугуно түшүнбөй тандана, кайра өзү түштүн арасында жүргөнүн эстеп артка бурулаарда күзгү артынан - токто! деген үн чыкты. Чын эле үн чыкканын же жөн эле кулагына угулуп кеткенин айырмалай албай күзгүгө кулак төшөй тыншап калды ал.
-мени куткарчы, эмне мени бул капаска салып коюшту.
Үн жаш айымга тийиштүү көрүнөт, алсыз жаңы эле уйкудан ойгонуп келе жаткан айымга.
Айпери коркуп артты көздөй кадам таштап бара жатып токтоп калды, бул түшү эмеспи, жакшысы табышмак калтырбай баарын ачыктап алганы дурус, түшүндө ага эч ким зыян бере албайт да.
-А сен кимсин? деди.
-Жайна, Жайнамын. Менин ички органдарымды алышабы? Сен үчүнбу?
Айпери артка кетенчиктей берди. Өзү да кудум бул кыздын ордунда болбоду беле, мунусун кимге даярдап жатышат же эмнеге? Эми ал коридордо илинген ар бир кузгунун түбүнө барып артын тыншай баштады. Баарынын эмес үчөө төртөөнон ар кандай үндөр угулуп күзгү артында адам бардыгын тастыктап турду, биринде унулдоп ыйласа экинчиси өзүнчө согунуп урушуп жүрөт. Мына акыркы эң кооз күзгүнүн артында да бирөө барга окшойт, бирок аялбы же эркекпи билиш кыйын, анткени дупулдогон секириктен башка үн жок.
-эй! деди бир убакта Айпери.
жанакы дупулдогон секирик тынчып калды.
-Ким бар? деп дагы үн катты бир аз тынчтыктан кийин.
-Дагы ачсынбы? Менде эми сага бергенге эч нерсе жок. Сени кыйнашты ээ, тиги карышкырлар сага койбой баарын жеп коюшту, сен дагы ачсын. Бул үн да аял кишиге таандык эле, болгондо да аябай боорукер мээримдүү бирок алсыз чарчанкы аялга.
Айпери оозун колу менен бекитип артка жыла бергенде, тиги аял шыбырап.
-жалгызсынбы? деди. Бул доош кудум жанынан угулгандай, демек тиги күзгүгө жакын келсе керек.
-Ооба, деп Айпери да күзгүгө жакындаша шыбырай берди.
-анда мени да өзүнө кошуп алып кет, мен сага тамак таап берем.
-кантип сени бул жерден чыгарам?
-ха, бул сен эмессин. Сен башкасын. Ал баарын билет, ал күчтүү, ал карышкырларды башкарат, ал баары бир мени куткарып кетет, сөзсүз мени алып кетет, деп үнүнүн барынча кыйкырып кирди. Айпери коркконунан ал жайдан кандайча чыгып кеткенин өзү да түшүнбөй калды. Ачылган мраморду жаап кирип келген айбанчага чыкканда так маңдайында мрамордон оюлган сүрөт да ачылып калган экен, үйдүн ичинде топтолгон элдер ызы чуу, арасында өзүнө тааныш жуздорду көрө албай кыйналып жатты. Тагдыр кайда? Азат али да келбедиби? Барочу? Келген конокторду таштап коюп баары кайда кетиштери мүмкүн? Башында толгон суроо, жооп берчуу адам жок. Бул түшү өзүнө жакпай кыйналып баратты, канча аракет кылса да ойгоно албай койду. Колунун бармактарын санаса ар колунда бештен он, денесин чымчып көрсө ооруткандай, бул эмнеси, түштө да адам баарын сезүүсу мүмкүнбу. Ал укканы боюнча түштө бармактарынын саны көп болуп же чымчылган дене ооруну сезбей калышы керек эле.
Аңгыча жанында өзүнүн башчысы Тайлакович пайда болду.
-Сиз? Сиз да менин түшүмдөсузбу?
-кайдагы түш, Айпери сага эмне болгон? Журу кеттик, деп колдон ала сыртты көздөй жөнөдү. Алар туура эле чыгып унаага отуруп, жөнөй беришти. Ролдо жанагы эле өзүнө тааныш айдоочу отурат. Эми Айпери бул түш эмес эле өңү болуп калуусун тилеп жиберди, эртээрек бул жайдан алыстап, сырдуу түшүнүксүз адамдардан кутулууну каалап.
-Сиз кантип кирдиниз бул үйгө? Же сиз да билбейсизби окуянын кандайча башталганын?
Башчысы эки колу менен анын колдорун бекем кармап көздөрүнө көздөрүн такап сүйлөп кирди.
-Айпери бул түш эмес. Мен он күн алдын бул кечеге чакыруу кагазын алганмын. Мындай адам чакырып жатса келбей кою болбойт эле, андайга кечирим жок. Бирок сен дайынсыз жок болуп жатсан тойлоп жүрүү мен үчүн эмес эле. Кечээ ар сар ойдо турганымда сенден кат алдым. Албетте катуу даярданганмын, керек болсо милициядагы балдар да менден конгуроо күтүп даяр турушат. Сен катта тоюмду бузба деген экенсиң аларды бирге ээрчитип келе албадым.
Кыз колдорун тартып алды.
-жок түштө мынчалык кеңири маалымат болбошу керек.
Тайлакович эми Айпериде баары жайында эмес экенин аңдап жетти көрүнөт, өзүнө имере далысынан кучактап маңдайынан сүйүп койду.
-сен күчтүүсүн, баары өтөт, мына көрөсүң сен өлкөнү дунгуротчуу макала жазасын, баары өз нугуна түшөт.
"Эмнеге бул мени жаш баладай алдап сүйлөп жатат. Мени акылынан адашты деп ойлоп жаткан жокпу. Чындап эле эгер бул түш болбосо анда эмне? Мен качан, кантип бул койнокту кийип калдым деп баарын башынан эстоого тырышып жатты. Ооба баарын жакшы эле эстеп келет да акыркы Баро менен маектешип жаткандан кийинкисин билбейт, кайра-кайра аракет кылса да болбой жинденип жаткан учурунда, - Четке айда! Каач! деген Тайлоковичтин кыйкырыгы кулак туптон угула берип унаанын башы күтүлбөгөндөй тездикте бурулуп барып тарс эткен катуу үн чыгып оодарылып баратты.


Бул учурда Баро Азаттын артынан кууш коридор менен жүрүп отуруп анын эси ооп жерде сулап жаткан жеринен таап, көтөрүп алып көрүнүп турган жарыкты көздөй бараткан.
Ал кууш коридор илгертен бери бар болгон, болгону анын бар экенин ушул күнгө чейин эч ким байкабай келишкен. Качан гана Баро үйдү оңдоп туздоо үчүн дубалдары кочургондо бүт жылчыктар ачылып, бул жайдын бары ага маалым болгон. Бул кууш коридор үйдүн ичинен ээн талаага алып чыкчу жашыруун жай болгон экен. Жанагы каргышка калган байдын кенже уулу жасаган болсо керек бул жолду деп боолжоп койгон Баро. Себеби анын укканы боюнча бай ал баласын цыган кыз менен жолуктурбоо үчүн дарбазадан сыртка чыгарбай үйдө камап отурчуу экен. Бирок ал уулун сырттан көргөндөрүн айтып келип калышчуу адамдар. Кийин цыган кызды да бир нече жолу уулунун бөлмөсүнөн корушконун кызматкерлери айтып келишкенде ал барып эле ал жерден таппай калган. Демек жигит ушул жолду колдонуп келсе керек сырт менен байланыш үчүн. Бирок ал жалгыз өзү муну бүтүрө алмак эмес кыязы кыз тараптан жардам болсо керек. Кызык ал кантип казды экен ушунча узак жолду, көп адамдын жардамы менен бутургонбу же ал кызда башкача сыйкыр күч бар беле, бул Барого табышмак эле.
Убакыттын тардыгына байланыштуу али оңдоп бүтө элек болгондуктан бул жайга сөзсүз кайрылып келүүнү көздөп, башка үй ээлери билген жашыруун болмолорундой эле мрамордон оюп эшик жасап аны ачык калтырган. Бу жайдын ачылышын эч бир жанга айткан жок эле, баягыда Тагдыр келгенде да улгурбой калган же жөн эле бүтүрүп кийин айтайын десе керек, а Азат болсо дегеле бул там тууралуу уккусу да келбеген. Эми бул жайды өзүнөн башка ким билүүсу мүмкүн экендигине айран таң калып, Азат артынан жүгүрүп кеткен кыз ким экендигин биле албай бушайман жеп чыгып келе жатты. Аларды ал айланада Тагдыр жигиттери менен күтүп турган экен. Алар Баронун айтымы боюнча ушул аралыкка издеп келип калышкан. Эсин билбей жарым жан цыгандын колунда шалактап жаткан уулун көргөн Тагдыр эч кимди, эч нерсени көзгө илбей күчүнүн барынча айкырып жатты. Ал биринчи жолу жашоодон жеңилип калыштан катуу коркуп турган. Азат анын жалгыз үмүтү, бардык жолду ачуучусу эле.
-Кожоюн ал тирүү, деген Баро уулун анын колуна кармата салды.
Азаттын демин текшерип көрүп, мурдунан аба чыгып жатканын сезгенде гана өзүн бир аз колго ала анын өмүрү менен алышып баштады.
Жүрөк тушун эки үч ирет катуу басканда ток ургандай ордунан козголгон Азат,
-ал кана? деди оозун кыбыратып.
-баары жайында уулум, сен өзүңдү колго ал, баары сен каалагандай болот, деп жалбарып жиберди Тагдыр уулуна.
-ата Айпери кана? Анын өмүрү коркунучта, деген боюнча дагы өзүн жоготуп баратты.
-уулууум!
Талаа жаңырта кыйкырган ата баласын көтөрүп келген унаага жүктөп өзү ролго отуруп айдап кетти. Жигиттер артынан жүгүргөн боюнча кала беришкенде Баро анын дарыгери үйдө калганын эстеп болду болбоду үйгө кетти деп кайра келген жолуна түшүп кууш коридор менен артка кайткан. Тагдыр чындап эле үйүнө айдаган экен, Баро менен бирдей эле кирип келип калды.
Тагдыр өтө кыраакы киши, ушундай учурда да анын бул жоругун байкабай койгон жок. Азатты дарыгерге тапшырып, ооздо турган Барого келип,
-сен кандай жол менен кыймылдап жатканыңды билбейм, азыр кызды тап! Анын өмүрүнө сен өз башын менен жооп бересиң. Акжигитти мага жөнөт! деди да кайра уулунун жанына басып кетти.
Баро биринчи жолу кожоюнунан катуу буйрук сөзүн угуп жатканы менен ага капа болууну ойлонгон жок, анткени анын абалын эң жакшы түшүнүп турган. Айпериден алдын Акжигитти издөөгө киришти ал, кызды кайда кетмек эле деген болуш керек . Ал кече башталгандан бери көрүнбөгөнүн эстеп, жүрөгүн кандайдыр бир муздактык, коркунуч сезим аралап өттү. Акжигит жана түштө Азаттарды жеткирип келген боюнча жок болуп жүрүп жана Тагдыр келээр алдында гана пайда болгон, бирок ал короодо гана жүрүп үйгө кирбеген эле. Эгер өзү күмөн санап жаткан, Азаттын оозунан чыккан кызга зыян келтирчүү адам Акжигит болсо өтө коркунучтуу. Баро ага ар дайым этият карай турган, анын тике карап эч нерседен кайтпаган көз карашы бүдөмүк жарата берчуу анын оюна. Ал эми тезинен Айперини издоону баштады, үйдү түгөл кыдырып. Коноктордун бирин экиси аны бир киши менен үйдөн чыкканын көрүшкөндорун айтышып бирок ал кишинин ким экендигине маани бербегендерин алар өтө тез жок болуп кеткендерин кабарлап тим болушту. Ашканага жүгүрүп кирсе ашпозчу аял алда качан ыйлашты баштаган экен.
-Баро, ал келди ээ? Карышкырлар Азатты алып кетишкени келишти ээ? Мен сага айттым, алар кучукту тытканда айттым сага. Сен муну токтотушун керек болчу, жалгыз сен гана муну токтото алмаксын.
-Токтот! Болду токтот ыйынды, Азат тирүү. Кыз кайда? Ал кайда жоголду? деп кесе сүйлөдү Баро.
-ал жоголдубу? деди аял ыйын басып.
Баро аны бир кызыктай карап алып бөлмөдөн чыгып кетти, кыязы мындан азыр пайда жок дедиби. Аялдын денеси муздай түштү андай көз караштан, ал алдын эле Бародон тайсалдап тураар эле, цыган көрөгөч дейби же ал кожоюнун өзүнөн да көп тааныган үчүнбу, айтоор башка Тагдырдын эч бир кызматкеринен мындай сурдобойт. Аларга караганда өзүн кожоюнга жакын сезсе керек, а Баро башкача, ал керек болсо Тагдырдан көз каранды да эмес, жада калса көз карашы да сүрдүү Тагдырга окшоп. Өткөндө Азат эмне деп жатты эле, "анын денесинде сиздикиндей кан айланат" дедиби, ал эмне ушул Барону айтып жаттыбы? Бул ою денесине ток ургандай катуу тийди ордунан ыргып туруп шашкалактап эмнени кармап эмнеден баштаарын билбей алдастап калды.
Баро сыртка чыгып айлананы карап келип токтогон унаалардын арасынан күрөң Ниссан Кашкай улгудогу унаанын жоктугун байкады.
Тагдырга кабарлаганы ичкери кирсе Азат өзүнө келип калган экен. Ал жанагы жарыкта көргөндөрүн сүйлөп жатыптыр.
-мен күткөн эмесмин. Ал Акжигиттин кучагынан бөлүнгөндо да оюм жаман эмес болчу. Көргөнүн айтып арызданып жаткан экен дегем. Экөө бирге турганда барып алардан жардам сурайын деп бара жаткам, жакын калганда үндөрү даана угулуп Айкеранын ый аралаш "баары бүттү, журу кетели, эми бизге эч нерсе тоскоол болбойт. Суранам кетели бул жерлерден, алыстарга. Мага эч нерсе керек эмес, сен баарын балдарына ташта, мага сен гана керексин" деген сөздөрүн кулагым чалып мээм дунгуроп кетти. Акжигит ага көнбөй жатты," али эч нерсе бүтө элек, сен баарын кайтара аласың. Кайдагы селсаякты өзүнө теңеп тайсалдап жатасыңбы, аны жок кылуу менин мойнумда, сен Азаттын көңүл чордонунда бол" деп айтканын угуп, кантип жетип барып аны колдон тартып жөнөгөнумду, жолдо жаакка чаап жибергенимди билбей калдым. Ал араң турган го буту чалыштап жыгылып кеткен, мен ага энкее бергенде башыма оор нерсе келип урунгандай болгон, деп айтып болуп бир нерсени эстегендей чочуп кетти. Айпери кайда?
Анын баянын угуп ооздо турган Баро эмнеге келгенин эстеп жоголгон унаа тууралуу айта салды.
-Коноктор анын бир адам менен кеткенин көрүшүптур. Менимче так ошол унаанын ээси алып кеткен болсо керек. Ал кимге таандык экенин биле албадым.
Ооздо турган жигиттердин бири Тагдырдан сөз чыгышын кутпостон эле телефонун көтөрүп номурду терип баштады. Айтылган унааны сүрөттөп болуп көп болсо эки мүнөт күтүп тургандай болуп керектүү жообун алгандан кийин телефонду өчүрүп Тагдырга карады.
-Андай унаа менен Тайлакович деген адам кирип келген экен.
Тагдыр жакасын силкип ордунан козголгондо ооздо даяр турган жигиттер биринен сала бири оозунуп сыртка жугурушту, Азат да жаткан ордунан обдулуп жыла бергенде атасы бир көз караш менен токтотуп койду. Барого карап,
-Конокторду узатуу сенин мойнунда эми бул сенин үйүн, деди да анын мурусуно колун коюп башын ийкей үйдүн ачкычын анын колуна тапшырып чыгып кетти.
Баро оозун таптап барып бирок Тагдырдын сүрүнөн батынып ооз ача албай калып кетти. Мына азыр ал өзүнүн көп суроосуно жооп алган эле. Кантип бир адам мынча жүктү көтөрүп жүрүүсу мүмкүн экенин, Эмнеге кээ бирлер күчтүү да башкалар алсыз болоорун. Эмнеге жомок каармандарынын башчысы арстан болоорун.
Көрсө ар бир тирүү жан жаратылган багыты боюнча кетиши керек тура, кудум ушул Тагдырга окшоп. Эми гана колуна алган ачкыч менен бирге мунун баарын сезип турат. Айтылбай ичинде калып кеткен сөздөрдү кыймылга келтирүү эми жалгыз анын мойнунда. Азатка - даяр бол! деди да чыгып кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Bazana   18 Февраль 2019 - 01:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Азгооо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Tenirova   18 Февраль 2019 - 01:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 184
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 20 Май 2020 17:17

Ооо ой кутконго жараша кобуроок жазгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   LunaSun   18 Февраль 2019 - 15:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 16:05

Тойбой калдым, бирок рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   ASA79   19 Февраль 2019 - 20:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Канча кундон бери кутуп он мунотто окуп бутурдум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Baichechekey   20 Февраль 2019 - 00:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 30 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Янв 2025 15:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек убактылуу Москвадамын

Куто берип чарчабадым)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Julien1212   20 Февраль 2019 - 09:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2021 15:59

Жазганын аягына чыкса экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Koenek93   20 Февраль 2019 - 10:50

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 06 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Янв 2024 04:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад шаары

Просмотр сообщения Julien1212 (20 Февраль 2019 - 09:29) жазган:

Жазганын аягына чыкса экен.

Бул эже созсуз чыгарат аягына.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   asefsa   20 Февраль 2019 - 11:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Буйруса дейли
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Julien1212   20 Февраль 2019 - 15:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2021 15:59

Просмотр сообщения Koenek93 (20 Февраль 2019 - 10:50) жазган:

Бул эже созсуз чыгарат аягына.

"Өлүктөр ойгонот " чыкпай калган .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Dimedra   20 Февраль 2019 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Улуу урматтуу Тагдыр Акбаровичтин урматтап күткөн кадырлуу коноктору! Сиздер үчүн бул түн кандай өзгөчө болсо биз үчүн да ошондой. Бул жерде өлкөнүн атту баштуу адамдары чогулганы баарыбызга маалым, мына ошол адамдар өздөрүн өлкө ордуна коюп өз тагдырларын сынап көрүү мезгили ушул. Эртеңки таң кимге кандай атаары белгисиз, ал ар бириниздердин колунуздарда. Бул жерде калуу жана бирге болуу сиздер үчүн жакшыраак, бирок ар кимдин өз үйүнүн гана абасы өзүнө тааныш. Айтайын дегеним тандоо сиздерде, кай жерде болууну озунуздор чечесиздер. Бул жай сиздер үчүн кооптуу, бирок артка кайтчуу жол андан да кооптуураак. Бул ынгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз, албетте абал мындай кырдаалда өзгөрөорун алдын ала билбегенбиз. Муну менен жашоо дагы бир жолу өзүнүн устомдугун далилдегиси келсе керек, ким болбогун, кайда болбогун менин кочушумдан кутула албайсың деп жаткан өңдүү. Жашоого таазим этип сабыр кылып турунуздар, түн канча узак болбосун таңдын атышы айкын, деп кыдыра тизилген конокторго карап өттү. Жана эле кызыгуу артып жаңы бурулуш күтүп турган көздөр бир заматта коркунучка толо тушуптур. Ушул жагы да жетишттүү болду окшойт, алардын кетуусун да калуусун да сурана албайт эле, себеби өзү да билбейт таңдын кандай атаарын. Мына деди Баро ичинен, сиздер да күткөндөр катарында болуп корунуздор, а мен сиздер дайым сезген коркунучту, убада берип бирок анын аткарылышынан өзү күмөн саноо кандай болоорун жон терим менен сезип көрөйүн. Так ушул учурда, адамдар укканын али ал кыла элегинде бул жайдан чыгып кетүү керек, кичине кечиксе туболук ушул жайда калып кетуусу мүмкүн, коноктордун суроолоруна жооп таба албай.
Чыгып баратып ашканага баш бакса башкы ашпозчу ордунда жок экен, ал жердегилер анын алда качан кайдадыр чыгып кеткенин айтышты. Кайрылып баратып кечени көзөмөлдөп жаткандарга, конокторду жогорку деңгээлде тейлөөнү улантууларын, эгер кимде ким кайта турган болсо жолун тоспоолорун дайындап чыгып кетти. Чыга бериште Азат дайын болуп күтүп турган экен, айбанчадагы ар бир оюлуп жасалгаланган мраморду сыйпалап жаңы гана көрүп жаткандай. Анын колу тийген мрамор жылып барып дагы бир узун коридор ачыла түштү. Кызыгып аяк таштап ичкери кирип баратканда,
-токто! деди артынан жетип келген Баро.
Аны мурудон алып четке жылдыра салып өзү катуу басып ичкери кирди. Азат картайып бараткан бул адамда мындай зор күч бар деп күмөн санабаган экен анын турткусуно араң туруштук берип туруп калды жыгылып кете жаздап. Баро түз эле барып коридордун эң акырында жайгашкан күзгүну көтөрө салып бүт дүйнөсүн жоготкондой башын мыкчып дубалды бир муштап алып, шаша артка бурулду.
Кайтып келип,
-Кеттик, деди да сыртта үйдүн бурчунда турган өзүнүн мотоциклин өйдө кылып от алдырып кирди. Азат эч нерсе сурабастан баарын түшүнүп дароо арканкы орунга жайгашып Барого өбөктөй отуруп экөө жолго чыгып кетишти. Өтө катуу ылдамдыкта бараткандыктан Азаттын башы айланып колдору Баронун белин кыса кармап, ага жармаша берген.
Жан кандай таттуу ээ, түнүн кургур карангы болуп жарыкты көрөрүн күмөн болуп турса да жашагын келет. Азат муну азыр гана сезди. Бирок бул алдыда ролду башкарып бараткан дайым ачык сүйлөп сырдуу күлгөн киши керемет жашоодо калуу калбастыгын ойлобой, тагдырын сынап катуу ылдамдыкта бара жатканына түшүнбөйт. Буга эмне керек же биздин жашоо үчүн ушунча күйүп жатабы? Жанагы жайдан эмнени издеди? Ал эмне болгон жай эле? деген түркүн ойлор кучагына кирип кетти, бара жаткан негизги максатын да унутуп коюп. Анан кантсин ал жайга жетээр жетпеси али күмөн, а Баро учурда анын өмүрүн көзөмөлдөп бараткан жалгыз адам, азыр баары анын эмне ойлогонунан жана жасаган кыймылынан көз каранды.
-Баары жайында Азат. Азыр биз эң маанилүү учурдабыз, баары сенин чечиминден көз каранды. Болгону биз жетишип баруубуз керек, деди Баро үнүн катуу чыгарып, жүрүп жаткан шамалдан угулбай калбасын дегендей. Ал белин кыса кармаган колдордун калтырап жатканын кийимдин сыртынан сезип келе жаткан. Бул колдордун калтыраганы жигиттин коркунучу канчалык күчтүү экенин билдирип турат, анын эмнеден коркуп жатканы мааниге ээ эмес, өмүрдөнбу же алдыдагы табышмактын жандырмагын көрүүдөнбу.
Баронун шашылганы да ошондон, Азаттын коркунучун жоюу үчүн.


Тагдыр башкарган эки унаа толгон жигиттер жолдон алыс чыгып тоонун түбүндө оодарылып жаткан унааны көрүп токтоп калышты. Жанына жакын келишкенде ал унаа өздөрү издеп жаткан Ниссан Кашкай экенин көрүшүп, терезеден шыкалап ичиндеги адамдарды издеп таппай калышты. Болушу мүмкүн эмес, оодарылып жаткан унаанын ичинде эч ким жок болуп чыкты. Жигиттер көздөрү менен айлананы антарып, Тагдырдан буйрук күтүп туруп калышты издөөгө даярданып. Тагдыр болсо өзү ары бери басып айлананы кыдырды да таппаганда унаага карай жөнөдү, себеби ал жакшы түшүнүп турган унаадан чыгып улгургон адам бул аралыкта кармалмак эмес. Маселе бул кимдин акылы менен болуп жатканын түшүнүү эле. Акылында талдап бара жатты, "Тайлакович жасашы мүмкүнбу? Эмне себептен? Жоок, ал жүзүн жашырбай эле кызды алып чыгып кеткенине караганда баарына даяр эле, бул жолго баруусуна себеп жок, кантип эле унааны оодарып өз жолун өзү узартмак. Айпериби? Ал акылдуу кыз, баары анын колунан келүүсү мүмкүн дейин, бирок себеп? Болгондо да Тайлаковичтин жөнөткөн адамы болсо башчысынын сөзүнөн чыкмак беле. Тайлаковичтин тиешеси жок болсо демек ал кыздын да тиешеси жок. Алардын көздөгөнү эмне? Же аларды да башкалар жалдаганбы, менин артымдан андууга кимдин кудурети жетмек? Акжигитпи? Кызды таап келген да ошол эмес беле? Жоок Азаттын айткандары ырас болсо бул кумондор коошпой жатат. Айперини ал таап келген болсо жок кылууну коздобойт эле, анын ким экендигин ал да билбесе керек. А балким... " оюнун ушул жерине келгенде,
-Токто! деди айдоочу жигитке.
-Артка айда, айылдын четиндеги токойго!
Буйрукту алаары менен курулдогон жол тандабастын башы бурулуп келген жолу менен зуулдаган боюнча артка жөнөдү.



Баро жыйырма мүнөт өтүп өтпөй өзү көздөгөн жайда болду. Мына кызык, токойдун так ортосунда алоолонгон от асманга көтөрүлүп турат, кудум ага чоң энелери качанкы болуп өткөн уламышта сүрөттөп бергендегидей.
Ал токтоп алдыга карай кадам койгончо,
-Сен кечиктин! деди ай ааламга карап кыйкыра.
Анын артынан эриш аркак келе жаткан Азат анын кимге кайрылып жатканын түшүнүүгө чамасы келбесе да аны кайталап коё берди.
-Сен кечиктин!
Тегерек болуп күйүп жаткан отко жакын келип аны тегерене бир демелерди сүйлөнүп басып жүргөн Барого бир карап, оттун ортосунда жаткан төрт караанга бир карап турган Азат бир убакта эле жүгүрүп алоолонгон оттун ичине кирип кетти. Ал жерде сулап жаткан караандардын арасынан Айперинин отко чагылышып жаркылдап жаткан жылтырак көйнөгүн көрүп калган эле. Баро анын атын айтып токтотууга жетишпей калды. Карап турууга убакыт жок болгондуктан эки тарабын алмак салмак карап алып ал да отту аралай жүгүрүп кетти.
Азат жүзү канга боелуп жерде жаткандардын арасынан Айперини таап оозуна уйлоп, тарткылап жатып, өзү да жаңы эсине келип араң турган жаны бир убакта басандап бара жаткан оттун түтүндүнүн жытына ууланып алардын катарына сулай берди.
Баро баарын бирдей куткарып чыга албасын түшүнүп тандоону кайсы тарапка оодараарын билбей карбаластап калды. Анда бир эле мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн, экинчи ирет алар бул отко кирүүгө мүмкүнчүлүк беришпесин жакшы түшүнүп турган. Аңгыча алоолонгон жалындын артынан тааныш үн жаңыра берди.
-Мен билгем ушундай болоорун. Тандоону кайсы тарапка оодарарынды билбей турасыңбы? Кана азыр да өзүңдүн ишенимдүү адам экенинди далилдейсинби же жашоодогу жалгыз сүйүүндү куткарып чыгасынбы.
Баро үндү угуп токтоп калды, азыр кимди тандаса да кечикти, алар мунун оттон чыгышына жол бербейт экендерин жакшы түшүнүп турган.
-Мен да жанылбаптырмын. Бирок сага мындан пайда жок, кожоюн баары бир сендик болбойт, деди убакытты созуп айлананы байкаганча. Эжеси го мында иниси кайда жүрөт деп жалындан сыртты шыкаалап Акжигитти издеп жатты.
-жанылышасын, мени өзүнө салыштырба. Мен эч качан сендей болуп өз сүйүүмдөн баш тартпайм.
Баро катуу кыйкырып
-маселе сенин сүйүүндө эмес, сени сүйүүдө. Сен сөз кылып жаткан инсан ким экенин эсинден чыгардынбы. Ал деген эч качан жүрөгү кир адамды сүйө албайт, анын заты андайга жол бербейт. Кожоюндун көзүндө сен өмүр бою үй кызматкери гана болуп кала бересиң, муну өзгөртүүгө кудуретин жетпейт,
деп күлүп жатканда арка тараптан,
-өкүнүчтүүсу муну текшерип көрүүгө сенин мүмкүнчүлүгүн жок, деген Акжигиттин доошу угулду. Ал колуна тапанча кармап турган экен. Мына бул көрүнүштү акырына чейин түшүнбөгөнуно өкүнүп турду Баро.
Ал ашпозчу аялды акыркы көрүштө гана сезип калган, алдын эч байкап карабаган экен. Качан аял ыйдан сооронуп өзүнө карай салганда Баро өзү издеп жаткан Акжигитке таандык көз карашты көрө алган андан. Кийин Азаттын айткандарын укканда гана түшүнүп жатпайбы, жашыруун жайды ким тапканын. Өзү го мейли аларды аз коргондуктон байкабаган чыгаар, Тагдырчы, ал кантип бул бир туугандык окшоштукту байкабады, кантип ал адамдарды териштирип суруштурбой жанына жакын кармады. Кантип жанынын жартысын ишенип ушул колдорго тапшырды? деп жерде сулап жаткан колу байлануу Жанылга карап койду.
-Ооба акыркы ирет суйгонуно тоюп карап ал! Мындан алдын да тое карай албагансын. Кожоюндун артынан анын жубайына уурдана караган көздөрүнду мени байкабай калган дейсинби. Бул желмогуздун жанын куткаруу үчүн кайдагы болбогон уламышка шылтооп, аны өлтүрүп койбостугу үчүн өз суйундон кечип, жылдар бою Тагдырдын жүрөгүнө сыйкырлап сүйүү салып келгенинди билбейт дейсинби. Эми өзүңдүн ойлоп тапкан амалына өзүн жем болдун. Сенин келишинди күтүп жаткам, сени келтирүү үчүн муну ушул жайга алып келбедимби. Бул желмогузду куткаруу үчүн акыркы канын калганча күрөшүп болсо да келмексин. Баарыңар бирдей күйүп өлгуло, силерди мен эмес өзүн айткан карышкырлар башчысы жок кылды деп билишет баары.
Аялдын ачуу үнүнөн анын өзүнө ишенбестик жана коркунуч байкалып турду Барого.
-коркуп жатасың ээ, өзүңдүн айткандарын жалган болуп чыгышынан коркуп жатасың. Туура кыласың, анткени мен сен ойлогондой сыйкырчы эмесмин. Тагдырдын сүйүүсү чын эле, ал Жанылды сүйгөндөй ага карагандай эч кимге карабайт. Эгер билсен биз Тагдыр экөөбүз бир канданбыз, бизге сыйкыр да өтпөйт, антпесе Азатты кызыл көйнөкчондүн артынан ээрчитип силердин колунарга салып бербей Айперинин жанында катырып коймокмун. Көрдүңбу Кожоюндун көрөгочтугун, ал көрбөй туруп түшүнгөн кызыл көйнөкчондүн кимдигин, а бул жерде жаткан кыздын селсаяк экенине карабай таза дүйнөсүн көрө алган. Сен катуу адаштын, маселе сенин карапайым адам экенинде эмес эле, маселе сенин ички дүйнөндө болчу, ал баарын сезип жашаган, силердин таза адам эместигинерди билип, булганыч адамдарга булганыч гана буйрук берген. Ал деген таза кандын тукуму. Мен анын ата бабасын эми түшүндүм, таза кандын айырмасын билдим, мен аларды кечирдим! деп акыркы сөздөрүн асманга карап кыйкырып айтты.
Анын бул үнү кулак жаргыдай катуу чыккандыктан жерде сулап жаткандар да ордуларынан козголуп онтоп алышты.
Кулагы тунган Айперинин көздөрү умачтай ачылып, айланасын карап турууга аракет кылып көрдү эле такыр башын көтөрө албай койду. Жанакы унаада болгон кокустуктан оор жаракат алып калса керек. Колун тартайын деп жанында жаткан Азатты көрдү, ал Айперинин колун бекем кысып кармап алган экен. Аны уктап жатат дегенсип ойготуп албоонун аракетинде кайра кыймылдабай жатып калды. Анан эле көздөрү кайра жумулуп, кызыктай бир дүйнөгө кирип кетип жатты. Көз алдында кичине кыз ыйлап отурат чоң эски бирок таза имараттын алдында. Чоң эле аял келип аны жон талаштыра бир муштап колунан катуу силкип кайдадыр алып жөнөдү. Арыдан,
- токто! Эмне урасын аны. Өзүнүн да бактысы жарты болгону жетиштүү, деп бир мээримдүү аял жетип келип тиги аялдын колунан бошотуп алды кызды.
Заарын чачкан аял аларга акырая карап,
-сен эле куйгуздун ушул жетимдерге болушуп, өз ата энесинин жашоосун жыргатпаган башканы жыргатмак беле булар. Ме ал, кааласан биротоло алып ал, көрөм сени жыргатканын, деп басып кетти. Мээримдүү аял ага жооп бербестен кызды бооруна кысып кала берди.
Кызыгы мунун баарын, урулган мушту, аялдын мээримин баарын өз жан дүйнөсү денеси менен сезип жатты Айпери. Ал мээрим азыр да өзүнө тааныш, жандап жүрөт кудум апасынын мээримине окшош. Жоок, бул жөн эле окшош эмес ал мээримдин өзү, жумшак колдору да апасына таандык. Ошондо эмне ал кичине кыз өзү беле?
Ооба ал кичине кыз азыркы тайманбас өжөр кабарчы Айпери болчу. Баро анын көздөрүнөн көөдөнүндө катылып эскирип калган бул сырды көрүп, Айперини үйдө калтырган, Тагдыр издеген Азатка ылайыктуу келин экенине ынанып. Бирок муну керек болсо Тагдырдан да жашырып койгон, себеби ал баарын укса, кыздын жалганын билсе кандай жол тутаарын билбейт эле. Тезинен оюн өзгөртүп Айперинин ордун башка жашыруун бөлмөлөрдо даярдалып жаткан селсаяктар арасынан табылган кыздардын бири менен алмаштырып коюсу мүмкүн эле, ал ага эч кандай кыйынчылык жаратмак эмес. Баронун жардамы менен баарын оңой бүтүрсө болмок. Баро андай болуусун каалаган жок, качан Айперинин жетимдер үйүнөн чыккан жашоосун билгенде, анын адамдык сапаты да алар издеген адамга төп келип жатканын көрүп, аны жактырып, баары тескери жолго бурулуп кетпеши үчүн жеңил гипнозго салып койгон эле. Ал бир гана Баронун буйругун аткарып анын көз карашы менен кыймылдай турган болуп калган. Балким ал азыр да таркай электир анын үнүнөн көзүн ачканына караганда.
Башы айланып эки жашоонун арасында өзүн таба албай араң жан жаткан Айпери кайсы бири чынында болуп жаткан окуя экенин айырмалап билиш үчүн дагы көздөрүн ачып, бирок кыймылга келе албай койду. Жок дегенде айланада болуп жаткан окуяга күбө болуу үчүн бар мүмкүнчүлүкту толук пайдаланып угуп жаткан кулактарын жана көрүп жаткан көздөрүн толук ишке киргизип тыншап жатты.

-Бас! Үнүңдү өчүр!
Бул үн алысыраактан чыккандай, тааныш үн, эркек адамга таандык. Үн чыккан тарапты караса оттун сыртында гана бир караан турат, ким экендигин көрө албады.
Анан эле тарс эткен тапанчанын атылган үнү токойго жаңыра берди...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Dimedra   20 Февраль 2019 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Просмотр сообщения Julien1212 (20 Февраль 2019 - 15:02) жазган:

"Өлүктөр ойгонот " чыкпай калган .

Ал чыгарманы бул жерге чыгарам деп сөз берген эмесмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Февраль 2019 - 15:56

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 29 Июл 2025 22:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

.

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 20 Февраль 2019 - 16:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   20 Февраль 2019 - 20:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Dimedra (20 Февраль 2019 - 15:37) жазган:

Ал чыгарманы бул жерге чыгарам деп сөз берген эмесмин.

Чыгарсаныз сонун болмок. Окурмандар копчулук суранса макул болосузбу,айым?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Bazana   21 Февраль 2019 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Ото сонун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Dimedra   22 Февраль 2019 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Чыккан үндүн Акжигитке тиешелүү экенин тааный алганы менен айланада эмне болуп жатканын билүүгө чамасы жетпей жатты Айперинин. Бул тапанчанын атылганына окшоду, кимди ким олтуруп жатты болду экен. Ар кылган аракети текке кетип андан бетер алын жоготуп көздөрү өзүнө ээ бербей жумулуп баратат. Денеси кол шал болуп тердеп күйүп бараткандай, аба коюланып түтүн жыттанат, абадан кере жутуп терен дем алууга жарабай какап кетти. Анын жотолун уккан Баро артына карай салып ага энкейе оозуна үйлөп, денесин оодара коюп бетине бир нерсени жаба салды.
-көзүңдү жумба, карман! бар күчүн менен карман! Ушундай буйрук бере сүйлөп кайра эле ордунан тура калып асманга карай бир демелерди сүйлөп кыйкырып жатты.
Өпкөсүнө кирген таза абадан бир аз жакшыра түшкөн кыз бетине жабылган нерсени алып салгысы келип ошондон ысып жаткандай жан талашып бирок колун көтөрө албай кыйналып жатты. Эмне болду эле өзү, Баро эмне кылганы жатат? Ал кантип мени бул жайга алып келди? деп ойлоно баштады. Мына ал тепкичте турганда Азат жанына келип колунан кармап жатып эле чуркап кеткен. Кийин эмне болду эле? Аа, өзү да анын артынан жүгүрүп чыгып баратып табышмактуу бөлмөгө кирип калган эмес беле. Анан кантип бул жайга келип калды? Элес булас эстеп жатып Тайлаковичтин жүзүн эстеди, алар унаада бараткан, анан унаа башкаруусун жоготуп кокустукка учураган. Алар эки жолу оодарылып барып төбөсү менен катуу урунуп токтогон. Булардын баарын билет. - Айпери! деген Тайлаковичтин кыйкырыгын да укпады беле, анда аны унаадан судуроп башка унаага салып жаткан учур экен. Ошондо бир өзүнө келе түшүп кайра башына тийген оор соккудан кийинкисин билбейт. Мен түш көрүп жатпадым беле, деди ал, түшүм ушундай уланып жатса керек.
Аңгыча эле кыйкырыктар көбөйө баштады.
-Акжигит! Токтот!
Бул өктөм чыккан үн Тагдырдыкына окшойт.
Аңгыча эле колу силкинип көтөрүлүп барып жерге катуу тийди. Бошонгон колун араң жылдырып жүзүнө жабылган нерсенин учунан тартып жылдыра баштады. Жүзү ачылары менен оозун ачып кере дем алам деп дагы какап кетти. Баро аны атайын түтүндү жутуп албасын деп жүзүн жаап койгонун кайдан билсин. Ал азыр Айперинин жотолуп жатканын уга турган абалда эмес эле, өзүнө гана тааныш болгон сөздөр менен бир демелерди сүйлөп кыйкырып жаткан.
Дем жетишпей жатса да көздөрүн ачып акыркы күчүн жумшап айланасына көз чаптырып жатты Айпери. Айланасынын баары тегеректелип алоолонгон от жанып турат. Бет маңдайында төрт аяк бут, бул эки адам болсо керек бири тик туруп басып жүрөт, экинчиси бутун жерден көтөрбөй судуролот, аны биринчиси судуроп жүргөнү анык. Дем алуусу начарлап баратканда колун араң көтөрүп азыр эле тартып салган Баронун курмосун кайра жүзүнө жабып баштады, бул жашоого болгон күрөш болсо керек, адамдан акыл качканда акылдын асты иштөөнү баштайт эмеспи.
Бул тик туруп басып жүргөндөр ким болду экен? деп дагы ойлонууну баштады.

Бул тик туруп басып жүргөн Акжигит эле. Бул учурда Тагдыр жигиттери менен жетип келип калган. Жанагы тапанчаны да анын жигиттери аткан. Бирок ал атылган ок жаза кетип Акжигит алоолонгон оттун ортосуна кире качып, жерде жаткан Азатты барымтага алып жаткан учуру. Айперинин колу силкинип жерге урунганы да Азатты ордунан козгоп судуроп жоногондо ал кармап жаткан колу бошонуп жерге түшкөндогусу эле.
-Акжигит эсине кел. Сенин өмүрүн менин гана колумда экенин унутпа, ашыкча кадам жасап өз өлүмүнө кол коюп алба! деди Тагдыр жалындын сыртынан.
Акжигит жиндилерче каткырып жатты.
-Азыр баары менин колумда. Сенин өмүрүн да уулундун өмүрү да. Эгер уулунду тирүү калсын десең сен мында кир, жигиттерин менен бирге! Танда өзүңдүн өмүрүн же уулундун!
Бир аз тынчтыктан кийин, катуу жүгүрүп Тагдыр тегеректин ичине кирип келди.
-кирдим мына, алып чык. Азатты куткар, сага эч ким тийишпейт, сөз берем.
-мага сенин сөзүңдүн кереги жок, баары мында кирсин, бирден, деди тапанчаны Азаттын башына такаган боюнча. Жигиттер Тагдырдын буйругу менен бирден секирип оттун ичине кирип жатты. Акжигит баарын эсептеп болгондон кийин Азатты сүйрөп оттон чыгып кетти.
Тагдыр койногун чечип оозу мурдун тосуп, жерде жаткандарды карап жатып арасынан Жанылды көрө коюп анын жүзүнө үңүло оозуна үйлөп дем алдырууга аракет кылып кирди.
Сырттан болсо Акжигиттин,
-ташта, чач бензинди! деген ачуу кыйкырыгы угулуп жатты.
-эмне кылып жатасың Акжигит. Атасын алып чык, сага мунун эмне кереги бар.
-болду эже өзүңдү алдаба, ал сени эч качан суйбойт. Ал эч качан сендик болбойт.
-Жоок! Ал жашашы керек, Акжигит ал жашашы керек. Сен түшүнбөйсүн, мен ансыз жашай албайм.
Бул да Айпериге тааныш үн, ал өзүн бул жердеги үйдө тосуп алып көп сөздөрдү сүйлөп тамактандырган ашпозчу аялга таандык. Ал азыр чын дили менен сүйлөп жалбарып жатат.
-Түшүнөм эже, деди Акжигит. Эң жакшы түшүнөм, бул кучуктун да мага кереги жок, болгону мен сезгенди сезсин. Менин жашоомдун маңызын өз колдору менен өлтүрүп койду. Мен да мунун бүт жашоосун азыр көз алдында сапырып жок кылам. А сен жашайсың, мен кандай жашап жатсам сен да ошондой жашайсың. Тигини куткарба, ал тирүү калса сага сүйүү эмес жашоо бербейт, чач бензинди!
Ал да азыр бар кебин чын көңүлдөн сүйлөп турган. Акжигит үчүн азыр жашоо өмүр деле кызыксыз эле, анын денесин өч алуу кек деген нерсе ээлеп алган. Кантип болсо да жүрөгүндө жанып жаткан отту өчүрүшү керек. Бүгүн ал сүйүктүүсүн жоготуп отурат, аны да качан жоготуп алганда сезип жатпайбы чын суйоорун.
Алар Айкера экөө кеч жолугушкан, ал убакта Акжигит үй булоолу болуп калган. Атагы чыгып калса да акылын жоготпой өзүн колго алып бир сында жүргөн жактоочу ар кимдин эле көңүлүн өзүнө бура ала турган, айрыкча өзүнө ишенбеген жаңы чыгып келе жаткан атактуулар катарындагы кыздардын. Аларга ушундай бир атактуу адам керек да атын дагы бир дунгуротуп алганга, байкуштар кайдан билсин Акжигит алар ойлогондой көп акчалуу эмес эле өзү да бир акчалуу байдын кучугу экенин. Ошондуктан ал артынан ээрчип сүйүүсүн арнаган кыздарга көңүл да бурбайт, бирок катуу айтып көңүлдөрүн да калтырбайт. Ошондой күндөрдүн биринде бир кечени майрамдап эс алуучу жайда достору менен отуруп калышат. Айкера ал жайда ырдай турган, андан башка да бир кыз бар эле алмашып ырдап жаткан. Акжигиттер кыздарды коноктоп столго чакырып калышканда бириси келип экинчиси баш тартып келбей коёт. Ал Айкера эле. Акжигиттин көңүлү дароо ага бөлүнгөн, "бул кандай кыз жалаң атактуу адамдар чакырып жатса да кызыкпаган" деп. Артынан ээрчип келип ал менен таанышып баштаганда кыз өзүнүн жоругу менен Акжигитти андан бетер өзүнө тарткан. Мени тааныбайт го деп ойлогон эле көрсө Айкера Акжигитти тааныйт экен. Анда эмнеге башкаларчылап мойнуна асылбайт, өзү алдына келип турса да суз гана сүйлөп. Ошол убактан баштап эркектик инстинг ойгонуп анчылар ууга чыккандай ал кызга аңга чыгып, кыздын жүрөгүн толук багындырып алгандан кийин кеңири дем алып басып калган, өзүнүн али да эркек экенине ынанагандагысы болсо керек. Алар ошондой калк эмеспи, чуркаган жемине жеткенден кийин кызыгы тарай түшкөн, эми эле жанын аябай тоо ташты аралап бул жемди кармоо үчүн аңга чыкканын унута салып. Кийин билип жатпайбы Айкера да аны биринчи көргөн күндөн тарта сүйүп жүргөнүн, болгону ал сезимин жашыра билгендерден экен.
Ал күндөрдө Азат окууну бүтүп келип калган Кошмо Штаттан. Ал канчалык Акбаров болгусу келсе да атасына окшоп катуу эмес жумшак мүнөз адамдарды ылгай билбеген, али да жаштыгы тарай элек жигит боюнча экенин көрүп Акжигиттин айлакерлик инстинги ишке түшкөн. Ал качандан бери үмүт кылып күтүп жүргөн ою ишке ашпай жатканына кыжынып жүргөн учуру эле. Бир тууган эжеси алардын үйүндө ашпозчу болуп иштеп жүргөнүнө көп болуп Тагдырдын эң жакын адамына айланса да абалы эч озгорбой алар ойлогон пландар ишке ашпай келе жатат. Тагдыр алар күткөн кадамга барып ашпозчусунун колун сурабады. Байкуш эжеси аны менен бирге болуу үчүн өзүнүн жашоосун толук алмаштырган, ата эне бир тууган дегенден алыстап такыр башка адамга айланган. Ал Баро айткандан мурун эле каргыш тарыхын угуп калганы бар, ошондуктан бир байкушка айланып булардын үйүнө келген, ал убактагы үйдүн кожоюну Акбардан үмүт кылып, баласы Тагдырга алып берет деп. Бирок ал күткөндөй болбоду, Тагдырдын атасында каргышты жандырайын деген ой да жок болчу, болгону ата салтын улап канды таза сактоо аракетинде болгон. Бара-бара ал Тагдырга байланып аны сүйүп калган. Бирок Тагдыр да ага андай жооп бере албады, атасын жоготкондон кийин эле жубайын жоготту. Кийин тунт тартып баратканда канча анын көңүлүн ачууга аракет жасабасын майнап чыкпай жүрүп Жанылды тапкандан кийин гана өзгөргөн. Анын боюнда бар экенин билип Баронун бул тууралуу кыжаалат болгонун көрүп аябай кубанганы бар, эми ал өлөт деп. Баронун айткандарын жөн гана кулак сыртынан кетирип кайдагы бир жомок деп жүргөнү менен ал каргышка шылтооп Жанылды жок кыламын деп жүргөндө ал күтпөгөндөй окуя болуп кетти. Жаңыл кызын олтуруп алганда каргыштын ойдон токулбаганын ойлоп бирок ачыгын биле албай келген, кожоюнунан суроого даабай. Кийин Тагдыр Жанылды толук анын колуна тапшырып койгондон кийин эч нерсе кыла албай калган, ага бир нерсе болсо керт башы менен жооп берээрин билет эле.
Ал кээде кожоюнунун уруксаты менен өзү сатып берген үйгө барып эс алып турчу, андай учурду иниси Акжигит колдон чыгарбай жетип келип, болгон маалыматты жыйып толгон токой акылдарды үйрөтүп кете турган. Жанылдын окуясынан кийин эле эжеси өзгөрүп баштаганын байкап, "эже эмне болдун? Тагдырга кандай адам жагаарын эң жакшы билесиң, аны үйрөтүп мени ага жолуктурган өзүн эмес белең, эсине кел. Сен ал аялдан кутул, болбогон бир жомокко ишенбе, ал болгону акылдан азган. Сен андан эбин таап кутулбасан Тагдыр эч качан көңүлүн сага бурбайт" деп эсине келтире албай жүргөн учурда тигинтип Азат келип калып жатпайбы. Көктөн издегени жерден табылып. Эжеси болбосо да өзү көздөгөн максатына жетүүнү ойлоп, аял болуп сезимге алдырып жатат мен эркекмин сезимге алдырбайм деп Айкераны Азатка жөнөткөн эле. Анын амалкойлугу, сулуулугу бүт топ келип турган. Өзүн ишендирип артынан жүгүртө алган кыз Азатты жөн эле суйдуро аларына толук ишенген. Айкера болсо аялдык кылып анын ширин сөздөрүнө алданып, келечектеги куру кыялдарга жетеленип сүйүктүүсүнүн айтканына көнүп Азаттын башын айлатууну колго алган. Айтканындай эле баары ал ойлогондой болуп жатканда ортодон кайдагы селсаяк окуясы чыгып, кайдагы жок жомок дагы башталды. Убакытты аңдып жүрүп эжесине жолугуп уламыш тууралуу Азатка айтуусуна кондургон. Эгер Тагдырдан түз сурай албаса Азат аркылуу ачыктап алышат. Тагдыр маалыматтын Азатка жеткендигин угуп да ундобой койгонунда Акжигит ишенген, Тагдыр эжесине катуу айтып ал жомокту төгүнгө чыгарбаса демек чындыгы барга окшойт дегени менен баары бир ал көздөгөн байлыгынан баш тарта албай койгон. Ананчы Азат анын колунда ойноп маарага жакын калганда баарын коё берип жибермек беле. Ал ойлонуп акылын жыя электе, кече күнү эжеси Жети өгүздо хан сарайда даярдык болуп жатканын, эртең Азатка арналган кече болоорун кабарлап калды. Акжигит эжесине катуу дайындап үйдүн ар бир тешигине чейин изилдеп чыгуусун буйруп, Айкераны алдын ала ал жакка жөнөтүп даярданып баштаган. Өзү шаарда калып баарына даяр болуусу керек эле, ал ушунча жыл Тагдырды изилдеп жүрүп анын алдыдагы кадамдарын эсептеп болбосуна көзү жеткен. Ошондуктан Акжигит баарына даяр эле, ал эртең Азаттын үйлөнүү тою деп укса да таң калбай турган болгон, мунун баарын Тагдыр уюштуруп жаткан соң. Эгер чындап эле андай боло турган болсо Азатты бул жерде кармаш керек, аны уурдап кетүүгө чейин план түзгөн. Бирок тилекке каршы анын ою дагы бир жолу ордунан чыкпай калды. Тагдыр ага жаңы буйрук даярдап турган экен, болгондо да анын колу бутун жипсиз байлап Азатты так өзүнө тапшырып берди. Алды артында кайтаруу турганда эч нерсе кыла алмак эмес. Бирөөгө тузак коём деп жатып өзү тузакка түшүп, тартып алам деген жемин көзүнүн карегиндей сактап жеткирип келгенге аргасыз болгон. Аны көз көрүнө кишендеп жаткан Тагдырдын амалына тан берип колун көтөрүп турган учурда эжесинен бул жашыруун жай тууралуу угуп калып жатпайбы. Эжеси Жанылды дагы башка мында алынып келген кыздарды көзөмөлдөп жатканы үчүн бардык бөлмөнүн ачкычы бар болчу. Жашыруун жайдын эшигин ачып экинчи учун көргөндө кайрадан жандана түшкөн. Мына так ушул жол менен Айкераны киргизип, ушул жайдан Азатты алып чыгып кетет. Акыркы күлгөн адам катуу күлөт деген сөздү эстеп өзүнчө бир жылмайып алып ал оюн ишке ашырып баштаган. Айкерага баарын үйрөтүп, Азатты кууш жол менен сыртка алып чыгуусун дайындап өзү ал жолдун экинчи оозунда калган. Айкера кириши кирип барганы менен Азаттын жанынан жарым карыш жылбай жандап жүргөн Тагдырдан тайсалдап жанына бара албай турган. Аңгыча эле жогорудан кыргызга окшобогон бир киши той көйнөкчон ажарлуу кызды жетелеп түшүп келип тепкичтин ортосуна жеткенде кызды жалгыз калтырып өзү ылдый түшүп Тагдырларын катарына тураар замат Азат жогору көтөрүлүп барып кызды колдон алып туруп калды. Андан аркысын карап турбай эле баары бүттү кечиктим деп артка бурулуп токтобой жүгүрүп Акжигитке келген. "Биз кечиктик, алар бирге турат" деп ыйлаганда аны сооротуп бул болгону таанышуу кечеси экенин али баары бутпогонун айтып аны кайтып барууга кондуруп турганда Азат келип калып акыркы окуялар болуп кетти. Алар бири бирин сооротуп жатып аны байкабай калышкан экен. Азат жетип келип Айкераны жетелеп жөнөгөндо Акжигит эсин жыйып акылын иштеткенче болбой бир аз басып Айкерасы жерге кулап жатып калды. Жетип барып анын башынан аккан канды көргөндө ачуусу, коркунучу баары биригип мээсине тээп эмне кыларын билбей жер таяна бергенде колуна жоон жыгач уруна түшкөн, карап турбай бар күчүн жумшап жыгач менен Азатты баштан ары чаап жиберип Айкераны колуна алса ал шылкылдап калган экен. Ошондо Акжигиттин денесин толук коркунуч ээлеп алды, колунда жарым жан жаткан алсыз жанды жоготуу коркунучу. Ал биринчи жолу эмне кылаарын билбей акылын жоготуп койду. Көрсө ал аял заты болгон эжесинен да алсыз экен, Айкерасыз жашоосун элестете албай калган тура, болгону ал дайым жанында болуп айтканынан чыкпаса эле кайда бармак деген ойдо бир да жолу жоготуп алам деп ойлонбоптур. - Айкера олбо! - Айкера мени таштаба! деп кыйкырып колуна так которуп унаага салып чоң жолго чыгып ооруканага жөнөй бергенде кыз кыркырап барып көзү антарылып денесин таштап жиберди, ошону менен түбөлүк кулум болду деп жүргөн инсанынан бир заматта айрылып кала берди. Жүрөгү тилке тилке тилинип кеткендей болду анын.
- Айкерааа! деп аба жаңырта бир кыйкырып алып кубарган жүзүнөн сылап ыйлай берди. Өпкө опкосуно батпай шолоктоп ыйлап жатып бир убакта гана эсин жыйып артка Азатка жоногондо телефонго конгуроо келип көтөрсө эжеси экен. Ал үйдөгү абалды сүрөттөп, Азатты алып келишкенин Айперини кимдир бирөө алып кеткенин кабарлап калды. Демек Азатка кечикти бирок баары бир өчүн алат, аны да атасын да өзүнүкүндөй абалга салат, ушинтип кекенип алып эжесине буйрук бере,
-Жаңылды алып чык өзүн билген жолдон, жана мени күт, деп телефонду өчүрдү.
Эжеси сүйлөгөнгө улгурбой калды бирок инисинин үнүнөн чоң балээге учураганын сезип анын айтканын аткаруу керек деди өзүнө, антпесе ал так ушул жерге кирип келүүсү мүмкүн.
Акжигит телефонду өчүрөор замат талаа аралай айдап өтүп шаарга кетчүү жолдун башына чыга берип токтоду. Ал мындан өткөн унааларды ылгабай ар бирин текшерип көрүүнү көздөгөн. Мындай кеч күүгүм талаш бул жерден көп деле унаа отмок эмес. Бир унааны өткөргөндон кийин экинчи унаа анын жарыкты жандырып сигнал чалганына карабай буйтап өтүп кетти. Азыр бүт ааламды душман эсептеп жаткан Акжигитке бул табылбай эле турган, артынан кууп барып алдыга өтүп жолун кысканда катуу келе жаткан унаа чукул бурула албай оодарылып кетти. Качан эки жолу оодарылып барып төбөсү жерге карап жатып калганда гана шашпай түшүп барып ичин антарып анда араң кынкыстап жаткан кишини тартып айтылуу ишкер, белгилүү редакциянын жетекчиси Тайлакович экенин тааныды, анын жанында эчаак эстен танган той көйнөкчон Айпери, алдыда айдоочу жатат. Мына издеген көпөлөгү ушинтип оңой эле өзү колго түшүп берди. Карап турбай кызды судуроп өзүнүн унаасына которуп жатканда эсин жогото элек Тайлакович аба жаңырта "Айпери" деп бир кыйкырып алганга улгурду. Ал доошту кулагы чалып калган кыз көзүн ачып колун кыймылга келтире баштаганда муштум менен желке талаштыра муштап унаанын багажына салып болуп өзүн көрүп калган антарылып жаткан унаадагы башка күбөлөрдү да кошуп алып эжесине келген. Инисинин кан болгон колдорун унаасынын абалын көрүп коркуп кеткен аял бул жолдон чыгуу үчүн оюндагысын айтып, өздөрү ойлоп тапкан жомокко өздөрүн жем кылууну чечип бул жайга алып келишкен. Аял уккандарын айтып тегерете чырпык тизип бензин чачып жатканда Акжигит унаада эсин жоготуп жаткан үчөөно кошуп Жанылдын да колу бутун танып тизилген чырпыктын ичине таштап от коюшкан. Иниси бензинди адамдарга чачканы жатканда эжеси токтотуп калган, анын башка да билгени бар эле. Качан мотоциклдин курулдогон үнүн укканда экөө бекинип калып андып турушуп Азат менен Баро оттун ичине кирип кетишкенде гана чыгып келип жатышпайбы. Аял Баронун мында келишин күткөн эле, Жанылдын жоголгонун сезгенде сөзсүз ушул токойдон издээрин билген. Себеби ал Баронун өзү айткан жомокко катуу ишенээрин билчүү. Бирок ал алда качан үйдөн чыгып кеткен Тагдырдын келишин ойлобогон, ал кызды издеп шаарга кетти деп ойлогон. Бирок бул Тагдыр, анын эмне жасап кандай коёрун алдындан билип болбойт.
Эми мынтип иниси менен эжеси эки жээкке бөлүнүп отурат. Аял кантип өз колдору менен жандай көргөн адамын өлтүрө алсын.

-эже карап турба чач батыраак! деп ачуу кыйкырып ал тарапты карай салганда оттон секирип Тагдыр чыга келди.
Акжигит тапанчаны тактап Азаттын башына такап,
-Кир! Отко кир! Аяп турбайм, деп кыйкырганда Тагдыр аста басып артка жыла бергенде Акжигит тапанчанын учун буруп тике турган Барого карай шилтеп жиберди. Баронун
- Аа! деген ачуу кыйкырыгы менен бирге эле карышкырлардын уулугуна алыстан угулуп, азыр эле жалындап күйүп жаткан от өчүп айлананы көзгө сайса корунгус кара туман каптап, өчкөн оттон чыккан кара түтүнгө коздору ачышып тамакты бууган абадан баары жерге кулай ар жерге сулап жатып калышты. Карышкырлардын уулуганы улам жакындай берип бир убакта кулак туптон угулуп баштады. Качан гана аял кишинин назик, кооз үн менен обон созо ырдап баштаганда уулуганын токтотушуп тынчый тушушкондой болду карышкырлар.

Бул жан эргиткен жагымдуу үндү укканда Айпери баардык кыйналгандарын унутуп, бейиш бактарында булбулдун үнүн угуп жаткандай жыргалга балкып баратты. Ал азыр бул үндөн башка эч нерсени ойлонгон жок. Дем алуусу да жеңилдеп денеси ооруну сезбей калды. Көздөрүн ачып айланада болуп жаткан көрүнүштүн алдында угулуп жаткан үн эч нерсе эмес экенин түшүндү.
Узун сары чачтуу ажары айга тең болгон сулуу кыз жерге тизелей, Баронун башын тизесине коюп сылап отурган экен. Кыздын чачтарынан чыккан шоола айлананы нурга болоп турат . Анын төрт тарабында көзүнөн башкасы көрүнбөй айланадагы караңгылык менен бирдей капкара болгон жандыктар карап турат. Кыз Баронун көкүрөгүнө колун коюп үнүн созо бергенде кара жандыктардын бири, бир аттап арыда жаткан Акжигитти колуна илип келип кыздын алдына таштады. Буларга күбө болуп жаткан Айпери коркуп көзүн жуммак түгүл ирмеп коюуну ойлобой тиктеп кыймылсыз жата берди...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   22 Февраль 2019 - 20:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Аягы эмес окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   ASA79   22 Февраль 2019 - 21:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Кинодогу рекламадай болуп жакшы жерине жеткенде токтоп калды го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 04:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: